
— Сени начальник болот экен деп атышат! – деди бир күнү аялым.
— Ким айтты?
— Аялдар айтып атышат.
— Өзүм билбегенди алар каяктан билиптир. Сенин аялдарыңдын көздөрү ачылып бараткан го!? – дедим тамашалай. Ал сөзгө анча деле маани берген жокмун.
Аялдардын айтканы келдиби, айтор ким билсин, арадан көп өтпөй эле бакыйган начальник болуп калсам болобу. Ай айга, жыл жылга тогошту.
— Деги ишиңден сагыраак болчу. Сени камалат экен деп атышат аялдар, — деди бир күнү аялым.
— Аялдарың оозуна келгенин оттой беришет!? – дедим жиним келип. Ошо менен ал сөзгө чекит койдум. Анткен менен жүрөгүм түпөйүл болуп калды.
Арадан көп өткөн жок. Айткандай эле капысынан келген кишилер прокурордун санкциясын көрсөтүштү да, алып барып камап салышты. Ошондо гана аялым айткан «аялдар айтып атышат» деген сөздөр эсиме келип, өзүм айдап жүргөн машинеге инимди шоопур, келинимди үй тазалагыч, чоң атамды кароолчу, атамды кеңешчи, балдызымды кассир деп жазып акча алып жүргөнүм, мекеменин устаканасын эчак эле менчиктештирип алганым, андагы светтин, суунун, телефондун акчасын мекеменин эсебинен төлөп жүргөнүм, мекеменин автобусун авария болду деп кайындарыма ижарага берип койгонум, деги койчу ушул сыяктуу мыйзамсыз иштеримдин бардыгы көз алдыма тартылды.
Элдин энчисине беш колумду матырып ийгенимди баамдадым. Буларды эч ким деле билчү эмес эле, кайсы кара оозуңа кан толгур айтты экен? Ким айтканын табалбай шектенгенимдин бардыгын көз алдыма элестетип чыктым.
Чын эле ким айтты болду экен ыя? Муну бир айтса жана жылмаңдаган түгөт бухгалтер келин айтты го!? Бир тобун ошол билчү эле. Жок, жок ал айтпайт. Анткени айтса өзү кошо торго түшөрүн эң мыкты билет. Анда ким айтты? Чоңдордун чет өлкөдөн, байлардын банкеттен баштары бошобой жүрсө алардын мени ойлогонго чамалары да жетпес. Муну бир айтса эле кара тамандардан айтты го!?
Баягы жылдары «Маленков берген байталды, Хрущев келип кайта алды» деп ырдап ийип, айылдык эле абышканын соттолуп кеткенин уктум эле. Дегеле ушул айылдыктар учурма сөздөргө да уста келишет ой. Гезит барбаса, радиосу сүйлөбөсө, телевизору көрсөтпөсө деле ааламдагы жаңылыктарды айтып, чогуу жатып-туруп жүргөнсүп чоңдор жөнүндө саймедиреп айтып отурушса академиктин оозу ачылып, артта калганын ошондо гана туят.
Айтмакчы, ушул биздин айылдагы өөдүк-сөөдүк сүйлөп, оозуна алы жетпеген апенди чалыш Азыкбай акемди илгери эле «тоголок арызчы» деп коюшчу эле, ошонун кемпири айтып жүрбөсүн. Бирок Азыкбай акемдин аракка саткандан калган малын ууру алып, айдаган жерин сел жалмап, ал түгүл көптөн бери кары чарбасы тийбей, андай сөздү айтмак түгүл арыктыгынан аркайып, буту-колу тартайып, кабыргалары каркайып, доктурга көрүнөйүн десе төлөгөнгө тыйыны жок, балдарын окутайын десе мектепке кийип барганга батинкеси жок кара жанын бага албай араң басып калыптыр деп уккам.
Менин ишимди териштирмек түгүл Азыкбай акемди бага албай айласы кетип турганда, ага андай сөздү айтканды ким коюптур. Бир тоголок арызды шилтеп ийсе токсон жерден текшерүүчү жетип баруучу баягы мезгил эмес да азыр. Баса, эрди эрдине тийбей шакылдап, таңдайы такылдап эки үйдү эриктирбеген, бир үйдү бириктирбеген Эркингүл жеңем айтып жүрбөсүн. Жок, жок ал кайдан айтсын байкушум. Андай сөздү айтмак түгүл «Чемичке чегиңиз, тамеки тартыңыз, сагыз чайнаңыз» деген сөздөн башканы унутуп, соодасы жүрбөй Ош базарында отурса.
Башкаларына келсек, Батма бахаист болуп башка динде жүрсө, Касымбайдын катыны коммерсант болом деп Кытайга кеткенине туура эки жыл болсо, Касымбайдын өзү колунда калган алты баласы менен кайненесин бага албай күйүтүнөн арактын артынан түшүп көрүнгөн жерде жүрсө, айласы кеткен улуу кызы бөбөктөрүн багыш үчүн түнкү көпөлөккө айланса, нормалдуу деген Норузбай илгери алты ай бригат болгон атасы жөнүндө монография жазып, анын атын айлына койдургандын аракетинде чуркап жүрсө, менин ичип-жегенимди териштиргенге чололору тиймек беле.
Үмүттөн болсо үмтөтпөй деле койсо болот, сак неме эртеңкисин ойлоп атып, энесине да сырын айтпайт. Айтты айтпады дээрсиңер, ушуну бир айтса эле Сандыбайдын аялы айтты го. Болду болбоду ошол эле айтты. Керооздонуп алып дегеле кеп-сөзгө да чукул неме. Саймедиреп саясаттан кеп салса оозуңду ачырат тимеле. Дымагын айтпайсыңбы «Акматбеков Азамат, Ак калпак кийип жасанат, Эмнесине деңкейет, Мингени жаман кашаң ат» деп ошол эле айылдык тыңыраак жашаган Азаматты да жактырбай, өзүнүн курсагы тойбой жүрсө да, көөдөнү көктө. Кошо жатып, кошо туруп жүргөнсүп, чоңдордун илик-жилигинин кайсыл жерлик экенин, канча катыны бар экенине чейин чемичкедей гана чагып берет ко чиркин. Бир айтса ошол эле айтты!?
Мына ушуларды оюм менен талдоодон өткөрүп, санаам санга, оюм онго бөлүнүп отурганда, аялымдын «жолугушууга» келгенин билдиришти. Аны көрөр замат эле учурашканды да унутуп:
— Мен жөнүндө аялдар эмне деп атышат? – дептирмин.