АРКАБАЕВ Кубаныч: КУБАНЫЧБЕК АРКАБАЕВ: КӨЙ ТУРМУШ АЙЫРМАСЫЗ КӨЗ ТАҢМАЙДАН

Чыгармачылыгымды карасөздөн баштасам да бир кезде жаштык деми менен ыр жазгам. Ал тургай 1996-жылы ыр жыйнак чыгарып, аз болсо да жакшы пикирлерди  укканым бар. Менин азыр ал ыр китеп  тууралуу сөз кылайын деген оюм жок. Андан кийин жазылып, китепке кирбей калып жетимсиреген, үй-жайы жок киши сымал ар кайсы саргайган барактарда жүргөн ырларым колума тийип боорум ооруду. Карап көрсөм алардын эң кийинки жазылганына 1999-жыл деген дата коюлуптур. Ошондо ыр жазбаганыма жыйырма жылга жакындап калыптыр. Жаштык деми азайдыбы, карасөзгө ооп, котормо менен кетип ыр пирин таарынтып алдымбы же поэзиядагы болгон дараметим ушулбу, айтор ыр жаза албай калдым.

Кээде мааниси укмуштай сезилген уйкаштыктар келе калганы менен ырга айланбай, кагазга түшпөй ошондон ары жоголот. Тажрыйбага таянып, жоктон бар кылып, укмуш ой сымалдарды уйкаштыктар менен кооздоп ыр жарата берсең деле болот. Бирок алар сезими жок сенейген ыр чалыштар болуп калат да, китепке  чыкса кагаздын убалына калат, чыкпаса мынабу ырлар сымал ар кайсы барактарда саргайып, түрткүнчүккө айланат. Кой, сөздү узартпай китепке кирбей калып багы ачылбаган ырларыма берейинчи кезекти. Алар деле эргүүдөн улам жаралгандыктан – жарык көрүүгө акысы бардыр…

Эртең жаңы жыл
Караңгы… Караан келет карсыз жерде,

Кара аты түшүп алган кара терге.

Как ташка качыраган чанасы бар,

Чанада жаш кыйылган балаты бар…

Дыбырайт айлана албай жамгыр карга,

Аң-чөнөк тоңголок жол алдыларда.

Караңгылык калдаят, кара баары,

Күн гана эртең кызыл календарда.

Кышкы өсүү
Түнөргөн көктөн түшүп кар аппак,

Баткакка сиңет кара өңүн бат таап.

Түнөрөт заман, агаргым келет,

Жаштыгым сени албадым барктап.

Тагдырга жазды кетпедик аттап,

Таандык дайым көктөмгө баткак.

 

Болсо да муздак, болсо супсак,

Сергитме таасир бар тура музда.

Селейип турсаң серпидиң сууну,

Сездирдиңби түшкө деп паска.

Өскүм бар бийик маңдайга жазса,

Коркомун үшүк таандык жазга.

 

Каяктан көргөн кыш өскөн чөптү?

Айнекке түндө тартыптыр бубак.

Байлыктан бийик көңүлдөр өскөн,

Билемин, билем келет бир убак.

Тиштелип тоңго жатса да урук,

Ызгаарлуу кышка кылдырбайт сурак.

 

Шимик муз өсөт өйдөдөн төмөн,

Ал дагы жаздын перзенти белем.

Көңүлдү түшкөн көтөрө чыгат,

Көк чөптөр алсыз илмийген менен.

Ылдамда мезгил, жылуулук сездир,

Мен сүйүүгө, жер жазга белен.

 

Тилек
Жыгач жана зым кылычты колго ала,

Тикендерге чабуул койду топ бала.

Дилдеринде үлбүрөгөн ак тилек:

“Сайгылабай жоголсун бүт тикенек!”

(Бүт жамандык, бүт жырткычтык а демек.)

Бүтүштү да тикендерди бүлдүрүп,

Кубанышты көз дүйнөнү күлдүрүп.

А тикендер урук чачып үлгүрүп,

Желаргыга үлбүрөшө учуп жай,

Парашютчан секиришкен десанттай,

Көк талаага жапырт чабуул коюшту,

Эмки жазда өсмөй болуп конушту.

А балдардын алар менен иши не,

Тыз коюшту оюн деген “ишине”,

Мындай тилек тилетишип кишиге:

Тикендердин уругундай үлбүрөк,

Тилек-ойду кондурбасын жаш жүрөк.

Жамандыкка ушул аруу сезимде,

Келечекте чабуул койсун күчтү үрөп.

 

Жубатуу
Эй, жашабай жайрагандар,

Чоң жашоо бар чымчыкта да.

Өз жандарын кыйгандар бар,

Жаткандар бар күн чыкканда.

 

Эй, таң атпай чарчагандар,

Кызыл болбос чыгыш дайым.

Түн бакырга канчадан бар,

Үмүт оту жылдыз сайын.

 

Түшпөй түйшүк жабышканым,

Кара наның кашек эмес.

Кыйындыкка өчөш, арыш салгын,

Бактыда түйшүк эч эстелбес.

 

Жолу катуу бул турмушта,

Жолдун учу максаттарда.

Жолдор бирдей калыстыкта,

Жорголорго, аксактарга.

*  *  *
Кир жугузбай келатсаң Чындыгыңа,

Салып тепсеп кетишет тыңдыгына.

Аздектүү ойлоруңду айтып бербе,

Каласың көр пенделик шылдыңына.

 

Чаң жугузбай келатсаң Ыйманыңа,

Тепсешет, теңеп койбой шыйрагына.

Өмүрдө туудай бийик тутканыңды,

Теңешпейт улуп-жулуп жыйганына.

 

Каралап барактай бир актыгыңа,

Жазышат: “Байлык болсо бакты мына!”

Үстүңдөн билгизбестен бийлик кылат,

Өзүңдөн алдаганын такты кыла.

 

Көйгөйдү көрбөгөндө көздөр майдан,

Көй турмуш айырмасыз көз таңмайдан.

Кубалап ошол жакка бара берет,

Көп байлык бар деп чыкса  сөздөр кайдан.

 

Отоолор оболошуп күн талашат,

А жерде көлөкөлөр түн жасашат.

Күрүчкө күрмөк минтип акыл айтат:

“Бактыга татыктуулар тың жашашат.

 

Буйруктагы тамчы суу
Түшкө кирбес дайрадабы, көлдөбү,

Же болбосо кудуктагы чөлдөгү…

Тамчы суу элең, улуу Күнгө бууланып,

Бороон, шамал удургута кууп алып,

Булут болуп булайдың да асмандан,

Түнөрдүң да айланып тоо-аскадан,

Жерди карай кулансаң да жамгырлай,

Улуу Буйрук сени жерге тамдырбай,

Миллиарддаган тамчылардын ичинен,

Миллиондордун арасында жүрсөм мен,

Тапа-таамай эриниме түз тамдың,

Тирлик даамын тартууладың, тамшандым.

Ай тамчы суу, ай тамчы суу, тамчы суу,

Улуу буйрук Кудайымдын тартуусу.

Издөө
Бул издөөнүн туш тарабы кыбыла,

Чар тарапка чаташышкан даректер.

Жолдор гана жолдор гана каңгыма,

Ар караандан үмүт тапса каректер.

 

Жетип барсаң бөтөн болсо ал караан,

Үмүттөрүң каңгып жөнөйт чар жайыт.

Чыга калып булуң-бурчтан буйгадан,

Тосуучудай кучактарын ал жайып.

 

Таптым десең тааныбастык тап жылбай,

Белгисиздик белгилерге чаташкан,

Капыл-тапыл кабылттырган тагдырда ай,

Издөөдөн да күтүү кыйын барбастан.

1997-1999-жылдар