АЗАМ уулу Амирбек: АМИРБЕК АЗАМ УУЛУ: ТАРЫХ БИЗ МЕНЕН ЖАШАЙТ…

“Рух Эш” интернет басылмасында Абдыкерим Муратовдун “Сунулган баш… Суурулган кылыч…” тарыхый романынан Маадаминбектин өлүмүнө байланыштуу үзүндү жарыяланды.

Аалым-жазуучу бул романда белгилүү кызыл командир Мадаминбектин өлүмү тууралуу электрондук маалымат булактарында жана совет мезгилинде чыккан адабияттарды, анын ичинде Төлөгөн Касымбековдун айтылуу “Келкел” тарыхый романындагы маалыматтарды төгүндөйт. “Келкелде” Мадаминбек Тамаша кыштагында (бүгүн Кадамжай районунда) буктурмага кабылып, атышып жатып  өлөт. Мындай версия жаңылыш экенин “Азаттык” радиосуна 2012-жылы жарыяланган изилдөөмдө жазгам. (Караңыз:  https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_literature_history_madaminbek_death_research/24530238.html)

Жана А. Муратов өз изилдөөлөрүнө таянып, Мадаминбек бүгүнкү Испайрам өрөөнүндөгү Шыгай айылында (Кадамжай району) өлтүрүлгөнүн көркөмдөп жазат. Бул, албетте, тууган жеринин жана аймагынын тарыхын сүйүүчүлөр үчүн А. Муратовдун китебинин баасын көтөрөт.

Анткени Мадаминбектин трагедиялуу өлүмү жана кайда өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар ар түрдүү.  Мисалы, өзбекче Википедияда Калкожо Эшендин буйругу менен кыргыздардын Кароол кыштагынын жака белинде 1920-жылы 14-майда кыянаттык менен өлтүрүлгөнү, мүрзөсү  Алай өрөөнүндөгү Шыгай кыштагында экени айтылат.

«Шыгайга бараткандагы жол». 2013

Орус тилиндеги Википедияда Мадаминбектин өлүмү негизинен Марк Полыковский деген кызыл аскердин(?) “Вуадиль- чистое сердце” деген ат менен совет заманында чыккан эскерүүсүндө жазылгандай болуп сыпатталат. Тактап айтканда, Шер Мухаммедбек корбашы Гарбуа (Жугара Гарбуа деп да айтылган учурлар бар) кыштагында жолугушалы деп кат жиберет Мадаминбекке. Ошондон соң Мадаминбек өзү жетектеген колдун комиссары Сергей Сухов жана отряддын коштоосунда жолугушууга барганда, басмачылардын “Амир ляшкар башы” Шер Мухаммедбек Вуадил кыштагына  алдап алып барып, ошо жерден  жок кылат. (https://ru.wikipedia.org) Кадамжайга чектеш Вуадил бүгүн Өзбекстандын Паргана дубанына карайт.

Шер Мухаммедбек эл ичинде, ошол эле “Келкел” романында жана жаңылбасам “Жоро” жана башка көркөм фильмдерде “Көршермат” деген ат лакап ат менен белгилүү.

Ал эми Д.М.Милеев деген автордун эскерүүсүндө (Воспоминания. Гибель Мадаминбека) көңүл бурчу жана кыргыз аксакалдардын сөзүнө төп келчү айрым фактылар бар. Биринчиден, Көршермат менен кездешүүгө Мадаминбек Испайрам өрөөнүнүн босогосундагы Үч-Коргон кыштагынан аттанат. Аны, Кызыл мусулман армиясынын командачысысын Сергей Суховдон башка төрт гана атчан аскер коштоп жүрөт. Казак орус Сухов менен кошо беш аскер. Алар Көршермат менен жолукканы баратканда Калкожо корбашынын желдеттери жолдон өткөрбөй, эки арада чатак чыгып, ок атышуу болот. Мадаминбек жана шериктери куралсыздандырылып, кийин 20-майда (башка маалыматтарга ылайык 14-майда ) Мадаминбек жана Суховду Калкожо Эшен өзү мууздайт. Баштарын болсо элди коркутуу үчүн шишке сайып койгон, деп жазат Милеев. (https://sites.google.com/site/mileevart/memuary/dmmileevvospominaniagibelmadaminbeka)

Көршермат. Асатилла Тешебаев тарткан сүрөт. 1988-жыл

Кызыгы Д. Милеев да, М. Полыковский да Мадаминбекке Көршермат менен жолугушууга баргын деп жогор жактан-командачылыктан буйрук болгонун жазышат. Милеев: “Биз Калкожону (тексте Халхаджа) жакшы билчүбүз жана Сухов менен Мадаминбекти барбагыла деп көрдүргөнгө, бул сүйлөшүүлөр- капкан үчүн ойлонулган нерсе, Калкожого бир гана тилди (ред.-куралдын күчүн) түшүнөт деп, аны жок кылыш керек экенин далилдегенге аракет кылдык. Муну Сухов да, Мадаминбек да билишчү, бирок маанайлары чөгүп, бул командачылыктын ыктыяры дешти бизге ” деп эскерет.

Полыковскийдин жазышынча, ыргылжың болуп турган Мадаминбекке Скобелев шаарынан (азыркы Паргана же Фергана) телефон чалып, кездешүүгө бар деп буйрушат.

“Гарбуага сөзсүз баруу керек,-деп айтышты штабдан.-Көршерматтын согушка катышпай калуусу, басмачылардын отряддарынын толук бойдон жана тез арада тынчтануусуна алып барат.”

Сухов Мадминге телефондун туткасын берди:

-Сизди сурап жатышат.

Бек бир мүнөттөй Скобелев тараптагы адамдын үнүн угуп турду да макул болуп, башын ийкеди:

-Мен даярмын.

Андан бир нерсени сурашты эле бир аз ойлонуп турду.

-Мен аскер адамымын. Аткарылат.

Жана мындай деп кошумчалады:

-Буйруктун кереги жок. Өз ыктыярым менен барам.

Ал телефондун туткасын илди да комиссарга бурулду:

-Аттарды даярдашсын, таң эртең Гарбуага аттанабыз.”

(http://rulibs.com/ru_zar/nonf_biography/polyikovskiy/0/j20.html)

М. Полыковский китебинде Көршермат жиберген катты да тиркейт. “Бисмилла ар-рахман ар-рахим. Жакырлардын досу, жетимдердин колдоочусу, жеңилбес газы, дини үчүн казатка чыккан Мухамед Амин-бекке Шер Магометтен (Мухаммедден) салам! Сиздин каармандыгыңыз Парагандан алыс жактарга-Бухарада, Ширабда жана Кабылда маалым. Угушубузча, сиз, Мадамин-бек, бардык мусулман отряддарын жыйнап, тынч-аман Совет бийлигине кызмат кылып жатасыз. Чогуу масилээт өткөрүү жана менин койлорумду жалпы үйүргө кошуу үчүн  бизге Гарбуага келишиңизди сурайбыз.

Сизди жана сиздин орус кеңешчиңизди күтөбүз.

Шер-Магомет Кул (Шер Мухаммедкул).”

Кат 1828- хижра жылынын шавбан айынын үчүндө жазылды!”

Ошондо, Полыковскийдин ырасташынча, Мадаминбек жана Суховду кошуп эсептегенде Көршермат менен кездешүүгө 26 адам жөнөп кетет. “Келкел” романында да Мадаминбек Тамашага ушундай эле сандагы аскер менен барат.

Окуянын өнүгүүсү көрсөткөндөй, катта убадалашкан кездешүү Гарбуада болбой калып, Үч-Коргон кыштагына жылдырылат. Мадаминбек жанындагы аскерлер менен Үч-Коргонго келсе, Көршермат Кароолго чегинип кетет. А буйрукту аткарбаса өзүн жакшылык күтпөгөнүн билген Мадаминбек Үч-Коргондон Испайрам дарыясынын бойлой өрлөп жөнөйт.

Андан аркы жолду А. Муратов  “Сунулган баш… Суурулган кылыч…” (2012-жылы басмадан чыккан) тарыхый романында реалдуу чындыкка өтө жакындатып ажайып сүрөттөйт. Мадаминбек башындагы топ май айында көк жашыл тартып турган өрөөн менен Майдан кыштагына келгенде Калкожо Эшендин желдеттери тосуп алып, куралсыздандырат.

Арйине, илимпоз ирети фактыларга чоң маани берген Абдыкерим Муратов да Төлөгөн Касымбеков сыңары береги романын жазгандан мурда архивдик материалдар менен таанышкандан башка да эл аралап, маалымат чогултканы талашсыз. Бүгүнгө чейин Т. Касымбековдун Полот хан тууралуу сурап, Испайрам өрөөнүндөгү айылдарга келгенин улуулардан уккандарын айтып жүргөн кишилер бар.

Мен ушул жерден Мадаминбектин колго түшкөн жайы боюнча өзүм сураштырып жүрүп тапкан маалыматты айтайын. Мадаминбек басмачылардын буктурмасына Алыш кыштагына жете берген жердеги тумшуктун алдында, Кең-Сайдан чыга бериште кабылат. (Алыш- бул көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, маркум Абсамат Масалиевдин туулган жери. Бүгүн А. Масалиев атындагы айыл өкмөтүнө карайт).

Ыспайрам өрөөнүнө, анын ичинде Австро-венргр туткундары курган жол, Мадаминбек, А. Масалиев жана башкаларга байланыштуу эл ичиндеги сөздөрдү издеп жүргөндөгү учурдан. Аман Анарбаев аксакал менен. Испайрам бойлой Алайга кеткен жолдо. 2011-жыл.

Андан соң Мадаминбек жана Суховдун колдорун артына байлап, атка мингизип, дараны көздөй алып кетишкен.

Өткөн кылымдын 60-жылдарына чейин Мадаминбек туткунга түшкөн жерде “Куу Коргон” деп, сокмо дубалдан курулган чоң коргон болчу экен. Бул жөнүндө бүгүн 74 жаштагы куйма кулак аксакал Мырзапааша Маматовдон обол 2011-жылы эшиткем. Кийин береги маалыматты  башка да кээ бир карыялар тастыкташты.

Кээ бир окурмандарда “Амирбек Азам уулу жогоруда аталган китептердеги Мадаминбекке байланыштуу фактыларга эмне мынча көңүл бурууда?” деген суроо туулушу мүмкүн.

Менин оюмча, биз өзүбүздүн туулуп өскөн жерибизге байланыштуу окуяларды жакшы билсек, ал биздин тарыхка, алдагы окуяларды чагылдырган китептерге болгон мамилебизди өзгөртөт; ар бир айыл-кыштактын тарыхына аяр мамиле кылууга үйрөтөт. Себеби, тарых биздин жашообуздан жаралат.

Италиялык тарыхчы Марко Буттинонун жазышынча,  Мадаминбектин “табышмактуу өлүмү менен кошо, кызыл мусулман армиясынын долбоору жана панктүркчүлдөрдүн Туран жөнүндөгү кыялдары күмжам болду”. (Караңыз: Марко Буттино

Революция наоборот. Средняя Азия между падением царской империи и образованием СССР. Москва, «Звенья», 2007. Перевод с итальянского Николая Охотина)

Ошондон кийин Кызыл армияга Бухараны талкалап, Хиваны басып алууга колу бошойт.

Марко Буттино Россиянын жана Өзбекстандын архивдеринде сакталып калган Түркстан фронтунан жөнөтүлгөн Кызыл армиянын командирлеринин оперативдик маалыматтарын кылдат талдап, Мадаминбектин колго түшүрүлүшү  жана өлүмү “Фрунзе менен эки корбашы (Көршермат жана Калкожо) ортосундагы жашыруун макулдашунун натыйжасы” деген гипотезаны чындыкка жакын деп бүтүм жасайт.

Мадаминбекке мынчалык чоң маани берилиш себеби эмнеде? 1920-жылдын 20-мартында кол коюлган келишимге ылайык, биринчиден, совет өкмөтү Түркстандын мусулман калкына өз жашоосун элдик каада-салтка жана шариатка ылайык жүргүзүүсүнө жол коймок. Экинчиден, мусулман армиясы совет бийлигин Паргана өрөөнүндөгү жоо-душмандардан гана коргоп, өлкөнүн башка жактарына жөнөтүлбөшү керек. Үчүнчүдөн, мусулман армиясы же Мадаминбектин кол астындагы орустарга мунапыс берилип, алар кызматын ушул жерде уланта берет. (Мен бул жерде келишимдин маанилүү пункттарына гана токтолдум).

Испайрам өрөөнүндөгү Кара Жыгач кыштагы. 2013-ж.

Бул келишимди Түркстан Компартиясынын Турар Рыскулов башындагы Мусулман бюросунун жетекчилиги колдогон. Бирок Ленин башындагы большевиктик бийлик жактырган эмес. Аны  аткарбай коюнун бир жолу “жергиликтүү сарттар пешин өөп”, падашыдай көргөн Мадаминбекти жок кылуу эле, деп ой жооруйт италиялык окумуштуу.

Албетте, Д. Милеев да, М. Полыковскийдин китептери совет бийлигинин “басмачыларга” каршы күрөшүн даңазалап мыйзамдаштыруу үчүн жазылган. Төлөгөн Касымбеков көп окуялар кандай болгонун эл оозунан укканы менен саясый цензуранын шартында аларды жымсалдап жазганга арагасыз эле.

Касымбековдун жаңылыштыгы же Мадаминбектин өлүмү