
Сара Делани, А.Елизабет Делани, Эми Хиль Харт
Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу
Экөөнүн тең жашы жүз жаштан өйдөдө. Сара (Сэди) Делани жана бир тууган сиңдиси Анни Елизабет (Бесси) Америка тарыхынын карт күбөлөрүнөн. Алар Жарандык Согуштан кийин алдыга суурулуп чыккан өлкөдөгү белгилүү ынды кара үй-бүлөлөрдүн тирүү жүргөн эң кары мүчөлөрүнүн бири да.
Мындай чоң ийгиликке мынчалык кыска мөөнөттө аз гана адамдар жетишкен. Эже-сиңдилердин атасы Генри Биед Делани кулдардын үй-бүлөсүндө туулган, бирок ал акыр аягында АКШнын Епископтук чиркөөсүнүн епискобу болуп шайланган биринчи “негр” болгон. Анын бардык он баласы коллежден билим алаган жогорку квалификациялуу кесип ээлери. Ал убакта өңү ак болобу, ында кара болобу, аз гана америкалыктар орто мектепти бүтүп, андан ары билимин уланткан. Өңү актардын дүйнөсүндө эже-сиңдилердин кичүү иниси- Нью-Йорктун саясый лидери Губертти айтпаганда, деланилер көпчүлүккө белгисиз болчу. Бирок Түндүк Каролина штатынын алар чоңойгон Ролли шаарында жана кийинчерээк Гарлемде деланилердин ысымы легендага айланган. Актриса жана ырчы Дина Хорндун кызы Гейл Люмет Хорн өз үй-бүлөсүнө арналган The Horns деп аталган мемуар китебинде деланилерди ынды кара интеллигенциянын катарында атайт: “Хорнстар элде жок чыгаан адамдар эмес болчу… Жетишкендиктери боюнча баалай турган болсок, Жоржиядан ханттар менен бонддор, Огайодон лэнгстондор, Түндүк Каролинадан деланилер жана Нью- Жерсиден робенсондор сыяктуу аз эле ысымдар бар…”
Өңү каралардын прессасы алардын таң каларлык жетишкендиктери тууралуу такай маалымдап, өздөрүн элге үлгү катары көрсөткөн. Нью-Йоркто чыкчу Amsterdam News гезити “Деланилер үй-бүлөлүк ийгиликтин уникалдуу картинасы” деп жазган 1951-жылы. “Деланилердин үй-бүлөсү жөнүндө сага- негрлердин тирүү калуу, ийгилик жана журтка кызмат кылуу үчүн күрөшүнүн символу” деп сурнай чалат The People’s Voice гезити 1942-жылы сентябрь айындагы баш макаласында. Ал эми Ebony журналы деланилердин жетишкендиктерине арналган макаласын “Негрлердин көк кандуулары” деп атайт жана алардын апасы Нэнни Логан Деланинин береги сөзүн кыстарма келтирет: “Бул алардын милдети болчу. Андан ашык эч нерсе жасашпады.” Деланилер кээ бир көрөалбас адамдардын сөздөрүн да угушкан. Cэди жана Бесси ошо убактагы төмөнкү класстагы ынды каралардын аларды элден өзгөчө көрүнүүгө далалат жасаган жана текебер немелер деп сөз кылышканын, а башка бирөөлөрдүн деланилердин үй-бүлөсү сыяктуулар ал замандагы өңү кара америкалыктар үчүн өтө эле бийик стандартты коюп койду деп жактырбаганын эскеришет. Алардын ийгилиги ак өңдүү америкалыктарга ынды каралардын чоң жамаатын “Эгер алардын колунан келсе, эмнеге башкаңардын колуңардан келбейт?” деп сындоосуна негиз болгонун кээ бирөөлөр өз териси менен сезишкен.
Деланилердин ийгилигинин кредосу — билим аркылуу өздөрүнүн абалын жакшыртууга, бийик жарандык жоопкерчиликке жана ыймандуу жашоого, ошондой эле Кудайга болгон бекем ишенимге негизделген. Алардын үй-бүлөсү “Сенин ишиң кимдир бирөөгө жардам берүү” деген девиз астында жашаган. Бэсси жана Сэди Деланинин айткандарына караганда, бул канон жардамга муктаж бардык адамдарга өң-түсүнө карабай колдонулган. Алардын ийгилиги аларды ар кандай кемсинтүүлөрдөн жана расиcизмдин жан майыштырган балакеттеринен сактай алган эмес. Бирок алар чынчыл идеализмдин бийик стандартынан бир кадам да артка чегинбеген.
Бүгүн деланилердин үй-бүлөсү Роли же Харлемде эле жашабайт. Алар да көпчүлүк америкалык үй-бүлөлөр жана жаш муун сыңары-алардын арасында мугалимдер, ишкерлер, доктурлар, юристер жана башка кесип ээлери бар- өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө чачыладай чачылган. Ага карабай, жылына бир жолу алардын ар бири убакыт таап, Нью-Йорктун четиндеги Маунт-Вернон шаарына үй-бүлөлөрүнүн матриархы жана деланилердин мурасынын сактоочусу- Сэди эже менен Бэсси эжесине жолугууга келери күмөнсүз.
Мурда жарыяланган 1-2-бөлүгүн ушул шилтемеден табасыз
3-бөлүк
Сэди
Ар күнү эртең менен Бэссиден сурайм: «Бүгүн бизге кимдир бирөө келеби?”
Ал тык токтоп, былк этпей көпкө ойлонуп туруп: “Жок, эч ким келбейт” же “Ооба, баланча жана баланча келет”, — дейт. Ал дайыма туура айтат.
Ceн көрбөдүңбү, Бэсси анча-мынча көзү ачыктык жөндөмүм бар деп ойлойт. Мен анысын колдобойм. Себеби бул Кудайга жакпаган иш. Бирок Бэссинин интуициясы мыкты экенин мойнума алам.
Бир нече жыл мурун апам Бэссинин экстрасенстик жөндөмүн койдурганга аракет кылган. Ал адамдын өмүрүн алаканынан окуп билгенди үйрөнүүгө бармак болгондо, апам аны жөнөтпөй койгон. Апама мунун баары жактырбачу. Бул өзү адептүү христиан кыздар жасабай турган иш. Бирок Бэссиде башка кишилерде жок өзгөчө таланты бар экенин мен эчендеген жылдардан бери билем. Анын бул касиетине көп жолу өзүм күбө болдум. Сен көрбөдүңбү, бизде телефонубуз жок. Биздин бар ишенгенибиз: АКШнын почта кызматы жана Бэссинин интуициясы.
Бизден кийинкилердин ар биринде телефону бар. Биз телефонду жек көрөбүз! Ооба, илгери Бэсси тиш доктур болуп иштеп жүргөндө бизде телефонубуз болгон. Бизде телефон болуш керек эле! ОК1, ишке зарыл болчу. Бирок 1957-жылы биз мынабу үйгө көчкөндөн бери телефонубуз жок. Бир кокустук болуп калса, бизде терезеге койчу чырагыбыз бар. Аны эч колдонбодук. Зарыл учурда кимдир бирөө өзү эле чуркап келип калат.
Бир мертебе телефон компаниясынын өкүлү келип, бизге уйгактай жабышпадыбы! Акыр аягында тиги эркекке түз айттык: “Мырза, телефон компаниясы телефонду бекер орнотуп, аптанын жети күнү жылбай отуруп, биз үчүн жооп берчү адамга акча төлөп берсе да бизге телефондун кереги жок!” Ал бизди түшүндү.
Дүйнө бүгүн көчөсү көп, бирок капкадан чыгар жолу жок шаардай. Банктардын баары бизге бетине аты-жөнүбүз жазылган кредиттик карталарын жиберет. Биз эч кандай кредиттик карта заказ кылбасак да! Биз катты ачып, кредиттик картаны көрөр замат, аны эки бөлүп, бурдап ийебиз. Элестетип көрчү, банк жашы жүздөн өйдө курактагы эки байбичеге кредиттик карта жиберүүдө? Алар өзү кайсы жери менен ойлонот?
Бир жолу Нью- Йорктун Билим берүү башкармалыгынан кунарсыз кат алдым. Алар менин пенсиямды токтотушмак болуптур. Ошого менден өлбөй тирүү жүргөнүмдү далилдөөнү талап кылышыптыр! Алар мени эбак сөөгү сөпөт болгон, анын чегин2 кимдир бирөө уурдап алып, пайдаланып жүрөт деп ойлошсо керек.
Биз мунун баарын жасадык, бирок биздин курагыбызга жеткениңде бу сыяктуу баасы сары чакага арзыбаган иштерди аткарууга туура келет дегендин өзү эмне?
Кээде эшигибизге жөнсүз башбаккан кишилер тажатат бизди. Сен эч качан алардын ким экенин билбейсин. Баарынан да көшөрүп эшикме-эшик жүргөн евангелисттердики өттү. Мен андай даватчыларды терезеден көрөр замат “жок” деп башымды чайкайм. Аларга эч качан эшикти ачпайм. Бирок Бесси кээ учурда болбой эле ылдый түшүп барып, терезеден башын чыгарып алып, алар менен акийнек айтышат:
— Силерге эмне керек?
Тиги немелер сөзүн минтип баштайт:
— Сиз менен бир мүнөт эле сүйлөшөйлү дейбиз?
Анан Бесси от алат:
— Ой, жок. Болбойт! Силер сүйлөшкөндү каалабайсыңар! Силер мени чокундурганды каалайсыңар. Менин жашым жүздөн да көп. Мен өмүр бою Епископ чиркөөсүнө таат кылдым. Мени же эжемди азыр бул жолдон эч ким чыгара албайт!
Бесси качан болсо кыйынсына берет. Чындыгында эле бизде бу сыяктуу тентектикке убактыбыз жок. Биздин ишибиз толтура: эсептерди төлөшүбүз керек, каттарга жооп жазышыбыз керек, өзүбүзгө оокат бышуубуз зарыл! Муну кишилер түшүнүшпөйт. Алар бизди орундукта термелип отурушат деп ойлошот. Анын баары туура эмес. Себеби бизде термелме орунтугубуз жок.
Мен сага Бэсси жөнүндө дагы бир нерсе айтып берейин. Ал жумуш кылган адамдай болуп, күн бою коңшулардын үйлөрүнөн көзүн албайт. Терезенин түбүндө отуруп алып, сыртта эмне болуп жатканын мага жобурап берет. Мен чыдабай:
— Бэсси, бул эми сенин ишиң болуп калдыбы эмне?- десем, анын мага айтканы бул:
— Эгер бул нерсе менин коңшуларымдыкында болгону жатса, анда ал менин ишим.
— Бэсси, сен баарына мурдун тыккан кара далы кыз болуп алдың.
— Сэди, эже! Биз терезелүү үй сатып алганбыз. Терезелердин өз милдети бар. Мен аларды ылайыгына жараша пайдаланып жатпаймынбы! — дейт кашайгыр.
Кээде ал мага аябай жинденгенде минтет:
— Тегеректеги бардык коңшуларыбыздын үйлөрү өрттөнүп кетсе да, сен камырабайсың!
Ал, албетте, бул айтканы натуура экенин билет. Анын мага жинденген себеби, мен ага окшоп, тегеректе эмне болуп жатканын билгенге куштарланбайм.
4
Бэсси
Мен силерге биздин үйдүн таржымалын айтып берейин. Биз эки үй-бүлө жашачу тамда турабыз. Коңшуларыбыз биз эмне сүйлөшүп жатканыбызды кээде дубалдын артынан угуп алышат. Бир жолу коңшубузга күңкүлдөп кыжынган бир аял конокко келди. Көтөргөн асманы түшүп кеткендей ачуулуу неме экен! Аялга түн ортосуна жакын биздин үнүбүз карсылдап күлгөндөй болуп угулуптур да ал биздин үйдө арбактар жүрөт деп ойлоптур. Ооба, мырза, үйдө арбактар жүрөт эдеп ойлоп алыптыр.
Коңшубуз эртеси күнү келип, бизге нааразылык билдирди. Мен ага: «Биздин үйдө эч кандай арбак жок, бул үйдө биз – эки акмак жашайбыз”,- дедим. Биздин курагыбыздагы карыган эже-сиңди өздөрүн ушундай жеңил-желпи алып жүрөт деп алардын үч уктаса түшүнө кирбептир. Менин чамамда, бизге окшогон кемпирлер ордунан жылбай ушак айтышат деп ойлошкон алар. Биз жөнүндө антип ойлоп жаңылышкан. Ооба, мырза! Кишилер менден өткөн жүз жылда кантип жашаганыбызды сураганда, мен: “Айнанайын, биз дегеле күйөөгө чыккан эмеспиз. Өлүм тууралуу ойлогондой экөөбүздө дегеле күйөөбүз болгон эмес!”- дейм.
Мен күлгөндү жакшы көрөм. Азыр эле биздин, ынды кара балдардын, 1890-жылдары ырдап жүргөн ырыбыз эсиме түштү. Сэди экөөбүз муну абдан шайыр ыр деп ойлойбуз. Мен бул ыр жөнүндө жүз жылга жакын эч ойлобоптурмун! Ал мындай:
Жекшембиде таңга жуук
Пастор ууга барбайбы;
Өз динине ылайык
Жанга мылтык албайбы,
Он үч чилди сулатып
Базарга жолун чалбайбы,
Бир далайга барган соң
Чоң аюу көрүп калбайбы,
Ал турат жолдо – ортодо!
Тыгылды жүрөк колкого.
Корккондон көзү төгөрөк…
Ынды кара чөгөлөп,
Шап жармашат даракка,
Түн бою бармак каякка?
Ойлоймун анан Теңирге
Отуруп мындай дегендир:
«О, сен Теңир, Даниэлди
Куткарып алдың эле го?
Арстанга чалдырбай.
Жана агайын Даниэлди
Азуусуна алдырбай
Киттен сактап калды элең.
Шондо жөөттүн үч уулун
Алоо мешке салды элең.
Мени да колдо, Кудайым!
Агер маа жардам бербесең,
Тигинде турган аюуга
Жардамың бербе ылайым!»
(Ырды куюлуштуруп, кыргызча ыргакка салган – Олжобай Шакир)
Садагаң кетейин, биз мобу ырдын соңку сабында айтылган азил сөз дүйнөдөгү эң күлкүлүү нерсе деп ойлочубуз. Азапкөй эл күлкүнүн баасын жакшы билет. Жөөттөр жөнүндө ойлочу. Алар кантип күлгөндү жана өздөрүнүн үстүнөн күлгөндү билишет! Биз ынды каралар да ошондойбуз. Биз өлбөй аман калган элбиз.
Кишилерди жеңил таарынтчу стереотиптер болот эмеспи. Алардын кээси мага чымын чаккандай да таасир этпейт. Мен, мисалы, “Шамал айдап кеткендер”3 китебиндеги Мэмми абдан күлкүлүү деп ойлойм. Мага “Amos ‘n’ Andy”4 радиокомедиясы жагат. Мына, өзүң көрүп жатпайсыңбы, мен башка нерселерге көңүл бурбайм. Себеби өзүмө бекем ишенем. Мен азилдеше да алам.
Cэдди экөөбүз тээ качанкы бир замандагы нерселерди мээбизден өчүрүп салганбыз. Биз эбак сөөгү сөпөт болгон адамдар жөнүндө сүйлөшөбүз. Анткени азыр Жер бетинде аларды унута элек бизден башка эч ким жок. Биз дайыма биздин үй-бүлөнү жана досторубузду эскерүүнүн айласын табабыз. Ошого атам 1929-жылы дүйнө көчкөнүнө карабай, бүгүнгө дейре анын туулган күнүн майрамдайбыз. Ал күнү атам туулган күнү куштар болуп жечү тамактарды: тоок coусу менен, күрүч жана таттуу дөшкө5, чочконун жука кесилген сүрсүгөн сан этин, сыр аралашкан макарон, капуста, брокколи, шалгам жана сабиз даярдайбыз. Десертке сөзсүз туулган күндүн кекси-фунт кекси, апельсин менен жаңы бышкан кокостон жасалган амброзия6 болот.
Дегинкиси биз арак-шарапка жакын жолобойбуз. Ырас, бир жолу шарап менен Jell-o7 жасаганбыз. Биз анда рецепт эрежесин бузуп, суунун бир аз бөлүгүн шарап менен алмаштырып койгонбуз. Ал денеңди жибитип балкытат, бирок мас кылбайт. Чынында эле мен өмүрүмдө эч качан мас болгон эмесмин.
Дагы бир нерсени айтайын. Биз Сэди экөөбүз мүмкүн болушунча доктурлардан качабыз. Садагаң кетейин, биз ооруканага жатпайбыз, себеби ооруканада сени өлтүрүп тынышат. Ооруканада өткөрө дарылап салышат. Алар сенин качанкы какбаш экениңди жана акылың алиге тетик экенин көрүшүкөндөн кийин, сага музейдеги сейрек буюмдай: “Экспонат 1” жана “Экспонат 2” деп мамиле кылышат. “Эй, медайым, бери келип, бу кары кемпирди көрчү. Ал дале тал чыбыктай солкулдайт…”, — дейт. Көпчүлүк учурда сени киши катары дарылабайт, алар сага объект сыңары мамиле кылышат.
Бир жолу кайсы бир доктур Сэдиден карылык боюнча тестен өтүүнү өтүндү. Албетте, Сэди тестти жасады. Жанагы неме бир жылдан кийин тестти кайра жасоону сурады эле, Сэди шакылдап: «Доктор, убактыңызды бекер коротпоңуз!” — дебеспи. Доктор эсине келип суроону окуганча, Сэди бир жыл мурдакы бардык суроолорго шатырата жооп берип салды. Анан мага: “Жүр, Бэсси. Кеттик бу жактан”,- деди.
Көпчүлүк эл Сэди экөөбүздүн канча жашта экенибизди билип, булар акылынан алжып калган деп ойлошот. Бирок биздин акыл-эсибиз жайында жана бардык “шариктерибиз ордунда”. Ооба, мырза! Ырас, карылыктан баданим чарчади. Бирок чарчадым деп кантип даттанам? Кудай күн сайын сопу-садык чалбай, Күндү чарчабастан сапарга аттандырып жатпайбы? Туурабы? Аарып чарчадым деп даттангыдай мен өзү киммин?
Бир кызык айтайын. Кээ бир күндөрү өзүмдү кыздай сезем, а башка бир күндөрү диңкем соолуп, өзүмдү мазардай, жаны бар мазардай сезем. Ошон үчүн мунун баарын ушу азыр жазып салганыбыз жакшы, себеби көктөгү Кудай менен качан жолугарыңды эч качан билбейсин.
II бап
“Мен эркинмин!”
Cэди менен Бэссинин атасы Генри Бөрд Делани кулдун үй-бүлөсүндө туулган. Анын эс тарткан кези Түштүктөгү жер солкулдатып, дүйнөнү теңтерген өзгөрүүлөргө туура келет. Кандуу Граждандык согуш бүткөндө, Түштүк күлү сапырылып, бүлүнүп кыйраган болчу. Андан кийинки калыбына келтирүү декадасы башаламандык жана зобун-зордук менен коштолуп, согуштан тынч жашоого өтүүнүн жол-жобосу боюнча Түндүк менен Түштүк арасында катуу саясый таймаш жүрүп жатты. Эки тарапты араздаштырган маселе: жаңы гана эркиндик алган төрт миллион кулдун келечеги болду. Алар эркин болгону менен жашоосу кулчулук кездегиден да начарлап кеткен эле. Деланилердин үй-бүлөсү көпчүлүк ынды караларга караганда оокаттуу болушкан. Cебеби деланилер ээсинин кызматын кылып, ирегесинде жашаган иреге-негр8 болгондуктан, талаада иштеген боордошторунан айырмаланып, алардын энчине аз да болсо мал-жай тийген. Эң маанилүүсү – алар окуганды жана жазганды билишкендиктен, Түштүктөгү башаламан жашоодо кат-сабаты жок көпчүлүк кечээки кулдарга караганда жаңы жашоодо өз ордун тез табышкан.
Эже-сиңди деланилердин таятасынын ата-бабасы – виргиниялык логандардын саясый макамы коомдо түшүнүксүз болгон. Эркин жана али кул боло элек ынды кара катары – алар Граждандык согуштан мурда АКШ жараны деп таанылган эмес. 1860-жылы кул ээлөөчү штаттарда 250 000 эркин ынды кара болгон. Алардын көбү кулчулуктан азат алгандар эле.
Мыйзам аргындарды өңү-түсү ак экенине карабай, “түстүүлөр” категориясына кошкондуктан, азат жүргөн ынды каралардын саны көпкөн камырдай көбөйгөн. Түштүктөгү берегидей эркин эркек-аялдардын так эсеби беймаалым жана логандардын үй-бүлөсүнүн тарыхы алар башынан кечирген көп машакаттын бир тутумун даана чагылдырат.
Генри Делани жана Нэнни Логан баш кошкон 1886-жылы Түштүктө ынды каралардын орто классы жаңы гана пайда боло баштаган. Түндүктүн эрте калыптанган ынды кара лидерлери сыяктуу эле Түштүктүн орто классынын ийгилиги ишкерликке негизделген. Ынды каралар ачкан жаңы ишканалардын көбү ынды кара керектөөчүлөрдү тейлөөгө адистешкен, анткени салт же мыйзам расалар аралык соодага тыйуу салган. Мисалы, эже-сиңди деланилердин айтымында, ата-энесинин кээ бир ынды кара достору обол иш баштаганда актарды жана ынды караларды тейлеп, анан суктанарлык ийгиликке жетишкен. Бирок Түндүк Каролинада каралардын актардын жамаатын тейлөөгө тыйуу салган мыйзам кабыл алынгандан кийин, ата-энесинин досторунун бизнеси күйүп кете жаздаган.
Жакшы жетишкендиктерине же экономикалык макамына карабастан, бир да ынды кара расалык бөлүнүүнүн мөөрүнөн кутуларына ишенбеген. Граждандык согуш 1865-жылы бүткөн, бирок ак Америка негрлерди төмөнкү раса деген көзкарашынан бошонууга даяр эмес чыкты. Мындай түшүнүк кулчулук институн түзүүгө өбөлгө болгон.
(Уландысы бар)
Түшүндүрмө:
1ОК, Okay – айтылышы оу ке́й, “окей”. Америкада жана дүйнөнүн көптөгөн элдеринде “макул” деген сөздүн ордуна кеңири колдонулат.
2Чек – акча ордуна төлөнүүчү же жүгүртчү баалуу кагаз.
3 “Шамал айдап кеткендер” – америкалык жазуучу Маргарет Митчелдин (1900-1949) романы. Китеп 1936-жылы чыгып, дагы 80 чакты жолу кайра басылган. Ондогон тилдерге которулган.
4“Amos ‘n’ Andy” – Нью-Йорктун киндигиндеги Манхеттен районунда жашаган ынды каралардын турмушу тууралуу радиоберүүлөрдүн жана телекөрсөтүүлөрдүн түрмөгү.
5Дөшкө – картошка. Жээнбай Мукамбаевдин “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнөн” алынды.
6Амброзия – кекс же торт. Байыркы гректерде кудайларды картайтпас жана өлбөс кылчу таттуу тамак.
7Jell-o, Jell-О – демейде шекер, желатин жана жемиштердин унунан жасалган жумшак, таттуу, кыймылдатканда килкилдеп турчу тамак.
8Иреге-негр, англис тилинде “house niggers”.