УСУБАЛИЕВ Бейшебай: БЕЙШЕБАЙ УСУБАЛИЕВ: ЧОҢ ЧЫНЫ СУУ ЖАНА БИР СОМ

АҢГЕМЕ

Бала кездеги бир окуя эле көкүрөктөн кетпей, чайнай берчү болду. Анда окуй элек чагым, бир күнү кечинде атам:

— Жүргүн, балам, күттүрбөйлү,— деп калды.

Кайда дегеним да жок, адатымча кудуңдап артынан жөнөдүм. Болотбектин үйүнө бат эле кирип бардык. Төркү бөлмөдө эл толтура экен. Бизди эле күтүп отурушкандай, кирерибиз менен баары ордуларынан тура калышты. Төрдөн орун алдык. Эки жакка көз жүгүртө баштадым. Көпчүлүгү жаш эле адамдар экен. Абышкалардан болгону экөө: атам жана Кудайберди деген чал.

Кейпи бул адам атамдан улуу болсо керек, атам аны дайыма Куке деп чакырат. Анын үстүнө сакалы да аппак. Кудайберди атанын жанында бир кара кемпир отурат. Экөө тең ойлуу, негедир кысынгандай түрлөрү бар. «Бири-бирин таанышпайт ко, болбосо сүйлөшүшөт эле да», — деп ойлоп койдум өзүмчө. Мага баары тааныш, бир гана тиги кемпирди билбейт экенмин. Ошондуктан улам-улам карап коём. Бир маалда отургандардын көпчүлүгү мен сыяктуу эле аны карап алып, кайра муну билдирбөөгө далалаттанып жатышканын байкап калдым. Алар бир Кудайберди атаны, бир кара кемпирди карашат да, анан билмексен болуп тымырайып отуруп калышат. Карашканын экөөнөн гана эмес, бири-биринен да жашырышкандай.

Чай куюп отурган аял да экөөнө астыртан көз жиберди да, анан мени карап сырдуу жылмайып койду. Мен уялып кеттим, атамдын артына жашындым. Эмнегедир экөөнү эле тиктейм. Экөө тең ойлуу отурушкансыйт, ойлонуп жатышабы — ким билсин, айтор кимге болбосун ойго чөмүлгөндөй көрүнөт. Деги өздөрүнчө эле жүдөп, кысынып-кымырылып отурушат. Кудайберди ата чыныны колуна алып, кыйлага туруп калат да, эс ала түшкөнсүйт. Анан кылтыйып кара кемпирди карап коёт. А тиги элди бир сыйра карап чыгат да, Кудайберди атага акырын көз жиберет…

Акыры эл буларга көңүл бурбай да калышты, бажакташып өздөрүнчө узун сөзгө киришти. Мен экөөнү эле тиктейм. Экөө тең жалдырап, күнөөлүүдөй отурушат. Аңгыча эт да келди, ал бат эле желип бүттү. Эмне үчүн бизди чакырды, эмне үчүн эт тартты деп ойлоп койдум өзүмчө.

Устукандарымды ородум да (атам менен бирөөнүкүнө барганда, көбүнчө чөнтөгүмө гезит салып алчумун), ордумдан турдум. Анда атам күлүп:

— Коё тур, баатыр, отургун. Этке тоёруң менен чу коюп кетип жаман көнгөн экенсиң да. Бүгүн сабыр эт.

Отуруп калдым. Негедир болбой жатып атам өзү менен катарлаш отургузду. Аңгыча колуна чоң чыны алып, Болотбек кирди. Атама сунду. Атам алды да, элди бир айландыра карап, өзүнчө бирдемелерди күбүрөй кетти. Анан кара кемпирди карап:

— Каптагай кызы Үмөтай, Намазалы уулу Кудайбердини кабыл туттуңбу?

Тиги үндөбөдү, атүгүл назар бурган да жок. Атам дагыкайрылды, дале үндөбөдү. Отургандар «болду, тутту!» — деп чуулдап жиберишти. Кара кемпир эс ала түшкөнсүдү. Атам чоң чыныны ага сунду, ал акырын ууртап койду. Атам эми Кудайберди атага кайрылды:

— Каптагай кызы Үмүтайды кабыл туттуңбу?

Ал да жооп кайтарбады. Атам адатынча дагы кайрылды, тигил атамды карап да койбоду, кысынгандай жерди теше тиктеп калды. Атам кайрадан сурады. Чыдай албай кетти окшойт, келе дегендей атама колун сунду. Атам чыныны берди, ал секин ууртады да, элди тегерете бир карап алды. Атам колуна чыныны кармап, кыйлага туруп калды. Анан отургандарга бир сыйра көз жүгүртүп чыгып, чьшыны мага сунду:

— Ичкин, балам, ичкин.

Чыныны колума алган боюнча элейип катып калдым. Атам:

— Кана, балам, ууртап кой. Коркпо…

Ууртадым. Корккондой деле эчтекеси жок экен. Даамы гана кызыктай туюлду. Чыны андан ары колдон колго өтүп кетти. Капталы гүлгө толгон чоң чыны. Өзү аппак, а гүлдөрү кыпкызыл. Ал элди бир сыйра тегеренип келди. Эл кетүүгө кам ура башташты. Болотбек кайра кирди да, атама бир нерсе сунуп:

 

— Мойнуңузга салып коюңуз,— деди.

Мага бир сом берди эле, мен тарткынчыктай атамды карадым. Атам алактай кетти:

— Ал, балам, колду томсортпо. Ырым эмеспи. Жакшылык да…

Акчаны алдым да, бирөө тартып алчудай шып эле чөнтөккө кымырдым. Эшикке чыктык. Улам бирин ойлоп, башым маң болуп келатат. Чөнтөктөгү бир сомду эстеп, кудуңдап сүйүнүп коём. Мага баары сырдуу туюлду. Бири-бирин уурдана карашып, күнөөкөрдөй ойлуу отурушкан Кудайберди ата менен кара кемпир да, буларга акырын көз жиберишип, аны билдирбөөгө аракеттенишкен эл да, атүгүл көп эле көрүп, далай жолу жарма ичкен чоң чыны да, айтор баары, баары сырдуу эле. Чоң чыныдагы нерсе өзгөчө бир кереметке айланып кетти. Мен анын даамын эстей албай чайналып келаттым:

— Ата, биз эмне ичтик?

— Суу, балам.

— Суу элеби? Жанагы чоң чыныдагыбы?!

— Ооба, балам суу.

— Таттуу беле?

— Эмне?!

— Суучу? Чоң чыныдагы.

— Таттуу эмей! Ыйык да…

— Эмне үчүн?

— Нике суусу да. Ал ыйык болот, балам.

— Сага жанагы кагаздагыны эмне үчүн берди?

— Нике кыйбадымбы, балам.

— А магачы?

— Эмнени?

— Бир сом бербедиби?

— Сен күбө болдуң да.

— Күбө деген эмне?

— Никелешкендерге тилектеш болбодуңбу. Эми чоңойгонуң ушул.

— Мен муну эмне кылам?

— Эмнени?

— Бир сомдучу?

— Момпосуй сатып жейсиң да.

— Катып эле коёюнбу?

— Эмне үчүн?

Жооп кайтара албадым. Атам ыраазы болгондой, башымдан сылап койду.

— Ата,— дедим көп өтпөй,— нике деген эмне?

— Нике деген нике,— деди атам,— киши аял алганда нике кыйылат. Экөө чогуу жашасын, урушпай-талашпай ынтымактуу өмүр сүрүшсүн деп кыйылат. Бири-биринен айнып кетишпесин дейт.— Мени түшүнбөй калды деп ойлодубу, минтип кошумчалап койду: — Эми бири-бирин таштабашы керек, ташташса күнөө болот…

— Абышка да аял алабы, ата?

— Тантыбачы.— Атам күлдү. Анан ойлуу: — Кудайберди атаңдын кемпири өлүп калбады беле!..

— Кемпири өлсө эле ала береби?

— Анан эмне кылат? Кемпириндей ага ким каралашат? Кир-когун жууп, тумоолосо үйрүлүп турбаса, карыган киши…— Мени карап кыйлага турду да:— Ылайыктуу неме таппай, бүт айлыбыз менен издебедикпи!..

— Эмнени?

— Кудайберди атаңдын кемпирин айтып жатам.

— Эми тааныбаган неме деле каралашып калабы, ата?

— Ошон үчүн нике кыйбадыкпы, балам.

— Анда таанып калды да, ээ?

— Таанымак турсун кемпири болуп жатса…— Атам өзүнчө күлүп койду.

Мен атамдын артынан келатып, Кудайберди атанын ыйлаганын эстедим. Эмне экенин билбейм, чу дегенде эле эсиме ушул келди. Бир күнү биз эшиктин алдында ойноп отурсак, ылдый жактан чуу чыгып калды. «Алда катыгүн ай-е, үзүлгөн экен ээ!» — деди да, апам жүгүргөн бойдон кетти. Артынан биз да чымын-куюн болуп жөнөдүк. Барсак Кудайберди ата өкүрүп-бакырып ыйлап жатыптыр.

Сакалынан жаш куюлуп, таягы менен жер сабап жатат… Мен чоң кишилер ыйлабайт ко деп ойлочумун. Кудайберди атаны көргөндө коркуп кеттим. «Ата, чопчоң киши да ыйлайбы?» — деп сурадым кийин. «Адамдан ажыроо кыйын, балам!— деген атам.— Кудайберди атаңдын кемпири өлүп калбадыбы!..» Кишинин өлгөнү бул дүйнөдөгү жамандын жаманы экендигин мен ошондо биринчи билдим, чоң кишилер да, атүгүл абышка-кемпирлер да көздөрүнөн жаш чубуртуп боздоп ыйлаарын мен ошондо биринчи жолу билдим. Бул менин сезим-санаама не бир шумдук дүрбөлөңдү салып кетти. Эмне экенин билбейм, өлүмдүн эмне экендигин билбесем да, мен андан коркком ошондо, кандай гана коркком дейсиң!.. Ошол Кудайберди ата бүгүн күнөөлүү адамдай жер карап, бир кара кемпирдин жанында отурат!

— Ата, алар эмне үчүн унчукпай отурушту?

— Кимдер?

— Кудайберди ата менен кемпирчи? Сен бирдеме деп сураганда да эчтеке дешкен жок.

Атам чочугандай мени жалт карап алды да, ойлуу туруп калды. Анан муңкана:

— Билбейм!..— деп койду.

Биз кыйлага чейин үндөшпөй келдик. Бир маалда атам мени колдон ала:

— Мен да ырыстуу окуй албадым,— деди күнөөкөрдөй.— Дубаны айтам…— Ойлонуп туруп калды.— Тартынат экенсиң…

Суу кайрадан эске түштү. Даамын эстей албай жан алакетке түштүм.

— Таптакыр окшошпойт ко,— дедим аргам кеткенде.

— Эмне окшошпойт?! — Атам чочуп кетти.

— Чоң чыныдагы суучу… Сууга окшошпойт ко…

— Ал нике суусу да, балам.

Кайрадан дымып калдык. Эмнегедир атам өзүнчө сүйлөнө баштады:

— Азыр нике кыйып деле бекер. Жаштарды айтам.

Бири-бирин каалап тийишет экен, буларга кыйбай койсо деле болот. Нике…— Атам үндөбөй калды да, башымдан сылап койду.

— Ата,— дедим чочугандай,— эми кара кемпирди эмне кылат?

— Ал кемпир эмес, энең болот.

— Аны эмне кылат?

— Тантыбачы.— Атам күлдү.— Кемпир кылат да!..

— Өзү эле кемпир тура.

Атам үндөбөстөн, башымдан сылады. Үйгө келдик. Мен ороп келген этимди бердим да, баягы бир сомду сууруп чыгып мактана баштадым. Мени алдай албай жатышты. «Бир сомуңду бергин, сага көп момпосуй алып беребиз». Бербедим. Көп майда тыйын сунушуп: «Келгин алмашалы, сенин акчаң бирөө гана, а булар көп», — дешти. Мен болбодум. «Алмашпайм,— дедим,— мага момпосуюңдун да, тыйындарыңдын да кереги жок. Мен муну катып коём». Эчтеке өнбөсүнө көзү жеткен соң, агам:

— Муну сага ким берди?

— Тигилер.

— Эмне үчүн берди?

Мактана баштадым:

— Мен күбө болдум.. Суу ичтим. Бир кызык суу…

— Сенби?! Ушу сен күбө болдуңбу! Ушу сен…

Ал шылдыңдап каткыра баштады. Демим сууй түштү да, ызаланып ыйлап кирдим. Негедир атам да томсоро түштү. Агамды жаман көзү менен акшырая бир карады да, мени жетелеп кетти. Биз чай ичпей эле жатып алдык. (Мен атам менен жатчумун). Уктай албай койдум. Кудайберди ата эле көз алдымдан кетпейт. Көзүмдү бекем жумсам деле кетпейт. Күнөөкөрдөй отурат. Кара кемпирдин жанында башын жерге салып отурат. Кысынгандай. Аянычтуу. Бир маалда анын өкүрүп-бакырып боздоп ыйлап жатканы элестеп кетти. Анан агамдын каткырыгы угулгансыды. Ый менен күлкү аралаша түштү, корко баштадым.

— Ата, ата…

— Ии.

— Коркуп жатам.

— Коркуп? Эмнеден?

— Билбейм.

— Коркпо, балам, , мен жаныңда жатам го. — Атам кучагына бекем кысып алды.

— Ата.

— Ии.

— Мага акчаны эмнеге берди?

— Кайсы?

— Бир сомдучу?

— Күбө болбодуңбу!

— Суунучу?

— Күбө болдуң да.

— Мен биринчи ичтим, ээ?

— Эмнени?

— Суунучу?

— Ооба, балам, сен биринчи ичтиң.

— Эми таштабайт да, ээ?

— Ким?

— Кара кемпирчи?

— Таштабайт. Эмнеге таштасын?!

Ойлонуп, коркуп жаттым да, уйкуга кеттим.

…Беш-алты жыл өтпөй Кудайберди атанын дагы эле баягысындай өкүрүп-бакырып боздогонуна күбө болдум. Бир күнү мектептен келсем, апам: «Алда кокуй күн ай, акемдин эми шору каткан тура!» — деп ыйлап отуруптур. Сөөгүн жашырганда мен да бардым. (Сөөк койгондо атам көбүнчө мени жанына ээрчитип алчу, мен да чоңдор менен бирге топурак салчумун. Топурак!..) «Мурунку кемпири менен катарлаш койдук», — деди атам мага шыбырап. Эмне үчүн минткенин билбедим. «Ченебеген киши эле,— деди атам кайра үшкүрүп,— эми Кукеме кыйын болуп калды!» Таап айткан окшойт, жыл айланбай эле Кудайберди атаны да ээсине бердик, ал азыр кемпирлери менен катарлаш жатат…

Андан бери көп жыл өттү. А мен такыр унута албай койдум. Жетимишке чукулдап калган чалга — Кудайберди атага атам экөөбүздүн нике кыйганыбызды ар дайым эстей берем. Эстеген сайын анын муңайым кейпи көз алдыма тартыла түшөт. Эч кимди тике карай албай башын жерге салып, күнөөкөрдөй отурат. Шыдыр эле ушуну эстейм. Анан эмне үчүн дейм, эмне үчүн ушинтип отурду дейм, башын жерге салып алып, эмне жөнүндө ойлонду экен дейм. А кара кемпиричи? Чай куюп отурган аял неге күлдү, неге?! Ойлойм, ойлойм да, түк таппайм. Анан Кудайберди атанын өкүрүп-бакырып ыйлаганы, бир эмес, эки жолу өзөлөнө боздогону аргасыздан эсиме түшөт да, кайрадан эле ойго батып, собол коё берем: неге күнөөкөрдөй башын жерге салып, ойлуу отурду, эмнени ойлоп отурду, эмне үчүн атамдын суроосуна үн катпады?.. Ойлоп-ойлоп таппайм, башым катат. Буга кошул-ташыл чоң чыныдагы сууну — отургандардын ичинен мен биринчи ичкен сууну эстейм, ал чын эле суу беле, же башка беле — муну да таппайм. Анын даамы таптакыр башкача туюла берет…

Акыры таңданам да өкүнөм: эмне үчүн бир сомду катып коём деп жандалбас кылдым деп таңданам, анан неге ката албадым, бүгүнкү күнгө чейин сактай албадым деп, жана да ошол бир сомдун катып коём деп жанталашкан бир сомдун — кандайча жоголгонун, эмнеге жумшалгандыгын эмне үчүн эсиме түйүп кала албадым деп өкүнөм!

Өтө өкүнөм…