Илгери убакта бир бечара болгон экен. Болгону бир жаман үйү бар экен. Мындан башка үрүп чыгарга ити да жок экен, отун сатып жанын багып, байлар, соодагерлер келсе кондурбай, кабагын ачпай кетирчү экен.
– Мага консоңор, кир болосуңар, үйдө тамагым жок, – деп тажатчу. Анан көбү түңүлүп келбей коё турган.
Күн кечтеп калган кезде Ынтымак деген бир киши келет. Берерге бирдемесин таппай үй ээси аябай кубанат.
– Төбөм – жайлоо, төшүм – кыштоо, өзүм ичпесем жок, алдымдан жер өтсө, мейли, сүйгөн коногумдан аябайм, – деп жакшылап конок кылат.
Ынтымак:
– Меймандостугуңа ыракмат, мен дагы бир керегиңе жарармын, кара кылды как жарган калысмын. Бир күнкү туз таткан жериңе миң күнү салам бер, ыракмат, – деп кош айтышып, жөнөп кетет.
Күн чубактап отурган кезде бир топ атчандар, арабалуу адамдар өтөт, көңүлдөрү ачык. Мурда көп ойлонуп жүргөн кедей: «Мен качан байыймын, ушулар өңдөнүп» – деп ойлуу отура берет. Ошентип, капалуу отурган кезде бирөө:
– Бечарам, жоктун жону катуу деген, көңүлдү чөгөт кылбай тетиги дөбөнүн жанындагы чоң ташты эптеп оодар. Астын ачсаң, чоң сандык чыгат. Улам ачып отурсаң, жетинчиси чыгат, ошондо алтын бар. Аны алып жыргап жатып каласың, – деп көздөн кайым болот.
«Айтса-айтпаса калппы. Күндө куурап жүргөнчө, бир жолу байып калайын» – деп ташты кургап-тердеп оодарат. Улам ачып отуруп, жетинчи сандыкты алат. Үйгө көтөрүп кетейин деп, ага чыдабай, эмне болсо көрүп, бир тынып калайынчы деп ача салат. Караса, тумчугуп калган кара чаар жылан бар экен. Баш көтөрүп ажыдаар болот, кичине туруп:
– Жаныңды алам, акыркы сөзүңдү айт, ачыкканды көрдүңбү? – деп кекетет.
Кедей:
– Азизим, мен сенин сообуңа калдым, жети кабат жер алдында элең, күн көргөздүм, жакшылыкка жамандык туура эмес, – дейт.
– Сөздү кыскарт, соромун, өзөгүм карарып баратат! – деп шаштырат.
– Болуптур, үч калыска түшөлү, жакшылыкка жамандыкпы же жакшылыкка жакшылыкпы? – деген суроо менен кайрылалы, – дейт кедей.
– Акыры менден ажалың жетти, – деп жылан утур-утур демитет. Биринчиси – дөбө, экинчиси – уй, үчүнчүсү – адам болсун дешет алар. Дөбө менен уйга тил кирет.
– Мени эмне гана кылышпайт, – дейт дөбө. – Жакканга отун, жегенге чөп, отурганга таза аба болом, бирок мени аябай булгайт, жакшылыкка – жамандык. Чынбы? – дейт.
Сөз кезегин уй алат.
– Сааса – сүт, жесе – эт боломун, бирок ошого карабай баламды дагы, өзүмдү дагы союп, жеп кетишет, мында жакшылыкка – жамандык.
Жолдон өтүп бараткан бейтааныш кишини токтотушат. Иштин жайын ага толук түшүндүрүшөт. Көрсө, баягы Ынтымак экен. Ажыдаардан чочуп, кедейди таанымаксан болуп калды. Бечаранын көзү чанагынан чыгып кете жаздады.
– Мен ишенбейм, жылан ажыдаар болушу мүмкүн эмес, жети кабат сандыкка жатканың калп, болбосо мурдагы калыбыңа кел, анан калыс сөзүмдү айтайын, – дейт Ынтымак.
Ажыдаар, жыланга айланат. Жетинчи сандыкка кайра түшөт. Ал сандыкты таш менен бекитет да:
– Туурасы ушул! – деп жыйынтыктайт.
P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.