
Кайырлуу кечтердин биринде төрт абышка зеригип отуруп, бири-бирин таңгалтууга аракетти айда кылышып, калпты катырыш үчүн ооздору менен орок оро башташат.
— Бир жолу Боде дарыясынын боюнда сейилдеп жүрүп, наркы өйүздү карасам чоңдугу тоодой буйвол оттоп туруптур, жөн оттобой бир маалда мойнун созуп кайык менен жарым сатта сүзүп өтчү дарыянын берки жээгиндеги үч мау (эски аянт өлчөө бирдиги, 1 мау болжолдуу түрдө 330 кв.м.) жердин күрүчүн бир эле аймады дейсиң, тимеле укмуш… – деп бир абышка катуу таңгалганынан кийинки сөзүн таппаган кишинин түрүн көргөзүп башын чайкады.
Угуп отурган үч абышка бул сөздү күндө угуп жүргөнсүп мостоюп кабыл алышты. Аңгыча алардын бири үнүн жасап сөзгө кирди:
— Мен өз колум менен ушундай бир узун, тимеле Чыонгшон тоосун үч айланар инди чырмоогун өстүрдүм дейсиң, тимеле жер жаралганы андай узун өсүмдүк болбоптур…
— Аныңды менин буйволум бир эле жалмап жеп коёт, — деди биринчи чал анын сөзүн бөлүп.
— Мен керек болсо сенин тоодой буйволуңду ошол чырмоогум менен байлайм, анткени анын жоондугу Боде дарыясындай! – деп каяша айтты эле ал, сөзгө үчүнчү чал аралашты:
— Тоодой буйволду дарыядай чырмоок менен байлаганың менен токтото албайсың, ал үчүн ошого тете түркүк керек. Дал ошондой зор түркүк болчу даракты мен чарбагыма түндө өстүрдүм, анын бийиктигин ушундан билиңиз: узарып барып асмандагы айды түртүп ордунан козгоду. Буйволуңарды байлай берсеңер болот!
Муну укмаксан болго эки чал эки жакты караганда төртүнчү абышка кепке аралашты:
— Силер урматтууларым, кызылдай чындыкты, укмуштай кереметти айтып жатасыңар. Мен ишендим. Бирок мен билген кереметтерди ушул жашка келгиче көрбөгөнүңөргө кейип турам. Мен мына, жакында эле жанагы сиз айткан учу асманга жетип, айды ордунан козгогон даракты кыйып, анын устунунан сансыз тактай тилип, айтор көп эмгек кылып жатып үнү бүт дүйнөнүн кулагын тундургудай барабан жасадым. Уруучу таяктарына да ошондой эле эки алп дарак кыйып келүүгө туура келди. Ал эми жанагы сиздер байлай албай жаткан буйволду союп, терисин барабаныма чың тарта керип туруп кагып көрдүм эле, жанагы айтканымдай дүйнөнүн кулагын тундурду. Сиздин чырмоокту болсо мен үзүп келдим да барабаныма боо кылып тагып алдым, кечирип коюңуз…
— Андай кыйын экенсиң ал барабаныңды кайда илесиң менин чырмоогум менен? – деп экинчи чал анын сөзүн бөлүп, капыл-тапылдан татаал суроо бергенде, жеңилип баратканын сезген берки эки абышка да аны шашылыш коштошту:
— Ии, каякка илесиң андай чоң барабанды?
— Улуу урматтууларым, барабан болгон соң аны илчү жер да табылат да! Мынабул биздин Боде дарыябыз куйган мухитке арта салынып, адамдарды ары-бери өткөргөн чоң көпүрөнү көрдүңөр беле? Жок! Көрмөк тургай уккан эмессиңер. А мен атамды ээрчитип алып анын үстүнө чыккам. Ошондо жерди караганымда силердин тоодой буйволуңар кенедей, узун чырмоогуңар жиптей, ал эми айга жеткидей бийик дарагыңар козу карындай болуп көрүнгөн. Антип карап таңгалып турганымда атамдын башы айланып кетип бул көпүрөдөн кулап кетсе болобу! Кайгыны кайдан деп болбойт турбайбы, ошентип бир жыл бою күйүткө малынып үйдө жатып, атама күмбөз тургуза албасам да, учкан жерине белги коёюн деп, көпүрөгө кайра чыгып карасам, атам дале болсо төмөндү карай учуп баратыптыр. Көпүрөнүн бийиктигин ушундан билиңиздер!..
Муну укканда үч абышка оңчулуктуу суроо бере албай тилдерин тишке катып тим болушту. Калп болбосоң коё кал!
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ