
Бишкекке учушум керек болчу. Саатты карасам бир аз убакыт бар экен. Кой, нанүштө кылып ала коёюн деп мейманканага жакын жердеги чайканага бет алдым. Демейде киши кумурскадай кайнап турчу чайкана али ээн. Чайканачы жигит самоордун жанына жыйылган чайнектерин бирден сүртүп, бир аял мизилдете шыпырылган короого суу сээп жүрөт. Бурчтагы сөрүдө болсо эки киши отуруптур. Мен дагы бир чайнек чай менен нан алдым да тигилердин бет маңдайындагы сөрүгө барып отурдум. Жашы кырк-кырк бештердеги бул экөөнүн бири шаардык болсо керек, кылдат тегизделген чачын артка кайрый тарап, галстук тагынып алыптыр. Экинчиси айылдан келген окшойт. Үстүндө денесине анчалык жарашпаган костюм, шым, жээги кара калпагын чечип, жанына коюп коюптур.
– Шонтип, кууп чыкты дечи? – деди шаардыгы карс-карс күлүп. – Аталаң чыгы-ып кетевервей, ондо пулуму кайра бер девейсиңби? И, пешенесине ат тепкен ырысы жок десе!
Анан же мен алардын сөзүнө кулак түрүп калганымды байкадыбы же жөн гана сыр бөлүшкүсү келдиби, мага карап сүйлөй баштады:
– Бу менин досум болот. Тоодо мал багат. Кечээ кой сатып, балдарына кийим кылганы келиптир. Экөөбүз кечке шаар кыдырдык. Анан кечке маал бечара жесирдин сообуна калайын (катыны былтыр өлүп калган) деп бир келинге апардым. Пулуну төлөп (миң сом дейт энеңискейин!), давай, жакшы дам алгыла деп кеттим. Мен кетер замат тиги аягы суюктун телефону чыңгырап, «мен азыр келем» деп чыгып кетиптир. Бул отурат да, качан келет, качан жата калавыз деп. Жарим саат өтөт кевейт, бир саат өтөт кевейт. Бир малда эле жыйылган төшөктүн жаниндаги бешиктен баланын үнү чыгыптыр. Көрсө, ичинде алты-жети айлык, эмчек эмген бала бар экен да. Досум адегенде отура калып, терметип көрүптүр. Бала басылбай эле көгөрүп, эрип калыптыр. Оозуна упчу салса «түф» деп чыгарып иет экен. Апасыны чакырайын десе телефонун билбейт. Илаажи куруганда баланы бешиктен чечип алып, комнатада нары-бери баса баштаптыр. «Овай, укта, балам, укта-а» – дейт экен. Бала ого бетер эрип ийлайт экен. Бул болсо колун силкилдетип, нары-бери басат экен. «Кел, апасы кел! Мына, келди… Апасы келди, о-о-на, келатат. Бол апасы, тез келе кал!» – дейт экен. Шонтип, таң агарганча бала терметип, алдей айтип чыгып кетиптир. Өзүнүн бешта баласы бар, бирок олордун биттасини ям колуна алып, алдейлеп көргөн эмес. Катыны жакшы эле да. Буга бала каратчу эмес. Жанагы келин шо бойдон таң атарда келиптир. Ылжып мас дейт (дагы бир клиентти обслуживайт этип келе калды да). «Эй, каяка жоголуп кеттиң? Балаң ийлади» – десе, «Ийласа карап отура бердиңби? Сүт бербейсиңби. Курсагы ачса ийлайт да» – деп кайра өзүн беттен алыптыр.
– Каша кылып бербейсиңби дейт, – деп кошумчалады досу.
– «Шкафта манная крупа бар эле, буламык кылып бербейсиңби? И, өлүгүңдү көрөйүн жүдөмүш, бар жогол!» – деп үйдөн чыгарвериптир. Анан мен саар туруп, ниме болду экен, кабар алайынчы деп жолдо келатсам жетим баладай болуп мынаерде турат. Али карга кык чокуй электе бул болсо чайкана качан ачылат деп пайлап турганы экен да.
Тиги киши сөзүн токтотуп, досун элжирей карады.
– Конечно, карап көрдү да. Баштын каватаси бул болсо, кулактын каватаси бул болсо…
Анан муштумун түйүп, досунун мурдуна такап-такап койду.
– Бу дабдырды ураверсең, ураверсең…
Чачы тасырайта кырылып, кулагы аткулактай делдейген досу жаздыкка жанбаштаган калыбында унчукпай гана жылмайып отурду. Мага бул окуя анын эмес эле тиги айтып аткан кишинин өзүнүн башынан өткөндөй сезилип кетти. А балким, досу жөн гана шакаба чегип, тамашалап аткандыр.
– Чын эле ошондой болдубу? – деп суроо салдым тигиге.
– Кичине-кичине көркөмдөп атат. Бирок негизи шондой эле.
– Жүр эми, сени аптовузга салып коёюн, –деди шаардыгы. – Балдарыңа бар.
Экөө туруп жөнөштү.
– Саңа бир балаа кылып катын алып бербесем бовой калды. Күзгө чейин койлоруңду жакшылап семирт. Ого чейин мен лайыктуу бирөөнү таап коём. Тоого барып, уй саайсың десе шаардин келиндери ынавам өлбөйт. Же каватаң түзүгүрөөк болсочу…
Досу бу жолу да унчукпай гана ырсайып койду…