АБЫКАЕВ Абийирбек: АЛЕКСАНДР ГРИН: АТАНЫН КААРЫ

АҢГЕМЕ

Беринг алыскы сапардан кайтаар астында анын уулу, кичинекей Том Беринг Корнелия тай эже менен анын күйөөсү Карл жезденин чабуулуна кабылды. Том үңүрөйгөн көңүлсүз китепканада түркүн түстүү самындын көбүгүн үүлөп ойноп отурган. Анын ага чейин эле кылган оор кылмыштары жетишерлик эле, маселен терезеге тарткан пардоону күн нурун чогулткан чоңойткуч айнек менен күйгүзүп тешип салганы, жашынып алып “Декамерон” аттуу китептеги уятсыз сүрөттөрдү караганы, кошунанын баласы менен мушташканы, бирок Карнелияны китепканада  самындын көбүгүн чыгарганы бөтөнчө толкундатты.

Заңгыраган кенен үй мындай жеңил-желпи мамилени көтөрө албайт эле, ошондуктан Карл жезде баланын колунан самындын көбүгү куюлган табакчаны, а Корнелия тай эже айнек түтүкчөнү салтанаттуу түрдө жулуп алып коюшту. Корнелия көпкө чейин ачууланып, Томдун келечекте кылмышкер же бир селсаяк болорун айтып, ага коркунучтуу тагдырды энчиледи да, аягында:

— Атаңдын каарынан сактана бер! Ал келгенде мен эч нерсени жашырбай, кылыктарыңдын баарын төкпөй-чачпай айтып берем, анан анын каары кандай экенин жон-териң менен сезесиң.

Карл жезде да ага эңкейип, кабагын түйүп кошумчалап койду:

— Атаңдын каары кандай экенин го билесиң!

Алар кеткенден кийин Том чоң креслонун бурчунда ойго батып, астыда аны күтүп турган окуяларды элестетүүгө аракет кылып отурду. Чынында, Карл менен Карнелия дайым эле ага жогортодон карап сүйлөгөндөрү көнүмүш нерсе дечи, бирок бул жолу алардын “атасынын каары” тууралуу кайра-кайра кайталап айткандары Томго бир топ катуу таасир берди. Тай эжеси менен жездесинен “каар” деген эмне экенин сураса деле болмок, бирок андай кылса өзүнүн коркконун билдирип коймок. Андыктан алардын табасын кандыргысы келген жок Томдун.

Бир аз ойлонуп отурган соң, Том креслодон түштү да, бакчадан жолуккан кишилерден билбегенин билүүнү көздөп, каадалуу кишиче жөнөп калды.

Бакчадагы чоң дуб дарагынын көлөкөсүндө Корнелиянын туугуны, адабиятчы Оскар Мунк гезит окуп жаткан эле.

Том индеецтердин  шыбырт чыгарбай баскан кадамын туурап, жыла басып келди да, ага жакын келип кыйкырды:

— Хуг!

Мунк гезитин четке коюп, баланы тизесинен кучактап өзүнө тартты.

— Оринокодо баары тынч, — деди ал — Гурондор шалбалуу талаага киришти.

Том оюнга көңүлдөнгөн жок.

— Сиз билесизби, каар деген эмне? Бирок мен бул тууралуу сураганымды эч кимге айтпаңыз, ээ.

— Каар?

— Ооба, атамдын каары, ал эртең келет. Ал өзү менен кошо каарын ала келет экен. Жеңем менин самындын көбүгүн чыгарганымды, терезе пардоону тешкенимди айтам деп атат. Тешик деле кичинекей болчу, ошентсе да ал жөнүндө атамдын каары билбей эле койсо дейм.

— Аа, ошондойбу! – деди Мунк Томго түшүнүксүз жапайы күлкүсүн жаңыртып, анын күлкүсү баланы эркинен тышкары үч кадам артка кетенчиктөөгө мажбурлады, — ооба, атаңдын каары өтө коркунучтуу, анын төрт буту, төрт колу бар. Эми анын күлүктүгүн айтпа! Эки көзү эки жакты карап күйүп турат. Укмуштай жагымсыз, түрү суук неме.

Том ого бетер көңүлү чөгө түштү, ушунчалык коркунучтуу нерсе жөнүндө аябай көңүлдүү сүрөттөп берип жаткан Мункту таң калгансып карап турду. Ал башка эч нерсе сурагысы келбей калды, ал кошуна үйдө жашаган сегиз жашар Моллини көргүчө, бир топко аллеяда ары-бери ойлуу басып жүргөн; ал аны көрө калып астынан тосо чуркап барды эле, Молли аны көргөндө эле артына бурулуп качып берди, анткени экөө гүл өстүрүүчү жайдын терезесине таш ыргыткандан кийин ага Том менен ойноого тыюу салынган. Адатта мындай учурда  баары Томдон көрүшчү, бирок бул жолкусунда  “окторун” терезенин кашегине тийгизишти Молли сунуштаган.

Бул арык, тармал чач кызга болгон жылуу сезимине жетеленген Том, бети-башын  тыттырып, тикенектүү бадалды аралай чуркап, кызга жете албай калды да, ызасына чыдабай куюлган көз жашын жеңи менен сүртүп алып үйүнө жөнөдү.

Үй кызматын аткарган кыз столго эртең менеки тамакты жайып, ашканага кирип кетти. Том чоң айнек идишке куюлган алтын түстүү шарапты көрүп, “Жээктеги деңиз каракчылары” деген китептеги капитан Кидд эл жашабаган ээн аралда жапжалгыз отуруп ром ичүүгө мажбур болгонун эстеп кетти.

Том Кидди аябай жакшы көрчү, андыктан столго чыгып, стаканга шараптан куйду да кобурай баштады:

— Сиздин ден-соолугуңуз үчүн, капитан. Мен пароход менен сизди сакташ үчүн келдим. Коркпоңуз, биз сиздин кызыңызды издеп табабыз.

Том стакандан жаңы эле ээрдине такап ууртай баштаганда Карнелия кирип келди да, аракечти столдон алып түшүп, унчукпай туруп, чын дилинен май куйрукка үч жолу чаап-чаап алды.

Анан кемпирдин жин тийгендей ачуу чаңырыгы чыкты, анын колунан жулунуп чыккан кылмышкер бакты аралай качып, андагы жыгач сарпаянын астына кире качты.

Ал эми аны оңдурбасын сезди. Бир гана үмүт атасында калды, ал өзүнүн каарынан уулун ажыратып алып калат деген ишенич эле.

Атасынын кара муруттары менен Томдун жүзүн толук жаап калчу чоң, жылуу алакандарынан башка Томдун эсинде эч нерсе деле жок. Апасын болсо таптакыр эле билбей калган.

Ал улам улутунуп, тордон атасынын каарын чыгарганда эмне болорун элестете албай кыйнала берди.

Томдун ою боюнча түрү суук ал желмогузга тор сөзсүз керек. Ал бурчтан өзү жасап алган жааны эки жебеси менен алып чыкты, бирок бул куралы жетиштүү болору күмөн эле. Ал эркин жыйнап, сарпаянын астынан чыкты дагы жашырына басып террассадагы Карл жезденин кабинетине  кирди. Дубалда тапанча жана мылтык илинип турчу. Том көп жолу уккандыктан алардын октолбой турганын билчү, ал мылтыктын дарысын багбандын уулунан таап уурдап алам деп ойлоп койду. Ал эми бытыранын ордуна майда таш салып койсо болмок. Жаңы эле дивандын кырына чыгып, жез тулкулуу чоң тапанчаны ала баштаганда  Карл жезде кирип келди, ал таңкалганынан ышкырып жиберди да, өзүнүн аркайган катуу манжалары менен Томду желкесинен кабыштыра кармады. Том жулунуп жатып бошонду, дивандан кулап түшүп, тизесин оорутуп алды. Ал  аксаңдай басып турду да, башын ылдый салып, жездесинин  чоң тапичкесинин башын тиктеп унчукпай туруп берди.

— Өзүң айтчы, Том, — деп баштады жездеси,-  Гаральд  Берингдин уулуна эч кандай жаман жөрөлгөнү көрбөгөн кабинетке минтип уурулукка киргени жарашабы?  Бул кылганың деги кудайга жагабы?

— Мен ойлогом, — деди Том, — Жезде, мага тапанча керек болчу. Атам менен кошо келген каарга мен жөн эле багынып бергим келбейт. Ал мени өлтүрүп эле тынбаса, тирүүлөй жеңе  албайт.

Карл жезде бир аз унчукпай калды, анан көөдөнүнөн мөөрөгөн сыяктуу үн чыгарды да, терезеге бурулуп, мүштөгүнө тамеки шыкай баштады. Ал ишин аяктап бери караганда анын жүзү негедир Мунктукуна окшоп кеткенсиди.

— Мен сени бул жерге камап кетем, эртең мененки тамак да берилбейт, — деген Карл жезде кабинеттин оозуна токтой калып. – Бул жерде калып, мен эшикти бекиткенде ачкыч кандай шарактаарын угуп ал, атаңдын каарынын тиштери да так ошентип шарактайт. Эч нерсеге тийчү болбо.

— Ошентти да, эшикти жаап, ачкычты шарактата эки бурап каалганы бекитип, ачкычын чөнтөгүнө салып жолуна түштү.

Том ошол замат эле ачкыч салган тешиктен  шыкаалай баштады. Жездеси бурчтан айланып кетер замат, терезени ачып, үйгө улай салынган майда курулуштардын чатырына, андан өсүп турган гүлдөрдү уйпалаган боюнча, гүлбакчанын так ортосуна  секирип түштү. Азыр ал күтүп турган ажалдан кутула албасын билген адамдай баарына кайыл, баарына даяр. Оюна токойго барып катылган алтын менен курал таап алгыча чөп-чар жеп, жерди оюп үй жасап алып жашагысы келди.

Тосмону бойлоп ошентип ойлуу баратканда, тосмонун торунан Карл жезденин үйүн көздөй кара жол менен зымырап келаткан автомобилди көзү чалды. Машинеде кара мурут орто жаштагы адамдын жанында  ак жуумалынан келген жаш келин отурат. Алардын артынан сандыктар менен чемодандар жүктөлгөн экинчи автомобиль зуулдап келатыптыр.

Том аларды жакшылап карап бүткүчө эле, автомобилдер үйдүн астына келип токтошту да, машинелердин үнү өчүп жымжырт боло түштү.

Бүдөмүктөнүп эсине келе түшкөн, жүзүн толук жаап калчу жылуу, чоң алакандардын элеси, аны бир көз ирмемге ордунда тык токтотуп, анан акыл-эсин жогото үйдү көздөй сызып жөнөөгө мажбур кылды.

“Чын эле бул менин атамбы?”— деп ойлоду ал, клумбаларды аралай жолду кыскарта чуркап келатып, ошол кезде өзүнүн кабинеттен качып чыкканы, ырайым күтүп кечиримге муктаж болуп мукураганы да эсинен тарс чыгып кетти.

Арткы эшик менен кирип, үйдүн бөлмөлөрүн аралай чуркап, кире бериштеги бөлмөгө жеткенде анын шек саноолорунан эч нерсе калган жок. Ал жерде Карнелия, Карл, Мунк жана үй кызматкерлери кара мурут, узун бойлуу киши менен аны жандай келген жаш айымды тегеректеп алышып, алардын ал-жайларын сурап жатышкан экен.

— Уулумду эртерээк көрүүнү самап бир күн эрте чыккам, ал  кайда жүрөт? Ал эмне  көрүнбөйт?

— Азыр аны ээрчитип келем, — деди Карл.

— Силерсиз эле өзүм келдим, —деди Том Корнелия менен семиз үй кызматчы аялдын ортосунан сыгылып чыга калып.

Беринг  көзүн жүлжүйтө аны бир азга тиктей калды  да, бек кучактай  көтөрө калып, тытылган бетинен өптү.

Карлдын көзү чакчая түштү.

— Эй, мен сени жазалап, камап койбодум беле!

— Бүгүн ага мунапыс берип коюңуз, — деди Беринг баланы жаш келиндин алдына  жетелеп келатып.

“Атамдын каары ушул немеби? — деп ойлоду Том келинди сынай карап, — өтө деле окшошпойт, бул эмес болуш керек”.

— Бул эми мындан кийин сенин апаң болот… Кэт, бул “жиндиге”апа болуп бер.

— Мындан ары чогуу ойнойбуз, — деп шыбырады ал Томдун кулагына, адамды кытыгылаган назик, жылуу үнү менен.

Ал атасынын айтканына муюп, анын чоң асман түстүү көздөрүнө тигиле карап, колунан кармады. Мунун баары Карл менен Карнелия экөөнүн мамилесинен таптакыр башкача эле. Анын үстүнө эртең мененки тамак менен да камсыз болду.

Аны жетелеп жуунтканы алып жөнөштү. Бирок дагы эле Томдун жүрөгүн түпөйүл кылган бир нерсе бар эле, анткени ал Карлды да,  Карнелияны да жакшы биле турган. Алар берген убадаларын дайыма аткарышчу, эмдигиче экөө атасынын каары менен сүйлөшүп коюшту болуш керек.

Кызматчы аял сүлгүргө кеткенинен пайдаланып,Том атасы үчүн камдап коюшкан бөлмөнү көздөй чуркап жөнөдү. Том атасынын каары болсо, ошол бөлмөдө болорун  билчү. Ал ошол жакта камалган боюнча, качан  бошотот деп күтүп, билинбей тынч отурат болуш керек. Том ачкыч салган тешиктен шыкаалап, бөлмөдөн эч кимди көрө алган жок. Бөлмөдө таңгакталган килемдер, кабат-кабат баалуу териден жасалган кийимдер, таарчаларга оролуп байланган кутучалар жаткан эле. Көп сандыктар — бөтөнчө анын ичинен капкактары дубалга такай ачылган эки сандык, тынч жана кыймылсыз жашоого ылайыкталып жасалгаланган чоң бөлмөнүн көркүнө коошпой, анын көнүмүш көрүнүшүн бузуп турду.

Азыркы кылып жаткан ишинен канчалык коркуп турса дагы, жүрөгүн өйүгөн оор нерседен тезирээк кутулууну самап, эшикти шарт ачып бөлмөгө кирди. Анын бактысына керебеттин үстүндө чыныгы чоң тапанча жаткан. Тапанчаны мурда колуна кармабаса да, китептерден ок чыгаруу үчүн кайсы жерин басышты көрүп жүргөн Том, тапанча колуна тийгенде шерденип, тапанча кармаган колун алдыга созгон боюнча ачылып турган сандыкка жакындады.

Ошол жерден Том  каарды көрдү.

Сандыктан бою эки чейрек, ак, төрт буттуу желмогуз жүлжүк көздөрүн акшырайып аны карап турган эле.

Том кыйкырып жиберди да, баса турган жерди басып жиберди.

Сандык жарылып кеткендей болду. Терезеге, столго ышкырып учкан чамындылар тарсылдап тийип жатты. Том жерге отура калып токтобой атылып жаткан тапанчаны ыргытып жиберди да, өкүрүп ыйлаган боюнча Карл, Карнелиялар менен чогуу жүгүрүп келген, өңү ак кагаздай кубарган Берингди кучактап калды.

— Ата, мен сенин каарыңды өлтүрдүм! – деп кыйкырды ал, кубанып толкунданып алган үнү менен, — Мен аны атып салдым! Ал эми мага эч качан тие албайт! Мен жаман эч нерсе кылган жокмун! Парданы тешкеним чын, Кидд менен ром ичкем, бирок мен каарга жолуккум келген эмес!

— Тынчтан Том, — деди  эс ала түшкөн  Беринг, уулунун алигиче титиреп жаткан денесин кучактап, — Мен баарын билем. Менин кичинекей Томум…байкушум, тирүү жандыгым!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ