АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: БАШЫМДА ОЙ ЖОК, БОПБОШ – БАЙЫГАН УЙЛАРГА ОКШОП

*     *     *
Коркпо өлүмдөн, мезгил бүтпөй чектелген,
Бир тал чачың буйругу жок коробойт.
Мөөнөт бүтпөй — жашооң бүтпөйт эч качан,
Эрте келип ажал алдың торобойт.

Ажал келсе байлыгыңды карабайт,
Жаш экен деп жаштыгыңды аябайт.
Уруп койбойт мансабыңа, жашыңа,
Өлөмүн деп корко бериш жарабайт.

Корккун бирок карызыңдан кутулбай,
Каламбы деп аруу иштерди аз жасап.
Жүзгө чыгып кара иштерди кылганча,
Өлгөн жакшы таза жүрүп, аз жашап.

Арам ойдон, сасык ойдон алыс бол,
Калтырбагын гүлдөй адам көңүлүн.
Жакшылыкка жакын болгун калыс бол,
Кайталанбайт  бир берилген өмүрүң.

*     *     *
Жан дүйнөнү жакырчылык каптады,
Жандай көрүп, кудай тутуп акчаны.
Акча үчүн, байлык үчүн баш сайып
Ата-энесин даяр турат сатканы.

Унутасың уят менен намысты,
Бергиң келбей эптеп алган карызды.
Шылтоо менен өткөрөсүң күнүңдү,
Карыз издеп, жапканга эски карызды.

Туяк санап, саткың келбей малыңды,
Түйшүк тартып, кыйнап алтын жаныңды.
Жүргөн кезде байлыгыңды көбөйтүп,
Бир күн келип ажал алат жаныңды.

Узун Сары
Адыраңдап ойноок бала кезимде,
Апам айтчу дагы бир сөз эсимде…
Элес албай эске албаган ошол кеп,
Эмнегедир эми келет сезимге.

Согум союп, ырыстуусун чүйгүндөп,
Жакшы туздап кургагыча илгин деп.
Кургаган соң капка салып каттырды,
Узун Сары келет акыр бир күн деп.

Эрдин сөзүн бек кармаган аялы,
Катып жүрүп чүйгүндөрдү баягы:
Узун сары киши келсе бир күнү,
Эрим айткан ушул го деп сыягы.

Каткан этти салып берип узатты,
Өттү убакыт кыскабы же узакпы.
Үзүмчүлүк, күн узарып, мал арык,
Жут да келди, дайра ташып муз акты.

Узун сары келди окшойт жарыктык,
Каткан сүрдү тур байбичем алып чык.
Десе эри чочуп аял кеп айтат,
Узун сарың келип кеткен деп айтат.

Эске түшсө апам айтчу бул баян,
Эрксиз күлөм, мыйыгымдан жылмаям.
Ойлоп көрсөм ошол аңкоо катындай,
Опсуз чачып, талант шыкты жыйбагам.

Алла берген жөндөм менен талантты,
Ардактабай, иче берип аракты.
Өмүрүмдүн келгенде узун сарысы,
Өх, дедим го – карап куру табакты.

*     *     *
Кылым кечип, нечен тарых карыткан,
Кеменгер эл айланайын кыргызым.
Аялына башкартпайт дейт эр жигит,
Алсаң дагы мага десе нур кызын.

Айтышат ко болсоң мейли падыша,
Аялыңдын угуп жүргүн кеңешин.
Ордуна кой ката болсо кылганы,
Орундуу айтса уга билгин  жемесин.

Эмне иш кылсаң ашык эмес, кем эмес,
Так өлчөмүн таап кылсаң жарашат.
Эрди-катын эриш аркак болсо эгер,
Элдин баары бактылуу деп санашат.

*     *     *
Ойлорго ойлор уланбай,
Тепселген жашыл тулаңдай.
Өзүңдөн өзүң иренжип,
Ташыркап калган куландай.

Кылганың жылбай алдыга,
Үн чыкпай созсоң кардыга.
Кыйналган кезде унутпа,
Жакшы күн али алдыда.

*     *     *
Учкаштырып чөп чабыкка алпарып,
Айтчу  атам: «Ыгы менен чап балам».
Шилтегенде өзү кырып жөнөчү,
Тогузунчу чалгы атам таптаган.

Жапырылып кулап жатса боо түшүп,
Душмандарды чаап алгансып сулатып,
Удургучу жаш денемде жаш каным,
Кыялымда миң түркүн ой чубатып.

Отурчу атам кайрап берип чалгысын,
Маашырланып ар нерсени кобурап.
Нар жагында чымындардан корунуп,
Бригадирден сурап алган чобур ат.

Мезгил өттү, атам кайткан жайына,
Мен да улгайдым чыңап, кайрап чалгыны.
Отурамын кичүү уулумдун жанында,
Тилеп ичтен аз көрсө деп кайгыны.

Аттиң, бирок үйрөнө албай атамдан,
Чалгы чыңап курчуткандын сырларын,
Мокок чалгы калың чөпкө чалынып,
Бузуп жатты шырп-шырп эткен ыргагын.

Шамал, жамгыр, өмүр
Жаш бутактар ыргалышып шамалга,
Жалбырагы үзүлгүчө дирилдейт.
Ортосунда куурап калган карт бутак,
Онтосо да шамалга түк ийилбейт.

А асмандан кулап түшкөн тамчылар,
Дабыратат өчү бардай чатырды.
Катуу жерди каңгыраткан үндөрү,
Жумшак жерден үнү неге басылды.

Тепсеп жүрүп көрбөй жүргөн нерсе көп,
Угуп туруп билбегениң бир канча.
Жаралгандан кеткенибиз тез экен,
Жайдын күнү жаап кеткен бир жаанча.

*     *     *
Мынча неге кор тутабыз өмүрдү,
Болбос ишке оорутабыз көңүлдү.
Кечээки эле бирге жүргөн замандаш,
Бул жалгандан таппай калдым көбүңдү.

Биз жүргөндө көр тирликке кармашып,
Дүйнө менен, мансап менен арбашып:
Билинбестен арабызды суюлтуп,
Ажал чиркин жүрөт экен жармашып.

Келгилечи, эстүү өмүр сүрөлүк,
Кадырлашып, кастарлашып жүрөлүк.
Бир көз ирмем ушул кыска жашоону,
Көрбөйлүчү кетпечүдөй түбөлүк.

*     *     *
Бала деген бал болот го дегеле,
Балдан дагы ширин окшойт небере.
Баркыратып бал жытынан искесең,
Башкача бир күч кошулат денеңе.

Алдыңа алсаң, сийип-чычып, күлгөнү –
Азырынча бул дүйнөдө билгени.
Атыр жытын шоркуратып жыттасаң,
Аралайт ко таттуу сезим дүйнөңдү.
Улам кызык, улам жаңы кылыгы,
Уйку азайып, бир пас да жок тынымы.
Упчу соруп, эриндерин чормойтсо –
Унутасың кайгы менен муңуңду.

Өзөк жол
Ар бир пенде жашоосунда
Карманган бир жолдор бар.
Тапса эгер өзөк жолун,
Бакыт тапкан андайлар.

Өзөк  жолу – кудай жолу,
Алып барчу бейишке.
Ак жолунан адашкандар –
Түшөр  улуу кейишке.

Жасарыңда  кадамыңды,
Ойлонуп кыл миң ирет.
Таразага түшкөн кезде,
Жакшы жаман билинет.

Өзүмчүлдүк, ичи тардык,
Өзөк жолду жалмаган.
Өз көмөчкө күлүн тарткан,
Мээрим көрбөс Алладан.

Өзөк жолдон адашкандар,
Эске салбай  кудайды,
Көзү сокур, кулак бүтүн,
Кечип жашайт ылайды.

Оо жараткан өзүң жар бол,
Өзөк жолум тапканга.
Миң кайталап суранамын,
Ойгонгондо, жатканда.

Небереме
Күндөн ысык, күндөн нурлуу жарыгы,
Күлүп койсо жыргал ээлейт жаныңды.
Күлүңдөгөн кичинекей бөбөккө,
Керек болсо бергиң келет жаныңды.

Карап алып эт жүрөгүң эзилет,
Кандан бүткөн уландыңдай сезилет.
Карыйбыз биз, өтсө күндөр уланып,
Кичинекей күндөн күнгө жетилет.

Жаш уландын ыры
Асмандан каалгып аппак болуп,
Аппак кар жаап жатса саамайыма.
Ак кардай жүрөгүмдө тилек толуп,
Ак сүйүүм жолукса дейм таалайыма.

Аппак кар аппак тилек алып келген,
Аппагым кайда жүрөт айтчы деги.
Ашыгыма жолуктур сурайм сенден,
Ашыктырат мендеги жаштык деми.

Ак сүйүүм мага келбей бугуп жаткан,
Айланып алыстабай келчи бачым.
Ак кардай саамайымда эрип жаткан,
Акырындап кетүүдө  менин жашым.

Асмандан каалгып аппак болуп,
Аппак кар жаап жатса саамайыма.
Ак кардай жүрөгүмдө тилек толуп,
Ак сүйүүм жолукса дейм таалайыма.

*     *     *
Жашайлычы орун бербей  арманга,
Жашоо чиркин аз экен бул жалганда.
Жаштык барда ойноп күлүп алалык,
Жаштыгыңды кайрып бербейт карганда.

Жаштык деген оттой жанган кез экен,
Жалп деп өчүп кетмеги анын тез экен.
Жалп дейлекте пайдаланып калалык,
Жалп деген соң аттиң деген кеч экен.

Жалындайлы оттой жаштык барында,
Жаштык деген карылыкка камылга.
Жаштык кезди өткөрбөйлүк бекерге,
Жандай көргөн теңиң болсун жаныңда.

*     *     *
Кошулдук коңур күздө,
Чыгалык жаным жүзгө.
Батасын чын жүрөктөн,
Аталар берди бизге.

Күрдөөлдүү күз күнүндөй,
Жашайлы жокту билбей.
Ар дайым сүйкүмдүү бол,
Ардагым, кыз күнүңдөй.

Табыштык коңур күздө,
Ак сүйүү, тилек бизде.
Апалар жолун улап,
Түшөлүк аппак изге.

Төгүлгөн күз күнүндөй,
Төгүлүп жокту билбей.
Ажарың жанып турсун,
Алтыным, кыз күнүңдөй.

Уул-кызга ата болуп,
Жашайлык ашып-толуп.
Коштосун ырыс-таалай,
Бакыт куш башка конуп.

Күрдөөлдүү күз күнүндөй,
Жашайлы жокту билбей.
Ар качан  сүйүктүү бол,
Аппагым, кыз күнүңдөй.

*     *     *
Башымда ой жок, бопбош –
Байыган уйларга окшоп.
Милтемде ок бүттүбү
Мылтыгым  атаарда октоп.

Бир кесел тоорудубу,
Булагым соолудубу?
Сапарга чыга электе,
Сар жоргом жоорудубу?..

Тамаша ыр
Жалкоосуң дейт аялым,
Жалкоо мендей болобу.
Салыштырып көргүлө,
Чоң энемдин жомогу:

Жаш кезинен иш кылбай,
Жалкоолукка берилген.
Жада калса кашыктап,
Аш жегенден эринген.

Жалкоо эрин аялы,
Жаздык коюп жөлөптүр.
Мойнуна илип жапкан нан
Төркүнүнө жөнөптүр.

Кайтып келип төркүндөн
Бир шумдукту көрүптүр.
Оозу жеткен жерин жеп,
Ачкасынан өлүптүр.

Жылдыргандан эригип,
Жарты наны моюнда.
Жалкоо десе аялым,
Жомок түшүп оюмда.

Салыштырсам өзүмдү,
Эмгекчилмин талбаган.
Салып берген тамагын
Эрикпестен жалмаган.

Балитсиң дейт аялым,
Балит мендей болобу.
Улантайын угуп тур,
Энекемдин  жомогу:

Айыл десе аттанып,
Үйү калбай кирбеген,
Кир жууганды мындай кой,
Шыпыргыны билбеген

Бир аялдын үйүнө,
Апакеси келген дейт.
Ачууланып кызына,
Үйүн жыйнап берген дейт.

Кызы анда кеп айтат,
Болбоңузчу капа деп.
Жоготкомун шырдакты
«Кайдан таптың, апа?» — деп.

Шыпырылбай шырдагы,
Чаң топурак сиңиптир.
Кайран катын шырдакты
Ууру алды деп жүрүптүр.

Байкап көрсөм өзүмдү,
Боло элек ко жомоктой.
Батинкемди бир айда
Тазалаймын жоготпой.

Абийрбек Абыкаев, акын жана котормочу