
Тост-жүрөк
Бирөө:
— Ун кымбаттады, нан кымбаттады, бир кичине көмөч нан эле он беш сом болуп кетти, кантип жашайбыз, — деп кейип атып жүрөгүн басып отуруп калса, экинчиси сооротуп атат дейт:
— Ой, нан кымбаттаган жок, биз кымбаттадык. Биздин алтын башыбыздын куну көтөрүлгөнү үчүн нан кымбаттады. Мына, он беш сомдук нан жеп атабыз, аман болсок жүз элүү сомдук лепёшка жеген күн да келет, буюрса! «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деген ушул, — десе тигил дагы эле түшүнбөй:
— Бир лепёшка жүз элүү сом болсо анда өлдүк, — деп мүңкүрөйт экен кайра эле.
Ошондо мындай ылдый баш немеге чындап жини келген экинчиси кыйкырат дейт:
— Эй, көтөр башты! Алдагыл салбыраган сенин алтын башың үчүн киллер мурда миң доллар сураса азыр он миң доолайт! – десе тигил азыр эле баш кесер келип башын кесип алчудай чочуп, ордунан секирип туруптур дейт. Мен муну менен эмнени айткым келет? Кара курсактын айынан назик жүрөгүбүзгө күч келтирбейли. Ал – сүйүү үчүн, сүйүнүч үчүн! Алтын башты акча үчүн салбыратпайлы. Ал – акыл үчүн, амандык үчүн! Анда эмесе сүйүүсү толуп-ташып согуп турган жүрөгүбүз үчүн! Бийик көтөрүлүп иштеп турган алтын башыбыз аман болсун деп алалы.
Жаңы жылда жадырап жашайлы! Көтөрдүк!
Тост-өмүр
Бир күнү төрт мезгил: «Жылды айланып-тегеренип эле жүрөбүз, деги кимибиз биринчи, кимибиз акыркыбыз» деп талаша кетишет.
Жаз айтат:
— Менден тиричилик тирилет, ойгонот, анан мен биринчи болбогондо ким болот, — деп жагымдуу күлүп, жадырай карайт.
Жай:
— Эң жылуу, эл эс алган, жан-жаныбар жыргап жашаган кез – мен. Анан мен биринчи болбогондо ким болот, — деп камырабайт.
Күз болсо:
— Түйшүктүн акыбети кайткан эң берекелүү кез менмин, — деп компоёт дейт.
Кыш байкуш ичинен «эң кыйын, суук, түйшүктүү кез мен болсом каяктан биринчи болоюн» деп ичинен ойлоп тынып унчукпайт.
Ушинтип төрт мезгил биринчиликти талашып, тактык жарата алышпай, калыстык издеп Кудайга кайрылышат. Ошондо Кудурет:
— Төртөөңөр бири-бириңерсиз жыл деген тоголок бир бүтүндүктү түзө албайсыңар, андыктан, барыңардын тең даражаңар бирдей, бирок араңардагы кыш деген кыйын кезеңди барктап-баалап, көтөрмөлөй билгиле, — дейт.
Бул жүйөгө муюган жаз, жай, күз, кышка жол бошотуп жыл башы биринчиликти ыйгарышкан экен. Анда эмесе жалаң эле жыргалдардан турбаган бул өмүрүбүздү ошол кыйын кезеңдерине кошуп барактап алалы. Ылайым андай ачуурканткан кездер өмүрүбүздө аз болсун да туз сыяктуу жашообузду даамына чыгарып турсун! Алдык анда!
Тост-келечек
Жаңы жыл алдында бирөө балаты сатып алганы дүкөнгө кирет.
Дүкөндө эки гана балаты калган болот: бирөөсү сулуу анан баардык оюнчуктары, жалтырак-жултурак жасалгалары менен, экинчиси болсо тескерисинче, жапыз, жүдөө, эч кандай кооздуктары жок, арбайган-тарбайган тамырлары бир чакадай топуракты апчып жүргөнү аз келгенсип тигинден эки эсе кымбат дейт.
Биздин каарманыбыз кайсынысын аларды билбей ары кетип, бери кетип атып, тамыры бар балатыны сатып алат…
Ошентип, артыкча шаан-шөкөт, жалтырак-жултурак, тарсылдак-турсулдагы менен Жаңы жыл өтөт да кетет, унутулат. Бирок баягы каармандарыбыздын огородунда жапжашыл балаты ошол Жаңы жылдан эстелик катары калып калат. Буга катуу таасирленген огород ээси жаңы жыл сайын балаты тикмейди адат кылып алат да, көп-көп жылдар өткөн соң ошол жерге дүңгүрөгөн токой пайда болуп, баланчанын токою дедиртип, ээсинин атын өчүрбөй сактап калат. Анда эмесе, күнүмдүк шаан-шөкөт, жасалма жалтырак-жултурак үчүн эмес, тамыры терең, жапжашыл, түбөлүктүү келечек үчүн!
Жаңы жылыбыз Кут болсун!
Тост-топук
Жарды үй-бүлөнүн эркеги Жаңы жылга жарым саат калганда эки колун чөнтөгүнө тыккан бойдон шатыра-шатман кирип келет үйүнө. Кечтен бери күтө берип чарчап, «деги не болсо да аман соо келсе болот эле» — деген санаада, болгон тамагын дасторконго коюп, Жаңы жылды жалгыз тосууга кам урган аял кечиккени аз келгенсип минтип кур кол кайткан күйөөсүн «ар» деп эле беттен алат. «Кайда жүрдүң, не кылып жүрдүң, Жаңы жылдык дасторкон даярдап, эл сыяктуу майрамдасак болбойт беле» деген баягы эле жемесин жаадырат. Муну бүт тулкусун кулак кыла чыдап уккан эркек өз күнөөсүн сезип:
— Алтыным, — дейт акырын гана – дасторконуңда наның турат — токчулугуң, чайың турат – молчулугуң, шекериң — экөөбүздүн таттуулугубуз, ал эми мобул болсо бүгүнкү маанайды көтөрүүчүбүз, — деп коюнунан килейген шампанскийди сууруп чыгып, дасторконго коёт.
Бөтөлкөдөн башканы ойлобогон эркек сөрөйгө ого бетер жинденген зайыбы кезектеги жемелердин сериясына оозун таптап келатканда, тигил ушундай бир шамдагайлык менен жол бою катуу чайпалып келген шампандын оозун ачып жибергенде, тыгыны тарс эте катуу атылып, төбөдө жаркырап күйүп турган лампочкага тийип талкалап кетет. Капыстан каптап калган караңгылык заматта үйүн үңкүргө, күйөөсүн апсыйган аюуга айландырып жибергенин көргөн аял дароо жакасын кармап «үңкүр да болсо үйүм, аюу да болсо эрим бар» деген макалды эстейт да, күйөөсү көбүрүп-жабырган шарапты чөйчөктөргө куйгуча шашылыш түрдө шам күйгүзүп, эми жароокер сүйлөй жубайын Жаңы жылы менен куттуктайт. Экөө ошентип шам жарыгында романтикалуу, эстен эч кетпеген Жаңы жылды тосушат. Анда эмесе, колдо барга топук кылган ынсаптуу пейил үчүн алалы!
Жаңы жылыбыз жакшы жылдардан болсун!