АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КУЙРУЧУКТАЙ КУУДУЛ ЭЛЕТТИКТЕР-II

Байгазы уулу Кудайберген, (1879-1974)

Ата тегиСарбагыш -Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Айкө-Боктубай-Кудайбакты- Бегиш- Шааболот-Байгазы- Кудайберген

Ыбрайдын Казакстандын Узун агач деген жеринде балдызы үркүндөн кийинки ачарчылыкта казакта калган экен,  ошол казак жездесиникине барса куржунга тамак-аш салып эшекке артып берип жөнөтүптүр. Ал эшекти Ыбрай жакын досу Кудайбергенге тартуу кылат.  Эшеги тың,  басыктуу чыгып,  “Аккула”— деп ат коюп,  аны өлөр өлгүчө минип  жүрдү.   Бир жылы «Аккуласын» алкынтып,  бел ашып,  кыр ашып Чоң-Кеминден Актүзкө барат.   Актүздөн кайра ашып,  Суулу-Булак деген жайлоого түшүп,  аяктагы чабандардыкында конок болот.

Аккуласы да аяктан тели-теңтуштарын таап,  таң аткыча сайрандайт.   Эртеси андан ары Тегирменти  жайлоосундагы жылкычы курдашы Шабырдыкына барып жатып калат.   Эртең менен туруп карашса тушап койгон аккуласы жок,  көрсө Суулу-Булактагы “подружкалары” кыйкыргандарын кулагы чалганбы,  айтор түнү менен «күйөөлөп» кетиптир.   Балдар издеп барып,  ошол тараптан таап кармап келген соң,  Кукең: “Деле кулагыныңдын узунун кантейин,  угаанагын кантейин,  ургаачы эшек бир күндүк жерден кыйкырса угуп,  ээңди ээн талаага таштап кетет экенсиң го,  андай болсо кулагыңды кыскартып коёюн”,— деп ак куласынын эки кулагын түбүнөн шарт кесип салган экен.

*   *   *

1972-жылы таенем Сабыркүл каза болду. Таятам Айманбайдын теңтуштары көңүл айтышып, боз үйдөн окчунураак жерде тегерек тартып отурушкан.   Бул турмушта кайгы менен күлкү аралаш жүрөт эмеспи,  Кудайберген адатынча ар нерселерди айтып,  отургандарды күлдүрүп жатты.  Аңгыча бир көзү сокур Сапардын Өмүрү деген адам ага тийише кетти:

— Эй,  Кудайберген,  сен баарын билем,  баарын көргөм деп эле мактанасың,  ушу сен шайтанды көрдүң беле,  көрсөң айтчы,  ал деги кандай неме болот экен?— десе,  Кудайберген токтолбой:

— Ооба,  Өмүке, шайтанды да көргөм,  ал дагы мобу Жапар экөөңдөй бир көзү сокур неме болот экен, —дегенде отургандар дуу күлүп калышты.   Өмүр этек-жеңин кагынып,  туруп четке басып кетти.

*   *   *

Элдин турмушу оңолуп,  жалпак жабылган үйлөрдүн ордун шыйпырланган үйлөр ээлеп,  эшик,  терезелерге парда тартыла баштайт.   Элден кем  калбай Кудайбергендин кемпири да  эшигине кызыл тукабадан парда илет.   Андайга көнбөгөн Кудайбергенди эшикке кирип чыккан сайын тебетейи пардага илинип,  жерге кулап түшүп жүдөтөт.

“Атаңдын оозун урайын, эшикке да дамбал кийгизип” – деп кобуранып,  башы тийбегендей ченеп туруп,  кайчы менен парданы кыскартып кесип салган экен.

*   *   *

Кудайберген ооруп,  төшөктө жатканда учурашып,  ал-акыбалын сураганы уруулаш инилери келишет.  Өмүрүнүн аягына саналуу сааттары калган Кудайберген тамашасын таштабай:  “Келип алымды сураганыңарга ыраазымын,  мен эми көрүмө ала кетмек белем,  бул жашоодо тапкан табылгаларымды силерге таштай кетейин,  кулагымдын дүлөйүн Эгемаалы сага таштадым,  башымдагы тазымды Токон сага бердим.   Таарынбай менден эстелик кылып ала жүргүлө”, –деген экен.   Кийин чынында эле Эгемаалынын кулагы катуу, Токондун башы таз болду.

Жумагул Ысманкул уулу, (1909-1981)

Ата теги:  Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Илеке-Маматбек-Абылмейис-Ысманкул-Жумагул

Жумагул Улуу Ата Мекендик согушта кавалерияда кызмат кылган,  атка тыкыя минген, чарчы бойлуу киши эле. Эмнегедир аны көргөндө мектептеги Максим Горькийдин сүрөтүнө окшоштура берчүмүн.   Жүргөн жерин күлкү аралаган шайдоот киши эле.   Кайда жүрбөсүн анын сөзүнө куштар адамдар тегеректеп алышканын көрчүбүз.   Эл оозунда айтылып жүргөн,  көбү унутулуп,   азы калган жоруктарынан айта кетели.

Жумагул дүкөнгө кирсе,  толтура киши,  бир бөтөлкө арак алып,  чыгып баратса,  турган теңтуштарынын бири:

— Жөн эле кетип каласыңбы,  бузбайсыңбы алдагыңды, —деп тийише кетет.

Бир бөтөлкө аракты ушунча кишиге бөлгөндө эмнеси калат дедиби,  айтор бөтөлкөнүн оозун ачып,  бир чоң ууртап,  турган элге тегерете бүркүп туруп:

— Эми таарынбай ушуну ооз тийип койгула,  калганын кемпирим экөөбүз ичелик, —деп чыгып кетиптир.

*   *   *

60-жылдары Чоң-Кеминдин Новороссийка (азыркы Шабдан-Ата) айылында түрмөгө кесилгендердин лагери боло турган.   Сүргүндөгү адамдарды совхоз ар кандай жумуштарына пайдаланчу.   Ошол адамдардан бир казак жигит айылдагы чабандардын биринде сакмалга келет.   Бир күнү ал чабандыкына Жумагул барып калат.  Тамак ичилип жатканда ысып,  баш кийимин чечип койсо,  башынын таз экенин көргөн казак жигит:

— Ой бай,  анау кишинин башы айна (казактар күзгүнү айна дешет) экен гой, —деп кыткылыктап күлсө,   Жумакең:

— Оо атаңдын оозун урайын маңка,  кенен Казакстандан көрүнгөнгө күзгү таба албай ушул жерде жүрөсүңбү,  ме көрүнүп ал!— деп башын казакка тосуптур.

Сөзгө сынган казак кечирим сурап,  алдына түшкөнүн ыраматылык Камбар байкем айтып берди эле.

*   *   *

Таң эрте сырттан келип кемпирине: “Ээ кемпир,  уй ооруп турат окшойт,  мен тиги мал догдур Сагынды ээрчитип келе калайын”, —деп чыгып кетти.  Кемпири короого кирип уйду караса чын эле какыйып чөп жебей турат.  Суу берсе ичпей койду.   Аңгыча Сагынды ээрчитип Жумакең келди.   Сагын уйдун ар жак бер жагына чыгып сыйпалап,  түрткүлөп көрүп: “Ашказаны иштебей жатыптыр,  жарым бөтөлкөдөй арак берсек эле жакшы болуп калат”, —деди.   Кемпири үйүнөн каткан бир бөтөлкө арагын алып чыгып берип,  чай-пайын камдап кайра чыкса уй кадимкидей чөп жеп калыптыр,  Сагынга алкышын айтып жөнөттү.   Көрсө,  уйдун тез эле жакшы болуп кетишинин себеби бар экен.   Жумакең уйдун тилин кыл менен бууп коюп,  баягы бөтөлкөнү Сагын экөө бөлө тарткандан кийин кайра чечип коюшуптур.

“Кийин бул номерибизди дагы бир нече ирет кайталадык”,—деген эле ыраматылык Сагын байке.

*   *   *

Жумагул колхоздун тоют сактаган чарбасына кароолчу болуп калат. Бир күн күйөөсү бир иштер менен түрмөгө түшүп калган жаш келинди кайын энеси:  “Бар,  капты алып силос апкелип уйга бербесең ачка неме сүткө жыргатпай калды”, —деп  «уурулукка» жөнөтөт.  Түн,  айдын толо элек кези.   Келин этегин белине кыстарып,  чоң сары капты силоско шыкап,  көтөрүп жаңы жөнөй бергенде Жумагул байкап калып ат менен кууп жөнөйт.   Качып кутулбасын түшүнгөн келин бир арыкка сары кабы менен башын катып жата калат.   Жумагул атынан түшүп: “Ой,  сен кимсиң ?— деп каптан таркылайт.   Бир чети коркконунан,  бир чети уялганынан жер жарылса кирип кетчүдөй болуп турган  келин ого бетер капты чүмкөнүп коё бербей тырышат.

Жаш келин экенин байкап калган Жумакең тигини уялткысы келбеди окшойт: “Оо,  атаңдын көрү,  бул киши эмей эле ташбака го?”— деп кобуранып,  атына минип бастырып кетиптир.

*   *   *

Жумагул эки таңгак чөп чаап алып,  атына арканы жатканын көрүп,  жардамдашып коёюн деп  жээниҮсөн басып барса:  “Оо атаңдын оозун урайын,  сен  күндө мени менен келип артышып бересиңби,  бүгүн артышып койсоң жаман үйрөнүп алып күндө сени кайдан табайын”,—деп урушуп коё бериптир.

*   *   *

Мектептин акыркы классында окуган балдар жашынып вино ичип жатышканын көрүп калган Жумагул:   “Балдар эми мен силердин вино ичкениңерди мугалимдерге айтпай эле коёюн,  андан көрө эртең келип картөшкөмдү чаап бергиле,  мен силерге тойгудай вино алып берейин”, —деп убадалашат.

Эртеси баягы балдар барып картөшкөсүн отошот,  арасында жээнинин уулу Жекен да бар.   Жумуш аяктап баратканын көргөн Жумагул: “Балдар, эми мен дүкөнгө барып кечээги убаданы алып келейин”, —деп аттанып кеткен эле.   Бир оокумда аттын ары жагына бир ооп,  бери жагына бир ооп Жумакең келатат.   Огороддун четинде күтүп отурушкан балдарды көрүп: “Оо атаңдын оозун урайындар,  менин огородумду тебелеп жүргөн силер кимсиңер ыя,  жонуңардан кайыш тилейинби”, —деп аты менен зыркырата кубалап кирбеспи.

Жекен Жумагулдун короосуна кирип жашынат.   Бир кезде балдарды чилдей таратып кубалап ийип,  Жумагул атын байлаганы короосуна кирип,  Жекенди көрүп: “Ой сен кеткен жоксуңбу,  жүрү чай ичели”, —деп сүйлөсө,  сопсоо эле экен дейт.   Жөн эле мас болумуш болуп балдарды таркаткан тура.

*   *   *

Жаңы жылда күйөө баласы Азис коноктойт.   Сый жарашып,  Жумакең көп ичип койгонбу, баса албай калат.   Кемпири кызы экөөлөп чанага эптеп салып алып,  үйүн көздөй сүйрөп баратып эс алып токтой калышса,  өзү мас болсо да,  тили соо кавалерист Жумакең арабанын аттарын айдагансып:    — Нуу!— деп ансыз да араң баратышкан кемпири менен кызын күйдүргөн экен.

*   *   *

Эжеси Санагүл Новороссийка айылындагы таздар Султандын  аялы.   Жумакең бир күнү Новороссийканын базарына барып,  теңтуш достору менен ичип отурганда бирөө тамашалап эжең өлүптүр деп койгонбу  же өзүнүн мээсине бир нерсе кылт эте түшкөнбү,  айтор кызуу неме жол боюндагы жездесиникине тээ алыстан эле эжесин жоктоп кошуп өкүрүп келет.   Эмне болуп кетти деп бир заматта кошуна-колоң чогула калат.  Элдин ичинде эжесин көрүп:

— Апей,  сен тирүү белең?— деп коёт дейт.

— Элге шерменде кылып, тирүүмдө өкүрүп,  кепке калтырдың, —деп таарынып,  тултуңдап урушкан эжесине:

— Өлгөндөн кийин өкүргөнүмдү укмак белең, тирүү кезиңде менин кандай жоктоорумду угуп алганың жакшы эмеспи, —деп тамашалап жатып,  эжесин тынчыткан экен.