АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: СААЛЫНЫН МАХАБАТЫ

Турмуштук окуянын негизинде жазылган аңгеме

Дүйнөдө канча гана согуштар болбоду. Ата Мекендик  согуш,  жарандык согуш, Дүйнөлүк согуш,  бардык согуштар кыйын болсо 4-5, эң эле созулганы 10 жылга барганын тарыхты окугандар билет. Тарыхта айтылбаган, эч жерде жазылбаган, ал тургай башкалар  билбесин деп жашырылган эң узак,  мөөнөтсүз согуш — бул эл көзүнө ынтымактуу,  кадыр-барктуу бүлөдөгү эрди-катындын согушу окшобойбу.

Мына,  Саалы менен Гүлбайрамдын баш кошкондоруна быйыл туура 54 жылдын жүзү болуптур. Алты кыз, бир уулдун ата-энеси болушту, кудайга шүгүр, небере эле эмес, чөбөрөлөрү да чоңоюп, алды мектепке бүтүп калбадыбы. Ал эми экөөнүн согушунун башталышы үйлөнгөндөн үч жыл өткөндөн кийин эле башталган, ошондон бери маал-маалы менен жаңырып, ушул күнгө дейре уланып келет. Ар бир согуштун чыгышына бир себеп болот эмеспи. Алибетте, кандай үй-бүлө болбосун казан-аяк кагышпай койбойт. Андай учурлар көбүнчө баштала элек жатып аяктап, унутулуп кала берет. Кээ бир учурларда таттуу жарашуулардын себеби да болот. Бирок экөөнүн ортосундагы согуш жөн гана  кер-мур айтышуу эмес, бир топ олуттуу,  көңүлдөргө так салган, бүтпөгөн жара сыяктуу улам жарылган оор тирешүү болучу.

Экөөнүн алгачкы согушунун чыгышына Саалынын биринчи махабаты себепкер эле. Андан бери канчалаган суулар агып,  канчалаган айлар өтпөдү. Тутанып алган от оңой менен өчпөйт тура,  экөөнүн мамилеси кантсе да билимдүү жандар эмеспи, эл көзүнө кадимки эле ынтымактуу бүлөдөй болушуп, шек беришпегени менен,  өзүлөрүнчө калганда болбогон эле шылтоо менен кажылдаша бермейи өнөкөт дартка айланган.  Дегеле бул аялзатынын эс-тутумун кудайым башкача жаратыптыр. Жаңжалдаша кеткен кезде оозго эмне кирип,  эмне чыкпайт. Эркек байкуш ачуусу менен айткан сөзүн,  аялынын өзүнүкүнөн беш-он эсе ачуу, уу аралаш чыккан заар тилин  деле эки-үч күндөн кийин эле унутуп коёт. Ал эми,  аял киши  чатак чыкса эле,  эмнегедир элүү жыл мурун чыккан уруштагы сөздөрдү кайра козгоп, ошол чатак кечээ эле болуп өткөндөй, ал сөздөр кечээ эле айтылгандай ачуусу келип, туталанып, абалды татаалдантат да турат.

Балким Гүлбайрамга өзүнөн он төрт жаш улуу Саалыга жеңелеринин “чыккынчылыгы” аркылуу турмушка чыгып, жаңыдан гана көнүгүшүп,  көңүлүн берип, алгачкы кыздары төрөлүп, кыздарынын күлгөнүнө,  ыйлаганына маашырланып,  энелик мээрими ашып-ташып,  жашоосу эми гана бир нукка түшүп бараткан кезде капысынан колуна тийген, Зулайканын Саалыга жазган сүйүүгө, сагынычка толгон дептерин окуш оңойго турбаса керек. Ал дептерде Саалыга  арналган жагымдуу сөздөр, Саалынын жүрөгүн жылытчу жагымдуу, жалындуу сөздөр, Гүлбайрамдын наристеникиндей таза жүрөгүн тоңгон муздай тилип, так салып, ал так алигиче айыкпай тызылдатып, ачыштырып жаткандыр. Чатак чыкса эле: “Мен Зулайкаңдай болбой жатамбы  же Зулайкаңдан мен  ажыраттым беле”, — деген сөздөр сөзсүз аралашканы да ошондон улам болсо керек.

Өгүнү, айылдагы окуучуларынын бири Сабыр деген жигит райондо болчу аксакалдарга берилчү сый тамаккка алып баратып, капыстан: “Агай, капа болбосоңуз бир суроо берейин деп жүрдүм эле, жакында кочкордук кудалар менен бир тойдо чогуу болуп калдым. Сөздөн сөз чыгып отуруп,  Сиздин атыңызды аташып,  тааныйсыңбы?” -деп калышты.  “Тааныйм,  таанымак тургай мени окуткан кадырлуу агайым», — дедим. Алар Сиз менен өзүңүз окуткан бир кыз экөөңөрдүн ортоңордо убагында бүт Кочкорду дүңгүрөткөн чоң сүйүү болгонун  уккандарын баяндап беришти. Ал жөнүндө өзүңүздүн оозуңуздан уксам дедим эле”.  Сабырдын капыстан берген суроосуна,  анда эмне жооп бергенин билбей деле калды, бирок ошондон бери  жүрөгүндөгү эски жаранын  картын сыйрып салгандай ачышып,  айланада эмне болуп жатканы менен иши жоктой. Ой учугу тээ алгачкы махабатын тапкан жаштыгына сүйрөп, ошол күндөр кечээ эле болгондой, ал окуялар кечээ эле башынан өткөндөй.

Ал күндөргө кайра барып, анда өткөн бактылуу мүнөттөрдү кайрадан башынан өткөзүп,  кайрадан ажыроонун ачуу уусунун даамын татып, кетирген каталарын,  жаңылыштыктарын талдап, ал күндөрдү көз алдынан азыркылар аяк-башы түгөнбөгөн сериалдарды кайра-кайра кайталап артка түрүп көргөн сыяктуу; кайталап көз алдынан чубуртуп, бир жерден окуган кавказдыктар мүрзөсүнө кайсы жылы туулуп, кайсы жылы өлгөн деген кургак сандарды эмес,  “Бул киши 10 жыл өмүр сүрдү, же  5 жыл гана жашай алды дешип, чыныгы бактылуу жашаган жылдарын көрсөтүшөт экен”- деген сөз мээсинен чыкпай, мен 2 жыл гана  жашаган экемин да деп,  Зулайкасыз өткөн бүт өмүрүн жокко чыгарып  отурууну адат кылып алды.

Чынында эле бул өмүр дегениң бир жылт этип өчкөн ширенкедей тез жанып өчкөн нерсе турбайбы. Кызматтагы,  үй-бүлөдөгү түйшүктөр менен алпурушуп жүрүп жашооңдун аягына кантип чыгып калганын сезбей да калат экенсиң. Алибетте, Гүлбайра менен өткөзгөн 54 жылдык өмүрү жалаң эле уруш-талаш, армандуу жылдар болгон жок. Ортодо жакшысы да, жаманы да болду.  Жалындаган сүйүү, чыр менен бүткөн кызганыч, маңдай жарылган сүйүнүчтөр өттү. Бир карасаң бир көз ирмемде өткөнү менен жарым кылым бир адамдын  жашоосунда бир топ эле убакыт эмеспи. Бул жылдардын ичинде бири-бирине жытыгышып, жада калса ортолорундагы чатактары да жашоосунун бир бөлүгүндөй бүтүндүккө айланып калган эле. Мына ошонун баары өмүрүнүн аягында капилеттен эске түшкөн эски махабатынын айынан жокко чыгып, жашап өткөн өмүрү текке кеткендей, жашоого болгон кызыкчылыгы, умтулуусу  жоголуп,  айланасында болуп жаткан окуяларга көңүл кош, бир гана  эскерүүсү менен алек.

Анда ал Фрунзедеги пединиститутту жаңы бүтүп, жолдомо менен Кочкордун Чолпон айылындагы орто мектепке келген, кыл мурут,  күрөшкө катышып,  чыңалып,  чытыраган булчуңдуу денеси көйнөгүнө батпаган, чымыр, орто бойлуу, өңдүү түстүү жигит болчу. Алгачкы сабагына катуу даярданды. Кантсе да тажырыйбасы жок жаш адиске класс толгон окуучулардын астына чыгыш, бир топ эле оор иш эле.  Айтар сөзүн эмнеден баштарын, кантип таанышып, сабагын кантип улантарын кайра-кайра көз алдына тартып, иниституттан сабак берген агайларынын берген кеңештерин эстеп, түнү менен түйшөлүп чыкты.  Мектепке келип, сабакка деген коңгүроо да кагылды. Класстын журналын колтуктап,  мектептин окуу бөлүмүн жетектеген Жумагул агайын ээрчип,  9-класска киришти. Жумагул агайы Саалыны окуучуларга тааныштырып: “Мындан ары силердин класс жетекчиңер да, математикадан сабак бере турган агайыңар да ушул, тартипти бекем сактап, агайыңардын сөзүн угуп жүргүлө”, — деген сыяктуу сөздөрүн айтып, Саалыга ишине ийгилик каалап чыгып кетти.

Колдорундагы, тизелериндеги майда калтыракты окуучуларга билдирбестин, байкатпастын аракетин кылып, тамагын жасап бир-эки жөтөлүп алып, класстык журналды ачып, окуучуладын атын атай баштады. Аты чыккан балдар, кыздар орундарынан биринен сала бири туруп, жөн эле турушпай жаңы келген агайын жаш кезинде сүзүп алалы дешкенсип, үндөрүн өзгөртүп, демейдегиден башкача чыгарышып, биринен бири өтүп купшуңдап куудулданып, ага өздөрү маашыр болушуп бири-бирин сүрөп каткырышып, айтор Саалыны кара терге түшүрүштү бейм. А дегенде абдырап, өзүн жогото түшкөн эле,  кыздардын арасындагы моймолжуган кара көздүү, кара каштуу кыздын, аны бир чети аягансып, анын абалына боор оруп тургансыган,  бир чети бул абалдан кантип чыгаар экен дегендей, сынаган көз карашы урунуп, Саалы өзүнө келе түштү. Силер ойлогондой бир бечара эмесмин дегенсип, үнүн ишенимдүү чыгарып, окуучуларды тез эле ордуларына койгондой болду.

Курманкожоева Зулайка деген ат чыкканда баягы кара көз кыз: “Менмин агай”-деди,  жагымдуу, күмүш коңгуроонун үнүндөй  шыңгыр үнүнүн чыгарып. Саалы өңчөй чоочун, тааныбаган, аны өгөйлөшүп, тамырын тартып, алсыздыгын издеп, шойкомдуу оюн баштагылары келип турушкан окуучулардын арасынан, негедир эски таанышын тапкансып, сабактын жүрүшүндө ичинен Зулайкага ыктай,  ошого эле жалгыз сабак өтүп жаткансып, анын сырдуу, нурдуу,  жүзүнө улам улам көз жүгүртүп, Зулайка да ансайын агайынын абалын түшүнгөндөй,  ал чыйралган сайын кубангансып,  кубаттагансып, жылуу көз карашы менен дем берип жаткансыды.

Жылкы жытташканча, адам көрүшкөнчө деп коюшат эмеспи,  экөөнүн ошол биринчи көрүшкөндө эле жолугушкан көз караштары, жөн көз караштардан болбоду. Учкундан жалын тутанган сыңары, ошол көз караштардан сүйүү деген чоң жалындаган өрт чыгарын, ал өрт алардын астыдагы бүткүл жашоосун, бирде жарык кылса, бирде күйгүзүп, өмүр бою миң алакетке саларын ал кезде кайдан сезишсин.

Саалы мектепке барган эки жыл ичинде бир топ такшалып, өз ишин бир топ эле жакшы өздөштүрүп алды. Зулайка экөөнүн ортосундагы алгачкы эле күндө, алгачкы эле саатта пайда болгон жылуу сезим улам күчөп,  мугалим менен окуучунун мамилесинин чегинен өтүп чоң махабатка айланды. Канчалык жашырбасын, андай нерсе билинбей калмакпы? Экөөнүн мамилесин адегенде Зулайканын классташтары, анан бүт мектеп,  айыл кеп кылышып, күбүр-шыбыр акыры Зулайканын ата-энесине чейин жетти. Кызынын тагдырынан чочулашкан ата-энеси,  Зулайканы окуусу бүтүп, акыркы экзаменди берээр менен күйөөгө бермек болушуп, жакын курдаштарынын бирине кудалап да жиберишти. Анткени, мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиле, адаттан тыш нерсе болгондуктан, эл ичинде көп ушак айыңдарды жаратып айыпталса,  советтик мыйзамдар да бул маселе боюнча катуу эле,  өкмөткө билинип калса, Саалынын соттолуп кетиши турган иш эле. Жаштык деген эч нерседен жалтактап жалтанбаган,  астында от болсо да,  чок болсо да капарына албай бой таштаган кез эмеспи,  чиркин.

Экөөбүздүн сүйүүбүзгө бул дүйнөдө каршы турчу ким бар, өз тагдырыбыз өз колубузда деген таризде, мамилелеринин ачыкка чыкканы кайра аларды чыйралтып, Саалы Зулайканы окуунун аякташын күтпөй,  Кеминдеги эжесинин үйүнө ала качып кетмей болду.  Анан эле бала, баланын иши чала демекчи, бир чети жаштык кылышып, ойлогон ойлорун кандай жол менен ишке ашырышарын терең ойлонушпай, анын үстүнө Саалыга кеп кеңешин берип,  эмне иш болсо дагы жалтанбай, от десе отко, суу десе сууга бирге кирчү  жанында жүргөн Эдилжан, Жума сыяктуу теңтуштары алыс болгондуктан, экөөнүн тымызын ойлору билинип, Зулайка кайтарууга түшүп, окуусун бүтүп,  бүтпөй кудалашкан жерине тез арада узатып жиберишти.

Кечээ эле эч ажырабайбыз дешкен эки ашык,  айласыздан эки жээкте кала беришти. Эки жылда өз үйүндөй болуп калган, алгачкы акактай тунук сүйүүсүн тапкан мектеби, адам чыдагыс капаска айланып, ал тарапка баргысы келбей,  бармак тургай көргүсү келбей,  калган бир айга жакын убакытты араң өткөзүп, окуу жылы аяктар замат, арызын жазып, документтерин алды да Кеминди көздөй жөнөп кетти Саалы. Сагынган айылы, тырмактайдан чогуу өскөн курбуларына жүздөшүү,  кусалыкка ,  ызага толгон жүрөгүн бир аз күнгө жеңилдеткенсиген менен Зулайканын элеси басса турса оюнан кетпей, көз алдына тартылып,  колунан келсе жан досторунан кол  курап, Кочкорго түнү менен барып,  Зулайкасын тартып келгиси келип, Зулайкасыз жашоо маңызын жоготуп,  өлгүсү келип,  акыры бул кыйноодон жападан жалгыз жолун ичкиликтен таап, күндө акыл эсин жоготкуча ичмей адатка айланып баратты.

Саалынын арманын угуп, кайгысын чогуу бөлүшкөн достору аны кантип жаман жолго өзү менен өзүн калтырышмак эле, а дегенде так секирип каршы болгон Саалыны макул кылышты да,  бир теңтушунун Сокулуктан конокко келип калган бөлөсүн көндүрүшүп, экөөнү үйлөндүрүп коюшту.

Аңгыча жаңы окуу жылы башталып, Саалы Сокулукта орто мектепке ишке орношуп,  келинчеги менен ошол жерге көчүп  барды. Зулайкасы эсинен чыкпай,  алигиче эстеген сайын жүрөгү сыздаган  менен,  убакыт деген эң мыкты дарыгер эмеспи,  анын элеси улам алыстап, ал бир көргөн керемет түштөй сезилип,  келинчегине жытыгышып, турмушу бир нукка жаңы эле түшүп бараткан.  Балким,  ошондогу Зулакайнын каты болбогондо тагдыры караманча башка жол менен кетмектир.

Ал кезде бирге түтүн булатканына алты айдан бир аз өткөн эле. Саалы адаттагысындай эле түш оой сабактан келсе, келинчеги таза кийинип, чоң чемоданына кийимдерин жыйнап, жолго чыгууга даяр турган экен. Келинчегинин бул жоругуна таң кала, эмне болуп кеткенине түшүнө албай далдырай түшкөн Саалы оозүн ачып суроо салгыча эле колуна ачылган конверттеги катты карматты да: “Жакшы калыңыз, сүйгөнүңүз менен табышып бактылуу болгула!”- деди да баса берди келинчеги.

Кат Зулайкадан келиптир. Ал кыска жазган катында: “Ардактуум! Мен сени аябай сагындым. Бассам-турсам оюмдан кетпей,  сенин элесиң менен жашап келе жатам. Жакшы кабарым бар! Женпедке окууга өтүп, Фрунзеге келдим. Келип жолук. Жолугушчу күндү чыдамсыздык менен күтөм.  Мени Женпеддин жатаканасынан табасың.  Сенин Зулайкаң”, — дептир.

Саалы келинчегинин кеткенине деле көп кайгырган жок. Дем алышты чыдамсыздык менен күтүп, басса-турса Зулайканын элеси кетпей, жолугушчу учур  көз алдына улам башкача элестеп, ал таттуу учур кыялында миң түркүн кубулат. Бүтпөчүдөй созулган жылга тете эки күн да өтүп, акыры күттүргөн жекшемби да келди. Жүрөгү элеп-желеп болуп,  женпеддин жатаканасына  жетип барганда, каттагы көргөзгөн бөлмөдөн бейтааныш кыз чыгып, колуна Зулайканын алакандай катын тапшырды. Ал кат делөөрүп, өчүп бара жаткан сүйүүсү кайра жанып, ал сүйүүнүн деминен жаралган, ичинде жалындап күйүп жаткан чоктой ысык сезимине күтүүсүздөн муздак суу куюп жибергендей эле таасир этти. Катты кайра-кайра окуп карайлаган көздөрү “Соң-Көл” ресторанын үчүнчү кабатын карай багыт берсе, иче электе эле рингден ногдаун алган мушкердей темтеңдеп чалыштаган буттары, көбүн эсе көңүлдөрү ачык, чеке жарылган сүйүнүчтүн ээлери  менен кайгы-муңу толгон жан дүйнөсү жаралуу жандар барчу ошол жайга сүйрөп жөнөдү.

Башына батпай чатыраган мээсинде: “Кайын энемди уй саап жатса тээп жиберип, колу сыныптыр. Менин окуумду жыйыштырып,  айылга алып кетишти. Жолугушпай кеткениме армандамын. Кош жаным, мындан ары тагдыр бизди жолуктурабы,  жолуктурбайбы билбейм. Мени кечирип кой. Бактылуу өмүр сүрүшүңө тилектешмин”, — деген Зулайканын каты жаңырат. Бир жумага созулган көөдөндөгү “өрт өчүрүү”да аягына чыгып, келинчегинен ажырап бой калган Саалы,  ишинен арызы менен бошонду да, кайрадан Кеминге  зыр койду. Кудай таала чекеге жазган тагдырдан ким кутулмак. Баары бир нике кайып Кочкордон буйурган экен, теңтушу Жуманын жакын жеңеси баягы Саалы иштеп кеткен мектепке директор болуп дайындалып иштеп калган эле. Кеминге келгенден эки жылча өткөндө ошол киши Жумага “Саалы экөөң келгиле, келинчек дайындап койдум”, — деп кабар бериптир.

Башкармадан үстү ачык жүк ташуучу машинесин  сурап, үстүнө самандан калың таштап, эжесинин таар,  кийиздеринен төшөп  Кочкорго кирип барышты.  Жеңеси кыздардын ата-энелери менен сөздү бүтүрүп койгон экен. Ошентип,  Саалы Гүлбайрамды, Жума Гүлбүбүсүн таап, бир күндө түтүн булатышкан. Убакыт өтүп,  алмончоктой үч кыздуу болуп, сүйүүдөн алган жараты унутула баштаганда тагдыр тамашасын кайра баштады.

… Бул жолу сайманын жибиндей чырмалышкан кыйма-чийме тагдыр, армандуу эки ашыкты коңшусу Нагызбектин үйүндө жолуктурду. Жаңы көтөргөн ак өргөөсүнүн тоюна чакырылган Нагызбектин кайын журту менен Зулайка да келген экен. Айылдын жумушу түгөнөбү, улам бир ишин бүтүрүп жүрүп, Гүлбайрам экөө Нагызбектикине келгенде меймандардын алды орто кызуу болуп калган. Босогону жаңы аттап,  меймандар менен учурашмакчы болгон Саалынын көзүнө эң алгач эле дасторкондун оң капталында, терезенин алдында отурган Зулайканын көзгө тааныш, Саалы мектепке алгачкы жолуккан кездегиден да сүйкүмдүү, каректерине сагынычы, кусалыгы толгон  сыйкырдуу көздөрү урунуп, капыстан ток урган кишидей сандырактай түшүп барып оңолду.

Ыгын таап сыртка чыга алышпай, тымызын,  көздөрү менен сүйлөшүп, көздөрү менен арбашып бир топ убакыт өттү. Саалынын жан дүйнөсү буркан-шаркан түшүп,  кыялында мобул топураган элден, башкысы Гүлбайрадан кантип бөлүнүп, кайсыл жерде Зулайкасын кучагына кысып, көкүрөктө бугуп жатып капысынан ойгонгон сагынычын кантип чыгарыштын амалын издеп жатты.  Жакында эле өзү иштеген мектепте чоң чуулгандуу окуя болгон эле.  Онунчу класстын окуучусу Эсен менен тогузунчу класстын окуучусу Зина кышкы каникул учурунда дайындары чыкпай жоголуп, эл ичи күбүр-шыбыр күдүк сөздөргө толгон. Ар кандай жоромолдор айтылып, экөө бир жерге барып өлүп калышты го дегенге чейин барышкан. Он күн дегенде мал издеген Айдаркул тиги эле Аяккы-Үч-Булактагы кыштоодогу чабандын тигилүү бойдон калган боз үйүндө кирип чыгып жүргөндөрүн көрүп, ата-энеси барып таап келишкен.  Саалынын оюна эшиктеги байлануу ээр токумчан аттын бирин минип,  Зулайкасын өңөрүп, ошол жаштардын “махабат үйүнө” ала качып кетүү чечими келди.

Той ортолоп,  меймандар отура берип талыкшыган буту-колдорун жазмакка эс алууга чыгышканда,  Саалы Зулайканы колдон кармап, аттар байланган короону көздөй жетеледи. Далдоого барышып, кучакташып,  жытташып ал-ахвалдарын сурашкандан кийин жан делбеси козголуп турган Саалы жанатан берки даярдап койгон оюн ортого салды. Бирок Саалынын жанында баягы от десең отко, чок десең чокко секирүүгө даяр секелек кыз эмес, акыл-эсин токтото билген сабырдуу эстүү аял турган эле. “Саалыке, сен да татынакай үч кыздуу болуптурсуң,  менде да балдар бар. Ошол балдарыбыз  үчүн,  алардын келечеги үчүн үй-бүлөбүздү бузбайлы. Мындан ары сый мамиледе эле жүрөлү. Үй-бүлөң менен бактылуу бол. Менден эстелик катары бул дептерди окуп жүр”, — деп кол сумкасынан сырты көк,  кадимки окуучулардын 12 беттүү чоң сызык дептерин сунду.

Аңгыча,  теребелди экөөнүн махабатынан кыз кезинен кабары бар,  экөөнүн бирге чыкканын байкап калып, кызганычы козголуп издей баштаган Гүлбайранын “Саалы, кайдасың?”- деген тынчсызданган үнү бузду.  Анын дабышы алар тарапка жакындап келатканын туйган Саалы дептерди эки бүктөй костюмунун ички чөнтөгүнө сала коюп, Зулайканы караңгыга калтырып,  билмексен болуп,  жарыкка Гүлбайраны утурлай чыкты. Бирок кеч болуп калган эле. Гүлбайра караңгы жерге дымын ичке тартып кыймылдабай туруп калган Зулайканын караанын бир карап алды да, унчукпай басып кетти.

Тагдырдын тамашасын кара,  ошол күнкү жолугушуу Зулайка экөөнүн акыркы жолугушуусу болгону менен, Гүлбайра экөөнүн өмүр бою бүтпөгөн кансыз согушунун тутанышы эле. Андан бери сапырылып, атырылып жылдар өттү. Сүйгөн кесибин аркалап, элдин кадыр-баркына ээ болду. Алгачкы сүйүүсү, качандыр бир убакта бирөөнүн башынан өткөн окуядай сезилип,  жүрөгүндөгү так карттанып, ооруну сезбей , ал жөнүндө ойлонбосо да, ал сүйүүнү ошондо тутанып,  али күнгө чейин уланып келе жаткан улуу согуш гана  эскертип калган эле.

Өгүнү Сабирдин капыстан берген суроосу, андан Зулайканын эки жыл мурда каза болгону тууралуу кабарды угушу, ошол согончоктун чорундай болуп катып калган картка тийип, жара тилген курч болот шамшар болду.  Баягы көк дептер, Гүлбайра Саалынын каткан жеринен таап алып окуп алган көк дептер, өмүр бою уланган согуштун себеби болгон көк дептер, кезектеги чатактан кийин өрттөп жиберген көк дептер эсинен кетпей, ал дептер менен кошо Зулайкасына кошчу көпүрөнү кошо өрттөп жибергенсип өкүнүп, андагы Зулайканын шурудай тизилген сулуу тамгалары менен жаш аралаш жазылган арманы, көкүрөккө батпаган кусалыгы, саргайткан сагынычы кайрадан көз алдына тартылып, арзууга толгон, жалынып жалбарган үнү кулагына жаңырып,  ошол күндөрдү кайрадан башынан кечире баштады. Сексен жети жылдан ашык бир көз ирмемге  да токтобой согуп, нечен сыноолорду көрүп чарчаган карт жүрөгүн капилеттен каптаган жаалданган селдей болгон оор эскерүү алсыратып, Саалыны кадимкидей  бүк түшүрдү. Бул катуу соккуданбы  же ичер суусу түгөнүп, убактысы бүттүбү, көп узабай Саалы бул жалган дүйнө менен коштошуп,  акыретте Зулайкасына кошулууну үмүт кылып жөнөп кете берди. Ошону менен бул учу кыйыры жок чексиз ааламда жеңиши жок, жеңүүчүсү да жок бир улуу согуш тамам болду.