
Бир адам бейишке чыгыптыр. Айланасын караса жүздөрүнөн күлкү ойногон, бактылуу адамдар күлүп-жайнап, ойноп-жыргап жүрүшөт. Тегерегинде кадимкидей эле жашоо өз нугу менен жүрүп жаткансыйт. Ар жак, бер жакты карап, ары-бери басып сейилдеди. Жактырды. Анан архангелге кайрылды:
— Тозок кандай экенин көрсө болобу? Бир эле шыкаалатып койбойсузбу!
— Мейли, жүрү көргөзөйүн.
Тозокко келишти. Караса, бул жерде деле жашоо кадимкидей өтүп жатыптыр, бейиш менен айырмасы деле билинбейт. Болгону, жашоолоруна нааразы болуп, бири-бирин жактырбаган адамдар жүрүшөт. Аларга бул жер жакпаганы көрүнүп турат.
Ал архангелден сурады:
— Бул жер деле бейиштен айырмасы жок экен го! Анда эмне үчүн баары нааразы болуп жүрүшөт?
— Анткени алар жыргалдын баары бейиште деп ойлошот.
ИШЕНИМ ЖӨНҮНДӨ
Атчан адам бара жатып жол боюнда эс-учун жоготуп жаткан адамды көрдү. Ал ага боору ооруп, атынан түштү да, тигини жөлөп-таяп атып атына араң мингизди. Капысынан эле тиги камчыланып жөнөп кетпеспи. Бир аз ары барып артына бурулуп кыйкырды:
— Мен уурумун, менин кесибим ушу, мага таарынба, бул ат эми меники.
— Мен аны түшүндүм, – дейт аттын ээси, — сенден суранарым: бул жөнүндө эч кимге айта көрбө.
— Эмне, алдатып жибергениңе уялып жатасыңбы?
— Жок, адамдардан ишеним кетип, чын эле ооруп жыгылып жаткандарга жардам бербей калышат…