
Уулу апасын көргөнү келди. Алыс жерде сагыныч да тургузчудай эмес. Институтту бүткөндөн шаарда иштейт, айылга аз каттайт. Айылдын жазын көрсөм деп дегдеген менен быйыл да чолосу тийген жок. Эски сүрөттөй качаңкы көргөн байчечекейин эмдигиче эстейт…
Кийинки күндөрү апасынан кат сейрек тартты. Келсе да, кызынын же күйөө баласынын эмес, бөтөн бирөөнүн колу менен жазылат. Кырмызы сыя менен жазган неме кат аягына «Бүажар апаңыздан» деп кичүүлүк ызаат билдирип койгонучу… «Көрүнгөнгө жаздырып, сөзү батпай баратса да, кызы менен күйөө баласын күтө турбайбы…»— деп, ортодо апасы экөөнүн сөзүн тыңшаган немеге Абжалинин кызганычы артат.
«Абжали, көзүңчө сүйлөшө турган кеп бар, чолоң тийсе, бир келип кет» деген апасынын каттагы өтүнүчүнөн чочуп калган. Апасы оорукчан. Басса-турса «кеселдин баары башымда» дечү. Көп кыймылдаса, ашык кыймылы үчүн шакыйнасы төшөккө жыгып, апталап тургузбай эсин эки кылчу.
Катты алгандан кийин Абжалинин күнү өтпөй, колунан иши түштү. Көп узабай жетекчисине кирип, эки күнгө уруксат алды да, айылына жөнөдү.
* * *
Апасы арык боюнда чайнек жууп олтурганбы, Абжалини тосуп, үч көчө ылдый жүгүрдү. Жетти да, кичинекей башын уулунун көкүрөгүнө жөлөп, өзүнө-өзү ээ боло албай эмшеңдейт. Жоолугунун алдынан чыккан ак чачтар баласына бейтааныш. Тандырдын чогунан ар жери оюлган үстүндөгү фуфайканы тааныды. Нандын, айрандын жыты урат. Студент кезинде курулушта иштеп, өзү сатып берген. Жүзү керсары. Бешенесин бырыш тордоп, муңайшым көздөрүндө сагынычтын жашы мелт-калт…
Апасы чемоданга эңкейди. Абжали озунуп, өзү көтөрдү. Катар баскан эне уулунун үстү-башына астыртан көз чаптырат.
— Мынча арыксың, тиктегениң эле кагаз экен…— Абжали кара күчкө күлүп, апасын чыканактан жөлөп басат.
— Жөнөткөн каттарым жетип аттыбы?— Абжали апасынын суроосуна мүдүрүлдү. Айылга жооп кат келчү эмес.
— Алып аттым. Кептин чындыгы, жооп жазганга чоло тийбейт. Шаар жери, аякка-быякка жүгүрүп, өз ишиңди эстеш кайда. Ээ, шаарда жашап көрбөгөндөн кийин…— Уулу баш чайкап койду.— О катты катырып жазган ким апа?
— Закир акеңдин уулу.
— Закир деген ким эле?— Абжали токтой калды.
— Илгери коңшу турчу элек. Сен эсиңе кирелек чагыңда көчүп кетишкен. «Жашчылыктын аркасы менен жерден-жер тандап, көп жерде жүрдүк. Балдар чоңойду. Урук-тууган бар экен. Алар менен катташтык да керек экен» деп өткөн күздө көчүп келип, эски турагын оңдоп кирип алды. Учурашканы кирип кой.
Жолдон оропара чыккандар сүйлөшүп алгандай түзүк учураша электе «качан кетиш, канча күн турасың?» деп сурашканы катуу тийди. Анысына да, мунусуна да «келатышым ушу, учуру келгенде кетермин…» деп энтеңдейт. «Эртең кетем» дегенге оозу барбады.
Апасы көчөнүн башындагы төрт канат кызыл кирпич үйгө кол жаңсады.
— Алибай досуңдуку. Былтыр урунду эле, бүтүп койду. Билбей да калдык. Өзү койдо жүрөт.
— Келип-кеткенде кирип учурашабы?
— Ким көрөт дейсиң аны. Жапалак үкүчө түнү келип, кем-карчын алса, түнү кетет. Тамды келиштирип салып койду, качан болсо койду өткөрүп, беймарал жашай берет. Көзүң күйөт…
Үйдүн тегерегин чүмкөгөн чытырман камгак, коко тикен, шорону көрүп, Абжалинин суктануусу сууй түштү. Айылга келген мейманды ээрчиткенсип, апасы божурайт.
— Үстү жабылбай турган бу үй — Кутпидиндики. Сенден эки жаш кичүү эле, эми азамат чыкты. Армиядан келди, пасылке алды. Ошо жактан устачылыкты үйрөнгөн экен, эч кимдин көзүн караган жок. Дубалын өзү көтөрдү. Үйлөнөт экен деп бири айтат. Ага кыз деген чекеден чыгат.
— Эмне иш кылат азыр?
— Устачылыкта. Өзү теңдүү беш-он балага бригат экен. Оропара чыкса, сурашып жан-алы калбайт. «Абжали достон кабар барбы? Шаардык болуп кетти. Үйлөнгөнүн укканбыз. Үй-жайды да саздагандыр» деп калат. Ичинде кири жок, ачык-айрым неме.
Уулу үшкүрүп койду. Айылдаштарынын бирөө-жарымы бетме-бет чыгып, кетер-кетпесин даректеп, мазесин алчуудай үйгө шашты.
Күн уясына отура электе балдарын жетелеген карындашы ишинен келди. Агасы менен күтпөгөндөй салкын учурашты. Кечки тамакка чейин биринен-бири өтүп, каалга жакты карай берип, жакшы да сураша алган жок. Күйөө бала кечикти.
Ал эл жатарда келди. Кайнагасынын келгенин уктубу, ал жаткан үйгө баш бакты. Мунусу Абжалиге жаккан жок. Козголбоду. Күйөө бала анын ойгоо, же ойгоо эмесин билмекке босогодо кыйла турду. Бышылдап, оор дем алат. Бут алдынан тактай кычырады. Анын ичерин Абжали мурда билчү эмес. Төртүнчү жылга кетти, экөөнүн сыр багып, чечилишкен күнү боло элек. Анын кичи пейил жүрүм-турумун, ой билги мамилесин карындашынан угуп, кийин өзү да аздыр-көптүр байкаган. Бирок бүгүнкүдөй абалын күткөн эмес. Бир кезде көңүлү жакын тели-теңтуштарына «күйөө баладан жолдуу экемин» деп да айтканы эсинде.
Күйөө баласы дагы эле тиктеп турду. Мурду учунда бир нерсе айтканын кайнагасы укту.
— Үсөнсүңбү?!— Абжали уйкусуроо бүшүркөмүш болду.
— Биз эле, чочубаңыз. Ууру-пуру дедиңиз окшойт, — деп тиги калпагын оңдоп, күлгөн болду.
— Качан келдиңиз? Келгениңизди жан билбейт. Кеткениңизди да…
— Саар чыккамын. Бешимден бери үйдөмүн. Самолёт эле учуп турса, бу жол бизге эмне болуп калыптыр.
Үсөн боюн токтото албай жатып, жан чөнтөгүн сыйпалайт. «Тамеки тартканды үйрөнгөн экен. Ичкенин да бүгүн көрүшүм. Же бирөөнүкүндө болдубу… Анда, Азиза эмне үйдө отурат? Мына сага, жоош деп жүрсө «жооштон жоон чыгат» деген ушубу…»
— Турбайсызбы, сүйлөшөлү! — Күйөө баланын корс үнүнөн Абжалинин жонунан жөргөмүш жүгүрүп өткөндөй болду.
— Эл жатты. Кеч болуп калды го. Эртең да күн бар, таң атса шашпай…
— Айылда эрте-кеч деген болбойт. Бир түн, жарым түн уктабай да коё беребиз. Бу жерди айыл дейт… Же бизди мас деп турасызбы? — Үсөн тамеки сууруганда, Абжали туруп, кийинди. Кирсе алып кетеби деп карындашын күткөн. Ал көрүнбөдү. Жеме-жука кеп айтып, күйөө баласына болгон ызаатын ылдыйлаткан жок.
— Ремонттомун. Керели-кечке муздак темир менен алышып, сызда оонайбыз. Бүгүн бирөөнүн бузук «Москвичин» карап бердик. Техника деген техника да. Бир бурамасын билбей, рулга балчая олтургандар жок дейсизби. Жокпу? Ачык айтыңызчы, жокпу?
Абжали сөзгө тартылбай, тек гана ийинин куушурат. Ага теңелгиси келбей, өзүн башка ойго алаксытымыш болот.
— Чоң шаардан келип отурасыз, өзүңүз калыс болуңузчу. Аякта кандай экен, билбеймин. Биздин айылда алат десе эле, пулдун көзүнө карабай чоңунан-кичинесине чейин машина минип, зуулдатып жүрүшөт. Чоң жолго чыгып кетишкеничи. Ат тезегин кургатпай базарга катташат. Мурда айлап тоодон түшпөгөн малчы-чабан достор менен эми күн алыс учурашып турабыз. Окуйбуз дешет, ага малдан чолосу тиеби. Машинанын шорун балдары берсин. Бир, эки айда айдай машинасын гаражга сүйрөтүп келет. Келет да, эмне дейт дейсизби. «Машинаң түшкүр «кыңкыстап» калыптыр, тилин билесиңер, көрүп бергиле. Кечки оокатыңардан кам жебегиле» десе, темир чеңгелдеген мынабы колдор карап турабы. Кемпир шабдаалы жегиче оңдой салып, кечкурун минтип, дене-бойду жибитип алабыз. Айып этпеңиз…
Алдынан кыя өтпөгөн күйөө баласынын тили буудай кууруп, аз эле мезгилдин ичинде айдай адебинен тайып, аракка боюн алдырганына ичи ачышты.
— Совхоздун гаражына менчик машинени киргизбейт болуш керек… — Абжали айла жоктон кеп кошот.
— Эбин тапса баары болот, аке. Үйгө да сүйрөтүп келип жүрүшөт. Чыкпай жатып алсаң, эшигиңди жыртып, «ака-ука» деп атса, өз ишиңе кол шилтеп ийесиң. Мээнетти жерге таштабайт… — Үсөн тамеки тутантып, ширенкенин күйгөн талын босого тарапка чертти. Оозу-мурдунан түтүн сызылат.
— Айлыгыңар жетпейби? Азиза иштейт. Апамдын пенсиясы турат. Мал кармап, тоок багасыңар. Ошо да аздык кылабы?..
— Бергенди албагандай менин башым экөө бекен, кызык сүйлөйт экенсиз. — Үсөн ичинде күйүп аткан жерин түтүн менен басчудан бетер тамекини жаагы шимирилгиче сорот. — Ушунча болуп, сунган колду суута элекмин. Айыл деген — шаар эмес. Бу жерде көмүр керек, малга жем-чөп керек. Ошонун баары пул.
— Жем-чөптү жылда совхоздон алып жүрбөйсүңөрбү, көмүрдү да.
— Совхоз дейт, совхозуңуз кайсы бирине жеткизет. Кезек күтүп жүргөнчө кыш да чыгат. Андай иштерге мынабы баш анделектей бышты го. Көмүр алыш оңой бекен. Чарбанын иши деп жүгүрүп, кыш келгенин билбей да калабыз. Кар түшкөндө даяр көмүрүн бирөө бере коёбу. Көмүр саткан чайкоочулардын күнү тууйт. Бер дегенин карматабыз. Көзүң чачыраганда баасын ашырып саткан кызыл кулакты да таппай каласың…
Абжали маңдайындагы жүдөмүш күйөө баласын бейтааныштай көрүп, баятан берки жоругуна кайдигер олтурганын сезгенде өзүнө таң калды.
Үсөн бармактайынан ата-энесинен ажырап, мектеп-интернатта чоңойду. Кийин бой тартып, онунчуну бүткөндө шофёрдук курсту бүтүп, айылдагы тагасыныкында жашап иштеп жүргөндө Азизага жолугат. Бышкан жемиш сабагында турабы. Эки жаштын ою бир жерден чыгат. Тойдон кийин: «Агам шаарда. Айылга келер-келбесин айта элек… Апам жалгыз бой. Карып калды. Таянар тоосу мен. Убактылуу болсо да, апам менен бирге туралы. Ага чейин пасылке бөлдүрүп, тамыбыздын каражатын аз-аздан топтой беребиз» деген келинчегинин сөзүнө Үсөн жок дебейт. Мезгил — канаты талбаган куш го… Ошондон бери төрт жыл өтүптүр. Эки наристе төрөлдү. Үсөн:
— Келгениңиз жакшы болду. Апаңызды Пурунзеге алып кетпесеңиз болбойт, — дегенде Абжали таяк менен төбөгө жегендей шалдайды, бирок ал өзүн ачууга жеңдирген жок. Кулагына каттагы апасынын сөзү жаңырды.
— Ии, үйүңөрдөн жылан чыктыбы?.. Же апам менен батышпай калдыңарбы? Ошончолук кыйнап жиберген болсо, ачык айт.
Үсөн тамеки күйгүздү. Сөздү улантсамбы же жокпу деген арсар оюн кебетесинен билген Абжали аны күтпөй кеп жаңыртты.
— Алып кет дегенин… Талаада калган апа жок бу заманда, билип кой. Тойгон экенсиңер энеге. Эки бөлмө тамым бар. Кудая шүгүр, аялым экөөбүз тең айлыкчыбыз. Кеп-кенен жетет. Чекесине черттирбей багып алам,— туталанган Абжали келинчеги экөө канча айлык аларын да айтып жибере жаздап, кайра «көп тереңдеп кетпейинчи» деп өзүн-өзү токтотту. Кантсе да күйөө баласы да. Душманындай көрүп, сөзгө жыккысы келбеди.
— Ырас кыласыз, ала кеткениңиз оң. Бу киши менен жашай алгыдай эмеспиз, — десе болобу кайра күйөө бала. Кызарып-татарып да койбойт. Бир үйдүн орозгери менин мойнумда дегенсип өзүн салабаттуу кармайт.
— Бирдеме болсо эле уулума кетем деген адат тапты. Же кекетип-мокотконун билбейсиң. Адеп эле сиздин атыңызды атап, «уулум андай эле, мындай эле» дейт. Бизге окшогон карамай, шопурлар ага уул болуп бере албайт экенбиз…— Үсөн кайнагасына капталын салды. Тамекисинин түтүнүнөбү, көздөрү каканактайт. Анын апасы менен оту күйүшпөй калганын бүгүн сезип, Абжалинин жүрөгү мыкчылды. «Сабырдын түбү сары алтын» дедиби, катуу сөзгө шашкан жок. «Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр».
— Үсөн, апам калаага барса, төрдөн түшүрбөй сыйлап алганга кудурет жетет. Жүрөктү өйүгөн жалгыз нерсе болбосо… Бүт өмүрүн айылда өткөргөн кары шаарга көнөр бекен. Кеп ошондо. Тумчугат ко. Ал жерге көнүш үчүн кеминде эле үч-төрт жыл жашаш керек.
— Ээ, кызык экенсиз, көнбөй каякка барат. Көнөт эле.. Сага бир кеп айтсам таарынбайсыңбы? — Үсөн кызуулуктанбы, кайнагасын илгерки сырдашындай көрүп, «сен» дегенге өттү.
— Таарынчу кеп ортобузда калган жок. Сөзүң болсо, айта бер.
— Кептин ачыгы, энебиз карыганда болбой калды… Жамандагандай болбоюн, айтканын бербейт. Андай кылсаң да, мындай кылсаң да жакпайсың. Жок жерден жаңжал чыгарганга уста. Үйдөн ынтымак кетти. Өзүнүн курсагынан чыккан кызы менен мунасасы келишпегенден кийин…
— Жаман-жакшы айтышса, өзүнүн кызы, жат эмес.. Карыганда киши абат болот беле.
— Жок, угуп тур, казан-аякка киришкеничи. Ичине таруу айланса өлөйүн. Бир жолу «казан аспаган күнүңөр болбойт экен го. Бир күн ысык оокатсыз жатсаңар, кысыр каласыңарбы!» десе болобу. Үйдө киши бар эле. Жердин катуулугунан эле калдым. «Сиз даяр ашты ичишиңизди билиңиз, калганын табыш-коюш о биздин милдет» деп катуу таарындым. Айтса-айтпаса, адамдын жаны чыгат…
— Эреркейт го. Силерге айтпаса, кимге айтат… Жашы кайтканда адам жалгызсырайт дешет,— Абжали үшкүрүп койду. Апасынын муңайымдуу жүзү көз алдына келди… Күйөө баланын токтоор түрү жок. Жөн эле чамгарактайт…
— Ошону билбейт экен да. Карыганда бергенди жеп, төрдөн түшпөй, ошого шүгүрчүлүк келтиреби десең… Мурда түзүк эле. Тынчу эмес. Азыр жамбашы талыганча жатат. Уйкудан көзү ачылбайт. Тиричилик менен грамм иши жок. Өзүбүз тарбалаңдап жасасак, «аны мындай кылсаңар болот эле» деп өзүбүздү кайра айыпка жыгат. Эс үйрөткөнү жаныңдан тойгузуп ийет ко…— Жер муштаган күйөө баласынан аза бою дүркүрөгөн Абжали өзүнөн-өзү түйүлгөн муштумдарын артына жашырды.
— Киришсе — эне экен. Жаманбы, жакшыбы бир үйдүн туткасы. Эненин караанына зар болгон адамдарды да көрүп жүрөбүз, Үсөн. Жылдар акылын уурдап, болор-болбоско таарынып, бала кыял болуп калышат турбайбы, жарыктыктар.
— Шаарга кеткениңерге кыйла жыл болду. Апабыз жөнүндө эмнени билесиң, — Үсөндүн боюнан ичкиликтин уусу качып, эс-акылын токтоткондой.— Эки-үч күнгө көз көрсөткөнү келип, «сиз», «биз» деп каймактап сүйлөп, сый менен кете бересиң. Энебиздин элден башкача экенин бир айча бирге жашасаң билет элең. Элдин энелерине көзүң күйөт. Азиза экөөбүз өзүбүзчө калып, кеп кылабыз. Токуштун энесин кара, кыйраңдап зорго басат. Көрсөң, жээрин жеп, ичерин ичип койгон кемпир дейсиң. А сүйлөгөнүчү, илебине нан бышат. Кылган ишин көрсөң эми келинге бергис жан го. Неберелерине үзүлүп түшүп, кир-когуна чейин чайкап коёт деп Азиза өзү айтып жүрөт. Эшик-айванын күзгүдөй кармап, уул-келини келгенче чайын демдеп, небересин көтөрүп, утурлап чыкканын көрсөң, аны ээги түшкөн кемпир деп айткандан уяласың. Ана, карынын асылзаадалыгы. Биздин эненин ысык эле жаны бар…
«Бармактайынан сагыр өскөн неме эне кадырына жетпейт окшойт. Он ай онтоп көтөрбөсө да, тутунган уулундай энелик мээримине бөлөгөн сазайына уккан сөзү ушу болсо, апам карыбаганда ким карыйт. А тагдырың ташка тийгир… Мейли, ич күптүсүн айта түшсүн, жеңилденип калар. Айыбын жашырган алыс узабайт…» Абжалинин көңүлү бир жерге токтобой, кантсе да күйөө баласын сооротуунун амалын көздөйт.
— Үсөн, эсиң менен болчу. Апабыздын бүжүрөп өмүр сүрүп, билинбей көз жумушун каалайсыңбы. Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт. Мынча эле а кишини көрмөйүл кыласың. — Кокустан эле Абжалинин үнү каргылдана түшүп, апасынан өзү уялып кетти.— Же чай кайнатып ичүү колуңардан келбей калдыбы. Талаада жүрүп билбейсиң деп мени дагы кекетип коёсуң. Билем, үй орозгерин терметкен ошо апабыз. Эки уй, беш он жандык — мал эмеспи. Аны көздөгөн ким?! Апам. Өзү аксап жүрөт. Пенсияга чыкканча, суу кечип, жер сугарып, совхоздун талаасынан кетпеди. Эңкейсе бел сөөгү какшап, кан басымы көтөрүлүп жүргөнүн жашырып айтпайт. Дагы чыйрак экен. Башка болсо…
— Башкалар ал күндү көрбөптүрбү? — Үсөн кайнагасына чакчайды. Тамеки кармаган колу калтырайт. Бөлтөк мурду, сол көзүнүн үстүндөгү жөргөмүштөй калы жүзүн куник көрсөтөт. — А курактуу суу сугаргандар, мал баккандар жок дейсиңби? Айдай эле жүрүшөт. Апаңдын танабын талашпай эле кой. Үч кем жетимишке келди. Жашарын куп эле жашады. Тойбойт экен, дагы эле аягыбызга чалынып, ишибизге киришкени киришкен.
«Апамдан көңүлү калган экен. Болор иш болуптур. Көп жаакташкан менен майнап чыкпайт. Жаманбы-жакшыбы, Азиза экөөнүн оокаты түзүк болсо болду. Апамды түрткүндү кылбай ала кетейин. Азиза да каршы чыкпас. Абжали унчукпай ойго тунжурайт.
Ошол кезде кире бериш бөлмөдө, какшаган тизесин бекем кучактаган эне Абжали менен күйөө баласынын сөзүн тыңшап олтурган. Үсөн сүйлөсө, денесин тикен сайгандай калчылдайт. Айласы куруп, мукураганда кемзелинин топчуларын кармалап, тишин-тишке басат. Көздөрү терезенин ары жагындагы коюу түнгө тепчилет. Кез-кез өзүнө ээ боло албай, үн чыгарбай эмшиңдейт. Төркү үйдөгү сөз түгөнгөндө ичкери кирди. Абжали ордунан тура калды.
— Өйдө өтүңүз, алигиче жата элексизби?
Эне төргө өтпөй, жер таянган Үсөндүн жанына токтоду. Кийиз четине тамекисинин күлүн черткен ал кайненесине баш көтөрбөй мелтирейт.
— Ичиңде жүргөндү түгөл айттыңбы. Калбасын, кактап айт. Сени мынчалык деп ойлогон эмесмин, Үсөн. Сага сүйлөгөн, сени куттуу үйүмө киргизген — мен акмак. Жанымдан тойгуздуң сен!..— Бүажар апа дарманы жок денесин артындагы жүккө сүйөп, ылдый жылмышты. Абжали жетип кармап калбаса башы идиш-аяк турган текчеге тиймек.
— Сак кулагың уккан экен, кургур. Жамандаган жокмун, мына уулуң турат, өзү айтсын.
Абжали күйөө баласын какты.
— Көп дөөпөрөстөнбө! Уятың жок экен. Мени сыйлабасаң, карыган апамды сыйлабайсыңбы. Ызатты билбеген… Азыр жакаңдан бурдап, үйдөн сүйрөп чыгам. Адиңден куп ашкан экенсиң. Көзүмчө ушунча кептерди айтасың, көзүм жокто…
Бүажар апа уулуна эреркедиби, жүк түбүндө өпкө-өпкөсүнө батпай солкулдайт.
— Ушу сөздөрдү укпай өлсөм кана, ушундан көрө дүлөй болуп калсамчы. Кыздан көрө уул айтсаң, эч кимге мынчалык түрткүндү болбос элем, жараткан…
— Ушу да, грамм сөз айттыра койбойт. Үндөбөйм. Тилиме тибиртке чыксын, үндөбөйм. Үндөбөсөң, үйдөй балаадан кутуласың.
Эне кыргыйдай боюн түзөп, көкүрөгүндөгү көп сөздүн иретин таап алгандай айбаттуу үн катты.
— Жыгачтын жумшагын курт жейт. Үн дебей жүрүп, ушерге келдим. Насип экен, төрт жыл бирге жашадык. Мышыгыңды «пыш» дей элекпиз. Кудайдын куттуу күнү ичип келесиң, алдап-соолап жаткырабыз. Уктагыча оолугуп, мээбизди чагып, колубузга бересиң. Сырыбызды алып бүттүң. Акырында кулагыбызды жапырып, чыга качып кутулчу болдук. Бир күнү жатарда келди. Көңгө оонаганбы, үстү-башы боз ала. Бутунда тура албайт. Сүйлөгөнүн карасаң. Мындай дейт. Бечара Азиза эмне десе, үндөбөй кулак салып турат. «Кудай мага кайненеден айтпаптыр. Бир ууртам арак ичсем, ошону да көрө албайт. Төбөмдү тебелеп, түнү менен каргап чыгат. Акыркы күндөрү түшүмө кирчү болду, азыткы. «Сениби шашпа!» деп кезенет. Колумда кармап турган бир шише арагымды да алып коёт имиш, ырыскымды ыраа көрбөй тартып алат экен. Апаңдын ач көздүгүн карачы, жараткан мага кайненеден айтпаптыр» деп улуп-уңшуса төбө чачың тик турат. Ошондон кийин ичсе да ишим жок. Көзүнө көрүңгүм келбейт. Азыркы сага айткан кийиз китебинен чыгаргандарын эшитип, чыдай албадым. Сөз аңдыган деп, апаңды жаман көрбө, балам. Жаңы эле жаздыкка баш койгонумда Азиза келиптир: «Баягы дагы кызуу. Кой десем ынабай акемдин үстүнө кирди. Дагы бир чатак баштаганы турат. Ошондой барып туруңузчу» дегенинен кире бериште отургамын. Сени атайын чакыртканым ушу, уулум. Күйөө балабыздын акыбетин көрдүң. Кеч боло электе ойлонсун. Чырактай аялы, эгиз козудай балдары турат. Эгер ичкенин койбосо, ит айтпаган сөзүн айта берсе, бир күнү бар деп башым ооган жакка кете берем. Бирөөнүн малын же баласын баксам да оокатым өтөр…
— Коркута бербеңиз, кетиш-коюш өзүңүздүн ишиңиз. Көп болду айылчылай элексиз, тага-жээндериңиздикин бир сыйра кыдырып келсеңиз, бугуңуз кыйла чыга түшөт эле.
— Үнүң өч, үнүң өчкүр ылайым, арак ичпей, балаа ичпейсиңби. Кебин кара, уу эле, соо адам таба албайт бу сөздөрдү. Арак акылыңды алып бүттү, ошо ачуу суу акыры-түбү эмне кылар экен…— Эне мукактанды. Титиреген денеси кичинекей башын да чайпап жатты.
— Апа, жүрүңүз, бу кеп жебеген немеге теңелбейли, таң атсын сүйлөшөбүз, — деп Абжали сабырдуулук менен апасын чыканагынан жөлөп, сырткы бөлмөгө алып чыгып кетти. Жаакташкан неме жакалашкандан кайра тартпасын билип калган.
— Сазданыңыз, апа, шаарга кетебиз. Жашап эле жүрүшөт, көнүп кетесиз. Ушунча түрткүндү болгонуңуз да жетишет…— Абжалинин ызадан сызылган көз жашы карегинен ашып, көз ирмем менен ылдый кулады.
Үсөн ордунан турары менен кире бериште илинген костюмуна жетип, чөнтөгүнө кол салды. Чала уйку көздөрү чанагына кирип, чачтары уйпаланып, ырай-бешенесин көргөн адам корко турган. Кечээгиден калган пулга Азизанын колу жетпептир. Уучундагы сары чакаларды санап жатканда эриндери кыбырап, жамажайынан шилекейи чууруп кетти. Текчеде көмкөрүлгөн пиаланын алдынан калтыраган колу бир нерсе алып, шымынын чөнтөгүнө жымырды. Башын тең жарып, зыңылдаткан оорудан эптеп кутулуунун амалын таппайт. Бети-колун чайкабай, түндөгү калган тамактан ач күсөндөнө сугунуп, артынан тик туруп муздак чай жутту. Ошол маалда эшиктен уулун аркасына көтөрүп Азиза кирди.
— Ии, түндөгү кылыгыңды кыл жип менен бууп, куйругуңду түйөйүн деген экенсиң да. Алыстан агам келсе, ага ит айтпаган сөздү айттың, апамды болсо өз үйүнөн кетиргиң бар.
Үсөндүн абалына мышык ыйлайт. Үлдүрөп, момун. Оозуна кеп илинсечи.
— Азиза, кечээ ашыкча ичип, айбан болупмун. Анча- мынча тилим тийсе кечирип коюшсун. Эч нерсе билбейм.
— Акеме атырылып, «ырас келдиң, апаңды ошо турган жагыңа алып кет» дегениң эсиңдеби?!
— Ошенттимби, кантип оозум барат ага… Өлөйүн, грамм эсимде жок.
— Карганба, Үсөн! Кичинелигиң калган жок. Эки баланын атасы болдуң…
— Ичсем көтөрө албайм, кимге эмне айтканымды билбейм.
— Ич деп бирөө зордуктап, оозуңа куйдубу?
— Шерменде болупмун, кантип жүздөрүн тиктейм, ишке кеттим,— Үсөн костюмунун жеңин кийип-кийбей өз үйүнөн качып чыкты.
Абжалинин алып кетем дегенине апасы ынабады.
— Болуп жүргөн жаңжал, бир эле жолу эмес. Сен бир чекесин көрдүң. Күйөө балабыз ичкиликке жакын чыкты. Кеткин деп калыптыр, өзүң уктуң го. Кетем эле, уяты болсо түшүнөр. Макиш тагамкында бир-эки ай жүрүп келем. Эчкинин жашындай жашым калды, тынчыраак жашап өлөйүн… Келгениң жакшы болду, балам, көрдүң, уктуң…— дегенде дасторкон четинде баласын эмизип, ойго термелген карындашы чыдабады.
— Сиз менен кошо кетем. Чыдап, чыдап жүрүп, ушу күнгө келдим. Даярга тап неме, өзү оокатын кылып көрсүн. Эшик-төрү барабар болуп калганда, садагама окшоп, кадырыбызды ошондо билер…— деп ыйлап жиберди.
Абжали ошо күнү эле апасы менен карындашын Төлөйкөндө жашаган тагасыныкына жеткирип, өзү андан ары Фрунзеге учуп кетти.
* * *
Бир ай өттү.
Ал Үсөн үчүн бир жылга татыды.
Ар бир күндү жалгыздык, кусалык, сагыныч менен алышып өткөрдү. Аны мынчалык өзгөрөт деп ким ойлоптур. Ичимдикти көрөйүн деген көзү жок. Арак андан мээрими тунук кайненесин, мончоктой өмүрлүк жарын кетирип, куттуу үйүнө кара кулпу илди.
Ошо үйүнө кара кулпу илинген күнү да (чатактын эртеси) кызымтал эле. «Өзүңүздү эле ойлобой, балдарыңызды да эстей жүрсөңүз, Үсөн аке» деп дүкөнчү кыз атайын эле тийишип, арактан ашкан кайтарымга оюнчук маймылды узаткан. Үйүнө жетер-жеткиче көйнөк-шым кийген ыраңы суук маймылга күлүп келди. Келсе, үйү жабык. Кара кулпу эшикке жармашкан чаяндай көзүнө бир суук учурады. «Кайнагам болуп, туугандардыкына учурашканы чыгышкандыр»,— деп кам жеген эмес. Түнү бою көз ирмебей чыкты.
Эртеси күнү кечкурун гана «калаага кетишкени чын экен» деп ишенип калды, ыза ичин куйкалады.
Арактын айынан үйдөгүлөр менен араздаштым деп бирөөгө айтат беле. «Шаарды тамаша кылабыз деп кетишкен, эртең-бүрсүгүндөн келип калышаар…» — дейт бирөө-жарым сурап калса. Ага өзү да ишенип жүрдү. «Эртең келип калышсачы» деген үмүт күн сайын үй ичин тукумдай шыпыртып-сыйрытат. Күн сайын өзүн жолугушууга даярдап жүрдү. Жатарда балдарынын кийим-кечесинен жаздыгына кошо жаздайт. Бала жыты көзүнө жаш тебет. Кызымтал болуп келчүдө келинчегинин колунда талпынган кенжесин колуна бир алып койбогонун эстесе, «чала болот, бу дагы аздык кылат» деп өзүн-өзү табалайт.
* * *
Күндөр өтөт…
Эртең Сыртка жөнөшөт. Жатып-туруп чөп чабышат. Бир аптагабы, бир айгабы, белгисиз. Канар капка пахталуу тону менен төшөгүн салып, оозун бууп койду да, кечке эле карбаластап басар жагын билбей жүрдү. “Кокус келип калышса, мени жоктошсо… Коңшу-колоң бар, болгонду төкпөй-чачпай айтып беришер…»
Эртеси «кокус келип калышса, таппай калып жүрүшпөсүн» деп, ачкычты кулпуга сайган боюнча калтырып кетти…