ТОКТОМУШЕВ Алым: ҮЧҮНЧҮ КҮН: БИР ЖАРЫКТАН ЧЫГАБЫЗ, БИРОК КАНТИП?

12-апрель. Жогорку Совет сессиясы башталды. Ак үй алдында адаттагыдай эле пикетчилер. Жаштары бар. Кыздары бар. Мойнуна «Баланчаев – консерватор! Кызматтан түшүргүлө!» деген плакат илип карыя олтурат. Консерватизм жаштардын эле эмес, карылардын да көкөйүнө тийиптир. Туура. Клемансо айткан экен: «20 жашында социалист болбогондордун жүрөгү жүрөк эмес эле кесим эт, ал эми 40 жашында социал болуп жүргөндөрдүн мээсинде бир мандем бар деш керек» деп. Кыздар турат кыргыз тил «душмандарынын» тизмесин көтөрүп. Алар: Т.Усубалиев, А.Муралиев, С.Жигитов…

А кишини редакцияга чакырганбыз. Колу бош экен, келди. Пикетчилерди көрүптүр, сүйлөшүптүр. Сөзүбүз башкадан башталыш керек эле, коллективдүү (о, эсил кайран коллективизм!) даярданып отурганбыз. Бирок сөз башка жакка ооп кетти. Ошентип…

— Эми мындай. Азыр демократиянын заманы болуп калбадыбы, ар ким өз билгенин айтат…

— Кечиресиз, сөзүңүздү бөлгөнүбүз үчүн. Россияда демократтар бар, улутчул-патриотторбар. Биздин байкашыбызча, ал экөөнүн кайнап каны кошулбай келет. Ак үй алдына кыргыз тил «душмандарын» «кармап» келгендерди демократ дейбизби, же сиз айткандай этнократ дейбизби?

— Өткөн маекте айтпадыкпы, бизде демократия менен этнократиянын термин боюнча гана айырмасы бар деп. Болбосо экөөнүн маани-маңызы бир эле: ким биздин сөздү сүйлөбөсө, ошол душман! Большевиктердин ушунусу кыргызга аябай жагып, аябай жуккан экен. Дени сактык жукпайт, дарт жугат эмеспи. Ошон үчүн мени кыргыз элинин, кыргыз тилинин душманы деп айтып, гезитке жазып, а тургай телевидениеден да жар салып жүрүшөт. Ошентип мен, жамандыр-жакшыдыр Кыргыз Совет энциклопедиясын чыгарышкан, андан да мактанып айтсам, чыгарган, кыргыз маданиятынын, адабиятынын тарыхын изилдеп, кыргызча китептер жазган, айтор, кыргыз тилинин аркасы менен оокат кылып жүргөн — мен, кыргыз тилине каршымын да, кыргызча эки сөздүн башын курап жаза албагандар, жазса да тилдин кунарын кетирип, тантык кылып салгандар күйөрман.

Же мына бул Турдакун Усубалиевичти алалы. Ооба, ал мурда Москвага жагынып келген экен деп коёлу. Азыр мына, Москва да жок, борбордук бийлик да жок, Усубалиев кызматта эмес, пенсияда, анда а киши кимге жагынып жатат? Жагынса депутат кылып шайлаган нарындыктарга жагынса болмок, «орус тили» депсиң деп а кишиге биердеги орустар орден бербейт, же болбосо, кайра апкелип Кыргызстандын падышасы кылып отургузуп койбойт, аны Усубалиев ошол пикетчилерден жакшы билет.

«А эмне үчүн Усубалиев орус тили деп жатат?» деген суроо эч кимдин башына келбей айтпайбы. Демек, ал киши кыргыз элинин, кыргыз тилинин тагдырын ойлойт, мурда да ойлогон, азыр да ойлойт. Мисалы, мен, кыргыз эли, кыргыз тили, кыргыз маданиятына Усубалиев кыргыз тилинин азыркы, б.а. ангажированный күйөрмандары Камбаралы Бобулович менен Мырзабек Тойбаевичтен көбүрөк эмгек сиңирди го деп ойлойм. Ал айтса, демек, алысты көрүп, тажрыйбасы менен таанып, көзү жетип айтып жатат. Анан калса кыргыз тили — эл аралык тил деп закон кабыл алып, Конституцияга киргизип койсок, андан эл аралык тил болуп калбайт да, туурабы? Тилди закон же Конституция өнүктүрбөйт, кишилер өнүктүрөт. Адабий тилди жазган кишилер, билимдүү кишилер, кыргыздын интеллигенциясын жаратат. Мына ошол интеллигенциябыз начар, чала сабат, чала билимдүү болуп атпайбы. Кыргыздын бир шору ошол. Маркс айткан: интеллигенция — улуттун башы, жөнөкөй эл — денеси. Мына ошол интеллигенция итий болуп өскөн, мээсине кислород жетпей, кыйналып чоңойгон баланын башындай болуп атат. Анан ошол башына революцияга чейинки, андан кийинки иллюзияларды, жалган элес, түшүнүктөрдү толтуруп алып, өзүнүн башы адашканы аз келгенсип, элдин башын да адаштырып, айландырып олтурат.

Мына, Совет өкмөтү өз тилиңерде окуткула, улуттук кадрларды чыгаргыла деп мектептерди, жогорку окуу жайларын ачып берсе, биз балдарды ошо мектепте ойдогудай окуттукпу же жогорку окуу жайларына кыргыздын мыкты уул-кыздарын өз убагында алдыкпы? Жок. Дасторкон үстүндө же трибунада бакырып патриот болгонубуз менен экзаменге коё берген 600 кишинин ичинен параны башынан ылдый шыбаган, баспаган, жүрбөгөн алтымышын алып калып, анан аларды да беш жыл бою жыргатып окутпай, дипломдуу интеллигент сөрөйлөрдү чыгара берип, чыгарган интеллигенциябыз өз алдынча ойлоно албай, кыргызча да, орусча да жаза албай, эң негизгиси, ишке жарабай, оокат кыла албай жатпайбы.

Ошон үчүн өз алдыбызча оокат кылыш, саясат жүргүзүш, мамлекет башкарыш башыбызга түшкөндө, үч жыл болду, «кыргыз тил» деп кыйкыргандан башкага жараган жокпуз го. Экономика нары жакта калды, аны сөз кылган эч ким жок. Экономикабыз жок болсо, кыргыз тили каяктан өнүгөт? Китеп каяктан чыгат? Жогорку окуу жайларын кантип кармап турабыз? Бу жагын ойлонгон эч ким жок.

Жөнөкөй мисал. Мээнеткечтик жагынан, эмгек маданияты жагынан өзүбүз менен аралаш жашаган бардык элден арттабыз. Муну моюнга алыш керек. Орусту макул, айтпай эле коёлу, мынабу дунгандан, өзбектен начар жашайбыз, начар иштейбиз, алардай ийилчээк, эпчил эмеспиз. Демек, алар менен, арабызда жашаган элдер менен жармакташып, кызматташып, үйрөнүп, үйрөтүп дегендей жашаш керек. Аларды ошентип боорго тарткандын ордуна «тил, тил» деп бакыра берип, кыргыздын түпкү мүдөөсүн унутуп, тыштагы, онунчу пландагы мүдөөсүн оркойтуп чыгарып, ошон үчүн жер сабап, кыргыз эместин баарын нары түртүп, а турмак душман тутуп жатабыз.

Өгүнү бир патриот айтат: «Нарында үйдүн барын кытайлар сатып алып жатыптыр. Президентке айтпайсызбы?» Кудай урбадыбы, ошол кыргыз өзү эмне үчүн кытайга сатып жатат? Кыргызды сактайм десе, сатпай койбойбу? Эмне үчүн борбор шаарда шагырап батпай жүргөн патриоттор ошол айылга барып, үй сатып алып, жер иштетишпейт? Анан ар бир кыргызга «сат» деп же ар бир кытайга «сатып ала көрбө» деп Президент айтыш керекпи? Минтип ой чайкаган эч ким жок. Заман өзгөргөнүн, шарт өзгөргөнүн, биздин тарыхый кырдаал өзгөргөнүн эсепке албай, кээ бир партиялардын өкүлдөрү (интеллигенттер да ичинде бар) мурдагыдай эле жер сабоодо. Ошон үчүн айрыкча жогорку окуу жайларынын кыргыз тили боюнча мугалимдери, кыргызча эки сөздүн башын жөндөп кошуп жаза албаган же балдарды дурус окута албаган адистер, мурда деле окучу эмес, азыр андан беш бетер окубаган чала билимдүү студенттер кыргыз тили үчүн катуу күйгөн патриот болуп, иштин жөнүн айткандар душман болуп жатпайбы.

Бирок айла жок. Болгонубуз ушул. Башканы кайдан табабыз? Ошон үчүн ушулар менен да иштешибиз керек, түшүндүрүшүбүз керек, алар, мисалы мени кыргыз элинин душманы десе, мен деле айтсам болмок, «жок, силер душмансыңар, анткени эртеңкинин жөн-жайын билбей, көрбөй, сокур болуп атасыңар». Чех элинин келечеги, күнкорсуздугу үчүн күрөшкөн Ян Густу өрттөп атканда, бир чех кемпир келип, анын отун ичкертип кирсе, Ян Густун оозунан чыгып кеткен экен: «О, святая простота!» деп. Анын сыңарындай биз деле Ак үйдүн алдында плакат кармап тургандарга: «Олда, айланайын, баёолук ай, баёолук!» десек жарашмак. Алардын түшүнбөй жатканына биз да күнөөлүбүз. Гезит, радио, теле аркылуу акыл-эстүү сөз айтылбай, далилдүү түшүндүрүлбөй жатканынан, алардын башына даана, таасын ойлор эмес, тумандуу, бүдөмүк, жалган ойлор кирип кетип, плакат кармап отурушпайбы.

 Эски союз республикалары коммунисттик идеологиянын өмүр бою муунткан чеңгелинен эми араң чыкканы менен, дагы бир илдетке — идентификация илдетине чалынды деген пикир бар. Мүмкүн, бул ошонун бир көрүнүшүдүр, орус тилине каршы маанай бардык республикалардан байкалып жатат.

— Эми бул аларга, эски СССРдин Европа бөлүгүндөгүлөргө, грузин, армян өңдүү Кавказ элдерине жарашат. Алардын алды үч-төрт тил, арты бирден чет тил билет, окуйт, жазат. Мисалы, Балтика жээгиндегилерге немис, англис тилин билиш анчалык кыйын эмес. Анткени тарыхый шарты, жашоо ыңгайы алар менен тектеш, чектеш. Ал эми Орто Азия элдерине, өзгөчө биздин элге, ошол чен-өлчөм менен кароого болобу? «Казга теңелип, карганын буту сыныптыр» деп коёт кыргыздар.

Албетте, дүйнөдө англис тилинен көп тараган тил жок, ушуну билсек болот эле. Илгери англичандар басып алса, ошого кирмекпиз да, мынабу Индия, Пакистан, Бангладеш сыяктуу англис тилин алат элек. Же болбосо кытайлар басып алса…

Бирок биздин бактыбызгабы, шорубузгабы, айтор, орус эли менен тагдырыбыз байланышып калган экен, ошон үчүн дүйнөдөгү беш-алты чоң тилдин ичинен орус тилинин этегин кармап калыппыз. Анда англис тилиндеги информациянын 70 проценти бар экен, дүйнөдө үчүнчү орунда, немис тилинен кийин турат экен. Улуу тил, кыргыз андан эч жамандык көргөн жок, эгер кыргыздан ойлой билген, жаза билген, аны аткара билген киши чыкса, алар биринчи иретте орус тилине милдеткер. Биз дүйнөнү орус тили аркылуу тааныдык, биз окуган китептердин 95 проценти орус тилинен которулду.

Жакшы которулса, жаман которулса да окуп-чокуп, ушул деңгээлге жеттик.

Мен мурда да айткам, азыр да айтам, орус эли коммунизм, интернационализм идеяларына азгырылып, алдына өтө чоң максаттарды коюп Иисус Христос да анткен эмес, Азия, Африка дебей баарына коммунизм курам деп, бизге окшогон бир топ элге чоң жакшылык кылды. Жаман ниеттенби, жакшы ниеттенби, анысын ким билет, ошол биздейлерге мамлекет тартуулап, басмаканасын куруп, жазма-чиймесин жаратып берди, кагаз, боёк, техникасын арзан же бекер берип, эне тилибизде китеп, гезит чыгарганга көмөктөштү. Артта калган элдерди экономикалык жактан сүрөө, илгерилетүү, теңөө деген принципти кармап, башкаларды бир топ жерге жеткирип, өзү өчөйүп отуруп калды, туурабы? Чындыкты айтышыбыз керек. Ооба, улуттук мүдөө ыйык мүдөө, бирок чындык мүдөөгө эмес, мүдөө чындыкка кызмат кылат да.

Кой, сөз өзөгүнө кайрылалы. Англисче, немисчени мындай кой, зордуктап, таңуулап жатат деген орус тилин жөндөп үйрөнө албай койбодукпу. Ошол эле патриот тилчилерибиз (беш-алтоосунан башкасы) же орусча жаза албайт, же кыргызча жаза албайт. Жазса да дурустап жаза албайт.

Жана айтпадыкпы, кыргыз тили эл аралык тил деп Конституцияга киргизип койгондон эл аралык тил болуп калбайт, орус тили закондон тышкары, такыр колдонулбасын деп Президент Указ чыгарып, Жогорку Совет токтом кабыл алып койсо, орус тили кемип калбайт, биздин коомдук турмушта баягыдай эле роль ойной берет, биздин эл көпкө чейин аргасы жогунан орус тили аркылуу гана билим алат, себеби, биздин тил илимдин тили боло элек, жакын арада боло коёруна менин көзүм жетпейт. Анын үстүнө республика орус тилисиз дүйнөлүк базар түгүл, коңшулаш республикалардын базарына чыга албайт. Дүйнөлүк маданий, илимий дөөлөттү айтпай эле коёюн.

— Чынын айтканда, карапайым калк арасында андай маселе деле жок. Бу да болсо кээ бир партиялардын, коомдук уюмдардын, маданий борборлордун ашкере «багытчылдыгынан», жаңыдан жаралып жаткан демкыймылдын балалык көйрөңдүгүнөн, эчтемени элебес эгоизминен чыгып жатат көрүнөт. Жаш мамлекетке мындай көрүнүштөр табигый иш экен. Бирок орустарда да болуп жатпайбы. Мисалы завод-фабрикаларда кыргыздарды көп жолото бербептир, бооруна тартпаптыр. Азыр аларды приватташтыруу жүрүп жатат. Демек, анын ээси дагы эле ошолор болуп калат да?

— Туура, орустарда да коллективдүү эгоизм болгон. Завод-фабрикаларда кыргызды койсо да кара жумушуна коюп, чоң иштерине жолотчу эмес. Улуттук эгоизм деген калбайт, бардык эле элде бар. Бирок кыргыз жаштары болбой эле жулунуп кирип, кошомат кылса да иштесе болмок. Мисалы, түрктөр Германияда ошентет. Немистер аларды аябай басынтат экен, орустарда андай касиет жок. Мына, Гүнтер Вальрафтын китебин окуп чыксаңар, билесиңер. Ал Европада түрк жумушчуларын кандай кор болгонун жазат, ошентсе да болбой, алар жулунуп иштеп, баарына чыдап, үйрөнүп келип, өз өлкөсүн гүлдөтүп жатышпайбы.

Менимче, ошондо эле тил маселесин тим коюп, экономика маселелерин, приватташтыруу маселесин алып чыксак, баарыбыз бирге жашайбыз, жей турган наныбыз, иче турган суубуз бир, көрөр күнүбүз бир десек, орустар баягы жибербей жаткан тармактарга, «кел, айланайын, кыргыз» дебейт беле. Ошондо бизден жумушчу табынын чыкканына дагы, экономикабыздын жөнгө салынышына дагы жардам болбойт беле.

Биз тескерисинче иштедик, кыргыз тилин мамлекеттик тил деп Конституцияга киргизгенибиз, орустарга зордуктап тил үйрөтүп атканыбыз биздин жеңиш, демократиянын жеңиши деп дардактаганыбыз менен бул — Пиррдин жеңиши.

Ошону менен олуттуу маселелер унутулуп калды. Мисалы, силер айткандай, шаардагы кыргыздар приватташтыруудан өз үлүшүн алдыбы? Алыш үчүн орустар менен кошо иштеш керек эле да. Ушул жагынан утулуп жатпайбызбы. Соодага ортомчу болгон эмес, товар чыгарган чоң, кичине ишканалар приватташтырылып, орус, еврей, корейлердин колуна өтүп жатат. Эми алар менчик да. Ошол менчикке Бобулов, Тойбаев, Сексенбаев өңдүү кыргыз тилинин «күйөрмандары» иш кагаздарың эмне үчүн кыргызча эмес деп айталбайт да, туурабы? Жок, мен орусча да эмес, англисче жазам, же болбосо эч бир тилде жазбайм, жалаң математиканын тилинде жазам деп койсо, эмне дейсиң? Эми аларга мамлекет кыргызды «жумушка ал! өстүр!» деп буйрук бере албайт. Ошентип, мынабу ура-патриоттордун, ашынган «атуулдардын» аркасы менен өзүбүз менен бирге иштечү, бизге жардам берчү журтташтарыбызды тескери каратып алдык.

Бул бир. Экинчиден, бирдеме өндүрүүчү материалдарыбыздын 70-80 процентин Россиядан алат экенбиз. Макул, орустарды айдап чыктык. Россия менен мамилебизди үздүк, кайдан алабыз аларды? Кытайданбы? Андан коркобуз. Өзбекстанданбы? Ал деле биздей болуп олтурат. Казак тууганыбыз, Казакстандан дейли десек, «эсептешкен дос айрылбайт» дегендей, алар деле буудайын долларга сатып жатпайбы. Демек, ишенич аз. Жапонияга таяналы десек, алыс экенбиз, биздин аларга керегибиз жок. Дагы эле болсо баягы орус берип атпайбы жардамды. Пошлинасын азайтып дегендей…

— Демек, кичинекей эл  кичинекейлигин кылат экен да. Орустан кутулуп өзүбүзчө жашайбыз деген менен түрк, кытай деген вариант чыгып жатат. Аты башка болгону менен дагы эле болсо «старший брат» издөө менен алекпиз.

— Бул маселе калбайт. Турмуш чындыгы менен да эсептешиш керек. Эми кичинекей эл дегенде, мына мен деле кичинекей кишимин, кодогойлордун катарына кирем. Кодо кишилер ошол өксүгүнөн уламбы, айтор, тепеңдей берет. Бою жетпеген кишилерге какшык айтып, чоң-чоң кишилерге асылып, коё бер эле коё бер деп жулунуп… Андай «илдет» илгери менде деле бар болчу. Бирок мен аны акыл менен жеңип, эми боюм пас экен, кудай ушундай жасап коюптур, өңүмү да шумдук кылбаптыр, кой, эми мен акыл жагынан, билим жагынан алайын деп жалаң мээнеткечтик кылып жеңип кеттим да. Анын сыңарындай кыргыз деле өзүн өтө эле чоң эл сезип атпайбы, «кыргыз көппү, жылдыз көппү» деп. Ошон үчүн ойлоно турган, чама-чаркыбызды чындап баалай турган мезгил да азыр: биз кичинекей элбиз, көбөйгөн жагынан тарыхтан бир топ уттуруп койгонбуз, мына, арабыздагы бир элди да ассимляция кыла албай койбодукпу, ассимляция кылмак түгүл, астыртан да, ачык да өгөйлөп турабыз: атасы уйгур болуп калдыбы, аны чоңойтпойбуз, кыргыз эмес дейбиз, гезитке жазабыз. Атургай атасы кыпкыргыз, өзү деле кыпкыргыз Ч.Айтматовду деле энеси татар болгону үчүн жазуучулар арасында канча кеп чыкты? Өзбектерди алалы: өзбек тилин, динин, салтын алган кишини эч качан өгөйлөбөйт. Ошонусу менен көбөйүп атат. Түрктөр да ошондой, орустар да ошондой.

— Өткөндө кыргыздарды еврей бол деп жатпадыңыз беле…

— Бул эми бир жагынан күлкү келтирерлик иш да. Кыргыздан, албетте, эч качан еврей чыкпайт. Еврейлер, маселен, бизчилеп «кыргыз эле кыргыз» деп бакыра бербейт, өздөрүнө өзгөчө сын көз менен карайт, өздөрү жөнүндө анекдот чыгарат.

А кыргыз өзүнө өзү күлмөк тургай, кичине жалкоорок болуп жатат деп койсоң эле «душман» деп жер тепкилеп жатпайбы.

Ошон үчүн кыргыз өзүнүн кичинекей эл экенин билиш керек, дүйнөдө кичинекей элдер көп экенин, алар деле тың жашап, тың оокат кылып жатканын ойлонуш керек. Кичинекей кишилерден деле генийлер көп чыккан. Наполеон чыккан, Канттын бою меникинен 7 см кыска болгон. Мына ошол кичинекей элдер башка элдер менен жарнакташа жашап, кызылдай мээнети менен, билим деңгээли, маданияты аркылуу урмат-сыйга ээ болуп атат да.

Улуттук аң-сезим деген эмне? Улуттун өзүн өзү аңдашы. Эмнени аңдашы? Дүйнөдөгү ордун, мүмкүнчүлүгүн билиши. Эмне жагынан барбыз, эмне жагынан жокпуз дегендей. Ушуга келгенде биздин интеллигенция жардам бералбай атат. Ушундай стратегиялык маселеде интеллигенциянын жармачтыгы оркоюп көрүнүп калууда.

— «Интеллигент» деген түшүнүктү өткөн кылымда орус жазуучусу Боборыкин чыгарыптыр. Ал учурда университетти бүтпөй, куулуп чыккан, бирок эл үчүн күйүп-бышкан адамдарды «интеллигент» деп коюшчу экен. Албетте, анын алгачкы мааниси түп-тамырынан бери өзгөрдү деңизчи. Бирок «эл үчүн күйүп-бышат» деген түшүнүк азыркы кыргыз интеллигенттерине туура келеби?

— Албетте, күйүп-бышымыш этүү университетти бүтүргөнгө караганда оңой дечи. Эгер эл үчүн чын эле күйүп-бышса, ушулар чогулуп, кыргыз эли бизди минтип чыгарып койду, карапайым калктын, жумушчулардын, дыйкандардын эсебинен жамандыр-жакшыдыр жашап жатабыз, кол жоорутпай, бел оорутпай дегендей. Биз эми элибизге кызмат кылышыбыз керек, жол көрсөтүшүбүз керек, ошол жол көрсөткөнгө жарайбызбы деп ойлонуш керек да. Биздин интеллигенттер антпей жатпайбы, «биз демократпыз!» дегендей эле «биз интеллигентпиз!» деп жарыялап алышат, анан эле той өткөргөнгө кыйын. Мына, «Манастын» 1000 жылдыгын өткөрүш керек, анан Курманбектин 300 жылдыгын, Эр Төштүктүн жер алдынан чыкканына 3000 жылдыгын өткөрсө болот. Бай-манаптар бүттү окшойт, алар деле аз экен да, эми эпоско келдик, эпоско кыргыз эли эбегейсиз бай, өмүр бою той өткөргөнгө жетет. Бул эми чындыгында бийлик башында тургандардын эле чыгарганы. Жөнөкөй эл тойго деле барбайт, чогултуп берет ыйлап-сыктап акчасын, барса да киргизбейт милийсалар… Жыргаарын башкалар жыргайт.

— Ооба, кээ бир жетекчилер ошону менен саясый капитал топтоо аракетинде. Эми партиялар чыгып жатат, эл ураанын көтөрүп. Карап көрсөк, ал партиялар деле интеллигенттерден түзүлүптүр, калктын башка катмары катышпай, катышса да өтө аз экен. Байкашыңызча партиялардын эл кызыкчылыгы менен катышы кандай?

— Партиялар жөнүндө өткөндө кеп кылбадыкпы. Бир гана кошумчалаарым: элдин кызыкчылыгын жактаган партия болбойт дүйнөдө. Алар калп эле ошол эл кызыкчылыгына таянып, сенин атыңдан сүйлөп атам, сенин мүдөөңдү жактайм деп, топтошкон кишилер элдин саясый активдүү эместигинен пайдаланып, өз ишин жасай берет. Бийликке, мансапка жетет. Анан ошолор эл үчүн кыйналган кишилер болуп чыгат. Капитализмде деле, социализмде деле эл кыйналат, баарын көтөрөт, башкаруучуларды да эл сактайт. Чындыгында большевиктер түбүнөн чыкканда элге күйгөнүнөн чыккан, анан бийликке келип алгандан кийин кедерине кетип, түпкү маңызына куйган. Мындай мисал кыргызда да кыйын көрүнгөн. Рахман Касымовдун «Шайлоо» деген повести бар.

Кедейдин ичинен бирөөнү сельсовет шайлап койсо, ал шак эле мурдакы манаптан эч айырмасы жок болуп калат. Демек, кедей болсо эле кедейдин мүдөөсүн жактайт деш болбогон түшүнүк.

Мисалы, эсил кайран СССРдин съезддерин көрүп жаттык го, жөнөкөй элдин мүдөөсүн жактаган жалгыз эле А.Сахаров болду деп ойлойм. Эми ал киши а кезде жалаң Батыштын сөзүн сүйлөп жатты дечи, бирок ал турган турпаты менен демократ эле, эл жакка өтүп кетиши толук мүмкүн эле. Же болбосо, мынабу Юрий Власов, атактуу спортсмен, жазуучу, демократ болом деп коммунизмге каршы катуу күрөшчү эле, эми жөнөкөй эл куурады деп какшанып атпайбы. А кишинин чын жүрөктөн күйүп жатканына, албетте, мен ишенем. Мына ошентип, интеллигенттердин, уяттуу интеллигенттердин ичинен элди чындап жактагандар чыгышы мүмкүн, бирок алар сөз жүзүндө гана жактайт. Себеби ойлонуп, ой баккан интеллигент бийликке келалбайт, ал анализдеп отурганча башкалар бийлик тизгинин илип кетет.

Ошентип, сөз менен күйөт дедик, бирок сөз дагы иш. Албетте, азыркыдай жээксиз көбүргөн-жабырган сөздөр керексиз. Сөз чындыкка дал келип турушу керек да, чындыктын бир жаңырыгы, чындыктын бир чагылган сүрөтү болуш керек. Бизде андай болбой жатпайбы, турмуш-дайра өзүнчө агып жатат, сөз өзүнчө агып жатат. Элдин мүдөөсүн, муңун, зарын чагылдырган жок.

— Эл демекчи. Элге кайдан келгенибизди эргип жеткиребиз. Кайдан болмок эле, сөзсүз эзүүдөн. Кайда барарыбызды бүдөмүк болсо да түшүндүрүп келебиз. Бирок кантип, качан деген маселе коюп, чачырата айтып берген саясатчыларыбыз да жок, окумуштууларыбыз, ойчулдарыбыз да жок. Сиз бул маселеге кандай карайсыз?

— Сурооңорду түшүнүп атам. Мен эми бир чоң экономист же бир социолог болбогондон кийин айтыш кыйын. Мына, дайра мелмилдеп агып жатат деп коёлу, үстүндө агындылар агып келет. Тарыхты дайра деп, үстүндө агып келаткандарды адамдар десек, адамдар ойлойт да, ушул дайраны мен агызып келатам, болбосо акпайт эле деп. Чынында дайра өзү агып жатат, биз эми ошол дайрага — дүйнөлүк тарыхка кирип калган элбиз. Октябрь революциясына чейин, патриоттор канча бакырганы менен дүйнөлүк тарыхтан окчун калганбыз. Эми кирдик. Анан Ельцин, Кравчук, Шушкевич тигинтип койду деген кеп эмес, алар тарыхтын амирин аткарган, буйругун орундаткан кулдар болушу мүмкүн.

Демек, тарых агып, агып отуруп, бир жерден чыгарат. Адамзат чыккан жерден. Бирок канчага созулат? Каерден чыгат? Муну билген киши жок. Мындай маселеге келгенде олуя киши жок да такыр.

Бирок мен ойлойм өзүмчө: акыры келип биз эмнеге мажбур болобуз? Мына, социализмден капитализмге өттүк, бирок капитализмге өттүк деп атайын айтпай, капитализмди беш жылдыктар менен курабыз дебей, большевиктердин эң мыкты жери «биз ушундай коом курабыз, элди тең кылабыз» деп программа түзүп, ошону зордоп отуруп ишке ашырган да, а биздики болсо капитализмге өтөбүз дебей эле, базар экономикасына өтөбүз, демократия курабыз демиш болуп капитализмге өткөрүп салды. Өткөнүбүз менен бааларды агытып ийип, жеке менчиктештирип, айтор, экономикадагы ушундай кадамдар закондуу жасалып жатат дагы, социализмдин бир топ привилегиялары калып атпайбы. Мисалы, 1-класстан тартып 15-16 жылдык билим бекер болуп жатат. Же мынабу врачтарды алалы, бекер деп коёбуз, бекер карабайт, пара алат, өлгөнүнө баягы мал доктурларча акт жазып коюп басып кетет. Ага канча кетип жатат? Ошондой эле өзүн өзү актабаган, мамлекеттин эсебинен күн көргөн бекер аппарат, жетим уюмдар көп. Ушулардын баары бюджетти дефицитке алып келет. Бюджетте дефицит болгондон кийин аны толтурабыз деп салыкты өкүртө салабыз. Завод, фабрикалардын, ишканалардын шорун ошол салык катырып жатпайбы.

Мына, дыйкан байкуштар жерге да салык төлөйт, сууга да салык төлөйт экен. Ошон үчүн айыл чарбабыздын ар кандай инфраструктуралары ыйлап, өнүкпөй жатат, эл ачка жүрөт. Өкмөт деле закондуу салыгын алып тим болсочу. Мамлекеттик чиновниктердин бардыгы, милиция, инспекциялар, банктардын бардыгы, айтор колунан бирдеме келгендин баары пара (законсуз салык) алып атпайбы. Ошон үчүн жалпы эле өндүрүш, чийки зат, товар өндүрүүдагы, сатуу дагы ордунан жылбай, катып, кишенделип олтурат. Эми бул, менин оюмча, тура берет дагы, экономикалык катастрофага алпарат, логикасы ушу да… Демек, бюджеттин жүгүн мамлекеттин мойнунан алып ыргытыш керек. Алып ыргытпаска аргасы да жок, быйыл болбосо наркы жылы, наркы жылы болбосо… айтор турмуш ага мажбурлайт.

Ошон үчүн бала-чаканы окутканда деле 5-6-класска чейин бекер окутуп, анан 8-класска чейин жарымын төлөтүп, андан ары окуйм дегендерди толук төлөтүш керек. ВУЗга ансыз деле пара менен өтүп жатышпайбы, андан көрө өкмөткө төлөп окусун. Анан мектептерди да, ВУЗдарды да кыскартыш керек. Жеке менчик мектеп ачканга жардам бериш керек…

— Республиканын байлыгы илим-билим деп жүрбөйбүзбү. Демек, ал байлыкты байытмак түгүл кат-сабат жойгонго араң жетип калат экенбиз да.

— Ооба, бизде эчтеме жок, илим-билим аркылуу жыргап кетебиз дегендер бар. Бирок азыркыдай окутуп отурсак биринчи класстан жогорку окуу жайын бүткөнгө чейин, андай илимдин кереги жок, анда туулганда эле ар бир кыргызга диплом жазып бериш керек, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кошо, ар бир кыргызга формалдуу диплом ошончолук эле зарыл болсо…

Менин айтып жатканым, эл канткенде рынок тартибине көнөт? Мисалы, балам окусун дегендер азыркыдай той жасабайт, арак ичпейт. Баласы окуганда эмне болот, пайдасы барбы, жокпу, муну түшүнөт. Азыр окуган киши жакшы жашайбы, окубаган киши жакшы жашайбы, анысы белгисиз да. Мисалы, немистердин көпчүлүгү илгери жогорку окуу жайына кирчү эмес. Бери жактан турмушка эң зарыл кесипти билип алып эле катыра иштеп, эң мыкты жашачу. Балким, бизге да ошондой мезгил керектир? Анан ага көзү жеткен киши баласы үчүн көп иштейт да, туурабы? Той кылбайт ашыкча, өлүп баратканда да: «айланайын, балам окусун, мени бир кой союп эле көөмп койгула» дейт. Деги дүйнөдө бекер нерседен жаман эчтеме жок, «бекердин шорпосу татыбайт» дешет эмеспи.

Албетте, жетим балдар, өтө эле кедей балдар үчүн өкмөт фонд уюштуруп койсо болот. Бирок анын да опурталы бар, анда баары эле кедейге айланып кетет, пара берип жетим деген справка таап алат.

Кыскасы, ушул сыяктуу жолдорду издеп, бюджеттен канча процент, ким үчүн, эмне үчүн бөлүп жатканыбызды аныкташыбыз керек…

Ушул эле сөздү агартуу тармагына айтсак болот. Анын мынабу өзүн өзү актабаган ишкана, мекеме, ар кандай коомдор, фонддор ж.б. баарын банкрот кылыш керек. Болбосо алар көтөрүм болуп турган коомду денесине жабышып алган мите сыяктуу канын соруп атпайбы. Элдин турмушу начар, бечара сымагында, анан булар да «бер эле бер» деп кол сунуп турат.

— Каалайсызбы, каалабайсызбы, ага да аргасы жок барат өңдөнөбүз. Радикализмдин бир аты обскурантизм дейт эмеспи. Бирок эмне үчүн ушул жолго түшүп алдык? Баарын эле талкалап, таратып, бааны коё берип, коомду өзгөртүш максатын жетекчилерибиздин радикал ишмердигине байланыштырып жүрүшөт. Жыйынтыгын болсо көрүп жатабыз. Эмне үчүн Кытайдын жолу менен кетпегенибизди айтышат, эмне үчүн Өзбекстан, Казакстандын сабырын тутпаганыбызды айтышат. Буларга сиздин мамиле кандай?

— Эми мыңдай. Коомдук өнүгүштүн революциялык, анан эволюциялык жолу деген бар. Мына батыштагылар революция чыгара берип, кырыла берип, анан эволюциялык жолду тандап алган. Социализмден капитализмге деле эволюциялык жол менен өтүп атат. Бирок ошол бааны коё берип, базар экономикасына киргенде, бизде, дегеле көп эле өлкөлөрдө, ошо Казакстанда деле шак эле өтүп кетти. Ал эми мынабу Кытай болсо мындай кылды да: өзүңөр билесиңер, жылан жыл сайын терисин («тону» деп коёт бизде) таштап турат. Ошол тонун качан таштайт? Качан ичинен жаңы тери өсүп чыкканда денеси аябай кычышат, кычышканда, айылдан мен көп көрдүм, шыптан, а шыпка жалаң чырпык төшөп койгон, ошол чырпыктын арасынан сойлоп өткөндө сырткы териси калып калат. Кытай ошол жол менен баратат. Өзбекстан да ошого аракет жасоодо. Ал эми Россия, биз, дагы бир даары эски терини жөн эле күч менен сыйрып салып, кыпкызыл болуп эле кирип келбедикпи. Жаңы тери чыкпай атат, жылаңач кызыл эт шамал тийсе деле, жел тийсе деле ачышып турат.

Бирок мунун дагы эки жагы бар. Өзбекстан деле Кытайдын жолу менен баралбайт, себеби аны терисин күчтөп сыйрып таштагандар курчап турат. Мен айтар элем, КМШ мамлекеттери Сиам эгиздери дегендей. Бирок аларда бир денеде эки эгиз эле болот, биздики болсо бир денеде 15 эгиз болуп жатпайбы, баштары да биригип турган болчу, аны эптеп күч менен ажыратып алышты, денеси бир бойдон калды, анан ушу бирин бири чапчылап, бири ары, бири бери тартып жулкулдашып жатпайбы. Дене бир, тулку бир, ажыратса өлөт, кыйынчылык ошондо. Прибалтика деле өзүнчө бөлүндү, бөлүнгөнү менен капталдай өскөн бутактай болуп, нары жакты карап чыгалбай жатат, деңиз жанында турат, деңизге сүзүп кетели дейт, колу жеткен менен дени бөлүнбөйт. Өзбекстан деле ошол: денеден бөлүнүш кыйын.

Биздин азыр жаман болуп жатканыбыз жакшыга алып келиши мүмкүн, алиги жылаңач этибиз бат карттанып кетиши ыктымал. Өзбекстан терисин жыландай болуп акырын таштайм дегени менен эски териси жаңы терисин ала кетиши мүмкүн. Түркмөнстан деле. Бул эми тарыхтын амири, тагдырдын буйругу десек болот.

Жанагы «интеллигенция, интеллигенция» деп какшап атканым ошол. Интеллигенция тумандан башын бошотуп, мына ушуну тездетип, жеңилдетип, анан коркпой, ушундай кыйынчылыктар башыбыздан өтүшү зарыл, антпесек жакшы жакка чыкпайбыз деп жоопкерчилигин алып, элди ишендирип, кол кабыш кылса болмок. Мисалы, чер токойдун ичине кирип кетсек деле бир жарыктан чыгабыз да. Бирок токойду түзүгүрөк билген киши түзүрөк жол таап, ылдам алып чыгышы мүмкүн, ал эми такыр билбей, оң жагына бир чыгып, сол жагына бир чыгып, ийри кетип, түз кетип жүрө берсе, жолдо бараткан эл кыйналат да, нааразы болуп, бунт жасап, өзү менен өзү мушташып, эч жактан чыкпай калышы мүмкүн. Ошон үчүн интеллигенция (биздин башкаруучулар дагы интеллигенциянын ичине кирет, баса, коомду окуган кишилер, интеллигенция башкарат) күчү жок болуп жатканы, билбей, билсе дагы аткарбай атканы, иллюзиялуу интеллигенттер Жогорку Советте да, саясатта да көп болуп, коомдук пикирди түзүүдө үстөмдүк кылып кетип жатканы жаман болуп атпайбы. Эл ошолорду ээрчип, ошолордун айтканына ишенип алууда. Анан чындыкты айткан, турмуштун бурулушу кыйын экенин эскерткен, элибиздин артта калганына жаны чындап күйгөн кишилерибиз аз болуп, анын үнү тигилердин бакырыгынын ичинде чычкандын үнүндөй чыйылдап угулбай, угула калса «душман» атыгып атпайбы. Трагедиябыз мына ушунда.

— Сиз басма жүзүндө бир топ эле жүйөөлүү пикирлерди айтып келесиз. Президенттин жүргүзүп аткан саясатына ушул сыяктуулар кулак кагыш кылынабы же?

— Эми, Президенттин ар кандай тармактар боюнча кеңешчилери бар да. Мисалы, экономика боюнча деле. Мен мына, улут маселеси боюнча кеңеш, сунуш беримиш болом. Сүйлөшүп калсак, айтабыз, албетте. Бирок Президенттин колу бошобойт, колу бошосо деле ал киши ушулардын баарын бизсиз эле билет. Анын дагы объективдүү шарттары бар да, аны менен эсептешүүгө туура келет. Өкмөт деле, Чынгышев деле билет. Мисалы, ачарчылык болуу коркунучу бар эле. Ачарчылык болбош үчүн ар кимден жардам сурап, эл кыйналып калбасын деген маселелер менен көбүрөк алек болуп жатат да. Андан кийин бийликтин өз логикасы, законченеми, алар-булары болот экен, өзүм аякка кокустан барып калган кишимин, карыганда саясатчы болуп, ага аралашып эмне кылам?

Кытайда бир салт бар: киши 55 жашка чейин мамлекеттик кызматта иштеп, андан кийин шаар сыртында жашап, өз өмүрүн, көргөн-билгенин китеп кылып же ыр жазып калтырып кетчү экен. Ошон үчүн кытай адабияты да, тили да мыкты өнүгүп жатпайбы. А мен болсом ошентип кете турган маалымда кайра мамлекеттик кызматка келдим. Албетте, мен саясатчы болбогондон кийин, анын аки-чүкүсүн билбегенден кийин, мен мындайча айтканда, ойчулмун да, ой менен жан баккан кишимин, өмүр бою кыргыз адабият, маданият тарыхын изилдеп келдим, ошол маданият тарыхын изилдеп жүрүп эле кыргыз элинин тагдыры жөнүндө ойлонууга туура келди б.а., кыргыз эли, маданияты, анын өткөн-кеткени, алыс-жуугу жөнүндө ойлонуш кесибим болуп калды. Ушул. Андан башка оюм жок.

Американын тагдырын ойлогон жерим жок, Россиянын тагдырын ойлосом, бизге, кыргызга байланыштырып, Кытайдын тагдырын ойлосом, бизге, кыргызга байланыштырып ойлойм. Өзүңөр билесиңер, мен таза теоретикмин, пайда издеген жерим жок, кыргыз элинен деле, орустан деле сыйлык алайын деген жерим жок. Өкмөттөн андан бешбетер. Мен мисалы, 20-25 жашта болсом адабиятты таптакыр ойломок эмесмин. Соодагер болуп кетет белем, адабият деле, илим деле оор иш да, туурабы, ошолордон деле бирдеме чыгардым, соодадан деле, бизнестен деле чыгарат белем.

Ушуну менен бул маегибиз бүттү. Ал кишини чарчаттык көрүнөт. Кечирим сурадык. Ыракматыбызды айттык. Узатып чыктык. Эрте экен. Кыргыздын күнү жалпыга текши тийип туруптур.

Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ

«Кыргыз маданияты», 15-апрель, 1993-ж.