АБЫКАЕВ Абийирбек: ЕВРЕЙЛЕРДИН УЛАМЫШТАРЫ

КЕЛЕСООЛОР

Сактоочу жерге түшүп, пенделерин кабыл алчу күн келди. Ар ким өз көйгөйү менен келип жатты: Сокурлар:

— Раввим[1], биздин көзүбүз көрбөй жатат, — дешти.

Сактоочу алардын чекесинен сылаганда сокурлардын көздөрү ачылып жатты. Дудук менен дүлөйлөр келишти — алар угуп, сүйлөп калышты. Бүкүрлөр келишти — алар да түзөлүштү. Бир гана келесоолор келесоо боюнча калышты. Себеби алар:

— Раввим, мага жардам кылчы, мен келесоомун… — деп моюндарына алышкан жок.

КҮЗГҮ

Бир жолу окуучусу раввиден сурады:

– Устатым, айтыңызчы, эмне үчүн кедей адамдарга ишиң түшүп барсаң чын ниети менен колунан келген жардамын аяшпайт, ал эми байлар өздөрүн эле ойлоп, жолотпой кууп салышат?  Кептин баары акчадабы?

– Терезени карачы, – дейт раввин. – Эмнени көрүп жатасың?

– Көчөнү, базарга жүк ташып бараткан арабаны, ары-бер жүргөн элди…

– Жакшы, эми бул күзгүнү карачы, эмнени көрүп жатасың?

– Башка эмнени көрмөк элем? Өзүмдү көрүп жатам..

– Көрдүңбү! Терезе да айнек, күзгү да айнектен жасалган. Бирок бир аз күмүш кошулганда башкаларды көрбөй, өзүңдү эле көрүп каласың…

ЖҮЗ АЛТЫН ТЫЙЫН ЖАНА КЕЛИШИМ

Бир жерде кечкисин жумуштан келгенден кийин Тора китебин изилдеп окуганды жакшы көргөн адам жашаптыр. Анын өзүнүн ийгиликтүү жүргүзүп жүргөн иши бар эле. Бирок бир кырсыкка кабылып, иши артка кетти, акыры аны токтотконго туура келди. Үй-бүлөсүн багыш үчүн ал башка шаарга барып ивриттен[2] сабак бере баштайт.

Бир жыл өтүп ал аялы менен балдарына чогулткан жүз алтын акчаны берип жибермек болот. Ал кезде азыркыдай почта кайда, ошондуктан окутуучу акысын төлөп, бирөөдөн берип жиберүүнү чечти. Ал издеп жүрүп, үйүнө барып келүүгө камданып жаткан жаш соодагер жердешине жолукту. Өтүнүчүнөн баш тарткан соодагерди, окутуучу көндүрүүгө аракетенип жатты:

– Айланайын! Бир жакшылык кылып кой! Аялым менен балдарым ачка отурушат. Бул акчадан өзүң канча кааласаң ошончосун берип, калганын сен ал.

– Макул, – дейт соодагер, – аялың менен балдарың чыр салып жүрүшпөсүн, айтканыңды жазып бер.

Башка айла жок болгондуктан ал жазып берүүгө макул болду да, аялына жазды: «Ушул барган соодагерден жүз алтын акча берип жибердим, ал өзү каалаганын сага берет».

Соодагер шаарына жетип, окутуучунун аялын издеп тапты да ага катты берип мындай дейт:

– Бул кат күйөөңдүн жазганы. Мында өзүң каалаганыңды бер деп жазылган. Мына, шарт боюнча сага бир алтын акча, калганын алып калдым.

Байкуш аял тигини боорукерликке чакырып канчалык жалынбасын, анын таштай каткан жүрөгүн жибите алган жок. Соодагер күйөөсүнүн катын дагы бир жолу көргөзүп: “Шарт боюнча бир да тыйын да бербей койсом болмок, дагы боор ооруганымдан бир алтын акчаны калтырып жатам”— деди да жолуна түштү.

Аялдын бир үмүтү эми өзүнүн курч акылы, акыйкат чечимдери менен белгилүү болгон жергиликтүү раввинде калды.

Раввин эки тарапты уккандан кийин соодагерди боорукердикке чакырды эле, тиги кашайып уга турган эмес. Бир кезде раввинге капилеттен бир ой келди.

– Катты көрсөтчү, – деди ал.

Раввин катты алып, кайра-кайра окуп көрдү да, анан соодагерге суроо берди:

– Деги айтчы, сен акчанын канчасын алып калгың келип жатат?

– Жана эле айтпадым беле: токсон тогузун деп.

– Андай болсо, бул аялга токсон тогуз алтынды берип, өзүңө бирөөнү калтыр.

– Акыйкат деген каякта?! Мыйзам деген каякта?! – сараң соодагердин жаны чыгып кетти.

– Эмне кыйкырасың? – дейт акылман равви. – Акыйкат келишимди так аткарышыңды талап кылат, катта даана жазылып турбайбы: «Ушул барган соодагерден жүз алтын акча берип жибердим, ал өзү каалаганын сага берет», — деп. Сен жаңы эле өзүң токсон тогуз алтынды алып калууну каалаганыңды моюнга албадыңбы. Каалаганыңды ал да, бир алтын акчаны өзүңө калтыр. Бүттү, акыркы чечим ушул!

ЭЧКИ

Бир жолу бир көп үй-бүлөлүү кедей еврей (аялы, балдары, келиндери, неберелери, өзүнүн бир туугандары, кайын журту) раввинге үйүнүн тардыгын, ызы-чуудан чарчаганын айтып, абалдан кантип чыгам деп кеңеш сурап келет. Раввин аны көңүл коюп укту да андан минтип сурады:

— Корооңдо эчкиң барбы? Бар болсо, анда аны үйүңө киргизип бак. Кедей еврей ага аябай таң калды, бирок раввиндин кеңеши менен эчкини өздөрү жашаган үйгө бага баштады. Бир жумадан кийин ал раввинге кайра келди.

— Ребе, мунуң эмнең?! Мурда кыйын болсо, эми жашоом таптакыр эле тозокко айланды!

— Андай болсо, – дейт раввин, – эчкини кайра чыгарып сал.

Кийинки күнү еврей кайра келди.

— Ребе, мен сенин акылман адам экениңди айтканы келдим, – деп сүйүнүп алган . – Эчкини үйдөн чыгарып салсам, үйүм анча деле тар эместей көрүнүп калды.

СЕЛДЕН САКТАНУУ

Дүйнөдө кудайга катуу ишенген, ошол ишеними менен жашаган раввин жашачу. Ал айланасында жашаган адамдарга: «Мен кудайга ишенем» — деп кайталагандан чарчачу эмес.

Күндөрдүн биринде ал жашаган аймакта сел жүрүп, саат сайын күчөй баштады. Ага кошуналары келишти:

– Ребе, суу көбөйүп баратат, жакында баары суу астында калат, жүрүңүз биз менен.

– Жок, мен эч жакка барбайм. Мен кудайга ишенем, ал мени сактап калат.

Суу баштагыдан да көбөйө баштады. Үйдүн жанынан кайыкта бараткан адамдар ага кайрылышты:

– Ребе, бизде бир кишинин орду бар, келиңиз, ала кетели.

– Жок, барбайм, – дейт раввин, – мен эч жакка барбайм. Кудай таалам мени менен, мен ага ишенем, ал мени өзү сактап калат.

Ошентип анын жанынан дагы эки кайык сүзүп өтүп, кайыктагылардын чакырганына карабай кудай сактайт деген ишеними менен түшпөй койду, акыры үй-жайы менен суунун астында калып өлдү.

Асманда Кудайга жолукканда раввин андан минтип сурады:

– Кудайым, мен Сага аябай ишенчү элем, эмне үчүн мени өлүмдөн сактап калган жоксуң?

– Мен сени сактап калганга аракет кылгам, – дейт Кудай. – Адегенде сага кишилерди жиберип эскерттим, андан кийин катары менен үч кайык жиберсем ага түшпөй койдуң. Анан мен сени кантип сактап калмак элем?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 [1] Равви – диний көсөм.

[2] Иврит – байыркы еврей тилин жаңыча колдонуу усулу.