
Илгери, илгери бир кедей адам жашаптыр. Анын аты Костакис экен. Жуманын алты күнүндө ал бел чечпей, баш көтөрбөй эртеден кечке иштечү. Ал эми жекшемби күнү бакчасына чыгып, жакшылап тамактанган соң кечке чейин чоор аспабында ойночу дешет. Ушинтип ал өмүрдүн ырахатын көрүп, жашоонун жакшы даамын татчу. Костакис өзү жердигинен боорукер мүнөз, ак көңүл, жайдары адам болгондуктан анын бирөөлөргө ачууланганын, адамдар менен талашып-тартышканын эч ким көрбөптүр.
Дагы бир жашоосун кооздогон жекшемби күндөрдүн биринде ал адатынча бакчасында чоорун ойноп, ичинен кайсы бир ырды кыңылдап отурганда кайдан-жайдан чыкканы белгисиз бир жылан пайда болуп, музыканын ыргагында бийлей баштайт. Алгач жыландан коркуп кеткен Костакис бир аздан соң өзүн кармап, аспабын жакшылап ойноп, жыланды ого бетер бийге салат. Ушинтип бир далайга чейин бийлеген жылан бир кезде таазим эткендей ийилген кыймыл жасап, көздөн кайым жок болуп кеткен соң, ал бийлеген жерден Костакис бир баштык алтын тыйын көрөт. Мынча акчаны өмүрүндө көрбөгөн ал сүйүнгөнүнөн улам аз жерден эстен тана жаздап, анан өзүнөн бетер маңдайы жарылып кубанган аялына мындай дейт:
– Кийинки жекшембиде да чоордо ушинтип ойноп көрөйүн ошондо да бул жылан пайда болор бекен. Бул жөнүндө эч кимге оозуңдан чыгарба! Бул деген жөн эле жылан эмес, биздин үйдүн куту, жашыруун колдоочусу.
– Эмне деп турасың деги сен! Мен эмне, бул жөнүндө бирөөгө айтып акылымдан айныптырмынбы? Албетте, бул биздин үйдүн куту эмей анан эмне? Мен жыландар музыка укканды жакшы көрөрүн уккам. Бул жөн жерден чыккан сөз болбосо керек. Балким ага сенин чоор ойногонуң жагып калгандыр.
– Ии, менин чоор ойногонумду жактырбай, кулак мээни жедиң деп урушуп, уккуң келбей, кошунаныкына кетип калчу элең, ээ. Эми өзүң тургай жыланды жактырып калды деп жатасың…
Эрди-катындын ушинтип сүйлөшкөнүнөн бир жума өткөн соң жылан чоордун үнүнө кайрадан чыгып келип бийлеп, дагы бир баштык алтын таштап кетти. Бир жыл бою жекшемби сайын бул окуя кайталанып, мурда эптеп-септеп жашаган Костакис айылдагы эң бай адам болуп чыга келет. Буга эл абдан таңгалып, ар кандай божомолдорду айтышып, бирок эч ким Костакистин тез байышынын сырын биле албады. Бирок бир күнү эле жылан чоордун үнүнө чыкпай, ошол бойдон жоголуп кетти. Костакис болбой эле чоорун ойной берди, жыланды күтө берди, акыры анын бирдеме болгонуна көзү жетип, жыландын ийинин издеп таап, казып барып, анын токочтой ийрилип жаткан бойдон өлүп калганын көрдү. Кайгыга баткан Костакис бир тууганы өлгөндөй ыйлап, аны адамча кастарлап тосмонун түбүнө ак чүпөрөккө ороп жашырды. Ошондон бир нече күн өткөндөн кийин жылан жашырылган жерге дүйнөдөгү эч бир өсүмдүккө окшобогон бак өсүп чыкты. Буга катуу таңгалган Костакис жерди абайлап казып, бактын тамырын караса, ал дал эле жыландын өзүнөн өсүп чыгыптыр. Бактын түбүн кайра өзүндөй кылып көмгөн Костакис аны өз ичинен жылан дарагы деп атап койду.
Бул дарак тезден өсүп көтөрүлгөн сайын анын башкачалыгын айтып таңгалгандар көбөйдү. Ал эми анын жашыруун атын Костакистен башка эч ким, ал тургай анын аялы да билчү эмес.
Ошентип жекшемби сайын Костакис адатынча чоор аспабында ойноп баштаганда эл анын жанына чогулуп, табышмактуу дарактын эмне дарак экенин биле алышпай; талаш-тартыш катуу жүрүп, акырында бири-бири менен мелдешип да жүрүштү. Мындайда мелдешкен эки жак тең дарактын чыныгы атын таба албагандарында ортого коюлган акча Костакискте калып, ал пайдага туйтунуп да жүрдү. Акырында ал: “кимде-ким дарагымдын чыныгы атын тапса, ага бир баштык алтын тыйын берем, а кимде-ким таба албаса анда ал мага бир эле алтын тыйын берет” деп элге жарыялады.
Бул утушка кызыккандардын баары бирден тыйынын алып, бир баштык алтын утуш үчүн Костакиске топурап келип жатышты. Алар табышмактуу даракты карап мелдешкен киши, мисалы; “алма” десе ал алмага аз-маз окшошкону менен башка жыгачтарга да андан көбүрөк окшошкондуктан муну калыстар тобу жаратпай салышты. Дагы бирөө “алмурут” десе анын жалбырагы бир караганда алмуруттукуна окшогону менен ошол эле жалбырагынын экинчи бети алмуруттукуна такыр окшошпой, бул мелдеште жеңилип калды. Айтор, бул дарактын баардык бактарга аздан окшош жактары бар болгондуктан, мелдешкендердин баары эле утулуп жатышты. Ошентип эч ким анын чыныгы атын таба албай койду.
Ошол Костакис жашаган кыштакта абдан сараң, ачкөз жана куу бир бай соодагер бар болучу. Ал бир күнү Костакистин сырын анын аялы аркылуу билүүнү ойлоп, ага жакшы мамиле кылып, товарларын арзан сатып, жылтыр-мылтыр буюмдардан белек кылып, көңүлүн алып, ошентип жатып аны менен достошконго жетишти. Бир жолу соодагер аялдан Костакистин башкалардан бөтөнчө дарагынын атын чекмелеп сурады.
– Билбеймин. Аны күйөм мага дагы айтпайт,- деди аял.
– А сен аны алдап айттырып ал. Мунуң үчүн мен сага бермет таш чөгөрүлгөн алтын билерик белек кылам. Табышмактуу дарактын атын билгениңден кийин мага ачык айткың келбесе, бөлмөңдө отуруп эле үн чыгара үч жолу айтып кой, болду. Абийириңдин алдында өзүңдү-өзүң күнөөлөбөй каласың. А мен ошол учурда терезенин түбүндө тыңшап турган болом.
Ушинтип аялды алдап көндүргөн соодагер сүйлөшкөн боюнча мерчемдүү күнү белгиленген убакта Костакистин үйүнүн терезесинин түбүнө барып тыңшап турду. Ал эми куу аял сөздөн сөз чыгарып отуруп күйөөсүнөн дарактын чыныгы атын сурады.
– Сага эмне кереги бар анын? Биздин мелдеште утуп жатканыбыз жаманбы?
– Жок, ал абдан жакшы. Бирок мени багып жаткан дарактын атын аябай билгим келип жатат.
– Билбей эле кой!
– Костакис, сен мага эмне, ишенбейсиңби? Же такыр эле адам ордуна көрүп сүйбөйсүңбү? Ишеничтен кеткен болсом анда айтпасаң айтпай эле кой!- деп көп нерселерди быдылдап, Костакистин айласы кетирди. Ал аялын таарынтып албас үчүн азга ойлонуп, каткан сырын ачыктады:
– Анын аты жылан дарагы. Бул дарак баягы биздин жыландын өлүгүнөн өсүп чыккан. Ошон үчүн аны жылан дарагы деп атап койгом.
Муну укканда аял:
-Жылан дарагы, жылан дарагы! Ах, биздин байкуш жыланыбыз өлсөң дагы бизди багып жаткан экенсиң да, — деп сырттагы соодагер уккудай кылып үнүн көтөрө катуу сүйлөдү.
Ошентип кийинки жекшемби келди. Мелдеш башталып, Костакиске экөө утулгандан кийин алдыга соодагер чыгып мындай деди:
– Мелдешке бүт баардык байлыктарымды коём. Сен дагы Костакис, бүткүл үй-жайыңды кой!
Муну укканда Костакис коркуп кетип мелдешпей койгусу келди, бирок өзүнүн сырын эч ким билбесине ишенип, соодагер менен кол алышып, тобокелдикке барды:
– Болуптур! Мелдешке бүткүл үй-жайымды койдум.
– Сүйлөштүк! Бул дарак — терек.
– Жок! Биринчисинде утулдуң.
– Анда… Анда бул — эмен.
– Жок, таппадың! Эми бир жолу таппасаң, бүт байлыгың меники.
– Бул… бул…- деп калп эле ойлонумуш болгон соодагер башын мыкчый бир топко отуруп калып анан: — Балким бул жылан дарагы болуп жүрбөсүн,- деп жиберди.
Муну укканда Костакис өң-алеттен кетип, селейип туруп калды. Азыр эле бай жашап жаткан ал бир заматта итке минген кедейге айланды да калды.
Бирок сөз деген сөз, мелдеш деген мелдеш. Ошентип ал үй-мүлкүн таштап, андан коколой башы менен гана чыгып кетти. Мыдырын калтырбай уттурганын уккан аялы андан дароо кол үздү. Ушинтип заматта селсаякка айланган ал көчөдө темселей басып:
– Мага чала! Катынга да киши ишенеби! Эми азабыңды тарта бер,- деп сүйлөнүп кайда баратканын өзү билбей, башы оогон жакка кете берди.
Бир маалда анын алдынан бир кемпир чыгып:
– Саламатсыңбы, уулум,- деп учурашты.
– Саламатчылык, чоң эне.
– Итти байласа да токтобогон жерде эмне кылып жүрөсүң?
– Өз тагдырымды издеп жүрөм, чоң апа.
– Сенин тагдырың Күндүн үйүндө.
– Ага кантип жетем?
– Уулум, ал мындан аябай алыста. Сен биринчиден асманда асылып, селкинчек тээп турган асканы таап, андан өтүшүң керек. Андан соң жерден көктү карай аккан дарыя менен жүрүшүң зарыл. Ошондон кийин гана Күндүн үйүнө колуңду сунсаң да жеткидей аз аралык калат,- деген соң кемпир көздөн кайым жоголду.
Буга таңгалса да ишенген Костакис андан ары илкип жөнөдү. Ошентип ал көп күндөр бою жол тартты. Акыры асман жердин ортосуна асылып селкинчек тепкен аскага чыгып, кулап кетпестин далбасасында тырмышып андан араң өтүп, жерден асманды карай аккан дарыяга жолугуп, ага бой таштап, көпкө агып баргандан кийин тырмышып жээкке чыгып, азга жүргөн соң чоктой кызыл болуп күйгөн үйдү көрдү. Анын оозунда отурган жаш да эмес, кары да эмес аялды көргөн Костакис бул өзүнүн тагдыры экенине түшүнүп, жанына барып салам айтты.
– Эмне жумуш менен жүрөсүң, Костакис?- деп сурады ал.
– Мен сенден жардам сурап келдим. Анткени мындай ит чыдагыс жашоого эми чыдай албайм. Сенин эркиңе өзүмдү бердим, мени эмне кылсаң өзүң бил.
– Болуптур, мен сага жардам бергенге аракет кылайын. Кел, андан көрө Күндү күтө туруп, ал келгенде кеңеш сурап көрөлү.
Ошентип алар айлананы караңгылык басып, Күн үйүнө кайтып келгиче күтүштү. Күнгө аял кечки тамагын берип, эртең менен эрте туруп асманды аралап чыгыш үчүн төшөгүнө эрте жатмакчы болгондо ага аял Костакисти көргөзүп:
– Жаркын күнүм, бул байкуш кишиге жардам берип койчу! Бул баягы менин жыланга айланган байкуш уулума чоор ойноп берген киши,- деп аял Костакистин жөн-жайын түшүндүрүп, жардам сурады. Костакиске боору ооруган Күн ошондо мындай деди:
– Кыштагыңа кайтып бар да, сени сызга отургузган соодагерге Күн түндүктөн чыгарын айт. Сени келесоо санап Күн чыгыштан чыгарын тастыктайт. Ошентип аны менен талашып кет дагы, ортого бүткүл байлыгын, үй-жайын койгондой мелдеш. Мен турганда эч нерседен коркпо.
– Ал мени менен мелдешпейт ко. Анткенин менин мелдешке койгонго эч нерсем жок да.
– А сен жылан дарагынын түбүн казып, анын тамырларынын арасын карасаң бирдеме табасың.
Ошентип ал күнү эс алып жолго чыккан Костакис азаптуу жол басып жүрүп отуруп өзүнүн кыштагына келип, эч кимге көрүнбөй жашынып жатып, караңгы киргенде соодагерге тарттырып жиберген үйүнүн бакчасына секирип түшөт да, жылан дарагынын түбүн казып, анын тамырларынын арасынан бир кап алтын тыйын таап, сыртка чыгып, келген жолу менен кыштак сыртындагы терең аңда жекшемби күндүн келишин күтүп жатты.
Дем алыш күндүн таңы атары менен ал соодагердин үйүнүн каалгасын тыкылдатты.
– Эй, сен кайдан чыга калдың? Сага эмне керек?- деп сурады аны көргөн соодагер.
– Сени менен мелдешкени келдим.
– А сен мелдешке эмнеңди койосуң? Сен мага баарын уттуруп, селсаяк болуп калбадың беле. Ортого койо турган оокатың болбосо мелдешпейм.
– Мен андай деле итке мине элекмин. Мына, менин мелдешке койчум. Же сага бул оокатым жакпайбы?- соодагерге Костакис кап толо алтынын ачып көргөздү. Өзү ойлогондой эле алтынды көргөндө өзүн жоготкон соодагер мелдешке бүткүл үй-жайы менен баардык байлыгын саярын айтып жиберип анан кайра Костакистен сурады:
– Бирок биздин талашыбызда эмне маселе болот?
– Кел, эртең күн кайсы тараптан чыгат деп мелдешебиз.
– Ха-ха-ха! Күн каяктан чыкмак эле чыгыштан да!- деп соодагер Костакистин келесоолугун шылдыңдап күлдү.
– Кел, мелдешип койолу, эртең күн түндүктөн чыгат!
Эми соодагер Костакисти “мунун башы ордундабы же кайгысынан улам акылынан айнып калганбы?”- деген ойдо таңгала карады. Анан анын ишенимдүү карап турганын байкап:
– Макул! Эртең күн түндүктөн чыкчу болсо менин бүт байлыгым, баардык мал-мүлкүм сеники болот. Ал эми күн чыгыштан чыкса, мынабул каптагы алтыныңдын баары менин энчиме өтөт. Кол алыштыкпы!- бакылдап Костакиске колун сунду.
– Эгер сен өзүңө ишенип турсаң, анда мен мелдештен качпайм,- деп Костакис да ишенимдүү түрдө колун сунду.
Муну укканда ач көз соодагердин көзү күйүп, өмүрүндө мындай оңой олжого туйтунбаган жаны жыргап, Костакистин алаканын кабыштыра кармап силкилдетти.
Ошентип кийинки күндүн таңында мелдешкендер үйдүн чатырына чыгып, Күндүн чыгышын күтүп отурушту. Байкуш Костакистин жүрөгү дүкүлдөп, өзүн тагдыр дагы тамашага салып койорунан чочулап, санааркап отурса, соодагерге алтын тыйындардын шыңгыры угулуп, ушундай оңой олжого туйтунганына таңгалып да, жетине албай кубанып да, бул түшүм эмеспи деп ишене да албай отурду. Ошентип алар бири чыгышты, бири түндүктү карап отурганда айлана жарыктанып, асман нурланды. Бул жолу жаркын Күн жандуулардын баарын таңгалтырып, Костакисти чексиз кубандырып, ал эми ач көз соодагердин ошол эле жерден эсин оодарып жыгылтып; Түндүктөн чыга келбеспи. Соодагер эсине келгенде ошол бойдон ойгонбой калбаганына аябай өкүнсө да: башы менен жерди сүзгүлөп ыйлап, аргасыздан бүт баардык үй-мүлкү, байлыгын Костакиске бербей койо албады.
Ошентип ак көңүл Костакис биз менен бирге жыргап-куунап жашап жүрөт дейт, балдарым.