УСУБАЛИЕВ Бейшебай: БЕЙШЕБАЙ УСУБАЛИЕВ: БЕШИК ЫРЫН БЕШИК ГАНА ЖАРАТА АЛАТ

Филология илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, тил теориясы, лексикология, грамматика, көркөм чыгарманын тили, стилистика, кеп маданияты жаатындагы адис, жазуучу Бейшебай Усубалиев Нарын районунун Оттук айылында туулган. Учурда Махмуд Кашгари – Барскани атындагы Чыгыш университетинин Эсенгул Ибраев атындагы журналистика жана коом менен байланыш кафедрасында профессору. 300гө чукул илимий эмгектин, “Түркүк”, “Кѳз”, “Түтүн”, “Түн” аттуу прозалык жыйнактардын автору. «Түтүн», «Түн»  аттуу жыйнактары Кыргызстан Жазуучулар союзу тарабынан жылдын мыкты китеби деп таанылган, «Кызык», «Шишек» аттуу аңгемелери «Кыргызстан маданияты» гезитинин; “Гарбочок” аӊгемеси “Жаӊы Ала-Тоо” журналынын жылдын мыкты аңгемеси сыйлыгына татыган.

Бүгүн илимий жана кѳркѳм чыгармачылыгы, педагогдук ишмердүүлүгү менен атпай журтка таанымал агайыбызды кепке тартып, бизди кызыктырган жана учурдагы өзөктүү суроолорубузду узатып отурабыз.

– Саламатсызбы агай, тегин жерден өрт чыкпайт дегендей, сиздин балалыктан тартып жазуучулукка чейинки жолуңуз окурмандарга кызык болсо керек. Кеп нугун сиздин балалыгыӊызга бурсак.

– Эми менин балалыгым жай, абдан бир бейкапар турмушта ѳттү, анда элдин курсагы анча ток болбосо дагы көңүлү, пейли ток учур болчу. Мага ѳзгѳчѳ бир таасир калтырып, жүрөктө калган, дарынын айрымдарына токтоло кетейин. Мен 12 бир тууганым менен 2 бөлмөлүү чакан үйдө, жапыз тамда (анда стандарт тамдар салына элек болчу) чуулдап, бапырап базар болуп чоңойдум.

Азыр апама биресе  таазим этип, биресе таң калам — ушу он экибизди кантип көтөргөн, кантип он экибизге түттү экен. Мен атама жакын өстүм, атам менен чоңойгучакты эле бирге жаттым окшойт. Атамдын бир адаты бар эле, эртең менен эрте айылды кыдырып, оору-сыркоолорду (тѳшѳктѳ жатып калгандарды) бир сыйра кѳрүп чыкчу. Ошондо эле мен ордуман туруп, — анда окуй элекмин да, кичинекеймин, — артынан жөнөчүмүн, анан ал билчү го артынан келатканымды, элес деле алчу эмес, аа, сен да келатасыңбы дегендей карап койчу.

Атамдын табыпчылык, кыл тамырчылык жайы да бар болчу, ѳзүнѳ кайрылгандарга абалын сурап, тамырын кармап туруп, муздак же ысык деген диагноз коюп, анан кеңешин бере кетчү. Аксакал оорулуулар менен кѳпкѳ сүйлѳшүп отуруп калар эле. Кээде алар менен коштошуп узай бергенде, ѳзүнчѳ эле бирдемелерди күбүрѳп, жаны кейигендей башын чайкап-чайкап алчу. Анан мени билип калдыбы деп, “Оору кишини эртеӊ менен кѳрүү керек, кечинде кѳрүүгѳ болбойт,” – деп башымдан акырын сылап койчу. Азыр ойлосом, оору кишинин ичер суусу түгѳнүп баратканын атам билчү кѳрүнѳт…

Ошондо биздин айылда дагы бир атамдын атасынан да улуу, бирок атама теңтуш болуп калган Аалы деген аксакал бар болчу, ал атактуу акын Кубанычбек Маликовдун кайнатасы эле, азыркы окумуштуу Кадыр Маликовго чоң таята болот. Ал эскиче да, жаңыча да билим алган, СССР тарыхын жатка билген киши болчу. Атам да эскиче да, жаӊыча да билим алгам (арабча) деп айтып калчу, “Кашгардан келген Напий деген молдо окутту, анда окуу деген абдан каттуу эле, үч бала окучубуз, билбесек чыпылдатып чыбык менен сабап турчу” – деп күлүп, башын чайкап-чайкап койчу.

Аалы ата атамды кара сакал дээр эле (атамдын кѳкүрѳгүнѳ түшкѳн сакалы капкара, 80ге чукулдаганда гана кичине ак аралады кѳрүнѳт), “кара сакал, атаңдан улуу элем, эми минтип сени менен теңтуш болуп калдым”,- деп чачын алдырганы үйгѳ кирип келчү. Мен ушул кишинин үйүндө көп болдум, эмнеге экенин билбейм, атам экөөбүз көп барчубуз, алар ар кайсыны сүйлөшүшчү. Ал киши ушунчалык тыкан эле, ирээти менен китептерди жыйнап-жыйнап, канттарды  да чагып, бир кылка кылып тизип, ошол кездеги көз менен караганда деле кызыктай, азыр деле кызыктай оригиналдуу киши болчу, атам экѳѳнѳн мен көп эле аңгемелерди уктум окшойт, дин тууралуу, бүгүнкү турмуш тууралуу.

Биздин айылда чоң мектепке тете болгон дөң бар болчу, мектепке тете дегеним – мен ошол дөңдөн кѳп сабак алып калганым. Айылдын чок ортосунда жайгашкан. Ошол дѳӊдѳ дайыма абышкалар чогулчу, байбичелер келип отурушчу беле — билбейм, менин эсимде абышкалар эле калыптыр, мен да ошол жерге барып калчумун, ошол жерден “жети ата” дегенди уктум, “Сарыбагыш менен Бугулардын кагылышы”, “Ата Мекендик согуш”, чоң “Үркүн”, айтор, көп нерселер ошол жерден каныма сиӊип калды.

А түгүл “Бүгүнкү күндө согушту ким баштайт, согуш болсо, баягы эле немистер баштайт, Сталин өзү айткан”- деген атамдын сѳзү азыр да кулагыма жаӊырып турат. Атам Сталин менен качан сүйлөшүп келгенин билбейм (күлүп). Дагы бир нерсе, ошол дөңгө кээде атам менен сүйлөшүп жүргөн абышкаларды үй-бүлөсүнөн жибербей, барам деп жулунуп келе жатса, кайра жолунан артка кайрып балдары жетелеп кеткендерин да учуратып калдым. Бооруң ооруйт да, байкуш барам деп жанталашып жатышса, анан ой-боюна койбой балдар сүйрѳп кетишсе… Атама суроолуу элейсем. Атам: “Ээ балам, карып калбадыбы, карыганда ар кайсыны сүйлѳп, эл алдында сынып калбасын деп атпайбы,”- деп айтып калчу.

Эми ойлосом, баягы орой айтканда, алжып калганда, оозуна келгенин сүйлөп ийбесин деп аталарын коргочу тура. Эми бу да бир нарктуулуктун белгиси экен да, атанын кадырын сындырып албайлык дешип…

Баса, ушул жерде Ашым деген агайыбыз жѳнүндѳ да айтып кетпесек болбос, ал киши да ѳзүнчѳ бир мектеп эле. Атамдан эки-үч жаш улуу болсо керек эле, китеп баштыгын кѳтѳрүп алып дайыма дѳӊдүн жанынан ѳтчү. “Аа, Ашыкем келатат, молдокем келатат”-дешип айылдын, улуу-кичүүсү дебей сыйлап турушчу, сакалы аппак болчу.  “Ашыкем сабагын баштады кѳрүнѳт, “аа” дегени кадимкидей угулуп жатпайбы…”- дешип сыймыктангандай күлүп калышчу. Мектеп дѳӊдѳн беш-алты чакырымдай алыс болчу, анан алар кантип угушчу билбейм.

Ашым агай башталгыч класстарга сабак берчү, мен ал кишини ээрчип кетип калчумун, биринчи класска да ошол кишини ээрчип барып, отуруп калдым окшойт. Кызык, эми ойлосом, ошол кездеги аталар менен апалар, канчалык тентек кылсак да, бизди жекирип тилдешчү эмес экен. Бир айылдагы балдарды абышка-кемпирлер өзүнүн баласындай эле кабыл алышчу.

Дөң мектебинен бөлөк керемет мектеп — бул ушул айылдын четинде, суунун жанындагы кичинекей мечитибиз болду. Мечит ушунчалык оюмда калыптыр, анда баарыбыз теӊ шок балдар элек, бирок канчалык тентек болбойлу, ушул мечиттен сестенип турар элек. Мечиттин алдында короочо болчу, дайыма таптаза, ким тазалап кетет дечүбүз. Анан кирип барганда эле, мурдубузга кандайдыр бир жыт ураар эле; жайнамаз ирээти менен жыйылган, китептер ирээти менен коюлган, биздин ага колубуз да тийчү эмес, тентек кылсак дагы, чаччу эмеспиз, кирип, анан кайра чыгып кетчүбүз. Жинибиз кагылгандай эс ала түшчүбүз, азыркыга чейин ошол мечиттин жыты мурдуман кетпейт…

Азыр араб  туугандар менен сүйлөшүп калганда, атамдын кичинекей кезимде айткандары эске түшө берет. “Балам, бул куранда адамды айбанга айландырып коюучу аят бар, өлүп бараткан кишини өлтүрбөй кармап туруучу аят бар” — деп айтканын далай жолу уктум атамдын. Мен анда өлтүрбөй эле, тирүү алып калбайбы, жаман кишини итке айландырып салбайсыңбы деп калчумун, кичинекеймин да, “жок, балам,- дечү атам, — ал аяттарды колдонгонго болбойт, ал аяттарды колдонуу — өтө чоң күнөө”- дечү. Анан “Динге баш-оту менен кирбеш керек, мунун өзүнүн чеги бар,- деп койчу ойлуу,- Мукамбет пайгамбар өзү деле ушинтип айткан”. Пайгамбар чын эле ушинтип айтканбы, же айткан эмеспи, муну бүгүнкү күнгө чейин териштирип көрө элекмин, бирок атам азыр  ойлосом, динге түшүнүп-түшүнбөй, сокур ишеним менен кирип кеткендерди айткан болуш керек деп ойлоп калам…

Баса, атамдын кѳп өнөрү да бар эле да: ээр эле чаба берчү, чанач ыштачу, ышталган чаначтын жытычы, тим эле аӊкып турар эле, ышталган чаначтарын караңгы үйгө, азыркыча айтканда, скаладга илип койчу. Кээде чаначы жоктор алып кетчү. Анан атам ѳз колу менен жасаган жыгач кашыктар… Айтор, айта берсек… Силер математика деп окудуӊар да, а биз арифметика деп окуганбыз, ошондо бир маселелер болор эле ой жүгүртүүнү талап кылган. Ошондой маселени атам кудай ургандай чыгарчу, кээде мугалимдердин да чыгара албай калган маселесин, чыгарып берип койчу. Эми дѳӊгѳ кайра бир кетейинчи.

Кийин дөӊдү негедир сүздүрүп салышты, бул  чоң чуру-чууну жаратты, кийин бир аңгемемде берермин . “Бул ордону бузган менен барабар!”- деп атамдар кыйкырып-ѳкүрүп кала беришти. Ушул дөң кеткенден кийин мага кандайдыр бир айылдан бир кут качкандай болуп сезилди, бала кездегидей баягы кишилерди көрбөй калдык… Аӊгыча эле биз, ошондогу бок мурун балдар, кѳз-ачып жумгуча эле баягы аталарыбыздын курактарына келип калыппыз…

– Жаштык кез өмүрдүн баалуулугу эмеспи. Студенттик кезиңиздеги учур менен азыркы студенттердин абалын салыштырганда кандай окшоштук же айырмачылыктарды байкай аласыз?

– Эми бул суроого атайын изилдөө жүргүзүш керек, анткени бул — абдан олутту маселе. Адатта, мурунку муун улам эле кийинки муунду биз мындай элек, тигиндей элек, азыркылардан ыйман качты, окубай калды деп кыжына беришет, биздин деле мезгилде мурункулар ушинтип айтышкандыр, бул тетиги биздин доорго чейинки экинчи кылымдан бери эле айтылып келатпайбы. Бирок чындыгында эле, бүгүнкү күндѳ чоӊ ѳзгѳрүүлѳр болуп кетти. Баарынан мурда эмне өзгөрдү? Бизде система өзгөрүп кетпедиби, бул жагынан алганда, мурунку социалисттик система учурундагы студенттер менен азыркы капиталисттик система учурундагы студенттердин айырмачылыгы асман менен жердей.

Коомдук системанын өзгөрүшү  адамга, жашоого, окууга болгон көз карашты өзгөрттү. Азыркы жаштар менен материалдык, анан руханий байлыкка болгон көз карашыбыз да келишпейт, чындап айтканда. Азыркы учурда биз ѳткѳѳл доорду баштан кечирип жатабыз. Өткѳн доордун ѳзүнүн мыйзам-ченеми бар, ал коомдук дүрбѳлѳӊгѳ түшүрбѳй койбойт. Мына, азыркы учурда бизде  билимдин анча мааниси, баркы жоктой сезилет, студенттерден билимге, илимге болгон кумарлыкты анча байкай албайсыӊ. Азыр студенттерди карап отурсам, баары эле чет жакта иштеп, жыргап-куунап жашап калгысы келет. Алар чет мамлекетке кетишсе, ал жакта өз кесиби боюнча иштей алышпайт, аларда андай деӊгээл, билим жана даярдык жок, барып абышка-кемпирди багып, же анда-мында кара жумуштан иштеши мүмкүн. Бирок ошого да кайыл, ошол жакка барса эле жыргап кетчүдөй болуп элестетишет.

Азыркы студенттердин кѳбү кыйналгысы келбейт, бир нерсеге кыйналбай жеткиси келет, мээнети жок эле жетип калгысы келет, а бирдемеге жетиш үчүн сөзсүз түрдө кызылдай мээнет керек. Ушу мээнеттенсем жетем деп ойлонушу керек да. Шуулдап учуп барып эле тоонун чокусуна отуруп калсам дейт. А тоонун чокусуна жетиш үчүн жѳрмѳлѳп далай азаптарды тартыш керек да.

Баам салсак, азыр эмгекке болгон көз караш өзгөрүп кетти. Билим алып, ошонун үзүрүн көрөйүн; талбай окуп билимдүү болсом, ушул кесибимден бир рахатка жетейин деп ойлогон студенттер да аз, а түгүл окуп эмне кереги бар, шыдыр эле иш менен баштасаӊ, бат да, тереӊ да ѳздѳштүрүп кетесиӊ деп жүргѳндѳр да жок эмес, бул аркылуу алар ѳздѳрүн ѳмүр бою коштоп жүрүүчү, улам жаӊы ачылыштарга демилгечи болчу илимий ой жүгүртүү касиет-кудуреттен куржалак калып жатышат. Замандын кээриби, азыр бардык студенттерде эле момундай бир коркунуч бар сыяктуу: Окууну бүткѳндѳн кийин талаада каламбы?! Ошондуктан, астыртан эле ойлонуштуруп, эптеп бир жагына кирип алсам, илинип алсам, анан калганын кѳрѳ жатарбыз дешет.

Мени өкүндүргөнү ошо илинген бойдон калып калганы болуп жатат, андан ары өзүн өркүндөтпөй, ѳркүндѳтѳйүн десе илимий жугу жок, ал эми илимий жук болбосо, ѳркүндѳтѳйүн деген ой жаралышы да мүмкүн эмес. Албетте, студенттик маалда иштеш керек, биздин студенттик курагыбызда деле айрымдарыбыз биринчи курстан тартып чоң-чоң макала жазып, калем акы алчубуз, бул бизге материалдык да, моралдык да жактан чоӊ демѳѳр болчу, бирок баары бир башкы орунда окуу, билим алуу турчу.

– Жазуучунун түйшүгү абдан оор, чыгармачылыгыңызды студенттер менен бирге алып кетүү кыйынчылык жаратпайбы?

– Мен жазуучулук, анан илимпоз окутуучулук менен да алышып жүрѳм, илимпоздукка келгенде, тил боюнча дагы, Салижан агай (Жигитов) айткандай, шугулданам, буга кошул-ташыл адабият боюнча дагы, айрым учурда журналистикага да кайрыла калам. Ачык айтканда, Гүлжан, мени аӊгеме же повесть, публицистика жаз деп кыйнаган эч ким жок да, туурабы, атүгүл өзүмдү-өзүм дагы кыйнай албайм, бул бир менин эркиме баш ийбеген кайыптан бүткөн белегим, ырыскым. Муну четке кагып салуу менин колумдан келбейт: Мен, негизинен, өзүм да билбейм калам, кантип жазып кеткенимди, жазалбай койгонумдан улам жазам да, жазгандан кийин, бир жагынан, кадимкидей сергип, жеңилдеп, тазарып калсам, экинчи жагынан, эӊшерилип, бѳксѳрѳ түшкөнсүймүн.

Кыскасы, оң жагы жанагыдай сергитет, терс жагы болсо баягы ичиӊ каӊгырап бош калгандай, ачка болгондо курсагыӊ бир курулдайт ко, ошол сыяктуу болуп эле кызыктай абалга келип каласыӊ, бүт баарын төгүп салгандай болуп каласың, бирок бул өтүп кетчү процесс… Мен жазуучулукка да, окуутучулукка дагы кандайдыр бир жаңы нерсе менен чыккым келет; ар бир сабакта, студенттерди ойго түртө турган, ал теманы өтө терең өздөштүрбөсө дагы, оюнан кетпей кала турган, түбѳлүк  ойго  түртүп, ѳмүр бою коштоп жүрѳ турган бир нерсе айтсамбы деп далалаттанам. Буга мени кандайдыр бир күч түрткөнсүйт, ал күч эмне экенин ѳзүм деле билбейм.

Кѳркѳм чыгармачылыкта жөнөкөй бирдеме шилтеп салгым келбейт, бир жаӊы бирдеме айткым келет, бирок канчалык деңгээлде жаӊы нерсе айта алдым — бул ѳзүнчѳ маселе. Айтор, кандай нерсе, же окуя болбосун, жаӊы бир нерсени издейм, бир жаңыча нерсени бергим келе берет; анан кыйналасың, чайналасыӊ, кыйналмайынча эчтекке жок да. Ушул кыйналуу, чайналуу жана чарчоо сени жашоого кумардантып, кандайдр бир күч-кубат берип турганын кыйналып, чарчап бүткѳндѳн кийин сезип каласыӊ.

– “ Түн” повестиңизде каармандардын образы көркөм жаралган, андагы болгон окуялар, жашоо-тиричилик сиздин өмүр баяныңыздай туюлат, чын эле ошондойбу?

– “Түн” повести — бул менин балалыгым, өзүм күбө болгом, өзүм башымдан өткөргөм, бала кезде түн ичинде сөөктү коюшун биринчи көрүшүм, ошол жакта отуруп, маркумдун байкуш атасынын көзүнөн аккан жашты көргөнмүн, азыркыга чейин көргө алып кирип бараткан сөөктү эстесем, тамагым кыйк эте түшѳт. Бирок башынан өткөргөнүн тизмектеп жаза бериптир деген түшүнүк, ой болбошу керек, көркөм чыгармачылыкта кайра жаратуу деген болот, кайра жаралбаса, ал көркөм чыгарма болбойт. Мунун баары  — менин ички дүйнөмдөн аңтарылып чыккан окуя, образ, мен муну кайра жаратканмын, ал (“Түн” ж.б) — менин гана ички дүйнѳм. Ырас, турмушта ушундай окуя болгон, журналисттин тили менен айтканда, факт объективдүү, чын. Жанагы башына тоодой кылып элечегин ороп алган … байбиче кээде азыр да көз алдыма кадимкидей тартыла калат, бала чагымдагыдай селт этип чочуп да, коркуп да кетем… Бирок ошентсе да, кѳркѳм чыгарма — бул, баарыдан мурда кайра жаратуу. Ал эми кайра жаратуудан ѳткѳн тозок бул дүйнѳдѳ жок болсо керек…

– Агай акындар “илхам” деген терминди көп колдонушат, сиз эмгектериңизди илхамыңыз келгенде жазасызбы?

– Мен Сооронбай Жусуев деген аксакал, анан ѳтѳ таланттуу акын менен иштешип калдым. Ал киши сааттын жебесиндей так жүргөн киши болчу, эртең менен алтыда турчу, анан кол радиону кулагына такап алып, эшикте ары-бери басчу, жетиде келип жуунчу да, тогузга чейин былк этпей отуруп иштечү. Ошондо “Курманжан датканы” жазып жаткан. Тогузда жазганын тык токтотуп коюп тамакка барат да, андан соӊ эки жолу айланып басып келет, анан кайра отуруп жаза берчү. “Илхам деген — кѳшѳрүп отуруп алып илхамды чакыруу, ѳзүн ѳзү мажбурлоо. Муну мага Москвада жүргѳндѳ бир чоӊ сынчы айткан,”- деп мактанып койчу. Менде мындай график жок, мен дайым эле төгүлүп турбайм. Меники башаламан, чар-жайыт десем болот, илхамым качан келерин ѳзүм да билбейм. Мына, менде азыр чала жан болуп бүтпѳй, негизи башымда бүткөн, айрымдары чала-чарпыт кагазга да түшүрүлгөн “Кызыл алма”, “Өлгөндөр неге түшкө киришет?”, “Куткарбас” ж.б. аӊгемелерим бар. Баягы күнү “Кызыл алманы” карап көрөйүн десем, башталышы эки бөлөк жазылыптыр.

Эми мунун кайсынысын аларымды билбей эзилип жүрѳм. Ачык айтканда, шылтоо тапкан учурлар көп эле болот, “бүгүн калемимдин бул жери минтип калыптыр, же болбосо тууганым чакырып ийбедиби, болбосо бүтүп калат элем,”- деп ѳкүнүмүш болуп коëсуӊ. Ошентип, биз кадимкидей өзүбүздү-өзүбүз алдайбыз, эртеӊ сѳзсүз баштайм деп жооткотобуз, а эртең деген жок да, анан да менде отурарым менен эле он бет, же он беш бетти бир жазып салуу деген касиет жок, кээ бирөө жазып салар, балким; мен отурганда болгону ашып кетсе бир жарым бет же эки бет эле жазам, ошондо дагы баягы кызыл чогуна келгенде токтотом, андан кийин жазганга чыдабай кетем, өзүмдүн жүрөгүм лакылдап, өзүмдү өзүм кызыктай сезип кетем; кийин болсо ошол кызыл чоктон жазганда шыр кетет, анткени сонун да: ортосунда чок турат, ал өзүнө өзү мага кел деп тартып турат.

Кыскасы, урунду-беринди болуп жүргѳн күндѳрдүн бир күнүндѳ, ѳзүӊ анчалык каалабай турсаӊ деле, отуруп эле жаза баштайсыӊ. Эмне үчүн жаза баштайм — муну мен ѳзүм да билбейм, ушул ѳзүм да билбей жаза баштаганды мен илхам болсо керек деп ойлойм.

 Агай, чыгармаңызды жазып жатканда ѳзүӊүздү эмоцияга алдырган учурларыңыз болду беле? 

– Балким, ыйлагандырмын, аны өзүм деле билбей калсам керек, бирок айтып берип жатканда айталбай үнүм дирилдеп, мукактанган учурларым болгон. “Чымчыктар сайрап жатат” деген аңгемем жарыкка чыккандан кийин студенттерге окуп берип жатсам эле, өзүмдүн ыйлагым келип, үнүм каргылданып, анан окуй албай калгам. Кийин белгилүү акын Анатай Өмүрканов жолугуп: “Бейшебай, “Чымчыктар сайрап жататыӊды” окудум, мен он жылдан бери мындай чыгарманы окуй элек элем, мага абдан оор, жакшы таасир калтырды”,- деди. Ушундан кийин кайра өзүм окуп чыктым, азыр таң калып калам, ушуну кантип чыдап жаздым деп, чынында оор экен, ошонун баары эле адамга таасир этет, менде ушундай темалар бир топ эле “Өкүрүк”, “Көмгөндөр” деген  өңдүү чыгармаларым аңгемем бар, сыягы жазып жатканыңда билинбейт окшойт, оорлугу… Мен эки жаатта теӊ жүрбѳймүнбү: кѳркѳм жана илимий чыгармачылыкта. Эмоция, кумарлыкка келгенде, бул экѳѳ окшош эле. Экѳѳ теӊ эмоция, сезим, кумарлыктын негизинде жаралат. Атүгүл акыркы күндѳрдѳ кѳркѳм чыгармага караганда илимде эмоция, кумарлык кѳп талап кылынабы деп ойлоп калчу болдум…

– Ар бир устаттын өзүнүн шакирттери болот эмеспи, сиздин да даярдап жүргөн шакирттериңиз барбы?

– Азыр баары өзү менен өзү, Олжобай көп келип, кѳркѳм чыгармачылык боюнча экөөбүз аңгемелешип калчу элек, бул дагы сайт ачып алып, көп келбей калды. Эми учурда ар ким эле өз алапайын таппай, өз арбайын өзү согуп жүрүп калбадыбы. Илимдеги шакирттерим кѳп эле, отузга жакын илимдин кандидатын, илимдин үч докторун даярдаптырмын. Азыр да кандидаттык, докторлук иштерге жетекчи болуп жүрѳм. Эми бүгүнкү илимдин абалын да түшүнүш керек, заманга, алына жараша чыгып атат, ушинтип барып эле илимпоздордун ѳзүнчѳ бир толкуну жаралат. Тактап айтсам, жакын арада илим жаатына илимге дилгир, ага жан берген жаштар келет, ошондо жаӊы толкун, чыныгы илимий доор жаралат. Өзүӊ кѳрүп турасыӊ, советтик адистердин эӊ жаш дегени азыр алтымыштан ѳтүп калды, чынын айтайын, алардын кѳпчүлүгү гений болушпаса да, чыныгы таланттар, илимпоздор десем жаӊылышпайм. Жаӊы толкун алардан ѳрнѳк алып, илимди жаӊы тепкичке кѳтѳрүшү керек.

 Чыгармачылык капчыгыңызда дагы кандай эмгектериңиз катылуу?

– Азырынча экөөнү айта турайынчы, “Кызыл алма” менен “Куткарбас” деген чыгармаларым ой жүзүндѳ аягына эле чыккан, бирок кайра отуруп бир ийге келтириш керек болуп атат, ортодон “Жомок”, анан “Өрт!..” деген повесть, аңгемелерим жулуп кетти, мени тигилерден тартып кеткенин айтып жатпаймынбы, чыгармаӊды бүткѳндѳ эс ала да, эңшериле да түшөсүң, кайра өзүңө толгучакты убакыт кетет.

– Бүгүнкү күндө эл арасында “жаштар китеп окубай калды” деген сөз айтылып жүрөт. Сиздин пикириңизде жаштарды кантип китеп окууга тартсак болот?

– Бүгүнкү күндө китепке байланыштуу көйгөйлөр кѳзү азиздерге деле кѳрүнүп турбайбы. Мен баягы күнү радиодон да айттым, окууга, китепке тартууну ымыркайдын түйүлдүк кезинен башташ керек. Чын эле, курсакта жаткан наристе, адистердин айтуусу боюнча, бүт баарын билип жатат экен, мен дагы ушундай ойлойм. Андыктан мына ушул маселени педагогдор көтөрүп чыгышы керек да, анан болочок энени, деги эле кыз-келиндердин баарын эле кадимкидей тарбиялап, окутуу зарыл. Мурунку заман бөлөкчѳрѳѳк болчу, бул ѳзүнчѳ талдоону талап кылат. Азыр энелер ѳтѳ сабаттуу болушу керек, бала курсакка бүткөндөн тартып эле, эне ниет кылып, жакшылыкты ойлоп, ушу балам ыймандуу, күйүмдүү болсо экен деп тилеп кыӊылдап үн салып,- музыкалуу болбосо дагы , наристе үчүн эненин үнүндөй кооз, ажардуу жана жугумдуу үн болбойт да,- ѳзү эзиле ыракатка батышы керек.

Азыр кыргыз энелери үчүн эки ыйык нерсе бар: алдей жана бешик ыры. Эне баласын колуна алып, сѳзсүз алдейлеши керек, алдей ырын ырдашы керек. Тилекке каршы, бүгүн баласын алдейлеп отурган жаш энени кѳп учурата бербейбиз. Ал эми бешик — бул ыйыктын ыйыгы, ар бир үйдѳ бешик (кыргыздардын нукура бешигин айтып жатам) турушу зарыл. Бешикте кыргыздын духу, тарыхы, эс тутуму жатат. Бешик ырын бешик гана жарата алат, бешикти термете баштаганда эле бешик ыры ѳзүнѳн ѳзү жарала баштайт.

Азыркы наристелер жатып жүргѳн манежди кандай кыймылдатпагын, баары бир бешик ыры жаралбайт. Азырынча ушуну менен токтото туралы, бешик жѳнүндѳ ѳзүнчѳ чоӊ сѳз кылуу зарыл. Бешикке жатуу, бешик ырын угуу муктаждыгы ар бир кыргыз наристесинин канында барбы деп ойлойм, алар бешик менен бешик ырынан ажырап калса, кыргыздык насилинен да айрылып каларын тээ наристе кезинде эле сезишип, чыргоолоно беришеби деп ойлойм. Бешик ырынын уландысы жомок дээр элем.

Балада ѳзүнчѳ бир доор болот, ал – келечегине жол ачкан жомокко суусоо доору. Алар кадимкидей жомокко суусайт, балдар дүйнөнү жомок дүйнөсү менен көргүсү келет, бул бардык баланын башынан өтөт, анан ошол учурда жакшы жомокторду айтып бериш керек (анан колдон келсе мультфильмди өтө аз көрсөтүш керек), сөздүн кереметин жомок менен гана жеткире аласыӊ, мультфильмде сѳз керемети болбойт, анда кыймыл гана бар. Сѳз кереметине арбалып калган бала ѳзүнѳн-ѳзү эле китептен кол үзѳ албай калат. Мультфильмдин оӊ жактары да бардыр, муну эми адистер айтышсын. Бирок бүгүнкү күндѳ жомокту чанып, мультфильмдерге ооп баратканыбыз, башкаларды тууроого жандалбас кылганыбыз жүрѳктү кынатпай койбойт.

Биз билбей жатат кѳрүнѳбүз, кыргыздын бейкапарлыгы, ѳзгѳлѳрдү туу тутушу, кыргыздын баягы жоомарттыгы келечекке терс таасирин тийизип жатканын; биз түшүнбөй жатабыз, жылдардын бир жылдарында балдарыбыздан тирүүлөй ажырап каларыбызды! Анан кол телефонду балдарга карматпоо керек, өзгөчө кичинекей балдарга, анда өзүнө тартып алуучу магнит бар, бир көрсө болду, андан чыкпай калат, илгери биз жомокко ушундай арбалаар элек… Энелерди окутуу, тарбиялоо маселесине дагы бир жолу кайрыла кетким келип жатат. Бул өтө олуттуу маселени өзүбүздүн мамлекет, мамлекеттик мекеме колуна алыш керек, болбосо, чет элдик фонддор, же өзүбүздөгү эле чет элдик уюмдар, фонддор колго алып алышат да, өз мүдөө – максатына, идеологиясына ылайыктап, таптакыр башка нукка, бизге каршы жолго салып кетиши толук ыктымал…

– Жаштар арасында чыгармачылыкка умтулгандар барбы?

– Поэзияга кызыккандарды кѳп учуратып атам, ырларды жазып жатышат балдар , жакшы жазгандар чыгып атат, анан прозадан мен кездештире элекмин чынында. Бар болсо чыгат эле го. “Ала-Тоо” журналы жаӊы авторлорго, чыгармаларга суусап атат жаңы чыгармачыл прозаиктерге. Тилекке каршы, проза жагынан чыкпай жатат. Ал эми ырдын жолу кичине башкачараак: убакытты талап кылбайт-башыӊда бышып жетилсе, отура калып жаза саласыӊ,  проза болсо кызылдай эле мээнетти, убакытты талап кылат. Бирок ыр жазуу оӊой эле болот турбайбы деген жыйынтыкка келүүгѳ болбойт, ырдын да ырдай түйшүгү бар, ар бир ыр, залкар акын Аалы Токомбаев айткандай, кѳргѳндѳ кѳздү талдырган, жүрѳктү түз ээритип ойго батырган, сувенир болушу керек. А сувенир кандай мээнетти, түйшүктү талап кыларын айтып отуруштун кереги деле жок ко…

– Агай, бул суроо окурмандарыңыз үчүн өтө кызыктуу, себеби ММКда ысымыңыз эки түрдө кездешип келет “Бейшенбай” же “Бейшебай” болуп. Азан чакырылып коюлган ысымыңыз кайсынысы?

– Негизинен атымды апам койгон, мен 1954-жылы 6-октябрда тѳрѳлѳм. Туулгандыгым жѳнүндѳ күбѳлүктѳ 9-декабрь деп жүрөт, бирок 6-октябрда төрөлүптүрмүн. Түш ченде болсо керек, анан атам кырманда окшойт, буга ишенем, анткени октябрь айы-күз мезгили да, анан ага-ининин балдары атама барып сүйүнчүлөп, ушундай эркек уулду болдуңуз дегенде, атымды атам “Жакшылык”- деп койгон деп уккам. Анан атам келгенде, апам: “Мен төрөр алдымда түн ичинде түш көрдүм эле, анда бир ак сакалын жайкалткан карыя келип, эркек уулду болосуӊ, атын Бейшебай деп койгун деп айтты”- деп атама айтыптыр, анан атам түшүнүктүү киши окшойт, болуптур анда деп, азан чакырып, атымды Бейшебай деп коюптур. Кийин күбөлүк толтургандар Бейшебай деген эмне деген ат, сыягы бейшемби күнү төрөлсө керек, ошон үчүн Бейшенбай деп жазып коёлу деп чечишсе керек. Менин азан чакырылып коюлган атым Бейшебай эле, апам койгон ат! Айла жок, расмий документтерге Бейшенбай деп жазууга туура келет  экен, анткени бирдеме болуп калса сенсиңби, же сен эмесиңби деген көйгөй чыгат, паспорт алганда дагы өзгөртөйүн дедим да, өзгөртѳ турган болсоӊ, айланайын канчалаган документтерди аӊтарып-теӊтерип, ѳзгѳртүп чыгууга туура келет экен. Анан тим эле коëюн дедим. Мени айылдагылардын баары Бейшебай дейт, документти карап эле Бейшенбай деп айтышпаса.

– Сизге тереӊ ыраазычылык билдиребиз, атайын убактыӊызды бѳлүп, окурмандарыӊыз үчүн кызыктуу жана маанилүү маек куруп бергендигиӊиз үчүн!

Маектешкен Жоомартбек кызы Гүлжан