
Алакандай бул айыл нелерге гана күбө болбогон.
Айылдын ортосунда бейиттер бар. Анын туш тарабы тосмолонгон. Мурда ачык болчу, курчалганына эки-үч жыл эле болду. Буга баары сүйүнүштү, төтөн карылардын кубанычы койнуна батпай жүрдү. «Эми ишке жарадыңар,— дешчү алар,— болбосо, тебелеп-тепсеп… Бул малдан да ыйман качты…» Мурда эмне үчүн тосмолонбой келгендигин жана тосуу малдын ыйманына байланыштуубу же жокпу — муну эч ким деле: билбейт. Айтор, бир жылы эле бейиттерди тосуу керек, арбактарды сыйлоо керек деп айыл дүрбөп калыптыр. Ошентсе да бул тосмоңу көргөндө, айылдагылардын көбүнүн каңырыгы түтөп кетчү. Анткени ал далай машакат, ызы-чуу менен бүткөрүлгөн. Ал жөнүндө кеп кылып, эски жараны кайра козгогондо эмне…
Иши кылып бир мезгилде ачык эле жаткан бейиттер азыр бышкан кызыл кыштан курулган коргондун ичинде калды. Бейит деген бейит да, ал кичинекей гана дөбөчө эмеспи. Бирок анын алдында адам жатат да, бейиттин ыйыктыгы — ушунда. Кызык, мурда бейиттердин баары окшош эле: дөмпөйтөн кичинекей дөбөчө — болгону ушул. Бел курчоодон ашпаган айрым бир коргондор бар эле дечи, бирок алар адамдын көңүлүн өзүнө бура алчу эмес. Азыр бул жер не бир түркүн түстө сайылган сайманы эске салат. Мунун баары маркумдарга тургузулган эстеликтерге байланыштуу. Кайсы бир жылы бул айылда кырчындай болгон бир жигит көз жумду. Ага негедир таштан эстелик орнотулду. Мындай эстеликти орнотууга кимиси бел байлаганын оңгулуктуу билген эч ким жок: бири айтты туугандары орнотту деп, жо-ок, жолдоштору орнотуптур деп башкалары айтышты, жолдошторунун эмне, байманасы ташып туруптурбу — жарымын туугандары, жарымын жолдоштору чыгарыптыр деп дагы бирлери безилдеп жүрүштү.
Акыры бул талаш да унутулду, а эстелик кала берди. Бул эстелик чын эле өзгөчө болучу. Ташка маркумдун сүрөтү жабыштырылып, ылдый жагына төрт сап ыр чегилген. Ырды абышка-кемпирлер да эжелеп окушуп, кадимкидей жашышкан эле, атүгүл аны атайын жаттап алгандар да болгон. Ырга байланыштуу да далайга талашып-тартышып жүрүштү: ырды чоң бир жазуучу (негедир айылда акын деген сөз көп колдонулбайт — акынды деле жазуучу дешет) жазып бериптир деп бири айтты, о, кокуй күн о-ой, чоң жазуучу бүткөрсө, төрт сап эле жазмак беле, таштын бетин толтуруп таштамак да, муну колу кат билген эле бирөө шилтей салган да деп башкалары моюн беришпеди.
Бара-бара бул талаш да унутулду. Бир нерсе гана көкөйдөн кетпей калды: ал — бул эстелик таштын өтө оор экендиги. Баса, аны орноткондо, бейиттерди трактор да аралабады беле. Ташты трактор менен араң алып келишкен. Мурда бейиттерге трактор түгүл машина келчү эмес. Алып келээрин алып келип алышып, түшүрө алышпай, тушүргөндөн кийин кайра бири-бирине кийгизе алышпай канча кыйналышпады дейсиң… Ошондон кийин эле таштар көбөйүп кетти: кары көз жумса деле — таш, жаш ойрон болсо деле — таш. Эми сүрөтү түз эле ташка чегилген эстеликтер да пайда болду. Ошентип, элдин баарын таңдандырып, дүрбөлөң түшүргөн, далай талаштарды туудурган баягы биринчи эстелик азыр эч кимдин назарын өзүнө бурбай калды. Азыр эч кимдин көңүлүн өзүнө бура албай калган ошол эстеликтин өзү бейиттерге да, элдин жүрөгүнө да бир эстелик калтырып кетти, калтырганы ушул — аны жеткирген трактордун изи арсайып-терсейип алигиче өчпөй турат. Бул изди көргөндө, трактор дал жүрөгүңдү тепсеп, дал ушундай арсайган-терсейген из салып жаткансып, тула боюң дүркүрөйт. Арсайган-терсейген издин элеси көпкө чейин эсиңден кетпей, жүрөгүңдү эзе берет… Деги адам кызык: көбүнчө сапар алдында эмес, а далай сапар карытып, дал жол ортосунда келгенде гана тереңирээк ойлонот. Мурда эстеликтерге канчалык жанталашып көңүл бурушпасын, үзүлө түшүп кызыгышпасын, баары бир анча ойлонушкан эмес көрүнөт. Болбосо бүгүн эмне үчүн бул айылда мындай эстеликтерди жактырбагандар көбөйүп баратат? Өзгөчө бир чал дайыма какшайт: «Арбактарды аягыла, тынч эс алсын. Таш өөр болот. Мобу бышкан кышыңдын да кереги жок…»
Сүрөтү түз эле ташка чегилген эстеликти алып келип, орнотуп жатканда, бул чал: «Жок дегенде өлгөндөн кийин атаңарды аясаңар боло! Эми муну кантип көтөрүп жатат?! — деп уулуна бууракандап кыйкырган. Анан кадимкидей жалдырап: — Өзүң деле эстүү жансың, жаш деле эмессиң. Тил алсаң мунуңду орнотпо, шаардагы үйүңдүн алдына алып барып кой». «Болуптур,— деген тиги киши тамашага чаргытып,— орнотпосо орнотпой эле коёюн. Бирок ушул эстеликке кеткен, анан муну алып келүүгө жумшалган акчаны сиз маа төлөп бериңиз». Байкуш чал колун шилтеп басып кеткен…
Айтпадыкпы — азыр бейиттер кооз саймага окшош. Алар жолдон өткөндөрдүн (бейиттердин ары жагында чоң кара жол бар) да көңүлүн өзүнө бурчу болду. Адамдар кызык: кээ бирөө машинасын атайын токтотуп коюп, бейиттерди аралап, андагы эстелик-күмбөздөрдүн баарын карап чыгат. Бири-бирине салыштырып, кайсынысы жакшы экенин таба албай кыйналат.
Бир күнү бейиттерди аралап, эстеликтерди тигиле карап жүргөн жолоочулар менен баягы чалдын буркан-шаркан түшүп урушуп жатканын көргөнбүз: «Бул жер силерге эмне, көргөзмөбү?! Муну мүрзө дейт, бул жерде арбактар жатат!.. Бейитти көргөндө куран окуу үчүн токточу элек. Эми минтип… — Сүйлөй албай мукактанып калды. Тигилер былк этишпеди. Чал чыдай албай кетти — таягы менен жер сабап титиреди. — Силер арбактардын тынчын алып жатасыңар дейм, бул — чоң күнөө!» Алар чалдын жаалын эми гана байкашып, келесоо неме го, мунун биз менен кандай жумушу бар дегендей олурая бир карап, жолуна түшүштү. Деги адамдар кызык… Бүгүн мына ушул бейиттердин арасында адамдар жүрөт. Алар — бул айылдын эркектери. Жашы бар, карысы бар. Эзелтеден бери келаткан салт экен — сөөк койгондо айылдагы эркек аттуулардын баары топурак салууга тийиш. Кимде-ким келбей калса (тирүүлүктө нелер гана болбойт дейсиң), анын атын атап, башка бирөө (тууганы) бир ууч топурак сальш калууга тырышат. Адамдын кимдиги да дал ушул маркумду узатууда билинет.
Өзгөчө сыртта жүргөндөрдүн, шаарда тургандардын кимдигин айылдаштары дал ушул аркылуу баалашат. Ошондуктан «ал жерге кирсин, өлгөндөрдүн бирөөнө да көз көрсөтө элек», же «андан айланса болот: жамандык болдубу, шыдыр эле жетип келет»,— деген сөздөрдү көп угасың.
Топтошкон эл четтей берди. Дагы бир томпойгон дөбөчө пайда болду. Бул — жаңы бейит. Ал чет жакадан орун алды. Бейиттердин ортосунда деле орун бар эле, бул маркумдун сөөгүн жашырууга кайдан болсо жай табылмак. Бирок анын тууган-туушкандарынын баары дал ушул жерде, чет жакта жатат. Демек маркум дал ушул жерден орун алууга тийиш. Бул алмуздактан бери келаткан айныбас мыйзам экен. Ошондуктанбы, бул айылдагылардын кимиси болбосун өзү көз жумганда кай жерден орун аларын так болбосо да, болжолдоп билет. Атүгүл өзүн кай жерге коюш керек экендигин алдын ала табыштап жүргөн карылар да бар.
Ар адамдын өзү үчүн да, анын жакындары үчүн да эң оор нерсе — өлгөндөн кийин тууган-туушкандарынын жанынан жай албай калуу. Тагдыр деген татаал экен, өз ордунан жай таппай калгандар бул айылда да болду. Айылдаштары алар жөнүндө дайыма ичтеринен кан өтүп эскеришет: адамдын көз жумганы бир кайгыртса, анын өз жайынан орун албай калганы ого бетер муңга чөгөрөт. Буга каршы чыкканга дити баргандар деле болбой койгон жок: бир кемпир көз жуумп, аны абышкасынын жанына коюш керек болуп калды. Бирок кемпирге жай даярдап жатканда, абышкасынын көрүнүн үстү түшүп кетип, элди аябай убара кылды. Ошондо кемпирдин кичүү уулу: «Энем барганда, атам эмне, тирилип ордунан тура калмак беле?! Жанына коюш керек деп… Тетиги ээн жерге койсоңор эмне, коркмок беле? Өлүккө баары бир эмеспи…» — деп чыр чыгарган. Аны карылар ортого алышып айда сазайын берген: сен эмне малдын өлүгүн көөмп жатасыңбы, же сөөк саа мас болуп алып көрүнгөн жерге таштап кете бергендей сенин жаман сары машинең бекен, сен эмне чамгарактайсың, ыя, бизге үйрөткөндү коюп, саксайтпай чачыңды (жашың кыркка чукулдап калды) алдырып алсаң боло… дешип жер сабашкан. Тиги унчукпай кутулган. Деги табышмак: тирүүсүндө араздашып жүргөндөр да өлгөндө бир жерге коюлат. Ошондо: «Булар бири-бирине өч эле, бөлөк коёлу»,— деп эч ким айта албайт. Тирүүңдө урушуп-чабышасыңбы, атүгүл бет карашпай каласыңбы — баары бир тууган болгон соң, өлгөндөн кийин сөзсүз бирге болушуң керек.
Эмне үчүн мындай экенин эч ким билбейт, жана буга баш катырып ойлонгондор деле жок. Ошентип, адамдын бир бактысы — өлгөндөн кийин өз жайынан (тууган-туушкандарынын мүрзөлөрүнүн жанынан) орун алуу. Башка жерде кандай экенин билбейбиз, ал эми бул айылда дал ушинтип ойлошот. Ошондуктан жаңы эле пайда болгон тиги томпойгон дөбөчөнүн алдында жаткан адам жөнүндө: «Багы бар экен: өз жайынан орун алды, бала-чакасы атакелеп ыйлап турду» — дешип ичтеринен сүйүнүп жаткандар да көп.
Көз жумган киши сексенге чукулдап калган чал эле. Байкуш чал көп деле ооруган жок, эки-үч күн төшөктө жатты да, кете берди. «Ооруп жыгылганда эле үзүлмөк, небересин күтүп жатты окшойт,— дешет айылдаштары бир ооздон. — Небересин көрүп, санаасы тынаары менен эле кете берди». Небереси шаарда турчу. Чал ооруй баштаганда ага кабар деле беришкен эмес, кары киши ооруйт, кайра оңолот, убара кылбайлы дешкен. Бирок чал улам-улам эстен танып, тиги небересин оозунан түшүрбөй, кайта-кайта эле чакыра бергенден улам биресе чалга боор оорушуп, биресе чоң атасын тирүүсүндө көрүп калсын деп, ага кабар беришти. Ал эртеси эле жетип келди, чал тилден калып араң жаткан. «Ата, мен келдим,— деди небереси ыйламсырап. — Бул менмин, менмин дейм. Тааныдыңбы, менмин!» «Менмин, менмин эле дейсиң,— дешти чалды тегеректеп тургандар аны жактыра бербей,— өзү араң жаткан неме сенин ким экениңди кайдан билет? Атыңды айтпайсыңбы!» Бирок небереси атын айтпады, өчөшкөндөй «мен келдим, ата, бул менмин!» — дей берди. Бир маалда чал көзүн ачып, кыйлага жалдырай карап калды, анан кубангандай жылмайып, тааныдым дегенсип башын ийкеди. Бери жакын келчи дегендей ишарат кылды, небереси жакын барды. Чал өбө алган жок, өбүүгө каруусу жетпеди окшойт — небересин кыйлага жыттагылады, бетин жыттады. Анан ыраазы болгондой жаздыкка баш койду да, көп өтпөй кете берди. Ошол небереси азыр өзүн токтото албай, ичинен бышактап араң турат. Бирөө бирдеме десе эле, бакырып жиберчүдөй. Сексен жаш оңойбу: ага жеткен да бар, жетпеген да бар. Адам баласы мына ушинтип өзүн өзү жубатат тура, алдайт тура. Болбосо, адамдан ажыроо оңой бекен: кечээ эле өзүң менен бирге жүргөн атаң, апаң… бүгүн минтип чым жазданып калса, анын экинчи кайрылып келбесин, экинчи сүйлөшө албастыгыңды, караанына зар болоруңду билсең, анан…
Ошентсе да, бул карыянын көз жумганын угушканда, айылдаштары адаттагыдай эле өздөрүн жубатышты: «Сексен жаш оңойбу, жашарын жашап, көрөрүн көрдү. Бул кишиде эмне арман: далай жыл колхоздун бир четин чоюп жүрдү. Балдары жакшы чыкты, чөбүрөлөрүн көрдү. Эми минтип… Бул кишиники той да!..» Чал өзү да тагдырына ыраазы эле. «Эми бизге эмне калды,— дечү ал,— балдардын алдында эле алып кетсе болду». Ооруганда доктурга көрүнгөндөн кадимкидей качар эле, доктур чакыралык десе, туйлап таптакыр болчу эмес. Бирок кызык… Өлөр алдында кичине оңоло калганда, доктур чакыралыкпы десе, чал негедир мейлиңер дегендей башын ийкеди. Эмне үчүн минткени — табышмак. Ал көз жумгандан кийин, элдин баары муну оозунан түшүрбөй айтышып, таңдана баш чайкашты. Айрымдары азыр да эскеришип: «Атаңдын көрү жан дегениң… Жан… жан де!» — деп кимдир бирөөгө нааразы болушкандай өкүнүп калышат.
Мына, куран да окулуп бүттү, тегерете отурган эл мүрзөнү акыркы ирет карап алышты да, эми биз кеттик, жакшы жат дешкендей, ордуларынан козголо башташты. Ошол маалда орто жашап калган бир киши (бул — маркумдун жакын тууганы, мындай милдет көз жумган адамдын жакындарына гана жүктөлөт) алдыга чыгып: «Оо журт, Кукем кандай киши эле?!» — деп кыйкырды да, жооп күткөндөй туруп калды.
Үн-сөз жок. Эл дымый түштү, эч кимиси озунуп жооп кайырбады. Ошондо бери жакта турган тебетейчен карыя (ак жайдын күнүндө тебетей кийип жүргөнүнө баары таңданышты) элди тегерете бир карап алды да: «Жакшы киши эле, айланайын! — деди кыйкырган кишиге бурулуп. Анан кайра элге кайрылып. — Жакшы киши эле, ээ… — Өзүнчө күбүрөнө кетти. — Жакшы киши эмей. Жакшы киши эле. Минтип жакшы маалда көз жуумп…» Эл чуулдап жиберди: «Жакшы киши эле, жакшы киши эле…» Элдин дал ортосунда турган шляпачан бир киши жанындагы жолдошуна күңкүлдөй кетти: «Ушинтип сураштын эмне кереги бар экенин билбейм. Эми аласа-бересеңер бар беле деп… — Жактыра бербегендей бети-башын бырыштырды. — Адат болуп калган да, болбосо…»
Анын күйөөрү да эп — өлгөндү жаман деп кыйкырып чыккан кишини эч ким учурата элек. Маркумду жакшы билбеген адам деле, маркум тирүү кезинде аны менен урушуп-талашып, көрүнгөнгө жамандап жүргөн адам деле бул суроого «жакшы киши эле, жакшы киши эле»,— деп жооп кайтарарын элдин баары жакшы билет. Ошентсе деле… Баягы киши кайра кыйкырды: «О, журт! Аласаңар бар беле? Эгер болсо, анда…» Ушул маалда бир киши алдыга атып чыкты да, тигини толук сүйлөттүрбөй: «Меники… — деди корккондой элеңдеп. — Меники бар эле!..» Кыйкырган кишинин оозунан келмеси түшүп, не дээрин билбей далдырап туруп калды. Анан эмне кылам дегендей элди жалдырай карады. Эл уу-дуу боло түштү, арттагылар эмне болуп кетти дешкенсип, алга жүткүнүштү. Ар жакта кыдыракей отурган беш-алты карыя адеп укканда делдейе калышты да, анан сүйлөшүп алышкандай ордуларынан жапырт турушту. Булар — алакандай айылдын карылары. Күн өткөн сайын суюлуп баратат. Карылык деген көз менен кулактан башталат окшойт — айрымдары жакшы укпайт дагы, көрбөйт дагы. Кээде өзүңдүн ким экениңди кыйкырып-өкүрүп жатып араң түшүндүрөсүң. Анан: «Аа… өзүбүздүн эле бала турбайсыңбы, тааныбай жатса… Чоңойгондо эле ушинтип таанылбай кетесиңер» — деп ыраазы болуп да, өкүнүп да калышат.
Азыр тиги кишинин эмне дегенин чын эле угуштубу, же ырай-кешпиринен божомолдоп билиштиби, айтор бул эмне деген шумдук, катыгүн дешкенсип калтырашып, бул шумдукту баштаган ким экенин жакшы тааный алышпай, тикирейе карап турушат. Төтөн тебетейчен чал кайпастап калды: ал тиги сөздү угуп, чок баскандай селт эткенде, тебетейи башынан ыргып кетти. Бирок жерге түшкөн жок, анын жанында турган жигит жерге түшүрбөй илип алды да, карыяга узатты. Карыя тебетейин эмне кыларын билбей, аны мыкчый кармап, чаң болбосо деле күбүй кетти. Аласам бар эле деп чыккан кишинин жан-айласы кетип, алапайын таппай калды: бирде жардана карашкан элди күнөөлүүдөй тиктесе, бирде өзүн делдейип тиктеп турган баягы кишини карап жалдырайт.
Экөө тең талып калды. Эл да эсин жыя албай, дымыганы дымыган: алда эмне болуп кетет деп ооз ачкандан, атүгүл кыймылдагандан корккон түрү бар. Ушул маалда карыя эсине келе калды да, мыкчый кармаган тебетейин шап башына кийип, «кудай урган жаман, кудай урган жаман!» — деп күбүрөгөн бойдон алдыга атып чыкты. Аласам бар эле деп айтарын айтып коюп, эми эмне кыларын билбей делдейген кишини желкеден алып артка тартты. Ал эмне болуп кетти дегенсип, жалт бурулуп чалды карады. Анан бир балээден кутулгандай сүйүнүп кетти, эч каршылык көрсөтпөстөн, артка кетенчиктеди. Карыя анын алдында туруп, өзүнчө күбүрөнө берди: «Кудай урган жаман, кудай урган жаман!» Элге жан кире баштады. Кыйкырарын, же коёрун билбей, ортодогу киши элди күнөөлүүдөй тиктеп, ого бетер далдырады. «Айта бер,— деди карыя түшүнгөндөй,— дагы эки жолу кыйкыр!» Тиги эмне деп кыйкырам дегендей карыяга суроолуу тигилди. «Аласаңар барбы дебейсиңби!» — деди карыя.
Муну укканда, алактап шашып калды: оозун эптеп келатып, какагандай тып токтоду да, үнүн жасай кетти. Анан: «Аласаңар бар беле?— деди акырын шыбырап. — Болсо, менден алгыла…» Эл үндөгөн жок. Кайрадан карыяга тигилди. Карыя кыйкыра бер дегендей ишарат кылды. Тиги ого бетер акырын шыбырады: «Аласаңар бар беле? Болсо…» Сөзүн бүтүрө албады, негедир үнү каргылданып, жашып кетти. Өзүн араң токтотуп турду. Эл дымый түштү да, кайра жанданып, кетүүгө кам урушту. Эл акырын жыла баштаганда, тебетейчен карыя кайрадан алдыга атып чыкты да, дел болуп турган кишинин жанына келип: «Айланайын журт! Бересеңер бар беле? — Элден жооп күтпөстөн кыйкыра берди. — Бересеңер бар беле? Бересеңер бар беле?..» Акырында анын үнү да каргылданып кетти, муунуп сүйлөй албай калды. Токтогон эл жыла баштады. Ушул маалда жанынан өткөндөрдү элеңдей карап, аларга кошуларын же коёрун билбей, жан-айласы кетип турган аласасы бар баягы кишинин жанына чалдын небереси келди да, негедир өтүп кете албай токтоп калды. Үндөбөстөн суроолуу тигилди. Аласасы бар киши селт этип алды да: «Шыйпыр алган эле…» — деди күнөөлүүдөй. Тиги үндөгөн жок, муңайым карап тура берди. «Эмнеге калп айтайын,— ого бетер алактап,— калп айтсам, арбак урсун, жүз шыйпыр алган… Жарым ай болуп калды».
Үндөбөдү, шыйпырды эмнеге алды экен деп ойлоп койду эңги-деңги абалда. «Сабыр сурап келгенде бербей койгом,— деп сөзүн улады,— анан сакалын сүйрөп бу киши — мүрзөнү карап койду — келиптир. Ортого түшүп жатып алып берди… Мурда күнү шыйпырды бербейсиңби деп Сабырга барсам, ал мас экен, айда ашатты: «Саа шыйпыр түгүл, таш балакет да жок!» — дейт.— Мен сенден эчтеке алган эмесмин, Кукемден (мүрзөнү дагы бир жолу карап койду) алгам»,— дейт. Анан мен… Анан кантип…» Сүйлөй албай мукактанып, жан алакетке түштү. Тиги дагы үндөбөдү. Мелтиреп караганы караган. Кимди карап жатканы белгисиз, сөзгө түшүнүп жатабы же жокпу — муну да билбейсиң. Көзүнөн жаш тегеренет. Аласасы бар киши чыдай албай кетти: «Териңди аарчып алчы, айланайын!» — деди күйпөлөктөп. Үндөй албады. Көзүндөгү жаш жерди көздөй тартып жаткансып, башы салмактанат.
Тегерегиндеги элди даана көрө албай кыйнала баштады — буга да жаш тоскоол болуп жаткандай. Өзүнүн тике маңдайында турган аласасы бар киши бир маалда теңселип жаткандай туюлду. Жок, эми эле теңселип араң турган киши заматта кубулду — какайып, аны тикирее карап калды. Тиги корккондой селт эте түштү да, «и-ий!» деп алды. Какайган киши «аа, жүрөгүңдүн үшүн алган экенмин да!» — деп шылдыңдагандай каткыра баштады. Баланын денеси «дүр-р» дей түштү — киши өлүп жатса, бул келесоо неге күлөт?! Күлкү улам күчөй берди да, акыры ыйга айланып кетти. Күлкү да, ый да — экөө бирдей кулакка жаңыргансыды. Бала бейпайга түштү — кулагына жаңырган ыйбы, же күлкүбү — айрый албады.
Көз алдындагы элес кетенчиктеди, ал алыстагандан алыстай берди да, кайра бери бурулуп теңселе баштады, анан өзүнүн классташына айланып кетти да, эки колу менен бетин басып, ачуу чаңырып жиберди, чаңырган бойдон элди аралап келатты… Сөөктү мына чыгарабыз деп жатканда айылдын башынан бирөөнүн боздогон үнү угулду. Чалдын тууган-туушкандарынын баары түгөл келишкен эле, бул шумдуктуу үн элдин баарын дүрбөлөң түшүрдү. «Бул кимиси болуп кетти, неге мынча боздойт?!» — дешкенсип, баары үн чыккан жакты элее карашты. Тиги киши ого бетер күчөдү, ыйлоого күчү келбей калдыбы — үңүлдөй баштады, ошол калыбында боз үйгө жакындады. Келсе — ушул айылдык эле жигит экен, болгондо да маркумдун небересинин классташы. Боз үйгө жөлөнөр-жөлөнмөксөн болуп, ал үңүлдөй берди. Эл ого бетер таңданды: мынча боздогондой мунун маркум менен кандай жакындыгы бар эле? (Мунун сыры айрым адамдар үчүн алигиче табышмак, мындай ый болгон эмес, эми болобу-болбойбу дешип баш чайкап калышат.) Акыры чыдабай кеттиби, калың топтон бирөө: «Ой, токтоткула. Ый менен тирилте албайбыз!» — деди.
Чалдын небереси үңүлдөгөн классташынын жанына барды да, же кошо ыйларын, же кой дээрин билбей, үндөбөй туруп калды. Тиги сүйүнүп кетти, үңүлдөгөнүн токтото коюп, шыдыр эле беркиге жөлөндү: «Ай ата, жана эле келбейсиңби! Боз үйгө жөлөнүп араң турдум. Кичине эле кечиккенде…» Бул эчтеке түшүнгөн жок, ага суроолуу тигилди. Тиги болсо «ай ата, ушуну түшүнбөйсүңбү?» дегендей үшкүрүнө кетти эле, оозу бур-р дей түштү. Баланын денеси муздай түштү, классташын колтуктан бекем мыкчып, ары бурулду. Муну эч ким байкабай калса экен деп кудайдан тилеп баратты. Аларга назар бурган эч ким деле болгон жок, бала буга сүйүндү. Карылардын жанынан өтүп баратканда гана, бирөөнүн таягы менен жерди ургулап, өзүнчө кыжынып жатканын байкап калды: «Кара жер! Кара жер!.. Силер үчүн өлүк өлүк болбой калды го!.. Кара жер!..» Бирок бул сөз кимге багышталганын жигит билген эмес. Азыр негедир ошол чал көз алдына тартылды. Кызык, чалга атайы бурулуп назар тигип караган деле эмес, ким экенин да билген эмес, атүгүл ырайын да көрбөгөн, болгону анын кары киши экенин гана билген. Азыр болсо анын элеси көз алдына кадимкидей жандуу тартылып отурат: кара сур чап жаак чал, сакалын ак аралап калган, денеси өзүнө моюн бербей титирейт. Ийри-муйру таягы (таяк негедир ушундай элестелди) дагы титирейт, титирегенден улам жерге тиер-тиймексен болот. Жер да титиреп жаткандай туюлду, тегерегиндеги элдин баары өздөрүн башкара алышпай теңселишет. Аңгыча ичимдиктин жыты бур дегендей болду, ал мурундан кирип, ичтин баарын өрдөп-жойлоп, андан таманга сызылып, акыры тырмакка келип кептелип калгансыды.
Бала чыдай албай кетти — калчылдады, калчылдаган бойдон ары бурулду, бурулары менен бутуна тамчы тыпылдап таамп жиберди. Чаң баскан туфлисинен тамчынын орду дапдаана көрүндү, ал суу жеп кеткен жерге окшоп турду. Тамчы жашпы, же терби — тиги киши айра алган жок. Чалдын небересин үн-сөзсүз ээрчип, анын бутундагы тамчынын ордун элейе карап баратты. Башын көтөрдү, жигиттин жаагы ылдый куюлуп келаткан терди дагы көрдү, аарчып албаганына таңданды. Жигит чарчаган эле, чарчаганын сезүүгө мүмкүнчүлүгү келбеди, бирок абдан чарчаган эле. Үч күн уйку бетин көргөн жок, бүгүн табыттын бир жагын эч кимге бербей, эч бир эс албай өзү көтөрүп келди. Табытты маркумдун тууган-туушкандары, жек-жааттары бири-бири менен алмашышып көтөрүшү керек. Чарчаганы чыга берет, анын ордуна башкасы келет, ушинтип алмашышып кете берет. Бирок тигил эч ким менен алмашкан жок, алмаштырганы барган кишини кереги жок дегендей акырын түртүп коюп жатты. Боргулданып тердеп чыкты, тери жерге таамп жатты, буга караган жок. Кийин бул жөнүндө көпкө чейин айтып жүрүштү. Аялдар азыр да айтышат. «Ии, ошентсин,— дешет алар,— ошентпей көрсүнчү… Аркама көтөрсөм уулум кыйналып калат деп, акем аны алдына көтөрүп жүрүп бакты эле. Бөкчөйүп жүрүп, акыры бүкүр болуп калган. Анан…» (Атасы жаткан табыттын бир жагын эч кимге бербей, кара терге түшүп көтөрүп келгенден атанын балага кылган мээнети акталып калат деп бүтүм чыгарууга эч кимдин деле дити барбас, жана да эс албай көтөрүп, атамдын мага кылган эмгегин актап жатам деп небереси деле ойлогон эмес чыгаар…) Айтор ал кара терге чөмүлгөн эле, бирок терин такыр аарчыбады, табытты жерге койгондо да аарчыбады.
Сөөктү өзүм түшүрөм деп жанталашты эле, эл чуулдап болбой коюшту. «Бул оор болот,— дешти алар,— көтөрө албайсың. Өлгөндөн кийин чүкөдөй абышка да…» Айла жок, терин мончоктотуп карап турду. Сөөктү башкалар түшүрүштү, алар жедеп машыгып бүткөн кишилер эле. Суроо-сопкутсуз эле секирип түшүштү да, табытты жылдыргыла дегендей үстү жактагыларга карашты. Атасын акырын жылдырып көргө түшүрүп баратканда, денеси ымыр-чымыр болуп, муун-жүүнү бошоду, көзүнөн жаш агып, жаагы ылдый сызылган терге кошулуп жатты. Ал атасын дагы бир жолу (акыркы ирет) көрүп калам го деп ойлогон. Бирок көрө албады: сөөктү алып кирип баратканда, чыдай албай кетти да, артка бурулуп, өксүп-өксүп алды. Аңгыча эл апыр-тапыр болуп калды.
Дайыма ушундай: сөөк өз ордунан жай алып, топурак салуу башталганда, үлгүрбөй калчудай болушуп, элдин баары алапайын таппай шашып калышат. Бирөө чоң күрөктү, дагы бирөө чаканы алып, ар кимге сунуп жүрдү. Эл ага кочуштап топурак ыргытып жатты. Балага күрөктү сунушту, ал топуракты кочуштады да, күрөккө акырын ыргытып, ичинен үңүлдөп жиберди. Анан топуракты көргүсү келбегендей жүзүн ары бурду. Топурактын жылуу илеби алакандан өчпөй турду. Бул топурак таптакыр башкача сезилет — ал маркум менен бирге жатат. Тиги томпойгон дөбөчөнүн тамыры — мына ушул топурак: бул экөө тамырлаш, өзөктөш. Ошон үчүн аны дөбө эмес, бейит дешет эмеспи…
Топурак салуу башталганда, алактап-шалактап шашкан эл эми шашпай эле жай баратышат. Аларга кошулуп маркумдун небереси да жай баратат. Ал негедир терин аарчыбады, азыр да тердеген бойдон баратат. Муну башкаларга караганда аласасы бар киши даана байкады. Ал баланы таңдана карап, өзүнчө эле күйпөлөктөп келатат. Алдыда бараткандар токтоп, жүйүртө басып отура башташты. Буларды көрүп, арттагылар да токтошту. Көрсө, куран окуш керек экен, маркумдун жайынан бери кырк кадам баскандан кийин, сөзсүз куран окуш керек тура. Ким билет, бул өз жайынын жанында маркумду акыркы ирет эскерүүдүр жана да аны менен акыркы ирет коштошуудур. Молдо узакка окуду, кырааты менен окуду. Эл кайра турду. Бүттү! Эми элдин баары чогулуп бул бейитке келишпейт, өтө жакын туугандары эстегенде келип турушат, бирок элдин баары бир кишидей болуп кайрылып бул бейитке келишпейт. Ошентип, баары бүттүбү, ушу менен маркум биротоло унутулуп калабы?! Жок, тирүүлөр маркумду унутпоого ушунчалык жанталашат дейсиң: элдин баары мындан ары бир кишидей болуп маркумдун бейитине бирге келишпесе да, ал жөнүндө бирге эскеришет эмеспи.
Билген кишиге маркум тууралуу элдин баары бир кишидей бирге эскерүү менен ар кимдин өзүнчө эскерүүсүндө чоң айырмачылык бар. Ошон үчүн үчүлүк, жетилик, кыркылык, аш дегендер жаралган. Мунун баары өлгөндөр менен тирүүлөрдүн ортосундагы көпүрө — ар бири маркумдар менен кол үзүшпөө далалатынан келип чыккан. Бирок себебин эч ким деле оңгулуктуу билбейт — айтор, бул айылда кийинки учурда үчүлүк, жетилик, кыркылык, аш дегениң негедир жуурулушуп баратат: ар бири өзүнчө өткөрүлбөстөн, жетилик үчүлүк менен, ал эми кыркылык аш менен бирге өткөрүлчү болду. Атүгүл кээде аш таптакыр өткөрүлбөй да калат. Мындай жуурулушка каршы чыккандар көп. «Бу — не деген шумдук, деги муну ким чыгарып жүрөт?! Минтип жүрсөк, эртең эле баарын жутуп алабыз го!..» — деп жер сабашат алар. «Азыр заман бөлөк, шарт бөлөк,— дешет дагы бирлери тигилерди кыртышы сүйбөй,— үчүлүк деп бир, жетилик деп бир… бүлүнө бергендей чама да жок, чоло да жок. Өлгөндөр деп жанды сабай бергенден не майнап, анда бизди, тирүүлөрдү, ким ойлойт?! Деги ушул жетилик-петилигиңден, аш-пашыңдан эмне пайда: же өзүнө аш өткөрүлүп жатканын өлгөн киши билет бекен?!» Айтор, буларды өткөрүү тууралуу талаш-тартыш күн өткөн сайын күчөп баратат.
Өлүк чыккан сайын, айыл билермандары, маркумдун тууган-туушкандары жок дегенде бир жолу талашып-тартышып алышат. Ушундай эле талаш бүгүн жерге берип отурган чал көз жумганда да болду. Чал көз жумгандын эртеси эле айылдын билерманы, ак сакал карыя, маркумдун небересин элден оолак эрчитип барды да: «Өлүк ээси сенсиң, айланайын! — деди жалооругандай. — Өткөрөм, коём десең да өзүңдүн ишиң. Бирок бир нерсени эсиңе ал, эгер атаңды сыйласаң ар бирин өз маалында өткөр. Көз жумду кылба. Арбактар ыраазы болсун!.. Көрүнгөндүн эле сөзүн уга бербе!» Бала түшүнүп-түшүнбөй эле башын ийкеп жөн болгон эле. Көп өтпөй эле ал баягы билерман чалдын топ кишилердин ортосунда туруп алып, жер сабап жатканына күбө болду. «Жөндөн-жөн эле чабылып-чачылып деп, чоло жок деп!.. — деди ал буркан-шаркан түшүп. — Силерди чабыл-чачыл деп ким зордоп жатат, мунун баарын өзүңөр чыгарып жатасыңар. Өлүк аркылуу мөрөй талашасыңар. Арбактарга силердин дүнүйөңөргө кереги жок: куран окутуп, эскерип койсоңор болду — аларга ошол эле жетет. Ие айланайын, баарын кошуп кыркылыгы менен чогуу өткөрөбүз деп… Андан көрө эчтеке өткөрбөй эле койгула. Эмне, кыркылык же аш өлгөндөр үчүн гана бекен, ыя?!» Чал силердин эмне дээриңерди билем дегендей, тегерегиндеги кишилердин сөзүн укпай, колун шилтеп басып кетти. Ошентип, талаш чечилбей кала берди.
Мына эми маркумду унутуп калбоо үчүн жандалбас кылган эл — эки-үч жылдан бери бир талаштын башын ача албай келаткан эл, топурак сала баштаганда алактап-шалактап шашкан эл — эми жай баратты. Бейиттердин ары четинде бир жеңил машине турат, анын шоопуру кимдир бирөөнү издегенсип, элди элеңдей карайт. Бир маалда издегенин таптыбы, айтор, элди көздөй басты, бирок көп өтпөй тык токтоп, кайра машинесине кетти. Бул карыларды салып келген машине эле. Жанагы кыдыракей отурган карылардын экөө ушул машине менен келген, жөө келип-кетиш алар үчүн чын эле кыйын. Эми алар жөө эле баратышат, алар үчүн энчиленген машине бар экенин эстеринен чыгарып коюшканбы, же атайын жөө кеткилери келдиби — айтор, эл менен кошо жөө эле баратышат. Сыягы, шоопур да «ээ, өзүңөр билгиле» деди окшойт, машинесине отурду да, от алдыра баштады. Кызык, мурда мындай эмес эле: машине мүрзөгө келгенин эч ким көрбөгөн, азыр жок дегенде бир-эки машине көчтү ээрчигенсип, эл артынан акырын кыбырап отурат… Бир маалда арт жакта келаткан чалдын небересине аласа-бересеңер бар беле деп кыйкырган киши келип, бирдеме деп айткансыды. Экөө шашыла басып алга кетти. Нарк ушундай — туугандар алдыда жүрүшү керек, өкүрүктү алар башташат. Кай жерден баштап өкүрөбүз дешсе, өлүк ээсинин өзүнүн иши. Бирок бул айылдагылар өкүрүктү кай жерден баштоо керектигин жакшы билишет. Көбүнчө кырды ашканда башташат. Эгер кары киши өлсө, кырдан түшкөндөн кийин, кээде үйгө жакындай бергенде, ал эми көз жумган киши жаш болсо, кырга чыга бергенде эле өкүрүп киришет. (Бир жолу баласы менен энесине бир жерден өкүрүштү: көр оозунда жаткан бир кемпир өзүнүн жалгыз баласынан ажырап калды. Анда кырга чыга бергенде өкүрүшкөн. Мына-мына өлөт деп аткан ошол кемпир баласынан үч жылдан кийин өлдү, өлөр-өлгөнчө баласына кошок кошуп отурду. Мында да эл негедир кырга чыга бергенде өкүрүштү.) Ушул жерден да кайрадан апыр-тапыр башталат: топурак сала баштаганда алактап-шалактап шашкан эл өкүрүк башталганда да дагы бир жолу алактап-шалактап шашып калышат.
Эл жай басып өкүрө алышпайт, өздөрүнүн үндөрүнөн өздөрү качышат. Өкүрүктү угаары менен аялдар кошогун башташат. Сөөктү жашырганы кеткенде, сөөк чыккан үйдө калган аялдар эмне кылашарын эркектердин көбү билбейт, атүгүл бул жөнүндө ойлонуп да коюшпайт. Алардын бир билгени — өздөрү өкүрө баштаганда, ага жооп кылып кошок кошулушу керек. Иши кылып кошок менен өкүрүк — өзөктөш, тамырлаш, бул экөөнү бири-бирисиз элестетүүгө болбойт. Өкүрүк менен кошок басылып, кичине жайланып калганда, айрым аялдар: «Кай жерден тартып өкүрдүңөр?» — деп атайы сурашат. Буга эмне үчүн кызыгышарын эч ким билбейт, атүгүл «кай жерден тартып өкүргөнүбүз менен кандай жумушуңар бар?» — деп сурасаң, өздөрү оңгулуктуу жооп бере алышпай, «жөн эле…» деп ийиндерин куушурушат.
Мына, кырга да аз калды. Эл дале шашпай баратат, эл артынан кыбырап машине баратат. Эмне болуп кеткенин ким билсин, ушул маалда бирөө өкүрүп жиберди. Киркиреген үнү менен ал баштап ийди эле, ага дагы эки-үчөө кошулгандай болду. Алар «эсил кайраным» дешкен жок, «эми кайдан көрөйүн» дешкен да жок. Биринчи киши «о-ой, о-ой» деп баштады эле, кийинкилери да аны коштоп, «о-ой, о-ой» деп муңкана созуп, үңүлдөп киришти. Бул элдин баарын селт эттирди, алар дүргүй түштү да, корккондой тегерене карашты. Өкүрүк же жөн эле кыйкырык экенин ажырата албагандай, көбү селейди. Муну жөн эле кыйкырык дешке болбойт эле, кыйкырык менен өкүрүктө чоң айырма бар: өкүргөндө кимдин болбосун үнү өзгөрүлүп кетет. Байкаган кишиге анда өзүнчө бир кыраат, өзүнчө бир обон-ыргак болот. Ушул обон-ыргакка карай өкүрүк менен кыйкырыкты ажырата аласың, атүгүл кээде адамдын маркумга канчалык деңгээлде күйгөнүн дал ушул обон-ыргакка карай билсең болот. Ошентип, алар өкүрүккө гана таандык обон-ыргак менен үңүлдөп келатышты.
Өкүрүк экенине чындап көзү жеткен соң, эл эмне кыларын билбей, ого бетер селейип калды. Баарынан шумдугу – өкүрүктүн алдыдан эмес, арттан чыккандыгы болду. Демек, туугандары эмес экен да. Анда ким наркты бузду? Эми өкүргөн бойдон кырды ашышабы, бул кандай кыйын! Он гүлүнүн бири ачыла элек кырчындай болгон бала өлсө бир жөн. Сексенге чыккан чал… Баары: «Бу кишиде не арман… Мунуку той да!» — дешпеди беле. Же өкүрүктү маркум чалдын тери шоргологон небереси баштаса бир жөн… Наркты бузууга кимдин дити барды? Алдыдагылар токтой калышып, артты элеңдей карашты да, өкүрүп жиберишти. Эл баары бирдей өкүрүп баратты. Өкүргөндө эч ким жай баса албайт — баары шашып баратты. Өкүрүктү баштаган жана «менин аласам бар эле» деп бир киши кыйкырып чыкканда, ордуларынан жапырт ыргып турушкан чалдардын бирөө экен. Аны жанындагылар коштоп кетиптир. Муну көбү териштирип кийин билди. «Наркта жок жорукту баштап, бул эмне кылганыңыз?» — деп чалды жактырбагандар да болушту. «Наркты бузган менби?! — деп тиги чал буркан-шаркан түшүп жер сабаптыр. — Маа да жан керек! Үзүлүп кете таштадым, эгер өкүрүп ийбесем… Кулагыма «аласа, аласа» деп эле жаңырып, башым жарылып кетчүдөй чыңалып чыкты. Чыдай албай кеттим…» Жана топурак сала баштаганда алактап-шалактап шашкан эл эми да шашып баратты. Өкүргөндө эч ким жай баса албайт эмеспи.
Балким, аялдар да кошогун башташкандыр, кайсы жерден тартып өкүргөнү алар үчүн баары бир эмеспи, өкүрүктү угушса болду — башташат да…
Алакандай бул айылда нелер гана болбогон. (Өңгөсүн унутсак да, жанагы энени кантип айтпай кетүүгө болот: көр оозунда жаткан кемпир кара чечекей жалгыз баласынан ажырап калганын, аны кемпирге кандай мүшкүл-машакат менен угузганын, мына-мына өлөт деп аткан ошол кемпир баласынан үч жылдан кийин өлгөнүн жана да экөөнө тең, уулу менен энесине, өкүрүктү бир жерден — кырга чыга бергенде — башташканын бул жерде кантип кайрадан эскербей коё алабыз!..) Бирок мындай өкүрүк биринчи жолу болуп отурбайбы…
Алакандай бул айыл нелерге гана күбө болбойт дейсиң. Бирок…
1984-ж.