АРКАБАЕВ Кубаныч: ЖАПОН ЖОМОГУ: КАРКЫРАНЫН КАНАТЫ

Илгери-и илгери тоодогу бир кыштакта абышка менен кемпир жашаптыр. Баласы жоктугунан алар аябай кайгырып жүрүшөт. Бир күнү кыштын аяздуу кечинде чал токойго жөнөйт. Ал майда чырпыктардан чоң боолап, жонуна арта салып, тоодон ылдый түшүп келатып кандайдыр аянычтуу үндү угат. Караса, тузакка түшүп калган каркыра экен. Ал жанталаша жулунуп, онтоп, ыйлап, кимдир-бирөөнү жардамга чакырып жаткансыйт.

— Ах байкушум! Азга чыдай тур… Азыр мен сага жардам берем,- абышка канаттууну бошотуп жиберди.  Каркыра канатын сабалап асманга көтөрүлүп, кубанычтуу кыйкуулап учуп кетти.

Түн кирди. Абышка, кемпир кечки тамакка отурушту. Бир кезде кимдир-бирөө эшикти акырын тыкылдатты.

— Беймаал убакта бул ким болду экен?

Абышка эшикти ачып караса, үстү-башын бубак баскан жаш кыз туруптур.

— Мен жолдон адашып калдым. Ага кошул-ташыл бороон уруп, кар уруп айлана көрүнбөй калды.

— Кир үйгө,- деди кемпир.- Конок келсе биз кубанабыз.

Абышка кызды колдон алып очоктун боюна жетелеп келди.

— Отур, жылынгыча курсагыңды тойгуз.

Тамактангыча карылар кыздын сулуулугуна суктанышты, жароокерлигине таңгалышты. Кыз элпектик менен тура калып кемпирге жардам бере баштады.

— Чоң эне, келиңиз, денеңизди укалап берейин,- деди ал бир кезде.

— Айланайын, бактылуу бол! Менин чындап эле денем уюп турду эле.

— Атың ким, жарыгым?- деп сурады абышка.

— О-Цуру.

— О-Цуру? Каркыра турбайсыңбы, жакшы атың бар экен,- жетине албай мактады кемпир. Карылардын жүрөгүнө кичипейил кыз жагымдуу сезилип, жакшы көрүп калышты. Кетиргилери келбей, айла издей башташты. Бирок арга табышпады.

Эртеси эртең менен о-Цуру-каркыра кетмекчи болгондо чал ага жалооруй кайрылды:

— Цуру, биздин балдарыбыз жок. Калып биз менен жашачы.

— Чын дилим менен макулмун. Менин да бул дүйнөдө эч кимим жок. Бул жакшылыгыңар үчүн мен силерге килем токуп берейин.

Бирок бир гана суранычым, мен бөлмөгө жалгыз бекинип алып иштейм, карачу болбогула. Иштеп жатканымда бирөөлөрдүн карап турганы мага жакпайт.

Кыз бекинип алып ишке киришти. Ал жактан бир гана каркыранын үнүнө окшош кыйкуу-кыйкуу-тон-тон, кыйкуу-кыйкуу-тон-тон-тон…- деген гана үн угулуп турду.

Үч күн өткөн соң кыз карыларга четтери оймо-чиймелүү, ортосундагы көгүлтүр асманда алтын каркыралар учуп бараткан ажайып сүрөтү бар килемдин чакан түрмөгүн алып чыгып берди.

— Кандай гана кооз килем! Карап эле тургуң келет!- таңгалып суктанды кемпир.

Килемди кармалап көрсө, тыбыттан жумшак, канаттан жеңил. Ал эми абышка кызды көрүп чочуп кетти.

— Алдыңа кетейин, эмнеге мынча арыктай түштүң. Килем кара жерге кирсин, мындан кийин сага мынча көп иштегенге жол бербейм.

Капысынан эшик катуу такылдап, бирөөнүн кирилдеген үнү угулду:

— Кожоюндар барбы?

Бул Гонта аттуу элди кыдырып, колго токулган килемдерди арзан сатып алып, кайра кымбат өткөргөн кызыл кулак Гонта болучу.

— Кана, байбиче кышы бою жөн жатпагандырсың… Жаңы килемдерден барбы?

— Бул жолу бизде жакшыраагы бар,- кемпир кыз токуган алтын каркыралар жандуудай көрүнгөн килемди жазды.- Караңызчы муну, биздин кызыбыз Цуру токуду.

— Оо, мындай керемет килемди борбордо да эч ким көргөн эмес. Байкашымча, силердин кызыңардын колу алтын окшойт,- деп бул килемди борборго алып барса жүз эсе кымбат сатарын дароо түшүнгөн Гонта дароо эле капчыгын алып чыгып, кемпирге майда алтын тыйындарды сунду.

— Алтын тыйындарбы?! Карасаңар, чын эле алтын экен,- деп карылар көргөн көздөрүнө ишенбей турушту. Анткени алар өмүрүндө биринчи жолу алтын тыйындарды көрүшкөн эле.

— Ырахмат, Цуру! Ырахмат каркырам, бактылуу бол!- деген абышка-кемпир чын жүрөктөн ыраазы болушту.- Эми биз башкача жашайбыз. Сага майрамга карата жаңы кемсел тиктирип беребиз. Баардыгы биздин кандай адеми кызыбыз бар экенин көрүшсүн!

Жаз келди. Күн жылыды. Күнүгө кошунанын кичинекей балдары чуркап киришет:

— Цуру эже, жүрү биз менен ойноп келиңиз.

Цуру эмнегедир короодон чыккысы келбейт. Бирок балдарга ал жагат. Анткени Цуру менен ойногон абдан көңүлдүү. Аларды карап карылар да жыргашат. Ойноп бүткөн соң Цуру ажайып үн созуп, асманды карап, көзүнөн жаш кылгыртып ырдап берет:

Перилердин дүйнөсүнө,
Чогуу учуп барабыз.
Аруу таза сезим менен
Бала болуп калабыз…

Абышка-кемпир анын кайгырганын көргүлөрү келбесе да муюп угушат. Анан Цуру асманда бийик учкан каркыралардын жашоосун жомоктоп айтып бергенди жакшы көрөт.

Бирок дайыма эле күн тийип тура бербейт экен… Жашоонун жакшы жактары көп болгону менен, жаман адамдар да көп тура…

Бир күнү Гонта кызыл кулак кайрадан келди.

— Салам, абышка! Өткөндөкүдөй килем жокпу? Бар болсо дароо сатып алам.

— Жок, андай килем. Болбойт дагы. Анткени Цуру кызым аны токуганда абдан чарчайт экен. Анын оорутуп алгыдай алыбыз жок!

Бирок Гонта алтын тыйын толо капчыгын абышкага зордоп карматты:

— Мен сага мурункудан да кымбат төлөп берем! А эгерде баш тартсаң, өзүңдөн көр. Жаман болуп каласың! Анткени мени княз өзү жөнөттү,- деп ороңдоду Гонта.- Үч күндөн кийин килем даяр болсун, болбосо башың менен жооп бересиң!

Ошентип эскертүү берип Гонта жолуна түштү. Карылар болсо кайгыга батышты:

— Оо Кудайым! Бизди кырсык басты! Эми эмне кылабыз?..

Башка бөлмөдө болсо баарын уккан Цуру карыларды сооротту:

— Коркпогула, кайгырбагыла. Үч күндөн кийин мурункудан адеми килем даяр болот.

Кыз өзүнчө бөлмөгө бекинип алып ишке киришти. Ал жактан баягыдай эле кыйкуу-кыйкуу- тон-тон, кыйкуу-кыйкуу тон-тон…- деген сырдуу үн чыгып турду. Үч күн, үч түн бою ушундай үн басылбады.

Карылар тынчсыздана башташты:

— Цуру кызым, чарчадың го… Отуруп эс алып алсаң боло. Курсагың да ачкандыр. Тамак ичип алчы…

Кыздан жооп угулбайт. Баягы эле сырдуу кыйкуу-кыйкуу, тон-тон-тон…- деген дабыш эшилет.

Бир кезде каалга сыртынан Гонтанын киркиреген үнү угулуп:

— Кожоюн! Килем даяр болдубу? Кана аны көрсөткүлөчү!- деп өзү да кирип келди.

— Жок, көрсөткөнгө болбойт. Цуру өзү иштеп жатканында кирүүгө, ал тургай караганга да катуу тыйуу салган.

— Оо, бул эмне дегениңер? Силердин кызыңар  арамзаарак окшойт. Мен бирок андан уруксат сурап жүрбөйм!- деп карыларды ыргыта түртүп, эшикти аңырайта ача салды.

— Ой, бул жакта ка-каркыра бар экен, каркыра!..- деп коркуп кетти Гонта. Карылар бөлмөгө кирсе, чын эле килем токуган өрмөктүн жанында чоң канаттуу туруптур. Ал калдайган канаттарын кенен жайып, андан үлпүлдөгөн жүндөрдү чокуп алып, өрмөккө салып токуп атыптыр. Кыйкуу-кыйкуу-тон-тон-тон…

Муну көргөндө карылар эшикти жаба салышты. Гонта болсо ушунчалык коркуп калган экен, буту-бутуна тийбей качып жөнөдү.

Экинчи күнү эртең менен балдар Цуруну издеп келишти.

— Цуру эже, жүрү ойнойбуз, ырдайбыз, жомок айтышабыз.

Бирок Цуру иштеп жаткан бөлмөдөн эч кандай дабыш угулбады. Коркуп кеткен карылар бөлмөгө кирип барышса – эч ким жок. Жерде көз тайгылткан оймо-чиймелүү килем жана канаттуунун канаттары чачылып жатыптыр…

Абышка-кемпир кызды атынан айтып чакырышты, айланадан издешти, бирок таба алышпады.

Кечке жуук короодо ойноп жүргөн балдар кыйкырып калышты:

— Чоң ата, чоң эне, тезирек чыккыла!

Карылар сыртка чуркап чыгышты. Карашса, асманда  тонолгон канаттарын араң шилтеген каркыра айланып  жүрүптүр. Ошондо гана карылар кыштын суук кечиндеги абышка тузактан бошоткон каркыра кызга айланып, өздөрүнө келгенин түшүнүштү.

— Цуру! Цуру ардагым, кайтып кел кайра! Бизди кечир…- деп карылар ыйлап жиберишти.

Бирок каркыра коштошкон сымал канаттарын каккылап-каккылап алып, аянычтуу кыйкуулап, кечки кызарган асманда көздөн далдоо кетти. Карылар кызын көпкө күтүштү, бирок ал кайрылып келбеди.

Алыскы аралдардын бириндеги чакан көлмөдөн балыкчылар канаттары тонолгон каркыраны көрүшүптүр. Ал карылар калган тарапты үмүттүү карай берет экен,- дешти күбөлөр…

Кыргызчалаган Кубаныч АРКАБАЕВ