
“Алдырбайын”- деп ит-кушка
күрп Тоок саратанда
бастырмага жумуртка басты.
Кыйла жатып,
курсагы ачып чаңкаганда,
тамагы какшып
суу ичкени
ордунан тура качты.
Тоокту тойгузганы
ээси дан чачты.
Мышык аны аңдып,
жыгач үстү менен
жыла басып,
жумуртканы чакты.
Тоок ордуна кайткыча
эчтекени билмексен,
көрмөксөн болуп,
чөп арасына жашынып жатты.
Ушинтип, күндө жута берди…
Жумурткасы азайган Тоок
ага башы жетпей
не кыларын билген жок.
Күнү жетип,
жөжөлөр чыкты жумуртканы чегип.
Мышык, анда да бирден жеп койот.
Тоок кайдан билди?
жүргөнү менен какылдап, кейип.
Балапандарын жерге ээрчите түшүп
багып жүрсө, күйүгүп,
аңдыганын сезген жок.
Жөжөлөрдү уурдап качканын көргөн жок.
Капыстан өтүп баратып,
Тоок сурады
балапандын дайынын.
Кымыйып жаткан Мышык
билмексен болду,
курсагы ток, керилип-чоюлду.
— Мен кайдан билейин? – деди.
Короодо соо жүрбөгөн,
бар-жокту шимшилеген
Күчүктөн сура…
Ит тукуму
илгертен ууру го
балким, ошол
же эне-атасы жеди…
Ушинтип, кылгылыкты кылып,
өзүнө күнөө жолотпой
суудан кургак чыгат.
Тоокко такыр билдирбей
Жумуртканы такай уурдайт.
♦ ♦ ♦
Турмушта мышыктайлар
кылгылыкты кылып,
өзгөлөрдү өстүрбөй,
кымыйы-ып жата берет.
Азабын анын
ак пейилдүү тарта берет.
Кара ниет, митайымдар
төбөгө уруп,
бутунан чала берет.