
Асылкерим шашып-бушуп чыкты да, шапа-шупа кийине кетти. Анын жанында эки бала чечинип жатты. Асылкерим аларга назар салып да койбоду, эчтеке ойлободу. Бирок аны кимдир бирөө карап тургандай сезилип кетти. Жалт карады — өзүн элее тиктеп турган сары баланын көзү менен көзү чагылыша түштү. Бала коомайсыздана жылмайды. Асылкерим күлөйүн деп күлө албай койду. Анан кайра кийине баштады. Көп өтпөй эле баягы бала акырын бери жылды да, корккондой:
— Байке, сиз мончодон чыктыңызбы?
— Ооба! — Асылкерим чочуп кетти. — Эмне болду? Анан кайдан чыкмак элем? Ошон үчүн кийинип жатам да!.. Эмне…
— Эчтеке… — деди бала кымырыла. Чыдай албай, кыткылыктай кетти. — Байке, кулагыңыз самын болуп жүрөт…
Экинчи бала жолой албай, тарткынчыктап турган. Бул сөздү угары менен беркилерге шып жетти да:
— Быяк кулагыңыз да! — деди эдиреңдеп.
Экөө бирдей кыткылыктады. Эмне дээрин билбей, Асылкерим да ырсайды. Анан тык токтоду да:
— Ыя?! — деди чочугандай. Ызалана кетти. — Аны ким айтты? — Балдар эч нерсе түшүнбөй, элее карашты. Асылкерим кайра кыйкырды. — Кулагымда самын жүргөнүн силерге ким айтты дейм?!
Экөө тең жооп таба алышпай, мукактанып калышты да:
— Эч ким… — деди анан жарыша. — Биз көрдүк да… Самын болуп жүрбөйбү…
— Самын болсо эмне экен?! — деди Асылкерим ызаланганын баса албай. Кайра жумшара. — Самын болсо — аарчып коёбуз. Кол бар, сүлгү бар. Эмне… Самын деп… — Ары жакта жаткан сүлгүнү алды да, кобурана кулагын аарчый баштады. — Самын деп… Кулакка жете элек болчумун да. Самын болсо, минтип эле алеки-заматта…
Балдар өчү бардай кулагын катуу сүртүп жаткан Асылкеримди таңдана карап турушту да, кыткылыктаган бойдон жуунчу бөлмөгө кирип кетишти.
Алар кирип кетери менен, Асылкерим сүлгүсүн ыргытты. Анан аны ич кийимдери менен кошо бырыштырып-тырыштыра тоголоктой кара сумкага тыга салды да, эшикке атып чыкты. Оозгу бөлмөдө киши деле жок экен. Үч-төрт бала турат. «Балдар көп келчү болуптур»,— деп койду өзүнчө. Чыга берерде, мончочу аял менен беттешип калды.
— Ой!.. — деп чочуп кетти ал. — Бу эмнең, киргениңден чыкканың бат болду го, эми эле кирбедиң беле. Анан… Эмнеге чыга качтың?..
Асылкерим жооп кайтара албай мукактанды:
— Мен… Көп эле болду го…
— Көнбөгөндүк да,— деди аял күлүп,— көнгөндөн кийии оо… — Башын чайкап жылмайды.
Түшүнүп-түшүнбөй Асылкерим да жылмайымыш болду. Анан үндөбөстөн жөнөй берди. Эшикке чыкканда, негедир жеңилдей түшкөнсүдү.
Эчтеке ойлогон жок, жай келатты. Көп өтпөй мончочу аялдын турпаты, ырай-пешенеси капысынан көз алдына тартыла түштү. Өзгөчө табалагансып күлгөнү. Өзүнөн өзү эле жини келип кетти. Эмне үчүн күлөт?! Кызык, кимдин канча жуунганы менен анын кандай жумушу бар? Буга кошул-ташыл оозгу бөлмөдө кезек күтүп отурган балдар эсине түштү. «Эми балдар көп келише турган болуптур! — деди кыжырдана шыбырап. —Булар эмнеге кирдешет?!» Кайра мончочу аялды эстеди. «Баары баягыдай! — деди шыбырап. — Кичине өзгөрүп койсо боло. Эри деле өлдү. Дың деп койбоптур. Күлчүйүп семиз эле бойдон!..» Нааразылана берди. Акыры туталана баштады — мончочу аял аны эмне үчүн ызалантканын таппай кыйлага түйшөлдү. Жанталашып элестете баштады. Мына, чыкты, аарчынды. Кызык, кулагындагы самынды эстегиси келбеди. Кийинди да, чыкты. Чыкса, үч бала отурат. Анан мончочу аял жолукту. Жолукту да… Эмне дегенин эстей албай чайналды. Баары — мончочунун турпаты, кебете-кешпири, сүйлөгөндө оозун кандай кыбыратканы, күлгөнү — көз алдында турат десең, бирок эмне дегенин канчалык жанталашса да эстей албады. Колун шилтеп, кадамын улады. Көп өтпөй, тык токтоду. Сүйүнүп кетти — мончону аялдын сөзү капысынан башына шак дей түштү: «Эмнеге чыга качтың?..» Кызык, эми анча деле комсоо угулган жок. Сураса эмне экен, атайы келип, келгенде да он эки ай кырк жылдан бери мончо-мончо деп зар какшап жүрүп келип, анан киргениңден чыкканың бат болуп отурса, адам таңданбай коёбу? Анда жана эмне үчүн туталанды. Бирок кызык, жана чын эле комсоо угулбады беле, эми ойлосо кишини бейпайга түшүрчү эч нерсеси деле жок экен. Кызык… Ырай-жүзүчү, күлгөнүчү. Атайы табалап жылмайып жаткандай туюлган. Эми ойлосо, табалабаптыр деле. Канчалык жанталашпасын, баары бир табалоо түгүл, анын караанын көрө албады. Мончочуну жылмайган кейпинде элестетти. Күлкү чачып жадырайт. Асылкерим өзүнө өзү кыжырданды. «Семиз болсо, эмне кылсын?!— деди өзүнчө. — Кудай ошондой жаратса… Күйөөсүнөи да эрте айрылып калды байкуш…» Эми мончочу аял бул жоготуунун кесепетинен улам арыктап шапая түшкөндөй, санаа тартып, муңга баткандай элестеп кетти. Көзүнө аянычтуу көрүнүп, ага боор ооруй баштады. Негедир жеңилдей түштү, туталанбай калды. Бейкапар бараткансыды. Бирок капысынан эле эсине чала жуунуп, мончодон чыга качканы кылт дей түштү. Туңгуюкка кептелгенсип, башын шак көтөрдү. Бет алдында тосмо тургансыйт. «Эмне үчүн?.. — деди кайпастап, шыбырай. — Кызык… Эмне үчүн?..» Ары урунду, бери урунду, таппады. Кайра туталана баштады. Айласы кеткенде, үйдөн айда бир жуунуп, моокумду бир кандырбасам деп эңсеп чыкканын эстеди. Анан минтип… Мончону канча жылдан бери эңсеп келет, жыл сайын эле эмики келгенде бир түшпөсөм дейт да, үлгүрө албай кете берчү. Жыл сайын эле эмдиги жылы карап тур деп кекенип кетет. Бирок кайра эле… Ошентип жүрүп канча жыл өтүп кетти. Асылкерим кадамын жайлатып, канча жылдан бери мончого түшө электигин санай кетти. Он жылдын тегереги болуптур — өкүнгөндөй башын чайкап койду. Албетте, бул жылдардын ичинде денем суу көргөн жок десе, эч ким ишенбес. Жуунду, чоң чылапчынга жуунуп жүрбөдүбү. Дайыма кысталыш. Же эртең менен таң заарда, же эл уктагандан кийин жуунмай. Аялы суу куюп берчү. Балдары уктап жаткан болот. Балдар ойгонуп кетеби деп, кысынып-кыйналып жатып араң жуунасың. Эгер ойгонуп кетсе, шапа-шупа кийине калмай. Балдарыңдын көзүнчө дырдай жылаңач болуп алып жуунуш…
Асылкерим өзүнүн жылаңач жуунуп жатканын балдары карап тургандай уялып кетти. Эки жагын элеңдеп карап койду. Анан эсине аялы түштү. Ал качан жуунчу эле? Асылкерим мурда таптакыр ойлоп койбоптур. Жуунчу да, кантип жуунбай койсун. Атүгүл аялынын эндик, упа алып жүргөнүн далай жолу көрбөдү беле. Кээде жатканда аялы башкача, кандайдыр бир жагымдуу жыттанчу. Анча деле элес алчу эмес, жөн гана башкача жыттанып жатканын туйчу. Азыр ал жыт самындын жыты экенин, демек ошол күнү аялы жуунганын билип отурат. Бирок качан? Ага ким суу куюп берчү эле? Асылкерим өмүрү аялына суу куюп берген жок, атүгүл анын жуунган-жуунбаганы менен иш алганы да жок. Өзүн гана ойлочу, ушунчалык эңсечү десең, атаңдын көрү мончого бир түшсөм, кысынып-кыйналбай ээн-эркин бир жуунсам деп ак эткенден так этчү. Ошол тилеги кабыл болуп, бүгүн мончого келип отурат. Бирок ээн-жайкын жыргамак түгүл, башын сууга бир малып эле жолго түшпөдүбү. Эмне үчүн? Асылкерим биресе өзүнө өзү кыжырданса, биресе таңдана ийнин куушуруп койду. Мончого көңүлдүү эле кирген. Балээнин баары чечине баштаганда башталды. Мурда оюна келбептир, быякка жөнөрдө эч нерседен кам санаган эмес, анан чечине баштаганда гана мончого жылаңач түшүү керек экендиги эсине түштү. Селт этип алды.
Аялына ачууланып алды, эмне экенин билбейт, бул үчүн аялын күнөөлөй кетти. Эки жагын карады, көп деле киши жок. Эки-үчөө ар жакта бейкапар чечинип жатат. Асылкерим кыжырдана тышкы кийимдерин чечип ыргытты да, ички кийимдерине келгенде олку-солку болуп туруп калды. Чечейин дейт — уялат, чечпейин дейт — дагы уялат. Эки анжы болуп турду да, энеден туума болуп кирип бараткан экөөнү көрүп, эрдемсип кетти. Чечинди. Чечинди да, ыштан-көйнөгүн томолоктоштура ары-бери орой салып, шкафка ыргытты. Анан шашкан бойдон ички бөлмөгө кирип кетти. Кирсе… Кудай бетин салбасын — баары жылаңач. «Кызык,— деди өзүнө таңданып,— жылаңач жуунуш керек да. Анан мончого кийимчен кирмек беле?..» Башын чайкап койду. Орун издей баштады. Ары четте бирөө самындан жүзү көрүнбөй жыгачтын үстүндө жаткан экен. Асылкерим да анын жанына барып отура кетти. Отурары менен тиги колунан тартты да:
— Эмне аңыраясың, бирөөнү издеп жатасыңбы?— деди.
Асылкерим үңүлө карады — өзүнүн курдашы Мурат экен.
— Аа… — деп койду санаасы тынгандай. Дагы кыймылсыз туруп калды.
— Деги эмнеге келдиң эле? — деди Мурат бакылдап. — Кирингениби же караганыбы? Сен экөөбүз ал курактан эчак өткөнбүз да. Элейесиң эле элейесиң…
Бул сөздү укканда, жанындагылар күлүп калды. Асылкерим ого бетер жатыркап, ыңтайсыздана берди. Кайпастап жатып, самынын жерге түшүрүп берди. Ал кир сууга чалп дей түштү да, чуңкурду көздөй агып жөңөдү. Асылкерим шашып калды, чылапчынын таштай салып, самындын артынан жүгүрдү. Колго илинсечи, кармаса эле булт этип колунан чыгып кетип жатты. Акыры чуңкурга кирип жок болду. Тиги чычкан аңдыган мышыктай чуңкурду тикчие тиктеп, шокшоюп отуруп калды.
— Алтыныңдан ажырасаң да, бас бери,— деди Мурат. — Самын жетет, талаада калбайсың. Же эмне, аялыңдан коркуп жатасыңбы?
Асылкерим колун шилтеп, бери көздөй басты. Чылапчынын ордуна койду да, эмне кыларын билбей, солдоюп туруп калды.
— Актан,— деди Мурат ары жакта жуунуп жаткан бирөөгө,— бул байкеңе суу алып келип берчи. – Бырс күлдү. — Жылаңач кишилерди көрбөгөн бул кургур эсин жоготуп койду көрүнөт.
Ал заматта жетип келди да, үн-сөзсүз эле чылапчынды алып жөнөй берди.
— Жо-оо… мен өзүм,— деп умтулган бойдон Асылкерим кала берди.
— Тим кой, алып келет. — Мурат Асылкеримди колунан тартты. — Иниси бардын ырысы бар деген ошо…
Асылкерим отуруп калды, өзүнчө эле башын ийкегилей кетти. Мураттын сөзүн эстеп селт этти — иниси деген сөз негедир суук угулду. Актан Мураттын жакын эле иниси экендиги эми араң эсине келип, ого бетер коомайсызданды. Өз оюнан кутулгусу келип, эки жагын элеңдей карады. Жылаңач кишилер. «Кишилер жылаңач кириниши керек да…» — деп ойлоп койду кайра. Мунун таңдана, уяла турган эмнеси бар, киши кийими менен кирмек беле анан мончого. «Киймин чечкенде киши өзгөрүп кетет окшойт,— деди кайра. Өзүн өзү карай кетти, өзүнө өзү коомай көрүндү. — Жылаңач жүргөндө арбайып-тарбайып… Карагың келбейт, жүрөгүң айланат. Кийимчен жүрсө — билинбейт. Баары зымпыйып… Өзгөчө толук кишилерчи, борсоюп көзгө сонун көрүнөт. Кийми жок болсочу, тим эле курсагы салаңдап. Буттарычы, ипичке болуп… Жүзүн көрсөтпөсүн…» Асылкерим нааразы болгондой колун шилтей кетти.
— Тү-үү ата, ит экенсиң!— деди аңгыча Мурат жерге түкүрүп. — Ой дале отурасыңбы? Эмне, муздасын деп жатасыңбы, тоонун сөөк какшаткан муздак суусуна көнгөнсүң да, ээ!
Асылкерим эмнени айтып жатасың дегендей суроолуу элейди.
— Ой, сууң муздап калбадыбы! — деди Мурат ычкына, чылапчынга колун жаңсай. Өзүнчө сүйлөнүп кирди. — Жана эле алып келди эле, ана жуунат — жок, мына жуунат — жок. Талыйт да турат. — Асылкеримди карап. — Же эмне…
— Аа… — Асылкерим бул дагы эмне деп жиберет деп ордунан шып тура калды да, чылапчынды өзүнө тартып алып, шапшына кетти.
— Жүдөтүп бүтүрдүң!.. — Сөзүнүн аягына чыкпай калганына ызалангандай, Мурат ордунан ыргып турду да, сууну ала коюп Асылкеримдин жонунан ылдый куюп жиберди. — Мына момунтип жуунуш керек!.. Ымтырайсың. Ме самын. Айда бир жуунчу, териң сыйрылганча жуун. Атасынын көрү, үйгө барганыңда катының тааныбай калсын…
Асылкерим үндөбөстөн күлдү да, самынды алып, сүйкөнө баштады.
— Акыл! — деп кыйкырды Мурат. — Кел, аркамды жышып койчу. Акыл дейм! Атаңдын оозун урайын, жерге житип кеткенби…
Бул ысым негедир кулагына жылуу угулду. «Акыл деген ким эле?» — деп ойлоп койду Асылкерим.
Аңгыча жашы ондон өтүп калган бир кара бала чуркап келди да, Мураттын аркасын жышый кетти.
— Катын алчудай эле болуп калдың,— деди Мурат нааразы болгондой. — Анан жышыганды билбейсиң, катуу-катуу жышпайсыңбы.
Бала Асылкеримди карап, уялгандай жылмайып койду. Негедир тааныш. Өңү жылуу учурайт. Өзгөчө жылмайганда тааныштай сезилип кетти. Ким экенин эстей албай, баш катыра баштады. Бир маалда санын катуу мыкчып алды — баягы Акыл тура. Мураттын улуу баласы эмеспи. Мурат өз курдаштарынын ичинен аялды биринчи алган, биринчи балалуу болгон. Өңгөнү унутса да, ушуну кантип унутат. Ошондо мас болуп алып, беш-алтоо жаман тракторго тыгылып, ары-бери айдап, көчөнү жаңырта ырдашпады беле. Бригадир араң токтоткон. «Баладан көзү каткансыган атаңдын оозун урайындар! — деген ал жер сабап. — Өздөрү бала туруп, буларды көр!.. Бет барбы силерде, ата-эненин көңүлү калат дегенди билесиңерби, ыя?!.» Асылкерим өзүнчө жылмая кетти. Биресе таңданды — эмне үчүн анчалык ичишти экен? Анда эмне, эчтеке менен иш жок, көңүл деген эмне экенин да билбейсиң.
Балалуу болдум деп эдиреңдеп Мурат жетип келиптир. Кимиси экени белгисиз, айтор бирөө жүргүлө кеттик деди. Барышты да ичишти. Анан жаман тракторго түшүп алышып… Асылкеримдин негедир ичи жылып турду — ошондогу жоругу үчүн ал эч кимди күнөөлөгүсү келген жок. Башын чайкап, жыргап турду. Анан баланы карады, ал жышып бүтүп, ары кетип баратыптыр. Асылкерим карады да, селт дей түштү. Бала жылаңач экен. Жыпжылаңач. Бала топ кишиге аралашып, жок болду, Асылкерим аны айрый албай калды. Жылаңач экени гана эсинен кетпей туруп алды. «Кызык,— деди анан өзүнө өзү кыжырдана, — Баары эле жылаңач жүрбөйбү…» Чылапчынын карады, суу жок. Жанындагы чоргону ачып, суу толтурду. «Жана эмне муну көргөнүм жок? — деди таңдана. — Жанымда эле турган тура…» Ага кандайдыр бир нерсе жетишпегендей, өзүнчө эле ыңтайсыздана, коомайсыздана баштады.
Кайрадан баланы эстеди, жыпжылаңач бейкапар кетип баратат. Ал өз колунда өспөдүбү, үч жашка чейин чогуу өскөндөй эле болду. Асылкерим бойдок кезинде Мураттын үйүнө көп барчу. Ошондо Акылды колунан түшүрчү эмес. Акыл да сүйкүмдүү бала эле. Талпыйганычы. Бадылдап үн салганычы. Баса, ошондо деле көбүнчө жылаңач жүрчү эмес беле. Жылаңач болгондо ого бетер сүйкүмдүү көрүнчү. Атүгүл аны Асылкерим атайлап чечинтип, жылаңачтай берер эле. Азыр карачы… Эки жагын карады. Бир ой башына шак дей түштү: ушулардын баары кичинекей, дал Акылдай бала болушкан да. Балким, кичинекей чагында жылаңач жүрүшсө, баары тең көзгө сүйкүмдүү көрүнүшкөндүр. Деги эле жылаңач жүрүшсө, кичинекейлердин баары эле көзгө сүйкүмдүү көрүнөт эмеспи. Анан… Чоңойгондо эмне үчүн?.. Кайрадан эки жагын карады да, бул кишилердин бир кезде кичинекей бала болушкандыгына ишенбегендей, башын чайкады.
Чын эле, эмне үчүн жылаңач балдар көзгө жакшы көрүнөт да, ошолор эле чоңойгондо энеден туума болушса, көзгө комсоо көрүнөт?! Эмне үчүн?.. Асылкеримдин эси эңгиреп турду. Муратты карады. Ал бейкапар жуунуп жатат, денесинин баары самын. Суктанды. Анаи негедир эми эле ушул эле Мураттын өз баласына далысын жышытканы эсине түштү. Эстеди да, Муратты тигиле карады. Бул да — жылаңач. Акыл да — жылаңач. Асылкерим титиреп жиберди да, катып калды, кыймылдагандан коркту. Акыл кичине эмес да, ондон ашып калды. Анан… Актанды эстеди. Ал эмне, Муратка алыспы, көп болсо эки ата өткөн тууган. Мураттын жанына барып, төгүлгүсү келди. Кайра токтоду — бакылдап дагы уят кылабы деп чочулады. Өзүнө өзү батпай турду. Мүчөлөрү артык баш сыяктуу, оң колун жашырса, сол колу калат. Чылапчынды ала койду да, андагы сууну башы ылдый көңтөрө кетти. Башын чайкап-чайкап алды. Чылапчынды алып, эки жагына абайлай карады, анан эшикти көздөй жыла басты.
— Ой, кеттиңби?! — деди Мурат кыйкырып. — Киргениңден чыкканың…
— Жо-оо… — деди Асылкерим тигини толук сүйлөтпөй. — Мен азыр… — Негедир жеңилдей түшкөнсүдү, артын карабай чыгып кетти да, чылапчынды кыжырдана шкафтын үстүнө ыргытты.
Асылкерим тык токтоду. Канчалык жанталашса да мончодон эмне үчүн чыга качканын таппай койду. Өзүнө өзү кыжырдана мончону карады. Көзүнө шыдыр эле керней урунду. Андан капкара түтүн уюлгуп жатат. «Алмаштырбаптыр,— деди өзүнчө шыбырап таңдана, — Кызык, жаңы ачылганда эле ушу керней эле. Дагы эле турган экен…»
Таңдана башын чайкап, кадамын улады. «Алмаштырбаптыр,— деди анан кайра өзүнүн эмне деп жатканын элес албай. — Кызык…» Негедир ушул маалда капысынан эсине мончонун биринчи ачылган күнү түштү. Албетте, мончо жөнүндө мурда деле угушчу, бирок айылда ал жок эле. Бул мончо далай азаптар менен курулган, буга чейин канча жолу далалат кылышпады. Экөө керегеси тургузулган бойдон бүтпөй калды. Анын бирөөсүн — Кеңеш оңдоп, үй кылып алды. А экинчиси эмне болгону белгисиз, кирпичтери чачылып жатчу, азыр орду-түбү менен жоголуптур. Анан бул мончону кура башташты, кандай жерге дейсиңер, дал кырдын чокусуна. Эки айылга тең дапдаана көрүнүп турат. Эч ким деле ишене берген жок, ай унутулат, бу же кампа болбосо, арыктагы шаркыраган суу силер үчүн аздык кылабы деп коёт да, ошону менен иш бүтөт дешти. Жок, бул бүттү. Атүгүл биринчи күндөн тартып эле иштей баштады. Иштегенде да кандай, мындай мончону көргөндөр да бар, көрбөгөндөр да бар деп, тээ шаардан да атайы келип түшкөндөр болду. Ошондо эле мончочу Жумаш эле, азыр — анын аялы. Жумаш мындан эки жыл мурда көз жумган. Асылкерим Жумаштын аялын эстеди, аны күлөсүң деп жөндөн жөн эле жаман көргөнүн ойлоп, ага боор ооруй кетти. «Күйөөсү өлүп калса… Байкуш…» — деди шыбырай.
Асылкерим жылмайды — негедир ичин кандайдыр бир жылуу нерсе өрдөп кеткендей болду. Ал ошондогу бир окуяны эстеди. Бир күнү кечинде мончого барса, эл тим эле жайнайт. Айылдын эли бүт көчүп келгендей. Жумаш баласын элди айландыра кубалап жүрөт. Элдин көбү бүлкүлдөп күлүп жатат. «Атаңдын оозун урайын десе! Ансыз деле пылан толбой карайлап турса, саа ойногонду ким коюптур!..» — деп буркан-шаркан түшөт десең. Эмне үчүн жер сабап жатканын билгенден кийии, Асылкерим да ичи эзилгенче күлгөн. Атүгүл муну унута албай койду, кээде тоодо кой жайып жүргөндө да, бул эсине түшүп, өзүнчө каткырып алчу. Көрсө, мончочунун күйөрү эп экен. Бул күнү мончочу мончону баласына таштап кетет. Ал мезгилде бир адат бар эле: жакын туугандары менен эч ким бирге түшчү эмес. Ким болбосун шыдыр эле мончочудан: «Баланча жокпу?» — деп сурачу. «Бар. Киринип жатат» — десе, ал чыкканча соксоюп күтүп отурчу, же анан келермин, деп кетип калчу. Тиги кеткенден кийин гана кирчү, кирип бараткайда, кайра мончочуга кайрылып: «Түкүнчө келип калса, мени мында деп коюңуз. Өзүңүз билесиз да…» — деп алаканын жайып күлүп койчу. Бул күнү мончочунун баласы сурагандардын баарына: «Бар. Киринип жатат. Азыр эле кирди»,— деп калпты ышкырта берет. Мончочу кеч курун келип эле оозу ачылып калат — жарытылуу киши түшпөптүр. «Бүгүн дем алыш болсо, элдин бул эмне кылганы, ыя! — дейт уулуна элее. — Той деле болгон жок эле». Баласы сырдуу мулуюп коёт.
Анан көп өтпөй эле эл самсый баштайт. Мончочу эмне болгонун ошондо түшүнөт да, баласын качырып сала берет. Бирок баласына кол тийгиздирген эмес. Кимдир бирөө: «Болду эми, жетет. Мындан ары мындай кылбайт. Ушунча кишини отургузгандын өзү эле эрдик эмеспи. Бир күнөөсүн маа бер!» — деп мончочуну кучактап алып коё бербей койгон. Акырында, мончочунун өзү да күлгөн…
Асылкерим күлүп баратты, бирок өзүнүн күлүп баратканын туйган жок. Көп өтпөй эле мончодон чыга качканы эсине түшүп, кайра мостоюп калды. Туталана баштады. Эмнеге чыга качты? Элдин баары эле жуунуп жатпайбы. Мунун кысынгандай эмнеси бар эле? Же… Ал секирип кетти — жана эле күйөөсү мончого барайын десе, атыр самын түгөнүп калганын айтып, жеңесинин самын сурап келгени капысынан эсине кылт дей түштү. «Берди беле?» — деди өзүнө өзү суроолуу. Анан аялынын бар болду бекен, карап көрөйүнчү деп төркү үйгө кирип кеткенин, көп өтпөй эле бир самын алып чыгып, экөө эле калыптыр деп күңк-мыңк этип берип жатканын кыйналып жатып араң эстеди да, башын ийкегилей шыбырады:
«Берген…» Демек, ал да — агасы — кеткен экен го. Жанагы жылаңачтардын арасында агасы да жүргөн турбайбы. Асылкерим титиреп кетти. «Энеңди!.. — деди кимдир бирөөгө кыжырдана. — Айтып койбойбу!..» Кимге айтып жатам деп ойлоду кайра. Акыры өзү да агам мончого кетиптирби, же бара элек бекен деп сурабаганы эсине түшүп, жан айласы кетип калды. Чын эле, таптакыр сурабаптыр, атүгүл оюна да келген эмес, кара сумканы алган да, бейкапар гана жөнөп кеткен. Мурда минтчү эмес, улам-улам тактап туруп, анан жөнөчү.
Асылкерим өзүнөн өзү качкандай кадамын катуулатты. Буга кошул-ташыл мурдуна жыт кирип калган баласы менен эчтекеден бейкапар бирге түшүп жаткан Муратты, эч бир кысынбай эле жыпжылаңач сайрандап жүргөн Актанды эстеди. Булар азыр негедир коркунучтуу көрүндү. Кадамын ого бетер катуулатты. Ойдон кутула албады, канчалык жанталашса да, улам эле бирине тутулуп калып жатты. Мончочунун баласынын жоругун кайра эстеп, күлөйүн деп жандалбас кылды, бирок күлө албай койду.
Кайсы ойго кептелбесин, анын көз алдынан жылаңач ымыркайдын элеси кетпей турду. Бул ымыркай өзүнүн сүйкүмүн жоготуп койгон сыяктуу, анткени ал кубулуп жатты: бир туруп наристе кейпинде көрүнсө, кайра эле чоң адамга айланып кетет. Чоң адамга айланганда эле тартайып же курсагын салаңдатып, не бир шумдук, атүгүл коркунучтуу да көрүнүп кетет. Балким, ушул үчүн чоң адамдар жылаңач түшкөндөн уялар деп ойлоду ал. Кайра кошулбагандай башын чайкап, кыжырдана кетти: «Ушуга уятты байлап коюптурбу?!» «Кызык,— деди чарчагандай шыбырап. — Деги уятыңдын өзү эмне? Ал адамга кайдан келет? Мына, кичинекей чагыңда баарынан бейкапар жылаңач жүрө бересиң. Анан чоңойгон сайын… Кызык, кайдан келет?..» Асылкерим чайнала берди. Ал өзүнүн артынан ийри-буйру из калтырып келатты — сүлгүсү сүйрөлүп келатканын байкаган жок…
Эртеси Асылкерим мончодо отуруп ичип, дайнын таппай калыптыр, сүлгүсү үйүнө чейин сүйрөлүп келди дейт деген өсөк-айың айылга тарап кетти. Асылкерим буга териккен деле жок, ал болгону оор үшкүрүндү да, эшиктин алдындагы жаман отургучка отуруп, мончону карап тура берди. Күүгүм киргенде гана ордунан козголду. Үйгө кирип баратканда, кернейинен капкара түтүн уюлгуп жаткан мончону дагы бир карап, не бир түркүн ойго кайрадан кабылды: ал зар какшап жүрүп барып, анан мончодон чыга качканын, бирок эмне үчүн минткенин канчалык жанталашса да таппай койгонун, ар дайым эстегенде боор эзилте каткырткан мончочунун баласынын жоругу аны эми каткыртмак түгүл, жылмайта албай койгонун, атүгүл ыйлагысын келтиргенин, баласы менен инисин көзгө илбей жылаңач тайраңдап жүргөн Муратты, агам кетпептирби деп сурабай туруп эле мончого жөнөп кеткенин, «Баланча ичинде эмеспи?», «Түкүнчө келсе, мени ичинде деп коюңуз»,— деп тажатышкан баягы мезгилди, акыры мончодо азыр да кишилер жылаңач киринип жатканын, көзгө сүйкүм жылаңач ымыркай чоңойгондо энеден туума болсо, бир туруп куурап калган дарактын бутактарындай арбайып-тарбайып, бир туруп бутак-шагынан тегиз ажыраган дарактай мутуюп көзгө не бир шумдук көрүнөрүн эстеп кыймылсыз турду. Бул ойлордун баары бир маалда келип, Асылкеримди төбөдөн ылдый басып, жерге ныгырды. Ал башын шак көтөрдү да, өчү бардай чайкап-чайкап алып, оор үшкүрүндү. Анан бир нерседен качкандай үйүнө шып кирип кетти.
А мончодон түтүн уюлгуй берди…
1985-ж.