МАТИСАКОВ Абдиламит: АБДИЛАМИТ МАТИСАКОВ: БАТКАН КҮНДҮ АЯЙМЫН…

Турмуштан тамган тамчылар

Балык дүкөнгө бирөө жетелегендей эле кирип бардым. Каяктан кирдим, эмнеге кирдим?!. Же жыргатып балык жеген жан болсом бир жөн. Той-топурдан, сый дасторкон үстүнөн көрүп калбасам атайлап үйгө балык апкелип, казан астырган жан эмесмин. Кокус, устукан баштыкта келип калса, бала-чаканын энчиси. Жо-ок, кесирлик эмес, анын бетин ары кылсын! Күндө жебесе жээрий берет деген туура окшойт…

Дүкөнгө кирдим дебедимби, андан көрө ошону угуңуз. Мына, сага! Балык жечүлөрдү көрүп ал, жөө жыландай чубалган кезектин аягы кирген эшикке келип такалат. Билектей-билектей ак боор балыктар биринин үстүнө бири минип, кафелденген көлмөдө патырап, деңиздин туздуу абасы каңылжар өрдөп, дүкөндө калкып турат. Бечара балыктар азайып баратышканын туябы, чабалактап, куйругун серпсе тамчылар тээ кире бериште турган мага чейин чачырайт.

Эл кайыл, кезекте кечке турганга да кайыл, эптеп колуна балык тийсе болду. Пушкиндин тор жайган балыкчысындай көзү канталаган кара сакал өчү бардай темир сузгучу менен балык кубалайт. Анын иши балыктарды көлмөдөн сузуп, богогу салаңдаган сатуучунун таразасына оодарыш. Таразанын жебеси калтылдап, куду эле балыктын каккан жүрөгү… Тараза табагында пакилдап, дем тарта албай “союшка” жөнөгөн балыктар кезекте тургандарга карек кадап, көздөрү чачырайт. Жүзүндө кан-сөлү жок кезек алдына энеси келсе да артка кайтар түрү жок. Каракүчкө “каяктын балыгы?!.” деп Оштун мал базарында жүргөнсүп сурамыш болдум. Кезек селейип унчукпайт. Сөз көтөрө албай калыптыр. Алдыга өтсөм эле шарт этегине жабышам деп өзүн этият кармап, таразанын түбүндө торго түшкөн балыктардын акырет-керээзин тыңша-ап турган жөжөдөй кемпир ооз учунан “өзүбүз да билбейбиз” демиш болду. Ага желимдей жабышып, турган толук аял “биз жегенди гана билебиз” дегенсип үшкүрүп коёт, көйнөгүн уй жегир. Тараза табагында жанталпазга түшкөн балыктын көзү кокусунан эле мага кадала түшкөнүн сезип, кетенчиктеп кеттим.

– Эй, суудагы балыктай болбой, келип, кезегиңди тап! –  деди аркаман деңиздин шор жытына эс-мас болгон бир бейдаба. “Балык жеш да оңой эмес окшойт” деди бир оюм. “Балык түгөндү! Бир-экөөсүн өзүбүзгө да алып калалы, бизде да кекиртек бар” деп кезек түгөл уксун дедиби, сатуучу аялдын үнү өктөм чыкты.

Кезек чурулдап, тим эле боздоп ийди. Эки кулач ылайлуу көлмөдө өмүрүн дагы эки-үч саатка узартып калам деп жандалбас кылып, бурч-бурчка пысып калган балыктар эки кадам арыда кайнаса каны кошулбаган кезек калган-каткан балыктар колубузга тиймейин дүкөндөн кадам жылбайбыз деген жинурмасын жүрөктөрү канап, тыңшап турушту… Баарынан дагы, таразанын түбүндө балыктардын керээз-мурасын эшитип турган жөжө кемпирдики жаман өттү. Нары-бери баскан Пушкиндин балыкчысына колун кезеп, эмне дейт дебейсизби! “Мага бир балык жетет. Жалгыз жашайм! Менин балыгым калды, кармап бер!” деп бүржөлү доошу бүтүп калды. Кара сакал эмнеге жибип кетти, билбейм, сузгучу менен көлмөнү шапшып, жөжө кемпирдин балыгын кубалап жүрдү. Балыктарды өлүм жазасына буйруган кан-сөлү жок кезек көзү канталаган кара сакалдын сузгучунан көз жазгырбай, чечекейи агып кетчүүдөй карап турушат, тоб-бо!..

Андан ары эмне болду, бир кудай билет. Мен балык дүкөндөн чыгып кеттим. Жолдо баратып, тараза үстүндө жанталашкан балыктын өчүп бараткан карегинде калып калганымды эстеп, денем “дүр-үр” деп алды…

* * *

Кыш күрөөдө ким эле үйдө отургусу келсин. Мындайда Бегиш тагамы байласаң да турбайт. Күзгө зыктап, алмасын алмадай, кагын кактай, нагин нактай келген алып сатарларга күүжүм өткөзүп, өзү “айт” деп паска куйругун түйөт. Бегиш тагама пас тарап – Фергана, Кызыл-Кыя, Ош… Өзгөнгө да каттачу, кийин саал айнып жүрөт. Сурасаң жообу ар кыл. Бирөөгө “биздикиндей эле базары бар” десе, дагы бирөөгө “бир мунарасын көрө берип чарчадым” деп кутулат. А Фергана десе азыр дагы шилекейи агат. Эмнеге андай, өзү билет. “Эй, алма апарасыңбы, нак апарасыңбы, тургузбайт, шо күнү жалынып-жалбарып колуңдан талашып апкетет. Бизге окшоп, сорттоп алам дешти да билбейт. Машинаңды туура токтотуп бересиң. “Тага, сиз паркты айланып, бир-ар саат тамаша кылып келиң, ого чейин балдар алманы түшүрүп , машинаңизди жууп-чайкап, жолго саздап коюшат” деп турат. “Тил билги жан деп ошолорду айт” деп жүрчү. Эми Ферганасы калды. Аякка алмасы эмес, өзүнүн өтүшү кыйын. “Бай-бай, бай-бай, ушу турган Фергана келип-келип сырт өлкө болуп калат деп ким ойлоптур, эй, заманың түшкүр, эй!” деп кейиген менен колунан имне келет.

Кийин Бишкекке каттачу болду. “Бишкек алманы жакшы жейт. Ашканын наркы казактарга кымбат сатышат экен. Колубуздан келбейт да, болбосо Ноокаттын алмасын кемирген шо казактарга ортомчусу жок өзүбүз өткөзсөк, теңгесине көмүлөт элек. Экинчи жагы, Нурсултан аканин журту менен катташтык кылсак, жаманбы?..” деп отурган-турган жеринде сагызган шакылык болуп жүрүп, эми Бишкекке алма жүктөгөндөр көбөйдү.

Өгүнү телефон чалыптыр. “Кыш ичи зеригип өлмөй болдум. Баягы алманын пулуна келген жүк машинаны айдап, элдин жүк-пүгүн алып, Бишкекке каттасам деп атам, имне дейсиң? Савет бер, имне кылайын?..” дегенин “Өзүңүз билиңиз, ак муз, көк муз, Төө-Ашуу деген бар, кичине чыдабайсызбы, жаз келет ко” десем, “көргөнбүз ал ашууну” деп койгон. Бир күнү эле карасам, Бегиш тагам жүк машинасын эшик алдына токтотуп кирип келди. “Кыйналбай келдиңизби?” десем, “кебиң туура чыкты, Төө-Ашууда саал жүдөдүм” деди. Чай-пайдан кийин, дене-бою саал жазылганда ачылды. “Ээ, тагаң жүргөн жер абат боло беле, мен айтсам, сен ишенбейсиң. Кулак сал” деп бутун узун сунуп, кебин баштады.

– Сен айткан Төө-Ашууну өрдөгөндө эми бурганакты көрүп ал, бута атым жер көрүнбөйт. Машинанын оюна коюп кыбырайм. Моторду өчүрө көрбө деп тилегеним ошо. Кудай жалгап, балондорум жаңы. Кузовго чынжыр таштап кой, Төө-Ашуу менен азилдешпе, энеңи үч-коргондон көрүп каласың” деп ушу жолдо жүрүп, төбөсү агарган шопурлар жакшы эле айткан, кулак салган эмесмин. Ашуунун так белине чыкканда, жолдун так ортосуна бирөө туруп алыптыр. Жанынан тойгон немени сүзүп барып, тормоз тептим. Жолдун наркы чекесине токтогон ак “Мерстин” көчүгү эле кызарат. “Ака, токтобосоңуз, машинаңизге боюму урганы калгам. Бир жан карагыдай эмес. Бу адамдар имне болуп калган!… Аккумуляторум өлдү, эми эмне кылам? Өзүбүздүн райондун чоңдору самолет учпай калып, окуштагы кыздарын Бишкекке таштайсың деп салып беришкен. Назик өскөн немелер экен, биржөлү тоңуп өлдү. Өзүбүздөн экенсиз, бир жакшылык кылып, сала кетиң, мен талаада калсам калаармын, ушуларды жеткизип сообунда калыңыз, ака” десе оозунан көк түтүн чыгат.

Көз жашыбы же териби жүзүнөн ылдый агып, тоңуп калыптыр. Бечараны жүда аяп кеттим. Жол азабын билген билет. “Бол анда, бирин ала кетейин, экөөнү сала албайм, эки правам жок” дедим. “Жан ака, жол тоскон ГАИ да адам болсо түшүнөөр, экөөнү тең сала кетпесеңиз болбойт” деп ач кенедей жабышканда аргам түгөндү. Үлбүрөп-сүлбүрөп кийинген, балтыры кызаңдаган, көзү-кашын боёнгон биринен бири өткөн чырайлуу эки кыз ээги-ээгине тийбей калчылдап кабинага киргенде саар менен себинген атыр-упасынын жыты жанымы сергитип ийди. “Эй, бала, сен дагы кете бербейсиңби, эптеп батышабыз. Калсаң, тоңуп өлөсүң. Шаарга жетсек аккумулятор табылар” десем түк ынабайт. “Өкмөттүн машинасы, тоноп кетсе төлөй турган алым жок, ака. Колумду караган алты балам бар. Буларды салганыңызга да, кудайга шүгүр” деп бечара каалганы карс жаап бозоргон бойдон ач бел, куу жондо калып кетти. “Аа, шордуу бала, мерт болуп калбагай эле” деп кыялым ар нерсеге кетти.

Ашуудан ылдыйлап, бурганак артта калганда бүрүшкөн кыздар жазылып, баштык аңтарып, күзгүгө каранып, быдылдап тилдери чыкты. Сурасам, университетти жарымдатып коюшуптур. “Жарык-жаанда шаарга жетип, жатаканаңарга таштайын, анан тууганымдыкына өтөм” деп ылдамдыкты көбөйтсөм, жанымда баданы баданыма тийип кетсе, боюн тартышты ойлобогон кара каш кыз “шашпай эле жүрө бергиле, менчик тамда турабыз, сизге орун табылат, машинаны короого токтотосуз. Сиздин жакшылыгыңызды кантип унутабыз” десе бечарага жүрөгүм жылыды.

Кариет, жолдо эч ким тоспой, түз шаарга кирдик. “Жетип калдык, бу там биздики” деди жанымда сүйкөнүп келген кыз. Чоң көчөдөн бурулганда, кирпичи көрүнгөн там эми заңгырайт. Колунда бар адамдын кыздары да деп коём ичимен. Токтогондон кийин наркы четтеги кыз “азыр агам чыгып, дарбазаны ачат, машинаны кандай коюшту сизге айтат” деди да жерге секирип түштү. Аркасынан берки кыз түшүп, баштыктарын көтөрүнүп, баягы кирпич үйдүн булуңунда дарча эшик бар экен, кирип кетишти. Мен дагы майда-чүйдө буюмдарымды нары-бери жыйып, машинадан түшпөй күтүп турам. Жарым саат өттү, бир саат болду. Баягыларыңдан дарек жок. “Имне болду?” деп коём. Өзүмчө ар нерсеге жооруйм. Жиним келе баштады. Анан бечара жаным чыдабай түшүп барып, баягы кыздар кирген эшикти түртсөм ачылып кетти. Ар жагына жол кетет экен. А дарча болсо көпчүлүк кирип-чыгып жүргөн эле эшик экен. “Мына сага, чала сага” деп өзүмдү-өзүм ошоерден сөктүм дагы муздай түшкөн машинамды жүргүзүп кетип калдым. Ушундай да болобу?…

Ушуга чейин өзүмө келалбайм: “Жашабай жатып, үйрөнгөн өнөрүңөр өзүңөрдөн ашпасын” деп коём өзүмчө, анан бурганакта калып кеткен шопур баланы эстейм, балдарынын алдына аман-эсен жетти бекен, анын убал-сообу кимге?!.

– Ого көп кейибең. Ким болсо да пешенесине жазганды көрөт.. Насиби түгөнбөсө о бала дагы сизге окшоп балдарынын кашында ысык чайын ичип отургандыр…

– Ылайым эле, ошондой болсун бечара! – деп тагам колдорун жайып дуба кылып ийди. Эми Бегиш тагам жүк ташыган машинасы менен Бишкекке каттайбы-жокпу, ага акылым жетпей турду. Бирок Төө-Ашуу окуясын оозунан түшүрбөй, о, кыйла жыл айтып жүрөрүн бөркүмдөй көрөм…