
Станислав СЕВАСТЬЯНОВ: Бийик сезим
Сүйүү кээде бийик сезимдерди жаратат. Күүгүмдө сүйүү кумарына суусаган студент Крылов жанаша группада окуган сүйгөнү, студент кыз Катя Мошкинанын үйүнө келип жамгыр суусу ага турган түтүктөр аркылуу, балконго түшүп, сүйүүсүн билдиргиси келген эле. Чыгып баратканда ал кызга айтчу сөзүн кайра-кайра кайталап атып, убагында токтобой өтүп кетти.
Ал эртең менен өрт өчүрүүчүлөр келип түшүрүп алгыча, тогуз кабат үйдүн чатырында кайгырып отурду.
АЖАЛЫ ЖОК ЖИГИТ
Ал аны көпкө чейин карап, ага суктанчу, жолукканда сүрдөп турчу: ал күнүмдүк өңү өчкөн жашоосунун жанында өзгөчөлөнүп, жаркырап көрүнчү, керемет сулуу, муздак жана кол жеткис бийик эле. Анан эле, ага бир топко көңүлүн буруп карап тургандан кийин, ал дагы анын көз карашынан эригендей, ага тартыла баштаганын сезди. Ошентип, байкоосуздан ал аны менен жакындашты…
Ал медайым башындагы жараны жаңылап таңып жатканда эсине келди.
«Ажалың жок экенсиң, жигит, – деди эркелете медайым, – мындай учтуу муздан анда-мында эле бирөө тирүү калат».

КАНАТТАР
— Мен сени сүйбөйм, – бул сөздөр жүрөккө сайылып, курч мизи менен ичеги-карынды майдалап өтүп, аны фаршка айлантат.
– Мен сени сүйбөйм, — бул жөнөкөй беш муундан, он үч тамгадан турган сөз, бизди үнсүз октор менен аткылап өлтүргөнгө жөндөмдүү.
— Мен сени сүйбөйм, — бул сөздү сүйүктүү адамыңдан уккандан жаман эч нерсе жок. Ал үчүн жашап, ал үчүн бардык ишке барып, ал эмес ал үчүн өлүмгө да даяр адамдан ал сөздү угуунун өзү тозок.
— Мен сени сүйбөйм, — көзүң караңгылай түшөт. Адегенде айланаңды кара туман каптап, ортосунда бозоргон мейкиндик калат. Андан соң майда, бири-бирин кубалашкан боз чекиттер калган мейкиндикти ээлешип, жылчыксыз караңгылыктын кучагында каласың. Өзүңдүн ачуу көз жашыңа тумчугуп, көкүрөктөгү өпкөңдү куушуруп сыздаткан ооруну сезесиң. Үстүңдөн бирөө баскансып, бул дүйнөдөн болушунча аз орун ээлеп, жанагы жараланткан сөздөн калкаланып жашынгың келет.
—Мен сени сүйбөйм, — сени жана сүйүктүүңдү кыйынчылыктардан жаап, сактап келген канаттарың, ноябрдагы муздак шамалдан күбүлгөн дарактын бариктериндей саргайып куурап түшө баштайт.
Сөөктөн өткөн суук, жан дүйнөңө тоңголок түшүрөт. Жонуңда сороюп, майда түгү калган эки канат сөрөйүң да ал сөздөрдүн күчүнөн майдаланып, күмүштүн чаңы сыяктуу сапырылып барып жок болот.
— Мен сени сүйбөйм, — бул сөздүн тамгалары араанын үнүндөй зыңылдап, канаттын калган тамырларын далыңа чейин матырыла кирип барып жулуп чыгат. Далыдан аккан кан, канатардын ордун жууп өтөт. Артериядан фонтандай атырылып чыккан кан, жаңы канаттар — кандан жаралган, агылган аба сыяктуу жеңил канаттар өсүп чыккан сыяктуу таасир берет.
— Мен сени сүйбөйм, — канаттарың эми жок. Кан акпай, жонуңда карттанып катып калган. Мурдагы канат деген нерсенин ордунда — далыңдын үстүндө билинер билинбес томпокчолор. Сыздаган оору басылган. Сөз жөнөкөй эле сөз боюнча калат. Ал жөн гана үндөрдүн топтому, кыйналуунун изи да жок. Жара айыккан. Убакыт дарылайт…Убакыт эң оор жаракатты да айыктырат. Баары өтөт, узак кыш да артта калат. Кайрадан жаз келет, жан дүйнөңдөгү муз да эрийт. Эң кымбаттуу, эң сүйүктүү адамыңды аппак канаттарыңдын алдына аласың. Канаттар дайыма кайра өсүп чыгат…
— Мен сени сүйөм…
КЕЧИККЕНДЕ
Бул бир укмуштай көз ирмем эле. Табигаттын күчү жана бара жаткан жолу эсинен чыгып, ал аны кумары кангыча карап алуу үчүн бир орунда катып калды. Ал адегенде сыдырмасын жайма-жай сыдырып, көйнөгүн чечти; анан чачтарын коё берип, аны аба менен жибек түскө толтура таранды; тырмактарына илип албагандай илбериңки кыймыл менен байпактарын акырын ылдый шыпырды; анан шашпай назик, жумшак манжалары менен күлгүн түстүү үлбүрөгөн, жука ич кийимин чечип ыргытты.
Ал таптакыр жылаңачтанды, бирок ай башка терезеден башка бирөөнү карап жаткан.
БАЙЛЫК
Бир жолу бай адам кедейге таштандыга толгон себетти берди. Кедей жылмайып койду да, себетти алып кетти. Ал себетти бошотуп, жакшылап күбүп тазалап, ичине толтура кооз гүлдөрдү салды. Ал байга келип, гүл салынган себетти кайтарып берди.
Бай таң калып суроо узатты: «Эмне үчүн сен кооз гүлдөрдү салып берип жатасың? Мен бул себетке сага таштанды салып бербедим беле?»
Анда кедей минтип жооп берген экен: «Ар ким жүрөгүндө эмне болсо ошону берет».
ЖӨН КАЛГЫЧА…
— Канча аласыз?
— Саатына алты жүз сом.
— А эки сааткачы?
— Миң
Ал ага барганда, андан жыпар жыттуу атырдын жана иш билгилүүктүн жагымдуу жыты аңкып турду. Ал толкунданып жатты, анын манжалары ийкемсиз, ийри жана одоно эле, бирок ал бүт эркин бир муштумга топтоп аракет кылды. Үйүнө келер замат пианиного отуруп, жаңы эле үйрөнүп келген гаммаларды кайталананга киришти. Эскирип калган «Беккер» ага мурдагы жашоочулардан калган болчу. Манжалары сыздап ооруй баштады, кулактары чуулдайт, а эрки чыңалып баратты. А кошуналар дубалды койгулашат…
ААЛАМ ЖАРЫГЫ
Айылдагы үй бурчунда илинип турган фонарь, өзүн күнгө теңечү, жана ал түнкүсүн чымын-чиркейлердин жолун жарык кылып турчу, алар жарыкка учуп келишип, андагы жан багууну жакшы өздөштүргөн жөргөмүштүн жайып койгон торуна түшүп жан беришчү. Анан эле фонардын лампочкасы күйүп кетти, чымын-чиркейлер сокур болуп учуп келбей, жөргөмүш ачкадан өлмөй болду. Караңгыда эшикке чыга албай калган Иван Тимофеевич абалды оңдоду: күйүп кеткен лампочканы которуп, жаңысын бурады. Аалам жашоосун улантты.
Эндрю Э.Хант: Алкоо
Жакында кайрымдуулук уюмунан берген жүндөн жасалган төшөк жамынганга ыңгайлуу эле, ал эми бүгүн таштанды салган челектен таап алган батинке бутун кыспай чапчак экен.
Көчөнүн жарыгы жан дүйнөсүнө жагымдуу жарык чачып турду…
Отургучтун кырлары далайды көргөн арка сөөктөрүнө эски таанышындай сезилет.
«Жаратканга шүгүр, — деп ойлонду ал, —жашоо кандай жыргал!»
Жей РИП: Тагдыр
Бир эле жол калган, анткени биздин жашообуз чырмалышып, ачуу менен таттуунун чиеленишкен татаал түйүнүнө айланып, башкача чечкенге болбой калган эле. Тагдырыбызды чүчү кулак менен чечмей болдук: тыйын бүркүт жагы менен түшсө — үйлөнөбүз, алдыңкы бети менен түшсө — биротоло ажырашабыз.
Тыйын ыргытылды. Ал шыңгыр этип түштү да, айланып, тегеренип барып бүркүт бети менен жатып калды.
Биз аны түшүнбөгөн немелердей карап калдык.
Анан жарыша кыйкырып жибердик: «Дагы бир жолу ыргытпайлыкпы?»
Дэн ЭНДРЮС: Бактысыз аял

Анын жүзүндө бир дагы сезимди чагылдырган белги жок эле. Адам чыдагыс ооруну көрүп туруп, боору бир ооруп койгон жок ко, чиркин. Менин каректеримдеги коркуу менен айла кетүүнү чындап эле байкаган жокпу? Ал өзүнүн жагымсыз, кир ишин кесипкөй катары кылдат аткарды да сылык гана : «Оозуңузду чайкап алыңыз, байболгур», —деп койду.
ЧАЛА ЖУУЛГАН КИР
Бир үй-бүлө жаңы батирге көчүп киришкен. Эртең менен ойгонгон аялы, терезеден жуулган кирлерин жайып жүргөн кошуна аялды көрдү. «Карасаң, кирлерин чала жууптур» –деди күйөөсүнө. Гезит окуп жаткан күйөөсү анын сөзүнө кулак салган жок.
«Начар самын менен жууса керек же өзү кир жууганды билбеген неме окшойт. Барып кеңешимди берип коюшум керек экен.»
Андан кийин да кошуна аял кирлерин жайган сайын, анын чала жууганына таң калып жүрдү.
Күндөрдүн бир күнүндө терезени караган аялы кыйкырып жиберди: «О! Бүгүн кирлерин таптаза жууптур! Жууганды эми үйрөнгөн окшойт!»
«Жок, – дейт анда күйөөсү, — жөн гана мен бүгүн эрте туруп терезени жууп койдум».