Эркалы Өскөналы уулу: Жети ышкын

  • 04.04.2024
  • 5213

(Элден жыйналган аңгеме)

Куйручук кедейлердин согумун эмитен камдайын деген ойдо Суусамырдагы байларга жөнөп калды. Жолдон ат откозуп, тескейдин этегинен ышкын терип, куржунга салып, канжыгасына байланып койду. Атын Атай байдын айлына бурду. Башка байлар дагы ошол чөлкөмдө экенин билет. Атай бай жоон топ адам менен дөңдө кымыз ичип олтуруптур.

—Мына, эңсеген кишиңер да келатат! —деп калышты алыстан Куйручукту таанышып.

Эки жигит утурлап атын алды. Куйручук туягына күмүш чегерилген элик шыйрак, жылан боор камчысын сол колуна бүктөй кармап баары менен кыдырата саламдаша баштады. Атай байга келгенде:

— Өйдө качкан кара букадай кышылдаган март байым аманбы? — деп «чү» дегенде эле тамашалуу кебинен таштап, анын оң жагына келип олтурду.

Атай бай жигитин чакырып:

— Үйгө баргын да Айымканга айткын, жаңы кымыз апкелсин?! Сыйлуу конок келди, конок камын жей берсин! — деп аны боз үйгө жумшады.

Куйручук сөзүн баштады.

—Атай байым! Бу Суусамырдагы байлардын байы, алдуу-күчтүүсү, улуусу дагы өзүң. Азыр өзүңө ылым санаган байлардан жетөөнү чакыртып бер. Ат тердетип жөн келген жокмун. Атайын сүйлөшө турган сөзүм бар. Жетөө жакшы көргөн жети уулун учкаштыра келсин! — деди тигиге бурулуп.

Атай көп ойлонуп турбай, Кооман, Карагул, Ити, Султанкул, Сарбан, Артык жана Садык деген байларга киши чаптырды. Арачолодо кызыктуу кептер сүйлөлүп, күлкү күлкүнү коштоду. Аңгыча байлар дагы бирден балдарын учкаштырып, келип калышты.

— Силерге айтаар сөзүм бар. Кааласаңар айтамын, каалабасаңар айтпай деле коёмун...— деди Куйручук табышмактуу сүйлөп.

— Ии, Куке! Айтыңыз, сөзүңүздү угалы! — дешти байлар бир ооздон.

Куйручук байлардын балдарын тегерете карады.

— Бу балдар өз балдарыңарбы же бирөөлөрдүкүбү?

— Ыя кокуй, Куке! Өзүбүздүкү эмей...

— Кийин өзүбүздүкү эмес болчу дебейсиңерби?

— Кантип ошентели?..

— А жакшы көрөсүңөрбү ушу балдарыңарды? — деди жана Кукең улам түйүндүү суроолорун берип.

— Жакшы көргөн үчүн учкаштырып жүрбөйсүзбү...— дешти байлар элейишип.

— Анда эмесе, ишти баштайлы,— деп Куйручук жанындагы куржундун оозун чечип, балдарга бирден ышкын бере баштады.

— Мегой, балапан аңдыган мышыктай болгонум... Мегин, түлкүнүн бачкиси мурундаган тентегим... Карма муну, сүткө тойгон күчүктөр тогологум... – деп балдардын өздөрүнө ылайыктуу күлкүлүү ат коюп, бардыгын каткыртып, ар бирөөнө бирден ышкын карматты.

Атай байдын баласына ышкын берип жатып: «Бу ышкын жети ышкынга тете» — деди.

Үч күнү коно жатып, байлардын сыйын көрүп, кеп-сөзү менен алардын кумарын жазды. «Кар түшкөндө бир келип кетем» деп үчүнчү күнү аттанып кетти. Кар жаап, кыш дагы келди. Байлар кыштоого конуп, бири-бирине атаандашып, согум союп жатышкан убагы. Куйручук сөзүнө туруп кайрадан Атай байдыкына келип түштү. Баягы байларды балдары менен кошо дагы чакыртты. Алар дале Кукең балдарга бирдеме ала келгендир деген ойдо жагалданып олтурушат. Куйручук тигилерди сырдуу тиктеп, тегерете карап айтчу сөзүн маалкатты. Бардыгы эмне деген сөз чыгаар экен дегендей жүздөрүнөн тынчсыздануу байкалат.

— Эмесе табышмактантпай айтайын,— деди да Куйручук кебин улады: — Мен, баягы келгенимде мынабу балдарыңарга бирден ышкын берген элем. Эсиңерде чыгар. Эми ошол ышкынды доолап келдим. Алгандын бермеги бар... Ыгы келсе ышкындын өзүн бергиле?

Отургандар саамга дымын түштү. Андан соң күлүп калышты.

— Кана эмесе! Кыйын болсоңор кыштын күнү Кукеме ышкын таап бергиле. Балдарын учкаштыра чаап, ышкын гана жешет... Мына силерге ышкын! — деген үндөр чыкты.

— Балээ болду го... Кыштын күнү кайдагы ышкын? – Байлар тунжурап калышты.

— Көп убакыт кетирбегиле, малыңар келе турган убакыт болуп калды,— деп Куйручук да аларды шаштырды.

Аңгыча алардын ичинен Атай бай обдулду:

— Эй, байларым! Бирөөнун тоогун жеген, каз байлайт. Кукем балдарыбызга ышкынды ырым кылып, жакшы ниети менен бергендир. Эми, бир байталдын тезеги деле өлүп калат. Ар бириң бир ышкынга баалап бирден согум бергиле!? Кыштын күнү кайдагы ышкынды тапмак элек. Менин уулума жетөөнө тете бир ышкын берген. Мен жети ышкынга жыгылдым. Жети жылкы берем! Эртеңден калбай Кукемден кутулалы...— деп байларга карады.

Эл ого бетер дуулдады. «Эби менен тузакка түшүрүп, сасыган байларды тушабай гана жыкты го» дешти күбүр-шыбыр болушуп. Эртеси жети бай жети жылкы жетелеп келди. Атай бай айгыры менен алты бышты чыкма байтал берди. Куйручук жанына жардамчы алып, жылкыларды өз айтсына айдап жөнөдү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз