
Өткөн чакта Океңтил, Кыкемтил дегендердин Саветтер Сайузу деген кожоюну болуптур. Сайуз Кыкемтилге өгөй мамиле кылганы аз келгенсип, аны түшүнө да алчу эмес дешет.
Кыкемтил болсо Сайуз кожоюну менен сүйлөшөйүн, тил табышып ымалага келишейин десе эле тиги:
— Молчи, молчи, — деп укпайт имиш.
Буга түк түшүнбөгөн Кыкемтил:
— Бу кожоюн малчы, малчы эле дейт, мейли малчы болсо болоюнчу, ата кесиби эмеспи, — деп колдо бар беш эчкисин айдап, ышкырыгы таш жарган бойдон тоо таянып кетет.
Ойлогону оңой орундалган Сайуз акең: “Салаадан саланын майын агызбасаң дагы колбасалык болорсуң”, – деп тостко аралаш батасын аркасынан айтып калат. Бирок Кыкемтилдин зигриК аттуу Океңтилдин тилин билген тың баласы “малчы да болбойм, молчи да болбойм”, – деп атасына баш бербей, шадыраңдаган бойдон шаарга кайтып келет да ошол күүсү менен катуу кетип өз эне тилин унутуп жиберет. Аңгыча текирең-таскак менен кирип келген техниканын заманына секирип минген Океңтил аны дагы да теминип алып катуу кетет: тимеле теменедей тетиктеги тешикке дагы ат коюп, тезинен өнүгүп, башка тилдерди да багындырып, ыкчам байый баштайт.
Жайлоодогу жай жашоонун жалына жармашып, кыштоодогу кыйындыктын кыл куйругуна кыпчылган Кыкемтил жол жомокту жорголоткону менен, ыр-дастандын даңканын далайга оболоткону менен техника деген темир атка келгенде тетири бастырып же ала качтырып, анын тетик аттуусун тескебей коёт. Ошентип жетимиштен ашык жыл желип өтүп, “сенектик” деген кесел менен ооруп жүргөн Сайуз акең жантаслим болуп, анын денеси биротоло сенейе электе Кыкемтил өз мыйзамдуу бийлигине ээ болуп, эл-жерин башкарып калат.
Жай жашоого көнгөн, калаа турмушун каалабаган ал:
— Мени жакшы билет, түшүнөт, саясатымды жүргүзөт, — деп зыгрыК аттуу баласын кан шайлап кыштагына кайтып кетет, эч бир жакка баспай элетинде эле кала берет. ЗыгрыК ак көңүл, жумшак падыша болгондуктан Океңтил жана бир тууганы зигрыК аны менен теңата сүйлөшүп, ал тургай үстөмдүк кыла башташат, мыйзамды дагы өздөрүнө ылайыктап ташташат. Ошентип дагы жыйырмадай жыл жылып өтөт. Жайлоонун таза абасын жутуп, кымызын ичип, эт-сүт менен азыктанып, ат минип жүрсө дагы Кыкемтилдин ден-соолугу начарлап, эмнегедир бат карып кетет. Акыры айласы кеткенде ысык-суугу билинбеген илдет айынан Кыкемтил калаага түшөт, түшөөр замат көзү айланадагы көрнөк-жарнактарга кадалат, андагы кычыраган Океңтил менен чет тилдердин үстөмдүгүн, өзүнүн тамтайган кебете, тамтык тилде жазылганын көрүп жүзтөмөн кулап, ыйлагысы келет, маанайы маасысына, көңүлү көлөчүнө түшөт.
Ошентип түшүп, түшүп түшөр жери түгөнгөндө абалы начар экенин түкшүмөлдөп, айласыздан айланадагылардын сүйлөшкөндөрүнө кулак түрөт.
Оозуң жамандыкты сүйлөбөсүн! Ит ашы кара буламыктан тил сынып, эбегейсиз эпоско сөзкору жеткен эне тил эки оозко эби келбей “неме” тилге айланып, “звонить этип, крутить этип, кидать этип, ключать этип” деген сыяктуу сөздөрдү эне тилге эт кылып чаптап, “сразу, конечно, ладно, хорошо” деген сыяктуу сөздөрдү бет кылып каптап, буларды кошпосо маданиятсыз, караламан калхоз бойдон кылгандай карашып, ушинтип аралаш ашмалтай сүйлөш заманбап модага айланып, “тилди өнүктүрүп, өстүрүп атабыз эчендеген программаларды кабыл алып, аткарып атабыз” деп ооз көптүргөн балдарынын сөзү иш жүзүнө келгенде тетирисинен экенин көргөн Кыкемтил ошол эле жерден өң-алеттен кете жүрөгүн баскан бойдон жол четинде отуруп калат.
Кокусунан өтүп бараткан зигриК баласы аны таанып бурула калат.
— Папа, сага не болгон? Сендерде лицо жок ко?! Заболел что ли? Вот ты даешь! Надо эбак эле горадан спускать этиш керек болчу, — деп чебелектеп тияк-биягына чыгып атасына жардам бергиси келгени менен ал сүйлөгөн сайын тили күрмөөгө келбеген Кыкемтилдин абалы уламдан-улам начарлай берет.
Муну байкай калган зигриК зыгрыК бир тууганына чалып, ал жетип келет.
— Эй пахан, сага эмне болду? Качан келдиң звонит этип койсоң водителимди жиберип тостуруп албайт белем. Канешна ушинтип өзүңө карабай жүрсөң ооруйсуң да. Ладно бизде азыр медицина өнүккөн. Илибой ооруну айыктырса болот. Азыр поликлиникага исследованиеге барасыз, анан ошого жараша больницага жатып лечения аласыз, — деп Кыкемтилди алып жөнөйт. Байкуш Кыкемтил кантсин жакшы көргөн, бийлигин ишенип тапшырган баласынын бул сөздөрүнөн улам өзүн кандай сүйөрүн билип башы шылк дей түшөт, абалы ого бетер начарлап тил-ооздон калат. Кантсе да колунда бийлиги да, байлыгы да бар зыгрыК атасын айыктырып алууга жакшы эле далбастайт, көрсөтпөгөн дүйнөлүк дарыгери, жаткырбаган ооруканасы калбайт, ал тургай молдолорго окутуп, акыры айласы кеткенде көзү ачыктарга чейин барат.
Бирок Кыкемтилдин дартынын дабаасы табылбайт. Өзү күндөн-күнгө начарлап отуруп, акырында жүрөгү үлбүл согуп мына-мына кор этип жаны чыгып кетчүдөй, түбөлүккө боюн түзөчүдөй абалга келет. Ошондо эки бир тууган бул чүкөдөй чал өлүп кетсе өздөрү дагы бул дүйнөдө эч ким болбой калышарын, өткөнүн билбеген маңкурт, өзү башка, тили бөлөк макулук, эч ким сыйлабас бир пендеге айланарын,өз баркын билген кошуна-колоң турмак батирлеп жүргөн, бирок өз аталарын төрүнөн түшүрбөгөн нагнуД, ругйУ сыяктуулардан дагы пас, сайда саны жок бирөө болуп калышарын билишип, атасынан кечирим сурап жиберишет.
— Папа, умерайт этпе суранам. Сизи жок биз кыйын. Ну вот азыр англисче окуп атам, анан Америкага барам, көп акча заработать этем. Анан келип обещаю сендерди уйренем анан, неме… Сизди уважать этип сүйүп калам. Папа умерать этпе, сиз жок биз жок, — деп каткалаң Кны кыкынтып, Ө тыбышты өзөртө коюп, Үнү үркүтө кыйналып сүйлөгөнүндө оорулуу ого бетер онтоп жиберет.
Байлык, бийликке мас болуп теңселип турса да зыңгырап сыр алдырбаган зыгрыК оорулууга нааразы боло кетет.
— Эй ата, ушинтесиң анан! Неберелериң эми араң бутка туруп, элди эстеп, экономиканы жаңы эле көтөрөлү деп жатсак кычайсың да. Кичине чыдап турсаң көтөрмөлөп алат элек да. Ишенбесең мына момунча том-том кылып дүйнөлүк чоң тилдерде сени кантип өнүктүрүштүн планын жазып койгонбуз. Анда эки жылдан кийин сени эстемекпиз, төрт жылда көңүл бура баштамакпыз, алты жылда өнүктүрмөкпүз. Он жылдан кийин барктап сүйүп алмакпыз. Мындан өткөн камкордук болобу?! Ага чейин тоодон түшпөй тура турбайт белең? Өлбөй турбайт белең. Мейли эми, — дегенинде Кыкемтилдин башы шылк дей түшөт. Ошондо кайран чалдын ага-тууган, бала-чакасы чурулдап ыйлап жиберишет.
— Хватит! Старика надо достойно похоронит, – деген өктөм үн чыкканда баш көтөрө калышса кадимки Окемтил ак үйдүн төрүнө өтүп калган экен, ал дароо эле зыгрыКты Кыкемтилдин кара ашына союш камдоого жиберсе, зигриКти көр казууга жумшап ийип, бийликти колго алат. Көптөн эңсеген бийлик тагына жайланыша отуруп, баардыгына Окемтилде сүйлөөгө буйрук берип, Кыкемтилди унутууга токтом чыгарат. Ак үйдөгүлөрдүн кимиси Кыкемтилче сүйлөсө эле анын сөзүн дароо которо салып сүйлөтпөй каарды катуу салат. Ал аңгыча сырттан катуу өкүрүк угулуп, карай салышса катуу кайгырып бирөө келе жаткан болот. Анын сөздөрүн дагы Окемтил өзүнүкүнө оодара салып көтөрүп чаап тындым кылмакчы болот, бирок:
-Эсил кайран атакем оой,
Эми кайдан көрөйүн,” – деген өкүрүктүн “эсил кайран” деген сөзүн Окемтил түк дагы которо албай эси эңгирей түшкөндө, төрдө суналып жаткан Кыкемтил көзүн ачып, өзүнүн шаардын алыскы жаңы конушунда топурак тамда жашаган зыгырыкпыК деген кенже уулун, жылда төрөй берип отузга чыкпай баатыр эне болгон келинин, алардын биринен-бири кичине жөжүрөгөн балдарын көрөт. Өзүнүн көз ачканын көрбөгөн келини:
А-атакем ай-жылдап айтчу дастанды
А-айласыз кара жерди жазданды.
А-атакем сөз гүлүн терип сүйлөгөн,
А – армандуу өттү дүйнөдөн, — деп созолонто кошок кошкондо Кыкемтил төшөктөн баш көтөрөт.
Ошентип уулунун өкүрүгү, келининин кошогу, кайгыны түшүнбөгөн неберелеринин баёо күлкүсү, кирсиз, жасалмасыз, чуру-чуулуу сөздөрү ак үйгө толуп, бал тилдери угулган сайын Кыкемтилдин абалы оңоло баштайт. Муну байкай калган зыгрыкпыК балдарынын улам биринин өнөрүн көрсөттүрүп атасынын көңүлүн ачканга аракеттенет. Ошентип суу кошулбаган кыпкыргызча тилде табышмактар, жаңылмачтар айтылып, ыр ырдалат, акырында эми гана бир жашка чыккан небереси жеңин түрүнүп, мандаш токунуп отура калып колун жаңсап:
Манастын уулу Семетей
Башында түлкү тебетей, — деп Манас айтып жибергенинде Кыкемтил ордунан он сегиз жаштагы жигиттей секирип туруп, аны так көтөрүп барып өзүнүн мыйзамдуу тактысына отургузат. Ошентип өзүн барктаган, сүйгөн, сүйлөгөн кенже уулуна бийликти алып берген Кыкемтил кайрадан жашарып, кайрадан күчкө толуп жыргап-куунап жатып калат.