
– Каке, базарда уй беденин уругун сатылып жатабы?
– Билбейм жеңе, сатылып жатса керек?
– Баасы кандай болду экен?
– Базарга күздөн бери каттай элекмин, билбейт экенмин.
– Ошону билип бербейсиңби?
– Мейли жеңе, сураштырып көрөйүн.
Аңгыча ар жакта жер сайып аткан кошуна кайниси басып келди:
– Ай жеңе, баягүнү эле өзүң уй беденин уругун алдым деп жатпадың беле?
– Ооба, алгам.
– Канчадан алдың эле?
– Килограммын 65 сомдон алдым.
– Анан эмне Какемдин мээсин жеп атасың?
– …….
Каке, тигил ылдый бараткан атчан ким?
– Билбейм жеңе, өзүң билесиң көз начар.
– Ой ал менин кайним го, ошол турбайбы. Ал кайдан баратат ыя?
– Жеңе, мага караганда кайниңдин үйү сага жакын го, мен аны менен чогуу жатпасам же ал келип тиякка барам, тигини кылам деп айтып кетпесе…
– Каке, менин 1 гектир жеримди айдатып бербейсиңби?
– Макул жеңе, акчаңды, майыңды даярдап кой.
– Каке, ушул жерди быйыл сен алып иштетпейсиңби?
– Мейли, анда арпа тукум артып калды эле, ошону сээп коёюн.
– Анан мага эмне бересиң?
– Күзүндө 5 мүшөк арпа берейин.
– Дагы кошпойсуңбу.
– Макул, 6 мүшөк болсун.
– Кой, дагы кошо түш.
– Макул, 7 мүшөк берейин.
– Дагы болбой калды, Каке.
– Келе колуңду жеңе, мен айтайын ошону менен токтойлу.
– Жок, колумду берсем сен 8 мүшөк деп койсоңчу?
– Макул жеңе, 10 мүшөк берейин, андан ашык десең жериң мына, өзүң эле сээп ал.
– Макул, макул. Эми ыраазымын. Бирок дагы бир чака арпа кошуп койчу.
– Ай жеңе, ансыз деле 10 мүшөк алып атпайсыңбы, дагы бир чаканы эмне кыласың?
– Тазасынан берсең талкан тарттырып алайын дегем.
– Макул эми аныңды да берейин.
– Каке, өзүң да талкан тарттырасыңбы?
– Ооба, талкансыз болмок беле.
– Анда жанагы мага берем деген бир чака арпаны деле кошо кууруп, тарттырып келип бербейсиңби.
– Ай жеңеке, күндө 1литр максым эле берип турбайынбы.
– Ошентесиңби?…
Телефон чырылдайт:
– Каке, силердин арыкта суу барбы?
– Ооба, жеңе, мен көчүп келип үй салганыма 20 жыл болду, ошондон бери эле суу соолуганын көрө элекмин бул арыктан.
– Биздин арыкка кичине жыгып койчу.
– Макул, жеңе.
– Түүт– түүт….
Телефон бир аздан кийин кайра чырылдайт:
– Каке, күрөгүң барбы?
– Бар, жеңе.
– Кичине жердин арыгын суу жеп кетиптир, күрөгүңдү ала келип оңдоп берчи.
– Макул жеңе, баратам.
– Каке, ырас болбодубу келгениң, алмага суу салып коюп, тиги козуну союп бере салчы, кыз-күйөөм келиптир.
– Жеңе, күйөө балаңа сойдурбайсыңбы козуңду.
– Ой, карабайсыңбы мобу күйөө баланын кебетесин, ачарчылыктан чыккан немедей болуп. Ушунун колунан бирдеме келет дейсиңби. Эмики балдардын колунан бок келбей калбадыбы. Өзүң эле алеки саатта бүтүрө койчу.
– Бүттүм жеңе, мен кетейин.
– Коё тур ботом, куурдак жеп кет. Ал бышкыча тиги алмаларды сугарып бүтүрө кой.
– Жеңе, илгерки ата-бабаларыбыздын жашоосу сонун экен ээ?..
– Ии, эмнеге антип айтып атасың?
– Кошунасы жакпаса, журт которуп кетип калышчу да.
– Аа, ошентчү бекен….