МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ЛАТЫН АРИБИНЕ ӨТҮҮ ЗАРЫЛБЫ?

Редакцияда: Белгилүү зиялыбыз Абдыкерим Муратовдун бул демилгесин коомчулуктун талкуусуна салабыз. Себеби, автор жүйөөлүү маселени кабыргасынан коюп туру… Эртеби, кечпи – интеллигенция катмарынан бул маселени көтөрөр бирөө-жарымы чыгыш керек эле. Демилге көтөрүлдү… Тек, пикир жараталы, үн каталы…

Агер биз алдыга өсүүнү кааласак, «талаштан тактык жараларын» эске алалы… Бул маселенин тегерегинде үн кошобузбу же четке кагабызбы – арийне, коомчулукка салынган бул демилге улутту ойлондурар олуттуу маселе экенин унутпайлы. Алдыда уланаар талкуулар илим-билимге жол издөөнүн аракети болууга тийиш. Андыктан «РухЭш» сайты бул темада өз пикирин билдирүүнү каалаган түрдүүчө көзкараштарга толук орун бере тургандыгын билдиребиз…

Жакында Казак Республикасынын “Хабар” телеканалынан өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаевдин “Астана экспо-2017” фествалынын жабылыш аземине байланыштуу маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүн угуп отурдум эле, бири убакта журналисттердин бири казак тилинин арибин латынчага өткөрүү боюнча элбашыга суроо берип калды. Н.Назарбаев ошондо бул маселе бир топтон бери талаш жаратып келгендигин, көптөгөн тилчи окумуштуулар бул боюнча пикирлерин айтышканын, жыйынтыгында акырындап 2022-жылдан латынчага өтө баштайбыз деди.

Орус (славян) криллица алфавитинде тамга тааныган, окуп билим алган жана анча-мынча жазып жүргөн киши катары бул маселе мени кыйла толгонтту. Эмне үчүн биз 77 жыл бою колдонуп келген криллицадан качып, латынчага өтүүбүз керек, анда советтик учурда жазылган китептер, гезит-журналдар эмне болот, адамдарыбызды кайра дагы бир жолу сабатсыздыкка түртүп барбайбызбы деген суроолуу ойлор келди. Бирок менин бир заматта келе калган ойлорума кайра эле казак элбашысы өзү жүйөлүү сөзү менен жооп бергендей болду: азыркы алфавиттеги бир катар тамгалар, мисалы, ё, я, ю, щ, ь, ъ казак тили үчүн колдонулбайт, андай болсо аларды эмне үчүн арибдер курамында сактап жүрөбүз деди. Ушул сыяктуу бир топ мисалдарды келтирди, айрым сөздөр эми кандай айтылып, жазыларын да түшүндүрдү, баарынан да англис тилин өздөштүрүүдө, компьютерди колдонууда латынча кыйла ыңгайлуу болоруна токтолду, көптөгөн элдердин жазуу системасына жакындашабыз деди.

Анан менде кайра дагы бир ой пайда болду: латын арибине араб арибин таштап Түркия 1928-жылы эле көчкөн, орус алфавитинен баш тартып СССР бузулгандан кийин Азербейжан алгачкылардан болуп өттү, андан кийин Өзбекстан, Тажикстан, эми минтип Казакстан өтүп атат, анан биз латынчага өтө албай калып калабызбы?

Азербейжан Республикасынын Улуттук академиясынын Тил таануу институтунун директорунун орунбасары, филология илимдеринин доктору Масуд Махмудов латынчага өтүүдө казактарга жардам берерин убада кылды. Бизге Түркия эгемендүүлүк алгандан тартып эле бул иш башталса, жардам берерин убада кылып келет. Демек, алгачкы болуучу кыйынчылыкта бел болор боордоштор да чыккыдай…

Негизи латын арибине өтүү большевиктер бийликке келгенде эле, СССР түзүлө электе эле башталыптыр, жаңы өлкөнүн агартуу эл комиссары А.Луначарскийдин айтуусу боюнча В.И.Ленин орус тамгаларын латындаштырууну колдоптур, мисалы, кыргыздар 1928-жылдан 1940-жылга чейин латын ариби менен жазып келдик, алгачкы окуу китептери ошол арибде чыккан, кыргыздар сабатсыздыгын ошол алфавит менен жойгон, анан эле тилдер жана тамгалар да саясатташып, орус тамгаларын колдоно баштадык. Кыргызстанда латынча окугандардын соңкулары азыр да арабызда жашап жатат. Демек, биз латынчага өтүү менен эски булагыбызга кайтат экенбиз, мурдагы тарыхыбызды тикелейт экенбиз. Деги эле бул же тигил алфавитке өтүү да саясат болуп келгендиги элди кыйын абалга кириптер кылган, кыргыздар үч жолу алфавитин өзгөрткөн, үч жолу сабатын ачкан.

Мустафа Кемал Ата Түрк боордош түрк элдеринин баары бир арибди колдонсо деп тилек кылчу экен. Ошону И.В.Сталин билиптир. Түркияны латынчага өткөрүү үчүн азербайжан уулу Мырза Фатали Ахундовду атайын үгүтчү кылып Ыстамбулга жибериптир, алар ошентип 1928-жылы латынчага өтүп кетиптир да, ана-мына дегиче он жылдай ооп кетип, СССР курамындагы түрк элдери Түркиядан алысташ үчүн орус тамгасына өтүптүр…

Ошентип биз латын графикасына өтсөк кандай утуктарга ээ болобуз?

  1. Кошуна түрк элдери бири-бирибизди окуп түшүнө алуубузга жол ачылат.
  2. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен жазуу-сызуу жагынан интеграциялашабыз.
  3. Компьютерде иштөөгө бир кыйла ыңгайлашабыз.
  4. Латын ариби үнөмдүү жана сулуу ариб деп аталат, аларды колдонуу менен кагаздын, компьютер бетинин 10%ын үнөмдөй алабыз, гезит-журнал, китеп беттери техникалык жана графикалык жактан коозураак көрүнүп, сарамжалдуулук ишке ашат, б.а., азыркы 200 беттик китеп 180 беттей эле болуп калат, мунун өзү полиграфиялык индустрияга пайда алып келет.
  5. 1928-1940-жылдарда чыккан басма продукцияларын түп нускада окуй берүүгө жетишебиз.
  6. Азыркы алфавит камсыздай албай жаткан эки түрдүү айтылыштагы тыбыштар Кк – Kk болуп, Ққ – Qq болуп, жазылып, окулуп “кирпидеги” жумшак тыбыш менен “каргадагы” каткалаң тыбышты айырмалап калабыз. Ушундай эле бөтөнчөлүк Гг – Gg жана Ғғ – Ğğ менен да ажыратылып калат.
  7. Э-э тамгаларын алып койсок да боло берет, анын ордун Е-е камсыздай алат: Ене, елек, ешик деп жаза беребиз, балдардын башын адаштырбай.
  8. Абдан көп сөздөрдө керектелүүчү Aa тыбышынан башка Әә деген тамга менен белгиленүүчү тыбыш бар. Ошол тыбыштын тамгасы жок болгондуктан, мисалы, Кочкордон чыккан Молдо Кылычтын ырларындагы зәрде, гәзәл, әвәз, дәрә, мәзә, дәжәәл, пәнә, шәкирт ж.б. көптөгөн сөздөрдү туура эмес жазып, туура эмес окуп келебиз.
  9. Азыр айылдагы аксакал-көксакалдын баары смартфон, айфон дегендерди көтөрүп жүрүшөт ко, эгер латынчага өтсөк аларды жогорудагы аппараттарды колдонушу дагы жеңилдемек.

Кыргыз тили үчүн латынча кыргыз алфавитин түзүү боюнча ар түрдүү варианттар мурдатан эле айтылап келет. Ал эми казактарда ондогон  варианттар сунушталды.

Бири мындай:

Aa Әә Bb Dd Ee Ff Gg Hh Iı İi Jj Kk Ll Mm Nn ŋ Oo Öö Pp Rr Ss Şş Tt Uu Üü Vv Ww Yy Zz + (Cc) (Çç) (Qq) (Xx).

Экинчиси:

Үчүнчүсү:

Биз уялбай-нетпей эле казак тилинин ушул латын алфавиттеринин бирине токтолушубуз керек да, латынчага эртерээк өтүүбүз зарыл. Алдыга кетүү деген ушул!