
Дегиниси сапарда жүргөн адам кээде жел үйлөгөн каакымдай жеңил болуп, барар жерин так билбейт. Муну мен өз тажрыйбамдан билем. Мисалы, Мадриддин Прадо музейинде биринчи күнү узун кезекке туруп Иероним Босхтун эмгектерин көрдүм. Тициан, Гойя, Караваджо, Эл Греко жана башка эмгектери дүйнөнүн белгилүү музейлеринин көркүн ачкан художниктердин сүрөттөрүн көрөм деп, эртеси Прадого жалгыз бардым.
Кайра эле узун кезек күткөн эл. Үчүнчү күнү мурдай айтканымдай, Эски Мадриддин “ит жатагына чейин” билген гид жигит Мигель менен free walking tour кылып, шаардын тарыхый бөлүгүн жөө кыдырдык. Мына ошондон кийин гана колуктум экөөбүз жайма-жай отуруп, акылыбызды пештеп жатып, көөнө калаанын мүнөзүн ачып берчү жайларын көрөлү деп чечтик.
Ал үчүн биз токтогон батирдеги конок-австралиялык айткандай, “жарым кадам” шилтеп, түнөгүбүздөн “Күн дарбазасы” аянтына (Plaza Puerta del Sol) жеттик. Илгери бул аянтта Мадриддин чыгыш дарбазасы болчу экен. Бүгүн ал дарбаза жок.
Формасы тукумдай сүйрү “Күн дарбазасы” аянтынын орто ченине төөнөлгөн төрт чарчы мистин бетинде “0 чакырым” деген жазуусу бар. Аны мурдатан билген туристтер ошол чоңдугу чарчыдай мистин бетине таманын коюп, Мадриддин киндигин тепсеп тургандай сүйүнүшөт. Андан соң аянттан салаалап кеткен жолдор менен бет алган жагына каңгып кетишет (Бул аянттан Мадрид шаарынын символу болгон эстелик — “Аюу жана кызылгат” орун алганын өткөндө жазганмын).
Биз да алдагыдай “ырымды” аткарып, Calle Mayor көчөсү менен түштүк батышты көздөй каңгып жөнөдүк. Жолдун эки тарабында мезгилдин тамгасы басылган кабат тамдар, дубал бетин көркөмдөө үчүн тартылган сүрөттөр.
Мурдунун учуна көзүлдүрүгүн илген саат устага кооз дүйнөгө суктанганы келген жолоочулар башын көтөрүп бир тигилип алат. Экинчи кабаттагы бул жөнөкөй фигура — XIX кылымда саат сатчу дүкөнгө кардар чакырган жарнаманын милдетин аткарган. Сыягы дүкөндүн ээси экинчи кабатта жашагандай…
Убакытты карыткан имараттардын архитектурасына азгырылып отуруп, анча дегенде өзүбүз көздөгөн Сан Мигел-Mercado San Miguel базарына келдик.
1915-жылы курулган бул базардын ичинде туристтер менен жергиликтүүлөр теңме тең. Эл базардын даяр тамак-аш саткан бөлүгүндө көп болгону менен, бири бирин жөөлөгөндөр жок. Ал эми чийи эт, балык саткан күркөлөрдүн кардарлары негизинен жергиликтүүлөр. Базар ичи таптаза болгондуктан, банандын кабыгына же башка таштандыга тайып жыгылам деп ойлобойсуң дагы!
Чар тарапта түрдүү тамактары, мөмө жемиштер, татуулар жана ичимдиктер жайнайт. Ысык оокаттардын булоосу чыгып, даамдуу жыттар танооңду кытыгылап, атырдын жытындай абаны искетип, өзүнө чакырат. А туристтердин көбү баягы эле жапон туугандар.
Базардын ички интерьери өткөн жүз жылда такыр өзгөргөн эмес. Испан падышалыгы кемелине толуп турганда кылычы айга жетип, Европаны кой, Азия, Америка, Африка, Океанияга чейинки өлкөлөрдүн мойнуна камыт салып башкарган. Ошого испандардын тамак-ашын түрдүү элдердин тамактарынын симбиозунан буйта болгонун байкоо мүмкүн.
Мен жайнаган тамактын ичинен өзүмө тааныш испан палоосун-паэля (деңиз азыктарын кошуп даярдалган) жедим. Паэлянын кыргыз палоосунан айырмасы – испандар ага эттен башка да деңиз жандыктары жана деңиз өсүмдүктүрүн кошуп да жасашат. Анан да паэляга палоодой май көп кошулбагандыктан, күрүчтүн сырты майлашып жылтырабайт.
Мадриддин Сан Мигел базары тууралуу жазып жатып, Бишкектин Ош базарынын “алтын дооруна” тиешелүү бир окуя эсиме түштү. 1983-жыл. Ноябрдын биринчи ишембиси. Ал кездеги Кыргыз ССРинин Соода министрлигинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген досум, ыраматылык Казбек Байсаев чакырып, Ош базарына эртең мененки саат 8:00де барганмын. Жаңы ачылган базардын кандай иштеп жатканын көргөнү Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-секретары Турдакун Усубалиев келмек экен. Бир кезде кара “Волга” базардын Киев-Бүбүсара Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши жактагы дарбазанын оозуна келип токтоду. Усубалиевдин жанында орус жансакчысы бар, калас. Артынан келген “Волгадан” жаңылбасам Бишкектин кожоюну, партиянын шаардык комитетинин 1-секретары К. Молдобаев чыкты. Аларды республиканын Соода министри А. Н. Железнов, Кыргыз керек жарак союзунун төрагасы Т. Б. Чилебаев күтүп турган. Казбек да чоңдор менен бирге Т. Усубалиевди коштоп жөнөдү. Мен да алардан калбай баратам. Базардын дарбазасынан киргенде сол жакта сыртта алма алганы кезек күткөн адамдар. Усубалиевди көрүп, катардан бир орус аял суурулуп чыкты да: “Бизге сапаты начар алманы 1-сорт деп сатып жатат”,- деп наалып, даттана баштады. Бир-эки кардар тиги аялдын сөзүн коштоп, бирок алдыдагы чоң ким экенин билгенден кийин, “нас кепеткендей” тынчышты.
Усубалиев аялдын сөзүн бузбай укту. Ал бүткөндөн кийин:”Сиздер кызык адам экенсиздер. Кыш босогодо турат. Малчылар шаарлыктарды эт менен камсыздайбыз деп, ызгаар суукта кабагым-кашым дебей тоодо жүрөт. А силер барына топук кылбай, дүкөнчүгө ишенбей, чуу көтөрүп жатасыңар. Азыр баары териштирилет. Сизге иштин чоо-жайы кабарланат”,- деди орусча таптап сүйлөп. Ал тушта алма саткан дүкөндүн жетекчиси да жете келип, Т. Усубалиевге иштин жайын түшүндүрө баштады. Бу тушта жанагы даттанган аял ким менен сүйлөшкөнүнө акылы жеттиби же башка шашылыш иши барбы, айтор, жел айдагандай шыпылдап, алмага кезек күткөн топту калтырып, базардын түштүк дарбазасы жакты карай учуп жөнөдү.
Усубалиевдин ”Сиздер кызык адам экенсиздер…” деген сөзүнөн кийин эмне минтти экен деп, кезектегилерди карасам — жалаң орустар туруптур. 1983-жылы Бишкекте 583 миңдей эл жашаса, алардын бештен бири гана кыргыздар болчу. Бул маалыматка токтолгон себебим, базарда кыргыз тилине байланыштуу эки окуя болду ошондо.
Жетекчилер андан ары күргүчтөп, базардын батыш ныптасындагы “Бозоканага” барышты. Бозокана ал кезде кантип аталчу эсимде жок. Бүгүн барбы, билбейм. Усубалиев бозо саткан келинге барып саламдашып, бозо кандай аштыктан (буудай, жүгөрү, таруу) жасалганын сураса, сатуучу “кыргызча билбейм” деп, орусча сүйлөдү. Көрсө, кыргызга окшош сатуучу келин корей экен. Биринчи секретарь чыныга куюлган сапсары жүгөрү бозодон ооз тийди да, тепкич менен сыртка чыгып баратып:”Бул жерге кыргызча билген дүкөнчү керек ко” дегенин кийин Казбек айтты.
Андан ары чоңдор сүт азыктарын саткан павильонго киришти. Ак халатчан сатуучулардын арасында бирин-серин кыргыздар да бар. Т. Усубалиев Сокулук районунун павильонундагы дүкөнчү кыргыз аялга кайрылып, кайсы чарбадан экенин сураса, ал орусча жооп кайтарды. Жаңылбасам, Усубалиев сөзүн улантпай, кадамын улантты. Эки министр да кошо басышты. Чоңдорду жандаган топтон кимдир бирөө дүкөнчүгө “Эмнеге кыргызча жооп берген жоксуз?” -деп сурап, анын орусча сүйлөгөнү Т. Усубалиеге жакпаганына ишаара кылды.
Бул окуялар али да күнү бүгүнкүдөй жадымда сакталып калган себеби, ошол үч эпизодду Казбек экөөбүз кечинде көпкө талкуулаганбыз. Бүгүн Бишкектеги дүкөн, ресторандарда иштеген кыргыздардын кардарларга көбүнчө орусча сүйлөгөнүнүн башаты ошол советтик доордо жатат сыягы…
Мадриддин Башкы аянтынын икаясы
Mercado San Miguel базарынан курсакты кампайтып алып, Мадриддин Башкы аянтына – Пласа Майорго (Plaza Mayor) бардык. Таш төшөлгөн узун-туурасы 100 метрдей келген төрт чарчы аянтты курчаган төрт кабат имараттын биринчи кабатынан ресторан, кафелер, түрдүү дүкөндөр орун алган. Ортодо падыша Филип III нүн ат минген эстелги зоңкойот.
Бир кездерде көк жал тореадорлор ушу аянтта букалар менен күч сынашчу экен. Мадриддеги эң алгачкы коррида өтчү жай да ушу жерде жайгашыптыр. Мадриддин башкы майрамы — Ыйык Исидор майрамы XVII кылымдан бери ушу аянтта майрамдалат. Ошого 2-чи, 3-чү, 4-кабаттардагы аянтты караган 237 батирдин ар биринде балкону бар.
Филипп IV падыша кезде анын көңүлдөш аялына улуктардын катарында отурганга орун жок экени эскертилет. Бирок өкүмдардын каалоосуна ылайык, таң атканча ойношуна кошумча балкон жасалганы тууралуу аңыз бар. Ошентип, кыз накыш падыша фаворит аялын санжаргалуу улуктардын катарына кошот. Мындай учурда кыргыздар: “Жакшы атка жаман ат жалы менен теңелет” деп айтышчу эле.
Мадриддин бул аянты төрт кылымдык тарыхында бүгүнкү Plaza Mayor атын алганга чейин «Plaza del Arrabal», «Plaza Real», «Plaza de la Constitución», «Plaza de la República» деген аттарды алып жүргөн. Анын ичинде “Конституция аянты” деп беш жолу аталыптыр.
XVII кылымда өткөн атактуу испан драматургу, акын жана жазуучу Лопе де Вега береги аянтты “Испаниянын киндиги” деп билгендей атаптыр!!! Лопе де Вега окурман журтка, жаңылбасам, бир жылдары Кыргыз академиялык драма театрында коюлган “Бий мугалими” комедиясы менен белгилүү.

Дагы бир кызык нерсе, Испаниянын 1812-жылкы тунгуч конституциясы боюнча, өлкө ичиндеги бардык борбордук аянттар “Конституция аянты” деп кайра аталган. (Совет заманындагы Ленин аянты, Ленин району, Ленин колхозу (совхозу же заводу), Ленин атындагы мектеп, Фрунзе шаары, Фрунзе району, Фрунзе атындагы завод жана башка ушул сыяктуу аталыштарга окшош эмес бекен?). Бул аталыштар, албетте, тарых жана бийлик башындагылардын саясый көз карашын, коомдо өкүм сүргөн маанайды чагылдырат. Ошол эле учурда бүгүн маанилүү жана түбөлүктүү көрүнгөн көп саясый жараяндар сааты келсе, сары чакага татыбай каларын каңшаарлайт.
(Уландысы бар)
Амирбек Азам уулу