МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: КӨПӨЛӨКТӨР ӨРӨӨНҮН КӨКСӨГӨН МУРЗА ГАПАРОВ

Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым бир сүртүмдөр

Фудзи тоону кар баскандай кыроолонгон чачтар ай…

«Көчө» киносун көргөнбүз, ошо бүтөрү менен Ноокаттын «Улуу-Тоо» кинотеатрына ак чач жигит чыга келди. Ошондо биз, мадыра баштар, көрдүк тирүү жазуучуну. Кино бизге абдан жакын эле: айылыбызга окшош айылдар, классташтарыбыздай өзбекче көйнөк-шалбар кийген Малике, кудалашуу, короз уруштурмай, ашар, гүвалак, ашыглык, шыпыргычы, бешикчи, «Эй, аппагым, сен менен өттү жаш чагым…» деп ырдаган Аваздын ыры – баары-баары бизге ушунчалык жан дүйнөбүзгө бап чыгып калбайбы… Анда билбейбиз да кинону режиссер, оператор, актерлор, композитор, сүрөтчүлөр, монтажчылар толуктап кетерин, ушунун баарын ушу киши өзү ойлоп чыгыптыр дептирбиз.

Шондо уктум Мурза аканин атын, шондо көрдүм Мурза аканын кыроо баскан суйдаң чачин…

Кийин Мурза акани билгени-билбегени баари эле аваз кылып айтип атышты: бирөөсү ага тага, бири жээн, бири карындаш-урук экенин гап урса, бирөөсү классташтыгын айтат, бири самоордон (чайкананы ушинтишет биздикилер) чогуу чай ичишкенин, дагы бири Боронзодо чоң окууда бир-эки курс алды-кийин окуганын айтып мактанып жүрүшчү.

Бадам гүлү сакуранын гүлүндөй…

Оштон Ноокатка ар ишембиде акыркы парды асып коюп ата-энебиздин алдында бир түнөп келүүгө каттап турчу студент кезибизде Доңуз-Дабандан күшүлдөп зорго көтөрүлгөн сары автобус анан ары сагындырган Ноокаттын абасына сиңип, Өсөрдү карап ылдыйышка кулаган коңуздай тез кетчү жолдо автобуска эшигинен-тешигинен кирген адамдар эми айнектен жабыла бир жакты карап калышты. «Жазуучу», «Чечмелик», «Карагыла», «Мурза», «Гапарүп» деген үндөр чыга түштү. Карасам, жолдон ары жан боордо ак, анан бир аз көгүшпү, иши кылып, майда гүлдөрү бар, ошол жайнаган ак бадырак гүлдөрү менен бутак-сөңгөгүн париктари басып койгон тандырдай бадамдын жанында тандырдай алоолоп Мурза ака туруптур. Сүрөткө түшүп атыптыр. Мурза ака менен бадам окшош эле: аппак чачы бадам гүлүндөй, бадам гүлү Мурза аканин чачындай…

Ошерден өткөн сайын ошо бадамды карап калам, жыл сайын бир-эки жума гүлдөп турат, анан мезгилге көркүн уурдатып коет. Мурза аканин ошо сүрөтү чыктыбы-чыкпадыбы, өзүндө барбы-жокпу, билбейм, автобустагы менден бөлөк кишилерде бадамдын жанындагы жазуучунун элеси турабы-турбайбы, аны да билбейм, а менде ошо сүрөт жүрөт, ал кагазда эмес – көзүмдө. Каалаган күнү, каалаган мүнөттө ошол элести ошол-ошол бойдон көрө алам. Оо, кийин билдим, Мурза ака Жапондун жапалак тоолорунда туманда адашып, арыгы деңиздин айбатынан, шапатасынан, гүлдөгөнүнөн бирде коркуп, бирде элес-булас көрүнүп-көрүнбөй сакура гүлдөргөн учурда ошол гүлдөрдүн астында жүрүүнү самарын…

«Бөтөн таканын изи»

Көпчүлүк жазуучулардай эле М.Гапаров да адабиятка китептик таасир менен келди. Бир жолу жаңы эле студент болгондо аларды поезд менен Фрунзеден Ташкен аркылуу Жалал-Абадга пахтага алып жөнөйт. Колуна кайдан-жайдан «Комсомольская правда» газетасы тийип калат. Анда Алжирдин Франциянын колониясынан бошонуу аракети үчүн согушуп жаткандыгы айтылып, ошол эле жерде көгүчкөн менен ойноп аткан баланын жана такасына фашисттик энбелги тартылган аскер адамынан өтүгү тартылыптыр. Ушул сүрөт катуу таасир эткенби, купенин экинчи кабатына чыгып, окуучунун чакмак дептерин толтуруп аңгеме жазат жана анысын «Бөтөн таканын изи» деп атайт…

«Кадыр түндө» ыйманга чакырып…

Анда биз бала элек. Мурза ака жаш. Ош кыргыз драма театрынын ооматтуу жылдары. Оо, айтып түгөткүс ширин кездер, Ак-Буурага чубалып түшүп турган мажүрүм талдын саясында, дарыя шапатасында көк чайлашкан пайиттар, ширин гаптар, көздөн жаш чыгарган аскиялар, сай бойлогон гөзалдар…

Анда театрда Мурза аканин «Кадыр түн» деген пьесасы жүрүп калды.

Караң калгыр, кайда эле, мурда мындай жүрөккө жакын турмуш лирикасы да, романтикасы да, трагедиясы да, ирониясы да, адамдын ыйманын сынаган мелодрамасы да аралашкан – баары мамыр-жумур бириккен жан дүйнөнүн жаңы ачкычы. Премьера күнкү Мурза аканин кучагындагы гүлдөр. Жапжаш, ак чач жазуучуга тигилген көздөр, ошондо эчен киринелер кирип, сук өттү го Мурза акага. Биздин курсташ кыздар кетчү, ичти ачыштырып, алаам кылып, оюн көргөнү, оюндун артынан авторго гүл бергени, алар жөн кетпей «бүгүн төртүнчү… бешинчи… марта кетип атам деп кетишчү «Кадыр түнгө». Артынан биз жөнөйбүз салпактап, болгон тыйынды кагып. Кайра-кайра «Кадыр түндү» көрүштөн жадачу эмеспиз. Өзгөчө эң таланттуу актер Бекин Сейдахматов Артык болуп чыкканда кол чаап жиберчүбүз…

Ошол жылдары Оштун борборунда, жакабелдеринде кыргыз драма театры эпсиз узун эшалонду сүйрөп алып бараткан паровоздой, Мурза ака жазган Памирдеги «ак поездей», короону баштаган эркечтей, колду жоого баштап кирген туу көтөргүч – алтандай вазийпа аткарды. Ошондогу Оштогу ар кыл окуудагы, жумуштагы кыргыз жаштары кийин, мына азыр рухий жактан канчалык байысак, ошол байышыбызда биринчи ролду Ош кыргыз драма театры аткарды. Ошол театр – паровоз эшалондун эң башкы машинисттеринин бири Фрунзеден кудай биз үчүн боор ооруп айдап барган таанымал жазуучу, али жаш дебютант-драмачы, келин-кыздардын көзүн өзгөчө күйгүзгөн күл түспөл муруттуу Мурза Гапаров эле…

Жалгыз аяк сокмо жол, таененин «университети»

Кайсыл гана адамды болбосун, анын ичинде сүрөткерди жакшы билүү үчүн анын балалыгын жана туулган жерин жакшы билиш ылаазым. Жазуучунун А.Токтомушев менен маегинен үзүп-чолуп алып болсо да Мурза Гапаровдун балалык кезине, айылына бир барып келсекпи деп турам: «…Уруу-уруу болуп жашачу элек. Нойгут, сасык бука, кызыл аяк, бостон деп. Ар бир үй чүмкөлгөн кара бактын ичинде жашайт эле. Бир кыштак менен экинчи кыштак, бир үй менен экинчи үй жалгыз аяк сокмо жол менен катышчу. Эки кошунанын ортосунда сокмо жол болор эле. Бир коргондон экинчи коргонго кичинекей арыкта суу агып, бирөөнөн кирип, экинчисинен чыгып турчу. Биз, балдар суудан тутуп жээр элек. Кимдин өрүгү, кимдин алмасы экендигин да таанычубуз…»

«…таятамды Абжапар жүзбашы деп койчу экен. Эскиче кат тааныган, дин насаатын улаган, көзү ачык, көкүрөгү тирик киши эле дешет…Таятам ат-көлүгү, курал-жарагы бар, өзүнө окшогон эр көкүрөк жүз жигитти чогултуп, келгиндерге, мындайча айтканда, кызыл аскерлерге каршы ок атып атпайбы…»

«…апам каза болгондо мен үч-төрт жашта болсом керек… Бизди таенебиз чоңойтту. Менин «биринчи университетим» ошо киши болду да. Салттуу, нарктуу, эски замандын кишилеринен эле. Бизди эрке жетим кылып өстүрдү…»

«Үйүбүз эки коргондон турар эле. Коргондун ичи жык толо алма, өрүк, жаңгак, шабдаалы, алча, гилис… кош коргондун артында биздин аталарыбыздан калган кең өрүкзарлар жатчу созулуп. Ал өрүкзарга кош коргондон кош дарича чыгат.

Биздин үйгө бир чоң түп өрүк сөйкөнүп өсчү. Кыштын күндөрү, шамал түндөрү ошол өрүк кычырап, кычыраганы үйдүн ичине кирип турчу эле. А биз болсо үйдүн ичинде сандалди тегеректеп отурчубуз… үч небере өрүктүн кычыраганын тыңшап уктачу элек. Менин колтугумда бырылдап таргыл мышык уктачу. Таенем  ташпанардын жарыгында отуруп, ийик ийричү. Кыш ичи эчкинин жүнүнөн же болбосо пахтадан жип ийрип чыгар эле. Жаз келип, күн жылый баштаганда эшиктин алдына таар курат эле».

«Галмама чоң энем жеткен кызык, эч кимге окшобогон киши болчу. Тиштерин капкара кылып боёп алат эле. Жаш кезинен ошентчү экен».

«Бир жолу менин колума да кына коё турган болушту. Койгондо да, мага ыштан, көйнөк кийгендин кереги жок сыяктантып, эки колума тең коюп салышты. Суунун болор-болбос шоокумун тыңшап сыртта жатабыз, эже-жеңелеримдин катарында. Эми муну айтса да болот, айтпаса да болот, ошондо жеңелеримдин бирөө кулагыма акырын шыбырап атпайбы: «Кичине бала, уктап жатканда осурбаң, осуруп жиберсеңиз, мынабу кына сиңбей коёт» деп. Мен ошого ишенип алып бекем кысып жатам да. Уктаганга чейин. Уктагандан кийин ким билсин. Бирок эртеси: «Ой, карасаңар, биздикине караганда Мурзага жакшы сиңиптир» деп чурулдап калышканы эсимде…» (Токтомушев А. Унутулбас сокмо жол //  Жаңы Ала-Тоо, 2011, №2. – 105 – 122-бб.).

Ошентип Мурза Гапаров көктөйүнөн бир жагынан ичкиликтердин салттуу маданиятынын уюткусун өзүнө сиңирди, экинчи жагынан табиятты, адамдарды таанып билүүгө далалаты, дили ышкылуу болуп өстү, үчүнчү жагынан согуштун, жокчулуктун каарын жон териси менен кабылдады. Ушунун баары анын жазуучу болушуна түздөн-түз таасир этти, андагы көрүп-билгендери өзүнө баш ийип да, баш ийбей да чыгармаларына биринин артынан бири кире берди…

«Байчечекке» айланган таене

Кийин-кийин он сегиз жылдан кийинки окуя тууралуу жазуучу «Байчечек» деген аңгемесинде мындай чагылдырат. Ал аңгемедеги Кыяз бул жазуучунун өзү дешке болот. Ошол Кыяз таенеси өлүп, айылга барат. «Жашы отуз бешке келип, ал али өлүм-житим дегенди башынан өткөрө элек болчу, а бул жерде таенеси өлүп жатат. Тигинде бир айылдын эли карап турат. Эмне кылышым керек?» Дал ошондо көзүнөн жаш чыкпай, ыйлай албай, өлүм кайгысын өз башынан өткөрө албай коёт. «Таенеси акылдуу, боорукер адам эле. Өмүрүндө бирөөгө жаман сөз айтпаган, өзү да бирөөдөн жаман сөз укпаган киши. Бул турмушу түйшүктө өттү бечаранын. Балдарым, балдарымдын балдары деп жүрүп, акыры минтип жаны тынды. Кыязды абдан жакшы көрчү. Ар келген сайын аны айланып-үргүлүп, көз жашын көлдөтүп, сагынып тосуп алчу. «Эми сенин балдарыңдын бешигин терметип жатып өлсөм, арманым жок», — дечү дайыма…»

Сөөктү көрүстөнгө коюшат. Кокусунан ошол жерден бир байчечек таап алат. «Энелерин жаңы конушка таштап кете беришти.

Кыштакка кайтып келгенден кийин, эл бирин-сериндеп таркай баштады.

Кечке жуук үйдө алыс-жакын туугандар гана калышты. Кечинде дөңгөк каланган ысык очоктун боюнда отуруп, баарысы кемпир жөнүндө сөз кылып киришти.

— Бечара энем «Кыязды чакыргыла, Кыязды бир көрүп анан өлөйүн» деп жатып, жан берди, — деди атасы.

Апасы бир калта өрүктүн чагылган данегин алып келип, Кыяздын алдына төгүп койду. — Өзү чогултуп, өзү чагып, келсе беремин деп, сага атап жүрдү эле, — деди ал, көзүнө жаш алып».

Кемпирдин үчүлүгүнөн кийин Кыяз кайра шаарга кайтты. «Эки күндүн ичинде тоолордун көрүнүшү эч өзгөрбөптүр. Асты жакта баягы эле апаппак кең мейкиндик мелтиреп жатат… Бирок, бул жолу тоолор да, суулар да, булуттар да Кыяздын делебесин козгоду. Анын көкүрөгү букка толуп, көңүлү чөгүп баратты. Ушу тапта ал бир нерсе ичкиси келди, бирок, ичерге эчтеке жок эле. Чылым чеккиси келип, чөнтөгүнө колун сунду. Бирок, сигарет ордуна, колуна бир жумшак, муздак нерсе урунду. Алып караса, баягы байчечек экен. Байчечек соолуп калыптыр. Кыяз аны ары-бери кармалап, селейип олтуруп калды. Анын көз алдына гөрүстөн элестеди. Бирпаста жүзү өзүнөн-өзү кызарып чыкты, деми кыстыга түштү. Ал жийиркенич менен башын бир чулгап алды.

— Кандай айбанчылык… — деп шыбырады өзүнө-өзү. — Кандай айбанчылык… Кандай айбанчылык…

Ал өзүнүн ушул акыбалга келгенине жаны ачыды. Өзүнө-өзү аянычтуу көрүндү. Өзүнө-өзү боору ооруду. Кокусунан анын көзүнө кылгырып жаш келе түштү. Жаш сыгылып тышка чыкты. Бетинен ылдый жылжып ага баштады…
Кыяз көпкө чейин ыйлады. Ыйлаган сайын, көкүрөгү жибип, ичиндеги бугу чыгып, өзүн жеңил сезип атты. Үч күнү зарыктырып келген бул көз жашка ал абдан сүйүнүп кетти. Какшыган кудугу жибип, ийип, ага кайрадан суу пайда болуп келатты.

Демек, али кеч эмес экен…»

Мына ушул аңгеме бир карасаң, жалпы эле өткөн кылымдын кайсыл бир жылдарында айылда туулуп, анан шаарга кеткен зыялы сөрөйлөрдүн жана аларды узатып ийип кыштакта калган энелердин ички муңу, ал эле эмес трагедиясы сыяктанат, ошол муун барыбыз эле билинбей тамырыбыздан ажырап, же шаарлык эмес, же кыштактык эмес орто жолдо калбадыкпы. Муну ар ким алынын келишинче жазды, айтты, бирок Гапаровчо таасирдүү, таамай айткандарды мен кыргыз адабиятынын башка учурата албадым.

Сөз менен сүрөт тарткан жазуучу

Мына Мурза Гапаров тарткан Түштүк жазынын, айыл жазынын сүрөтү: «Ал таенемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегеде түңкүсүн тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эрип, кеч күздөн бери биздин бакта түнөөчү таандар учуп кетишкен. Тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөп, айылдагы иттер өткөн жылдан калган, кыш бою кар астында жатып көктөп кеткен данектерди карс-курс чагышып, керели-кечке өрүктөрдүн астында шимшип жүрүшчү. Тооктор күнөстүү дубалдардан чымын тутуп жешип, же алыскы аңыздарга оттоп кетишчү. Биздин таргыл мышык, эртеден кечке эски буудай кырмандагы чычкандардын ийинин аңдып отуруп, а анын үйдө калган жалгыз баласы таенемдин чимирилген ийиги менен ойночу… Анан ошол жаздын дагы бир белгиси катары, так эле биздин үйдүн үстүнөн каркыра-турналардын өткөнүн билем… Ошол замат аппак булуттардын арасында сүзүп бараткан, ыраматылык Кундуз жеңемдин туташкан коюу каштары сымак, ортолору ийин тийгизишкен, чоң-чоң кара куштарды көрдүм» («Газала»).

Элестүү бекен? Элестүү. Кол менен кармап көргөндөй, же көз менен карап эле отургандай болосуң…

«Кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем…»

Мурза акани «узун сөздүн жана кыска аңгемелердин устасы» деп коюшат. Ошондой. Кыска жазат. Анан бирдекени айтып берсе, об-бо, э-эй, узундан узу-уун айтат. Көбүнчө ошонусу жакшы. Бир жолу «Сезим империясы» деген жапон фильминин сюжетин айтып атат, мен угуп  турам, курсак ач, анан кинодо аял ойношу менен оттон ысык болуп кетип, экөөлөп күйөөсүн оо дүйнө кетирип, анан ошо балакет сөөктү жашырар жай издеп аппак карда, тоо-токойду көздөп, бир жагынан маркум айыпсыз күйөөсүнүн өлүгүн алып, бир жагынан тиги оттон ысык ойношту эш тутуп жөнөйт эмеспи, ошондогу узак жолдогу деталдарды айтып атат. Шундай ширин айтат, дүйнөлүк кино шедеври жолдо калат, курсагың да тоёт, Мурза акага суктанасың, ырахаттанасың, баарын таштап туруп раамалык Жолон акечесинен «кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем, шаарда жүрүп ыр жазгандын ордуна» деп Мурза аканин сөзүн ээрчип, өзүн ээрчип, ажайып чөлкөмдөргө дервиш болуп кеткиң келет…

Баса десең, Ж.Мамытовдун «Арсланбап» деген жогорку саптары бар ыры да М.Гапаровго арналган, чамасы эчен жолу акын дилин да табият койнуна ээрчиткен белем…

Сөз

Акын, «Асабанын» кабарчысы Шайлообек Дүйшеев келиптир редакциябызга саарлап биз эми иш баштайлы деп атсак, Мурза аканин дарегин сурап, биз үйүнүн адресин айттык. Кеткен. Акшамда иш бүтүп троллейбуста үйүмө өтүп баратсам экөө кан жол боюнда, Мурза акенин кылбаат жайы болгон Совет көчөсүнүн Физприбор аялдамасынын бет маңдайындагы бункерден чыга калган эле сүйлөшүп турган экен. Тоо-ба, Күн асманды бир кыдырып чыкканча кеп урушуптур да экөө.

Катарлата ташпанарлар илинген үңкүр-үй

Жылдардын бир жылдарында перестройканын жана жаңы башкан болгон Чыкенин шапатасы менен кыргыз жазуучулары Байтик жактан – жакшы  жерден жай бөлдүрүп, дунгандар менен каристердей кыйратып ийе тургансып дача курганга киришти. Эл катары Мурза ака да бир тилим тамарка алды, үй салганга деп анча-мынча ками-көсүн да эптеди. Анан айтып калчу, мен үйдү башкача салам деп, айтуудан, ал үйү жер бетине чыкпайт имиш, кууш, тар тепкичтер менен кирген адам паска түшүп, ным, сыз жыттанган бөлмөлөргө кирет, а ал бөлмөлөр алгачкы доордо жапайы адамдар жашаган үңкүрлөрдөй табигый болот экен, очокто от жагылып, дөңгөчтөрдөн, тамырлардан эмеректер коюлуп, ичин ташпанар чырактар үлбүлдөтүп жарытып, бираазки жээрлерине жин чырактар илинип, жарганаттар, намашам коңуздар, буюлуулар каршы-терши учуп-конуп, адамдарга үйүр алып, бирге жашайт экен. Үстү шифер ордуна – көк чым, ичинен шылдырап пиликтей суу агат…

Ал дача бүткөн жок, жери кайсынысы экенин да билбей калды кийин Мурза ака өзү да…

Баткакка айран төккөндөй…

«Адамга кылча жамандыгы жок» дешет мындай кишилерди. Автобуста бир аялдама жүрсө да тыйынын төлөйт, бирөөнүн кичине кызматы үчүн кайра-кайра ырахматын айтат, иши түшсө өмүрү адамга жалынып барбайт, өзүн мырза алып жүрөт. Садда киши, камтар кимса. Алтымышка чыгып пенсияга кетээрде мунусунун бир азабын тартты. Бу киши документке жок да, өзүнөн башка ичнерсеси жок экен, пенсияга кетейин десе, башкалар бүт кагаз-куржаттарын тууралап келип, жашы толгон күнү кетет эмеспи, аш-той берип, эл чакырып совет убакта айткандай «ардактуу эс алууга». Мурза ака ошентип «ардактуу эс алууга» кетейин десе, кашайып, иштеген жерлеринен исправкасы жок, же бу киши мурда иштеген жерлерин таппайт, көбүнчө иштеген эмес, анысын тапса, башкасы жок, же бу киши баштык сунуп, бат бүтүрүүнүн амалын билбейт, ошентип Мурза ака пенсияга жарым жыл кеч чыкты. Өзү да өмүрүндө жазуучу аталып канча повесть-аңгеме, пьеса жазса, ошончо кагаз толтурду бейм, жарыктык пенсияга кетем деп…

«…каздарды» кайдан тапкан?

Гапаровдун «Кара-Көлдүн каздары» деген чакан китеби чыкканда сынчылардын бир кыйласы анын чыгармаларында активдүү каарман жок, турмушка басылып калган кишилерди эле жаза берет экен, муну менен социалисттик коомдун жат элементтерине каршы күрөшүп, окурмандарды оң идеалдарга тарбиялоого болбойт деп чыгышты. Чынында эле Гапаров «коммунизмди куруучуларга» үлгү болор адамдарды жазбай, кайдагы бир эч ким байкабас, баркалбас кишилерди таап алчу. Аларды кайдан табат, ким таап берет? Мына ошолордун бири тууралуу Алым Токтомушевге кийин өзүнүн айтып бергени: «Хорог деген шаар бар. Аны жарып аккан дарыя бар. Аркы өйүзү Афганистан, бери өйүзү Тажикстан. Ошол Хорогго Дүйшөмбү аркылуу самолёт менен учуп түштүм. Ага бир түнөп, анан Мургабга жөнөп кеткем. Түнөгөнүмдү бекер кетиргеним жок. Шаар аралап, кечинде паркында болдум. Ашканасы бар экен. Ашканасынан жалаң Ош жактан барган шоопурлар оокаттанышат экен. Вино сатылат экен, арак сатылат экен, башка сатылат экен. Вино заказ кылып, «ээмп» коюп отургам. Нар жагында көмүр-сөмүр, отун-сотун жаккан жай бар экен. Бир тажик жагат экен. Ошо киши оозумду ачырбадыбы: отун-сотунун жагып коюп эшиктин оозуна, босогого туруп алып, мойнунда илинген чоор бар экен, ошону сууруп чыгып, ой, бир кубулжутуп чалып кирбедиби. Көз алдыңа келтирчи, биздин Чуйковдун «Песня Кули» деген керемет полотносу бар, Индия циклдеринен. Кудум ошондой болуп туруп калды. Мен да көзүмдү албай туруп калдым. Оозум аңырдай ачылып турганын а киши да байкады. Чоорун тартып бүтүп, жаныма отура кетти. Келиңиз дедим, отуруңуз дедим. Анан экөөбүз винолоштук да. Атын сурабадым, меникин да сурабады. Экөөбүз жылмайышып винолоштук да, чыгып кеттик» (Токтомушев А. Унутулбас сокмо жол // Жаңы Ала-Тоо, 2011, №1, 168-б.).

Дал ушул киши кийин «Кара-Көлдүн каздары» деген аңгемеге Мургабдагы Кара-Көлдү, андагы жүрөгүнө жакын адамдарды, көл үстүн бербей кыйкуулаган каздарды эстеп, бирок аларга мына барам, ана барам деп, бара албай жүргөн «токойдо ырдап жүргөн мас булбул» өңдөнгөн адам болуп Карамшо деген ат менен каарман болуп чыга келди. Социалдык активдүү каарман болбой калганы менен ал бир тагдырды алып жүргөн пенде катары окурман дилине кандайдыр бир ысыктык берерин чакан чыгарманы окуп хорогдук отжагарды ыраазы боло эстейсиң…

«Эл жазуучусу» атыгып калганда уялганы ай…

«Кыргыз руху» гезитине Мурза аканин Аскар Осмонкулов агайы жөнүндө чакан эссеси чыгыптыр. Майин, элестүү, азил кыпчып, образдуу кылып, өзүн да аралаштырып кызык жазыптыр, бир кезде Ноокатта окуткан агайы, маарекеси өтүп аткан тилчи-профессор жөнүндө.

Куттуктап тилийпон аттым.

— Макала го чыгыптыр, үка, бирок, жүдаа уялып атам, жүдаа эле осол иш болуптур, эми кантип эл бетин карайм, — дейт.

Чочуп кеттим. Тилийпондун зымынын аркы учунда жалгызын атып алган Карагул мергендей не кылар айласын таппаган Мурза ака, берки четинде сый ордуна ар нерсени сыйпалап аткан мен.

— Не чекилик болду? Нени туура эмес жазыпсыз? — Мен да нес боло суроо узаттым, ыраса коркуп кеттим.

— Этегин карабайсыңбы, фамилиядан кийинкисин?

Карадым. Карасам, «Мурза Гапаров, Кыргыз эл жазуучусу» деген подпись турат.

Ошого уялыптыр. Расмий түрдө ал кезде «Эл жазуучусу» боло элек да. А материалды даярдаган редактор аны ошол наамды алган да деп ойлогон окшойт.

 

Ноокат экөөбүздө эмне айып?

Биринчи жолу М.Гапаров тууралуу алакандай макалам Ноокат райондук «Колхозчу» газетасына «Жердешибиз жөнүндө сөз» деген ат менен 1976-жылдын 13-ноябрында чыккан. Мен анда Ломоносов атындагы орто мектепте иштей баштаганга эки гана ай толгон.

Кийин дагы жаздым, экинчисин. Анда Ноокат районунун Свердлов атындагы мектебинде мугалиммин. Кээ-кээде макалаларды жазып, «Москва» машинкама басып, кудайга аманат деп борбордун редакцияларына салып жиберем. Ошолордун бири Мурза Гапаровдун пьесалар жыйнагы тууралуу «Канткенде адам уулу адам болот?..» («Кыргызстан маданияты», 1984, 12-янв.) деген рецензиям эле. Айылдык авторлор менен иштешип жатабыз дегенге жакшыбы, айтор редакция макаланын астына «Абдыкерим Муратов, Ноокат району» деп койгон. Ноокаттан барган катка Ноокат дейт да. Кийин көп өтпөй Мурза ака жолугуп калып айтып атпайбы, «баары жакшы экен, мени туура түшүнүпсүң, лекин аягына «Ноокат району» дегени саал осол болуп калыптыр» деди. Мен анда ар бир макаламда «Абдыкерим Муратов, Ноокат району» деп турса корстон болчумун, райондун атын чыгарып атамын деп сүйүнчүмүн. «Эми, үка, ар кандай пенде бар да, өзү жаздырган экен, же үкалари жазган экен да» деп ойлошу мүмкүн да… Мен Ноокаттык болбосом да бир жөн эле…» — деп койбоспу Мурза ака.

Мен анда жазуучулардын, анын ичинде өзгөчө драматургдардын бакылдыгы тууралуу, драма майданына капыстан келип жаткан жаш пьесачы Мурза Гапаровдун орун ала албай «эшик каккылап» турган абалы тууралуу кайдан билейин…

Кошок кошор кошокчу
Эгер учуп кетсе
Уяларын таштап эзелки
Буерлердин булбулдары
Мен алардын ордуна
Кошок кошуп турмакмын.
Ушинтип ырдайт 12-кылымдагы жапон акыны Сайгё.

Мурза ака Бакен Кыдыкеева эже өлгөндө, анын сөөгү он сегиз күн өтүп өлүкканадан табылганда ушундай бир кайгырып жүрдү, сүрөткер адам жөнүндө, анын бүгүнкү акыбалы жөнүндө, өзү жөнүндө «жазамын» деди. Ыйлап жазамын деди, анысын «Өткөн жылдын кары кана?» деп атаймын деди…

Күнөстүү аралды, кыя жолдорду сагындыңызбы?

Анын чыгармаларында бир каармандар бар, бүгүнкү күндөн караса, таза апендилер, өзү үчүн ич нерсе ойлобойт, ныпым пайда көрөйүн дебейт, мисалы бирөөсү кишилер өткөн кыя  жолго өлүп-талып кыйналып, оо кыйла жерден – пастан кумган менен суу алып келип коёт, аны үчүн жанын кыйнайт, бирок ошонусунан ырахат алат, жолоочулар ага ырахматын айтабы, айтпайбы, анысы менен иши жок, иши кылып эле жок дегенде бирөөнүн сообуна жараса болду. Мурза ака ушундай философияны, Чыгышта, тээ илгертен келаткан салттык философияны көрсөткүсү келет, өзүнүн жеке турмушу, чыгармачылыгы да ошол соопчулук, дервиштик философиядан келип чыккансыйт. Бизге – «турмуш» деген түгөт жолдо чарчап-чаалыгып келаткандарга оо пастагы күнөстүү аралдын музда-ак суусунан дарыя шоокумун кулакка жаңыртып алып келип, бир кесе суу сунуп, «шуну жут!» деп жуткуруп, «бар, эми, мындан ары жолуңдан калба да, сапарыңды улай бер!» деп камкордук көрүп тургансыйт.

Мырза жашаган Мурза ака

Мурза Гапаров деген кыргыз маданиятынын бир түркүгү эле. Чакан аңгемелердин чебери эле, мыкты драматург болчу. Сараң иштеп, мырза жашап, көп окуп, аз жазып өттү бул дүйнөдөн.

Кыргызда илгертеден мырза жигиттер күлүк атты, сулуу кызды жандайт дечү. Мурза ака да мырза жашады, суулугун кемирген күлүк атты да, азыркынын күлүк аты болгон автомашинаны да минбеди, лекин сулуу аялзаты менен кайф кылар шараптан кыя өтпөдү…

«Мен Гапаров деген фамилиямды булгаштан уялам» деп калчу

— Силерден астыңарда – «Учкунда» «ТАА» деген бир театр ачылыптыр, ошонун режиссёру менин, тойус, жеңең өкөөбүздүн битта пьесабызды алды эле, шунун дарегин билип койчу, үка, — деп телефон чалып калыптыр, акыркы сүйлөшүүбүздө. Мен ага «Ош театры сиздин пьесаңыз боюнча коюлган оюн алып келаткан турбайбы, баралы» десем, «мен бара албайм го, үка, бир тибет медицинасы боюнча чөп дары ичип атам, ичти таз-за алып, жанды койбой атат» деп калды.

Анан ошондо телефондон Ош театрынын афишаларындабы же башка рекламасындабы, аялы, авторлошу Галия Гапарованын фамилиясы түшүп калганга, өзүнүн жалгыз жазылып калганына уялып атканын айтты.

Галия жеңе экөө бир нече пьесаны кошо жазышты. Кийинки жылдары жазгандарынын көбүн казак театрлары алып турду, кол акыларын да жакшылап берип атышты.

Мурза ака «Көпөлөктөр өрөөнү» деген повестин жазып жатам деген… Көпөлөктөр ааламын сагынып аткан… Көпөлөк болуп учуп кетти…

Ал Жапан өлкөсүн көп кыялданат эле. Куду ошол Жапан жеринде жүргөндөй элестет эле өзүн, ал ошол жакка кеткендей, сакура гүлдөрүн аралап дервиш болуп кеткендей сезилет негедир мага…

Кушкер тамак кайсыл?

Мурза акадан минтип сурай элекмин: «Жакшы көргөн тамагыңыз кайсыл?»  Агар сурасам: «Венгр, молдован, грузин… жок, коё тур, Баткан виносу» демек, «Ай, чыныңызды айтыңызчы?» десем, күлүп туруп «Баткендин шербет виносу» демек да, анан бир жолу баткенчи ашинаси Аскар Ражабали үч литрлик банкелер менен алып келип берип, аны катып алып ичкенин тамшанып-тамшанып айтып кирмек…

Биз, кыргызбайлар…

Мурза ака айтат: — Бу чет элдиктер – америкалыктар, канадалыктар, немистер, жапондор, орустар шунча ажайып тоолорубузду метрме метр аңтарып-теңтерип, кир колу менен кармабай изилдеп чыгышты, космосто жүрөт биздин жерлерге шилекейин куюлтуп сүрөткө тартып… Биз, кыргызбайлар, ошерде эмне кылабыз дебесиңби? — дейт да, суроосуна жооп бере албай көзү кызарып күлүп, кайра-кайра баш чайкап, суйдаң мурутун жанып, кол серпип: — Биз, кыргызбайлар, ошерге сийип отурабыз, — дейт.

Хемингуэй болбой калган Гапаров

Мурза акани журналист кылабыз деп пайгамбар жашында түрктөрдүн «Zaman Кыргызстан» гезитине сүйрөп келдик. Адегенде чыкыйып жүрдү, өмүрүндө мойнун буубаган галстук тагынып көрдү, бирби, экиби, макала да жазымыш этти, биринчи күндөрдө Хемингуэй журналист-жазуучу болгон деп шыктанып да алды. Хем экзотика издеп «кара континентке» кеткендей, мен да бир убакта ошол кишини өрнөк тутуп «дүйнө чатыры» Памирге кеткенмин деди. Эми да эл-жер кыдырып бир эргийм деди. Турмушту өзү көп окуган хемунгуэйчесинен көрүп, шонон кийин жазам деди.

Анан эле гезиттин ишине аралашып, бир аз өтүп, көңүлү ала шарбыттагы адамдын ырабдайындай айныды. Гезит деген тегирмен да, буяктан сала бересиң, аяктан ала бересиң, тынымсыз жазып, чийип, бирөөлөрдүкүн редакциялап, бираазда эптеп жазылган нерсени пардаздап туруш керек, кыскасы, гезиттин өзүнүн иш ыргагы бар. А Мурза ака андай эмес, аны бирөө тез жаз деп өмүрү шаштырып көрбөгөн, ал киши бир макала жазыш үчүн отурат, бир жума, эки жума, кээде анысын жазбай да калат, жазса да жазганына ичи чыкпайт, гезиттин стилине салып, бизге окшоп, «баратат», «келатат», «болуп өттү…» деп кунарсыз жазгысы келбеди. Өзүнүн жазуу ыкмасын, маданиятын бузуп алып, анан кийинки тагдырын гезиттик стилдин сапсак жазууларына тушуктурбады.

Көбүнесе үйдө иштейт. Мурза акадан баш редактор катары биз – же Бектуруш, же мен, суранып калабыз, «бу жөнүндө жазып бериң, а жөнүндө жазып бериң» деп, ал телефондо адегенде баарын кулак салып угат да, анан «ошону жөн эле койгулачы, үкалар» дейт, же «өзүң эле бир нерсе кылып шилтеп салчы, мени кыйнап имне кыласыңар» дейт. Ошентип кутулат, качат. Биз да көнгөнбүз да, уруп жазып таштайбыз…

Мурза акадан журналист чыкпай калды, балким азыркы гезиттердин саясаты да ага тоскоолдук кылгандыр… Бирок ал киши журналистикага келип идея жактан да, стиль жактан да бузулган жок, таза жазуучу бойдон өзүн кармай алды…

Эрте кетип, кеч жетип…

Анда биздин гезиттин жайгашкан жери – филармониянын ичинде, кошуналарыбыз директор Акун Токтосартов жана артисттер. Ишке келген күндөрү Мурза ака сарт бешимде кайпалактап калат, орун басар редактор Сүйөркул Тургунбаевге жакындап, «имне эле жазып атасың, Сүкө» деп. Анан эле экөө шек алдырбай жоголот. Кожоюнубуз Орхан Уста таппай калат. Ошол кезде, 90-жылдардын башында, азыркыдай маршруткалар жок, таксилер жок, узун-узун сары автобустар менен зымга асылган троллейбустар. Аларга оңой менен чыга албайсың, эл тыгылат деп алар да аялдамага жетпей же бир аз өтүп барып токтойт. Мурза ака менен Сүкөм болсо алардын ошонусун билип алып, Белинскийдин Токтогулга жетпеген жеринде турушат, анан токтору менен иштен чарчап, үйүнө шашкан киши болуп түртүшүп түшүп алышат.

Ушундай кыйналып түшүп алганда кайда барат дебейсизби, Шампанкомбинатка жетпеген жерде сай боюнда эндей вино, сыра сатчу, далдоо жерде күнөстө кафе бар – ошого барышат да маза кылып машийат курушат. Сүкөм сүйлөбөйт – угат, Мурза ака сүйлөйт, ичине кызыл вино киргенде ачылып-чачылып сүйлөйт, сөз болуп ээрип, төгүлүп калат…

Үйгө кеч, оо кеч жетет, баягы иштен шашкандар…

Бишкек – Ташкен жолунда

Редактор Гапаров бир жолу чыкыйып кийинип, галстук тагынып келди. Түрк ишкерлери менен Өзбекстанга экономикалык форумга баратканын айтып. Барып келди. Сурабайбызбы, кандай барып келгенин. Айтып атпайбы: Жолдо замырап баратып эле машинабыз токтоп калат, түрктөр намаз малы болду, намаз окуйбуз дешет. Мени да жүрүң дешет, же дааратыңыз барбы дешет. Анан алар машина токтогон жерден солго кетсе, мен оңго кетем, алар оңго кетсе, мен солго кетем. Амирбек үкам аларга кошулуп кетет. Анан ары барамын да, портфелди акырын ачып, жалпак «жөжөнүн» оозун бурап туруп, ичиндеги «бөдөнөнүн сүтүнөн» кичине ээмп коёмун да, алардан мурда келип тыпыйып отуруп калам. Ар намазга түшкөн сайын ушинте берип, Ташкенге жеткенче көп сүйлөп, анан, кысталак, уктап кетипмин…

Душманы жок – душман ашырат

Мурза аканын душманы жок, эл ошентип ойлойт, ошонусунда чындык болгону менен ал калемгерлердин көбүн тоготпойт. Мен кыргыз балдарына дүйнөлүк маданият үлгүлөрүн сабак өтөр мектеп, жаш жазуучулар үчүн өнөркана ачамын деп чамынып жүрдү. А түгүл жанындагы бир кабат үйдүн жертөлөөсүн сатып да алды. Анысын кыялында «Караван сарай» деп атады. Ошол мектебинин программасына кыргызбайлардан Саякбайды гана киргизер элем дегени бар. Ошонусунан жаңылбайт, адабият-маданиятыбыздын герой-перойлорун, мамлекеттик-самлекеттиктерин, «Эл …» деген наамын алгандарын, кыскасы, көбүн теңине албайт, пиво үстүндө ошондой оюн айтып ийет, анан душмандар өзү эле чыгып калат эмеспи. Шол Мурза аканин душмандары да шолор.

Ичти ачыштырган Арсланбап трагедиясы

Ошто студент кезибизде шаар аралап бир каңшаар жүрдү: артисттер Арсланбапта ойноп отуруп, анан бирөө мертиниптир, бечара… деп… Кийин ошол гапти келептеп Мурза ака көркөмдөп, майын чыгарып, өзү көрүп тургансып, маркум менен сүйлөшүп келгенсип, чырайын чыгара трагедия жазды. Ал «Разияны эскерүү» деп аталат. М.Гапаровдун эң мыкты, а балким кыргыз драматургиясындагы терең, жеткилең иштелген турмуш драмасы ушулдур. «Жакшы кыздын багы жок», бечара «Разияны эскерүү, же өзүбүздү өзүбүз ойнойбуз» пьесасы сахнага коюлбай калды.

Мына ушуга жама-ан ичим ачышып жүрөт.

Эки баш деген – эки баш

Соңку жылдарда драматург Мурза Гапаровдун жанына афишаларда Галия Гапарова деген ысым пайда болду. Бул ким дечүүлөр көп. Жубайы экенин билишет. Бирок баары эле биле бербеген бир нерсе бар. Жеңебиз, бу өзүбүздүн эле Токмокко жакынкы ивановкалык чуваш кызы, дүйнөлүк маданиятты абдан кана окуган, түшүнгөн, эстетикалык табити татымдуу, чыгармачылыкка өнөктөш адам. Мурза ака өзүнүн чыгармачылыгы менен үйүн куруп атса, жеңем пакса урса, Мурза ака ылайкаш. Галия жеңе ылайкаш болсо, Мурза ака паксачы. Биз кичинебизде паксачы менен ылайкаш бири-бирин кандай тандарын, бири-бирин кандай ээрчитип жүрөрүн билип калдык, мыкты салынган үйлөрдү айтчы эмес беле «паксачы – Паланча, ылайкашы – Түкүнчө» деп. Булар ушундай. Мурза ака ой-окуя, драмалык ситуация, конфликттерди табат, айтат, жеңе орусча кылып жазат, редакциялайт, алымча-кошумчаларын киргизет, бир баш деген – бир баш, эки баш деген – эки баш. Дал ошол эки баштан жарык дүйнөгө Айкыз аттуу кыз жаралып, Бишкекте көпчүлүктүн бири катары билинип, билинбей чоңоюп атат, «түү-түү!» көз тийбесин, көктөйүнөн көгөрүп отуруп, пьеса жазып, ыр-аңгеме жазып, тим эле дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары менен кармашкысы келет. «Түү-түү!» көз тийбесин…

Нооруз десек, Мурзакени, Мурзаке десек, Ноорузду түшүнөбүз…

Бу союз дегендин учурунда кыйла жазуучулар компартиянын катарына өтүп, саясаттышып, динди жээрип, өткөндүн баарын кылычтап шылып таштаган. Ошондо жаңы жылды Исуистун туулган күнүнө туштап белгилеп калыппыз.

Анан кайра куруу дегени башталып, эскини тикелейли десек, аларын билген пенде жок. Издеп-издеп Мурза акани таптык. «Атылбай калган текедей» жүрүптүр, эски Ноорузду эсинде сактап. Кереги тийди. Биз жээрип ийген, ыргытып таштаган, унутуп калган нерселерди быркырап сынган карапаны кайра бирден тергендей терип, чогултуп, кураштырып чыкты. Миң киши, бир система бузган нерсени бир киши оңдоп берди. Ал киши чоң майдандагы, окуу жайлардагы Нооруз майрамынын сценарийин жазып берди. Мурза акаден Ноорузду билдик.

Мурза ака жерден таап, асмандан нур келип, тили каткан парандаларга тил кирип, чээнде жаткан казандалар аптапка чыгып, кыш топтогон тоң кетип, топуракка тап келген, улустун улуу күнү, кыргыздын жаңы жылы Ноорузда туулган.

Нооруз десек, Мурзакени, Мурзаке десек Ноорузду түшүнөбүз…

Нооруз күнү туулгандар

Ал кезде Нооруз күнү анча белгиленчү эмес, ага тыюу салган. Көпчүлүк биле бербегени менен азчылык ал күн кыргыз адабиятына эң таланттуу эки инсанды тартуу кылганын билишчү.

«Ноорузду» кыргыз тилине «жаңы күн», «жаңы жылдын башталышы» деп которушат. Чын эле бул башталыш сыяктуу кыргыз адабиятынын Жаңы Күнү, Жаңы Башталышы болгон.

1915-жылы Нооруз күнү Сары-Өзөн Чүйдүн батышындагы Каптал-Арык деген айылда акын Алыкул Осмонов туулса, 1936-жылы ушул күнү Ноокаттын үстүндө Чечме-Сай айлында жазуучу, драмачы Мурза Гапаров жарык дүйнөгө келген. Нооруз күнү туулган бул экөө кыргыз адабиятына өз-өз үнү менен Нооруздай жаңырып да, кыштын акыр-чикирин тазалап да өттү. Алыкул дал ушул жаз келгенде эчен жолу Ата журтуна күйпөлөктөп:

Жаз да башка… жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Атажурт, — деп ырдап, Ата журттун оорусун өзүнө алып, Адам менен, Табият менен сырдашып, кыргыз поэзиясында эң алгачкылардан болуп лирикалык каармандын ички дүйнөсүнө эң эле терең жерден үңүлүп кирди. Отуз беш жашында оо дүйнөгө кеткен акындын поэзиясынын ооматы жылдар өткөн сайын кайра жашарап да, кайрадан оорбасырык тартып, ойго салып да келет.

Мурза Гапаров болсо тоталитардык-буйрукчул доордун гүлдөгөн мезгилинде жашаса да, колхоз-совхозду жазып, коммунисттин жалындуу образын түзбөптүр, ал жөнөкөй кишинин эң жөнөкөй турмушун сүрөткө алып өтүптүр. Адабиятка, театрга ак кызмат кылыптыр. Унутулуп калган, советтик коом жыгытып салган Ноорузду тикелейм деп аябай убараланыптыр жана ошонун үзүрүнө эми жеткенде айла жок ажал ал кишини да алып кетиптир…

Ар бир жылдын Нооруз астынан мен ушул эки инсанды, адабиятыбыздын эки алп адамын эстейм. Ноорузда дыйкандар дың бузгандай, бул экөө адабиятыбыздын өз-өзүнчө дыңдарын бузушкан. Азыр эми биз алар бузган дыңдын түшүмдүн татып, ал нанды Нооруздун руханий дасторконуна коюп отурабыз.

Оштогу бир күн

Студент кезде, 1975-жылы, биз Мурза ака Ош театрында иштеп жүргөндө фрунзелик досу Кеңеш Жусупов экөөнү филфакка жолугушууга чакырганбыз.

Жакшы сүйлөп беришкен. Сүрөткө түшкөнбүз. Мурза ака ошону, кайсыл студент кайсыл орунда отурганыбыздан бери эстеп калыптыр. Анда биз бала экенбиз. Мурза ака менен Кеңеш аке дагы жаш жигиттер экен.

Биздин кыздар сулуу эле…

Алыкул акындын 60 жылдыгын белгилегенбиз… Сүрөттүн бурчунда мындай жазуу турат: «17-декабрь. Кирлитфак. 4-курс. 1975-ж.»

Ат коюунун «атасын таанытат»

Мурза аканин чыгармаларына ат койгону өзүнчө эле кызык, ар бир аты бир тайлык. Мына караңыз: «Ак поезд», «Бир шиңгил жүзүм», «Кызыл беде», «Дарыялардын шоокуму», «Буурул түндө төрөлгөн кыз», «Кара-Көлдүн каздары», «Байчечек», «Нойгуттун кызын издеп…», «Жылына эки ирет гүлдөчү алмалар», «Унутулган сокмо жол», «Турналар жазда келишет», «Наташа Ростованын биринчи балы», «Газала», «Күнөстүү арал», «Кадыр түн», «Биздин үйдүн Карлсону», «Зулайканын шатысы», «Жамгырлуу жаздын жомогу», «Чагылгандын огу», «Темир корук», «Сүйүү кайыгы», «Спонсор керек, өлгүм келет», «Туздуу чөл», «Көпөлөктөр өрөөнү», «Экөө ээн бакта», «Киотого кеткен жол»…

Мындай чырайлуу аттарды жазгандарына бир койсо чырайлуу Мурза ака гана коё алат да.

Кыргызда канча стилист жазуучу бар?

Жазуучу жана дасыккан редактор Мелис Абакировдун мындай деп айтканы бар: «Кыргыз жазуучуларынын арасында «стилист» жазуучу канчоо десе, тартынбай туруп үч-төртөө дээр элем. Бири – Мукай Элебаев – 48 бетке «Узак жол» романын – 16-жылдагы Улуу Үркүндү – кыргыз тарыхын, кыргыз элинин трагедиясын сыйдырган, анан да 5-6 бетке «Кыйын кезең» менен «Бороондуу күндөрдү» көз алдыга көрсөтүп койгон. Кайсы кыргыз даана, таамай сүрөт тартып берген? Касыкем, Касымалы Баялиновдун «Ажары» гана атаандаша алар. Анан Мурза Гапаровдун бардык аңгемелери, повесттери».

М.Абакиров бекер айткан жок, жазуучу болуш үчүн стилист болуу керек, чыгарманы мыкты стилист жазганда гана тамшандырат. Оо кийин-кийин кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр Мурза Гапаровдун мектебине сөзсүз кайра-кайра кайрылышат…

Бир үмүтүм сенде…

Союз таркаганда жазуучулар четке ыргытылып калды. Гонорар алуу жагынан дегеним да. Ошолордун башында Мурза ака болду. Убагында кинодон, театрдан, басмадан… дегендей колакы алып турчу. Жама-ан осолсурап, оңкулдап жүрдү. Анан ошондо Казакстандын театрларына пьесаларын биринин артынан бирин жөнөтө берди. Алар жакшы төлөшүп атты. Ошондо анын «Аялдардын деңизи», «Мээри дүлөйдүн турмушу жана сүйүүсү», «Бар үмүтүм сенде София Булан», «Киотого кеткен жол», «Өлгүм келет, спонсор керек», «Куурчак», «Караван сарай» деген пьесалары жазылды. Көбүн жеңе менен. «Туздуу чөлдөн» башталды. Мурза ака ойду айтат, сюжет курайт. Зайыбы Галина Ивановна текстти орусча кагазга түшүрөт. Бул убакта канча күн тамак да ичпей, көчөгө да чыкпай калышат. Анан экөө окуп чыгат. Бүттү дешет. Шондо көчөгө чыкса жаз келип калат, же кыш келип калат. Оо бир нече күн өткөрүп жанагы пьесасын кайра колго алат, кээде баарын кайра башынан баштайт, кээде кээ бир жерин түзөтөт. Анан Мурза ака айрымдарын кыргызчалап чыгат. Ар бир пьеса бүткөндө үй-бүлөдө чоң майрам. Унутулуп калган Айкыз да катарга кошулат.

Бул 1990-1998-жылдар Пушкиндин Болдино күзүндөй, Алыкулдун Кой-Сарыдагы 1944-жылдын күзү менен 1945-жылдын кышындагы үч айындай драматург Гапаров үчүн да түшүмдүү болгон. Ооруп жүрүп, өлөрүн билип жүрүп жазгандай бир сырдуу, табышмактуу, ажал белгиси сыяктуу нерселер бүт бул чыгармаларды аралап өтөт. Ушул мезгилде жазылган ондой пьесаларсыз кыргыз драматургиясы бөксө болуп калат. Анын эми ошол пьесалары кайда, аларды кайдан көрүп, кайдан окуйбуз?..

Баткен жана Мурза ака

Мен Мурза ака менен бир иштешип, бир жүрүп калдым, көчө-гөйдө үлпатташа да түшчүмүн. Ошондо Мурза ака Баткен жери жөнүндө көп сүйлөчү. Жоголгон айыл Зардалини тамшанып-тамшанып айтып калчу. Ат өтө албас кууш капчыгайларын, күкүктөнгөн дайрасын, дайра ортосундагы күнөстүү аралчаларды, анан куду өзүнө окшош балапейил адамдарын габина кошуп түгөтө алчу эмес. Биз Зардалидан келген экенбиз дечү. Кубанычбек Маликов да түбү ошояктан дечү. Пиче вактым болсо ошоякка барар элем дечү. «Зарил ишиңиз бовосо, Зардалиге барбаңыз» десем, «Зарил иш бар, үка» дечү. Ошояктарды элестеп миллиондогон каршы-терши учкан миң кыр түстүү көпөлөктөрдү сүрөттөп «Көпөлөктөр өрөөнүн» жазып атам деген. «Нойгуттун кызын издеп…» деген чыгармасын чыгарган. «Земля предков» деген сценарийи кино болуп Баткенде тартылган, бирок ага ичи чыкчу эмес…

Мурза Гапаровдун чыгармаларында Баткен темасы «Айгүл тоо» деген аңгемесинде ажайып ачылган. Аңгеме «Кыргызстан маданиятына» басылгандан кийин баарыбыз Баткенге – Айгүл того баргыбыз келген…

Менин баткенчи досум, Мурза ака менен Айгүл гүлдөрүнүн арасында сонун болуп отурушуп сүрөткө түшкөн баткенчи журналист, менин курсташым Адилбек Баатыров кийин мындай деп жазды: «Белгилүү жазуучу Мурза Гапаровдун бир сөзү эч эсимден чыкпайт. Ал «Атаконуш» көркөм тасмасын тартып бүткөн күнү Баткендин шыбак жыттуу талаасында шыбак жыттуу абадан кере-кере дем алып, кызгымтыл кечке суктана карап, анан чөнтөгүнөн кичинекей идишиндеги коньягын алып, капкагына ууртам куюп: «Ушул улуу сулуулук үчүн!» деп көтөрүп койду.  Анан дагы айтты: «Ташталган кыштак Зардалига эл баары бир кайра көчүп барышат. Ал айыл кези келгенде кайрадан жаралат. Нойгуттун кызын издеп  сүйүүнүн сапарлары башталат…

…Зардалидан  бирин-экин кары-картаңдар гана көчпөй  калышты. Эски, жапыс-жапыс таш тамдардын урандылары, изи жоголуп бараткан жолдор, бак-шактар, азырга чейин көктөп турган алты кылымдык алмурут бул жердеги качандар бир мезгилдеги  күүлдөк турмуш өкүмүнөн кабар берет. Ташталган кыштактын тагдыры чыгармачыл инсандардын да көңүлүн буруп, жаңы темаларды ачып берди. 80-жылдары Мурза Гапаров  Зардалига келип «Нойгуттун кызын издеп…» повестин жазды. Арадан көп өтпөй  «Нойгуттун кызын издеп Зардалига кайтып келдим» деп «Атаконуш» көркөм тасмасын тартты. Фильмдин башкы идеясы ташталган конуштун тагдыры жөнүндө эле. Башкы каарман жаш жигит Сакы Нойгуттун кызына үйлөнүү үчүн өзүнө жар издеп Зардалига келет. Кыз жок… Эл көчүп кеткен… Чоң энеси, бешик уста карыя сыяктуулар гана болбосо башка эч ким жок. Саркар аксакалдын бир төөсү менен жылкысы ээн айылдын эркеси болуп куушуп, тиштешип ойноп калышат. Ээн жерде адам эмес, айбан да ээригип, бук болуп, акыры бир айласын таап чер жазат турбайбы… Чоң эне бош калган үйлөрдү аластап, ысырыктап жүрөт. Карыя бешик уста жасаган бешиктерин ошол үйлөргө бирден коюп кетет, эртеби, кечпи бул үйлөрдө кайрадан наристе үнү жаңырып, кайрадан тиричилик башталат деген үмүт менен…»

Азыр эми Зардалига анча-мынча элдер келе баштады… Мурза ака жок, келбей калды…

Жаш баладай барбалаңдап…

Жазуучу болушу үчүн жазчу нерсенин баарын кармалап, даамдап көрүш керек дечү. Бир жакшы сюжет тапса, же бир жактан олжолуу келсе, терисине сыйбай барбалаңдап калчу. Анын бир жолку ушундай келиши тууралуу жазуучу Абиламит Матисаков мындай эскерет: «…Эсимде, Баткенден жаңы эле самолётто учуп келип, Айгүл тоо гүлүнүн бир дестесин наристедей көкүрөгүнө коомай кысып, «Кыргыз Туусуна» келгени. Кызыл китепке кирген, болгону бир ай гана өмүр жаш буйруган ажайып гүлдү жабыла, Кубат ака айтмакчы, жата калып, тура калып карап атсак: «Көрүп болдуңарбы, Бишкегиңерде мындай гүл өспөйт» деп тамашага чалып, көкүрөгүнө башын жөлөгөн бейиштин гүлдөрүн керели-кечке эрикпей-зерикпей жазуучулар союзуна, маданият министрлигине, андан ары кыргыз драма театрынын артисттерине чейин көрсөтүп, ыраңы Айгүл тоо гүлүнүн ыраңындай нурданып чыкканда бечара Мурза ака үйүнө кайтыптыр» (А.Матисаков «Сүймөнкул ага сүйлөп жатканда, мезгил агымы токтоп калгандай сезилчү». Маектешкен А.Абилов // Азия ньюс, 2013, 24-окт.). Карабайсызбы, мен көргөндү баары көрсүн, мен суктанганга баары суктансын деп атпайбы.

Анын ошол сапары «Айгүл тоо» аттуу аңгемеге айланып, анда мындай сүйлөмдөр жазылды: «…Кудай жалгап бир маалда кыздын кубанычтуу кыйкырыгы чыкты.

— Таптым! Таптым! – деди ал. – Мынаке! Бери келиңиз!

Албетте, Иса ошол замат чуркап жетип барды. Барса, кыз чөгөлөп жерде отуруптур. А анын маңдайында айгүл туруптур. Айгүлдүн сотосу жоон, бою узун болот экен. А гүлүнүн өзү коңгуроого окшоп кетет. Бир сотодо төрт даана гүл ачылыптыр. Гүлдүн түсү айдын жарыгында кызгымтыл болуп көрүндү».

Күнөстүү үй кубанычы

Биз «Zaman Кыргызстан» газетасында чогуу иштедик дебедимби. А киши гезитибизде баш редактор эле. Шондо Мурзаке үйдөн кыйналып жүрдү. 9-кичи райондогу тар бир бөлмөлүү үйдө – «хрушевкада» жашады. Илхам келгенде ашканада жазганын, дааратканада китеп окуганын безилдеп алмайы бар. Аскар Акаевичтин президент болуп калган жылдары. Экөө бир курдай «Арашанда» бир чайлашканын, анын жубайы Майрам Дүйшөновна анын чыгармаларын жакшы билерин айтып берчү, мени билет дечү. Барыңыз, президентке барыңыз, үй сураңыз дейбиз. Жок дейт. Барбайт. Ошондо дос жазуучулары, Асанбек Стамов, Мелис Эшимканов сыяктуу таанымал адамдар кол коюп, там сурап өлкө башчысына кайрылган. Анысы «Асаба» гезитине да чыккан. Тез эле үч бөлмөлүү үй тийди. Шаар үй башкармалагы бир топ вариантты сунуштаптыр, алардан тандагандай болду. Физприбордун мончосунун атабарында, Таабылды Пудовкин көчөсүндө эле тандаганы. Үйүнө бардык. Эски болгон менен абдан жарык, Күн Жер үстүнө башбагары менен ушул үйгө тие тургандай пешенеси ачык үй экен. Мурза ака сүйүндү. Жамаатыбыздагы балдар барып көчүрүштүк. Жалаң эле китептер экен. Бул күн тууралуу оо кийин-кийин Галия жеңебиз: «Андагы бактыбызга чек жок эле. Мурза ака жаңы алган үйдүн эшигин ачып жатып, толкундангандан ачкыч кармаган колу бир аз калтырап, өзү тердеп кетти. «Zaman Кыргызстандын» коллективи өздөрү алгандай сүйүнүп, чемодан-чакаларыбызды кошо ташышып эдиреңдеп жүргөнүбүз эсимден кетпес», — деп айтыптыр («Кыргыз Туусу», 2005, №12, 18-21-фев.). Ошондой болгон. Ошол үйдө көп пьесалары көз жарды.

Үй демекчи…

Мурза аканин Ноокаттагы айлында жакшы үйү боло турган. Албетте, убагында жакшы болчу. 1972-жылы «Көчө» фильминин сценарийи конкурста сыйлыкка жетип, ага 750 рубль берилип, аны «Кыргызфильм» студиясы 6 миң рублге сатып алып, прокаттан 12 миң рубль жазылып, кыскасы, кармалгандан тышкары 12 миң рубль колуна тийет. Бул агезде чоң акча болчу. Ошого элде жок кылып, кырга, бак арасына бышык кыш менен беш бөлмөлүү үй салат. Ошол жерде отуруп алып, Михаил Шолохов Дон боюнда жазгандай жазамын деген…

Кайдан? Шаардан келе албады. Мурза ака кийинки үй талашты билбей калды. Билсе ал үйдү салмак эмес. Отуз жылга жетпей ошол үй талашка айланып, сотто Мурза Гапаровдун аты кайра-кайра айтыларын ал киши ошол кезде кайдан ойлосун…

Тамын уратпаган талант

Биз студент кезде сиз эмне үчүн диалектилик сөздөрдү көп колдоносуз дегендей суроо берилгенде ал киши мен сөз үчүн күрөшөм, ар бир сөз үчүн редакторлор менен урушуп-талашканга чейин барам деди эле. Анын сөз менен иштөөсүн Кеңеш Жусупов 1986-жылдагы бир эссесинде мындай жазыптыр: «Самолётто баратып, М.Гапаровдун жазгандарын эскеремин. Самолёттун терезесинен кең дүйнөгө карайм да, жазуучунун «Байчечекей» деген аңгемесинин каарманы Кыяз эске түшөт. Жазуучу менин азыркы сезимимди эбак жазып койгон: «Самолёт бар болгону элүү мүнөт гана учушу керек эле. Кыяз жол катар терезени карап келди. Бир жылдан бери Фрунзеден эч жакка чыккан эмес. Мына эми шаар, андагы өзүнүн машакаттуу тиричилиги артта, жерде калып, ал өзүн жеңил, эркин сезе баштады. Жазгы жаратылыш анын көңүлүн көтөрдү. Айрыкча, Түндүк менен Түштүк бөлүп турган тоолордун үстүнөн өтүп баратканда жүрөгү (Кыяздын) туйлап кетти…»

Ушул «Байчечекей» деген аңгемеси «Ала-Тоо» журналына басылганда акыркы төрт сүйлөмү түшүп калганы үчүн М.Гапаров абдан кейип жүрдү. Аңгеме төмөнкүчө бүтмөк: «Тоолордун кары кете элек экен. Жакында кетчүдөй түрү жок. Тоолор бири менен бири туташып, алардын кокту-колоту да жакшы билинбей, агарган бир мейкиндикке айланып, мелтиреп тыптынч жатат. Мейкиндиктин бетинде үзүк-кесил оор булуттар калкып жүрөт». Жазуучу түшүп калган жогорку төрт сап сүйлөмгө эмнеге ушунчалык нааразы?! Миңдеген сөздү оюнан чыгарып тапкан сөз чебери үчүн төрт сап кеппи?! Окуганда алар анчалык деле маани бере турган окуя эмес го?! Башкасы деле чыкса жетишпейби дээрсиз. Кеп мында: М.Гапаровдун искусствого, адабиятка өз өнөрканасына мамилеси ушундай: куду бак өстүргөн багбанга же жез чеккен уз чеберге окшоп, колдогу эмгегине өтө этият, кылдат. Ал ар бир сөзүн, сүйлөмүн, окуяны, кейипкерди орду-ордуна кынаптап, уста кирпич койгондой, ушунчалык бапестеп тизет. М.Гапаровдун «Күнөстүү арал» деген повестиндеги бир сөздүн түшүп калганына кейигенин уктум. Аны жооткотсом, айтканы эсимде: «Эгерде менин үйүмдөн ошончо кышты сууруп салса, тамым урап калбайбы!»

Айтылбай келген бир сырлар

Баса жанагы «Байчечекей» деген аңгемеси тууралуу кийин дагы бир жазуучу Бейшебай Усубалиев мындай деп аптайбы: «Мурза байкенин ар бир чыгармасын үзүлө түшүп окуйм. Ар бир чыгармасынан адамдын чыныгы тагдырын көрөм. Кыргыз адабиятында маңкурт темасын биринчи көтөрүп чыккан ушул Мурза байке болчу. Албетте, анда «манкурт» деген сөз учурабайт, бирок «Байчечекей» аңгемесин окуп көрчү, андан өтө татаал, карама-каршылыктуу жана табышмактуу Кыяз деген маңкуртка жолугасың»  (Экөө. Б.Усубалиевдин Б.Гапаров менен маеги // Кыргызстан маданияты, 2009, 30-янв.).

Дагы бир окуя:  1962-жылы университеттин акыркы курсунда «Турналар жазда келишет» деген аңгеме жазат да, анысын кол жазма бойдон эле окуп бериңиз деп Айтматовго берет, ал киши бул аңгеме тууралуу жаш жазуучулардын республикалык семинар-кеңешмесинде мактоо айтып, кыргыз адабиятындагы гана эмес, ошол кездеги жалпы совет адабиятындагы жаңы көрүнүш дейт. Себеби ал жалаң диалогдон курулган. Көп өтпөй ошондой ыкмадагы дагы бир чыгарма «Саманчынын жолу» жарык дүйнөгө келди. Кийин карабайсызбы, жанагы семинар-кеңешмедеги М.Гапаровду мактаган Айтматовдун сөзү эч жерге басылбай да, ал тууралуу кеп болбой да калат.

М.Гапаровдун дагы бир чыгармасы «Кенже уулунун кайтып келиши» деген аңгемеси ошол кездеги «Ала-Тоо» журналына берилсе, аны басыла электе эле башкы редактор Төлөгөн Касымбеков жерге киргизе жамандап,  анын сюжетиндеги тоодон таш кулаткандар, ал кулаган таштын бир тууганына тийиши, эки бир туугандын таарынычтары, буудай талаадагы эненин чуркап жүрүшү идеологияга туура келбейт деп чоң минбардан туруп эле шылып түшөт. Муну угуп отурган Айтматов «Даана киного тарта турган эпизод экен» деп реплика ыргытат. Кийин Чыкебиз «Фудзиямадагы кадыр түн» пьесасынын жазылышы тууралуу аны повесть кылмак экендигин, бирок эсинде калган бир сюжетти Москвадагы «Современник» театрынын режиссёрлору Галина Волчак менен Олег Табаковго баяндап берсе, алар даяр драматургиялык материал экендигин айтып, пьеса жаз дешип, сюжетин узак мезгил сактап жүрүп, досу, казак драмачысы Калтай Мухамеджановго түшүндүрүп, ал жазып, алымча-кошумча кылышып, экөө бул чыгармага авторлош болуп калгандыгын 1977-жылы ГДРден келген адабият сынчысы Хейнц Плавиуска айтып берет («Человек и мир. Семидесятые годы. Китепте: Айтматов Ч. В соавторстве… – Ф.: 1978. – с. 367).

Бул кандай дал келүүлөрбү, же шыктануубу, же таасирби?..

М.Гапаров маектеринин биринде «Ч.Айтматов менин жазуучум эмес. Мага «Прошай, Гулсары» эмес, «Прошай, оружие» жакын деп айтканы бар.

Кыял жана чындык

Жазуучунун көп каармандары турмуштун алынган, мисалы, «Кыштакчадагы» жаш завуч – бул Мурза ака менен акыркы учурга чейин байланышып жүргөн Азиз Сейитбеков, мергенчи – кадимки Мургабдагы атактуу аңчы Чыныбай аба, «Көчөдөгү» Аваз – өзүнүн үкаси, Коңурбай раис – Мамасыдык Коңурбаев, Малике – Инаят эже, Ормотой шыбакчы, Туман мерген, Абдилла бешикчи, шыпыргы сатуучу Нышанбай – баары бир айылдын жашоочулары.

Ал сюжет издеп, каарман издеп, эчен жолу өзүнчө эле кайыш курткасын кийип, торбосун асынып, кеткиси келген жакка кетип калчу. Жазуучу болом деген киши ата журтун бир сыйра жөө кыдырып чыгышы керек деп, жетимишинчи жылдардын соңунда Баткендин Кыштут айылынан ары эки мугалим жигит менен кырк чакырым жол басып, сокмо жолдордон, жалгыз аяк кыялардан, кылкылдак көпүрөктөрдөн, кылт этсең Сох дайрага кулай турган баш айлантма аска боолорунан өтүп Зардалиге барат. Нойгуттун кызын издеп барат. Нойгуттар Сакы аттуу жигиттин жетегинде 15-16-кылымдарда азыркы аймактык бөлүнүш боюнча Кытай жактан, Лобнор көлүнүн атарабынан келип ушул Зарлиге түшкөн деп калчу. Ошондон тарайт, ноокаттык нойгуттар.

Ал көп чыгармаларын кыялый элестерден жазчу, анын кыялы өтө учкул, романтикасы бай эле. Чындык менен кыялды укмуштай ашташтырчу…

Жазыла элек жакшы чыгарма

Ал айтчу, мен али жакшы чыгармамды жаза элекмин, чыгармачылыктын туу чокусуна чыга элекмин дечү. Ошентсе да «Күнөстүү арал» повестим, ошол эле повесть боюнча жазылган пьесам, «Туздуу чөл» трагикомедиям өзүмө көбүрөөк жагат дечү…

Түштүн таасири

М.Гапаровдун «Күнөстүү арал» повести бүтүндө түш – шаардык кыз Жаңылдын жаңгак токоюнда жашагандар тууралуу түшүндө көргөндөрү. Жазуучунун бир китебинин аталышы да «Жаңгак токоюнун жомоктору».

Ал эми түштүн таасиринен улам «Туздуу чөл» пьесасы жазылганын мындай баяндайт: «…Бир жолу мен жаман түш көрдүм. Түшүмдө адам өлтүрүптүрмүн. Анан ал адамдын өлүгүн бир бейтааныш бактын ичине сүйрөп барып, гөр казып көмүп салам. Анан өзүм арып-чарчаган денемди бакка жөлөп отуруп калган болом. Ошо кезде катуу жаан жаап кирет. Ал жаан көз алдымда гөрдүн топурагын жешилтип, көмгөн адамым ачылып калат. Бул менин айыбымдын ачылганы эле. Мен өзүмдүн күнөөмдү толук мойнума алып, кылган кылмышым үчүн каңырыгым түтөйт. А ойгонуп кеткенден кийин дароо жеңилдеп, ушунчалык сүйүнгөн элем» (Гапаров М. «Маш ботойдун» заманы бүтүп, «Көкөй кестинин» заманы келди. «Түз байланышты» уюштурган А.Мониев. //Асаба, 2000, 7-апр.).

Мына ушул түштүн таасири бир пьесанын жазылышына түткү берди.

Жапон саякатчысы

Мурза акага Жапония тууралуу суроо берсең, бүттү, буудай ыраңына кан жүгүрүп токтобойт эле: ак бубактуу Фудзияма, Күн Чыгыш өлкөсүнүн эски ордосу Киото, самурайлар, сакуранын гүлдөрү, ракша, сака, бийикке чыккан кууш таш жолчолор, андагы чырак кармаган адамдар, күңүрт турмушту көрсөткөн киносу, куурчак оюндары, жалгыз адам ойногон салттуу театры… ошентип кете берет, кете берет, айта берет, айта берет. Сааттап, күндөп, айлап токтобойт.

— Мурза ака, Сиз Японияда канча жолу, кай жерлеринде болдуңуз? – деп сурап коём.

— Жол түшө элек, бара элекмин үка, Кеңеш досум барган, — деп коёт ал да айыптуудай.

Түш сатуучу

Өмүр күзүнүн кайсыл бир жылдары ал кайсыл бир гезиттен түшүн сатып жүргөн жапон кишиси тууралуу жомок окугандыгын, аны орус тилине Маркова деген аял которгондугун, ошол китеп жүдаа керек экендигин жолуккан сайын айта берчү. Кийин зайыбы экөө ал китепти түк эч жерден таппай, акыры маркум болгон Маркованын кызын сүрүштүрүп, ага телефон чалат. Кызы болсо сөзсүз жардам берерин айтып, анан бир нече күндөн соң деги эле апасы андан китеп которбогондугун, деги эле андай жомок жапондордо болгон-болбогонун өзүнө жакын кишилер билбегендигин телефондо билдириптир.

Андай болсо Мурза ака эмне, түш сатуучуну түшүндө көрдүбү дейсиң?..

Деги эле ал бир топ чыгармаларынын идеяларын, каармандарын түшүнөн тапчу окшойт дейсиң…

Дегустатор

Мурза ака сүрөтчүлөр менен өзгөчө жакын болчу. Сүрөттү профессионалдуу талдай турган.

Бир жолу ошондой эки таланттуу сүрөтчү Жамбыл Жумабаев менен Абдусалам Абдурахманов «Орто-Сай» базарында колдо жасалган винолоруна ишенбей иче албай турушат. «Сен башта», «мен башта» болуп, ууланып калбайлы деп коркуп турганда чеберканаларына Мурза Гапаров кирип калат. «Кудай берди» дешип, астына винодон куюп акырын жылдырып коюшат. Мурза ака сүйлөй берет, сүйлөй берет, винодон акырын уурттап иче берет, иче берет, тигилер улам толтуруп коё берет. Арадан бир нече саат өтүп кетеби, Мурза ака жыргап, тамылжып отура берет, анан экөө бири-бирине ымдап, «куй, өлбөдү» деп иче башташат.

Ушундай садда киши эле Мурза ака.

Мурза аке, же Мурза ака кантип Мурзаке болуп калды?

Кыргыздарда бир гана киши, балким дүйнөдө жалгыз жалгыз гана киши ушинтип калгандыр. Өз аты Мурза. А элдин баары аны түштүкчөсүнөн (ай, бир тамганын азабы, ай) деп жүрүп журналисттер Мурзаке, Мурзака деп аташып, ушундай жазышып, акыры ушинтип кетти. Көбү бул кишинин чын аты Мурзаке окшойт деп ойлошот. Андыктан да мен да анысын да, мунусун да колдоно бердим…

Мааракесиз маанай

Акын Сүйөркул Тургунбаев алтымыш жылдыгын өткөрөт элем деп таза түйшүк тартты, чоңдорго кайра-кайра каттар жазды, анан эле сааты чыкпай улам артка сүйрөлөт.

Анан бир күн Мурза ака айтат: — Сүйөркул эмне кыйналат, Ала-Тоодой эт тартып, дежур калпактардан кийгиси келип атабы, мен дале алтымыш жылдыгымды өткөргөн жокмун, өлбөй эле жүрөм…

Өлгүм келет…

Мурза ака соңку жылдарда эгемен Кыргызстандагы таланттардын тебеленип, талантсыздардын бааланганына ичи чыкчу эмес. Биздин кимге керегибиз бар дечү… Көзүндө арман турчу. Балким «Өлгүм келет, спонсор керек» деген пьесасы ошондон улам жаралды го деп ойлойм.

Сырдуу сүрөт

14-июнда Мурза  акани акырет жайга узаттык. Узатуу зыйнатында сөз алган Төлөгөн Касымбеков да, Кеңеш Жусупов да сүйлөп атып, ыйлап жатты. Келгендердин көбү ыйлашты. Мурза аканин тик караган сүрөтү гана ыйлаган жок, адамдарга таң кала «Эй, имнеле болуп атасыңар» дегендей тигиле тиктеп турду.

Топурак сала албаган достор

Мурза аканин Москвадан тапкан достору көп эле, өзгөчө кино драматургия жана жазуучулук жагында. Эски СССРде. Устаты кадимки «Жоро» фильмин тарткан Семен Григорьевич Нагорный. Курсташтары, же бир курс ары-бери окугандары Рүстөм Ибрагимбеков, Андрей Битов, Грант Матевосян, Анатолий Ким, Тимур Пулат, Тимур Зулфукаров, Эльдар Радзинский, Кубат Жусубалиев… Азыркы заманда алар досуна топурак салат элек деп кайдан келе алмак эле. Алайдын Кердегейинен жан досу Кубат ака Жусубалиев да келе албады, чамасы…

Шуайип Каракаштын сөзү

Аза күтүү кезинде түрк аалымы, «Манас» университетинин профессору Мурза акенин дээрлик көп чыгрмалары түрк тилине которулгандыгын, мына-мына китеби чыгат деп турганда минтип ошол китепти көрбөй кете бергенин арман кыла айтты…

Гапкана гап ээсин жоктойт

Чын эле Мурза ака узун сөздүн, кыска чыгармалардын чебери эле. Оозеки сөзгө уста эле, элестүү кылып айтат эле, сүйлөп бараткан түз жолунан чыгып, башка темага түшүп кетет эле.

Алым Токтомушев менен акыркы жылдары «Асаба»-»Агымда»  сүйлөшүүлөрү эл тарабынан ушунчалык кызыгуу менен кабыл алынгандыгы кыргыз маданиятына жаңы форманын, жаңы жанрдын киришинде гана эмес, Мурза аканин тээ балалыгын төкпөй-чачпай кинодогудай кылып айтып бергендигинде да эле. Түштүктүн турмушун ал кишинин ошол газеттик баянынчалык эч кимден окуган эмес экем. Жыргап окучумун, унут калган бала чакка – Ноокатка барып келгендей болчумун.

Мурза ака башка эч нерсе жазбаган күндө да ошол гапканасындагы гаптары менен өзүнүн маданиятын, сүрөткерлигин, гуманисттигин жаамы журтка көрсөтө алды. Ошол шаар четиндеги бир дүкөнчөнүн эски үстөлдөрүн эшикке чыгарып бергенине ыраазы боло кечке отуруп эки таланттын баарлашуусун «Жаңы Ала-Тоодон» азыр кайра окуп кыргыз классикасынан дагы бир жолу даам таттым, ашкере чаңкоом дагы бир жолу канды…

Сууктан коркуу

Мурза ака дайыма айтчу: кыш келатканда эле корком дечү, сууктан корком дечү. Ушундай дечү да чыйрыккансып, ичиркенип алчу. Быйылкы кыштан кандай чыгаар экемин деп басып кетчү.

Коркуп калчуумун.

Мурза ака, кыштын суугунан корккон Мурза ака, 2002-жылы 11-июнда, жайдын ысыгында – балким кылымдын эң ысык күнүндө – саратандын асатинде үзүлдү…

Аялдар кайыгынын капитаны

Мурзаке көп айтчу, аялдарды көп сүйлөчү: мен өлгөндө жок дегенде жүз аял бейит башында ылап турат дечү… силер эмне, аял сүйдүм деп жүрөсүңөр да дечү…

Акын Нуралы Капаровдун мындай бир жазганы бар: «Аялдар темасына аралаша коём деп сөзгө катуу жыгылган жайым бар», — деп Салижан акенин эскергени эсимде: — Өзүм кырдуу жоон топ теңтуш акын-жазуучулар менен аркы-беркини талашып-тартышып жатып, аялдар темасына кандай кирип кеткенибизди билбей калыптырбыз. Адатымча аны айтса, ал андай эмес, мындай деп жыра талашып, муну айтса, мунуң мындай эмес, андай деп жыра талашып, сөз бербей билекти бек түрүп коюп, аялдар маселесин билерман болуп жалгыз өзүм «бачагын чыгарып» чагып атсам, калың топко аралашпай, кезек-кезек мурдун кашып, мойлосун жанып, аркы четте талаш сөзгө кулак салып турган досум, эркек тананын чырайлуусу Мурза Гапаров чыдабай кетсе керек, жакын басып келип: «Ай, Салижан, сен кайсы гана темада талашып-тартышпа, мен сенин айткандарыңа макул дебеске аргам жок. Себеби сен менден ого эле көптү билесиң, билимдүүсүң. Сен турган жерде мен сен мыкты билген маселелерди талашып-талкуулабайм. Бирок, сен да мен турган жерде мен мыкты билген аялдар маселесине аралашып, талаш-тартышка түшпөй жүрчү, бай болгур», — деп, сөзгө сындырса болобу!

Ошондон кийин бул маселеден таптакыр кол үзгөм…»

Ал аялдарды ошондой сүйүп өттү. Биринчи аялы, өзү айткандай анын байбичеси Алмажан жеңе ага 19 жашында, Мурзаке анда 31 жашта кезинде, 1967-жылы турмушка чыкты. Экөөнүн айрымасы 12 жаш эле. Галина (аны Галия дечү) жеңе болсо 1984-жылы 24 жашында 48ге келген Мурзакенин колун кармап кетти. Экөө менен тең Мурзаке барып-келип катташып жашады, атүгүл экөө биригин, бири салатын жасап, бири тамагын жасап мейман күткөн күндөрү болду.

Мурзакени кантип сүйгөнүн Алмажан жеңе минтип айтып отурат: «Мурза мени Ноокатка келин кылып алып баргандан кийин үч эле күн жүрүп, Фрунзеге кетип калды. Ошо бойдон жети айдан кийин келген. Ошондуктан кайнатам мени аячу. А түгүл ыйлап да жибериптир. Ал мындайча болгон. Биздин айылдын четинде, жол жээгинде дөң бар эле. Ошол дөңдөн булак акчу. Сууну ошол булактан алчубуз. Эки чаканы алам да, сууга жөнөйм. Чакаларды сууга толтуруп коюп, дөңгө жашынып, машиналардын үнүн тыңшап отура берчүмүн. Дөңдүн жанына машина келип токтосо, башымды акырын чыгарып, Мурза келип калдыбы деген үмүт менен карачумун. Жок… Бүгүн да келбей калды деп ыйлап, булактын жанында мелтиреп отура берер элем. Машиналарды акмалап, жол карап отурганымда билинбей бир-эки саат өтүп кетчү экен.

Кайнатам тамдын үстүнө көп чыгып отурар эле. Бир күнү тамга чыгып, менин жол карап отурганымды көрүп, ыйлаптыр. Аны кайненем көрүп калат. Буга таң калып, эмне болгонун сурайт. Кайнатам «Тетиги байкуш келинди карачы. Жанагы Мурза деген эме бирөөнүн баласын алып келип коюп, аны ыйлатып… карачы тигинтип мусапыр кылып, энесин күткөн баладай жол каратып…» деп, мени көрсөтүп, анан «бар, келинди үйгө алып кел» деп кемпирин үйгө жиберген экен.

Ошентип жүрүп Мурза үйгө кайткан күн да келди. Кайнатам аны аябай урушту. Мурза башын жерге салып, унчукпай отуруп берди. Ошондо дагы кайнатам кызык, эмнеге урушат деп ичимен Мурзаны аягам».

Ал эми ага болгон сүйүүсүн Галя жеңе ал кишинин көзү өткөндөн үч жылдан соң минтип айтат: «Сексенинчи жылдары мен «Кыргызфильм» киностудиясында кичи редакторлук кызматта иштечүмүн. Мурза аке анда сценарийлердин редакциялык коллегиясынын мүчөсү болуп чогуу кызматташ иштедик. Келин-кыздарга абдан жылуу мамиле кылчу. Майрамдарда гүл тартуулоочу. Бирок, бир коллективде жүргөнүбүз менен жакын мамилебиз жок эле. Кийин ал жумуштан чыгып, башка жакка которулуп алды. Ошондо эмнегедир көөдөнүмдү боштук ээлеп, бир нерсе жетпей жүрдү… Көп убакыт өткөндөн кийин ал жумушка телефон чалып, бир топко сүйлөштүк. Чогуу иштегенде билинбеген таза, тунук сезим бир топ мезгил көрүшпөй калганда сагыныч болуп калкып чыккандыр. Адамдар менен мамиле кылууда магниттей өзүнө тартып турган аша кетсем кечиргиле «магиялык» касиети бар эле».

Эки аялы ушинтип эскериптир. Мен ушул эки аялынын Мурзаке тууралуу эскерүүлөрүнүн бир күнү (2005-жылдын 18-февралында) эки гезитке («Мурза аке, Сиз кеттиңиз, биз калдык!..» Галина Гапарова менен Н.Назаралиеванын маеги. // Кыргыз туусу, 2005, 18-февраль жана «Экөө» Алмажан Осмонкулова менен Н.Саалиеванын маеги. // Бишкек таймс, 2005, 18-февраль) чыкканына таң калдым. Бир күн. Бир адам. Эки аял. Кандайдыр бир юбилейге байланыштуу болбосо, мындай дал келүү деги эле мүмкүн эместигин газетчи катары жакшы билем. Бирок, бул эмне, магиялык касиетпи?..

Эки аялдын ынтымагын айтпайсызбы?

Бул тууралуу жазуучунун байбичеси өзү айтып берсин: «Анда Мурза «Zaman Кыргызстан» гезитинде башкы редактор болуп иштеп жүрчү. Ошол гезиттин ээсин (кожоюну түрк эле) конокко үйүнө чакырыптыр. Алар мусулман динин катуу кармашат эмеспи. Анан эмне кыларын билбей, мени чакырып, Галянын көзүнчө «Түрктөр орустун колунан тамак ичишпейт. Сен тамак жасап бер. Галя, сен болсо 3-4 саатка бир жакка барып тур» деп койсо, ал макул болуп кетип калды. Ошентип конокту тостук. Орустар так эмеспи. Төрт сааттан кийин келип, эшикти кагып, «мне зайти или нет» деди, Мурза «Нельзя. Гости еще дома. Пока ходи» деп каалганы жаап койду, ал ага дагы макул болуп, сыртта ары-бери басып жүрөт. Ага боорум ооруп, Мурзага айттым «Галя кызы менен тоңуп (кыш эле) калбадыбы, үйгө кийриңиз. Эки аялым бар деп эле ачык айтыңыз, түрктөрүңүзгө» дедим, ал менин оюмду туура көрүп, Галяны чакырды. Байкуш тимеле тоңуп калыптыр. Андай адамды кантип жакшы көрбөйсүң. Абдан жакшы аял. Агайыңар Галя экөөбүздүн ортобузда эркелеп эле өттү. Галянын мүнөзү да мага окшоп кетет. Мурза экөөбүзгө тең бирдей мамиле жасачу…

…Көзү өткөнчө сүйдүм. Азыр деле сүйөм. Үйдө жалгыз калганда анын чыгармаларын, досторунун, санаалаштарынын ал жөнүндө жазган эскерүүлөрүн гезиттен окуп, ыйлап алам…

…Көңүл калгыдай сөз айткан эмес, дегеле каккан эмес. Бизди таштап кеткен да жок. Бир жолу ооруканага жатып калдым. Ошондо жаны калбай, күндө Галясына тамак жасатып алып, аны ээрчитип ооруканага келип турду. Галя үйдө жок болуп калса, самсы сатып алып өзү келип, «эртерээк сакайып кет байбиче, мен өлгөндө кошок айтчу сенсиң» деп калаар эле.

Кийин боору ооруп, ооруканага көп жатып калды. Галя жанынан кеткен жок. Күнүгө барып турчубуз. Бир күнү барсам, өңү жакшы эмес. Болбой калган турбайбы деп ичимен «Кагылайын Кудай, мен бардык күнөөлөрүн кечирдим. Кең пейилдик кылып сен да кечир» деп керебетинин аягында жаман болуп турдум. Аңгыча эле (Галя башында болчу) «Галя, де… де… де…» деп эле жатты. «Дети где?» деп сурайын десе керек деп ойлоп кетем. Анан эле кайнежем келип калып, аны менен сыртка чыгып кеттим. Кайра палатага кирейин десем кайним: «Сабыр кылгыла, арты кайрылуу болсун. Үзүлүп кеткенине он мүнөт болду» деди, мен ишенбей бакырып ыйлап, палатага жөнөдүм. Киргизбей коюшту. Ошентип 2002-жылдын 11-июнунда сүйгөн жарыман ажырап калбадымбы!» («Экөө» Алмажан Осмонкулова менен Н.Саалиеванын маеги // Бишкек таймс, 2005, 18-фев.).

Азыркы заманда кайсыл эле күндөштөр ушундай болсун? Кайсыл эле аял башка аялга кетип калган эрине ушундай мамиле кылсын? Бул Мурза акани сыйлоо, урматтоо, сүйүү. А ага жетишүү – бул ар кимдин колунан келе бербестир ой…

Акыркы аялы ким?

«Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» деген наам алгандан кийин куттуктап бир тобубуз барган элек. Ошол учур менин видеокамерамда тартылып калган экен. Мурзаке кубанып биринчи жолу эшик аттап куттуктап силер келдиңер, мен ушул аялды алгандан кийин жакшы наамдарды алдым, али мен акыркы аялымды ала элекмин деп айтыптыр…

Видеотасмада «1999-жыл, 26-июнь» деген дата жазылып турат.

Үнүңүз кана?..

«Азаттыктын» кабарчысы, айтылуу адабиятчы Бекташ Шамшиев жумушка келиптир. Мурзаке тууралуу айтып жатып, «ушул кишинин үнү жазылып калбаптыр» дейт. «Кантип? — дедим чочуп кетип – Тенти Орокчиев жазбаптырбы?», — десем, «Жазылган эмес го», — деди ал айыптуудай.

Жыйырма биринчи кылымга келип, ушул кишинин үнүн жаза албай калган болсок, анда…

Экөө жана үчүнчү

Мурза акани Ош жолунда бадамдар арасында көргөнүмдү «Бадам гүлү сакуранын гүлүндөй» деген темада жаздым. Ырас эле көргөмүн. Качан экени так эсимде жок, бирок так билгеним – бадамдар гүлдөп турган.

Кийин-кийин, арадан отуз беш жыл өткөндөбү, жакында эле Кеңеш Жусуповдун «Жаншерик» деген китебинен карап атып «Жаз» аттуу эссесинен мындай сүйлөмдөрдү таап алдым: «Жазында Түштүк бир укмуш…

Эң алгач Ноокат жазын көрдүм. Өрөөн аппак, кызгылт, саргыч, көгүш бадам, өрүк, алча, алма гүлдөрүнөн жасанган не бир керемет сулуулукка оронуп калат экен. Айтылуу япон жеринин сулуулугунан кем эмес…

…Эртең менен шаарда күн бүркөө эле. Ага карабай     Ноокатка жөнөдүм.

Адырларга көк чыгып, жаз жаңыдан башталган кези экен.

Ноокатка кеткен тоо арасынан бадамдардын бүрдөгөнүн көрдүк. Япон сакурасындай гүлү кооз экен»…

Кийин Кеңеш Жусупов элүүгө чыгып атканда, миң тогуз жүз сексен жетиде Мурза Гапаров мындай деп жазыптыр: «Көк «Жигули» бозоргон адырларды аралап баратат.

Бир маалда тумандын арасынан, адырдын боорунан агарган чакан арал ачыла калды. Агарган арал – гүлдөгөн бадамдар эле. Машинабыз дароо токтоду. Биз чогуубуз менен гүлдөгөн бадамдарга чыгып бардык. Бадамдардын текши гүлдөгөн мезгили экен. Алардын карарган жылаңач шактарынан жана кызгылтым-агыш гүлдөрүнөн муздак тамчылар мончоктоп куюлуп турат. Жамгыр менен тумандын астында ого бетер назик, сүйкүмдүү көрүнөт. Биздин жердеги жазга карата биринчи болуп гүлдөгөн дарак ушул эмеспи…

Кеңеш бир чоң түп бадамдын түбүндө туруп алып, аны куп куштарлык менен карады…»

Эки жазуучу ал күн – бир эле күн тууралуу ушинтип эскерип кетиптир. А ошондо мен аларды көргөн экемин…

Ошону эми эки миң тогуздун жазында кокусунан эстеп жатпаймынбы…

Бул эмне, элеспи?

Эки миң тогузунчу жылдын Ноорузунда Мурза ака Гапаровдун туулган күнүндө газетага ал киши тууралуу Кеңеш Жусуповдун мурда жазган бир макаласын берүүгө камынып калдым. Анан сүрөт берүү керек эле, өткөндө бир жакшы монтаж сүрөттү редакциядагы кайсыл бир компьютерден көргөм. Ал сүрөттө өрүкзар, аябай аппак болуп гүлдөгөн өрүктөр, андан берирээкте жаңы чыгып келе жаткан көк майса, андан да бери эски, кыйла жери ураган пас коргон. Ушул фон. Алдыда болсо Мурза ака.

Мен ушул даяр сүрөт-коллажды аябай издедим. Бирок таппадым. Башка сүрөт бердик.

Кийин бир компьютерден баягы сүрөттү – фонду көрдүм, бирок ал жерде Гапаровдун сулуу сүрөтү жок экен. Эмне мен өзүм кыялымда бул элести түзүп алып издей бердимби? Түшүнбөй калдым…

Нобель сыйлыгы

Ошто Камбар ака Бобуловду эскерүү кечесинин кийин чай ичкен жерде жазуучу Ишенгазы Мусаев сүйлөп жатып Нобель сыйлыгын кыргыздардан бир гана киши – Мурза Гапаров алыш керек эле, эгер анын аңгеме-повесттерин, киносценарийлерин бүт англис тилине которуп чыгарганда деди.

Жазуучу сыртта неге бааланбай жатат?

Мурза Гапаров кыргыз улутундагы өз стили бар, дүйнөлүк классиканы жетик өздөштүргөн, советтик идеологияга жамынбаган автор болсо да неге анын чыгармалары дүйнөгө тарабай жатат? Мен ушул суроого кыйла жооп издедим. Ар кандай себептерин көрдүм. Менден да кыйла омоктуу ойду театр сынчысы, режиссёр, драматург Жаныш Кулмамбетов айткан экен, ошонун пикири менен эле чектелип турууну эп көрдүм: «Мурза Гапаров кыргыз адабияты менен драматургиясындагы уникалдуу художник. Прозабыздабы, драматургиядабы – кайсынысы болбосун, сулуулуктун, айрыкча аял затынын сулуулугунун баркын билген, жибектей чоюлган, өлүмжан үнүн көтөрүп катуу сүйлөбөгөн – бул калемгердин чыгармачылыгы кыргыз сөз өнөрүнүн ичинде кескин өзгөчөлөнгөнү менен айырмаланат.

Мурза Гапаров улуттук драматургияга мүнөздүү болгон эки факторду – сөздүн маңызын жана поэтиканы сактоо менен ага дүйнөлүк драматургиянын жетишкендиктерин синтездей баштады. Бир сөз менен сыпаттаганда, ал улуттук пьеса жаратуу салтын сапаттык жаңы баскычка көтөрүп, катып-сенейип калган драматургиябызды жаңы эволюциялык өсүшкө тушуктурду. Ошондуктан биз М.Гапаровдун чыгармачылыгы жөнүндө кеп кеткенде, сөзсүз түрдө «кыргыздын улуттук пьеса жаратуучулугун дүйнөлүк драма өнөрүнүн эң алдыңкы стандарттарына чейин жеткирди» деп айтуудан тартынбашыбыз керек.

«Андай болсо, эмне үчүн М.Гапаров ушул кезге чейин эл аралык деңгээлге чыга элек?» деген суроо туулушу мыйзам ченемдүү. Себеби өтө жөнөкөй жана элементардуу деп ойлойм. Биринчиден, кыргыз адабияты менен драматургиясында бир кезде, өзүнүн жеке мамилесинин анчейин экенине карабастан, Лев Николаевич Толстойду Батышка пропагандалаган Иван Сергеевич Тургенев сыяктуу бир дагы атактуу инсаныбыз жок экен. Болсо да, «өзүмдүн атым чыкса болду» деген эгоисттик кызганычтан, пендечиликтен жогору көтөрүлө албайт окшойт кыргызда. Экинчиден, М.Гапаров дүйнөдөгү адамзат кыймыл эткен тармактардын баарын монополиялап алууга умтулган, ааламда укмуштуудай кубаттуу коммуникативдик, пропагандалык система түзүшкөн еврей сыяктуу улут менен ымаласы анча болбосо керек. Аларга кошомат айтып, алардын конъюнктурасына баш ийүүнү билбесе керек. Үчүнчүдөн, ал башка жазуучулар, же драматургдар өңдөнүп чыгармаларын бөтөн тилдерде басып чыгарууга, же рампанын жарыгын көргөзүүгө жанталашып «самореклама» менен шугурланган инсан эмес. Ушул эң жөнөкөйдөй туюлган себептерден улам кыргыз драматургунун дайыны эл аралык масштабга чейин билинбей, Ала-Тоо менен Ала-Таунун тоо кыркаларынан ары аша албай кала берүүдө. М.Гапаровдун мыкты чыгармалары ушинтип дайыны билинбеген жалгыз аралчадагы суу жетпеген жапан сөксөөлдөй болуп улуттук алкактын ичи менен чектелүүгө мажбур болууда.

Калемгердин нары интеллектуалдуу, нары, поэтикалуу, парадокстуу, уникалдуу көркөм дүйнөсүн өздөштүрүп, чечмелөөгө эмприкалык ой жүгүртүүдөн жогору көтөрүлө албай аткан улуттук сахна өнөрүнүн кудурети да, интеллект деңгээли да жете алчудай эмес, азыр.

Бая Стендаль айткандай, Гапаровду 21-кылым эле түшүнбөсө…» (Кулмамбетов Ж. Туздуу чөлдөгү күнөстүү арал // Асаба, 1996, 25-окт.).

Тилекке каршы, Жаке,  М.Гапаровдун эл аралык деңгээлге чыгышы тууралуу маселе, мына, 21-кылымдын дагы он үч жылын артка таштадык, ошол турган ордунан козголбоду.

Жазуучу тууралуу жакшы сөздөр

«…Мурза Гапаров тирүү кезинде унутулуп калчу, саман-топонду эле жазып чыгарган жазуучулардын катарына кирбейт. Анын жазгандарынын көпчүлүгү адабий классикага кирди деп айтса болот. Мен бул кишини чоң ойчул, чоң философ деп айта албайм. Бирок мыкты сүрөткер эле. Көргөнүн көргөндөй, окуган кишинин көпкө чейин эсинен кетпей тургандай кылып жандуу элес жараткан сүрөткер болчу. Жазуучу катары, сүрөткер катары адабиятыбыздын төрүнөн орун алган киши болчу…» (О.Ибраимов).

«…Мурза Гапаров дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн жакшы билчү. Дүйнөлүк адабий үлгүлөрдү өзүнө сиңирип, аны чыгармалчылыгында туюнта алган жазуучу. Адам сулуулугун, ички дүйнөсүн берүү жагынан мыкты чебер болчу. Зардалы, Айгүл тоо, Ноокаттын өрүкзары, Кара-Көлдүн каздарын жазабы – баарын таасын сүрөттөп берет. Анан да Мурза акенин ширин тили өзгөчө баага арзый турган көрүнүш. Түштүк диалектисин чыгармасына ыктуу колдонуп, окуган адамды тартып алат. Дагы бир өзгөчөлүгү кайсы жерден баштап, кайсы жерден бүтүрүүнү мыкты билгендиги. Ички редактору күчтүү. Артыкбаш эч нерсе жок» (М.Абакиров).
Мурза акесиз күн

Мурза акани коюп, көрүстөндөн чыктык. Кара ашын жеп-жебей шашылгандар жумушуна кетишти. Мен да жумушка келаттым. Көчө башкача боло түшкөндөй. Ошол көчөдө Мурза ака эми эч качан баспашын билгенде жүрөгүм ачышып-ачышып кетип атты…

Көчө мага бейтааныш шаардын көчөсүндөй сезилди…

Арзыматтардан – сакуралардын саясына

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында акын-жазуучулар бийликке аябай кошоматтанууга өтүп алды. Мурза Гапаровго да үй алып бергендер, үй бергендер аны өздөрү тарапка имерип көрдү. Болбоду. А түгүл жаны ачыганда мындай саптарды жазып жиберди: «… Сары-Өзөндүн даанышман уулу Шабдан баатырдын ошондой (Токтогул менен айтышкан Арзыматтай кошоматчы – М.А.) ырчысы болгон турбайбы, кара жаак Калмырза деген. Баатыр ажылыкка аттанганда Калмырза минтип атказган имиш:

«Ак боз бээни сойсок да,
Атын Шабдан койсок да,
Ааламдан чыкпайт сизге тең,
Баатыр Шабдан кеменгер,
Ажыга аман барып, аман кел…»

Ушул жерге жеткенде Шабдандын жан жигити Баяке: «Токтот, токтот… Ар жагын бузуп аласың» деген дешет. Ырчы дароо басылып, андан жогорку кыска жана нуска саптар гана калыптыр. Атаганат, азыркы биздин эл башчы, жол башчыларыбыздын жанында дагын Баякедей эр жигиттер бар болсочу. Анан ал жигиттер ар кандай айлакер кошоматчылардын алдын тороп, алардын аяр арзуусун аңдып, үлкөн үмүттөрүн үзүп, үшкүртүп турушса» (Гапаров М. Ак үйгө арналган серенада // Асаба, 1998, 3-апр.)

Мурза Гапаров мына ушинтип бийлик жана жазуучу, кошоматчылык жана чындык, көшөкөрлүк жана түздүк тууралуу ойлорун айтып келип, негедир жазып аткандарын маанайы чөгүңкү уруй менен мындай куласалайт:

«Биздин өлкө баатырларга муктаж. А биздин баатырлар – арзыматтар.

Айта берсе арман көп…

Негедир уйкум келет… уйкум келет…

Негедир Киотого кетким келет… Ал жакта азыр сакуралардын чатырап гүлдөгөн малы. Сакуралардын саясында чачтары карганын канатындай жалтылдаган, ажары айдай айымдар, айымкыздар баратышат. Ааламдагы эң сулуу аялдар Киотодо жашашат. Киото-сан… Сакура-сан…»

Ырлардагы сырлар

Мурза Гапаровду окурмандар карасөзчү, драмачы, киносценарист катары билген менен анын ырлары да бар. Көппү, азбы, анысын билбейм, жарыялангандары аз, өтө аз. Негедир ал жашоосунун кышы келип калганда отура калып ырларды чеймелей салыптыр. Карасөзгө окшогон, уйкаштыгы, муун саны салттуу кыргыз ырына окшобогон, эркин ырлар экен алары. Бул ырлар биз менен коштошуп жатканы экен.

Мына үзүндүлөрдү окуңуз:

Боз түштү баш калаага…
Бозорду кызыл асаба…
Бүгүн кыйын…
Бүгүн куюн… («Куюн»)

Арманыңды айтылган өз төрүңдөн,
Адам аттуу эч бир жан укпай коюп…
Саратанда ныксырайт гөрүстаның,
Мунарыкта тунжурайт гүлкайырлар («Көңүл жубатуу»)

 

Күз күндүн нөшөрүндө,
Кыш түнгө өтөрүмдө,
(О дүйнө кетээримде),
Чартылдап чагылганың,
Өрттөдү өзөгүмдү…
Анаке күйүп барам,
Акыры тынчып санаам…
Каухарым – сен менин ажалымсың («Ажалдын ажары»)

 

Коштошор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө менде эми убакыт тар…
Кош болгула, шаптоолу бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар… («Коштошуу», 2001, 5.05)

Эңилип эшик ачып, төрүңө төрөлөрдү отургузуп
Качангача кул сымак тим турасың?
Баёо болуп, аңкоолонуп
Байыркы эл, не байлардан кымтыңасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошордо кайгырып, муңкурадам.
Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,
Ак карларың эрибес – Акак апам…
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми, Ата-Журт…
Кучагыңды кучактап… эркин жатам…(«Коштошуу», 2001, 5.05)

Ташпанар – эстелик

Мурзаке сүрөтчү уулу Исраилге айтыптыр, өлгөндө бейитбашыма сүрөтүмдү койбогула дептир. Жапан стилиндеги ташпанар коюп койгула дептир. Ошентишти. Өлгөнгө чейинки элиталардын заңгыраган мүрзөлөрүнүн арасында жөпжөнөкөй бир эстелик-фонарь турат. Белгисиз бир кол дал ошол фонарды көтөрүп, жапандардын байыркы шаары Киотого, же тазалыктын тоосу Фудзиямага быжырап аябай көп ажайып гүлдөрүн самсалатып төгүп турган сакураларды аралап, дервиш сымал жай басып бараткандай…