
Күндөрдүн биринде эне Бармак төрт баласына: Сөөмөй, Ортон, Атыжок жана Чыпалакка кеңеш салды.
— Балдарым, бак тикпейлиби? – деди балдарына суроолуу карап.
— Макул, энеке, тээтигил жерге тигели, — деп Сөөмөй ээн жаткан талааны көрсөттү.
— Опий, ал жердин баарын кантип айдайбыз, белибиз ооруйт ко, — деп Ортон моюн толгоду.
— Кантип айдамак элек, чанайбыз деле бак тигип коебуз, — деди Атыжок Ортонду анча жактыра бербей.
— Айдаса айдайлы, — деп Чыпалак чебеленип жиберди.
Балдарын байкап турган Бармак мындай деди:
— Туура айттыңар балдарым. Тигил ээн жаткан талаага бак тигип коелук. Ал кийин чоңоюп, шуудураган калың токой болот. Токойго ар түркүн жаныбарлар келишет. Ары-бери өткөндөр эс алышат. Биздин эмгегибиздин ырахатын көрүшөт. Ошондо бизге алкыш айтышат.
— Макул энеке, биз ал үчүн “момундай” бирдиктүү болуп, азыр эле ишти башташыбыз керек. Ошондо гана биз ар кандай каршылыктарды жеңе алабыз, — деп балдары чуулдап жиберишет.
Ошондо төрт манжа биригип, Муштум пайда болгон экен.