
Бул окуя илгери-илгери бир орус кыштагында болуптур. Ал кездерде орустун өлкөсүн падыша башкарып, падышанын кызматындагы аскерлер жыйырма беш жыл кызмат өтөшчү экен. Күндөрдүн бир күндөрүндө, айлардын бир айларында сакалдары көкүрөгүн жапкан атчан аскерлер падышанын тапшырмасы менен алыс сапарга чыгышат. Жайдын аптабы. Күн жерге үзүлүп түшкөндөй ысып, ат туягынан жолдун чаңы сапырылып, аттары илээлейт. Ооздору кургап, тилдери оозуна батпай бир тамчы суу көздөрүнөн учуп келатышып, акыры бир чакан айылга туш болушат.
Көчөдө өмүрү кийим кийип көрбөгөн немедей, денелери күнгө күйүп, чаңга оонап капкара болушкан, согончоктору туяктай болуп чор баскан, киринен өңдөрү билинбей калган кыска штанчан беш-алты тестиер баладан башка жан көрүнбөйт. Балдар ойноп жаткан оюндарын унутуп, аскерлердин окшош, кооз кийимдерине, олбурлуу, келишимдүү аттарына кызыгып чуркап ээчип алышат. Борбордон алыс түпкүрдөгү айылда күндө эле мындай окуя боло бербейт да. Командир балдарга бир сыйра көз жүгүртүп, тигилердин арасынан бир аз кырдуурак, тунук асмандай көк көздөрү ойноктогон жүнү тирүү өспүрүмдү өзүнө чакырды:
– Эй уулум, атың ким?
– Мени билгендер Сашка деп чакырышат,– дейт тиги, ушундай маанилүү киши өзүнө кайрылып жатканына маашыр болуп. Ал өмүрүндө мындай кооз кийинген сымбаттуу адамды көрө элек эле, тигинин даражасына ылайык жооп бергенге аракеттенгени байкалат. Тиме эле тиги солдаттарды туурап, чыбык атына башын кайкалата көтөрүп чакчырыла минип алган.
– Үйүңөрдө ким бар, ата-энең кайда?
– Атам, апам, байке, жеңелерим баары чөп жыйнап талаада жүрүшөт. Ушул учурда ким үйүндө көлөкөлөп отуруп алсын,– деп койду каадалуу кишиче.
– Сен азамат жигит турбайсыңбы. Үйдө квасыңар барбы?– деди генерал баланы мактай чалып.
– Бар ата, азыр алып келем.
Мактоо жага бербей, жанындагы кичинекей бөбөктөрүнө көрдүңөрбү менин ким экенимди дегенсип көкүрөгүн көтөрө бир карап алды да, чыбык атын жанында жакын турган чачы тармал сары балага кармата салып, көчөнүн өйүзүндөгү калың кара бактуу үйгө жүгүрүп кирип кетти. Алеки заматта толтура квас куюлган чоң чопо идишти эки колдоп көтөргөн Сашка көрүндү. Генерал аттын жалына эңкейип, Сашканын колундагы идишти алып, муздагы чекеге чыккан квасты ырахаттана жутуп жатты. Идиштеги квасты кап ортосунан түшүрө жутуп, көздөрү умачтай ачылып, жаны жыргай түшкөн генерал Сашкага суроо узатты:
– Сашка, сен чынында эле азамат жигит экенсиң. Квасың аябай даамдуу, муздак экен. Квасыңарды каякта сактайсыңар?
– Үйдүн подвалында эле сактайбыз.
– Аа, жакшы экен, Сашка, бул аталарың да суусап келатышат. Квасыңар көппү?
– Ооба, көп эле, эмеле мен челекке түшүп сузуп алганда киндигимден болчу. Генерал баланын белинен ылдый сууланышып, кири эзилип агып жатканын, чор баскан карганын бутундай туурулган согончокторун эми байкап, көздөрү чакырая түштү.
– Ой, иттин баласы, эмне челекке түшүп алып суздуңбу?
– Боюм жетпесе түшпөймүнбү, такай эле ошентип сузуп алабыз,– дейт Сашка генералдын мүнөзү эмнеге тез эле өзгөргө түшкөнүн түшүнө албай.
Генерал Сашканы, анын жанындагы мадыра баштардын жаздан бери суу көрө элек карала-торала денелерин карап алып, жийиркеничтен денеси жыйрылып, колундагы идиш колунан кантип ыргып кеткенин байкабай да калды. Чопо идиш жол жээгиндеги чекеси чыгып турган кара ташка урунуп, үчкө бөлүнүп жатып калбаспы. Ошол жерден Сашка аңгырап ыйлап коё берди:
– Бул эмине кылганыңыз, оорулуу чоң энемдин горшогун сындырып салбадыңызбы. Эми мен атамдан таяк жейм да. Чоң энемди эшикке ким көтөрүп чычтырып, сийгизет.
Генералдын өңү өзгөрө түшүп, бир нерсе айтайын дегиче болбой жаңы эле ырахаттанып ичкен квасы ичтен тээп чыгып, ат жалында өбөктөп кусуп жатты.