АБДИЕВ Таалайбек: ТААЛАЙБЕК АБДИЕВ «БАРДЫК НЕРСЕНИН КУНУ – ЭМГЕК» ДЕЙТ (1-МАЕК)

«Эң башкы тилдердин кайсынысы болсун, алты эле жылда үйрөнсө болот. Өз эне тилиңди толук үйрөнүүгө бүт өмүрүң да жетпейт».
ВОЛЬТЕР

Мансап, көрдүйнөнүн артынан кууйт кыргыз. Сая кууйт. Илим-билимдин артынан кууганы аз. Биздин бүгүнкү мейман улуттук көрөңгөбүздү байытуунун абыгери – Таалабек Абдиев агабыз. Жүрүм-туруму өтө жөнөкөй болгон бул инсандын билими туурасында те бир кезең Салижан Жигитовдун оозунан уккан жайыбыз бар. Салижан устатыбыздын назарына эрте илинген Т.Абдиевди сыртынан гана таанычубуз. Өзү Өзгөндөн. Оштун Мамлекеттик университетин бүтүрүп, кийин Санкт-Петербургда лингвистикалык изилдөөлөр Институтунан кандидаттык диссертациясын коргоп, ошол күндөн ушул күнгө дейре илим жолунда чыйыр салып келет. А илимде чыйыр жол салуу түйшүгү зыл таштай оор. Азис окурман өзү ажыратып алаар аны. Мындан ары «Коом жана Мен» блок-сайтынан Таалайбек мырзанын 3-4 бөлүктөн турган маегин окуй аласыздар.

 

– Таалайбек мырза, Сиздин «Котормотаануу илимине киришүү» аттуу эмгегиңиз менен таанышып отуруп, бүгүнкү күндө өтө зарыл болуп турган өксүгүбүздү толтурган мээнетиңизге ыраазычылык билдиргим келет! Эң жакшы жери – аталган илимий-монографиялык эмгегиңиздеги англис, түрк, орус жана кыргыз тилдеринен келтирилген мисалдар, өзгөчөлүктөр бир гана котормо жаатына кызыккандар же студенттер тургай, жалпы эле филология илимине тиешелүү өтө зарыл колдонмо болуптур. Атургай күндөлүк турмушубузда көзүбүздү өйкөп келаткан кыргыз тилиндеги көйгөйлөр эмне себептен кейиштүү абалга жеткенин түшүнүүгө түрткү берчү жагдайлар камтылыптыр. Анткени бүгүнкү күндө турмушубузга күрүлдөп-шарылдап кирип келген түшүнүктөр, тилдик байланыштар ого эле арбын эмеспи. Ошондон улам толгон-токой иш-кагаздар тургай, көчөдөгү көрнөк-жарнактардагы же экспорттук товарлардын этикеткаларындагы калька түрүндө которулган кыргызча жазууларды атайы адистер которуп атабы же ошол соода компанияларынын эле кызматкерлери которобу, айтор, кайда болбосун эне тилибиздеги башаламандыктар толуп кетти. Эмесе ушул аталган эмгегиңиздин айланасында кенен кеп козгоп отурсаңыз…

– Бир тарыхчы агайыбыз: «Азыр эки китеп окугандын баары тарыхчы, күрөк кармагандын баары археолог болуп кетти», — деп кейиди эле. Анын сыӊарындай эки тилди билген кишинин баары эле азыр котормочу. Анткени элдин көбү бул кесипти оӊой деп ойлошот. Ушундай көз караштан улам тилмечтик, котормочулук өнөр тээ алмустактан бери келатканы менен котормо таануу илими, башканы коёлу, Европада кечээ 20-кылымдын орто ченинде башталыптыр. Чын-чынына келгенде, тилмечтиктен, котормочулуктан оор, түйшүктүү иш жок. Мына, бир мисал: тилмеч байкуш которуп атканда, жүрөк согушу 160ка чыгып кетет экен! Бул болсо штанга көтөрүп аткан штангисттикинен да алда канча жогору дейт. Анткени бир эле учурда укканын акылында которуп, анан аны айтып, ошол эле учурда айтылып аткан сөздү тыӊдап, аны да кантип которсом экен, кудай уруп унутуп калбагай элем деп кыпылдап турат экен да ал кургур. Ошондон улам олуттуу сүйлөшүүлөрдө тилмечтер ар бир 15 мүнөт сайын алмашып турат. Антпесе күч келгендиктен күйүп кетет экен. Күйүп кеткени ушу: мээ иштебей, кабыл албай калат дейт. Муну медэксперт аркылуу атайы адистер аныктаган. Котормочулуктун кыйынчылыгы да мындан кем эмес. Өзбек котормочулар айтып беришти эле: илгери Союз мезгилинде өзбекче «Она ватаниӊни сүй!» деген жакшы эле бир ураанды орусчага которо коюшса эле, «Люби свою родину мать твою» болуп калыптыр дейт. Мындай карасаӊ, сөздөрдүн баары, мүчөлөрдүн баары туура которулган, бирок мааниси тигиндей. Ошондуктан бул кесипке абдан олуттуу караш керек. Жанагы келегей котормолор да ушундай мамиледен улам чыгып атат да.

Эми жанагы сен айткан эмгекке келе турган болсок, ал да бир өзүнчө жомок. 1989-жылы Ленинградда жүрүп, академиянын китепканасынан Карл Менгестин түрк элдери, тилдери жөнүндө жазган англисче мыкты эмгегин көрүп калдым. Сөздүк менен эптеп окуп көрсөм, өмүрүмдө укпаган, окубаган нерселер жүрөт. 9-10-кылымдарда түрк элдеринин таасири ушунчалык күчтүү болгондуктан, башканы кой, Киевдин улуу князынын да «каган» деген титулу болгон дейт. Орустарды кат-сабатка үйрөткөн Кирилл менен Мефодий да славяндашып кеткен булгар түрктөрүнөн (болгарлардан) чыккан дейт. Балким, мындай маалыматтар азыркылар үчүн көнүмүш, уга жүргөн, окуй жүргөн нерсе болушу мүмкүн. Бирок мектепте кыргыз тарыхын окубаган (кийин билсем, ага деп бөлүнгөн 30га жакын саат да биз терген тамеки менен пахтага чегерилип кетчү экен), кийин университетте да жанагы эле пахтанын айынан тийди-качты болуп окуган мен үчүн жанагыдай нерсенин таасири укмуш болду. Бир жагынан мындай маалыматтар Союз учурунда жарыяланчу да эмес. Ушундан уламбы, Батыштын эӊ мыкты түркологдорунун бири бири болгон бул адамдын жанагы эмгеги орусчага которулбаптыр, азыр да которула элек.

Анан баарын которо албасам да ушул тарых бөлүмүн котороюн деп кириштим. Котормонун кыйынчылыгын ошондо көрдүм. Анын үстүнө англисче-кыргызча сөздүк да жок. Адегенде орусчага которуп, аны лабораториядагы (лаборатория типологического изучения языков) англис тилчи кыздарга текшертип, анан кыргызчага котором. Ошентип жүрүп бүтүп, машинкага бассам, 70 бетче болду.

Фрунзеге алып келип көрсөтсөм, муну жерде калсак дагы чыгарабыз дегендер көп болду. Анткени ал кезде, билесиӊ, элдин маанайы ошондой болуп, баары патриот болуп, толкуп калган мезгил эле. Бирок чыккан жок, анысы аз келгенсип, кол жазма орто жолдо жоголуп да кетти. 1996-жылы диссертацияны коргоп, Бишкекке келсем, Ташболот Садыков деген жетекчим кудай жалгап баягы жоголгон кол жазманы таап коюптур. Анан «Сорос» деген фонд ушундай китептерди чыгарып атат деп ээрчитип барды. Ирина Борисовна деген координатор эже бар экен, ал котормону эксперттерге беребиз, эгер жарайт дешсе чыгарабыз деди. Бир айдан кийин чыгарса болот деген чечим чыкты. Бирок мунун автордук укугун сатып алып, китепти толук бойдон котортуп анан чыгарабыз дешти. А мен Менгес эмес, китептин өзүн таба албай койдум.

1965-жылы Германиядан чыккан ал китеп чоӊ илимий борборлордо гана болот экен. Анын ортосунда Ирина Борисовна мага орусчадан котормо бере баштады. Ошентип, котормого баш-отум менен кирип кеттим. Анан 1998-жылы Лондонго эки айлык курска жөнөтүп калышты. Ал жерден «Би-Би-Сиде» иштеген Арслан Капаевге арыз-муӊумду айтсам, ал китепканадан жанагы Менгестин китеби боюнча маалыматтын көчүрмөсүн алып берди. Көрсө, ал китеп 1995-жылы толукталып кайра басылыптыр. Аны алып келип фондго берсем, алар эки ай ичинде автордук укугун сатып алып, эми которо бер деп китепти колума беришти. Сүйүнгөндү айтпа. Бир жылга жетпей эле которуп бердим. Анан китепти калыпка салганда, кыздар тамга таппай ыйлашты, анткени ал академиялык басылма болгондуктан, атайын транскрипция менен берилген мисалдардагы г тыбышын эле 4 түрдүү тамга менен беришиптир. Ал бүткөндөн кийин Кыргызстандын басмаканаларынын ал кезде чамасы чакталуу болгондуктан, китепти баса албай коюшту, анткени артында түрк элдеринин таралышы, жайгашкан орду боюнча 4 карта бар экен. Ошону баса албай коюшту.

Акырында Түркиядан бастырып келишти. Миӊ нуска менен чыккан ал китеп «Түрк элдери жана алардын тилдери» деген ат менен китепканаларга бекер таратылды. Бирок тилекке каршы, аны окуп чыгып, пикир айткан деле киши болбоду.

– Кыргыз арасы дайыма ушундай эмеспи! Жакшы китеп дүйнөсү туурасында пикир жаратууну таптакыр билбейбиз. Чанда эле бирөө-жарымы маани бербесе…

– Ошо чанда кезигер ыраматылык Мурза аке (Мурза Гапаров, ал киши менен «Манас» университетинде чогуу иштеп калдык) бир жолу ошол китеп жөнүндө сурап калды (илгери «Заман» гезитинде редактор болуп жүргөндө, котормону окуп чыккан экен). Анын жакында чыкканын айтсам, бет ачарын өткөрбөйсүӊөрбү деп калды. Аны эми башкалар өткөрүш керек экенин, мен өткөрсөм мактангандай болуп каларын айтсам: «Үкам, ушуну билип кой: кыргыздар эч нерсеге таӊ калбайт дагы, сүйүнбөйт дагы. Аны мына сен өзүӊ өткөрүшүӊ керек», — деди. Ал кишинин ошондогу кебетеси, сөзү азыр да күнү бүгүнкүдөй элестеп турат…

Кийин студенттерге котормонун теориясынан лекция окуп, практикалык сабактарды өтүп калдым. Жанагы эмгек ошол лекциялардын, бир чети тажрыйбанын негизинде жазылган. Теориясына көп сүӊгүп кетпей, практикалык максатта, котормо менен нан таап жей тургандар мендей болуп кыйналбасын, ошолорго жардам болсун дегендей таризде жазгамын.

Эми котормолордун сапатына келе турган болсок, албетте, начар. Мага эмнегедир бардык нерсенин куну кетип бараткандай сезилет. Ишене турган, таяна турган, медер тута турган эч нерсе калбай бараткандай туюлат. Менимче, 90-жылдардын кесепети эми сезилип жатат. Ал кездерде, өзүӊ билесиӊ, уурулук кылган, ал турсун киши өлтүргөн кыянаттыктар көнүмүш нерсе болуп, «тигинин баласы киллер экен, тигинтип байып кетти» деп ичибиз күйчү. Бара-бара ошого көндүк. Оӊой оокатка, оӊой байыганга, бетибизге түкүрүп атса да аарчып коюп жалдырап карыз сураганга көндүк. Бири-бирибизди алдап кеткенге көндүк. Кажынып иштегенди, маӊдай тер менен иштеп тапканды, аракет кылганды, изденгенди унуттук. Котормо деле ошонун бир бөлүгү.

Машиненин радиосунан «спутникалык телевидение» деп сайраган рекламаны эки-үч айдан бери угам, балким, сен деле угуп жүргөн чыгарсыӊ. «Спутника» деген сөздүн улуу орус тилинде жок экени тигини которгон неменин оюна да келбейт. Анткени сөздүктү бир карап койгон эмес, зериккен. Ошондон нан таап жеп аткандан кийин бир карап коюш керек да. Жок, карап, башын оорутуп отурабы, которот да, акчасын алып кете берет. Ушундай. Билесиӊ, бардык нерсенин куну – эмгек, канча эмгек жумшасаӊ, ошончого бааланат. Салижан абам айткандай, кажынып, маӊдай тер төгүп иштеш керек, башка жолу жок.

– Жогоруда аталган эмгегиңизден сырткары да котормо таануу терминдеринин кыргызча-орусча-түркчө түшүндүрмөсүн түзгөн экенсиз. Атургай өзүңүздүн теориялык да, практикалык да камылгаңызды көрсөтүп, дүйнөнүн дөө-шаа жазуучуларынын белгилүү чыгармаларын кемелине келтире которгон мээнетиңиз менен таанышпыз. Муну кыргыздын жалпак тили менен айтканда: орустун да, англистин да, түрктүн да түшүн жоругудайсыз! Эми сиз ушул адабий камылгаңыз менен кыргыз жазуучуларынын өрнөктүү чыгармаларын дүйнөнүн башка тилдерине котороюн деген ниетиңиз барбы? Албетте, анүчүн сизге калем акы чегерип берер кудуретке ээ авторлорубуз деле чыкпашы мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да дүйнөгө Айтматовдон башка да тааныта турган жазуучуларыбызды канткенде башка тилдерге которуп жеткирүү мүмкүн деп ойлойсуз?

– Терминдер сөздүгү “Киришүүдөн” мурун түзүлгөн. Аны маркум Салижан Жигитов да кызыл-жаян кылып оӊдоп берген эле. Өзүнчө бир китепче болуп да жарыяланган. Бир профессорго көрсөтсөм: “Ушундай да илим барбы?”- деп таӊ калган. “Мага окшогондор деле көп окшойт”, — деп мен да сүйүнүп калгамын.

Эми котормо жагына келе турган болсок, 20 жылдын ичинде англис тилинен 50гө жакын ар түрдүү китеп-журнал, орус тилинен 20га жакын китеп-колдонмо, түрк тилинен 3-4 китеп котордум. Ал турсун жубайым Лира экөөбүз (ал англис тилчи) сөздүк да которуп ийдик. Ал мындай болду: Ушул кезге чейин англисче-кыргызча чоӊ сөздүк жок, айылдан келген балдар англис тилин үйрөнүш үчүн адегенде орус тилин үйрөнүш керек болуп атат деп жогоруда айткан Ирина Борисовнанын кулагын жеп жүрдүк. Маркум Жусаев агайдын жетекчилиги менен он чакты котормочу англисче-орусча сөздүктү кыргызчалаштыралы деп жакшы эле шымаланып киришип, бирок “Көп суур ийин казбайт” болуп тарап кеттик. Анан кудай жалгап Ирина Борисовна дагы бир жолу ишке жарады. “Соростон” атайын компьютер берип, Оксфорддун 60 миӊге жакын сөздү камтыган түшүндүрмө сөздүгүнүн автордук укугун сатып берип, эми ушуну которо бергиле деп берип койду. Аны менен Лира экөөбүз үч жылга жакын отурдук. Күнү-түнү иштедик. Константин Кузьмич Юдахин: “Касым Тыныстанов түрмөгө камалып кетип оӊой кутулган экен, кутулбас балээге анык мен калдым”,- деп бекер айтпаган экен. Акыры төрт жыл дегенде “Англисче-орусча-кыргызча сөздүк” болуп чыкты. Көлөмү 97 басма табак болду.

Көрүнүп тургандай, баары кыргыз тилине которулган, анткени киши башка тилди канчалык билген менен эне тилиндей билбейт. Башкалар кандай экенин билбейм, мен кыргызчадан башка тилге которгонго даай алган жокмун, азыр да даай албайм. Ага чамам жетпейт ко деп ойлойм.

Ал эми кыргыз жазуучу-акындарынын чет тилдерге которулушу үчүн муктаждык керек. Эгер ошол элдерге зарыл болсо, алар бизден сурабай, өздөрү эле которуп алат. Айтматовдукун ошентип эле которуп алышпадыбы. Анын орусча чыгармалары бизге зарыл болду эле, биз которуп алдык. Кыскасын айтканда, бул бир табигый процесс болуш керек деп ойлойм.

Маектешкен Олжобай ШАКИР