Үмүт Култаева: Н.Гургубаеванын поэзиясындагы мезгил жана мейкиндиктин көркөм модели

  • 10.07.2024
  • 7976

“Акынга мансап эмес, тагдыр керек”.
А.Блок

Азыркы учурда эгемендүүлүктөн кийин кыргыз поэзиясына келген жаш калемгерлер арасынан ичтен түтөгөн сезимдердин күчтүү толкуну, ааламды апчыган ой жүгүртүү масштабынын кенендиги менен окурмандарды өзүнө оп тартып турган акын – Нарсулуу Гургубаева. Бактыга жараша, акын кыз калемгерлик үйрөнчүк этабын жеке чыгармачылык көшөгөсүнүн артына калтырып, адабий коомчулукка келгенде эле өз үнү, стили, курч ойлору, талант ышкысына кубат берген билим-интеллектиси менен чыга келди. Бул адабий процесс үчүн да, калемгер үчүн да сейрек көрүнүш.

Нарсулуу абдан аз жазат (балким, ырларын аз жарыя кылат), анын ийгилигинин бир ачкычы ушунда. Бул жагынан акындын өзүнө катаал талап коюу маданияты чыгармачылыкка болгон жоопкерчиликтин үлгүсү дегенге негиз бар.

Азыр адабий коомчулукта Н.Гургубаева башкача жазат, күчтүү жазат деген пикир бар. Андай болсо, улуттук поэзияга Гургубаева эмне берди? Ушул суроонун бир четине жооп издеп көрөлү.

Алгач көзгө көрүнүп, сезимге урунганы акын көркөм чыгармаларда хронотоп аталуучу мезгил менен мейкиндиктин ички байланышына (М.Бахтин) болгон мамилеси өзүнө чейинки калемгерлерден кескин айырмалангандыгы. Тактап айтканда, ал улуттук лирикадагы драматизмди чыңалтып, мейкиндиктин масштабын чексиздикке кеңейтти жана ага жараша мезгилди кээде кыскартуу, кээде узартуу менен улуттук поэзиядагы хронотоптун жаңы көркөм моделин жаратууга батыл киришти. Бул багыттагы Нарсулуунун изденүүлөрүнөн (улуттук жана орус поэзиясындагы мыкты көркөм-эстетикалык табылгалардын синтезинен) жаралган жаңычыл ырлардын эксперименти адабий коомчулук тарабынан оң кабыл алынды. Мындай чыгармалардын жаралышына азыркы доор, өзгөргөн коомдук-социалдык процесс, өзүнүн жеке тагдыры, жогорку Адабият институтунан алган билими жана табият берген талант-шыгы да шыкак болгону байкалат.

Акын мезгилдин да, мейкиндиктин полифункциясын сабалап учкан куштай эркин пайдалана билет. Мейкиндикти туюндурган: аалам, дүйнө, деңиз, асман, арал, чыгыш, батыш, түндүк, түштүк, алыс, жол, талаа, күн, шаар, үй, көчө, сыртта, эшикте, мен тарапта, сен тарапта; мезгилди туюндурган: бүгүн, кечээ, эрте, күүгүм, жаз, кыш, күз, жай, ай-жылдап, улуу таң, ай, күн, түн, кылым сыяктуу сөздөр Нарсулуу түзгөн көркөм моделде маанилик жаңы кубатка ээ болуп, акын нарк-насили кубулган доордогу адам тагдырынын экзистенция кризисин кашкайта, ачык, курч ойлор менен көркөм аңдоого алды. Кылым тогошкон мезгил-мейкиндиктеги өткөөл доордун уюлгуган тынчы жок жана мерез жүзү, дүйнөлөшүүнүн кымгуут ыкчам кыймылы, ушундай фондо адам өмүрүнүн, билиминин наркы менен баркы кетип, жашоонун мазмунсуз өтүп жаткан мезгили таасын чагылгандыктан, окурмандар журтунун калың катмары – интеллигенция Нарсулуунун ырларынан өз тагдырын көргөндөй болушту. Анткени келечекти бүдөмүк кылган мезгил көйгөйлөрүнө дал ушул катмар кабатыр эле. Акындын ырларында анын жеке тагдыры сүрөттөлгөнүнө карабастан, ал типтүүлүктү кошо чагылдырды.  

Узак жолдо учу түбү карарган,
Каргыш тийгир, кадам сайын жаңы адам.
Оо, мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде, тааны көп ичинен жан аргам.

Тааны дагы сурай көрбө атымды,
Аяй көрбө аарчылбаган жашымды.
Деңиз жыттуу шамалды ырда сен мага,
Аралды ырда жайын, кышын жашылдуу.

Сага чейин жашыл арал, деңизсиз,
Азы арзыды, көбү мени жеңишти.
Атым сурап, аарчыгандар көз жашым,
Кайра мага көз жаш болуп беришти.

Акындын мындай көңүл маанайын бир жагынан башка өлкөдө – дүйнөлүк деңгээлдеги миграция толкунунда күн кечириши, экинчи жагынан “аарчылбаган көз жашы” – учурдагы тагдыр-жазмышы параллель түрдө мезгил менен мейкиндиктин ички биримдигин шарттап жатат. Мындай абалдан чыгуунун аргасы – “деңиз жыттуу шамал менен жашыл аралды” эңсөө, жан-дүйнөнү жаркыткан жашоого болгон муктаждык, бирок баш-аягы көрүнбөй, будуң-чаң түшкөн дүйнөдө аны камсыз кылуучу реалдуу шарттын жоктугу ырдын лейтмотиви эсептелет.

Мейгил жана мейкиндикти туюндуруучу поэтикалык сөздөрдүн ичинен Нарсулуу колдонгон Күн түшүнүгү өзгөчө мааниге ээ:

Күн ойгонот сен жашаган тараптан,
Мен тарапта Күн өлөт да, Күн өчөт.
Билем, сенде Күндү тосмой адат бар,
Мени Күндүн батпаганы жүдөтөт.

Чыгыш… Батыш… Аралыгы бир кылым,
Менин дүйнөм тең экиге бөлүндү…
Мен Кудайга салып турсам сыртымы,
Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүң?

Жогоруда биз астын сызган сөздөрдүн сап башында турган КҮН, албетте, Нарсулуу тарабынан биринчи колдонулуп жаткан жери жок. Дүйнөлүк адабияттан анын не бир укмуш көп кырдуу көркөм инпретациясын табууга болот. Улуттук адабиятта деле бул маселеге мисалдар жетиштүү. Башкасын айтпаганда да, азыркы кыргыз адабиятында төбөсү бийиктен көрүнүп калган жазуучулар: К.Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элеги” менен С.Раевдин “Күн кармаган баласы” аталган калемгерлердин чыгармачылыгына өз “нурун” чачып, авторлоруна ак жолтой болуп бергени белгилүү го. А бирок Нарсулуунун “Күнү”[1] бир гана Нарсулууга таандык.

Адатта аалам алкагында (мейкиндик жана мезгил айлампасында) күн концептинин мааниси бир нече илимдин объектиси. Ал көркөм адабиятта да полисемантикалык мааниде колдонулуп, улам миң кырдуу ойду берүүнүн каражатына айланып келет. Күн – кудай, тирүүлүк, жашоо, жылуулук, бийиктик, кубаныч, түбөлүктүүлүк, сүйгөн жана сүйүлгөн адам, кол жетпестик, мезгил, убакыт, үмүт, кубат, от, дүйнө борбору, аалам негизи, бүлдүргүч күч ж.б. Саналган функционалдык маанилердин ичинен Күндүн образы конкреттүү автордун тагдырына, дүйнө таанымына, билим деңгээлине, ой жүгүртүү мүмкүндүгүнө, чыгармада берейин деген идеясына жараша моделдешет. Өз наркына ылайык, Нарсулуунун ырларында да Күн көп жактуу, көп маанилүү түшүнүк: бирде өткөн өмүр, бирде өмүрдүн да, сүйүүнүн да символу – жүрөк, бирде – мезгил, бирде – убакыт, бирде мазмунсуз жашоо, бирде – өмүр, бирде – өлүм ж.б. Жогорудагы ыр саптарында күн бир эле учурда убакыт – мезгил – жаратылыш кубулушу катары лирикалык каармандын (автордун) жашоо образынын карама-каршылыгы, өмүрдүн кунарсыз мезгили ааламды чапчыган мейкиндикте: батыш-чыгыш, Күндүн көзү көрүнчү чексиз асман, дүйнө ээси Кудай аркылуу көркөм моделдешкен. Өзү да “бир дүйнө”.

Реалдуу турмушта күн ойгонот (чыгат), а бирок ал өлбөйт жана өчпөйт. Акын “тарапта күндүн “өлүп” жана “өчүшү” – мезгилдин токтоп калышы, демек, жашоонун мазмунсуздугу же анын нөлгө теңелиши. Лирикалык каарман (мен) үчүн “батпай жаткан күн” анын жан-дүйнөсүнүн жүдөгөн, кыйналган, жапа чеккен, санааркаган, бук болгон абалы убакыттын кыймыл ылдамдыгын басаңдатып, ошончолук (ырда камтылган) чексиз мейкиндикке сыйбай жатат. Мезгил-мейкиндиктин мындай карама-каршылыктуу татаал байланышы менен акын ырдагы ой бийиктигин камсыз кылууга жетишкен. Идеяны көркөм моделдештирүүнүн ички импульсу Нобель сыйлыгынын лауреаты А.Эйнштейн ачкан улуу ачылыш – мезгил кыймылы бардык убакытта, бардык адамдар үчүн бирдей эмес деген салыштырмалуулук теориясына дал келгенине таң калууга болот. Убакытты ар ким ар кандай пайдалат, ар кандай сезет жана өткөрөт. Убакыт да адам тагдырына ар кандай таасир этет.

Албетте, Эйнштейн физика илиминде убакыттын мейкиндиктеги кыймылы жердин тартылуу күчүнө жараша аныкталарын далилдеп, өзүнө чейинки мезгил теориясын түбүнөн кулатса, Нарсулуу убакыттын кыймылы, анын наркы менен баасы адамдын психологиялык абалына, тагдыр жагдайына жараша ченелерин таасын айтып, кыргыз поэзиясында хронотоптун жаңы моделин түзүп олтурат.

Кыргыз дүйнө таанымында аалам ченемдеп таанылат жана ал ченем “бири кем дүнүйө (мезгил ичиндеги өткөн өмүр) жана төгөрөктүн төрт бурчу”[2] (мейкиндик) философиясы аркылуу аныкталат. Бири кем дүйнө философиясына ылайык, тагдырга таарынгандыктан, Кудайга сыртын салган автордун “тең бөлүнгөн дүйнөсү” чыгыш-батыш аралыгын “кылым” ченеминде сезиши – ортодогу байланыштын түбөлүккө үзүлүшүнүн метафорасы. Анткени кылым мезгил ченеминдеги узакка созулуунун бир өлчөмү. Адам өмүрү менен ченегенде жаралгандан жок болууга чейинки убакыт. А бирок, “Кудай болуп жалгыз көрүнгөн” адам гана мейкиндикте үзүлгөн байланышты жалгоо кудуретине ээ. Анткени байланыштын үзүлгөнүн, бир кылымдык аралык бөлүп турганына карабай, ал “Кудайдай көрүнгөн” неме сүйгөн адамдын рух-дүйнөсүндө бөлүнбөй жашап жатат, бирге жүрөт, ал гана эмес көргөн күнүн “өлтүрүп жана өчүрүп”, бүт эркин ээлеп алган.

Өзүнүн руху бийик жана адам рухунун күчүн сезген терең, сезимтал жан гана ушундай чоң сүйүүгө кезигип, анын азабына от болуп күйүп, муз болуп тоңушу мүмкүн. Ал эми Нарсулуу мейкиндиктин көп жактуу маанисиндей эле мезгилдин көп жактуулугун да тамырынан кармайт. Мезгил ал үчүн – кыш-жаз-күз-жай, өмүр-өлүм, муздап тоңуу-күйүп өрттөнүү:

… Эшикте кар… Ак көшөгө – Жер дүйнө,
Актан бүтөт, билем, өмүр сапары.
Кардай муздак тагдырыңды мен билген,
Кардай муздап неге кошо жашадым?!

Неге үшүдүм? Өз өртүмө байкабай
Неге күйдүм? Кайсы бирин айтайын?
Жашоо мага – аңгыраган ай талаа,
Асманы алыс, деңиздери чайпалуу…

Мезгилди (каармандын жаштыгын) уурдаган тагдырдын ушундай оомал-төкмөл ооматы менен оюнунда жашоонун маңызы жоголот да, ал кайрадан мейкиндиктеги чексиздик “аңгыраган ай талаа”, “алыс асман”, “чайпалган деңиз” аркылуу көркөм моделге ээ болуп, адам рухундагы кыймылын токтотпой, бир мазмундан экинчисине өтүп турушут – тирүүлүк мыйзамы.

Дегеле Н.Гургубаеванын түпкү аң-сезиминде (подсознание) адам рухунун чексиздиги бүтүндөй аалам, асмандагы Күн, жердеги деңиз мейкиндиги менен теңтайлашып келип, мезгил, тескерисинче, адам өмүрүнүн кыскалыгына ассоциацияланат. Мезгил жана мейкиндик бир жагынан бир бүтүндүк, экинчи жагынан биринин чексиздиги экинчисинин ченемин кысат, тарытат:

Жалын сүйүү, жарым бакыт апкелген,
Деңиз дүйнөм, эгиз дүйнөм, сөз дүйнөм…
Жашап жүргөм жазмышыма баш бербей,
Жазмышты да шул жашоого көндүргөм.

Бийиктерден бийиктерге ээрчиткен,
Жалган дүйнөм, жанган дүйнөм, Күн дүйнөм…
Сүйүү менен ай тутулган, Жер бүткөн,
Мен баары бир жаркып жашап үлгүрбөйм…

Бири кем дүйнө, рухтун деңиз мейкининдей чексиздигине карабай, “жарым бакыт” алып келген сүйүүгө мезгил (убакыт) утулуп, өмүр утулуп, бакыт кемип, “жаркып жашоонун” убактысын чектеп (“мен баары бир жаркып жашап үлгүрбөйм…”) жатат. “Жарым” деген толук санды туюндура албаган сөз аркылуу берилген лирикалык каармандын бакыт чөйчөгүнүн бөксөсү тагдыр өксүгүн шарттап, “бийиктерден бийиктерге ээрчитип, оттой жанган Күн дүйнөсүн” кыйратып, “ай тутулуп” жашоо-өмүрдүн маңызын жокко чыгарып олтурат.

Бар туруп бул дүйнөдө жартыбыз биз,
Өтөбүз өксүк бойдон сүйүү издеп…
Башкалар жашап эми бактыбызды,
Башкалар эми биздей сүйүлүшөт…

Мына ушул толук эмес, “жарым” бакыт поэзияда далай таланттуу акындын жазмышы – жалгыздык феноменин Нарсулуу да баштан кечирүүгө дуушар болуп олтурат.

Жалгыздык акындарда ар түрдүү мааниде колдонулат. Ал эми Нарсулууда жалгыздык – сүйүүсүз жана түгөйсүз жашоо. Бул жоготууну кайра табуу мүмкүн эмес, анткени алардын жашоо мейкиндиги эки өйүзгө бөлүнгөн:

Жашоонун туура көргөң катасы үчүн,
Жашайбыз эки өйүздө жалгызсырап.
Бизге азыр бүтүн болуп жашаш үчүн,
Дүйнөнүн бүтүндүгү аздык кылат…

Жалгыздык жоготуу гана эмес, кусалык менен кайгыга чөгүүдөн рух дүйнөнүн жапа чегиши, жан-дүйнө оорусу.

Ооруп жатам, ооруп... Жалгыз башымды,
Батыра албай ушунча кең дүйнөгө,
Жалгыз туткан жалгыздыктан жашынып,
Отурамын өзүмө-өзүм сүйлөбөй.

Демек, адам психологиясына, жазмыш-тагдырына жараша убакыт кыймылы гана токтоп, кыймылын басаңдатпастан, мейкиндиктин чексиздиги да тарыйт. Бул көрүнүштү кыргыз философиясы: “Өтүгүң бутуңдү кысып турса, дүйнөнүн кеңдигинен не пайда” – деген макал менен таамай айткан. А бирок Нарсулуу ал ойду бүкүлү колдонбойт. Ыр саптарындагы “өзүнө-өзү сүйлөбөгөнү” кызык. Бул поэтикалык ойду берүүнүн чеберчилиги, айтыла турган идеяны сөөккө жеткире айтуунун “Нарсулуу стили”. Акын ырларында эч качан ойду бүдөмүк айтпайт, ал сөздөрдүн “оюнун” көрө билет, бирде сөздүн кулуна айланып, бирде сөздү кулдай иштетет. Анын стили ушунусу менен жаңы.

Ал эми акындын “Күн жүрөгүм” атаган кийинки ырында Күндүн мааниси такыр башка мааниде – бир кезде жашоосун жаркыткан сүйүктүү адамы, аны жоготуу, бирок ошол сезим тартуулаган жылуулуктун сезимде түбөлүк калганы жашоодо эмес “түшкө кирген бакыт” түпкү санаасында, аң-сезимдин тереңинде өчпөй турганы да оригиналдуу табылга. Анткени “сары көшөгөлүү күз” сезимди жараланткан санаа болсо, кайра анын “бүчүрлөгөн жашыл жазга алмашуусу” мезгил айланпасындагы түбөлүк кыймыл, ага шайкеш түшкө кирген адам да мейкиндиктин “...алыс, алыс” жагында:

Бирде күздөй көшөгөсү сапсары,
Бирде жаздай жашыл болуп бүчүрлөп.
Бир сен болуп алыс, алыс жактагы,
Кээде менин бакыт кирет түшүмө…

Бул бир кыял, бул жөн түштөр болгону,
А эшикте чындык бороон, бурганак.
Күн жүрөгүм, мен дагы эле жолдомун,
Жолдогу өмүр жоголот же уурдалат!

Ырдын кийинки куплетинде акындык маанай кескин өзгөрөт. Түшүндө эмес, жалпы доордун чалпоо мезгилиндеги каармандын реалдуу абалы жол мейкиндиги аркылуу биринчи куплеттеги түбөлүктүүлүктү жокко чыгарып, өмүрдүн кунарсыз күндөрүндө мезгилдин утурумдук убактысы жашоонун маңызын боштукка жетелеп жаткансыйт.

Сүйүү темасында кимдер калемин сынабаган... Кээде анын баркын кетирген, адамзаттын түбөлүктүү энчиси болгон бул темада жаңы ой айталбаган өтө примитивдүү, тажатма ырлар кездешет. Ал эми Н.Гургубаева арзуунун ажарына да, азабына да майдаланып кетпей, бийиктен мамиле жасаганы менен баалуу. Ал адамга берилген улуу сезимдин бүлгүнгө учурашын өмүрдүн бүтүшү, өлүмгө тете жоготуу катары сезет:

Салам сага шамалы оор түндүктөн,
Сабыры бек жашоодогу Жарыгым.
Онтоп жолдор экөөбүздү бир күткөн,
Ооруп келди мага бүгүн жаңы күн…

Алик алба, укчу мени үн дебей,
Жомоктошоор жоомарт маанай жок бүгүн.
Узак өмүр тиленчү элем күндө мен,
Келди мынтип жашагандан коркчу күн.

Асман менен ар бир мүнөт түнөрүп,
Күүгүм түшпөй, күнүм бүтпөй телмирем.
Сендик болбой калган үчүн түбөлүк,
Катуу көрбөй турам азыр жерди мен.

Акынга “ооруп келген жаңы күн” – сүйүүнүн кыйроо мезгили, аны өз өлүмү катары кабыл алуу сүйүүгө берилгендиктин чен-өлчөмүн аныктап турат. Көрсө, мындай сапат-мүнөз да ар бир жумуру баштуу пендеге буйрубаган феномен экен. Эгер интеллектуал журналист жана философ Эсенбай Нурушевдин[3] изилдөөлөрүнө таянсак, Нью-Йорктогу Стони Брук институтундагы профессорлор нейробиология илими аркылуу сейрек адамдарда кайпас сүйүү сезими түбөлүк өзү менен жашайт деген жыйынтыкка келишкен. Мындай өтө сейрек кездешүүчү адамдардын жүрөгүнө апанганын[4] жебеси сайылат да, аны бар же жок болуунун арасат арманына салып, өмүр-мезгилин өткөрбөй, убакытты тушайт. Ошондой сейрек адамдардын тиби болгондуктан, Нарсулуу да арзыган адамына түбөлүк боло албаган үчүн асман мейкиндигин телмире тиктеп, күнү бүтпөй, өмүрү өтпөй мезгилди кармап турушу менен өзүнүн көркөм аянтчасында сүйүүнүн гана эмес, өзүнүн да образын жаратты. Адамдык бийиктигин төмөн түшүрбөгөн, беттегенинен кайтпаган, көк жал мүнөз, принциби бекем, өжөр, абийири таза адам гана сүйүүгө ушундай мамиле жасашы мүмкүн. Болбосо, сүйүүнү кол жоолуктай алмаштырып, аны күнүмдүк ичкен ашындай көргөн пенде аз бекен... Сүйүүнүн өмүрдөн кымбат баасын туюп-билүү – Кудайдын кудурет-күчүнө тете анын сыйкырына арбалуу сейрек жандын шыбагасы.

Бул дүйнөнүн катасына, кегине,
Сен түтөсүң көтөрүмдүүм, сабырдуум…
… Бир шыңгырап жашап өткүм келди эле,
Мен жаңырган жерден дүйнө жаңылды.

Жаңылгандан жүрөгүмдөн түнөргөн,
Арман эми көрүмдүр же көзүмдүр.
Мен бир жанмын өз өртүнөн түгөнгөн,
Кай мүнөзүм эстеп калсаң – өзүң бил.

Нарсулуу күн концептин жалаң эле өз тагдырынын атрибуту катары колдонбойт, аны менчиктөөгө мүмкүн эмес экенин жакшы билет. Күндүн өлүмү же өчүшү адам кечирген тирүүлүктүн мазмунсуз боштукка айланышы катары карап, акын коомдун, доордун көйгөйүн да өзүнүкүндөй эле кашкайта алып чыкты. Анын окурмандын жүрөгүн титиреткен “Груз - 200” ырында да “күн өчөт”. Бирок бул лирикалык каармандын тагдыры эмес, эл тагдырынын чыркыраган ачуу чындыгы, азап-кайгысы – улуттук трагедия! Ыр каңылжаарды сыздаткан көз жаштын коштоосунда окулат, окурмандын дилине ийнедей сайылат:

Жүк – 200... Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?

 

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң?
Же баласың жалгыз үйдө чырактай...
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?

Эл бийлеген бектин, байдын, жакшынын,
Катасы – сен, бирок алар билишпейт.
...Өз кайгысын көрбөгөндөр бактылуу.
Төмөн турган төмөндүктү бийик дейт.

Миграция темасында азыркы кыргыз поэзиясында жок дебейли, бир топ жакшы чыгармалар жаралды. Бирок дүйнөнү түп көтөрө тентип кеткен мигранттардын сөөгү жүктөлгөн жүк аркылуу бүтүндөй коомдун, бийликтин жарасын чукуп, мекенсиз адамдын көргөн күнүн мынчалык чучукка жеткире эч ким айта элек эле. Ырды окуганда, түбөлүгү түз болгур, эгемендиктен тапканыбыз өлкөнүн негизги байлыгы – адам жоготууларынын ордунда текейге арзыбай, окурмандын ой-сезимин кыйратып кетет.

Мезгил концептин көркөм аңдоодо Нарсулуу ажарын ача пайдаланган дагы бир сөздүн туюнтмасы – кылым түшүнүгү. Кылым түбөлүктүүлүктүн метафорасы. Акын кыз тагдыр-жазмышындагы кунарсыз өтүп жаткан жаткан өмүргө карабай, поэзиядагы азаптуу изденүүлөрдөн жаралган ак эмгектин үзүрүнө ишеним артат. Ал бир жагынан мезгилге уттурганы менен ырларында калтырган өз мезгилинен алда канча алдыга канат сермеген озгун ойлору, канаттуу поэзиясы мезгилди утарын сезет:

Ушул жолдон! Уюп калган муң-зарга,
Буюктурган бурганактар, куюндар…
Үңүлүшүп үнү бүткөн жылдарга,
Мени көрөт мен көрбөгөн кылымдар.
Н.Гургубаева поэзияда колдонулган “жол” концептине да белгилүү өзгөртүү киргизди. Айрыкча чыгыш поэзиясында жол руханий изденүүнүн аянты, дервиш жашоо мейкиндиги катары колдонулса, Нарсулууда күн туруксуз жашоонун, селсаяктыктын, демек, миграцияда өмүр өткөргөндөрдүн жашоосу. Мигранттын жол мейкиндиги “муң-зарга” уюп калган соң, анын мезгили – “жылдардын үнү бүткөн”. А бирок ал мезгилге “үңүлүп”, баасын берчү кылымдар алдыда. Нарсулуу кылым түшүнүгүнүн ажайып маанисин мезгилсиз дүйнө салып, мүлдө кыргызды муңканткан, залкар акын Элмирбек Иманалиевге арнап жакында эле жазган  Кечиккен кат” ырында жаңы эстетикалык бийиктикке чыгарды:

Канаты жок багынта албас дүйнөдөн,
Жараты жок, жаны бүтүн чыккан аз...
...Акынзаадам, ким өз бизге, ким бөтөн?
Жүрөгүңдү жүдөттүбү ит талаш? - деген суроонун өзүндө эки таланттын (Элмирбек менен Нарсулуунун) руханий дуйнөлөрүндө кандайдыр сезимге туюлуп-туюлбаган, аңдоого билинип-билинбеген жашырын, таза, аруу, аялуу байланыш бар экени байкалат. Аны акын биринчи жактын көптүк түрүнө таандык “биз” деген ат атооч менен берген. “...Акынзаадам, ким өз бизге, ким бөтөн?” суроолуу сүйлөмдүн ичине кулпуланган экөөнүн табиятындагы, тагдырындагы окшоштук, экөөнө тең мүнөздүү баам парасаттарынын тереңдиги, интеллектуалдык деңгээлдеринин бийиктиги үндөшө түшкөндөй таасир калтырат. Мындайды кыргыздар “өмүрлөрү окшобосун” – дейт, биз да ушул сөздү ичтен кайрыйлы. Турмушта кезикпесе да, айрым адамдардын ортосунда ушундай сырдуу байланыш, окшоштук болорун улуу жазуучу Ч.Айтматов адам менен айбан окшоштугу аркылуу көп эле кыйытпады беле... Ырдын тулку боюнан бир да сапты кыскартууга кол барбайт, алар тагдырлуу акындардын табиятындагы окшоштуктай, жан-дүйнөлөрүндөгү табигый байланыштай ширелишип турат. Ошентсе да макаланын талабына ылайык, “биз” жана “кылым” сөздөрү камтылган саптарды калтырып, кыскартууга мажбурбуз.

Теңдеп, түздөп Теңир берген өнөрдүн,
Теңи бакыт, теңи шор го билгенге.
Көптүн ыры кылым ашпай көөнөрдү,
Көптөр күлүн үйө албады бир жерге.

Көптөр сынды, Улуу сөздүн жүгүнөн,
Көптөр сатты, ыйманын да, ырын да!
...Жасап, жалгап жалаң гана сүйүүдөн,
Оңой бекен, өмүр кошуу кылымга?...

Доор өмүрүн сөз узартат, сөз сүрөйт.
Сүрөйт анан сендейлердин чындыгы!
Сен ырдасаң, бир кылымды өпкүлөп,
Жалган беле, жаркыганы бир кылым?

(Асмандайым, ак таңдайым, ак таңдай,
Көөнө сөздүн тамыры да, бутагы...
...Качандыр бир биздин дагы асманда,
Каркыралар катар бузбай учабы?...)

Жалгыздыкка жанын төшөп, көшөргөн,
Муң акыным, булбулум да, дулдулум.
Тагдырыңды өзүң гана көтөргөн,
Таразалап бере албайт ко бул кылым.

Ыр комментарийсиз эле жүрөккө жетип, ансыз да ар бир атын билген кыргыздын жүрөгүнөн кетпей турган Элмирбектин кайталангыс образын жөн жайына коё туралы. Бир гана айтарыбыз, “катар учкан каркырадай, кыргыз асманында” биз сөз кылып жаткан эки акын жараткан улуу ойлор түбөлүк каларына ишеним бар. Ылайым, ошондой болсун.

Ошентсе да, Нарсулуунун өзүнө өзү түзгөн образына ылайык, курчтуктан, өжөрлүктөн, ашкере бир беткейликтен улам, ырларында ашыкча айткан ойлоруна да көз жумуп коюуга болбойт. Дүйнөнү астын-үстүн кылып жиберчүдөй жашоого болгон нааразылык, кудайга, теңирге каяша айтууга даяр турган ички жан-дүйнөнүн “бунту” акындын чыгармачылыгынын калыптанышы катаал мезгилге туш келиши менен түшүндүрүлөт. Мындай маанай албуут жаштыктын артта калган изи, түйшүктүү мезгилдин убактылуу түсү менен жүзү болууга тийиш. Анткени жашоо-өмүр жалаң жалгыз гана сүйүүдөн куралган эмес, аны акын өзү да жакшы билет.

Олтурамын сүйлөбөй да, эстебей,
Эңшерилткен эски сүйүү кайгысын.
Мындан ары мындай улуу кек менен,
Мени Кудай менден гана айрысын!
Менден гана… Башка эч качан эч кимди,
Мага Кудай бербесин да албасын!
Же: Кумсарып максатыңдын куну качкан,
Кудайың көптөн бери үндөй элек. – деген саптардыгы көркөм корутундулар өтө эле бир жактуу, “ачуу” жана доолу угулат. Кыргыз дүйнө таанымы жаш муунга эскертип тургандай, ар бир сөздүн анты бар. Курч ойлор жакшы, бирок “бербесин да албасын!” деп, Кудайга өчөшүүнүн аягын да унутпоо зарыл. Же болбосо айрым ырларынан бөлүнүп алынган төмөнкү эстетикалык жалпылоолордо берилген:

Шул бакытка жарашпаган үчүн мен,
Жашоого да жарашпаган өңдөнөм…

Теңир менин сылаган жок бешенем,
Өзүм да ага бешенемди тосподум…

Тикенектей тилегимди көп көрүп,
Тикенектей тилегимди жек көрүп,
Тикенектей тилегим көз ачырбай,
Турмуш мага тирмийген бир боз коргон. – сыяктуу ойлорду Нарсулуу өзү чанган мезгил келет деген ишенимдебиз. Анткени, Нарсулууга Теңир оттуу ой айтууга тамызгы болчу талант шыбагасын бергени акын кыздын бешенесин сылаганы эмеспи. Анткени менен калемгер өз келечегин, ырларынын өмүр тагдырын да мейкиндиктин чексиздигинен, мезгилдин түбөлүгүнөн көрө билгени кыял эмес, реалдуу ой-сереп:

Мен өмүрдөн кеткен кезде күз гүлдөп…
Өксүйт азы, өксүйт бирок чын дилден.
Арасында ажал сезип өзүн бир,
Бирөө болот күйгөндөрдөн көп күйгөн.

А мен болсо кеткен менен өмүрдөн,
Көксөөсүндө калып кетип көп ырдын.
Тегиз тиктеп адыр-будур дүйнөгө,
Көздөрүндө жанып турам Теңирдин.

Айтканың келсин, акын кыз! Бир гана айтарыбыз, өмүрдөн кеткенге ашыкпай, эми башка темаларга рух-кубатыңды жумшап, мындан ары жараткан жаркын ырларыңды өзүң көрбөгөн кылымдар көрсүн. Ал сенин колуңан келет. “Теңирдин көзүндө жанып”, кыргыз поэзиясына жарыгыңды чачып турсаң болгону!..

Үмүт КУЛТАЕВА, “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобунун мүчөсү

[1] Күндү планеталар системасы катары пайдаланып жатабыз.

[2] Караңыз: Б.Жумабаев “Кыргыз дүйнө таанымы”. – Б.: “Бийиктик”, 2010.

[3] Нурушев Э. «Акындардын арзуусу: эростон эсхатологияга» аттуу адабий-философиялык эсселерден. / интернет сайт РухЭш.

[4] Апанга – индус мифологиясындагы сүйүү кудайы (Э.Нурушевдин аталган эссесинде) 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз