АЗАМ уулу Амирбек: БИЗДИН АЙТАР СӨЗҮБҮЗ БАР: ЭЖЕ-СИҢДИ ДЕЛАНИЛЕРДИН БИРИНЧИ ЖҮЗ ЖЫЛЫ 1-2

Сара Делани, А.Елизабет Делани, Эми Хиль Харт  

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

I-БӨЛҮК

Ажайып Сэди

Падыша Бэсс

Экөөнүн тең жашы жүз жаштан өйдөдө. Сара (Сэди) Делани жана бир тууган сиңдиси  Анни Елизабет (Бесси) Америка тарыхынын карт күбөлөрүнөн. Алар Жарандык Согуштан кийин алдыга суурулуп чыккан өлкөдөгү белгилүү ынды кара үй-бүлөлөрдүн тирүү жүргөн эң кары мүчөлөрүнүн бири да.

  Мындай чоң ийгиликке мынчалык кыска мөөнөттө аз гана адамдар жетишкен. Эже-сиңдилердин атасы Генри Биед Делани кулдардын үй-бүлөсүндө туулган, бирок ал акыр аягында АКШнын Епископтук чиркөөсүнүн епискобу болуп шайланган биринчи “негр” болгон. Анын бардык он баласы коллежден билим алаган жогорку квалификациялуу  кесип ээлери. Ал убакта өңү ак болобу, ында кара болобу, аз гана америкалыктар орто мектепти бүтүп, андан ары билимин уланткан. Өңү актардын дүйнөсүндө эже-сиңдилердин кичүү иниси- Нью-Йорктун саясый лидери Губертти айтпаганда, деланилер көпчүлүккө белгисиз болчу. Бирок Түндүк Каролина штатынын алар чоңойгон Ролли шаарында жана кийинчерээк Гарлемде деланилердин ысымы легендага айланган. Актриса жана ырчы Дина Хорндун кызы Гейл Люмет Хорн өз үй-бүлөсүнө арналган The Horns деп аталган мемуар китебинде деланилерди ынды кара интеллигенциянын катарында атайт: “Хорнстар элде жок чыгаан адамдар эмес болчу… Жетишкендиктери боюнча баалай турган болсок, Жоржиядан ханттар менен бонддор, Огайодон лэнгстондор, Түндүк Каролинадан деланилер жана Нью- Жерсиден робенсондор сыяктуу аз эле ысымдар бар…”

 Өңү каралардын прессасы алардын таң каларлык жетишкендиктери тууралуу такай маалымдап, өздөрүн элге үлгү катары көрсөткөн. Нью-Йоркто чыкчу Amsterdam News гезити “Деланилер үй-бүлөлүк ийгиликтин уникалдуу картинасы” деп жазган 1951-жылы. “Деланилердин үй-бүлөсү жөнүндө сага- негрлердин тирүү калуу, ийгилик жана  журтка кызмат кылуу үчүн күрөшүнүн символу” деп сурнай чалат The People’s Voice гезити 1942-жылы сентябрь айындагы баш макаласында. Ал эми Ebony журналы деланилердин жетишкендиктерине арналган макаласын  “Негрлердин көк кандуулары” деп атайт жана алардын апасы Нэнни Логан Деланинин береги сөзүн кыстарма келтирет: “Бул алардын милдети болчу. Андан ашык эч нерсе жасашпады.”  Деланилер кээ бир көрөалбас адамдардын сөздөрүн да угушкан. Cэди жана Бесси ошо убактагы төмөнкү класстагы ынды каралардын аларды элден өзгөчө көрүнүүгө далалат жасаган жана текебер немелер деп сөз кылышканын, а башка бирөөлөрдүн деланилердин үй-бүлөсү сыяктуулар ал замандагы өңү кара америкалыктар үчүн өтө эле бийик стандартты коюп койду деп жактырбаганын эскеришет. Алардын ийгилиги ак өңдүү америкалыктарга  ынды каралардын чоң жамаатын  “Эгер алардын колунан келсе, эмнеге башкаңардын колуңардан келбейт?” деп сындоосуна негиз болгонун кээ бирөөлөр өз териси менен сезишкен.

     Деланилердин ийгилигинин кредосу — билим аркылуу өздөрүнүн абалын жакшыртууга,   бийик жарандык жоопкерчиликке    жана ыймандуу жашоого, ошондой эле Кудайга болгон бекем ишенимге негизделген.  Алардын үй-бүлөсү “Сенин ишиң кимдир бирөөгө жардам берүү” деген девиз астында жашаган. Бэсси жана Сэди Деланинин айткандарына караганда, бул канон жардамга муктаж бардык адамдарга өң-түсүнө карабай колдонулган. Алардын ийгилиги аларды ар кандай кемсинтүүлөрдөн жана расиcизмдин жан майыштырган балакеттеринен сактай алган эмес.    Бирок алар чынчыл идеализмдин бийик стандартынан бир кадам да артка чегинбеген.

    Бүгүн деланилердин үй-бүлөсү Роли же Харлемде эле жашабайт. Алар да көпчүлүк америкалык үй-бүлөлөр жана жаш муун сыңары-алардын арасында мугалимдер, ишкерлер, доктурлар, юристер жана башка кесип ээлери бар- өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө чачыладай чачылган. Ага карабай, жылына бир жолу алардын ар бири убакыт таап, Нью-Йорктун четиндеги Маунт-Вернон шаарына үй-бүлөлөрүнүн матриархы жана деланилердин мурасынын сактоочусу-  Сэди эже менен Бэсси эжесине жолугууга келери күмөнсүз.

1

Сэди

Бэсси экөөбүз жашообуз башталгандан бери биргебиз же бизге ушундай сезилет. Бэсси менин кичүү сиңдим, бирок ал кичинекей эмес. Ал 101 жашта, мен 103 жаштамын.

Адамдар дайыма эле жүз жашка киргенди каалаганын айтышат, бирок эч ким жүз жашка кирем деп ойлобойт. Бэсси андай эмес болчу. Ал дайыма Мусанын1 жашына жетем деп пландап жүргөнүн айтчу.  Жана Бэсси эмнени жасаймын десе, анысын сөзсүз жасачу. Мен азыр Муса 120 жыл жашаган деп ойлойм. Ушундан улам  Бэссиге сен эгер 120 жашка чейин жашасаң, сага кам көрүү  үчүн мен 122 жашка кирүүм керек деп айткам.

Мен да, ал да  күйөөгө чыккан эмеспиз жана жашообуздун көбүн бирге жашадык; биз балким бири бирибизди Жер бетинде чогуу жүргөн ар кандай эки адамдан жакшы билебиз. Ушундай узак жашоо бизди бир инсандай кылып койду. Ал менин оң колум. Эгер ал биринчи өлсө, мен дагы  жашарыма ишенбейм. Мен себеби сиңдимдин өмүрүн сактоо үчүн гана жашап жүрөм.

Бэсси жана мен алиге дейре үй жумуштарын өзүбүз кылабыз. Дүкөнгө жана банкка да өзүбүз барабыз. Биздин кесибибиз адамдарга жардам көрсөтүү эле: Бэсси — тиш доктур, а мен — жогорку класстардын мугалими болчумун. Ошого биз бай эмеспиз, бирок тапканыбыз өзүбүзгө жетет. Атам дайыма бизге: Ар бир долларды ак эмгегиңер менен тапкыла, биринчи он сентиңерди Кудай үчүн жумшагыла, экинчи он сентиңерди оор мезгилде пайдалануу үчүн банкка салгыла, калган акчаңар — өзүңөрдүкү, бирок аны акыл менен сарптагыла  деп айтчу. Атабыздын сөзүн укканыбыз жакшы болгон экен, себеби биз азыр ошол оор убак үчүн жыйган акчабызга жашайбыз жана турмушубуз анча деле жаман эмес.

Биз өзүбүз сүйгөн көптөгөн адамдарды жайга бердик; бул узак жашагандын катаал бөлүгү экен. Биз билген адамдардын дээрлик баарынын сөөгү күлгө айланды. Биздин алиге чейин тирүү жүргөнүбүздүн кандайдыр бир себеби болсо керек. Ошон үчүн биз мобуреки китепти жазганга макул болдук; ал биздин максаттуу жашообузга өбөлгө түздү. Бул китеп бир эле адамга жардам берcе, апам айткандай, ал өзүн актайт.

Бэсси жана мен өмүрүбүздүн акыркы жетимиш беш жылын Нью-Йоркто жашадык, бирок Роли дайыма үйүбүз бойдон калат. Роли- апам жана атам ынды каралардын Ыйык Августин мектебинде окуп жүрүп  кездешкен жер. Апам жана апам 1886-жылы мектептин сыйынтканасында үйлөнүшкөн; алар баарыбызды- он баланы мына ушул кереметтүү эски “Ыйык Августта” чоңойтушкан. Атам мектептин директорунун орун басары болгон, апам мектептин чарбалык иштерин күн бою жүргүзгөн матрона эле.

Апамдын атамды атынан Генри деп айтканы менин эсимде жок. Ал дайыма апам үчүн “Мистер Делани” же “Силердин атаңар” болчу. Атам апама расмий эмес жагдайда “Мисс Нэн” деп кайрылчу, бирок кимдир бирөөнүн жана окуучулардын алдында апамды “Миссис Делани” деп чакырганы азыр да күнү бүгүнкүдөй эсимде турат. Азыр сиз муну  расмий кайрылууга окшош экен деп ойлошуңуз мүмкүн.  Апам жана атамдын бири бирине минтип кайрылган себеби: ал доордо түстүү адамдар ысымы боюнча чакырылчу. Бул аларга кадыр колко кылбай мамиле кылуунун амалы болгон. Апам менен атам алдагыдай жосунга жол бербөө үчүн өз ара кайрылуунун мен айткан жолун ойлоп табышкан. Андыктан көпчүлүк эл апам менен атамдын аты ким экенин эч  билишпеген.

1918-жылы атам АКШдагы Епископ чиркөөсүнүн тарыхында биринчи шайланган ынды кара-негр епископ болду. Жоржиянын плантациясында кул болуп төрөлгөн адам үчүн- бул узак жол. Эгер сиз атамды билсеңиз, буга таң калбайсыз. Ал күнү-түнү тынбай билимин өркүндөттү жана апам экөө бизди элдин алды болгонго тарбиялашты.

Атам акылдуу, келебетүү негр эле. Чындыгында эле атамдын энеси жарым индей болгондуктан,  териси кызгылтым-күрөң түспөлдөнүп турчу. Апам Виржиниядан болчу жана анын тегинде негрдин каны бар болгону менен ал кулдуктан бошонгон эркин үй-бүлөдө чоңойгон. Анын өңү-түзү ак болсо да, эч качан ак түстүүлөр тарапка өтүп кеткенге аракет кылбады. Ал өзүнүн ынды кара аял болуп жаралганына сыймыктанчу!

Адамдар бизге карап, бу Деланинин балдары дүйнөнүн кайсы элинен болот деп айран калышчу. Биздин арабызда өңү ак жуумалга окшоп кеткендерден тартып, күрөң өңдүүлөргө чейин бар эле. Мен өң-түсү ак жуумалга жакын балдардын бири болсом, Бэссинин өңү күрөң болчу. Биз бала чагыбыздан баштап эле өңүбүз ынды кара экенин билчүбүз, бирок эч качан өзүбүздүн ким экенибизди унутпадык. Атамдын түсү кара  жана апам ак жүздүү болсо эмне экен?  Бул жазмыштын бизге чийген жолу да.

Мен дүйнөгө 1889-жылы, сентябрдын он тогузу күнү, кечки саат 7:30 келгем. Бул дайыма өгүздөй иштеген апам үчүн узак күн болду. Бечара, жаным атам! Ал апам үчүн эч жардам бере албагандыктан, айласы куруп,  Кудайга жалбарып жатты шондо.

Баарынын тынчы кетип, алардын бар үмүтү  апамды төрөтчү доктурда болуптур. Менден мурда улуу агам Лемюэль төрөлгөн. Ал менден эки жаш улуу. Апам экинчи баланы төрөгөндө, бир тууганы Элиза жанында болгонун каалаптыр. Мен ошон үчүн Элиза эжем жашаган Виргиния штатындагы Линч бекетинде туулгам. Апам төрөтү жакындап калганын сезип, шашыла эски поездге отуруп жолго чыгат.

Элизанын жанында апамдын көңүлү тынчып, өзүн ишенимдүү сезгендиктен, төрөгөнгө доктурдун да кереги жок болот.

Элиза апамдын көңүлүн сооротуп койгондуктан, төрөткө  доктур чакырылбайт. Кызыгы, аначы кеткенден кийин апам керебеттен туруп, курсагы ачканын айтыптыр! Апамдын тамакка ичтейи ачылганын уккан Елиза боору эзилгенче күлүп, анан бир табак алма торт жана бисквит бышырат. Апам өмүрүндө мындай көп таттууну мурда-кийин эч көрбөптөр жана бир тилим да калтырбай анын баарын жеп алганын айтып калар эле. Мени Сара Луиза деп аташат, бирок мени дайыма Сэди деп чакырышчу.

Мен төрөлгөндөн кийин апам өз ден соолугуна бекем ишенип, дагы сегиз бакубат бала төрөйт. Кийинки кезек Энни Элизабеттики болду. Ал менден эки жылдан соң төрөлдү жана Бэсси деген ат менен белгилүү. Мен өз жашоомду Бэсси жок элестете албайм.

Ал 1891-жылы сентябрдын үчүндө туулган. Атам  аны “Падыша Елизавета” деп чакырчу. Бэсси менин башка инилерим жана сиңдилерим сыяктуу эле Роли шаарында дүйнөгө келген. Ал эртең мененки 9:30 төрөлдү. Ага чейин толгоо кыйнаган апам кызыл карагайдан тилинген такта полго тынчтык бербей, түнү бою ары- бери жортуп жүрдү. Полдун кыйчылдаган үнү өлүк адамды да тирилтмек.

Апам ошондо кардындагы бөбөк чоңойгондо бардык нерсени өз акылы менен чечерин ойлоп, чоң ачылыш жасагандай сүйүнгөнүн айтып жыргап калчу.

Бэсси абдан назик жана эмоционалдуу болгондуктан, биз аны “ сезимтал” деп атачубуз. Анын ачуусу тез келип, оюндагысын түз айтып салчу. Ал кезде мен “апамдын кызы” болчумун жана апам кайда барбасын, артынан көлөкөдөй ээрчип алчумун. Дайыма мага айтылган нерсени  толук жасачумун. Жоош элем жана баарына макул боло берчүмүн. Менин түшүнүгүм боюнча, бул дүйнөдө экөөбүзгө тең: мага жана Бэсси үчүн жетерлик орун бар.  Адамдар бир бирини толуктап, теңдеп  турат эмеспи.

2

Бэсси

Биринчи күндөн тартып эле адамдар мени башка бирөө менен адаштырбаганды үйрөнүшкөн. Кичинекей кезимде коңшубуздун кызы: “Бэсси Делани, сен ширенкенин талындай ичкесин. Мен сеникиндей ичке бутту жана узун моюнду эч качан көргөн эмесмин,“- деп шылдыңдачу.  Ал кыз жеткен керооз болчу жана анын өнөрүн мурдатан жакшы билчүмүн. Ал кыздарга адепсиз жаман сөздөрдү айтканда, бечара кыздар шолоктоп ыйлап, апасына арзыданганы чуркап жөнөшчү. Анын бою менден бир кыйла узун эле, бирок мен андан коркчу эмесмин. Бир жолу ага: “Эй, жаагыңды жаппайсынбы!? Өзүңдүн кебетеңди карап көрбөйсүнбү? “ дедим. Ошо болду, ал мага башка эч качан тийишпеди.

Атам “Чымынды  уксус менен эмес, меласса2 менен көп тутасын“ деп айтып калар эле. Ал адамдарга жакшы мамиле кылсаң, узак жашайсың деп ишенчү. Буга Сэди макул болсо болгондур. Сэддинин тили балдай таттуу экени талашсыз! Ал бүтүн дүйнөнү өзүнө ишендире алат, же койдой момун боло алат, же дүйнө аңтарылып атса да, камырабай өз ишин кыла берет. Мен тырмактаймыдан эле эч нерседен коркпочумун: шайтан бет маңдайыман чыкса да, эч нерсени ойлобой,  көзүн тайманбай карачумун. Эгер Сэдди меласса болсо, мен уксусмун! Сэди шекер болсо, мен зиремин.

Билесиңби, Сэди кээде менин кылганымды жактырбайт. Ал мага эжеси болгонум үчүн эле чыдайт жана мени “эл алдында дарга асып өлтүрүлбөгүңө таң калам” дейт. Ооба, менин өз өмүрүмдү жашап койгонум чындык. Ага карабай,  али да тирүү жүрөм, мырза!

Мени Сэдинин өлгөндөн кийин түз эле Асманга3 чыгам деп камданып жүргөнү тынчсыздандырат, бирок мен өзүмдүн Асманга чыгарыма күмөнүм бар. Мен мүнөзүмдү өзгөртүү үчүн көп иштеп жатам, бирок өзүңдү өзгөртүү абдан оор иш. Мен жүз жылдан бери өзүмдү өзгөртүүгө ийгиликсиз аракет кылып келем, бул жакшы эмес да? Мен Асмандын дарбазасында Ыйык Пётрду жолуктурганымда, ал мага: “Оо, Кудай! Балам, сен шүмшүк болгонсун!”  деп айтканынан коркомун.

Кечиримдүү болуу жана жамандыкты унутуу жөнүндө идея мага анча жакпайт. Өзүң көрүп турасын, мен бирөөнү кечире алам, бирок мен жамандыкты унута албайт окшойм.  Жана мунун баарын Кудай жактырабы же жокпу, анысын жакшы билбейм. Узак, узак жылдар мурда  болгон нерселер дале менин эсимде турат. Бул мени шершень4 эмес, маренакылат. Мен булар болбосун деп тилейм. Мени акмак кылган көп нерселердин себеби- менин ынды кара болгонума байланыштуу. Тиш доктур аял болгонум үчүн аңги эркектер мага эчен ирет акидей асылган — аны бүгүн социалдык харазмент деп аташат эмеспи- бирок мен үчүн расизм дайыма чоң проблема болчу. Жүрөгүмө өчпөс так калтырган адамдардын көбү эбак эле өлүшкөн. Кокус алар тууралуу жаман сөз айтсам, Мэди мага: “Бэсси, өлгөндөр жөнүндө жаман сөз айтпагын эми,” -деп айтат. А мен адептүү болгонго аракет кылам.

Кээде бардык ак өңдүү адамдарга кыжырым келет, ошондо өз жашоомдо билген ажайып ак адамдар жөнүндө ойлоп, ачуумду басам. Мейли, мейли, жаман  адамдар аз болду дечи. Муну мен мойнума алам. Анан апам каны боюнча жарым ак болгон үчүн,  мен өз денемди жана канымды жек көрө албайм да! Ак өңдүү жакшы адамдар да толтура. Кээ учурда аларды табуу кыйын, бирок алар бар, издеш керек.

Асиресе, оңбогур rebby балдар  тез эле элден кашкайып бөлүнөт. Биз rebby деп өңү ак  расист эркектерди айтчубуз. Бул сөз, менимче, козголоңчулар үчүн колдонууга жарабайт. Сага  ушу rebby типтүү адамдардын биз сыяктуу ынды караларга кандай мамиле кылганын айтып берейин. Аны эстегенде жүрөгүм кысылат. Эгер менде беш кыргыйым болсо, аларга кээ бир өңү ак адамдар мага жасагандан жакшы мамиле кылмакмын! Бул жалган дүйнөдө менин сөзүмдүн маанисин ийне-жибине чейин түшүнчү бир да негр калбады.

Эмнеге rebby балдар бели бешиктен чыкпай жатып, жек көргөндү  үйрөнүшөт?!  Эсимде, бир күнү жашы он же он экиден өтө элек ошондой балдарды жолуктурганым.  Алар Ыйык Август мектебине караштуу талаа аркылуу баратышкан экен. Мен болсо жүрүүгө уруксат  берилбеген жакка бир нече ярд6 чыгып кеткен экем. Алты жашта болчумун. Rebby балдар менин астыңкы юбкам  бир аз ылдый түшүп калганын көрүшүп, бул кичинекей ынды кара кыз жана анын трусысы тууралуу бир топ беймаза сөздөрдү айтышты.  Алар эмне айтып жатканын түшүндүмбү билбейм, бирок айтылган сөздүн маанисине акылым жетти.

Rebby балдар ынды кара адамдардын колунан кандайдыр бир иш келет, эмненидир жасай алат деп ишенишчү эмес.  Мен ойлойм да… эмнеге биз жакшы иштейбиз, Африкадан буту-колубуз чынжырланып бул жакка алып келингенбиз деп өзүбүздү жубантабыз! Ынды каралар эмнеге бул өлкөнү курду? Курганыбыз чындык да… Биз бардык кара жумушту кылганбыз, айланайын! Атүгүл эркиндик алгандан кийин да бул өлкөнүн кыр арка сөөгү болгонбуз биз. Үйдө бардык жумушту аткарган кызматчы аялдар, ашпоздор, табыт жасоочулар, чачтарачтар, жүк ташуучу кызматкерлер жана башкалар ынды каралар болгон.

Жанагы  rebby типтүү жубарымбектерди карачы! Деги алар эмнени ойлошот? Алар тиги дүйнөгө баргандан кийин да ынды каралар дасторкон жайып, бизди күтүп турат жана чай куюп берет деп ойлошобу? Алардын айрымдары үчүн  чоң сюрприз бар. Алар мага чай куюп беришет.

Сэди азыр бул сыяктуу ар кандай үгүт сөздөрдү кабыл албайт. Тим гана ийнин куушуруп коёт. Мен Сэдиге караганда карараак болгонум үчүн мага жашоодо бир аз кыйыныраак болду. Сен да карараак экенсиң, айланайын, сага кыйын го. Жана мага кыйын болгон себеби, мен мүнөзүм боюнча Сэдиге караганда такыр башка адаммын. Ал чыныгы христиан аял! Мен көбүрөөк ага окшош болгонумду каалайм, бирок өзүмдү кичинекей ынды кара тентек балага окшошмун деп корком! Ха, ха!  Билем, мен колдонгон сөздөрдүн кээ бирлери бүгүнкү модага ылайык келбейт, бирок алар менин дилимден чыккан! Ким мени токтотом дейт? Эч ким! Кимдир бирөө менин сөзүмдү цензура кылабы? Жок, мырза!  Мен жүз бир жаштамын. Айланайын, бул куракта  мен каалаганымдын баарын айта аламын!

Азыр мен баарын билем деп ойлобойм. Мен өзүмө өзүм күлгөндөй ажаал да эмесмин. Көпчүлүк негрлер жыл сайын өз абалына кантип күлгөндү үйрөнүшөт.

Эгер менден кантип узак жашаганымдын сырын сурачу болсоң, өзүңдүн ден соолугуңа кам көргөндү үйрөн деп айтат элем сага. Бирок көп нерсе сенин адамдар менен болгон мамилеңе байланыштуу болот. Айланайын, мен калыпка салгандай жашабаганым үчүн ушунча өмүр сүрдүм. Кээде алдыма койгон максатым мени өлтүрбөй кармап турат деп да ойлоп кетем.

Түшүндүрмө:

1Муса-Инжилдеги пайгамбар.
2Меласса- кант чыгаргандагы калдык, шире сыяктуу кара күрөң түстөгү коюу суюктук.
3Асман-христиан дининдеги ишенимге ылайык, адамдар өлгөндөн кийин обол Асманга барышат.
4Марена(лат. Rubia tinctórum)— тамырынан кызыл боёк чыгуучу өсүмдүк. 5Шершень(лат. Vespa— чоң аарынын бир түрү, эшек аары.)
6Ярд- 91.44 cм