
Жеймс Хьюмстун “Улуу чечендердин сырлары. Черчиллдей сүйлө, өзүңдү Линкольндай кармай бил” аттуу китебине көз жүгүртүү.
Чечендик өнөрдүн 15 ыкмасы жөнөкөй эле адамды, компаниянын мыкты жетекчисинин деңгээлине жеткизип, анын ушул ыкмалар аркылуу жетишкен лидердик сапаты менен продукцияны сатуу жөндөмү ишкананын өнүгүп-өсүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу жетекчилердин эл алдында чыгып сүйлөчү сөздөрүн жазып берип, сырткы келбетинин кандай болушун аныктап, эл алдында өзүн кандай алып жүрүүнү, кантип сүйлөөнү, сүйлөмдөрдө акценттерди туура койгонду үйрөтүшкөн пиар-адистери жакшы билишет.
Ошентсе да эң кыйынмын деген пиар-адис, өз алдынча жөнөкөй адамдан эл алдында чыгып сүйлөөнүн көрүнүктүү чеберин өстүрүп чыгара албайт. Эл назарын өзүнө бура алган көрүнүктүү адамдарды ар тармактан кездештирсе болот. Мисалга, саясатта андай ийгиликтүү адамдардын катарына АКШ президенти Билл Клинтон жана британиянын премьер-министри Тони Блэрди кошсок жарашат. Экономикадагы начар көрсөткүчтөргө, ар кандай ызы-чуулу жагдайларга карабай, алар өзүлөрүнүн лидердик сапаттарына жана эл алдында өздөрүн мыкты алып жүргөндөрүнө байланыштуу, эл ичиндеги популярдуулугун эң бийик деңгээлде кармай алышкан.
Ошондой эле тубаса лидерлик касиеттерге ээ адамдардын катарына Наполеон, Линкольн, Черчилль, Тэтчер жана башкаларды киргизсек болот. Белгилүү жазуучу, американын беш президентинин спичрайтери Жеймса Хьюмс ушул китебинде, чечендик өнөрдүн жана эл алдында жагымдуу таасир калтыруучу сапатка жетүүнүн айрым сырларын ачат. Автор тарабынан сунушталган ыкмаларды өздөштүрүп алсаңыз, өзүңүздү ишенимдүү сезип, эл алдында жалтанбай жалындуу сүйлөгөнгө даяр болосуз.
Тыным
Ийгиликтүү чыгып сүйлөө эмнеден башталат? Жооп жөнөкөй: тынымдан. Кайда, качан, кимге сүйлөйсүң, бир нече мүнөт сүйлөйсүңбү же бир сааттык доклад окуйсуңбу — айырмасы жок: залдагы тынчтыкты камсыз кылышың абзел. Трибунга чыккан соң, аудиторияга көз жүгүртүп, бир угуучуну тандап алып, аны менен көз караш аркылуу контакт түз. Андан кийин айта турган фразаңды ичиңден бир кайрып алып, бир аз тынымдан кийин сөзүңдү башта. Тыным – талаш-тартыштардын убагында берилген суроодон кийин да пайдалуу. Жообун билсең дагы жооп берүүгө ашыкпа: антпесең угуучу берилген суроону толук укпай, чала түшүнүп калды деп ойлошу мүмкүн. Жооп берүүдөн мурда, көз карашыңды ага багыттап, андан көзүңдү ала качпай жооп бер. Ошондо сиз токтоо, ар нерсени салмактай билген оор басырыктуу, сүйлөшүп жаткан адамыңызды сыйлаган адам катары көрүнөсүз.
- Биринчи сүйлөм
Ийгиликке жетем деген чечендер, өз сөзүн баштаарда биринчи сүйлөмгө чоң маани беришет. Ал сөзсүз угуучулардын оң баасына татыктуу сүйлөм болушу зарыл. Биринчи сүйлөм – бул, телевизионщиктердин термини менен айтканда, сиздин сөзүңүздүн «прайм-таймсы». Ушул учурда аудитория саны боюнча эң көп болот: ар бири сизди карап, бул эмне деген жан болду экен, кандай сүйлөйт деп сынап отурушат. Бир нече секунддан кийин эле угуучулардын көңүлү ар нерселерге бурула баштайт, бирөөлөрү жанындагысы менен сүйлөшсө, экинчиси телефонун чукулап интернетке кирип кетет, үчүнчүсү такыр эле уктап калат, ал эми биринчи сүйлөмдү баары тегиз угушат.
Уинстон Черчиллдин: «Кооз башталыш – сөзүңдүн текке кеткенинин кепили» — деп айтканы бар. Биринчи сүйлөмдүн кубаттуу потенциалын тапталып бүткөн, “Мен бүгүн Сиздердин татынакай аудиторияңыздардын алдында чыкканыма кубанам…Бүгүн сиздердин клубда кандай жагымдуу окуя!” деген сыяктуу тантыраган сөздөргө коротуу менен угуучулардын көпчүлүк бөлүгүн жоготуп аласыз.
- Эске каларлык башталыш
Ошондо, угуучулардын көңүлүн биротоло ээлеп калуу үчүн, өз сөзүңдө кандай ыкмаларды пайдаланыш керек? Эгерде, сөз кампаңызда макал-ылакап, угуучуларды арбап ала турган афоризмдер жок болсо, анда өзүңүздүн башыңыздан өткөн, учурга ылайыктуу окуялардан айтуу менен баштаңыз. Угуучуларга али белгисиз жаңылыктар, фактылар болсо дароо эле ошондон баштасаңыз да болот. («Кечээ күнү 9-январда саат10до…»). Сизге сылыктык үчүн сөздү ырахмат айтып, мактоо менен баштоо туура сезилиши мүмкүн, бирок «Улуу чечендердин сырлары» китебинин автору андай деп эсептебейт: анын ою боюнча сөздүн башында айтылган мактоо сөз, угармандарга сиз милдеттүү болгон үчүн эле жасалма мактап жаткандай таасир берет.
Андай сөздөрдү орто ченинде же аягында, ошондо да айтып жаткан оюңа шайкеш келтирип айтканың оң. Аудитория сизди лидер катары кабыл алсын десеңиз, баштаганда эле шымаланып киришип – күчтүү, таасирлүү сөздөр менен баштаңыз. Убактыңыз менен күчүңүздү даярдыкка көбүрөк бөлүңүз. Мейли, башкалардын сөзү «Мага сиздердин алдыңыздарга чыгуу бактысы туш келиптир….» – деген сөздөр менен баштала берсин, бирок андай сөздөр менен угуучуларды ала албасыңызды бөркүңүздөй көрүңүз.
- Кийген киймиңиз, сырткы келбетиңиз
Эл алдына чыгарда туш келди кийинип чыкпаңыз. Ар бир өткөн белгилүү чечендин кийиминен тышкары өздөрүнө гана тиешелүү кайталангыс белгилери боло турган: Линкольндун цилиндр калпагы, Черчиллдин сигарасы, Сталиндин трубкасы, Маргарет Тэтчерчердин сумкасы. Ар бирибиздин башыбызда 15 мүнөт болсо да атак-даңкка жетип, жогоруда аттары аталган дүйнөлүк лидерлерге теңеле албасак дагы, өзүбүздү мыкты сүйлөгөн чечен сезген учурлар болот. Дал ошондой өзгөчө учурлар үчүн сөзсүз өзүңүздүн «жылдыздуу костюмуңуз» болуш керек.
Китептин автору эркектерге кочкул-көк түстөгү ичке ак сызыктуу костюмдарга (андай костюмду Черчилль жакшы көргөн) же боз түстүү, жүндөн токулган кездемеден тигилген костоюмга (андай костюмду америкалык мамлекеттик ишмер Сайрус Вэнс кийген) көңүл бурушун сунуштайт. Өзүңүзгө гана тиешелүү бир атрибут таап алсаңыз ал да бир чоң ийгиликтин ачкычы. Таза, көзгө жагымдуу кийим менен чыксаңыз, ийгиликтин келишин жакындата аласыз. Негизгиси, угармандар сиздин кийимиңизди карабай, айткан сөзүңүздү угушу керек.
- Негизги ой
Айта турган сөзүңүздү жазып алардан мурда, айта турган негизги оюңузду аныктап алыңыз. Бул өтө маанилүү учур, элге жеткизе турган оюңуз мазмундуу, кыска, “ширенкенин кутусуна баткыдай” болуш керек. Шашпай отуруп план түзүп алыңыз: эң биринчи кезекте чечүүчү мааниге ээ ойду белгилеп алып, андан кийин аны турмуштагы окуялар, ар кандай цитаталар менен толуктап коюңуз. Черчилль: “Жакшы айтылган сөз симфония сыяктуу: аны үч темп менен аткарса болот, бирок негизги обон сакталышы керек”—деген экен.
Ошентип, эл алдында айтар сөзүңдү камдоодо биринчи кадам барар жериңди – угуучуну жетелеп алып баруучу башкы идеяны белгилеп алуу зарыл. Андан кийин аудиториянын өзгөзөлүгүн эске ал: ошого жараша сөзүңдү айт. Достордун кечесинде өзүңдүн идеяларыңды, соода палаталарында айтып жаткандай ыкмалар менен түшүндүрсөң, ыңгайсыз абалга кабылып эле тим болбой, башкы максатыңа жете албай да каласың.
- Кыска, так айтуу
Модада жана архитектурада: «Канча аз болсо, ошончолук жакшы»деген түшүнүк бар. Аны чечендик өнөрдө да колдонсо болот.Угуучуларды таң калтыргыла. Алар ыңгайлашып отуруп алышып, сиздин сөзүңүздү жарым саатка укканга камынып жатышса, беш мүнөттө айтарыңызды айтып салыңыз! Тажатып айтканча, кыска айткан жакшы. АКШ тарыхындагы эң белгилүү кайрылуу – Гражандык Согуштун бир салгылашуусунда курман болгон жоокерлердин көрүстөнүн ачып жатканда айткан Авраама Линкольндун Геттисберг кайрылуусу. Ал болгону эки мүнөткө созулса да, ошол кыскалыгына байланыштуу чечендик өнөрдүн үлгүсү катары тарыхта калган.
Кызыгы, Линкольндун астында эле, белгилүү саясатчы, мыкты чечен атыккан Эдвард Эверетт сөз сүйлөгөн. Замандаштары аны мыкты чечен катары санашса да, анын эки сааттан ашык сүйлөгөн сөзү эл эсинен чыгып, Линкольндун эки мүнөттүк кайрылуусу ушул убакка чейин унутулбай келе жатат.
Эгерде сизге сүйлөөгө 20 мүнөт бөлүнгөн болсо, анын акыркы секундуна чейин пайдаланып, сизден кийинки адамдардын убактысынан да бир аз кымтый кетиш керек деп ойлобоңуз. Эгерде сиз 5 мүнөттө маселенин маңызын чыгара айтып бере алсаңыз, өзүңүздү жеңүүчү деп эсептей бериңиз. Ишеним менен айтылган кыска, нуска курч сөздөр кандай гана аудиторияны болбосун багындыра алат.
- Цитаталар
Сөз арасында туура коюлган цитата, аудиторияга ар дайым жакшы таасир берет. Бирок цитаталарды туш келди колдоно бербей, аны пайдалануунун бир нече эрежесин сакташ керек. Биринчиден, цитата өзүңүзгө жакшы белгилүү болуп, анын маанисин жакшы билишиңиз абзел. Өзүңгө тааныш эмес автордун кызыксыз, түшүнүксүз цитатасын эч качан колдонбоңуз. Экинчиден, цитатанын автору элге белгилүү инсан болуш керек жана анын кыска болгону жакшы. Сиз доктора Ричарда Эйзенбейстин укмуштуудай айтылган оюн элге цитата катары айтып бердиңиз дейли, бирок угуучулар ал ким экенин билишпесе, күтүлгөн натыйжага жетпейсиз.
Цитата келтирерден мурда аудиторияны ага даярдап алуу да максатка ылайык. Мисалы, бир аз тыным жасап: көз айнегиңизди тазалап, аны шашпай тагынып, барак кагазга же атайын жасап алган карточкаларга жазып алган цитатаны окуп бериңиз. Кээ бир учурларда бул максатка газетаны да пайдаланышат. Эгерде бирөөгө сын айтып жатсаңыз, анда оппонентиңиздин айткан сөздөрүн цитата катары пайдаланып, анын кемчиликтерин көзгө сайып көргөзсөңүз жакшы эффект берет.
Туура, өз ордуна колдонулган цитата залдагы элдин кызыгуусун туудуруп, уйкусурап отурган угуучулардын көзүн умачтай ачып, аларды өзүңүзгө тартып аласыз. Күчтүү айтылган цитаталарды гана пайдаланыңыз, аны окуп жатканда интонацияга өзгөчө көңүл бөлүп, керек учурда кыймылыңыз менен коштоп кетиңиз.
Белгилүү адамдардын айткан ойлорун топтоп, темаларга бөлүп сактап коюңуз да, керек учурунда темага ылайыктуусун тандап алып, карточкага жазып алыңыз. Эгерде көз айнек тагынсаңыз, аны цитата келтирүүнүн алдында сөзсүз кийиңиз. Анткени ал кыймылыңыз менен угуучулардын көңүлүн бурдуруунун бир ыкмасы деп жогоруда айттык.
- Статистика
Эл алдына чыгып сүйлөгөн адамдын максаттарынын негизгиси – статистика боюнча келтирилген көрсөткүчтөрдү угуучулардын эсинде калгандай жеткизип берүүсү. Статистиканы абайлап колдонуу керек: кээ бир цифраларды так жана толук көрсөтүү зарыл, кээ бирлерин тескерисинче, угуучулардын эсинде калгыдай кылып, жалпылап келтирип кетсе болот.
Бирок статистиканы ашкере колдонгонго болбойт, сандар угуучуларга жарнама сыяктуу эле кызыксыз, тажатып жибермейи бар. Болбой эле аны колдонуу зарылчылыгы чыкса, цитаталарды пайдаланганда колдонулган ыкманы кайталаса болот: абалдын маанилүү экенин билдирген шартты түзүү керек, чөнтөгүңүздөн карточканы алып чыгып, көз айнегиңизд оңдоп-түзөп кийип, окуй баштаңыз: «Үстүбүздөгү жылы компаниянын тапкан пайдасы 17,2 пайызга көтөрүлдү…» Бир сааттан кийин угуучулар ал сандарды унутат, учурунда болсо аудиториянын көңүлүн өзүңүзгө буруп, алардын ишеничине ээ болосуз.
Мындан тышкары, жуп эмес так сандарды жана бүтүн сандарды келтириңиз, аларды сөзүңүздүн жүрүшүндө эле ойлоп таап кошо койсоңуз да чындыкка жакын сыяктуу угулат. Көпчүлүк учурларда статистиканы кайра иштеп чыгууга туура келет. Биринчиден, сандарды кыскартыш зарыл. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, бир чыгып сүйлөгөн дарстан, орточо угуучу бир эле санды эсине сактап калат. Ошондуктан эң кызыктуусун жана пайдалуусун тандап алыңыз.
Экинчиден, сандарды тегеректеп алыңыз. Мисалы, «британдыктардын бешөөнүн ичинен үчөөнүн мобилдик телефоны бар» деген сүйлөм «британдыктар күнүнө 38 миң телефон сатып алышат» дегенден алда канча жакшы угулат жана эсте калат. Татаал статистикалык көрсөткүчтөрдү жеңилдеткенге аракет жасоо керек. Угуучуларга тааныш нерселерге салыштырса, эстеп калууга оңой. Мисалы, «Черногориянын аянты Москва областынын аянтынан үч эсе кичине» («14 миң. кв. км» деп айткандын ордуна). Үчүнчүдөн, маселеге тиешеси жок, керексиз көрсөткүчтөрдү келтирбегиле. Статистика угуучулардын кызыкчылыгын козгогондо гана алардын көңүлүн өзүнө бура алат.
- Слайддар жана башка көрсөтмө куралдар
Уинстон Черчилль өзүнүн презентацияларында оюн элге жеткизиш үчүн “PowerPoint” колдонгон эмес, Наполеон графикаларды тартып, аны угуучулардын астына илген эмес. Эч кандай техникалык жабдуулар, көрсөтмө куралдар лидердин жеке сапатын, башкача айтканда, элди өзүнө тартуу жөндөмдүүлүгүн жана сөз байлыгынын күчүн алмаштыра албасын билгенибиз эп. Туура, тажырыйбасы аз чечендер эл алдына техникалык жабдуулар менен чыкканды жакшы көрүшөт. Анын себеби, биринчиден эл алдында мезгилден артта калбаганын көрсөткүлөрү келсе, экинчиден, аудитория менен жекеме жеке калуудан чочулашат.
Өз сөздөрүн слайд көрсөтүү менен алмаштырып, угуучулар менен байланышты үзүшөт. Алар жөн гана картинага комментарий беришет. Бул нерсе бара-бара адатка айланат. Эсиңерде болсун: көрсөтмө куралдар сиздин сөзүңүздү бекемдеш үчүн колдонулат, ал сиздин сөзүңүздү алмаштырбашы зарыл.
Эч качан бир эле убакта бирден ашык көрсөтмө каражаттарын колдонбогула. Тема алмашканда слайдды өчүрүп же кара экранды күйгүзүп койбосоңор, угуучулар алагды болушат жана маалыматтарды чаташтырып алышат. Слайддар жеткиликтүү, жөнөкөй болгону эп. Эгерде анын маанисин түшүндүрүүгө көп убакыт талап кылынса, андай слайддарды колдонбой койгон оң. Негизги блюдо — сиздин индивидуалдыгыңыз жана айтып жаткан сөзүңүздөгү камтылган ой, а слайддар – болгону негизги блюдого кошулчу даам-татымдар. Төмөндө китептин автору слайддарды туура жасоого бир нече кеңештерин берет:
1) Слайддар жөнөкөй жана өтө чоң болбошу керек;
2) Слайддагы текстер кыска, нуска, макал, афоризмдер түрүндө берилсе эске жакшы сакталат;
3) Тексти окуп бериштин кажети жок, угуучулар өздөрү окуп алышат;
4) Көрсөткүч таякчаны колдонбоңуз, ал алаксытат жана картинаны көргөнгө жолтоо болот;
5) Бир слайд бүткөндө, аны экинчиси менен алмаштыраардан мурда экранды өчүрүңүз же кара экранды пайдаланыңыз.
- Курч сөз, юмор
Сизге өз сөзүңүздө тамаша жана анекдотторду кошуп сүйлөөгө көп эле кеңеш беришкен болуш керек. Мында чындыктын үлүшү бар, бирок эсиңизде болсун, тамаша айтыш үчүн эле тамашалоо угуучуларга шылдың катары кабыл алынышы мүмкүн. Сөзүңүздүн башында тамаша менен башташ керек деген ой менен абалга туура келбеген анекдоттон баштаганыңыз туура эмес. Тамашаны сөзүңүздүн ортосунда, абалды жеңилдетиш үчүн пайдалансаңыз талапка ылайык. Тамашаңыз турмуштан алынып, чындыкка жакын болушу керек, башкача айтканда, угуучу ал окуя чын эле сиздин, же сиздин жакындарыңыздын, же белгилүү адамдардын башынан өткөн чыныгы окуя экендигине ишенүүсү зарыл.
Турмуштан алынган тамашанын артыкчылыгы – ал сөзсүз эле зал жаңырткан күлкү менен каткырыкты жаратпайт, ал окуя чыныгы турмуштан алынганы менен баалуу. Качан сиз «бир доктор» же «бир саясатчы» деп баштаганыңызда сиздин тамашаңыз ойдон чыгарылганы белгилүү болот да, угуучуларыңызды жоготуп аласыз. Аларды өз тарыхыңыздын дүйнөсүнө жетелеп жөнөңүз: «Менин айылымда бир мугалим бар эле…», «Менин таанышымдын психиатры боло турган…» Эгерде анекдотту кагаздан окуп берсеңиз, ийгиликти күтпөй эле коюңуз. Анегдотту курч, кыска, калемпирлүү сөздөр менен айтып бергенде гана күтүлгөн натыйжаны берет.
Эгерде унутуп калам деп корксоңуз, анын негизги курч жерлерин кагазка жазып алып, калганын өз “башыңыз” менен айтыңыз. Жогоруда сөзүңүздү сөзсү эле тамаша жана анекдот менен баштоонун кереги жок дедик, бирок сиз кыскача сүйлөй турган болсоңуз, жакшы анекдот менен баштоо жакшы натыйжасын берет. Ошондой эле курч тамаша менен сөзүңүздү жыйынтыктап кетсеңиз, эң жакшы. Жөнөкөй кесиптин ээлери, балыкчылар менен малчыларга өзүнүн абстрактуу ойлорун түшүндүрүү үчүн Иисус Христос уламыштарды колдонгонун эстеңизчи.
Абстракттуу идеялар башка кирбейт, ошондуктан конкреттүү мисалдарды пайдаланууга аракет кылуу керек. Угуучуларыңыздын кайсы тармакта иштерин эске алып, ошолор тууралуу анекдоттор менен уламыштарды айтсаңыз, тез кабыл алынат. Баарынан баалуусу – сиздин өз башыңыздан өткөн окуялар. Анкени алар ишенимдүү угулат.
- Окуп берүү
Көзүңдү кагаздан албай тексти шатыратып окуп берүү эч кимге жакпасын баарыбыз билебиз. Анда кандай кылыш керек? Жарым сааттан ашык айтылчу сөздүн текстин жаттап алышыбыз керекпи? Жок, антүүнүн кажети жок. Болгону, туура окууну билиш зарыл. Публиканын алдында туура окуу – татаал нерсе, тажырыйбалуу саясатчылар да көпчүлүк учурларда бул өнөрдүн ыкмаларын биле беришпейт. Текстти окуунун биринчи эрежеси – эч качан сөзүңүздү айтарда кагазды караба. КТС техникасын колдонуңуз: К — Кара. Т — Токто. С – Сүйлө.
Машыгуу үчүн каалаган журналыңды алып, андан бир макаланы танда. Сүйлөөгө ылайыктап, трибуна сыяктуу нерсе жасап ал. Макаланы карап, бир нече сөздү оюңда сүрөткө тартып ал да, аны эстеп калууга аракеттен. Үйдүн алыскы бурчундагы бир буюмду карап алып, эсиңде калган сөздөрдү үн чыгара айт. Ушинтип уланта бер да, тексти кара, токтоп алдыга кара, сүйлө. Балким ортодогу токтоп калуулар угуучуларды тажатып жибериши мүмкүн деп ойлоп жатсаңыз керек. Бирок андай эмес! Тынымдардын негизги максаты – угуучуларга уккан маалыматтарды сиңирүүгө убакыт берүү. Анан калса, тынымдар сөзүңө кадимкидей эркиндик берип, окубай эле сүйлөшүп жаткандай эффект берет. Сөзсүз КТС техникасын өздөштүрүп алсаң, ал убакыттын өтүшү менен кадимки эле көрүнүшкө айланат.
- Чечендик ыкмалар
Черчилль өзүнүн чыгып сүйлөй турган сөздөрүн жамактатып, жорго сөздөрдү сап-сап кылып бөлүп, жазып даярданганы тарыхтан белгилүү. Айтканыңыз таасирлүү чыксын десеңиз, ошол ыкманы өздөштүрүп алыңыз. Жамактатып, куюлуштуруп түзүлгөн сүйлөм окуганга жеңил гана болбостон, угуучулар тарабынан да эң сонун кабыл алынат. Чечендин эл алдындагы сөзүндө поэзиянын контраст, рифма, жаңырык, аллитерация, метафора сыяктуу көркөм ыкмаларын колдонуу чоң ийгиликтерди жаратат.
Антоним сөздөрдү, бири-бирине каршы келген парадоксалдуу ой жүгүртүүлөрдү орду менен кошсоңуз, угуучуларыңыздын көңүлүн табасыз.Мисалы: «Тынчтыкты каалайсыңбы – согушка даяр бол» ж.б.у.с.).
Рифманы жана сүйлөмдөрдүн ички ыргагын пайдалангыла, мисалы, Черчиллдин «Биз бюрократИЗМ эмес, гуманИЗМАдин пинциптерин жактайбыз» дегенин караңыз. Рифмаларды табуу жеңил эле, ал үчүн аякы мууну окшош сөздөрдү таап алып, уйкаштырып, жамакташкан сүйлөмдөрдү түзүп машыга берсеңиз, натыйжасын бере баштайт. Бирок эсиңизде болсун, жамакташтырам деп рифмага кызыгып кетип, сөзүңүздү поэмага айлантып жибербеңиз, баары чеги менен болгон жакшы. Эң негизгиси — айтайын деген чечүүчү мааниге ээ оюңузду ошол сүйлөмдөр аркылуу чагылдырганды унутпаңыз.
Жаңырык – бул оюңду баса белгилөө максатында сөздү же сүйлөмдү кайталап айтуу. Бул ыкма менен Рузвельт («Биз коркунучтан башка эч нерседен коркпошубуз керек»), Линкольн («…элдин бийлиги, элдин эрки менен, эл үчүн…»), Черчилль («Кайсыл гана акылмандыкты алба – ал бардыгына белгилүү акылмандык») колдонушкан.
Кийинки ыкма – бул аллитерация, бирдей үндөрдүн кайталанышы. Эреже катары бул ыкмага үндүү тыбыштардын айкалыштары пайдаланылат. Мисал катары Жон Кеннединин инаугурациясында сүйлөгөн сөзүнөн үзүндүнү орусча котормосунан келтирели: («Мы заПлатим люБую цену, вынесем люБое Бремя»).
Автор тарабынан сунушталган акыркы ыкма – метафорларды, башкача айтканда, образдуу салыштырууну колдонуу. Бул ыкма менен Черчилль көп пайдаланыптыр. Мисалы ага «темир пардо» метафорасы тиешелүү. Британияны атактуу премьер-министри өз сөзүндө адатта арстанга салыштырса, улутчулдарды крокодил же жыландарга салыштырган. Башка ыкмалар сыяктуу эле бул ыкманы да орундуу, ченеми менен колдонуңуз.
- Суроолор жана тыным алуулар
Көпчүлүк учурларда чечендер угуучулардын көңүлүн буруш үчүн суроо берүү менен башташат. Ушул жерде эскерте кетчү нерсе: эч качан өзүңүз жообун билбеген суроону бербеңиз. Суроого угуучулар кандай жооп кайтарарын алдын ала билгенде гана берген сурооңуз сиз үчүн чоң пайда алып келет. Кээ бир учурларда жоопту талап кылбаган суроолор берилип, ал угуучулар менен диалог түзүүгө көмөк болот. Андай суроолор риторикалык суроолор деп аталат. Бул суроолор кыска жана жөнөкөй болуп, кулакка жагымдуу болушу абзел.
Негизги айтайын деген оюңуз жана сүйлөмлөрүңүз, аттын кашкасындай бөлүнүп туруш үчүн тынымдарды пайдаланыңыз. Кээ бир кездерде жөнөкөй эле учурга тыным аркылуу терең маани берип жиберсе болот. Бул ыкманы көбүнчө театр актерлору жогорку чеберчилик менен колдонушат. Алар бир эле убакта негизги ойду таап, ага интонация жана тынымдарды пайдалануу аркылуу окуяны кызык жана терең көрсөтө алышат.
- Пассивтүүлүк жана активдүүлүк
Сөзүңүзгө пассивтүү маанай бере турган сүйлөмдөрдү пайдаланбагыла. Мисалы, «Эркиндик Жараткан тарабынан берилет» дегендин ордуна «Жараткан эркиндик берет»; же «Жеңишке жетишебиз» дебей: «Биз жеңебиз» деп айтуу зарыл. Черчилль мындай түзүлгөн сүйлөмдөрдү “актануу” катары баалаган. Чындыгында эле пассивтүү жөндөмөнү өз күнөөсүн актоо жана жоопкерчиликти өзүнөн алып салууну көздөгөндөр колдонушат: «Бир топ катачылыктарга жол берилген…», «Бул боюнча мындай саясат жүргүзүлөт…». Жоопкерчиликтүү лидерлер өз сөздөрүндө активтүү жөндөмөлөрдү колдонушат.
- Финал
Эгерде чыгып сүйлөгөнүңүз өзүңүздүн көңүлүңүзгө толбосо, ойдогудай болбой калса, анда сөзүңүздүн акыркы бөлүгүн мыкты аяктоо менен оңдоп кетсеңиз болот. Ал үчүн намыс, үмүт, сүйүү сыяктуу эмоцияларды жардамга чакырыңыз. Ошол сезимдерди улуу чечендер угуучуларына кандай жеткизсе, сиз да ошолор сыяктуу жеткизгенге аракет кылыңыз.
Эч качан сөзүңүздү минорлуу нотада аяктабаңыз, анда эле өз карьераңызга балта чапкан болосуз. Көңүл көтөрүүчү цитаталарды, ырларды жана тамашаларды пайдаланыңыз. Эң жакшысы – абалга ылайык келген улуу адамдардын жашоосунан же өзүңүздүн, тааныштарыңыздын башынан өткөн кызыктуу окуяларды айтып берүү менен угуучулардын көңүлүн бура алсаңыз, ал сиздин жеңишиңиз.
Автордун акыркы кеңеши: угуучуларыңды таң калтыр! Алар күтпөгөн жагымдуу сезимдерди тартуула! Тажатма, жасалма сөздөрдөн кач! Көпчүлүктөн суурулуп, өзгөчөлөнүп тур!