МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: ТОКТОГУЛДУН ЫРЛАРЫ ТҮЗӨТҮЛГӨНБҮ?

Элде ушул күнгө чейин эле биз 80 жыл окуп жана окутуп келген Т.Сатылгановдун айрым хрестоматиялык ырлары жасалма, аларды Ж.Бөкөнбаев саясатка ылайыктап жазып чыккан деген пикир бар. Ушул ойдун чындыгы канчалык?.. Текстология илими ушуну аныктай алдыбы? Кыргыз адабияты боюнча энциклопедияда да (Т.Сатылганов тууралуу макаланын автору К.Даутов) мындай сүйлөмдөр кездешет: «Токтогулдун совет доорундагы ырлары жөнүндө кийинки кездерде басма беттеринде, адабий, илимий чөйрөлөрдө талаш-тартыштуу пикирлер жаралып келатканы маалым. «Беш каман», «Арзымат менен айтышы», «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» аттуу ырлары текстологиялык, фактологиялык маани-мазмунда, өзгөчө салыштырма стилдик, манералык формада каралууга өтө муктаж. Бул – тарых чындыгынын талабы, мезгил талабы. Жасалмалап иш жүргүзүүгө кандай зарылчылык алып келгенинин себептерин ачып чыгуу керек. Акындын адабий мурасы ушул кезге дейре сабаттуу текстологиялык изилдөөгө түшө элек. Аны жүзөгө ашыруу келечектин иши»[1].

Токтогулду алгачкы жазып алган жана жаздырган, чыгармаларын бастырган адамдардын алтаны Жоомарт болгон. Бул – эч ким тангыс факт. «Жоомарт Бөкөнбаев 1936-жылы июнда Арым жайлоосуна барып, негизинен Корголдон, дагы башка кишилерден Токтогулдун «Алымканга», «Папы калпа», «Кербез», «Аккан суу» ж.б. ырларын жазып алып, 1938-жылы чыккан китепке киргизет. «Жоомарт изилдөө жумушун көздөбөгөндүктөн, элден сурамжылап, дагы толуктап жыйнаган эмес»[2]. Коргол берген маалымат боюнча Жоомарт ошол барышында жайлоодо бир ай жүргөн жана дептерлерге жазып алып, Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Коомдук илимдер бөлүмүнүн фондусуна тапшырган. Эгер оңдосо бир гана Жоомарт оңдошу мүмкүн экен, андан кийин фонддо ошол бойдон кол тийбей сакталыптыр»[3]. Көрүнүктүү токтогултаануучу Жаки Таштемировдун бул айтканы канчалык чындыкка дал келет, кепил боло албайм. Бирок шек туудурган учурлар жок эмес, бар. Дурус эле бар.

Эми тарыхый кырдаалга келели. XX кылымдын 30-жылдары акындын ырлары жазылып алына баштайт. 36-37-жылдарда чоң репрессия жүрөт. Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сыяктуу кыргыз интеллигенциясынын биринчи мууну атылат, камалат, элдик мурастар таптакыр тазаланат, ушул кырдаал дээрлик 50-жылдардын ортосуна чейин созулат. Молло Ныйазы дале, Калыгулу дале, Арстанбеги дале, Жеңижогу дале, Белек Солтоноеви дале, Казыбеги дале, Осмонаалысы дале, Солтобайы дале, кыскасы, баары эле зыяндуу болуп чыгат, аларды изилдегендер, окуу китептерине киргизгендер Т.Саманчин, З.Бектенов, Т.Байжиев ж.б. алгачкы окумуштуулар да тап душмандарына айланат. Себеби алар эскини эңсейт, мурдагы байлардын жашоосун өрнөктүү деп көрсөтөт дегендей айыптар менен элден оолактатылат. Анан ошондой доордо чын эле башкача бир акындын образын түзүү керек болгон сыяктанат. Муну анан коммунисттик духта тарбияланып жаткан, комсомол, БКнын мүчөсү, билимдүү жана эң негизгиси камалгандан да коркпогон, шашма, тентек Жоомарт колго алууга аргасыз болот, анан калса анын Токтогул менен туугандык жайы болуп атпайбы. Бул тууралуу К.Акиев мындай эскерет: «Током мени үйүн көздөй ээрчитип жөнөдү. Күн батаарга жакындаган кез. Чолок куйрук, бооз чаар бээ минген, эски түлкү тебетейчен, жыгач үзөңгү теминген, колунда ак саптуу май жөргөм өрүлгөн камчысы бар, жапыракай бир киши жыгып алчудай ыкчамдап келди»[4]. Мына ошол «жыгып алчудай» болуп келген киши Токонун эски таанышы экен, ал уулу Жоомартка тойчук берип атыптыр, акындарды түз эле ошол жакка баштап кетет. Токтогулдун «биртике эт сактадым эле» деген Бөкөнбайды дароо эле ээрчип кетиши ал экөөнүн мамилесинин ысыктыгын, ынактыгын кабарлайт. Мына ошол ысыктык, ынактык, бала Жоомарттын дилине биротоло орноп калган болуу керек, кийин колунан келип турганда кайсыл акынды чыгаруу керек дегенде өзүнөн өзү Токтогулду эске түшүрөрү табийгый иш.

Көп жылдар мектеп программасынан түшпөй келген жана баарыбыз жаттап чоңойгон ыр «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду». Бул ырдын ушул күнгө чейин кимден жазылып алынганы да, ырдалган жылы да так белгисиз бойдон жүрөт. Биринчи жолу 1940-жылы 22-январда Ж.Бөкөнбаев өзү редакторлук кылган «Ленинчил жаш» газетасына «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду» деген ат менен жарыяланып чыга калат. Таң калыштуу нерсе – ушундай зарыл, керектүү ыр неге бери болгондо 20 жыл чыкпай келди? А.Токомбаевдин «Ленин кошогу» дароо эле чыкты эле го? «Замана» аттуу ыры да ошондой. 1939-жылы Ж.Бөкөнбаев жазып атпайбы, «Кыргыз элинин заардуу душмандары – буржуазиячыл-улутчулдар улуу акын Токтогулду көрө алышкан эмес, көз көрүнөө басып келишкен… Токтогулдун ырлары алардын душмандык иштерине чагылгандай сокку берерин билишип, улуу акындын ырларын жыйноодон баш тартышкан… ырларынын тарап кетишине ар качан тоскоолдук кылып келишкен»[5]. Эмне үчүн ушундай болгон?

Себеби ал кезде Токтогул темасына киришүүнүн эки кооптуу жагдайы бар эле: биринчиси, анын Анжиан көтөрүлүшүнө катыштыгы, ал эми ал көтөрүлүштүн башкы максаты – Орусиянын оторчулук саясатына гана каршы эмес, орустарга, башка диндегилерги каршы чыгуу болгон; экинчиси – Токтогулдун өмүр, өлүм, адеп-ахлак ырлары, айтыштары өтө көп болгон жана ал мурастары жаш совет мамлекети үчүн өтүмдүү тема эмес болчу. Андыктан Ж.Бөкөнбаевдин биринчи милдети – Токтогулду Анжиан көтөрүлүшүнөн «таза алып чыгып кетүү» жана анын чыгармаларын советтик саясатка туура келтирүү керек эле. Ж.Бөкөнбаев 1939-жылы «Токтогулдун өмүрү» деген чыгармасынын соңун «Токтогулга окшогон мурунку заманда азапта, кордукта жүргөн ырчылар бүтүн элдин көзүнө жаркырап көрүнүп, ардак менен даңкка ээ болушту. Бу да болсо улуу Ленин-Сталиндин улут саясатынын жеңгендигинин жемиши»[6] деп атпайбы. Демек, Ленин-Сталиндин улут саясатынын кандайча ишке ашып жатканын Токтогул аркылуу көрсөтүү керек болгон.

Суроо: Неге акындын көп ырлары 30-40-жылдары эмес, 50-жылдары жазылып атат? Мисалы: «Камактан күйгөн жан элем» (Коргол ырчыдан 1958-жылы жазылган), «Найманбай менен беттешүү» (Тогуз-Торо району, «Кызыл-Жылдыз» колхозунун мүчөсү Кирдикеев Назардан 1953-жылы жазып алынган), «Саратандын кызы качкандагы ыр» (Бул ырды Бешимов Жолчубек 1953-жылы Өзбекстандын Наманган областы, Касан районундагы колхозчу-малчылар Жаныбеков Айдар менен Чикеев Төлөштөн жазып алган), «Кызды узатканда» (1957-жылы Ж.Таштемиров тарабынан Сапаров Сагындыктан жазып алынган), «Азаттык күндүн жогунан» (Үч-Терек кой совхозунун жумушчусу Кулуев Жанаалыдан райондук газетанын кызматкери Ошбаев тарабынан жазып алынып, Токтогул райондук «Ленин осуяты» газетасына 1957-жылы 8-сентябрда жарыяланган). Ошондой эле 50-жылдардын экинчи жарымында гана жазылып алынган ырлары: «Ыракмат айт, алкыш айт», «Бийик көтөр тууңду», «Ленин ачты жолуңду», «Бай уулуна» ж.б. Демек, Токтогулдун ырлары аябай ылганып, «электен» өткөндөрү гана Жоомарттын «колуна илинет». А жогорудагыларга кезек «жетпейт».

Айтуудан Жоомарт Корголдон Токомдун ырларын жазып алып жатып, эми келип Сиздикин да жазып кетемин деген экен. Келбептир. Эмне себептен? Бир себебин мен К.Асаналиевдин эскерүүлөрүн[7] окуп отуруп түшүнгөндөй болдум. 50-жылдардын башында К.Асаналиев Ленинградга «Пушкин үйүнө» аспирантурага кирет эмеспи. Анан аспирантка жетекчи издей башташат, кыргыз адабиятын жакшы билишкен адистер М.И.Богданова да, П.Н.Берков да К.Асаналиевге гана эмес, деги эле кыргыздарга жетекчи болууга караманча каршы чыгат. Кийин башка жетекчи алып, 1953-жылы ишин коргоо алдынан оппонент катары П.Н.Берковго барса, 1941-1944-жылдары эвакуацияланып Кыргыз ССРине келип, Пржевальск, Фрунзе шаарындагы педагогикалык институттарда жалпы адабият кафедрасынын башчысы, кийин СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалында ага илимий кызматкер болуп иштеген, таланттуу адабиятчы Павел Наумович айтат дейт, эгер автокырсыктан өлүмгө учурабаганда 1948-жылы эң биринчилерден болуп Жоомарт камалат эле деп. «Айчүрөк», «Семетей» эпостук либереттолору, «өз убагында басырылып, унутула баштаган» Токтогулдун мурастарын көтөрүп чыгышы Ж.Бөкөнбаевди түз эле түрмөгө айдап бара жаткан экен. Жанагы М.И.Богданованын да, П.Н.Берковдун да кыргыздардан качып жатышы, демек, мурастарды вульгардык-социологиялык баалоого алып барган улуттук маңкурттугубуздан экен. Ушундай шартта Жоомарт («Манасты» тартуу үчүн аракет кылып жүргөн Ж.Бөкөнбаевдин автокырсыгына да шектүү кароо керекпи деймин) анан кантип Токтогулду оңдобой, анын ырларына кол тийгизбей койсун?! Жоомарттын үстүндө советтик идеологиянын кысымы Домоктун кылычындай ажал болуп салаңдап турган. Дагы бир катар имиш-имиштерге караганда Жоомарттын колундагы Токтогулдун бир катар ырлары 40-жылдарга чейин эле өрттөлүп салынган экен. Балким, ошондой кылуу керек эле, ансыз Токтогулду да, Жоомартты да жоготуп алмактырбыз.

30-жылдарда Токтогулдун «эң жакшы, ооздон-оозго өтүп ырдалып жүргөн ырларын, алсак, «Гүлдөп ал» аттуу ырын бекерчиликке, жеңил-желпи турмушка чакырат дегендей пикир айтылса, ал эми «Өмүр» деген ырын көңүл чөгүү (пессимизм)» деп, ар түрдүү макалалар жазылганын Жоомарт Бөкөнбаевдин аялы Тенти Адышова айтат[8]. Демек, Токтогулду чыгаруу, аны кармап туруу, даңазалоо оңой-олтоң болгон эмес, аны жардан ары түртүп салуу көз ачып жумганча болчу.

Ошол мезгил, Токтогулдун ырларын алгачкы жарыялоо аракеттери тууралуу ал окуяга түздөн-түз катышкан Тукей Кекиликов (1914-жылы Чүй боорундагы Кегети айлында туулган) көргөн-билгенин минтип жазат: «1932-1933-жылдарда Союздук басма сөздө дагестандык акын Сулейман Стальский менен казак акыны Жамбыл Жабаевдин чыгармалары жарыяланып, «Правдада» «Чыгыштагы эки гигант» деген баш макала басылды. Жоомарт бул макалага абдан таасирленди. «Бизде да мындай гиганттар бар эмеспи, аларды изилдей электигибизди карачы», — деди. Ал акын-демократ Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын жыйнап, жарыялап туруу жөнүндөгү оюн ортого салды. Алдын ала Токтогулдун эл арасында ырдалып жүргөн ырларын жаздыруу милдети алдыда турду.

— Тукей, сен Токтогулдун ырларын жыйноону уюштурчу. Токтогул менен бирге жүрүп, ырдашкандардын бири Калык. Какем өзү жазып бериши кыйыныраак болор. Бир баланы жиберип жаздыр, — деди.

Бизде Абдырашит Сооронбаев деген Какемдин айылдашы иштээр эле. Аны жиберип Какемди редакцияга алдырып келдим.

— Каке, көзү тирүүлөрдөн Токтогул менен бирге ырдаган акындардан сизден башкасы жокко эсе. Биз ошо кишинин ырларын жыйнап жаттык эле. Сиз өзүңүздүн билгендериңиздин баарын Абдырашитке айтып берип, жаздырыңыз. Эмгегиңиз эске алынат, — деп өтүнүч жасадым. Какем макул болду. Абдырашитти эки жумага жумуштан жарым-жартылай бошотуп жаздырып ала баштадым. Абдырашит күнүнкүсүн күнүн жазып келе берди. Жоомарт көзөмөл болуп, сураштырып турду. Материал бир топ болгондо:

— Кана жыйналгандарын алып келчи, мен бир көрөйүн, — деп күлүмсүрөдү. Колдогу материалдарды бүт көрсөттүм эле, ал түз эле оңдоп кирди. Баарын тең карап чыкты да:

— Бир-эки ооз кириш сөз жазып 3-бетке берип кой, — деди.

Мына ошентип Токтогулдун чыгармаларын чогултууну уланта бердик»[9].

Бул жердеги өзгөчө көңүл бура турган факт – Токтогулдун Калык акын айтып берип Абдирашит жазып алган ырларын Жоомарттын «түз эле оңдоп кириши». Оңдоолор кандай багытта болду: кайра жазып чыктыбы, же жөн гана редакцияладыбы? Кеп ушул жерде… «Ал эми оңдоо иши менимче редакциялоо катары жүрсө керек», — деген ойдо Жоомарт тууралуу роман жазган Кетмен-Төбөнүн дагы бир уулу Самсак Станалиев[10]. Мен болсо андай деле эмес го деген күмөнүм бар. Антсе да ошол кездеги Калык Акиевден журналист Абдырашит Сооронбаев жазып алган варианттын түпнускасын издеп табуу, Жоомарттын кандай оңдоолор киргизгенин аныктообуз керек. Калык өзү сабатсыз киши болгон, бирок ал сабатын жоюп, кат таанып, жаза баштаган экен, балким ал кишинин архивинде Токтогулдун ырларынын эсинде калгандары боюнча жазып койгондору болушу мүмкүн. Дагы бир нерсе – Калык Акиев да советтик идеологияга берилип, партиялык үгүткө баш ийген киши болгон, а түгүл КПССтин тарыхын ыр менен жазып саламын деп билек түрүнүп жүргөн, анан ал киши да Токтогулду ылгап, саясатка тууралап жаздырышы толук ыктымал эмеспи. Анан комсомолдук басма сөздө иштеген Абдырашит Сооронбаевдин, анан ошондой басылманын жетекчиси Жоомарт Бөкөнбаевдин саясый «элегинен» өткөн. Дагы далай киши караган. Токтогул ошондон кийин гана жарыяланган. Доор, заман ошондой болчу.

Жогорудагы маегинде С.Станалиев кабарчынын «Токтогул «Беш каман» эмес, «Беш жаман» деп ырдаган деген пикир бар го» деген суроосуна мындай деп жооп берип атпайбы: «Туура. Ал мындан келип чыккан. Эгер жаңылбасам белгилүү адабиятчы Мундук Мамыров жазган. Ал негизинен аталган ырдын алгач ирет «Ленинчил жаш» гезитине «Беш жаман» деген ат менен жарык көргөнгө токтолгон. Мүмкүн, бирок бир факты бар. Рыскулбектин балдарынын сырткы көрүнүшүн, элге жасаган мамилесин Токтогул каманга салыштырган. Маселен, Керимбай отурса тура албаган семиз адам болгон. Аны жакын адамдары жөлөп-таяп отургузуп, кайра ошентип тургузган. А бирок, Керимбай болуш менен Токтогулдун мамилеси жакшы болгондугун далилдөөчү бир катар факты маалыматтар бар. Анын бири Аман Палван башында турган басмачылардын Кетмен-Төбөгө кол салганда Керимбай, анын иниси айтылуу Аалы Мерген элдин башында туруп, кошуун куруп душман мизин кайтарат. Ошондо Аалы капысынан каза болот. Токтогул Керимбайга карап, Аалынын эрдигин айтып кошок кошот. Бул 1921-жылдын декабрь айында болгон окуя. Экинчиден, Токтогул Сибирден жаңы эле келгенден кийин, 1904-жылы Керимбайдын энеси Сайкалдын ашында кадимки Эшмамбет менен жар чакырып ырдашы да буга күбө. Бул фактыны Коргол ырчынын мына бул ыр саптары ырастайт:

Рыскулбектин балдары,
Ырчыдан ырчы тандады
Током, Эшмамбет болуучу
Топко ырдаган ардагы.

Ушул жерден башка бир акынды эске салалы. Молдо Нияздын дигарстарына кайрылгым келет. Андагы тарыхый инсандар жөнүндөгү ырлардын бири, Дыйканбайга арналган. Окуйлу:

Ногой менен оруска,
Наамы кеткен Дыйканбай.
Анжиан улук шаарга,
Аты чыккан Дыйканбай,
 — деп, анын дайын дарегинен Ташкенге чейин даңаза менен жеткенин андан ары уланта жазган. Токтогул кагаз карабаган, калем кармабаган адам. Анын ырлары бизге айрым өзгөрүүлөр менен жеткен»[11].

Мына ушундай дейт С.Станалиев. Ооба, кеп мына ошол өзгөртүүлөрдө турат. Ал кандай өзгөртүүлөр?

Ооба, Рыскулбек саяк уруусунан. Ата-теги Кетмен-Төбөнү жердеп келишкен. Токтогул – сарттар уруусунан. Кетмен-Төбөгө кийин келгендерден. Мына ушул эки уруу, аларга дагы башка уруулар кошулуп (сарттар менен багыштар биригет, себеби экинчи талапкер Төрө багыш болгон) бийлик талаштан карама-каршылык чыгат. Бул кыргыздар арасында ар дайым болуп келген жана азыр да улантылып келе жаткан тымызын да, ачык да эрөөл эмеспи. Мына ошол эрөөлдө акындар сөзсүз катышкан. Токтогул өзү тайманбай ырдаган, бетке чабар киши болгон, бирок жанагы «Беш каманды» бизге жеткен вариантта ырдаганбы, же көбүртүп-жабыртылганбы, айтуу бир топ татаал…

Калык акын Рыскулбектан «беш датка» атыккан уулдарын Токтогул тартынбай кордоп ырдаган деп ырдан мындай мисал келтирет:

Жети атанын ташбараң,
Ташбараңга батпайсың
Рыскублектин беш жаман,
Пейилиң тар жемекей,
Беш жаман эмес – беш каман!..»[12]

Демек, ал «беш жамандан» – «беш каманга» өткөн сыяктанат. Беш бала – Акмат, Дыйкан, Атакан, Миңбай, Мырзакан, чын эле – бешөө. А ырда Акмат, Дыйкан – алдамчы,
Атакан, Миңбай – жалганчы, Эгемберди, Бактыяр – эл жегенге жардамчы болуп, Мырзакан жок болуп кетти да, Эгемберди менен Бактыяр келе калды. Алтоо болуп атат, анан эмне акын «алты каман» деп ырдабайт? Ал эми Токтогул И.С.Ладушевге айтып бергени боюнча Рыскулбектин балдары төртөө: Дыйканбай, Акмат, Миңбай. Атакан[13]. «Ташбараң» деген таш менен уруу (көпчүлүктүн жеке адамды, же азчылыкты карай таш атуусу) маанисинде эмес, майда бир уруу, журт катары түшүнүлөт. Дагы бир жеринде мындай саптар учурайт:

Букаранын санаты
Кинегеңе чийилди.
Съезд кур деп жиберди
Болушуң менен бийиңди.

Карап көрсөк, ыр 1898-жылга чейин ырдалган, ал эми «кинеге» (книга), «съезд» деген сөздөр ошол кезде болду бекен деген ой кетет. Өзүнөн өзү кийин – советтик мезгилде кошулгансып турат. Биз окуган Токтогулдун ыры мындай:

Жети атанын таш бараң,
Таш бараңга батпаган,
Чаап, талап, жеп жүрүп
Букарадан айрылган –
Рыскулбектин беш жаман.

Ал эми «Баскан жол» деп аталган мемуарында болсо К.Акиев мындай саптарды келтирет:

Рыскулбектин беш уулу,
Жегениң менен шашпагын.
Ынтымак кылып букара
Жедирбес жакка баштаган[14].

Өзгөрүү барбы? Кыйла өзгөрүү бар. Себеби эмнеде? Менимче ырды кийин XX кылымдын 30-жылдарында Токтогулдун көзү өткөн соң кыйла күчөтүшкөн окшойт. К.Даутов да айтып жатат: «Азыр «Беш каман» деп аталып жүргөн ырдын 1936-жылы жарык көргөн тексти биздин колубузда жүрөт. Түп нускага жарым-жартылай жакындык ушунда гана болушу мүмкүн»[15]. Адабиятчы бузула элек кездеги – 1936-жылдагы тексттин оригиналга жарым-жартылай гана жакындатып аткан болсо, анын азыр биз окуп жаткан вариантты деги эле Токтогулдуку экендигинен күмөн санайсың…

Токтогулдун ырларын текстологиялык өңүттөн талдаган эмгекте[16] «Беш камандын» автографы, же оригиналы гана эмес, протографы, же архетиби да жок экен. А түгүл аталышы да андай эмес экен, 1938-жылы 17-февралдагы «Кызыл Кыргызстан» газетасына «Токтогулдун манаптарга каршы ырдаган ыры» деген аталыш менен 35 сап көлөмүндө басылыптыр. Казандан ошол эле жылы чыккан китепте 72 сап болуп кетиптир. Кийин ырды басууга даярдаганда Ж.Бөкөнбаев өзү колу менен «Bes gaman» деп атын оңдоп салыптыр. Анан ыр 69 сап (1940, 1950, 1956-жылдардагы басылыштарда), 72 сап (1964-жылдагы басылыш) болуп өзгөрүп отурган.

Айрым маалыматтарда (К.Бобулов)[17] «Беш каман» 1894-жылы ырдалган деп айтылат. «Төңкөрүшкө чейинки кыргыз акындык поэзияда Токтогулдан мурда жана кийин деле бир да бир акын кыргыз манаптарынын ырайымсыз турпатын мынчалык алды-артын карабай, өткүр ашкерелеп, канкорсуң деп бетке айта алган эмес, алардын бири да өздөрүнүн идеялык-көркөмдүк деңгээли боюнча «Беш камандын» бийиктигине жете алган эмес» (К.Бобулов). Адабиятчы кайсыл «Баш каман» жөнүндө айтып жатат: Токтогулдунбу, же кийин оңдолгон Токтогулдунбу? Анан эле «Токтогулдан мурда жана кийин деле бир да бир акын кыргыз манаптарынын ырайымсыз турпатын мынчалык алды-артын карабай, өткүр ашкерелеп, канкорсуң деп бетке айта алган эмес» болсо, кантип эле ошол сөздү Токтогул айтып калды?

Акындын ырларына аябай назар салып чыксаңыз, анын Сибирге айдалышына себептер – бир топ ырларында Керимбай болуп чыгат, бир топ ырларында эшендер болуп чыгат, бир топ ырларында орустар болгон жерлер да бар. Кайсынысы туура: Керимбайбы, эшендерби, орустарбы? Ырас эшендердин шылтоосу менен Керимбай айдатты дейли. Шайлоодо ага каршы турганы үчүн. Ал эми Ш.Абдыраманов белгилүү мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун айтканына таянып, Керимбай 1905-жылы болуштукка шайланган дейт[18]. Бул мезгил Токтогул камалгандан көп убактан кийин болуп атпайбы, акын ага чейин эле Сибирде жүрбөйбү?..

С.Станалиевдин романына караганда[19] Кетмен-Төбөнүн манабы Рыскулбек Нарбото уулу алсырай баштаган Кокон хандыгынан алыстап, генерал М.Г.Черняевге сураныч кат жазып, Орусияга карап калган аймактарга кошуп алууну суранат (айтылуу кыпчак Мусулманкулдун акылы менен), анан адегенде Токмок, андан соң Пишпек уездине кошулат да, Суусамыр болуштугу болуп, ошол аймактык бөлүштүрүүнүн биринчи болушу болот.

Т.Кененсариевдин маалыматы боюнча «1864-жылы орус таасири Кетмен-Төбөгө да өттү. Бул жердеги 10 миң түтүн саяктардын манабы Рыскулбек М.Г.Черняевге орус букаралыгына өтүү ниети менен кайрылды. Рыскулбектин катына караганда мындай кадамдын себебин уруу жаңжалдары, тагыраак айтканда, эки жылдан берки солтолор менен сарыбагыштардын кысымы түзгөн. Солто, сарыбагыш уруулары падыша өкмөтүнүн букаралары катары расмий түрдө Кокон мамлекетине караган кетмен-төбөлүк саяктарга кысым көрсөтүүсү толук мүмкүн эле. Анын үстүнө 1864-жылы Суусамырда жайында болгон Рыскулбек менен Байтиктин ортосундагы жайлоо талаш, Рыскулбек манаптын М.Г.Черняевге кайрылуусун тездетти. Кетмен-Төбөлүк манаптын өтүнүчү кабылдангандыгын согуш министри Д.А.Милютин 1865-жылдын 18-мартында Дюгамелге кабарлады. Бирок ал али сөз жүзүндө гана болуп, Кетмен-Төбө 1868-жылга чейин орус ээликтеринин сыртында кала берген»[20]. Көрүнүп тургандай Рыскулбек манап болгону менен анын бир чоң коркунучу – Суусамыр жайлоосунун талашка түшүшү, бул жагынан Чүйдүн солтолору да, Жумгал, Кочкор тараптагы сарыбагыштар да ага душман эле, себеби алар орус бийлигине таянган, алар менен мамиле түзүп алган. Уруулук чабыштар анчалык кубаты жок Суусамыр болуштугун кыйсыпыр кылмак. Рыскулбек ошону түшүнгөн, ошон үчүн жанагы өтүнүчүн жазып атпайбы.

Ошентип Суусамыр болуштугу негизделет. Ырас, ага Нарын дайрасынын Түндүк, Чыгыш жактары гана караган. Биз Кетмен-Төбө деп караганыбызда көбүнчө азыркы Токтогул районун түшүнөбүз. А андай кылсак жаңылышабыз. Эки болуштук болгон, анын бири Суусамыр болуштугу, экинчиси Кең-Кол-Кара-Кыр болуштугу. Төрт болуштук болгондугу, жогорку экөөнөн тышкары Арым болуштугу, Муз-Төр болуштугу түзүлгөндүгү тууралуу да айтылат[21].

Кыйла тагыраагы, 1884-жылы Кетмен-Төбө өрөөнү Фергана облусунун Наманган уездине кошулган. 1888-жылы Нарындын эки жагы – биринчиси Суусамыр болуштугу Наманган уездине жана экинчиси – Кең-Кол-Кара-Кыр болуштугу Анжиан уездине карап калган. 1898-жылы үч болуштук түзүлөт, жогорудагы экөөнөн Арым болуштугу ажырап чыккан да, Суусамыр менен Арым Наманган уездине жана Кең-Кол-Кара-Кыр Анжианга каратылган[22].

Бул болуштуктардын ортосунда ал кезде саясый-экономикалык, маданий, географиялык, климаттык жактан бир топ айырмачылыктар бар эле, себеби алардын карым-катышына ал кезде ээ-жаа бербей аккан Нарын дайрасы тоскоолдук кылган.

Тарыхка назар салсак бизде «болушчулук» институту 1865-жылдан башталат, б.а., Орусиянын ак падышасына кошулган соң Түркстан генерал-губернаторлугу уезддерге (өйүз), уезддер волостторго бөлүнөт. Волость башчысын кыпкыргызча «болуш» деп алышат. 1-2 миң түтүн бир болуш болгон. Шайлоо жашыруун добуш берүү менен ишке ашкан, болуштар 3 жылдык мөөнөткө шайланган, шайлоо жыйынтыган аскер губернатору бекиткен, болуштун жанында катчы-жазар (писер) жүргөн, ал орус, же орусча билген, сабаттуу киши болгон. Болуштар чек талаш, жер талаш, уруу чабыштары, кимди каматуу-коюу сыяктуу аймагына тиешелүү бүт маселени чече алган. Бирок орус төбөлдөрүнө отчёттуу болуп, алар менен чоң маселелерди кеңешүүгө милдеттүү эле. Ошол эле кезде Орусиянын чиновниктери да маал-маал келип, элдин абалын сураштырып турчу экен. Ж.Самагановдун маалыматы боюнча[23] мына ошондой максат менен 1895-жылы Кетмен-Төбөгө ак падышанын төрөлөрү келет, алардын башында Бушан деген улуту боюнча австриялык немис найып (поручик) жандарым турган. Ошол келүү, менимче, шайлоо алдындагы электораттын ырабдайын билүү максатында болгон сыяктанат.

Башка бир маалыматта[24] Н.Бушен жазалоочу отряддын командири, Наманган уездинин начальнигинин жардамчысы, подполковник. Ал 1898-жылы «…10-июнда түш ченде Суусамыр болуштугунун чегине келет. Ал жерден Бактыяр Рыскулбеков старчындары жана элүү башчылары баш болгон 20-25 жигити менен тосуп алышат да, келген «конокторду» «Шадыбектин «шайкасы» жашынган жайга алып жөнөшөт. Жолдо катар эч нерседен бейкапар, дыйканчылык менен алек болуп жүрүшкөн адамдарды Бактияр коркунучтуу душман катары камакка алдырта баштаган. Андан аркы адамдарды жана Токтогулду кантип камакка алганын жазалоочу отряддын башчысы Бушендин жазганы жакшы ырастайт. «Март ашуусуна келип (Б.Рыскулбековдон – М. К.), Шадыбек өзүнүн «шайкалары» менен айылында жатканы тууралуу кабар алдым. Жолдо бара жатып, Карабаш кыштоосундагы Жоон-Сөгөт деген жерден эгинчилик кылып жаткан алты кыргызды, болуш Шадыбектин шайкалары деп көрсөткөнүнөн улам камакка алдым… Кечке жуук саат 8дерде Узун-Акматтын жээгиндеги Шадыбектин кыштоосу Уулкан-Камышты көздөй жылып, ал жерге 10-июндан 11-июнга караган түнкү саат экиде келдим. Кыштоого тинтүү жүргүзгөндө, андан эки адам, намангандык сарт Молдо Төрөхан Арипбай Агалыков менен кыргыз Даулет Акимбаевдер табылып колго түшүрүлдү. Алардын бирөөсүнүн кроватынын алдынан кагаздар менен бирге миң-төбөлүк эшендин Шадыбекке багыштап жазган чакырык каты табылды. Бул кагаздарга жана болуштун түшүндүрмөсүнө караганда Төрөхан Шадыбектин катчысы жана мырзасы көрүнөт. Саат үчтөрдө колго түшкөндөрдү алып Ири-Суу (Ийри-Суу – М. К.) жайлоосун көздөй жөнөдүк. Маалыматтарга караганда Шадыбек негизги шайкалары менен ошол жерде экендиги белгилүү болду. Ири-Сууга чыгыш тарабынан келип, айылды курчоого алдык. Бул бири-биринен анчалык алыс эмес жайгашкан үч чакан айылдан Шадыбек калпаны, анын жакын кызматкери, биринчи айылдын бийи – Төрө бий Бешкемпировду жана болуш көрсөткөн 15 адамды камакка алдым. Алар мен күткөндөй эч каршылык көрсөтүшпөдү. Айылдагы бардык үйлөрдү тинткенде, атылуучу курал турмак жөнөкөй курал да табылбады. Камакка алуу эртең мененки саат алтыда эле аяктап, андан соң отрядга эс алууга буйрук бердим. 11-июнда отряд менен Ири-Сууда эс алган соң, 12-июнда алыскы айылдардагы болуш айткан Шадыбектин шайкаларын камоого көрсөтмө бердим да, өзүмө жүктөлгөн иш соңуна чыкты деп, Наманганды көздөй жол тарттым. Карабаш деген жерде отряд түнөп, ал жерге алыскы айылдардан камакка алынган алты адам жеткирилди. 13-июнда Карабаштан камакка алынган 29 адамды айдап жолго чыктым. Март, Сары-Чычагай ашуулары, Афлатун, Караван өрөөндөрү жана Заркент аркылуу 17-июнда Наманганга келдим» (19-ф., 5579-д, 164 — 165-6.).

Бул пикирди М.Өсөров комментарийлеп берет[25].

Дегинкиси Бушан менен Н.Бушен экөө бир кишиби, же экөө эки башка кишилерби? Кетмен-Төбөгө 1898-жылы жайында көтөрүлүшчүлөрдү кармап кетүүгө келгени дайын, ал эми 1895-жылдагысычы? Китептерде Токтогулдарды кармоо үчүн келген жазалоочу отряддын офицерине карай Токтогулдун ырдаганы деп «Токтогулдун төрөлөргө ырдаганы» деген ыры берилип жүрөт. Эгер 1895-жылы төрөлөр келген болсо бул ыр мына ошондо ырдалган болушу да толук мүмкүн. Токтогул:

Калаадан келген чоңдорум,
Билесиң иштин болжолун,
 — деп баштап, «Букаранын оокатын үшүрү деп алдашкан» деп келип:

Улук болсоң, сыначы,
Ишенбесең өзүмө,
Башкалардан сурачы!
Калаадан келген күнадыр1
, — деп айтып, жергиликтүү бийликти сынга алат:

Адилет болсоң текшерчи,
Кедейди байлар урганын,
Дүң букара көрбөдү
Дүнүйөнүн жыргалын
Күнадыр, келдиң айылга,
Күн тийбес тоого жайында,
Улук болсоң көз салчы
Бекеринче «чыгым» деп,
Байлап алат бий, болуш
Кедейдин жалгыз улагын,
Сен билбесең, ким билет
Зарлаган элдин убалын?
Көйнөгү жок кедейди
Балапанча басып жеп
Керимбай көрдү убайын.
Жарды-жалчы, кедейлер
Жаралганбы кем болуп?
Күн-түнү түшпөйт үстүнөн
Куур тону тер болуп,
Куураган кедей жүрөгү
Кайгы басып чер болуп,
Жүдөп жүрөт букара
Кузгундарга жем болуп,
Жүрө албады шордуулар
Бай-манапка тең болуп.
«Чыгым» деп алат малдарын,
Айрансыз коёт балдарын,
Алсыз кедей амал жок,
Көтөрөт байдын салганын.
Улук болсоң, алып бер
Кедейден байлар алганын.
Улуктун ишин билбесең,
Байдын сөзүн сүйлөсөң,
Сен да тартып алып кет
Букаранын калганын!..

Эгер бул ырды да «жасап» эле коюшпаса, ырдын маанисине караганда ушинтип Токтогул эл тарапта болот, жалпы элдин көйгөйүн айтат. Бирок аны уккан киши жок. Кайра «айткандын оозу жаман» абалда калат…

Ошентип эл абалы болуштарга байланыштуу болгон заманда Токтогул акын катары өз сөзүн айтууга милдеттүү болот.

Суусамыр болуштугундагы «кызыл тебетей» талаш боюнча дагы башка адабияттарда башкача айтылат. 1896-жылы ал кезде Орусияга караган Наманган жана Анжиан аймагына караган бүт жерлерде шайлоолор өтөт. Жогорудагы аймакта эки жаат – биринчиси Рыскулбектин тукуму, экинчиси Садык бийдин тукуму болуштук үчүн бийлик талашат.

Рыскулбектин атасы Нарбото, анын атасы Арзамат, анын атасы Кочконок. Рыскулбек Нарбото уулу 1851-жылы көзү өткөн соң, анын ордуна болуштук милдетти уулу Дыйканбай алат[26]. Ошол кезде Кашкат (азыркы Кара-Суу) айылында 1835-жылы туулган. Ал атасынын ордуна болуш болот деп жазылат адабияттарда. Ушул туурабы? Он алты жашында болуш болдубу? Дыйканбай да 1885-жылы каза болот. Анан ким болуш болгону такталбады, айтор, 1888-жылы болуштукка Рыскулбек тукумунан Атакандын уулу Керимбай (1870 – 1933) келет[27]. Бул жерде кайсыл факты туура: Керимбайдын он сегиз жашында 1888-жылы болуштукка келгениби, же Ш.Абдыраманов айткан 1905-жылы, (арасы 1-2 жыл эмес, дээрлик 17 жыл болуп атпайбы) 35 жашында, болуштукка келгениби? Же ал башка мөөнөтпү? Тактоону талап кылат…

Менимче, Токтогул Кетмен-Төбөнүн журтбашылары Рыскулбектин балдары менен өтө дале өч болгон эместей. Алай тараптан барган сарттарга Кетмен-Төбөнү жердеген саяктар жер, жайыт берип, кыз алышып, кыз беришип, аябай эле ассимиляция болгондой. А түгүл Токтогул акын болгон соң далай жолу Рыскулбектин балдарын ээрчип ырдаган да болуу керек. Бир мисал, «Туулган жерим» деген ыры бар. 1940-жылы чыккан китебине басылган, Шекербек Шеркуловдун маалыматына караганда ал ыр 1931-жылы Таласта Алымбек деген кишинин үйүндө ырдалган экен. Акындын милдетин, тагдырын «Сайраган булбул акындар, калдайган топко чабылат» деп таамай белгилейт. Демек, акынсыңбы, акын болуп туулдуңбу – элдин ичинде, саясый күрөштүн майданында жүрүүгө тийишсиң. Жанагы Керимбай акын Токону Анжиан көтөрүлүшүнө катыштың, оруска каршы чыктың деп жалган жалаа менен айдатып жатпайбы. Кызык жана карама-каршы факт. Дал ошол Анжиан көтөрүлүшүнө Керимбай да, Токтогул да катышкан экен. Жогорудагы эки саптан кийинки саптарды акыл калчап окуп көрөлү:

Чакырыптыр Керимбай
«Миң-Дөбөгө келсин» деп,
Касиеттүү эшен бар,
Кадырлап ырдап берсин деп,
Ажысы бар ак курдуу
Алардын пейлин көрсүн деп
Аттанып бардым айлына.

Токтогулдун ырын «тазалагандар» бул саптарды эмне байкабай өткөрүп ийгенби? Карабайсызбы, Керимбай өзү Токтогулду чакырып атат, Миң-Дөбөгө – Мадали эшендин резиденциясына, көтөрүлүштүн штабына чакырып атат. Т.Касымбеков да «Келкелде» Токтогул менен Төрө Алайдын Жошолусуна Курманжан даткага бара жатканда Миң-Дөбө аркылуу барганын, эшенге жолугуп, анан даткага барганын айтат. К.Мифтаков 1923-жылы жазып алган Токтогул менен Алымкулдун айтышында «Манапка жагып сайраган булбул Токоң мен элем» деген сабы болгон экен, кийин түшүрүлүп салыптыр.

Дагы караңыз, 1898-жылдагы көтөрүлүштү карапайым эл эмес, жайлоосун, эгин талаасын, мандикер күчтөрүн, динин тарттырып ийген бийлик өкүлдөрү жасады, алардын ичинде мурдагы Кокон хандыгынын иш башкаруучусу Зийабидин максым, Алибек датка, Өмүрбек датка, Чыйбыл болуш, Баатыр миң башы, Гайыпназар болуш, Арзыкул паңсат, Мухаммад Ибраим токсобо паңсат, бир нече казылар, аминдер, мырзалар болуп жатпайбы. Суусамыр болушу Керимбай анан ушул каршылык акциясынан четте калмак беле? Анан өзү Токтогулду ырдап бер деп Миң-Дөбөгө чакырып жатса, «касиеттүү эшен», «ак курдуу ажы» деп Ийикчи эшенге симпатия менен карап жатса, анан кантип кийин сен ошол көтөрүлүшкө катышкансың деп каматып жиберет? Же Токтогул Миң-Дөбөгө барбай койдубу, Керимбайдын сөзүн укпай койдубу дейин десең барганын айтып атат («Аттанып бардым айлына»). Демек, Токтогул Миң-Дөбөгө эшендин ханаканасына барган. А Миң-Дөбөгө барган киши Анжиан көтөрүлүшүнө катышкан деп эсептелет. Дал ушул Сибирге айдалгандардын ичинде эң биринчи Керимбай болушу керек эле. Мен бир канча эмгектеримде[28] 1898-жылдагы Анжиан көтөрүлүшү падышалык Орусиянын оторчулук саясатына жана башка динге каршы чыккан жана анын борбордук бөлүгүндө элеттик кыргыздар, алардын эл башылары турган орус колониализмин ооздуктоодо эбегейсиз чоң роль ойногон окуя деп жазып келе жатамын. Эгерде ошондо Анжианга сырттагы элеттик кыргыздар кирип, аскер бөлүктөрүнө кол сала баштаганда убадалашкан боюнча эски шаардагы калк да, негизинен соодагер сарттар, көтөрүлүп чыкканда тарыхтын ташы башка жакка оошу мүмкүн эле. Анан ошол окуяга Токтогулдун катышуусу – бул акындын кадыр-баркын ашкере көкөлөтө турган фактылардан. Ошол эле окуяга катышкан Кетмен-Төбөнүн башка бир бийлөөчүлөрү Төрө бий Бешкемпиров жана Токтогулдун досу[29] Маки (Моке) Бешкемпировдор болгон. Алар колунда бар, Рыскулбектин балдары менен бийлик талашып жүргөн кадыр-барктуу кишилер экен. Анжиан көтөрүлүшүнүн катышуучуларын табуу жана жазалоо негизинен элет жерлерине жиберилген көтөрүлүшкө үндөгөн каттар аркылуу жүргүзүлгөн. Бул каттарды сыягы элет жакшыларына Ноокаттын Жүлгө айлында туулуп, кийин Кокон хандыгында катчы болуп жүргөн, хандыктын тарыхын жазган, зоболосу зор Молдо Зийабидин шакирттери менен жазган сыяктанат. Ал каттар Ошко Курманжан датка менен анын уулу Камчыбекке, Жакып акун аалымга, Анжианга жаамы мечитинин башчысы Мухаммед Али бай Калмырза бай уулуна, мударистер башчысы Самийге жана Калыкберди дамбылдага, Маргаланга Мухаммед Жусуп эшен менен Сайид Акмат кожого, Наманганга Йака хан төрө менен Кадыр кожо ажыга, дагы-дагы башка зобололуу кишилерге жиберилди.

Катта мындай деп жазылган: «Мусулмандардын эч бири бул залимдердин эзүүсүндө калууну каалабастыр. Шаарлар өзбектерге тар болгондой, тоолор кыргыздарга, элетияга тар болду, балким Түркстан мусулмандарга тарлык кылды. Эмне кылабыз, ылаажыбыз жок. Колубузда эч нерсе жок. Жетээрлик жарак жана казына жок. Эмнеси болсо да иштин акыбетин ойлоп, бей-бечаралардын тилегин аткаруучуларды колдойбуз» деп мискин жана карып Махмудали». Дал ошол Ийикчи эшендин (Махмудали, Мадали эшен) каты адегенде Кетмен-Төбөгө Рыскулбектин баласы Акматка келип атат. Анан неге жазаланган 64 (айрым маалыматтарда 62) кишинин ичинде Рыскулбектин балдары жок болуп чыкты? Логикага ылайык Сибирге Рыскулбектин балдары Акмат, Керимбай айдалыш керек болчу. Бирок түшүнүксүз…

Токтогул менен Рыскулбектин балдарынын каршылыгы ушул жерде болуп жүрбөсүн? Көтөрүлүшкө катышкан, элди, анын ичинде Токтогулду ошол инцидентке аралаштырган Керимбай кандайдыр бир түшүнүксүз жол менен «оюндан» чыгып кетип жатпайбы?..

Шадыбек калпа Мадали эшендин катын көтөрүлүшчүлөр Анжианга чабуул коёрдон жарым ай мурда алгандыгын кийин суракта моюндайт[30]. Буга караганда кат колго тийген жана Кетмен-Төбө эли, анын башында журт жакшылары көтөрүлүшкө активдүү катышкан.

Эми кайра тигил экөөнө келсек. Токтогул менен Керимбай кийин дале душмандашып кетпептир. Атууга өкүм болорун күтүп Наманган түрмөсүндө камерада жатканда Керимбай барып атайын акынга жолуккан экен, азат кылып аламын деп айткан экен[31]. Муну «Келкелден» да окуйбуз. Акын сүргүндөн келгенде К.Даутовдун тактоосу боюнча 1904-жылы Керимбай апасы Сайкалга аш берип, ашка Токтогул да катышкан[32]. Барпыны биринчи ошол жерден көрүп, айтышкан. А түгүл Эсенгул Малгараевдин эскерүүсүндө[33] 1916-жылы Төрөгелди деген киши аш берип, ошол аштагы ат жарышта Керимбайдын Жайдак деген күлүгү чыгып келгенде, Токтогул аны аябай мактап ырдаган. Анан Токтогулдун Керимбай менен сөөк өчтү душман болгонуна шектенип кетесиң…

Токтогулдун ырларынын өзгөрүп кеткендиги дагы башка фактор менен байланышат. Мисалы, Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет менен учурашып ырдашат эмеспи. Бир вариантта ал ырды Калык Акиев жаздырат жана Токтогулдун чыгармалары басылган эң алгачкы китепке кирет[34], ал 986 сап, экинчиси латынча 1940-жылы чыккан китепте[35] берилет, баары 270 сап, мында Эшмамбет бир жолу, Токтогул бир жолу гана ырдайт (алым-сабак кылып отурушпайт). Үчүнчү вариант Алымкул Үсөнбаевден 1940-жылы жазылып алынат, баары 437 сап. Алымкул бул ыр Токтогул Шиберден келгенде 1910-жылы Кетмен-Төбөдөн Таластагы Талбай дегендин ашына келген Токтогулга Эшмамбет тарабынан ырдалган деп айткан жери бар. Төртүнчү вариант Кудайберген Карымбаев жаздырганы, ал 1964-жылы «Ала-Тоо» журналынын №8 санына чыккан. Булардан башка ушул эле ырды Коргол да айтып калчу экен. КР УИА Кол жазмалар корунда Т.Сырдыбаев жаздырган дагы бир учурашуу бар, ал 190 сап[36]. Биз окуп жүргөн варианттарда Токтогул Сибирден келгенде учурашкан Эшмамбетке акын «балам өлсө барбапсың, үй-бүлөмдөн кабар албапсың» деп атпайбы, соңку сөз кылган варианттар андай эмес эле, Эшмамбет Токонун үй-бүлөсүндөгү бардык жакшылык-жамандык менен кабардар болуп жүрөт, анын баласынын өлгөнүн «туйгунуңду качырдык, кулунуңду жашырдык, карчыгаңды качырдык» деп өз оозу менен угузат.

Мындай айырмачылыктар эмнеден улам келип чыгат жана Токтогулдун чыгармалары ким тарабынан мынчалык «түзөтүлгөн», акырында кайсыл вариант туура деп эсептелинет деген суроо туулбай койбойт.

Ушуга окшогон оңдоолорду айтып отурсак дагы аз эмес. Алардын бири тууралуу тексттологдор[37] мындай мисалды келтирет. 1938-жылы чыккан китепте:

Отуз миң солдат мен жалгыз,
Он ооз тилин билбедим.
Омбудагы орустун
Ортосунда зилдедим.

Албетте, 30 – 40-жылдардын саясый аба ырайы акынды абакта болсо да «орустун ортосунда зилдетүүгө» болбойт эле, анан 1940-жылдагы китепте «орустун» деген сөзү «түрмөнүн» болуп калат. Ал гана эмес, саясаттан такыр алыс:

Беш көкүл чачың кулпунат
Бээжинден келген кундуздай.
Кыл чачыңыз кулпунат
Кытайдан келген кундуздай,
 — деген ырлардагы «Бээжин» – «Меркитке», «Кытай» – «Кыпчакка» айланып чыга келет[38].

Т.Сатылгановдун ырлары кандай жолдор менен өзгөрүүгө учурады экен деген ой менен анын 1940-жылы чыккан латынча жазылган китебин[39] бир сыйра карадым. Менин колума бир окумуштуунунбу, же басма кызматкерининби колдонуп жүргөн китеби тийген экен. Ал белгисиз адам китептин 39-бетиндеги «Бура тарткан ала аркан» деген саптын «ала» деген сөзү жакпай калганбы, сыя менен «ала» деген сөздүн үстүнө эле «кыл» деп жазып таштаптыр. Кийинки жыйнактарына ошентип «кыл» аркан болуп кирип калган. Ушул эле ырдагы 7 – 8 саптары («Тобуңдан кетсем, аман бол, толгон кыргыз жергеси»), аягынан мурдагы бир куплети («Боздоп ыйлап, түрмөдө, жаткандагы кербезим, боз тоголок бүргөлөр чаккандагы кербезим») 1940-жылдагы жыйнагында жок, демек, кийин эле бирөө кошуп жибериши мүмкүн.

Ошол эле менин «оңдогучум» китептин 128-бетиндеги «Балам жок» деген ырдан «Амалсыздан өтүптүр» деген сапты «А дүйнөгө кетиптир» деп түзөткөн, «Кантейин жалгыз чырагым» деген саптан кийин «Каралдымдан айрылып, караңгы күндө турамын» деп оңдоп таштаган. «Эзилдим шумдук заманда» деген ырдын алгачкы төрт сабы («Кармалып кеттим Сибирге, каруу-күчүм толгондо, карыптан мендей миллион, камалып калган коргонго») деген саптар тегерекчеге алынган да, «мусапыр» деген сөз жакпай калганбы, «капалуу» деп оңдолгон. Китептин тексттери ошол кезде кыргыздар колдонгон латын арибинде болсо, түзөтүүлөр криллчеде жасалган.

Саясаттын күчүн караңыз, Токтогулдун:

Сексеңдеген ит орус
Айдаган Токоң мен элем

…………………………………….

Гүлдүрөгөн ит орус
Айдаган Токоң мен элем.

…………………………………..

Он сан элге салбасын,
Орустан көргөн күнүмдү.

……………………………………..

Калкка бир кудай салбасын,
Мен капырдан көргөн күнүмдү
, — дегендей 1923-жылы жазылып алынган саптары өзүнөн-өзү эле «жок болуп» кетет.

Дагы бир мисал – Калык өзү жаздырып, 1938-жылы чыккан биринчи китепке – «Токтогулдун ырлары» деген жыйнакка кирген, Токтогул менен Калыктын айтышы өзүнчө эле экиге бөлүнүп, 1956-жылы чыккан Токтогулдун топтомунда «Күлүк элем талбаган» жана «Куулуп жүрдүм көп жылы» деген аттар менен эки ыр болуп басылып калган. Айтышты мындай бөлүп салууга кимдин гана колу барды экен дейсиң?..

Токтогулдун ырларын көп адамдар жазган, атайын мамлекеттик тапшырма менен келип жазышкан. Мисалы, Т.Сатылгановдун 80 жылдык мааракесинин алдында ошондой экспедицияга Узакбай Абдукаимов да катышып калган экен. Көп ырларды жазып кетет, бирок алары китепке чыкпайт. Эл нааразы болуп Абдукаимовго, Бөкөнбаевге кат жазышат. Албетте, жооп ала алышпайт. Кийин Абдрасул Токтомушев, Саткын Сасыкбаев да келип Сузак районунун Көк-Арт, Кара-Алма, Кыз-Көл айылдарынан акындын ырларын жыйнап кетет. Бул чөлкөмдө Токтогул менен кошо сүргүн болгон Чыйбыл болуш, Болот Жыртаков жашаган эмеспи. Бирок ал материалдар да жарыяланбайт[40].

Эмне үчүн? Жогорудагы кишилердин жазуучулук кадыр-баркы, басма сөздө иштеген тажрыйбалары Токтогулду таратууга жарабадыбы? Анын бир катар ырлары Ж.Таштемиров тарабынан «сүрсүп кеткенде», 1957 – 1970-жылдарда гана Кетмен-Төбө, Талас, Аксы, Ноокен жерлеринен жазылып алынды.

Жогоруда кеп кылгандай Токтогулду «реформалаган», «артык кылабыз деп, тыртык кылган» жерлерди көп эле кездештиребиз. Кеп алардын баарын орду-ордуна коюп чыгууда турат. Өзгөчө Токтогулдун Совет өкмөтү тууралуу ырлары, колхозго үгүттөгөн саптары, басмачыларга каршы ырлары акындын деңгээлинде эмес, алар кандайдыр бир ырлардын үзүлүп алынган саптар сыяктанат, алардан акындын «үнүн» таануу кыйын. Деги эле совет учурунда акындын чыгармачылыгы кризиске кабылган өңдөнөт.

Адабиятчы А.Муратовдун «Такталбаган Токтогул» китебинен

[1]Кыргыз адабияты: энциклопедия // Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору [Текст] / Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акматалиев.  – Б.: 2004. – 359 – 361-бб.

[2]Таштемиров Ж. Кыргыз поэзиясы тууралуу айрым ойлор. Адабий сын макалалар [Текст] / Ж.Таштемиров. – Ф.: «Кыргызстан», 1975. – 121 – 122-бб.

[3]Таштемиров Ж. Кыргыз поэзиясы тууралуу айрым ойлор. Адабий сын макалалар [Текст] / Ж.Таштемиров. – Ф.: «Кыргызстан», 1975. – 122-б.

[4]Акиев Калык. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев.  – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 378-б.

[5]Бөкөнбаев Ж. Токтогулдун өмүрү / китепте Ж.Бөкөнбаев. 2 томдук. 2-т. [Текст] / Ж.Бөкөнбаев. – Ф.: 1954. – 208 – 209-бб.

[6]Бөкөнбаев Ж. Токтогулдун өмүрү / китепте Ж.Бөкөнбаев. 2 томдук. 2-т. [Текст] / Ж.Бөкөнбаев. – Ф.: 1954. – 274-бб.

[7]Асаналиев К. Адабий айкаш: эскерме баян [Текст] / К.Асаналиев. – Б.: 2013. – 47-б.

[8]Адышева Т. Чыгармалар жыйнагынын бир томдугу [Текст] / Т.Адышева. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 300-б.               396 б.

[9]Кекиликов Т. Достор арасында. Адабий эскерүүлөр [Текст] / Т.Кекиликов. – Ф.: 1990. – 8-б.

[10]Станалиев С. Улут таалайына бүткөн улуу ырчы. Маектешкен К.Молдалиева [Текст] / С.Станалиев // Эл сөзү. – 2009. – 22-сент.

[11]Станалиев С. Улут таалайына бүткөн улуу ырчы. Маектешкен К.Молдалиева [Текст] / С.Станалиев // Эл сөзү. – 2009. – 22-сент.

[12]Акиев Калык. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 365-б.

[13]Сооронов О. Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшү жөнүндөгү аңгемеси [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011. – 16-дек.

[14]Акиев Калык. Тандалган чыгармаларынын бир томдук жыйнагы [Текст] / К.Акиев. – Ф.: Кыргызстан, 1972. –  – 365-б.

[15]Даутов К. Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү [Текст] / К.Даутов. – Б.: Басма-тамга, 2003. – 90-б.

[16]Сырдыбаев М. Токтогулдун чыгармаларын текстологиялык изилдөө маселелери [Текст] / М.Сырдыбаев, С.Тургунбаев. – Ф.: 1975. – 76-б.

[17]Бобулов К. Тандалган чыгармаларынын үч томдук жыйнагы. Түз.: С.Алахан. III т. [Текст] / К.Бобулов.  – Б.: 2011, Полиграф-ресурс, 2011. – 277-б.

[18]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 169-б.

[19]Станалиев С. Жылдын эң узак күнү. Роман [Текст] / С.Станалиев. – Б.: 2007. – 50-б.

[20] Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы [Текст] / Т.Кененсариев. – Б.: Кыргызстан, 1997. – 136-б.

[21]Сооронов О. Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшү жөнүндөгү аңгемеси [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011. – 9-дек.

[22]Токтогул району: энциклопедия [Текст] / Баш редактор Ү.Асанов. – Б.: 2005. – 74 – 75-бб.

[23]Самаганов Ж. Токтогул Сатылганов / Писатели Советского Кыргызстана: био-библиографический справочник [Текст] / Ж.Самаганов. Ф.: Кыргызстан, 1969. – 479 с.

[24]Молдокасымов К. Акындын абак жылдары [Текст] / К.Молдокасымов // Кыргызстан маданияты. – 1989. – 20-июль; 27-июль.

[25] Өсөров М. Токтогулду ким качырган да, ким каматкан [Текст] / М.Өсөров // Эркин-Тоо. – 2010. – 16-июнь.

[26]Токтогул району: энциклопедия [Текст] / Баш редактор Ү.Асанов. – Б.: 2005. – 175-б.

[27]Токтогул району: энциклопедия [Текст] / Баш редактор Ү.Асанов. – Б.: 2005. – 201-б.

[28]Муратов А. 1898-жыл. Ийикчи эшен окуясы [Текст] / А.Муратов // Zaman Кыргызстан, 2012. – 14-сент.; 21-сент.; Муратов А. Сунулган баш… Суурулган кылыч…: тарыхый роман [Текст] / А.Муратов.  – Б.: 2012. – 198 б.

[29]Үмөталиев Ш. Токтогул. Адабий портрет [Текст] / Ш.Үмөталиев. – Ф.: Мектеп, 1975. – 32-б.

[30]Чукубаев А. Токтогул. Эпоха, жизнь и творчество [Текст] / А.Чукубаев. – Ф.: Киргосиздат. – 1958. – 76 с.

[31]Бобулов К. Тандалган чыгармаларынын үч томдук жыйнагы. Түз.: С.Алахан. III т. [Текст] / Ш.Үмөталиев. – Б.: 2011, Полиграф-ресурс, 2011. – 278-б.

[32]Даутов К. Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү [Текст] / К.Даутов. – Б.: Басма-тамга, 2003. – 87-б.

[33]Абдиев Т. Айтыштар, замандаштар, чоңколор, залкарлар [Текст] / Т.Абдиев. – Б.: 2004. – 4-б.

[34]Токтогулдун ырлары [Текст] / Т.Сатылганов. – Фрунзе-Казань, 1938. – 26-б.

[35]Satьlganov T. Ьrlar [Текст] / Т.Сатылганов. – F.: Qьrgьzmambas, 1940. – 133 – 151-бб.

[36]Сырдыбаев М. Токтогулдун чыгармаларын текстологиялык изилдөө маселелери [Текст] / М.Сырдыбаев, С.Тургунбаев. – Ф.: 1975. – 33 – 34-бб.

[37]Сырдыбаев М. Токтогулдун чыгармаларын текстологиялык изилдөө маселелери [Текст] / М.Сырдыбаев, С.Тургунбаев. – Ф.: 1975. – 66-б.

[38]Сырдыбаев М., Тургунбаев С. Токтогулдун чыгармаларын текстологиялык изилдөө маселелери [Текст] / М.Сырдыбаев, С.Тургунбаев. – Ф.: 1975. – 70-б.

[39]Satьlganov T. Ьrlar [Текст] / Т.Сатылганов. – F.: Qьrgьzmambas, 1940. – 264 б.

[40]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 160 – 161-бб.