АБЫКАЕВ Абийирбек: АЧУУ ЧЫНДЫК: ТОЙДОН ЧЫККАН ОЙЛОР

Жакшы көргөн тамашакөй кудам айтат: “Куда өзүң билесиң,  илгери кыргыздар той-ашты тээ күзүндө, жыйым-терим бүткөндөн кийин баштачу эле.  Ошол эң  туура экен.  Азыркылар акчасы болсо болду, бизге окшогон жер менен иштеген айылдыктарды ойлоп да коюшпайт. А биз жазында той эмес жер иштеткенге акча издеп кыйналып калабыз.   Тукумга, майга деп сары майдай сактаган акчабыз эки-үч тойго удаа-удаа барганда бүтүп калып жатпайбы.  Анан беш маал намаз окуган, мал байлап соода кылган кошуна иним бар эмеспи.  Тойго чакыруу келгенде ошого барам:

— Муке, көлдө бир кыйышпас дос бар эле, келин алып тойго чакырыптыр 5000 бере тур, -дейм, бере турган кошумчамды, жолго кетчү чыгымымды эсептеп.  Ал унчукпай берет.  Тойдон келип кампадагы арпадан сатып карызымды берип келатсам, Бишкектеги эжем 60 жылдык тоюн берген жатыптыр.   Мукеме кайра барып баягы 5000 сомду кайра алдым.  Ал карызымдан бир аз картошка сатып жаңы эле кутулганда — кудам кыз узатып ал чакырды,  бир теңтушум айылга там салып, тоюн Токмоктон өткөзүп буга бардым.   Кайра-кайра акча сурап жатып инимден уялып бүттүм.  Анан ага актанымыш болуп,  наалып жатпаймынбы:

— Ой, Муке той деген жакшы нерсе го, бирок кайра-кайра кафелерге бара берип тажап да кетет экенсиң, эми айла жок сага дагы келдим, — десем ал айтат:

— Байке, кудай деп намаз окуйсуңбу, окубайсыңбы түз жүрөсүңбү же туура эмес иштерди жасайсыңбы — ага баары бир, пендем деп ар кимдин сураганын берет.  Сиз өзүңүз ошол тойлорду сурап алып жатпайсызбы.   Эстесеңез,  кечээки тойдо эле стаканды толтуруп алып: “Ушундай тойлордон жолугуп жүрөлү, тойлор эле болуп турсун, такай эле ар бирибиз ушундай тойлорду берели”, — деп улам-улам тост көтөрбөдүңүз беле.  Мына ошол сураганыңызды берип жатпайбы Алла.  Эми эмнеге наалыйсыз, — дебеспи.

Ойлоп көрсөм аныкы да туура экен.

Мындай абалды жалгыз эле менин кудам башынан өткөзүп жаткан жок.   Айылдыктардын четинен сурасаң эле тойдон тажап наалыган кишиге жолугасың.   Тагыраак айтканда, тойдон эмес, кафедеги жыл бою тынбай өткөн тойлордон тажашты.  Кудам айткандай, илгери кыргыздар жыйым-терим бүткөндө, иштегендерге ыңгайлуу болсун деп алтынчы,  дем алыш күнгө тууралап беришчү той-ашты.  Азыр жаз, жай, күз, кыш болобу, биринчи күнбү, экинчи күнбү баары бир, өзү акча тапса болду,  чакырылгандар эмне болсо ошо болсун, иши кылып кошумча кошчуларды тандап чакыра бермей.  Кайсы  тойго, кайсы кафе ресторанга барба, баары окшош.  Убагында келбей кечиккен коноктор, шагырап топ-тобу менен чыгып окшош тост айтышкан туугандар, кудалар,  достор,  кулагыңдагы кулкуңду күбүп түшкөн,  колонкаларынын бети айрылчудай даңкылдаган  музыка, кечээки, мурдагы күнкү, былтыркы тойдо жаттап алган окшош тамашаларын кайталаган  тамадалар.  Биринен бирине өткөн кытай калпак менен  бир кийилбей  кирдеген чепкендер.

Конокту кой,  кээде той ээлери мага окшогон кечиккенди билбеген  он чакты “немистерден” да кеч келген учурларын көрдүм.   Кечикенден уялбай, эрте барсаң уят деп атайын бааланып, 2-3 саат күттүргөн кудаларды көрдүм. Саат бешке белгиленген тойго баары бир алтыда башталат деп дасторконун беш жарымда камдай баштаган кафелерди көрдүм. Айылга заңгыратып үй салып,  ага кара кулпуну илип коюп Токмок, Бишкектин кафе,  ресторандарына барып той бергендерди көрдүм.  Үйүнө шарактатып той берип бата албаса, мындай күндөрү башка кишини мындай кой, өздөрү кирбей, иш издеп жер шарын аралап кеткен балдарын күтүп, бир бөлмө времянкасында кемпири экөө каларын билгенде ошол тамды салыштын кажети бар беле? Пайдасын тийгизип, элден бата албаса, төрүндө бапырап той өтпөсө,  дубалына чийип, төрүнө сийип наристелер ойнобосо тамдын деле убалы бар го?

Көргөндөн көрөлегиң көп деп коюшат ко, илгертеден угуп көрбөгөн нерселерди да ушул кафедеги тойлордон көрчү болдук.  Кыргызымдын салтында жаңы келген келиндин өзүнө тиешелүү жүрүм-туруму, этикасы боло турган.  Улууларга тике карабай кымырылып, үнүн акырын чыгарып,  уяла басышчу эле.  Апаларыбыздын кай бирлери балпайып байбиче болгонуна карабай ушул убакка чейин кайнатасынын көзү эчак өтсө дагы атынан атабай тергеп, кайнагаларынын астынан кыя өтүшпөй ыйбаа кылышат.  Эмики тойлордо тамадалар келин менен уулуңду элдин алдына чыгарып алып: “Кана сен аялыңды кантип эркелетесиң? Сен күйөөңдү кантип эркелетесиң?” – десе, тигилер деле тартынбай, кайын ата, кайын энесин мындай кой, залдагы элди көзүнө илбей  “алтыным,  берекем, көлөкөм”, — дешип кадам сайын жалынып, ошол эле жерден баса калчудай эзилише кетип жатышпайбы.

Андан да “Жаныбек сен Гүлбайраны сүйөсүңбү десе, тигиниси СҮЙӨӨӨМ”,- деп залды жаңыртып кыйкырганычы.  Биринчи эле күнү беттери ачылып алынган немелер андан кийин уялышмак беле, сыйдын кетиши ошондон башталып жатпайбы. Баягы СҮЙӨӨӨМ деп кыйкыргандардын сүйүүсү кыйкырыгы менен шамалга учуп эрте эле түгөнүп калабы, эки айдан кийин ажырашып кеткендерин да көрдүм. Тамадалардын жаңы келинге кайнатасынын бетине чейин шыбап торт жедирткендери,  жапжаш келиндерди ортого чыгарып алып жарыштырып арак ичирип,  салтты, урмат-сыйды,  менталитетибизди эске албаган обу жок оюндары уюштургандары азыркы тойлордо адатка айланып, өзүбү деле эрөөн-төрөн көрбөй баратат окшойбуз.

Кыргызда эмне көп – той көп. Жентек той, бешик той, тушоо той,  сүннөт  той, үйлөнүү той,  маараке той, аягында өлгөндө да той кылып узатабыз.  Бул бир кишинин төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки башында турган тойлор.  Андан тышкары,  куда тосмой, машине жуумай,  кызмат ордун жуумай той, деги койчу иши кылып той берем десең 99 шылтоо табылат. Бул да болсо кыргызымдын пейилинин кененинен окшобойбу.   Пейили тар адам той бермек беле да, пейили тар эл мынчалык тойлорду тойломок беле? Анан эмне тээ кылымдардан бери тажабай келген тойлорубуздан эми тажай баштадык дейм да? Мунун сыры эмнеде болду экен?

Балким илгертеден ата-бабаларыбызга тийиштүү кең пейилибиздин бузулушунан чыгар? Азыркы илим кванттык теорияга таянып ар бирибиздин аң-сезимибиз,  ойлогон ойлорубуз материалдашып, жашоо турмушубузга,  ал гана эмес Аалам түзүлүшүнө чейин таасир тийгизет деп далилдеп жатпайбы. Бул кыргыздар  пейилиңе жараша көрөсүң дегенинин эле илимий айтылышы. Коом түзүлүшү алмашып,  баягы сакалчандар Карл Маркс менен Фридрих Энгельстер айткан “чириген капитализмге” киргени пейилибиз да бузулуп, чирий баштаган сыяктуу.  Алардын окуучусу Владимир Ильич Ленин “Коомдо жашап туруп, коомдон сырткары боло албайсың” деген эмеспи.  Эмикинин сакалчандары кыргыз экенин унутуп, кыргыздын адат-салтын танып жатышпайбы.  Коом бузулуп,  пейил бузулганда тойлорубуздун сырткы формасы да,  ички мазмуну да бузулуп жаткандай.

Сырткы формасы дегеним,  азыркы учурда үйүнөн той өткөзкөн адамдар азайып барат.  Ага себеп, айылда деле илгеркидей биринин үйүнө бири жумушу жок болсо кире беришпейт.  Чакырсаң келет, чакырбасаң келбейт. Атынан атап чакырбасаң, аялын таштап күйөөсү,  күйөөсүн таштап аялы кетип калмайы да бар.

Илгеркидей кошуналар бир жилик эт болсо бир казанга кайнатып чогуу жеп, түшкү чайды бул үйдөн, кечки чайды тиги үйдөн ичип,  бапырап турган заман жок азыр.  Кудага барса да, куда тоссо да бир үй-бүлө бала-бакырасы уул-келини менен бүтүрүшөт, илгеркидей туугандарынан сүйлөй да билген, иче да билген,  намысты колдон чыгарбай турган кишилерден иргеп-тандап алып бармай тарыхка кеткен.  Катышпасаң жатындаш бир тууган болсоң да чоочун кишидей болуп,  балдары алыстай баштайт турбайбы.

Ынтымагы жок болсо,  күйүмдүүлүк, бир туугандык сезим бара-бара алсырайт тура.  Андыктан той берсең баягыдай жапа тырмак туруп кызмат кылуу жылдан жылга азаюнун үстүндө.  Анысы аз келгенсип кызмат кылчу жаш жигиттер менен келиндер иш издеп, жер кезип ар кайсы өлкөлөрдө жүрүшөт.  Илгери совет өкмөтү малчыларды бапестеп  эрке баласындай мамиле кылышчу эле.  Жазгы сакмал убагында райкомдун биринчи катчысы чабандарды кыдырып жүрүп, анда-мында балп этип сүйлөп койчу одоно мүнөз чабандан:

— Эмне кем-карчыңыз бар?Эмне керек? –десе,

— Катын керек, — дептир.

Тигинин сөзүнө түшүнбөгөн аксакалы кайдагы немени чабан кылып жүрөсүң дегендей бөлүм башчыга оңурая караса, ал жалпактап чабандын сөзүн которуп жатат дейт:

— Аксакал, бул киши сакмалчыларга тамак бышырганга бир аял сурап жүрөт, ошону айтып жатат.

Ошол чабан байкебиз айткандай, үйдөн той берсең кызмат кыла турган  катындар тартыш.  Жамандык болгон жерлерде пенсияга чыккан карган дебейин, улгайып эле калган аялдар сорпо куюп, идиш-аяк жууп колу-буттары узарып “жашара” башташты.  Тойду кафелерден өткөзсөң ошол көйгөй болбойт, өзүң кошо конок болуп келе бересиң.

Мурда кыргыздар тойду бата алыш үчүн беришкен.  Жаан менен жер көгөрөт,  бата менен эр көгөрөт деген бекем ишеним болгон.  А азыр жыл бою тараткан кошумчаларын чогултуштун эле амалы болуп калды көрүнөт. Батанын ээлери болгон, бата бер десе жыйналышта сүйлөп жаткасып,  ар кайсыны айтып, устуканын баштыкка жыйнаганга маш, өз кадырын сактай албаган аксакалдардын наркы-баркы кетти.   Маршруткага алагүү болуп алышкан эки аксакал түшпөйбү.

Кулактарына наушник илишкен эки улан тигилерди көрсө да көрмөксөн болуп орун беришпейт.  Аксакалдын бири:

— Азыркы жаштарда ыйман жок, биз мындай кезибизде улуу кишиге орун бербей коюш оюбузга да келчү эмес эле, — десе, тиги тапан жигит жооп берет дейт:

— Ата,  өзүңүздөр илгерки аксакалдардай болуп биздей жаштарга устуканыңыздарды бердиңиздерби?

Ошол баштыкка устукан жыйнаганды да кафелерден үйрөнбөдүкпү. Тамадалар “баштык операциясын” баштай бергиле, катуудан – кашык,  табак, жумшактан – салфетка калсын! – десе а дегенде уялып жүрүп, кийин бат эле үйрөнүп кеттик.  Ал адат бат эле айылга да тарады,  өлүк коюлган жерде да кемпири башка бөлмөдө болуп калса, кызмат кылып жүргөн келинди чакырып: “Балам мэ, муну тиги апаңа берип койчу”, — дешет азыркы аксакалдар. Жанагы тапан жигиттин айтканы чын болуп жатпайбы.   Мына,  тойлордун ички мазмуну өзгөрдү дегеним ушул.

Эми башында кыргыздар өлгөндө да той кылып жиберебиз дебедимби.  Мал союлат,  опур-топур эл келет.  Бул нерсе башынан келе жаткан салтыбыз.   Бирок жанагы устуканды салып кетмей деген жок эле.  Айрыкча жаш жигит,  жаш келин кыздар кайтыш болгондо апаларыбыз устукан алмак турсун: “Байкуш, он гүлүнүн бири ачыла электе кетпедиби, жанагы кичинекей уулу басылбай ыйлап баарыбызды ыйлатпадыбы.  Бир жылкы сойгон экен, эти желбей эле калды, эт жемек тургай табакка кол салган киши чанда болду”, — дешип үшкүрүнүп, кобурашып жаткандарын далай уккам.

Ыңгайы келгенде өзүм күбө болгон бир окуяны айта кетейин.   Ыраматылык Мелис Эшимканов жакын таякем болгондуктан аны акыркы сапарга узатууга уулумду ээрчитип алып барган элем.   Сөөктү жерге берген соң,  “Сенатор” деген ресторанга барасыңар дешти.  Сенаторунун залы оңбогудай чоң экен, 1000 адам жөн эле баткандай болду.  Чогулган элдин 30 пайызы мага окшоп  айылдан келгендер болсо, калгандары кыргыздын мен деген каймактары, эл-журтка аты аттын кашкасындай тааныш акын-жазуучулар, саясатчылар, айтор, интеллигенциянын мен деген өкүлдөрү жүрүштү.

Куран окулуп бүтөр замат,  зал ичи бир заматта  шагырап  ынтымактуу иштеген кашыктардын үнүнө толду.  Маркумду көмгөндө 15-20 күрөк эле иштеп, келген эл топ-топ болуп ар кай жерде турушту эле, мага Мелисти эми чындап, кашык менен көмүп жаткандай туюлду.  Табак тартылды.  Биздин табакка мен тааныбаган жаштары алтымыштын тегерегиндеги үч киши кошулду.  Уулум эң кичүүбүз болгондуктан мен табакты ага жылдырдым.  Уулум улуу устуканды алып «кимге тартам» деп мага шыбырады эле, үчөөнүн бири булардын улуусу менмин,  мага бер алдагыны деп улуу жиликти колдон жулуп талашып алып астына койду. Беркилер чын эле кичүүбү же анын сырын билишеби, унчугушкан жок.  Уулум чучукту тарелкага салып, баягы улуу устукан алган аксакалга сунду эле ал: “Өзүң эле кесе бер”,-дейт.

Мен тиги кишинин ач көздөнүп жулуңдап устукан талашканын жактырбай отургам,  уулуман чучук салынган тарелканы алып тиги кишинин алдына койдум: “Улуумун деп устукандын улуусун алдыңыз, улуу киши чучук кесет, өз милдетиңизди аткарыңыз да”.  Ал болбой эле тамашага салып чучукту жанындагы кишиге жылдырып койду.

Кызык, баягы баштык операциясына жеткенде башталды. Тиги киши өзүнүкү аз келгенсип тегерегиндеги отургандардын устукандарын уялбай эле тамашага салып сурап алып, бир баштыкты толтуруп алды.  Мен да жөн отурбай  күрүчтү да салып алыңыз деп табакты жылдырсам, «а, мейли» деп аны да табагы менен көңтөрүп баштыкка салды.  Баштыгыңыз айрылып калбасын, каттап алыңыз деп астымда турган пакетти да бердим.   Карасам, официант жигит тартыла элек табакты көтөрүп, жетпей калгандар болуп калбасын дегенсип карап келатыптыр.  «Ай жигит,  алдагы табагыңды ашык болсо бизге бересиңби» десем бере койду.  Ал табакты баягы кишиге сунуп: “Конокторуңуз көп келип калса жетпей калбасын, муну да салып алыңыз”, — десем, менин какшыгымды түшүнмөксөн болуп,  жанындагы кишинин пакетин алып салып албаспы.

Бул чынында эле ачыгып калган же өлүмүн тилеп күтүп, кара ашыңа беш колумду матырсам деп дегдеп жүргөн Мелистин душманы го деп ойлоп койдум.

Куран окулуп, эл сыртка чыга баштады.  Мен сыртынан тааныган элитанын өкүлдөрү уча баштаган устукандарын сары пакеттерге салып көтөрүп алышкан.   Биринин да колу бош эмес.  Сыртка чыксак, илгерки түркмөндөрдүн бапагындай барпайган капкара чачы суюлуп,  ак чач болгон Рамис Рыскулов устукан менен иши жок, жанынан чубап өтүп жаткан сары баштыкчандарга көңүл бөлбөй, эшиктин алдындагы тизилген цемент плитага отура калып, бир нерсени чиймелеп жазып жатыптыр.

Калктын каймактары ошентип жатса калган жөнөкөй эл кантсин.   Балык башынан сасыгандай, пейил деле жогоркулардан баштап бузулат окшобойбу…

Абийрбек АБЫКАЕВ