
Бурулкан САРЫГУЛОВА
Айке жеңем
Тан беремин балалыкка андагы,
Ушунча жыл кемибеген салмагы.
Түндү күмүш түскө боеп сүт өңү
Ал айылда сулуу эле ай дагы.
Катаал эле кышы, бирок жазында,
Булбул сайрап турчу калың багында.
Тоо койнуна кирип алган ал айыл,
Жомок сымал түрдүү болчу дайыма.
Кыз-келиндер сууга жөнөп калганда,
Шыңкылдаган үнгө толуп айлана,
Ныксыраган иттер дагы бой керип,
Чыт курсактар карап калчу жардана.
Кызы кымбат, келиндери тың эле,
Жигиттерди жолотчу эмес тим эле.
Бирок алар тил табышып алганда,
Ак чөлмөккө кирип кетчү күр эле.
Сүйүү жыттуу, бала мүнөз көчөмдү,
Эстен чыккан айылдагы эзелки,
Сагынганда самсып жөнөйт ойлорум,
Эңсеп эбак изи сууган жеңемди.
Айдай сулуу Айке жеңем бар эле.
Жүрөгү ак, жүргөнү да шар эле.
Кары-жашы тегиз мактап түгөтпөс
Эстүү келин, анан мыкты жар эле.
Азык алып ошол Айке жеңемден,
Ашык элем абам эмес, бала мен.
Балалыгым куруп кетсин ошондо,
Жеңем ичтен сыздаганын сезбеген.
Анда кайдан ойломок бар алдыны,
Балалыктай болбостугун бардыгы.
Жок экенин арман толгон жашоого
Тең келерлик тирүүлүктүн кордугу.
Жаш чайыса каректерин жайнаган,
Күүгүм тартып кетчү бирок, айланам,
Жарк эткени «жан кишиге айтпа» деп,
Кайрып берчү кубанчымды кайрадан.
Таппай калдым бир күн таңда жеңемди,
Бала дүйнөм эси кетип элейди.
Кеткен бойдон бул айылга кайткан жок,
Алай-дүлөй ойлор менде көбөйдү.
«Кетпей койсоң сен бияктан не болмок,
Жеңил ойлуу, жаман жеңе» деп ойлоп,
Жек көрүүгө чөгүп дүйнөм ариет,
Агам эмес, мен калгамын боройлоп.
Түшүнгөндө төөдөй жүгүн сезимдин,
Жеңемди эстеп мен далайга эзилдим.
Көрүнбөдү таза дүйнө акактай,
Көздөрүнөн кийин келген келиндин.
Айке жеңем, аярым да, аялуум,
Билбей калдым такыр анын кабарын.
Тапты бекен чын ашыгын көксөгөн,
Жаш чайыбай жүрдү бекен жамалын.
* * *
Көчө ылдый агып келип баарыбыз:
Беш көкүл кыз, сепкил, кара, сары кыз,
Дерделеңдеп, кирбелеңдеп, жүгүрүп,
Жеңе көрмөй – дегдеп жеткен жагыбыз.
Кубанычтан терибизге бата албай,
Көшөгөдө отурабыз катарлай,
Көздөрүбүз сугун артып жатышат
Карагат көз жеңебизге кашы айдай.
* * *
Ал келгенде күүгүм талаш, кеч эле,
Энем чуркап чыкты майын көтөрө.
Чачын өрүп, бантик тагып кызындай,
Жоолук салып, тартып койду көшөгө.
Көшөгөдө кош ак бантик тагынып,
Ак жоолукту ээгин байлай салынып,
Сулуу жеңем жүйүртө басты акырын,
А сыртына энем чыкты жалынып.
Шыртылдаган сайын жибек көшөгө,
Кулак түрүп абам жүрөт көчөдө.
Мен жеңеме чач өрдүрүп ансайын,
Кычаштанган экем анда өтө эле.
Кош бантигин энем ага байлаган,
Мага таккан кезде жеңем кайрадан,
«Кош, кыз кезим» деген сөздү окугам
Сүйүү толгон көздөрүнөн жайнаган.
* * *
Сапсары гүлдүү көйнөк, ак сандалет
Кийинген балалыгым мага эркелеп,
Сапарга чыккан кезде ар бир жолу
Акмалап күтүп турат таң эртелеп.
Турпаты карегимде калган ушул,
Арт жакты эске салган утур-утур,
Бир үйдөн ызаланган бойдон кетип,
Бир үйгө бала болуп барган учур.
Бир үйгө болуп бала асыралган,
Бир үйгө жетпей көздөр чачыраган,
Кыялкеч балалыгым таарынычка,
Ызага муунуп, кеткен качып анан.
Таптаза жан дүйнөсү эселектин
Азгырып, ушул үйдөн нечен кетти.
А менин эс тутумум кое бербейт.
Ал үйдөн дале узап кете элекмин…
Жомокко ошол бойдон жетелекмин.
* * *
Акыркы күнүм калды эстен кетпей,
Өзүңдөн көз көрүнөө басып кеткен.
Карааның карегиме сүртүп алып,
Өксүгүң жүрөгүмө катып кеткен.
Эскергим келбейт такыр ошол кезди,
Эсиме түшөт, бирок, жетим кепе.
Жалгыз жол дүйнө менен туташтырган,
Анан да сары чырак күйгөн кечте.
Кулпунуп турар эле биздин айыл
Күн челген улуу тоонун этегинде.
Назарын эч ким деле бурчу эмес
Ырысы кемип калган ошол үйгө.
Бир гана кетирекей беш көкүл кыз
Жүз жолу ташып кирип кубанычты.
Күнүгө алып чыкчу тирүүлүккө
Эрди-аял жөнүндөгү уламышты.
Бир күнү жан дүйнөнү таарып кеткен
Көз жумду эки тагдыр жетелешип.
Жаш-кары жапырт келип көөмп коюшту,
Мен калдым бала бойдон санаа кечип.
…Эскербей койсом деле болот эле,
Эзгилейт, бирок, мени жалгыз арман.
Өз болуп бере албаган айыбыма
Ордосу эрди-аялдын жайдак калган.
* * *
Мүрөктөй дүйнөң мага бейиш болуп,
Ойлорум каттап келет сага тынбай.
Мезгилим мени ээрчитип кетсе деле,
Кылчактайм кызыл дүйнөм санаа тынбай.
Чер жазып эргибедик кезегинде,
А дагы бир жазмыштын ченемидир.
Жомоктоп кыйырына жеткире албас,
Эскерүү болуп калдың сен эми бир.
Жазыксыз муңдуу бүлө азабына
Өз жандан артык түтүп, чындап күйдүк.
Аяндай алигиче ошол күндөр
Ыйманды бешенеме турат сүртүп.
Жол чырак болуп мага тартыласың,
Адашкан багытымды теске салаар.
Өмүргө ыроолонсо улуу бакыт,
Жашоого акысы бар сенде гана ал.
Жоголгон аялуу бир седебимдей,
Элесиң келет-кетет мунарыктап,
Ой менен ойрон кылып аралыкты,
Бүгүн мен карааныңа турам ыктап.
Асылы аз, азабы көп бул дүйнөдө,
Оюнга тойбодук биз балалыгым.
Өксүктүн изин суутуп алып кетсин,
Кел эми, ырдайлычы шамал ырын.