САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ДАША

АҢГЕМЕ

Апрель айынын орто чени. Шаардын үстүндө коюу сур туман. Чакырым алыстагы үйлөр мунарыктап, суз көрүнөт. Үйлөрдүн чатырында, көчө жээктеринде ала-телек кар жатат. Бийик трубалардан көтөрүлгөн түтүндөр, буулар чыгыш түндүктү көздөй жапырылып, ийрелеңдейт. Аба суук, нары ным, жагымсыз.

Бөлмөнүн ичи да күүгүмдөп көңүлсүз. Мындайда көзгө көрүнгөн бардык нерсе кишилерге кайгы-капа чакырып тургансыйт. Кайдигер бир жакка кетип, кимдир бирөө менен муңдашкың келет. Дашаны ээрчитип келдим. Бул – жашы жыйырма бешке жакындаган ак жуумал, кой көз келин. Ал кээде, шат, кээде, муңдуу. Маек үстүндө билинер-билинбес улутунуп, ойлуу сүйлөйт. Жакында күйөөсүнө оор операция жасалды. Мээримсиз рак. Турактуу жери мындан беш миң чакырым алыс. Даша күйөөсүнө карайлап көптөн бери мында.

Саал суук тарткан бөлмөдө свитерин кымтылана жамынып, жаныман орун алды. Сүйлөшпөйбүз. Бардык нерсе түшүнүктүү, жаңылык жок өңдөнөт. Жашыраары барбы, мендеки көңүл туманы серпиле баштады.

Жакшы ойлор жылтылдап көз жарды. Колтугума канат бүтүп, тике күнгө учууга даярдангансыйт. Эч нерседен капарсыз, сутка бою ушундай отура берүүнү каалаганымды сезем. Экөөбүз тең сыйкырдуу, ыракат көлүндө жай гана калкып бараткансыйбыз.

– Ал азыр мүлдө сүйлөбөйт, – деди Даша «сыйкырдуу ыракат көлүнөн» кокус ыргып чыккансып. – Баары бир өлүм…

Сөз эмне жөнүндө экенине түшүнбөй калгансыдым. Бирок күтүлбөгөн башка бир дүйнөнүн сүрөтү көз алдыма тартыла кетти. Ал дүйнөнүн мени менен эч кандай байланышы жок өндөнөт. Мына кызык, Даша башка ойдо, мен башка ойдо отурган экенбиз. Өзүм кутула жадаган баякы азап! Саал ыңгайсыздык басты мени.

– Да… Бактысыздык!– дедим амалсыз Дашанын оюна орток үн менен. – Бир аз жакшы болоюн дейби?

Даша төмөн карап башын чайкады.

– Күндөн-күнгө жаман.

Мен тамеки тамыздым.

– Врачтар бирдеме айтышабы, эмне дешет?

– «Баары бир киши болбойт» дешет.

– Ушундай ачык айтабы, өзүнүн көзүнчөбү?

Даша дагы башын чайкады.

– Мага айтты, эмнесин жашырат.

Мен Дашадан көзүмдү алып башка жакты карадым. Анын тымызын кайгысы аздап болсо да мага жуга баштаганын сездим… Жарым минута мурда пайда болгон жакшы ойлор изсиз жоголду.

– Ал кишини бир көрсөм дедим эле, – дедим мен. Дашанын аны өлөөрчө жакшы көрөрүнө көзүм жетип турду.

– Эмне үчүн?

– Мүнөзү, сөзү кызыктырат…

Даша эки анжы кебете менен ойлоно кеткенсиди:

– Сизге окшойт, – деди ал мага карап, – көп сүйлөбөгөн киши.

– Эмне ойлойт болду экен?

– Эч нерсе ойлобосо да ойлуу көрүнөт…

– Сизди абдан жакшы көрсө керек.

– Ым, – деди Даша башын ийкеп кубаттап.– Операция болор алдында атайын көпкө сүйлөшүп отурдук. «Эң акыркы жолу сүйлөшүп отурабыз!» – деди ал. – Даша назарын төмөн салды. – Акырында: «Угуп ал мындан ары менин үнүмдү эч качан укпас болосуң! Мен сени жакшы көрөм, сүйөм!» – деди.

Мен эмне айтаарымды билбейм. Операция жасаганда анын дыбыш чыгаруу органдарын бүт алып таштаганы эсиме түштү. Кайдадыр алыста муңдуу музыка ойнолуп жаткансыйт, көңүлүм бузула кетти. Ордуман турдум да терезеге бардым. Мунарыктаган алыскы үйлөр оор кайгыдан жүдөгөнсүйт. Сур туман көкүрөгүмөн кайрадан орун алды. Бир кезде Даша жай басып, артыма өтө жакын келгенин байкадым.

Анын жылуу деми далыма тийип турду. Аялдардын мээриминде чек барбы?

– Ал жөнүндө экинчи сүйлөшпөйлү, макулбу? А?

Мен аркама бурулдум. Бирок мен аяган көздөрдү узак кароого дарманым жетпеди. Унчукканым жок. Бардык нерсе мага жаңы сезилет. Эмне айтып алаксытышым керек эле. Аны билбедим. Байкашыма караганда Даша мени күйөөсүнө окшотот, менден жылуу мамиле күтөт. Бар болгону ушул гана. Албетте, буга да мүмкүн. Кыпындай болсо да бирөөгө жакшы сезим берүү кишилик милдет эмеспи тиричиликте.

*     *     *

Күн жылый баштады. Иван Буниндин «Караңгы аллеясын» барактап отурам. Радио орустун муңдуу, элдик ырларынан концерт берүүдө. Кишини эзген жалгыздык жанымда сагаалап жүргөнүн сезем. Бир кезде эшик жактан өтө этияттык менен назик кагылган үн угулду.

– Кириңиз.

Даша кирип келди. Эмнегедир көңүлдүү. Мойнуна мала кызыл капрон жоолук байлап, жайкы көгүлтүр плащын кийген. Жылаңбаш. Чачын кежигесине бир муунап байлап, калганын аркасына бош таштаган. Сүйкүмдүү жыт бөлмөгө толо кетти. Араптын «Маясы». Көрүшпөгөнүбүзгө он нече күн болгон. Ал күлөт. Буттан чыга калган күндөй ысытып үлгүрдү мени.

– Сизди «барбы, жокпу» деп, – дейт торунан колбаса алып жатып. – Мен азыр кайра кетишим керек…

– Эмне болду, Даша?

– Эч нерсе болгон жок, – күлүңдөйт ал…– Жөн эле…

Мен шашкалактап чай даярдай баштадым. Даша киймин чечип, столду сүртүп, чыны-аяктарды жууп иретке келтире баштады. Кыймылы тез, нары кескин. Чай кайнаганча терезелерди, китептерди да бир-бир сүртүп, чаңын үйлөп үлгүрдү. Керексиз кагаздар, тамекинин калдыктары – кыскасы, артык баш нерселердин баары заматтын ортосунда өз жайын тапты. Акырында, шыпырындыны газетага ороп, жуунууга кетти.

Дашанын келгенине кубандым. Асиресе, анын көңүлдүү болгону менде бир түрдүү ыраазылыкты пайда кылды. Бирок көңүлүм бирдемени сезгенсип, саал бүркөлүп турганымды да байкайм. Экөөбүздүн ортобузда кенен-кесири жыйырма жыл жатат. Дашада жаштык, сулуулук, назиктик – баары кемелине келип турган учур. Ал эми менчи? Өзүмдү анын катарына кантип коём. Бул өзүнчө түрмөк! Анан, анын кайгысы, эгер менде ушул экөөнөн бийик турган кандайдыр бир үмүт пайда болсо, анда жаңылыштык кетирген болом! Бул чындык да!

Даша күзгүгө каранып, чачын тарады.

Ал таранып болгон соң, шкафтан бальзам издеп кирди. Менин ойлорум менен анын иши жок. Узак жылдар бирге жашаган кыйбас адамындай эле «Калды беле деги?» деп сурап коёт. Анын азыркы кылык-жоругу алыскы көңүлдүү сапардан кайтып келген үй ээсин элестетет. Башындакыларын унутуп, кайрадан жаралгандай жайнап күлөт. Чайга отурганда:

– Силер кантип жазасыңар? – деген суроону кокус айта салды ал. Бул суроо аркылуу мени да кубанычка бөлөгүсү, бирер жылуу сөз айтып сыймыктангысы келгенсийт.

Мен эриксиз күлдүм. Анын сүрөттү жакшы тарта турганын билүүчү элем. «Сыймыктанууну» өзүндө калтыргым келди.

– Окшош, – дедим мен. – Сиз сүрөт тартып жатканыңызда кандай кыялдар бийлик кыларын билесиз да. Ага эмнелер түрткү болорун да жакшы түшүнөсүз. Сизге боёк, мага сөз гана керек…

– Мен жазуучулукка кызыгам…

– А мен сүрөтчүлүккө кызыгам, – дедим.

Буга экөөлөп курулай күлдүк. Кантсек да, өзүбүздү жагымсыз бирдемеден зордоп алыстатып жатканыбызды түшүнүп отургансыйбыз.

Стакандарга бальзам тамызып, үстүнө суусун куйдум. Ушул кыймыл үстүндө, кыргыз бальзамы жөнүндө атайын узун сонор сөз козгодум. Албетте, биздин кооз жергебиз, андагы эсепсиз дары чөптөр, Даша болор болбос сөзгө да күлүп, бериле угуп жаткансып, мени тиктеп калат. Ал тиктеген сайын мен анын жаны жок, куру гана сүрөтүн көрүп отургансыйм.

Жеңил-желпи суроо берип, жооп алгыча шашат. Эмне кыларын билбей жатканы анын. Сезип, билип отурган мен андан бетер кыйналам. Бирок экөөлөсөк да бул кырдаалды узакка созо албадык. Канчалык сактанса да туюк жара жарылбай койбойт тура…

– Бүгүн эртең менен күйөөм эшикке чыгып, бир сааттай таза абада отурду, – деди Даша акыры.

«Баса ойлоно кеттим мен, –эми түшүнүктүү!»

– Жакшы кабар, демек, жакшы боло баштаганы да…

Даша адаттагысындай башын чайкады да төмөн карады. Өңү суздана кетти. Аңгыча жалбырак үстүнөн тоголонгон жаан тамчысындай бир «бермет» кирпигине илине түшүп ылдый кулады.

Таңатканча жанында, орундукта үргүлөп отурдум…

— Мындан ары ал жөнүндө сүйлөшпөйбүз дебедиң беле? – дедим мен.

Даша бул сөзгө этибар берген жок. Аялдык, бошоңдук анда бийлик кура баштады. Эми сооротуу пайдасыз деп түшүндүм. Ордуман туруп бөлмөдө ары-бери баса баштадым. «Ыйла, байкушум ыйла, – дедим ичимен, – балким сергийсиң!» Даша ыйлап да сүйлөп да жатты. Мен көбүнө түшүнбөдүм. Көз алдыма өмүрү көрбөгөн кишим элестеди. Бакалоору бүтүндөй алынып ташталган, алкымындагы тешикке резина түтүк орнотуп, ошол аркылуу кышылдай дем алып жаткан жарым жан бирөө. Үн жок. Ооруну сезсе да кыңкыстап өзүн алаксыта албайт. Тышынан караганда эч жери оорубаган мопмомун киши!

Даша ыйын басалбайт. Бечара-ай, көзү жылтырап жалооруй карайт. Мен эмне айла кылам. Жинди болуп кетишим мүмкүн!

– Мен да өзүмдү жемелейм. «Чабал адаммын, – деп ойлоном. – Кубанычыма орток кылайын, жок дегенде бир аз сергийин, бук жазайын деп келди да мага. Жаркылдап аны-муну айтып, бирар саат болсо да алаксыта албадым. Ал менден дал ушуну гана күткөн да!»

Эшикте күн жадырап тийип турат. Бак-дарактар бүр байлап, саргылт жашыл түс алган. Тротуарларда жеңил кийинген адамдар күлө сүйлөшүп жай басышат. Алар ченемсиз бактылуу адамдай сезилди мага. Дашанын да жаркырап күнү тийип турган өмүрү болгон. Ал кезде бүгүнкү бактысыздык күтүлгөн эмес. Ал эми жылдар өтөт, эртең ал мурдакыдан да бактылуу жашап бүгүнкүсүн унутат…

Ойдон серпилип Дашанын сөзүнө кулак коём.

– Алты жыл бирге жашадык, – дейт ал бышактап. – Бир да бир адамды иренжиткенин көргөнүм жок. Европада, Африкада саякатта болдук. Японияда да… Докторлук диссертациясын жаңыдан гана баштаган. Бул кандай кырсык, ой бечара-ай…

— Кайрат кыл, Даша ыйлап айыктыра албайсың!

– Эмне кыларымды билбейм. Анын ордуна мен оорусам эмне!

Чай да ичилген жок. Алар да көңүлдүн тынч кезин жактырчу түрү бар. Дашанын мындан бир саат мурда жайнап кирип келгени көз алдымда элестей берет. Биринчи ирет таанышканыбызда ачык-айрым эле. Анын күлкүсү мага качанкы бир уккан жомоктогу кызды элестетет. Ал кыз күлгөн сайын оозунан алтын теңгелер төгүлүп турган эле да. Неси болсо да анын тагдыры мени биротоло өзүнө каратып алгансыйт. Мага андан башка ой кирип да чыкпайт. Ансайын менде аёчулук, бир туугандык сезимдер басым боло баштады. Чындыгында, ал менин алдымда кайсалаган жаралуу марал өңдөнөт…

Даша кечки саат алтыга жакындаганда кетти. Ыйлап болсо да черин жазган өңдөнөт. Коштошкондо болсо, жеңилдене түшкөнүн сездирди. Анын көздөрүндө үмүт учкундары кайрадан жылтылдап турду.

*     *     *

Шаардын сүйкүмдүү, нары мээримдүү май айы башталды. Күн бүркөлө түшүп, төгүп-төгүп алат да заматта чайыттай ачыла кетет. Жаандан кийинки жагымдуу тунук абага кишилер жамырай чыгып, сейил курушат. Адам көркүнүн, табият көркүнүн боёктору дааналана түшөт. Мындайда киши көбүрөк эргийт экен, өмүргө деген суктануу күчөп, дүнүйө түгөл бир мезгил бийлик курат. Көпкөк асманда болсо, балкыган алтын табак ойноп нур чачып, өз алдынча кубанган адамдарга күлүңдөгөнсүйт.

Ушундай күндөрдүн биринде Даша дагы кирип келди. Өңү бопбоз. Көзү кызара киртийип, түн бою уктабаганы бир караганда эле билинди.

– Эмне болду, Даша?

Ал мени кайдигер жандап өтө берди да терезеге жакындап артына бурулду. Жүз аарчысын көзүнө басып унчукпайт. Мен ага жакындап, эмне болгонун дагы сурадым.

– Түндө, саат бирде күйөөм өлдү! – деп кабарлады Даша. Мен укпай калгансыдым. Кандайча, мүмкүн эмес деген ой келди мага.

– Эмне дейсиң?

– Түндө күйөөм өлдү!

Мен артыма чегиндим. Унчуга алганым жок. Терезеден көрүнгөн алыскы бийик үйлөрдүн төбөсүндө, мени алаксытуу үчүн бирдемелер эрбеңдеп бийлеп жүргөнсүйт, мен алардан көз айырбай кызыга караймын. Өзүм көрбөгөн адамдын өлүмүндө эмес, жакын адамдан айрылгандагы оор сезим бийледи мени. Бул бир укмуш сезим эле!

Бир карасам Дашанын халатынын этеги кара-кочкул кан.

– Даша, алдагы канды караңыз…

Даша эңкейе карады да этегин чымчый саал көтөрдү:

– Ошонун каны, – деди ал эч нерсе болбогонсуп салмактуу гана, – тиккен жери сөгүлүп кетсе керек!

Мен андан бетер чочуп кеттим. Дашанын жанына жетип бардым да чекесине алаканымды бастым.

– Чай ичесизби?

Ал башын чайкады. Бирок:

– Суусун болсо, азыраак…– деди. Болушунча куюп бердим, ичип жиберди. Стаканга коюп жатканда анын өңүнөн бир түрдүү катаалдык жылт эте калгансыды. Мен андан көзүмдү алалбадым.

– Эч ким жок бизден, – деди ал мага тике карай. – Саат үчтө барып буюмдарын алып келели, экөөбүз. Мен мында араң келдим…

Алыс жерде жалгыздык жаман дарт. Даша барын ойлоп, башынан өткөрүп, өзүндө жок катаал мүнөздү атайын менчиктенип, андан абайлап пайдаланып жаткансыйт. Мурдагысы аз келгенсип, анын назик денесине тагдыр акыркы оор жүктү арта салган, көтөрө алгыс зил астында тишин-тишине басып, чымырканып отурат ал. Ошол оор кырдаалда мени эсине алган, менден жардам болоруна да толук ишенген.

Бөлмө ичи тым-тырс. Көчөдөн тынымсыз агылган машиналардын күрүлү унутулган. Ортодо сөз жок, көпкө отурдук. Бир чыны суусундук башка эч нерсе оозуна алган жок. Мен анын көзүнө карагым келбейт. Ченемсиз кайгыга баткан адамдардын көзүндө кубанычтын же куулук-шумдуктун, ал түгүл, үмүттүн да кыпындай белгиси калбайт. Андай киши өзүндө көз бар экенин унутат. Айланы кетирген мээримсиздик менен катаалдыкка каршы, акыркы карманар күчүн салган чыныгы өң гана калат аларда.

Саат экиден өткөндө ооруканага бардык. Даша күйөөсү жатып каза болгон кроватты жыйнаштыра баштады. Кроват башындагы тумбочка үстүндө вазага коюлган жоогазын гүлдөрү жаңы эле үзүлгөндөй тирүү. Аны кечээ сатып келгенин айтты. Тартмадан өзүнүн буюмдарын чыгарып, тор баштыкка иретсиз сала баштады. Эми алардын мүлдө кереги жок өңдөнөт. Тартманын түбүндө бир сомдук монеталар аралаш майда тыйындар көп жатты. Бирок андан Даша бир тыйын да алган жок. Барын жайгаштырып, кетүүгө ыңгайлана бергенде, ал бурчтагы кийим илгичти көздөй басты. Анын муундары калтырап баратканын көрүп турдум.

Кийим илгичтен сур күрмөнү чебердеп алды да, ийинден кармап, ичине көз жүгүртүп өттү. Оорулуулар андан көз айырбайт. Бир кезде күрмөнү жыттап алып, көкүрөгүнө кысып өкүрүп ыйлап, дубалга сөөнө кетти. Мен жетип бардым… Эмнеге токтоно алайын. Чыдап отура албаган оорулуулар илээлей басып, биринин артынан бири чыгып кетип жатты…

Кайтып келгенден кийин өзүнүн мурда жаткан бөлмөсүнө жайгашты. Анын каалоосу боюнча мен кыргызча сорпо жасадым. Бирок жарытып ичкен жок. Күйөөсүнүн күрмөсүн жамынып, ыйлап отура берди. Жердештери эртеси келишти. Биздин элдин сый-урматы менен мээримин алардан да аяганым жок. Жатаар орун, тамак-ашы өз алдынча дайыма даяр турду.

Үчүнчү күнү кайгысына чыдабаган келин ооруп калды. Кызуусу көтөрүлүп, тамак татууну мүлдө токтотту. Тез жардам чакырып, аптекаларды кыдыруума туура келди. Жердештери өлүктүн аны-мунусу менен алек.

Даша ыйлай-сыктай отуруп күйөөсүнүн күлүн алып кайтууга макулдугун берди. Ал ооруп жатканына карабастан башынан аягына чейин кара кийинип, крематорияга барды. Ошол күнү учууга билет да алышты…

Заңкайган аэровокзалда отурабыз. Кечки саат он. Зал толгон жүргүнчүлөр. Алардын өңдөрүнөн тымызын кубаныч байкалат. Сапарга чыгуу да, сапардан үйгө кайтуу да көңүлдү көтөрөт эмеспи. Даша болсо аларга окшобойт. Анын куру гана сүлдөрү отургансыйт.

Мен бир нерсени билгим келет. Дагы бир жагынан Дашаны аяйм. Биле турган нерсе Дашанын оорусун күчөтүп, бардык өткөн кайгылуу көрүнүштөрдү кайталашы мүмкүн. Бирок бары бир менсиз да алда-нече эскерилип, көз жашы алда-нече төгүлүшү мүмкүн, ошон үчүн бир гана кайталанышына себепкер болсом эч нерсе болбос деген тыянакка келдим.

– Мен бирдеме сурайын, – дедим Дашага. – Күйөөңүз каза болор алдында эч нерсе жаза алган жокпу?

Даша шашпай кол сумкасын ачып, ичинен кичине блокнот сууруп чыкты да:

– Мына, – деп мага сунду.

Окуп көрсөм мен түшүнбөгөн тил. Бөлөк-бөлөк асты сызылган үч сүйлөм экен.

– Эмне деген сөз бул?

Даша блокнотту кайрадан алды да биринчи сүйлөмдү которду:

– «Даша, жаным, мен өзүмдү кандайдыр начар сезе баштадым! Бүгүн уктабачы!» бул биринчи жазганы. Экинчисин жарым сааттан кийин жазды.

– Экинчиси эмне? – деп сурадым.

– «Ушунчалык катуу ооруп жатам, оору мындай болот деп эч качан ойлогон эмесмин! Мындан көрө өлсөм эмне!»

«Балким, ооруп-ооруп басылар деген ойдо болгон го бечара!» деп ойлоно кеттим.

– Бул катты окугандан кийин ыйлап жибердим, – деди Даша. –Анан маңдайыман сыйпап… Кыйла отурду. Карасам, көзүнөн жаш куюлуп жатыптыр. Үн чыгарып да ыйлай албайт, байкушум, ай…

– Андан ары?

– Андан ары мени сооротуу үчүн: «Азыр жакшы болуп калдым, ыйлаба!» деп жазды. Бул эң акыркы жазганы. Бирок ал көз жашын жан үзгүчө токтото алган жок. Эмнелерди ойлоду экен…

– Түшүнүктүү, мындан башка эч бир жазган жокпу?

Даша башын чайкады. Өзүнүн сүйүктүү адамын гана аяган барына чыдаган. Аны тынчытып жатып каза болгон! Бул да өзүнчө татаал тагдыр ов!

Каршы алдыбызда булардын рейсинин регистрациясы жүрүп жатты. Даша онтоп араң отурат. Бактысыз жубайлардын бири-бирине деген сүйүүсү менин сай сөөгүмдү сыздатууда. Убакыт өтпөгөнсүйт. Кайра-кайра тамеки тамызам. Тезирээк кетүүсүн каалап отурам.

– Сизге ыракмат, – деди көз жашын тыя албаган Даша. –Жардамыңызды эч качан унутпайм!

Анын чын жүрөктөн алкоосу мага жакшы ой салды. Үнүнөн адамдык урмат, сый, терең тагдыр байкалат. Жарым саат өткөн соң урнаны кучактаган Даша аэропортко кетүүчү автобустан орун алды. Аны терезеден даана көрүп турдум. Урна салынган картон ящикти алдына коюп, жоолугу менен бетин баса ыйлап отурду ал.

Буларды узаткандан кийин көпкө көңүлсүз жүрдүм. Беш күндөн кийин Дашадан кат алдым. Али да айыга албаганын жазат. Катта дагы мындай сөздөр бар: «…кээде, жападан жалгызмын. Баарын таштап, баарын сатып, силер жакка кетип да калгым келет…»