САСПАЕВ Аман: АМАН САСПАЕВ: ЭСКИ ЖОЛДО

АҢГЕМЕ

Эртең мененки күн жадырап тийип турган шашке мезгилде Койсун чоң эне абышкасына кадала кетти. Самоордун керинейин үйлөп, чаң ызгыган күлдөн бети-башын тырыштырган кемпир:
– Эмне деген жакшылык… Даяр немени, – деп сарай жакты карап койду. Кыязы, иш мындан да эртерээк козголгон өңдөнөт.

Абышка сарайдын үстүнөн тепкич аркылуу түшүп келатты. Үстүндө желбегей жамынган кара чийбаркут чепкен, башында кыргызча шырыма ак топу. Ал жерге түштү да илинүү турган «сур жоргонун» жүгөнүн көздөй илбиди. Жашы сексенден ашкан карт, саал эңиш тартып, чебердеп басып бараткансыйт.

– Кудая тобо-о, – деди кемпир кыжыры келип. – Басканын карасаң. И, ошо жерге жыгылып мүрт кетээр күнүң кайда!

Чал кичинекей көздөрүн бармагынын учу менен сүрттү да, кемпирине кырдана карап ачууланды:

– Бас, жаагыңды! Эртең менен кажанчу эмес…

– «Кажанчу эмес» деп коёт, сенден башка бирөө болсо алып алмак. Ал «берем» деп бир эле айтат, билбейсиңби!

– Бир айткан болсо дагы айтат, – деди чал табалап. Андан ары көнүмүш адаты менен күңкүлдөй кетти. – Кирпичиң менен жерге кирген атаңдын оозун урайын, деги жан коёр болбоду!

– Алып кел!

– Мына барганы жатпаймынбы, – чал кекээрлей тең сүйлөдү, – карыган сайын, кудай ура баштады муну.

Чалы аркандалуу эшегине кеткенден кийин, самоорун көтөрө, үйүнө кирип бараткан кемпир, чалы менен эшек жакты карады. Күйпүйүп, кууш далысын көтөрө жабыркап бараткан чалынын кежигеси кемпирдин боорукердигин козгоду. «Карыды, – деп ойлоду ал. – Бир кезде мунун алдына жигит чыкты беле!»

«Сур жорго»  кыдыңдаган жакшы басыгы, күчтүүлүгү менен айылда белгилүү. Кык ташуу, отун сүйрөтүү, чөмөлө тартуу, ун артып келүү жагынан бир да бир үйдү куру калтырган эмес. Жадагалса, май айында балдар ышкынга баруу үчүн да чалдан «сур жоргону» сурап келишет. Эшек – канча иштетсе да эч нерсеси коробос казынадан бетер, чал баарынын ийрин жандырбайт. Токтоо гана: «тигинде аркандалуу турат» дегенсип, ээги менен эшек жакты жаңдайт.

Кээде, ага уйдан ашкан жем-жум берилүүчү. Чал жакындаганда сур эшек узун кулактарын көтөрүп, ага каратты. «Мага деген жылуу-жумшак үн — чыкса кыйчалыш кетпесин!» дегенсийт. Ал түгүл, анын жоош көздөрү үмүт менен жалындап кеткенсиди. Эбак такырайта, кырча тиштеп, жеп болгон «кырмандан» темир казыкты сууруп алды да, чал үйүн көздөй жетеледи. Аларды короодо темир деңгөлөктүү кичине араба күтүп турган. Муну сезген эшек саал кыял күтүп, чунаңдайын деди, бирок чал аркан менен моюнга артылта чапты.

– Арам ит!

Чалдын жаңы салынган төрт бөлмөлүү үйүнө меш салдыруу үчүн эки жүз кызыл кирпич жетпей калды. Курулушта иштеп жаткан кыйыр туугандарынын бири кирпич берүүгө макул болгон. Чал мына ушуга барууга тийиш.

Колхоздун ортолугу мындан үч чакырымдай алыска жайгашкан. Курулушчулар да ошол жерде. Ага баруу үчүн эски жол оңтойлуу. Нары жакын, нары жүргүнчү машиналардан оолак. Жол алтыгана өскөн төштүн түбүн, жайкалган эгиндин жээгин бойлоп, туура кесип өткөн тоо сууларына улам төшөлө калып ортолукту көздөй ийрелеңдейт. Кыштактын четинде атам замандан берки мүрзөлөр бар. Ал жерди түбөлүктүү мекендөөчүлөр, бирлеп-жарымдап дегендей жолдун он канатынан орун ала баштаган. Жол азыр мүрзөлөрдү, башкача айтканда, изсиз жоголсун үчүн топуракка көмүлгөн көп тагдырларды аралап өтөт.

Чал күйпөңдөп жүрүп, арабасын кошуп бүттү.

– Аркы кызга да бара кел, – деди кемпир эшик алдындагы тактайга отуруп жатып. – Шаарга барабы, биле кел. – Ал чалынын бардык кыймылын бакылай отурду.

– Калпак менен камчыны алып чык!

Койсун чоң энеге бул сөз жагымдуу угулду. Ал ордунан турду да саал аялдап алган соң сол колун белине коюп, жай басып үйүнө кирип кетти. Чал жаман тердикти астына салып, арабасына отурду да божуну кармай кемпирди күттү. Калпак менен камчыны аркасына кармаган кемпир үйдөн чыгып келатып, эмне үчүндүр илгерки жоокерчиликке жигитин аттандырган жаш келиндей сезди өзүн. Бирок колундакыларын эбак арабага ыргыта салды да барк этти:

– Бат кел!

Араба кылдырады. Жолго чыгып алган соң «сур жорго»  кулагын эркинче таштап, башын чайкап, бар өнөрүн чыгарып дегендей, бир калыпта кыдыңдап келатты. Басыгына жараша, кулагынын түптөрү алмак-салмак бүлөөлөнөт. Араба жеңил, ал көңүлдүү. Алыстан караганда жонунда кара тагы бар боз жөргөмүш жөргөлөп бараткансыйт.

Чал төө куйруктуу тумшукту айлана бергенде, жөө кетип бараткан Күйкө деген кемпирди кууп жетти. Кемпир күйкө десе күйкөдөй кичине, нары арык. Араба кемпирден өтө берип токтоду. Ээ-жаа бербеген жорго менен кыз-келиндерди жандай өтө берип, зорго токтогон кебете билдирди чал.

– О, аманбы?

– Бу ким дейм, – деди кемпир токтоп какая түшүп, ооруган белин түзөп. –Аманчылык.

– И, кайда?

– Жаңкы Казак кудабыз каза болгон… Кечээ кечке ошондо жүрдүм сандалып. Бүгүн коёт…

– Ым-м, – деди чал ойлоно кетип. – Ыйманы жолдош болсун. Жакшы киши эле. Отур…

Күйкө кара тукаба көйнөгүнүн этегин кастарлап көтөрүп, арабанын дөңгөлөгүнө бутун койду. Чал артына кайрылып карап, кемпирдин жапжаңы көлөш-маасысына көз жүгүртүп өттү. Анан, өзү да ордунан туруп, тердиктин бир капталын жайып Күйкөгө орун камдады. Кемпир арабадан орун алган соң эки колун бооруна кысып, момпоюп ойлуу отурду.

Бул түрү менен ал жарык дүйнөгө кемпир боюнча жаралгандыгын далилдеп тургансыйт. Чал артына дагы кайрылып карап алган соң, «сур жоргосун» божу менен сооруга чапты. Темир дөңгөлөк майда таштардан секире баштады. Дөңгөлөк секирген сайын, арык жамбаштар күнөөсүз токмоктолуп жаткансыйт…

Жолдун кээ жери таштак, кээ жери жумшак – кара топурак. Араба калың кендирди аралай киргенде жолдун жумшак таманына илинди. Чымын-чиркейлер ызылдап, жол жээги өзүнчө шаңдуу өңдөнөт. Эки аркан бою көтөрүлгөн боз торгой канаттарын дирилдете, төбөдө чулдурайт. Бүт ааламда Күйкө менен гана жалгыз кетип бараткансып, мындай көңүлдүү жолдо эмнедир бирдеме эсине түшө кеткен чал, көзүн кыбыктатып, ээгин козгоп алды да жоп-жоош отурган кемпирге бирден сөз таштады:

– Баякыны билесиңби?

«Баякысы» кемпирдин да эсинде окшойт, анын бырыш баскан ажарсыз бетин билинер-билинбес жалын чарпып өткөнсүдү. Бирок өзүн бат эле колго алды.

– Эмнени?!

Чал эшегин божунун учу менен соорудан ары бир салып өттү да бетибашын тырыштыра, кемпирге куулана карады. «Унуттуңбу, кантип эле…»

Өмүрдө өтө сейрек нерселер гана унутулбайт. Кээде, «мен муну унутпайм» деп каргыш берген кишинин өзү да унутулуп калат. Бирок унутулса да, эбептен-себеп чыгып, эске түшө турган нерселер адатта көп. Күйкө «баякысын» чыны менен унуткан кебете билдирип сөздү башкага бурду:

– Сен эмне барып көз көрсөтпөйсүң?

– Барбаганда, – деди чал тың сүйлөп. – Топурак салбасам уят болор. Мага кабарлашкан жок…

– Илгеркидей ат менен чабаган жиберүү кайда-а? – деди Күйкө ойлуу кебетесинен жазбай. – Кечөө каза болору менен матасекилби, ошонусу менен жетип келиптир кичүү баласы.

Чал буга унчуккан жок. Бирок кемпирдин «илгерки» жөнүндө эскерүүсү чалдын «баякысына» кандайдыр үндөшө кеткенсиди. Бир аз жүргөн соң эшек арыктагы сууга башын салып турган. Ооздугу менен шимирип көнгөн «сур жорго» эки жамажайынан суусун буртулдатып, ашыга жутуп жатты. Чал божуну бош таштап, жайланып кемпирге карап отурду.

Алыскы шосседен каршы-терши өткөн машиналардын гүрүлү көп угулбайт. Чегирткелердин чырылдашы менен куштардын ышкырыгы, ага кошулуп, астындагы суунун шылдырагы гана өкүм сүрүп тургансыйт. Алкымы кызыл, татынакай чымчыктар куурайдан-куурайга куушуп учууда. Суу жээгиндеги ташка жер боорлой келип конгон суу чымчык, эшек арабага кооптоно, кыңыр карайт да куйругун селкилдетет. Арык жээгинин кумдуу нымында майда көк көпөлөктөр учуп-конуп табият тартуулаган тиричилиги менен алек. Күн табы кызый түшүп, бүт тегерек кооздуктан ыксырагансыйт. Бүлк эте калган желаргы буларга эрмендин кермек жытын келтирди.

«Сур жорго» суу ичип болгон соң терең улутунуп, кулагын шалпайта жабыркап, ордунда тура берди. Чал илгеркилер жөнүндө ойлонуп, эшектин суу ичип жатканын да унуткан. Өз кезинде түшүнүксүз калган бир сыр эмне үчүндүр азыр баш көтөрүп чалдын көкүрөгүндө туйлап жаткансыйт.

Ал Күйкөгө саал кыйшая карады да:

– Аны сен унутканың менен мен унутканым жок, – деди. – Жаш кезде жинди экенбиз. Ошондо өңүтүн келтире албай жүрдүм. Өлүп калар белең менин колуман… Күйкө дагы ыңгайсыздана кетти. Бирок азыр эмне, иш өткөнү качан, чалдын ага жаман айтаар алы барбы?

– Сен жинди болсоң, мен да жинди болчумун, – деди Күйкө. Анын добушу басмырт чыкты. – Эмне кылмышы үчүн аны сабайсың? Азыркы кез болсо, эки бутуңду бир кончуңа тыгат элем…

Чал күлүп, этегин кымырып ары карады.

– Ой, айдабайсыңбы эшегиңди?

– Хы, – чал үнүн көтөрө таштады божуну силкип. – Урушкан киши айланайын деп урушабы? Ал да сабады, мен да… Карай турганым жок.

– Ал маркум жоош болучу.– Күйкө күйөөсүн коргоого өттү.– Унутпай жүргөнүң ошобу?!

– Унутпай калайын, эркектен таяк жесең бир жөн. Катын жыга чааптыр деген ушак оңойбу?!

– Сен бирди көргөнү жүргөнсүң ошондо, –деди кемпир шукшурулуп.– Жаман көптүң, ошол уруштан кийин акыл кирди саа билсең…

– Тигини, тигини, – деди чал күлүмүш болгону менен ичи күйүп.– Ошондон кийин көзүмө бир көрүнбөдүң…

– Көрүнсөм эмне кылат элең, сеники жакшыбы? Кажы-кужу боло түштү.– Күйкө ошол кездегисин эскерип жай үшкүрдү.– Эшикке чыга калсам, камчы менен карсылдатып сабап жатыпсың. Ымыным зымын боло кетти, деги сенин дартың өтүп турган. Ары-бери карасам эч нерсе көрүнбөйт, кайсалап барып, колума илинген немени ала чуркадым. Эмне болгонун өзүм да билбейм, чочуп кеттим. Бир карасам, четин бакан чекеңе шак дегенде, кашкая түштүң да теңселип барып өбөктөп, аттын жалын кучактап калдың… «Баракелде балам!» деген үндү уктум. Артыма карасам кайнатам туруптур. Баканды таштай салып кача жөнөпмүн…

Чалдын ичи күйүп, намысы козголду. Уяттуу көрүнүш көз алдына элестеди. Дарттуу кишиче кемпирге тикирее карап башын чайкап-чайкап алды.

– Менде эмне өчүң бар эле? – деди кыйладан кийин, – Эки ай бою элдин көзүнө көрүнө албадым.

Күйкө бул наздуу суроого жооп бербегени мындай турсун, ичинен табасы канып, жеңи менен оозун тумчулай отурду. Бирок ошол албуут кездеги окуялар дал эле кечээ болуп өткөнсүп, экөөнүн тең көз алдына дапдаана элестеп жатты. Экөө тең ойлуу. Өкүнүч, таарынычы, түшүнбөстүк аралашкан зилдей ой курчады. Күйкө бырыштуу, нары шектүү кызыл көзүн чалдан айырбайт…

Арчалуу-Айрык жайлоосуна чыгуучулар июнь айынын орто ченинде келип конуштанышты. Чөбү белге оролгон булак башы сайын боз үйлөр чочоюп, түтүндөй тике асманга чубалжып, желелер, көгөөндөр тартылып, тулаңдар жапырылды. Окуранган жылкынын, мөөрөгөн уйдун, маараган козунун, үргөн иттин үнү алыс-жакындан угула баштады. Улгайгандар аңкап-чаңкап шернеге киришти. Жаштар оюн-тамаша салуу үчүн карагай жээгинде селкинчек тээп, алты бакан куруп, тамак бышыруу үчүн кемегелер казып жатышты. Түнкү оюн башталганда болсо, кыздар ата-энесине эркелешип: «баш таңып» үйлөрүнөн эт-май, каймакты көнөчөгү менен «көрсөтпөй» сурап келүүгө тийиш.

Карагай түбүндө жеңелер тамак дайындап, кыз-уландар селкинчек тээп, ышкырылта кагылган темир комуз үнү зуулдайт. Андан ары «Дүмпүлдөк» «Шабиет тебүү», «Ак сөөк» деген оюндар башталат. Мындай түндөрдө, кээде, адамдын бүт өмүрүнө багыт берген сезимдер жаралат. Түндө төрөлүп, түн жамынган ошол жөнөкөй, нары ыйык сезимдер адам өмүрүнүн жайнап ачылган, кайталангыс байчечегин элестетет. Он беш жашар Күйкө энеси менен Арчалуу-Айрык жайлоосундакы таякелерине келип түштү. Айыл жаштары дал эле ошол күнү карагай жээгине жыйналышып, оюнга камынып жатышкан. Кечинде, бойго жеткен таежеси Күлүйпа менен Күйкө да селкинчек түбүндө пайда болушту. Экөө тең кайындуу, эрке кези. Көкүрөктөрүндөгү күбөктүү топчу, күмүш тыйын, акак, шурулар бири-бирине тийип эрине шылдырайт. Келиндердин чач мончоктору менен сөйкөлөрүнүн шылдыры да андан калышар эмес. Уландардын каткырыгы, келиндердин жылдырма азили кулакка келет. Кетик ай жайлоого салкын жел катырып жүзүн жашырды.

Адатта, ай жарыгында ойнолуучу «Ак сөөк» оюну бул жолу ай караңгысына туура келди. Чөлмөктү издегенде Күйкө коңшу айылдан келген Султан деген жигиттин жанынан чыккан жок. Экөөнө тең жан адам билбеген кудурети күчтүү ширин сезим уялаган. Кыз Султанды жакшы тааныды. Бирок жигиттин эсинде болсо, орто бойлуу унчукпас кыздын жалындаган ысык деми гана калды. Ошол түнү оюндан кийин Султан Арчалуу-Айрык айлына кымыз улап нечен ирет келди. Бирок «унчукпас» кызды бир да жолу кезиктире алган жок. Ал жүктүн бурчунда тымызын отурган кыздардын бир да бирин ага окшото албады. Качандыр бир кезигишип, алоолоно күйгөн ыйык сезимдердин калтырган тагы ал кыздын көздөрүндө жок болучу.

Акыры, айлар, жылдар өттү, бир көргөн жакшы түш өңдүү, Султандын эсинен кыз чыгып кетти. Күйкө болсо ошол эле жылуулукту кастарлап узакка сактап жүрдү. Бирок канча кезиксе да Султандын көзүнөн бир белги көрүнбөдү. Жалпы аялдык намыскөйлүк менен бардыгына тиштене чыдады. Султандын айлына келин болуп түшкөн соң да, жылтыраган жүрөк чогу алоолонуп жалынга айланды. Султандын жат жүрөгүн көргөн сайын келиндин жүрөгү сыздап, айласыздан жек көрүүчү болду.

Анын Султанга деген сүйүү ынтызарлыгы жүрөгүндө катылуу жатканы аз келгенсип, ага арналып сайылган жүзаарчылар да үйдүн адам билбес коңулунда жылдар бою сакталуу турду. Андагы саймалар кусалыктын, сагынычтын, чексиз эңсөөнүн сүрөтү болучу! Жогоруда айтылып өтүлгөн уруш-талаш болордон мурда бир күнү Күйкө жалгыз отурганда Султан келип атын мамыга шашпай байлап жатты. Күйкө өрткө түшкөндөй жалындап, тура калып кайра отурду. Эмне кылуу керектигин билген жок. Камчысын сүйрөй кирген Султан келинге кайдигер карады.

– Сопу кайда кетти?

Күйкө өзүн зорго басып, тик карай албай жооп кайтты:

– Атка минген жана эле…

Келиндин муңайым кебетесине, жардамсыздыгына Султан назар салган жок. Тик турган бойдон керегенин баштарын кыдырата карап алган соң, артына чегинди:

– Мени келип кетти де, өзү билет. – Жигит бурулду да шашпай босогодон аттай берди. Күйкө: бул ортодо айран ооз тийгизүү үчүн чоң кесени колуна алып, чыгдан жакка ыңгайлана берген. Тиги, анысына да этибар берген жок. Шалп этип кийиз эшик жабылды Күйкө жыгылып кала жаздап босогого сөөндү. Аңгыча колундагы кесе ирегеге түштү да как ортосунан бөлүндү. Бул кездешүү, албетте, Күйкөнүн Султанга деген жылуулугун түбөлүккө музга айлантты. Султан аттуу эркек бүткөндүн баарын жек көрүп, тымызын тишин кайрап жүрдү. Ал түгүл, анын мүлдө көргүсү келген эмес…

Бирок жогоруда айтылгандай, көрүү мүмкүндүгү болду!

Андан бери ондогон жылдар өттү. Бул ортодо тарыхый улуу окуялар жүз берди. Өз кезегинде түшүнүксүз көрүнсө да алардын сырын убакыт менен турмуш акырын-акырын ашкерелеп үлгүрдү. Ал эми чал болсо, кичинекей нерсенин сырын азыр да сурап биле албайт, ойлоп да табалбайт.

Эшек араба ортолукка жакындап келе жаты. «Сур жорго» капарсыз, кулагын шалпаңдата кыдыңдайт. Алды жактан мүрзөлөрдүн кулпу таштары, коргондору тынчтыкты ойлонсун үчүн муңдуу мүлгүгөнсүйт. Бардык нерсени тымызын өзүнө соруп, сиңирип алып жаткансып томсорушат.

Чал да, кемпир да унчугушпайт. Темир дөңгөлөк таштан-ташка секирип, чарым куйруктарды экчегени экчеген…

Арабада секирген, жеңил-желпи эки сандык жатат. Бирине аңкоолук аралашкан түшүнбөстүк чалды-куйду шыкалган. А бирине болсо, бир да жанга айтылбай турган нерселер татынакай жайгаштырылган…