Аңгеме
— Ур!
— Сок!
— Өлбө!
— Атаңа балли!
Волейбол талаасын курчай отурган күйөрмандар Маликке топ тийген сайын кыйкырык-сүрөөн менен аны кубаттап, каршылаштары тобун ала албай калса дүркүрөтө кол чабышат. Ал ансайын шыңга бойлуу Малик алдыңкы сапка өтөрү менен ага пас берүүнүн сырларын жетик үйрөнгөн Эр Агышка көзүн кысып, же “бийик”, же “кыска” деп ым берет, анысы болсо өздөрү жакка өткөн экинчи топту мышыктай илип алып, Малик айткан ченемге “токтотуп берет”, Малик болсо күрөктөй алаканы менен топту жарып ийе тургандай чаап калат, анан эле же биринчи линия, же атаандаштарынан алакан тосмолоруна тийип, талаадан ары кетет. Мында да жеңиш алардыкы, себеби топ тигилердин колуна тийип кетип атпайбы. Кыраакы атаандаштар кээде Маликке үчөө бирдей чыгып, сеткадан колдорун ашырып тосмо коёт, мындайда Малик алардан да бийикке көтөрүлүп, акырын бош турган жакка топту түртүп түшүрүп коёт. Дагы кол чабуулар, дагы сүрөөндөр…
Анан эмей. Бул деген облустун биринчилиги. Акыркы – чечүүчү оюн. Кимиси утса облустун чемпиону болуп, андан республикага барат, а республикада булардын облусу эчен жылдан бери алмашкыс чемпион.
Малик мындай чоң оюнга биринчи катышып атат. Анын районунун да финалга биринчи чыгышы. Бул болсо сөз жок Маликтин үлүшү.
Оюнду карап отургандардын ичинде облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник Адыл Шерматов да бар эле. Ал да эски оюнчу. Кезегинде дал ушул Маликке окшоп узун бойлуу, салаалары чоң, күчкө толгон жигит эле. Дене тарбия институтун жаңы бүтүп, айылда жаш милиционер болуп жүргөн. Сүрөөнчүлөр кол чаап, эчен-эчен мелдештерде кубокторду жеңип алгандардын башкы чабуулчусу эле. Кийин кылмыш иликтөө бөлүмүнө өтүп, күн-түндөп үй бетин көрбөй оюндан оолактап кетти. Анан райондук милициянын начальник орун басары, начальниги болуп, ийнине жылдыз кошулган сайын курсакка салмак кошулуп, топ куубай, мансап кууп калды…
Дал ушул Адыл Шерматов жанындагы кадрлар боюнча орун басары Турганбекке акырын шыбырады:
— Маликти милицияга кызматка алалы. Болгондо да мугалим дешет, өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө, дароо эле ага лейтенант кылып! Бүгүн эле сүйлөшкүлө!
— Ур!
— Сок!
— Өлбө!
— Атаңа балли!
Дагы эле Малик. Элдин көзү Маликте. Адыл Шерматов менен Турганбектин көзү да Маликте. Акыры Малик буларга ишке келсе, милициялардын арасындагы ар кандай мелдештерде булардын ички иштер бөлүмү биринчиликти бербейт, а түгүл министрликтин аппаратынын да таш-талканын чыгарат. Эгер кудай буйруп Адыл Шерматович болуп ал жакка көтөрүлүп кетсе, Турганбек менен ушул Маликти алып кетпей жаны жокпу?
* * *
Облус чемпиону болгондон да Малик үчүн милицияга ишке алуу тууралуу сунуш аябай ыраазы кылды. Бүткүл бала күндөн ой-максаты ошондо эмес беле. Бир жолу аракет кылып да көргөн. Коммунист болбосоң, албайт деп коюшкан. Анан партияга өтөм деп чамынып да көрдү. Негедир документтерин кайтарып беришти. Эгер милиция болуп кызыл шапке кийип калса эң биринчи кошунасы Исраил багбанга көрсөтмөк. Булар бала кезден эки терекке сетка тартып алып волейбол ойноочу талаасын тартып алып, буларды көчүккө тээп айдап чыгып, ал жерге алма көчөттөрүн эгип таштады. Эми кызыл шапке кийип барса, өзү эле ал жерди бошотуп берет…
Малик иштеген мектеп да анын милиционер болушуна кам көрдү. Документтерин даярдашты. Директор мүнөздөмөсүн катыра жазды. Кокус милиция болуп кетсе, ага да кереги тийет да. Бир гана капаланган Эр Агыш. Кайда болсо Донкихот менен Санчо-панчодой ээрчишип жүргөн эки эгиз бирисиз бири жашайт албайт. Адегенде мен да кетем деп бир оолугуп алды. Мектептеги теңтуш мугалимдери сызгыч алып келип “боюңду өлчө, анан дердеңде” деп күйбөгөн жерин күл кылышты. Маликтин Малик болушунда ушул Эр Агыштын үлүшү чоң. Өз аты балким башкадыр, күрөшкө түшөт, мамаадани, андыктан да “Кичинекей Эр Агыш, бүткөн бою тарамыш” деп отурушуп, “Эр Агыш” гана аты калды. Маликти бир ушул түшүнөт. Малик да “Эр Агыш, топту көтөрүп төбөңө токтотуп кой, мен жетип алам” деп калат. Чын эле Эр Агыштын көтөрүп берген тобу Маликтин алаканы жетип келгенче токтоп тургансыйт.
Сабактан кийин мугалимдердин алтоон бир жакка коюп, Малик менен Эр Агыш бир жак болуп ойношот. Экөө алтоону суй жыгып, пулдарын утуп алат. Анан дагы башка алтоо. Кокус Эр Агыш келбей калса, же ооруп турса, андале ар деменин башын бир айтып Малик ойнобойт.
Ойносо да Малик болбой калат…
* * *
Малик тигилер айткан күнү документтерин тапшырып келди. Орун басар Турганбек өз колу менен алып калды. Дагы эки кошунадан оң пикир алып кел деди. Анысын да алып барып берди. Иш үчүн мындайдын жүзүн алып барып бербейби…
Ана кетем-мына кетем менен сабактарын да өткүсү келбей, жамаат менен кайыр кош кылып да жиберди.
Бир ай өттү. Эки ай өттү. Акыры чыдабай барды. Турганбек документтерин колуна карматты. “Болбой калды” деп үнүн жай чыгарды…
* * *
Үйүнө документтерин көтөрүп келген Малик делосун түз эле кире бериштен төрдү көздөй ыргытты. Төрдө атасынын сүрөтү. Каза болгондон бери ушул жерде илинип турган, эч ким дале элес албаган бир сүрөт.
Эгер ошол сүрөттүн тили болсо сүйлөмөк. Анын айтар кеби мындай болмок:
Хрущевдун заманында Америкадан өтөбүз деп, талаанын баарына жүгөрү эктирип, чочко фермаларын ача баштады. Дал ошондо колхоз жылкыларды сатып, ордуна чочколорду алып келе баштады. Мурдагы мойсопут жылкы ферма эми чочколорго ферма башчы болбоймун деп чыкканда, раис баш болуп активдер жоош момун ушул Маликтин атасы Шайлоону көндүрүштү. Көнгөн дале жок, жөн эле мураптыгын башка бирөөгө берип, муну чочко ферма кылып койду. Чочко багат деп шаардан бир орусту катын, бала-чакасы менен алып келди. Ал бир ичкич неме экен. Чочколорду ошолор карайт. Шайлоо болсо басып барбайт, алыстан эле ала келген жемин, кашектерин, жугундуларын таштап кете берет. Аларың же тоюп өлсөчү, бергендин баарын жей берет. Куркулдап кыйкырганы бир башкача. Төрт айбы, беш айбы өтүп, текшерүү башталды. Эсептеп келишип бир чочко жетпейт дешти. Ал тубар чочко онду тууйт эле дешти. Хрущевдун мыйзамына каршы дешти. Дешти да Шайлоону камап жиберишти. Төрт жыл отуруп келди.
Ошол-ошол болуп кийин Шайлоо да бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Анын документинин булганышы минтип Маликтин кедерин кести… Бирок аны Малик билген жок…