АБДЫРАИМОВ Ырысбай: ЫРЫСБАЙ АБДЫРАИМОВ: САТЫ

АҢГЕМЕ

Байыркы заманда мал-жандык менен жан баккан түптүү эл жаз аяктай жайлоого көчүп чыкчу. Колунда карасы жок кедей-кембагал кара курсактын айынан оокаттуу байларга жалданып, малай болуп, ээсин ээрчиген короочудай алардын этегинен калбай, жайлоого бирге чыгып, күздөөгө жакага кошо түшчүү.

Жаштайынан ата-энесинен айрылып, багар-көрөрү жок Саты куу турмуштун зардабынан иш дегенде ичкен ашын унутуп, чыйрак чыкты. Байдын коюн багып, өргөөсүнө талаадан терип келген отуну менен кирип, күлү менен чыгат. Байдын айтканын кың дебей жайгарып, көңүлүнө жагат.

Арадан далай жыл суудай агат. Баралга толгон Саты сымбаттуу жигит болуп чыга келет. Үйүндө тим олтура албай, сыртты карап сереңдеген, эркек көрсө, элеңдеген кыздардын көзүнө урунат. А түгүл шуу үшкүрүнө шилекейин чууруткан келин-кесектин да көзүн күйгүзүп, түн уйкусун алат. Жигиттин жанда жок элпектиги менен тыным албас мээнеткеч, мээримдүү, сыпайылыгы ал малай жүргөн байдын эч ким жакпаган кызынын да жүрөгүн туйлатат. Кыз дабаасы сүйүү деген кыйын дартка чалдыгып, түн уйкусу бузулуп, күндүзү Сатынын караанына зар болот.

Жигитти эңсеп, акыл-санаасы бүлүнгөн кыз өз оюндагысын ачык айта албай, буулугат. Тамагынан оокат өтпөй, өңдөн азып шапаят. Басса-турса ой, кыялында малай бала. Уктаса түшүнө кирет. Ойгонсо, элеси көз алдынан, үнү менен күлкүсү кулагынан кетпейт. Сары оору кылган ички сырын жигитке кантип туюнтаарын билбей, Сатыны башкалардан кызганып, сыр бөлүшүп жүргөн жеңесине четин чыгарат. Башынан не бир ысык-суукту өткөрүп, турмушка жаны бышкан жеңе кайын сиңдисинин сөзүн угуп, чок баскандай секирет.

— Кызыке, мунуң эстүү жан кылчу иш эмес. Бу оюң ишке ашаар нерсе эмес. Көксөгөнүң жаза тайып, кабыл тутса, оюңдун аягы өлүм менен бүтөт. Сени түз жолуңдан кайсы шайтан азгырды? Кедейдин турмушу – ит турмуш, тапканы оокатка жетпейт. Үстүнөн жамаачы кийим түшпөйт. Жатканы – алба-далбаа алачык. Ал жазмышка кайсы жиниң шаштырды? Эсиңе кел. Атаңа наалаты сөз тиет, антсең, атаң бизди кууп иет.- Ушинтип жеңеси кызга нечен түрдүү насаат айтат. Антсе деле элирген кыз ээликкенинен кайра тартпайт да, оюнан жанбайт.

— Жеңе! Меникиндей дартты башыңдан өткөрбөдүң беле? Байкеме аргасыздан тийсең деле жактырган жигитиң айтылбай калгандыр  ичиңде! Өлүмдөн корккон пенде махабатка берилбес. Не болсо да маңдайга жазганына көнөм, тагдыр салганын көрөм. Башымды ажалга байладым. Менин оюмду Сатыга айтып, анын “макул” деген жообун албай, кайтпагын! Болуптур десе себимди түйүп, атамдын карегиндей сактаган күлүгүн минип, айткан жагына качууга мен даяр. Сатыга колум жетсе, болгону. Жок, айтканыма көнбөсө, эркек туруп ургаачыныкындай кайрат бүтпөсө, кыз жүрөгүнө баш ийбесе, мага бир гана айла – өлүм калат. Кайран кызыкең махабаттын айынан өмүрүн кыят. Ошондо атам муну сенден көрөр, башыңды алмадай жулат. Андай болбосун десең, Сатыга укканыңды айт. Сенин тилиңе кирер, дегениңе көнөөр.

Амалы куруган жеңе сыртынан күлүп, ичинен сыздайт. Шылтоо таба албай, шылкыя басат. Кыйладан соң Сатыны табат. Жанында бөтөн жан жок кезде кыздын антын шыбырайт. Тымызын жактырып жүргөнбү, ушу шылтоо менен сымбаттуу жигитти кучактап, бети-башынан жыттап, кумары канат. Саты жеңенин не эңсегенин сезип, өзү тийишкен келиндин кыбасын кандырат, сообун алат. Ал байдын кызынын көз карашынан ага жагаарын туюп, билген. Ошондуктан кыздын сөзүн кабыл алат.

Кыз-жигиттин сырдакана жеңелери тың чыкма аксакалдар менен масилет курат. Сакалынан акылы узун улгайгандар Саты менен байдын кызынын шертин угуп, экөөнү качыруунун амалын издешет. Жайдын толукшуган айлуу түнү эл уйкуга жаткан кезде бир карыя кеңеш берет:

— Ушу Ак-Кыядан чыгып, токой аралап, дабан ашып кетсеңер, Казан-Мазар, Алаш, Ичке-Сай тоолорун түптөй жүрсөңөр, Чылмайран тоосуна жетесиңер. Андан ашып Аксыга туш келесиңер. Андан Чаткалга ашып өтсөңөр, эптеп жан багып, аман-эсен кутулуп, эл болуп кетесиңер,- дейт да, сүйүү даамына чаңкаган эки жашка бата берип, көөдөй түндө сапарга узатат.

Саты менен кыз кол кармашып, түнт токойду аралап жүрүп, тамандарын таш-кесекке тилдирет, этек-көйнөгүн тикенек-уйгакка илдирет. Тоо этектей жүгүргөнү менен караңгы жолдо адашып, жолу анча арбыбайт. Таңга жуук, белге чыгар кезинде чарчоо жазмак болуп, күнөстүү төш жеринде дем алганга олтуруп, уктап кетишет.

Таң атканда уй сааганы чыккан аялдар Саты менен кыздын жок экенин билип калышат. Кабар байга да жетет. Ал жаралуу аюудай бакырып, өзүнөн башка киши желмогуздай көрүнүп, өкүрүк-кыйкырык менен айыл ичине чаң-тополоң салат. Дулдул аттарын миндирип, жигиттерин туш тарапка чаптырат. “Силер качырдыңар” деп демитип, кедей-кембагалдарды көгөнгө тизип, байлап салат. Бирок алар кыз-жигит тууралуу шыбыр айтпайт.

Жайдын толукшуган маалы. Жылаңаяк Саты менен кыздын изи жол чаңына түшүп калган болчу. Жытты тайгандан мыкты билген, аңдын артынан сая түшкөн мергенчилер из кууп жөнөшөт. Алар кош из токойдон чыгып, суудан өтүп, тоо боорлоп, аскага жармашканын болжошот. Аңчылар өр таяна жүрүп олтуруп, кыз-жигит уйкусурап жаткан жерге жакындайт.

Ошо чакта кыз ойгонуп, Сатынын уйкусун кантип бузарын билбей, ойго батып олтурган. Ал күтүүсүз жерден тээ төмөндөн из кубар жигиттердин шарпасын угат. Эрбеңдеп чыгып келаткан караандарды көрөт. Сатыны ийинден силкилдетип, “өлдү-үк” деп тура качат. Аңгыча үч-төрт уучу жете келет да, эси эңгиреп турган Сатыга асылат. Жигит аларга моюн бербей, кармаганын башынан ашыра ыргытат. Аңчылардын бири аны тирүү кармоого кубаты жетпей турганын сезет да, үстүңкү ташка чыгат. Аяктай таш менен Сатыны так төбөгө урат. Аны көргөн кыз “Саты-ы” деп аска-зоо жаңыртып, ачуу чыңырат. Ал таш тийгенде аскадан тик ылдый кулап бараткан жигитке томолонуп жетип, аны менен кошо бой таштайт.

Ошентип алар бөөдө өлүм табат.

Койчу, жатакчылар экөөнүн сөөгүн жол жээгине корумдап көмүшөт. Ошондон тарта ал жайлоо “Саты өлдү” аталып калган. Ал жайлоону тээ атам замандан бери малчы-койчулар жайлап жүрөт.