ШАКИР Олжобай: ТӨӨСОЁР АКЕ

АҢГЕМЕ

Бала кезимде Төөсоёр деген аксакалдын көзүн көрүп калдым. Бир күнү казанда кайнап аткан эт бышканда жаңыле колубузду жууп, дасторконго отурарда сырттан аттын дүбүртү угулду. Баарыбызга эт тартыларда булоолоп турган чарадагы эттен көзүмдү алалбай турганымды байкаган атам мага ачуусу келдиби же менден чоңдоруна бекен:
– Сыртка киши келди, мени жечүдөй болгон атаңдын оозун урайындар, чыгып атын албайсыңарбы! – дегенин укканда, үйдөн атып чыктым.
Жаңыле ээрдин кашына тизгинди байлап аткан Төөсоёр акенин түшүүгө камданганын көрүп, ылдамдап жетип, колтуктан алдым.
– Чылбырды өзүмө бер, бекемирек байлайын, – деп мени баласынтканына, анан мени маалкатып атты шашпай байлаганына чыдамсыздана баштадым.
Себеби Төөсоёр акенин атын алып, үйгө киргизгичекти чүкөсү бар жиликти атам менден башкаларына карматып жибербесе экен деп баяле чыйпыйым кайнап аткан. Мен артынан ээрчип, аксакал үйдү карай ансайын жайбаракат кадам шилтегенине ичимен жарылып кете сактадым. Босогого келип гөлөшүн чечип атканда да мамыда байланып турган атына кайра кылчайганда…
– Төөсоёр аке, үйгө кириңиз эми! – деп чыйпылыктап жиберсем, атам мага кумсарган өңү менен карап калыптыр…
– О-оо… ниетиңиз жакшы экен, бышкан тамактын үстүнөн чыктыңыз… Келиңиз өйдө өтүңүз, – үйдөгүлөр менен кошо атам да ордунан тура калды. Мен отурайын деген кезде атам апама «муну эшикке алып кет» дегендей ишарат кылды. Апам мени сыртка жетелеп барып:
– Ай… акылы жок!.. Төөсоёр аке дегендей, сен анын бешигин терметтиң беле? Экинчи антпей жүр, анын аты Төөсоёр эмес…
– Силер Төөсоёр аке деп эле жүрбөйсүңөрбү! – деп чунаңдадым.
– А сен антип айтпа! – колума карын-сарын менен аралаш чар эт салынган табакты карматкан апам төркү үйгө кирип кетти.
Кийин Төөсоёр аке кеткенде атам өзүнчө отуруп алып ыкшыган күлкүсүн араң тыйды да:
– Ай… атаңдын гөрү балам, – деди башын чайкап. – Уят кылбадыңбы аксакал кишиге… А киши сенин Төөсоёр аке дегениңди укканда, жерге кирип кетейин деди го…
Көрсө, тэ-ээ илгери ачарчылык мезгилинде чиедей балдары кырылып каларда талаада кезиккен төөнү союп алган экен, кийин ошол чиедей балдары чоңоюп-чочоюп, үйлөнүп-жайланганда келиндери өтө эле ыймандуу чыкса керек, а кишинин азан чакырып коюлган атынан айталышпай, тергеп жүрүшүп, Төөсоёр деген ысым акишинин өмүр бою бетине чиркөө бойдон калыптыр…
Азыр ойлойм, Төөсоёр аке илгери ачарчылыктын айынан Төөсоёр атка конуптур, а азыркы токчулук заманда биздин арабызда эле Уйсоёр, Жылкысоёр, Итсоёр, ал эмес Кишисоёр атка кончуу канча ууру, канча кан ичкичтер бар! Атаңдын гөрү, ошолордун азан чакырылып коюлган аттарын тергеп айтар жеңелер менен келин-кезектер калбай бараткандай!

Олжобай ШАКИР
2006-ж.