АЖЫМАТОВ Зайырбек: ЗАЙЫРБЕК ЖЕТИМ МЕНЕН ОҢБОГОН ОЛЖОКЕНИН 2-АЙТЫШЫ ДЕЙТ

Зайырбек Ажыматов:
Оңолбойт кыргыз дебеңиз,
Ойлонуп азап жебеңиз.
Кыйнаган зыян жактарды,
Кылычсыз бир күн жеңебиз…

Азыр биз… азыр, ал ырас,
Айтканга жакшы жагым аз,
Адашып жолдо келебиз…
Бул деле балким, турмуш да,
Болот да тууну тургузса.
Ураган кезде чоң союз,
Үч муун өлдү кыргызда.
Байлыкты кууп чоңдору,
Бийликте жүрдү ойлору.
Биз үчүн болду бул — нуска…

Олжобай Шакир:
Нускасы мындай курусун,
Көрө албай турам дурусун.
Калкты бүтүн каржалткан:
Кабыл албайм мунусун!
Кан ичкирлер көбөйдү
Кадырлабас улуусун.
Билимден артта келаткан
Биздин эл кайдан тыңысын.
Билинбей жайлап келатат
Бири-бирин тымызын!
Бейиштей жерде жашап да
Бейбак көп таппас ырысын.
Сугалак чыккан андан көп
Суу кошуп саткан кымызын.
Манчырканган эрен көп
Мактайсың, Заке, кимисин?!

Зайырбек Ажыматов:
Ак үйдүн алдык өрнөгүн,
Абийирин сатып көнгөнүн.
Чоңдордун алдык өрнөгүн,
Чөнтөгүн ойлоп көнгөнүн.
Саясат үчүн имерип,
Саксайган өкүл жиберип,
Кыргызды кыркка бөлгөнүн.
Калмак деп сизди бөлгөндөр,
Кыйланы сатып көнгөндөр.
Бөлүнө берет ар кандай,
Адамдык наркы өлгөндөр.
Тирүүлөр арбын, санасак,
Керемет элди жаратат,
Келечек жолду көргөндөр.

Үлгү да Манас дастаны,
Жазуудай өчкүс таштагы.
Өз калкын бөлбөйт улутка,
Болсо эгер кана айтканы?
Мамлекет болчу эл,
Марага жетип кончу эл,
Боорго тартат башканы.
Айткым бар далай кептерди,
Айтууга учкай эп келди.
Атаандашып кыргызым,
Ашыкча тойлоп, жеп көндү.
Бүгүн түк башка дүнүйөң,
Байлыктан эмес билимден,
Атаандаштар кез келди…

Олжобай Шакир:
Айтсаң – арман ал жагы:
Илим-билим тармагы,
Атаандашса канакей,
Артпайт беле салмагы!
Билим эмес байлыктан
Атаандашуу калбады!
Алдым-жуттум байкасаң,
Алдыга озуп барганы.
Кыйын болуп көрүнүп
Кымырып пара алганы,
Кылтың мүнөз, амалдуу
Кыргызда турмуш жарбады.
Мансап сүйгөн адам көп,
Май эңсеген бармагы.
Убайга салган сени даа,
Улантчы кандай ар дагы…

Зайырбек Ажыматов:
Ислам таза дин эле,
Рухтун жытуу гүлү эле.
Илимди казып жүргөндөр,
Ишенген жолдун бири эле.
Бүгүн ал соода, саясат,
Далайлар ээрчип баратат,
Алданып амал, илеге.
Байкабай бастык бет келди,
Башыбыз далай тепселди.
Жандалбас кылып, тыпырап,
Жан дүйнөбүз экчелди.
А бирок, бекем түбүбүз,
Ала-Тоо даңктуу үйүбүз,
Силкинер эми кез келди…

Олжобай Шакир:
Силкинер болсоң анчалык,
Сиңээр кептен айталык.
Жарыбаган кыргызда
Жаратман азын байкадык.
Жарыктык өлгөн Табылды[1]
Жасаган иши көп эле,
Жараткан бербес кайтарып!
Жамы журттун сыймыгы –
Жармасын ичтик кайкайып.
Жалпы элдик ийгилик,
Жар салар иш деп дүйнөгө
Таңгалып башты чайкадык.
Табышкер кана ошондой?!
Таап таштак жерди Чүйдөгү:
Таңдантсам дечү дүйнөнү.
Таштан куруп «Супара»
Так ошол жери а бүгүн
Татынакай гүлдөдү!
Таймашсак кана ошого!
Өрнөк калып артында,
Өтөк кандай бүрдөдү!
Өндүрүшчү Табыке
Өмүр баркын билген бейм,
Өлүү мүлктү үйбөдү.
Өрнөгүн анын улаган
Өмүрлүк жары үйдөгү –
Жаңыл жеңе эр экен,
Жаңылык кылар кеп экен:
Жаштарды жыйып жаратман,
Табыкенин керээзин
Талыкпай улап бараткан,
Талкандан жасап шоколад
Тамшантып элге тараткан…
Тарыхын элдин заманбап,
Таберик кылып жараткан,
Замандаштар көп болсо
Өспөйт элек каяктан!

Сай боюна Чүйдөгү,
Салтын элдин үйгөнү –
Санжырага айланып,
Санат ырдын түрмөгү.
Санай келсең түгөбөс
Саамал, кымыз, түрлөрү.
Салкын соккон абасын
Самап келет чет элден
Саякатты сүйгөнү.
Сай боюна көз салып,
Санай берсең эсепсиз
Саякаттап жүргөнү.
Саамалыктар ошондой,
Эл сыймыгын жаратат,
Эгемендүү өлкөбүз,
Эчендерди каратат!

Чубай берсең арыга,
«Чуңкурчагы» дагы бар.
Мөлтүр тунук бизнестин
Мөмөлөп турган шагы бар.
Өндүрүштү ошондой
Өргө сүрөп кубансак:
Өсөр элдин багы бар.
Бирок Заке, билесиң:
Чунак кыргыз, чукчуңдап
Чукулашкан жагы бар.
Кана, чуку сен дагы
Оң, тетири жагыман.

 

[1] Табылды Эгембердиев.

Улут сыймыгын жаратар Табыкенин керээзи аткарылды!