
Бою кодоо, башы тооктун жумурткасы сыяктуу кичине болгондуктан ал тогуз, он жаштардагы баладай көрүнчү. Сербейген муруту, кексе жүзү гана анын эчак бой жеткен жигит экендигин билгизип турчу. Эс тартканы анын бир эле иши, бир эле милдети бар – атасынын он чакты коюн кайтаруу.
Эртең менен койлорду алдына салып алып, адырга чыгып кетет да ошол бойдон күн батканда келет. Жанында төрт-беш шериги бар. Жалаң тогуз-ондордогу суу мурун балдар. Булар аны менен үч-төрт жыл чогуу жүрүшөт да бир күн эле бой тартып, чоңоюп кетишет. Койду алардын ордуна инилери кайтара башташат. Жалгыз Шапы гана чоңойбой, улам өсүп аткан кичине балдар менен шерик, теңтуш болуп келатат. Алар менен керээли-кечке адырдан-адырды ашып, жылгадан жылгага чуркап кой кайтарат, кескелдирик кармап ойнойт, сайдагы сууга киринет. Мындан он беш жыл мурда бир жолу мектепке барган. Мектеп жашындагы балдарды каттап жүргөн эки мугалим алардын үйүнө да баш багып, «балаңыздар быйыл жетиге чыккан турбайбы, мектепке камдаңыздар» дегенде ата-энеси өзүн ээрчитип барып, базардан бир сыйра кийим, калем, дептер, өчүргүч сыяктуу буюмдарды сатып беришкен.
Анан 1-сентябрь күнү өзү теңдүү балдар менен мектепке барып, сабак бүткөнчө акыркы партада бөтөн короого кирип калган козудай чочуркап, элеңдеп отурган. Бир жумадай барып, келип жүрдү. Сабакта отурганда, айрыкча калем сапты колуна кармап, тамгаларды, сандарды жазганда, сызыкчаларды чийгенде мурдуна чейин тер чыгып, жүдөп, кыйналып кетчү. Улам колу менен терин аарчыган сайын маңдайына сыя жугуп, сабак бүткөнчө бети, ак көйнөгү көпкөк болуп боёлуп калат. Бир жумадан кийин эжекеси сабак бүткөн соң үйүнө чейин чогуу барып, апасы экөө сыртта туруп сүйлөшүштү. «Баланы кыйнавайлы. Дагы бир ар жыл ойноп турсунчу, эмдиги жылы кичине акылына кирип калар», – деди картаң эжеке. Бирок кийинки жылы аны мектепке барсын деп эч ким келген жок. Ата-энеси да баламды окуткула деп таңуулашпады. Ошол бойдон Шапы мектеп бетин көргөн жок.
* * *
Бир күнү Шапы адатынча койлорун адырга жайып чыкса, чөбү киши бойлуу болуп сеңселе өскөн кыраңда эки боз чатыр пайда болуп калыптыр. Андан бир күн мурун бир автобус толо жаштар айылды аралай ырдап өтүшкөн болчу. Көрсө, Оштон чөпкө келген студенттер экен. Ошол күндөн тарта буга чейин тунжурап тынч жаткан адыр бир башкача шаңга бөлөнүп, айлана чалгынын шартылдаган, кыз-жигиттердин каткырган үндөрүнө толуп чыкты. Көйнөк, майкелерин чечип салышкан жигиттер керээли-кечке чалгы чаап, кыздар болсо чөмөлө жасашат. Айылдын кичинекей балдары койлорун жылгага жайып жиберишет да жакын барып, кыздардын колундагы бешиликти ыкшоо шилтеп, кылыктана чөп үйгөндөрүн кызыга карап турушат.
– Эй, бала, атың ким?
Башына жашыл түстүү шляпа кийип, спорт костюмун белине ороп алган ак жуумал кыз Шапыга суроо салды.
– Шапы, – деди жанында турган бала озунуп.
– Жок, Шайырбек.
– Биз Шапы деп коёбуз да, – деди жанындагы бала мурдун шуу тартып.
– Анавы фляжкаңда ниме бар? – деди кыз эми Шапынын куруна байланган көөкөрдү көрсөтүп.
– Айран.
– Берчи, кичине ичейин.
Шапы көөкөрдү сунар замат тиги кыз оозуна алып барып, аста иче баштады. Жанатан бери тамашакөй, шылуун курбусунун жоругуна мыйыгынан күлүп турушкан башка кыздар да басып келишти.
– Арзыкан, берчи, биз дагы ичейли.
Көөкөр улам бир колго өтүп атып, айран заматта түгөнүп кетти.
– Сенин үйүң жакын го, – деди Арзыкан бош көөкөрдү Шапыга кайра берип атып. – Биздики болсо алыс.
Ошол күндөн тарта жанагы кыз Шапыны көрдү дегиче кол жаңсап, кээде кыйкырып чакырып, көөкөрүндөгү айранын, кымызын түгөткөнгө жардамдашчу болду. Шапы да кыздын күтөрүн билип, апасы тигип берген торбо баштыкка кээде боорсок, кээде курут, өрүк сала келет. «О, менин жигитим келатат!» – дейт Арзыкан Шапыны көргөндө эле кучагын жайып.
– Шайыр, мени аласыңбы? – деди бир жолу кыткылыктап.
Жанындагы кыздары да шыңкылдап күлүп калышты.
Шапы уялганынан кулагына чейин кызарып чыкты. Күтүүсүз сунуштан жүрөгү болк этип, көкүрөгүндө буга чейин белгисиз бир сезим ойгонгонсуп кетти.
* * *
Бирок бейтаалай жигиттин түссүз, комсоо дүйнөсүнө күтүүсүз келген майрам көпкө созулбады. Чөп чабык бүтөр замат студенттер автобуска отурушту да, ырдаган бойдон кайра кетишти. Айлананы кайрадан жымжырттык басып, кечээги шаңдуу адырлар кайрадан томсоро түштү. Шапы күнүгө адырга чыгат да кыздар чөмөлө жасачу жылгаларды жалгыз кыдырып, кыздын шыңгыр күлкүсүн издейт. Бирок көзүнө сүйкүм жүздү көрө албай, кулагына жагымдуу үндү уга албай, көңүлү чөгүп кайра келет. Өңү саргарып, аза түштү. Күзгө жакын таптакыр эле шалдырап, алы кетип, төшөккө жатып калды.
Адегенде эч сөз айтпай сулк эле жата берчү. Анан эле: «Арзыкан», «Арзыкан» – деп жөөлүй баштады. Болгону отуз түтүндөй эл жашаган бул чакан айылда Арзыкан аттуу бир гана аял болор эле. Апасы менен эжелери Шапы башка бир кызды чакырып атканын түшүнүшүп, анын бейкапар дүйнөсүнө бүлүк салып кеткен Арзыкан ким экенин иликтей башташты. Ышкысы түшкөн кызынын Арзыкан деген атынан башка эчтекесин билбеген Шапыдан айырмаланып, бул айылдын жигиттери ал кыздардын айрымдары менен бир ай бою мамилелеш болушкан, кечинде чогуу киного барып, түндөлөрү бак түбүндө шынаарлашып, алардын кайсыл курста окуурун, кайсыл жатаканада жашаарынан бери билишчү. Андыктан, Арзыкандын дарегин табуу кыйынга деле турган жок.
Ошол замат Шапынын апасы, жашы алтымыштардагы кемпир шаарга барып, ал кызды ээрчитип келүүгө камданып калды. Кыздары аны бул чечиминен айнытууга аракет кылып көрүштү эле көнбөдү.
– Барам эле, – деди кемпир чечкиндүү. – Мени ниме, Ошту билбей калды дейсиңерби? Шаарга барып, университеттин жатаканасы кайсыл деп сурасам бир мусурман баласы көргөзүп берээр.
– Сиз үйдө отуруп туруң, биз барайлы, – деди кенже кызы.
– Силер сүйлөшкөндү билбейсиңер. «Барбайм» десе кайра келе бересиңер. Ол кызга айтип, түшүндүрүш керек да.
Эртеси эртең менен Ошко барчу автобуска отурду да, шаарды көздөй жол тартты.
* * *
Арзыканды кемпир эки күн дегенде араң тапты. Жатаканага издеп барса чогуу окуган кыздары:
– Ал быйыл общягага чыккан жок, эжеси менен чогуу квартирада жашайт. Күнүгө каттап окуйт. Эртең корпустан, сабакка келгенде табасыз, – дешти.
Эртеси эртең менен вестибюлга туруп алып, өмүрү көрбөгөн бейтааныш кызды күтө баштады. Улам бирөөдөн Арзыкан деген кызды тааныйсыңбы айланайын, келсе маңа көрсөтүп койчу, – деп суранат.
– Ана, келатат, – деди бир маалда кыздардын бири.
Жашы жыйырма, жыйырма экилердеги ак жуумал кыз жайбаракат сагыз чайнап келаткан экен.
– Кызым, Арзыкан сенсиңби? – деди кемпир анын алдынан тосуп.
– Мен… А сиз кимсиз?
Арзыкан кемпирди таңыркай карады.
– Мен Шайырбектин апасы болом. Быйыл биз жакка чөпкө барганда таанышкан турбайсыңарбы. Балам ооруп калды. Ниме деп үмүткөр кылып койгонсуң, эки сөзүнүн бири – Арзыкан. Бир аптадан бери эчтеке иче элек. Арзыкан деп эле жөөлүп атат. Көзүнө бир көрүнүп: «Мына, мен келдим, мен жаниңдамин», – деп койчу кызым.
Арзыкан бир ай бою ага кымыз, айран ташыган баланы эчак эле унутуп койгон. Кемпирдин айтканы боюнча араң эстеди. «Жанагы дабдыр балабы?» – деп айтып ийе жаздап, кайра токтоп калды. Алар чөптө жүрүшкөндө ошол айылдын жигиттери эки студент кызды ала качып кетишкен. Бу кемпир да мени өзүнүн кем акыл, эргежээл уулуна ала качып бергени келген жокпу? – деген ой келди башына.
Кыз барбайм деп койбос бекен? – деп чоочулаган кемпир ого бетер жалбарып кирди.
– Жок дегенде таза ава жутуп, айран-сүт ичип келесиң го, кызым. Магазиндин бөлкөсүн жей берип, жадагандырсың. Ага тартынсаң кыздарыңын биттасин ээрчитип алың.
Арзыкан эми кемпирдин ар бир сөзүн аны алдап ала качуунун амалы катары кабыл алды. «Кыздарыңдын биттасин ээрчитип ал» дегени шектенүүсүн ого бетер күчөттү. Балким, университеттин имаратынан чыкса эле машинага тыгып кетебиз деп сыртта эки-үч жигит аңдып турган болушу да мүмкүн деп ойлоду. Өз оюнан жүрөгү түшүп, эки жагын алаңдап карай баштады. Аңгыча чогуу окуган эки курбусу көрүндү. Аларды көрөр замат куткаруучулар жетип келгендей жеңилдей түштү, ушул эки курбусу аны азезилдин колунан сууруп алышкандай сүйүнүп, тепкич менен өйдө чыгып кетти. Кемпир менен коштошкон да жок.
* * *
Шапы дагы бир жумадан кийин көз жумду. Акыркы деми чыкканча Арзыкан деп чакырганын койгон жок.
Кемпир анын жаагын таңып коюп, эки кызы менен ыйлап отурду.
– Барган жериңен бак таппагыр! – деди сай-сөөгү сыздап. – Келип, бир көрүнүп койсо бир жери камип, чоңдугунан түшүп калавеле.
– Апа, ону нимеге каргап атасыз? – деди улуу кызы. – Ол ниме, сиздин келиниңиз беле? Келгенге милдеттүү эмес да.
– Милдеттүү деген жокмун… Бир көрүнүп койсо, балам бечара мынчалык мустар болуп, кыйналбайт эле да…
Бул учурда созолонгон ыйдан улам эмне жамандык болуп кеткенин түшүнгөн кошуналар туш-тараптан жыйналып келе башташкан…