Табылды Муканов: Арчадай жашыл элем

  • 31.05.2024
  • 3952

АПТАПТА

Калжайган сөксөөлдөр, сөксөөлдөр
көңүлгө көлөкө түшүргөн.
Кунарсыз тагдырлар элестеп,
суулар да сапарын бүтүргөн.
Керимсел желигин токтотпой
кер сары жерлерди шимшилеп,
Жалбарам акактап турсам да:
«О, талаам жүрөккө кирчи!» деп.
Кеберсип мейкиндер тунжурайт,
кебетем аптапка беттеше.
Үйүмдү ушул жерге курамын
үмүтүм өрттөнүп кетпесе!..

«МАРИНКА[1]»

Туйлайт каным, ыйлайт каным
октос уруп шар сууча —
эх, «Маринка», эх, «Маринка»,
эң карыпсың, ээн калыпсың
эми аталып «Марфуша»...

Толкун дале кыйкылыктап
чопулдатат ээгиңден —
түк сезбейсиң... мекен кылып,
көз жумуучу жай кылып
Ысык-Көлдүн жээгин сен.

Өтүп күндөр: даңктап сени
элдер кайткан сайрандан...
порттор менен эриндешип...
форель батпай көөдөнүңө,
ак чардактар айланган.

Жаштыгыңды, бүт эркиңди
үрөп таштап күрөштө...
Сырың өчүн, жүүнүң бошоп,
бош турасың жымжырттыкта
сүйүү, үмүтсүз жүрөкчө!

Эх, «Маринка», сага күлгөн
Маринка аттуу жаңкы аял,
шашпа, ажырап сымбатынан,
көргүс болуп көл боюн бир,
сенден жаман картаяр...

САГЫНЫЧ КАЙРЫКТАРЫ

I

Арчадай жашыл элем.
Саргайдым кара талдай күзүндөгү,
Булбулдар конбой калды бутагыма,
Күн мээрин салбай калды кучагыма —
Элестеп көздөрүңдүн жүзүмдөрү,
Мен өңдүү жалгыз меңиң жүзүңдөгү!

Сагыныч желесинде тыбырчылайт,
Жүрөгүм өмүр сүрүп жөргөмүштөй.
Неликтен жерлер туташ болсо дагы,
Тагдырлар айрык бойдон?
Өң көрүшпөй...
Алгамын жаздык кылып каттарыңды,
Төшөгүм жупжукабы, капкалыңбы —
Билбеймин! Көңүлгө ороп таң атырам
Кыялдар жылтылдаган асманыңды.

II

Арчадай жашыл элем.
Эмичи? Көлөкөмдө эч адам жок.
Сен келип отурсаңчы чачың өрүп!
Ууз күлкүң жазга чайкап көңүл күзүн
Кайрадан шуудурайын барик төгүп...
Капыстан тийген албуут шамалдарда
Карс этип сынып кетсем эмне болду?
Гүлдөргө төкпө анда жаштарыңды,
Сууй түшкөн Күнгө чачкын аптабыңды
Жыйып кой жүрөгүңдүн бир бурчуна
Саргайган жалбырактай каттарымды...

III

Арчадай жашыл элем.
Саргайдым саясында сагынычтын.
Мен тосуп бүркөө кечтин чагылганын,
Бурк этип көккө атылса жалындарым,
Ал отту көрөр белең коюу түндө!
О, анда... тростордой үзүлмөкчү
Таш көзөп саа бараткан тамырларым!

IV

Арчадай жашыл элем,
Кагырадым...
Сен качан жаз күнүндөй жадырадың?
Көрсөм ээ курагыңды талдан кырчын,
А балким мөмө байлап калгандырсың...

V

Айланам, сенден эмес, алтын жерден,
Айланам, сенден эмес, салкын желден,
Айланам, мөңкүп аккан булактардан,
Айланам, сагынычтан — уяткарган! —
Сапсары жалбырагым
түшүп бүттү,
Ичкерген манжаларым бүчүр бүрктү.
Күз булбул күүлөрүнө эрип кетти!
Бир ирет көлөкөмө келип кетчи?
Кайрадан бүтүп сынган бутактарым,
Күндү мен өмүрлүккө кучактадым!

СҮЙҮҮ ДЕҢИЗИ

Сен — сүйүүнүн чексиз деңизи,
а мен кайык толкундарың жиреген,
алтын ойдун,
түйшүктүн
баары мага жүктөлгөн.
Мээрим тепкен көөдөнүңө термеле
мен мемиреп түш көргөн
түндөр, түндөр...
Жылдыздары эсимде:
кусалыктын оту ойноп кээсинде,
экөөбүзгө саалып бүтпөй ууздары,
шыбырыбыз өмүр сүрүп
шамал менен эфирде...
...толкундай
алаканың кайра сылап чачымды.
...толкундай
эриндериң чопулдатып жүзүмдү,
көбүктөрдөй шилекейиң бал татып,
сага сиңди канча кубат, канча шык!
Кыялдарың чардактардай чаалыкпай,
өрмөк согуп күн нурунан,
төшөп берет перзенттерге
бизден чыкчу бөлүнүп...
О, менин кыялдарым жөө күлүк,
чуркап келет кыйыры жок мээриңде
алп дарактай ааламдын
жылдыздарын күбүп берип кээ бирде;
издеймин ал жемиштерди
көздөрүңдөн булуту жок асмандай.
Көрүп күлөм карегиңден
күндөрүмдү эртеңки.
Ойлоруңдун түбү жок...
Сенсиз менин тилектерим канатсыз.
Сенсиз менин жүрөктө өскөн гүлүм жок.
...Сен — ышкынын толкунга бай деңизи,
мен — кемеңмин...
кептерлердей ойлоруңа аралаш
учуп жүрөт үмүттөрүм куш болуп.
Мертинбесин сүйүү толгон от жүрөк
Күндү үшүткөн муздарыңа туш болуп!..

*      *      *

Келин болдуң ай-ааламга керилген.
Күзгү эгин талаасындай
шуудураган этек-жеңиң.
Шамал айдап бараткан көпөлөктөй эринден...
Жаңы туулган жумурткадай ээгиңден...
Көйнөгүңдөн кызыл, жашыл,
ак нурлардан токулган...
Күлкүңдөн тынбай учкан күндүр-түндүр...
Мөмөңдөн али чийки, али дүмбүл...
Тегеренип кетейинчи-ай,
күндөн тамган меңиңден!
Келин болдуң ай-ааламга керилген.

[1] Эскилиги жеткен кеме.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз