
Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ
Италия эл жомогу
“Улуу урматтуу”- деп эл сыйлаган герцог Лоренцо Медичи эч качан дасторконго жалгыз отурчу эмес.
— Бир гана ит, — дечү ал,- сөөк оозуна тийгенде өзү жалгыз кемирип, эч кимге бербей ыркырайт. — Ал эми адамга досторун сыйлаган, мейман тоскон жагымдуу болушу керек. Ага жараша досторуң менен маектешүү кайсы тамак болбосун ага кошулган жагымдуу татымал сыяктуу! — дечү герцог.
Ошондуктан Лоренценин үйүндө ар бир кеч сайын акындар, музыканттар, окумуштуулар жана башка белгилүү адамдар чогулуп маектешчү.
Кээ бирөөлөр жөн гана акылдуу сөздөрдү укканы келишсе, бир тобу акылынан бөлүшкөнү барышчу. Кай бирлер меймандос кожоюндун берекелүү дасторкону үчүн эле келип, кечти кызыктуу өткөрүшчү.
Ушундай кечтердин биринде Флоренция бир гана кооз имараттары же жаркырай-аркырай атылган фонтандары үчүн да эмес, анан ажайып эстеликтери менен гана эмес, өзүнүн чебер усталары менен даңкталары жөнүндө кеп жүрүп калды.
— Биздин даңктуу шаарыбызда тикмечилер менен бычмачылар көп,- деди өтө эле сылаңкороздоно кооз кийинип, мындан улам бирөөлөргө күлкү болсо бирөөлөрдүн жинин келтирген жашамал сот жылтыраган галстугун оңдоп.
— Болбогон сөз, — деп жооп берди, болбогон нааразылыгы үчүн шпагасын сууруп чыга калмайы бар чырбаш атанган жаш дворянин. — Флоренцияда курал-жарак жасаган усталардан көп неме жок!
— Ах, андай эмес, — деп чойоңдоп сөзгө аралашты кымбат баалуу сөйкө, шакек, шуру, мончоктор менен опсуз жасанган адеми айым. — Биздин ажайып шаарда зергер усталар асмандагы жылдыздан да көп. Мына бул шакекти табыш үчүн эле жүз жыйырма сегиз зергерге кайрылдым.
-А сен эмне дейсиң Гонелла? — деп герцог чет жактагы жапыз отургучта отурган өзүнүн маскарапозуна кайрылды.
— Флоренцияда баардыгынан дарыгерлер көп, — деп ойлонбой туруп шыр жооп берди маскарапоз.
Герцог абдан таңгалды.
— Сен эмне!..- деди ал. — Флоренциянын атуулдарынын тизмесинде үч гана дарыгер катталган. Анын бири менин жеке дарыгерим Антонио Амброджо. Калган экөө башка шаардыктардын саламаттыгына көз салышат.
— Ай-ай-ай! Башкаруучулар өз букаралары жөнүндө эмнеге мынча аз билишет?! Эгер мессер Амброджо ансыз деле жаман эмес саламаттыгыңыз үчүн күнү-түнү кам көрүп жүрсө эле, башка флоренциялыктардын ден-соолуктары аттыкындай дейсизби? Андай эмес, алар сыртынан эле соодой жүрүшкөнү менен ооругандар көп! Анан алар дарыланган жокпу? Дарыланып жатышат! Бирок алардын баарына үч дарыгер жетишпейт. Анан аларды ким дарылап жатат дейсиз? Билгенге биздин шаардагы ар бир онунчу киши дарыгер!
Маскарапоздун ар бир сөзүнө маани берип, мыскылдуусуна жыргап каткырчу герцог өз букараларынын саламаттыгынын начарлыгын уккандан улам бул жолу кабагын чытыды.
-Сенин сөздөрүң жөн айтылчу эмес эле. Бирок бул жолу көп ынана албай турам. Эгер сен бул сөзүңдү далил менен бекемдечү болсоң жүз флорин төлөп берет элем.
— Макул! — шыр жооп берди Гонелла. — Мен өзүмдүн ар бир сөзүм бир флоринден жогору турарын далилдеп берем. Эртеңки кечтен калбай биздин шаардагы дарыгерлердин тизмесин берем.
Герцог курундагы капчыгын чечип, ичин ачып, жүз алтын тыйын санап, күмүш вазага салды.
Гонелла өзүнүн жапыз отургучуна чыга калып, оң колу менен төшүн басып отургандарга эңкейип таазим этип мындай деди:
— Мырзалар жана айымдар, мелдешке катышканды каалабайсыңарбы? Сиздер көп эле жолу герцогдун берекелүү дасторконунан карын кампайтып жүрөсүңөр. Ошондуктан бир жолу герцогдун өзүнө төлөбөсөңөр да анын маскарапозуна төлөп койсоңор жаман болбойт эле.
Конокторго капчыктарын чыгаргандан башка айла калбады. Ошентип көп өтпөй күмүш ваза үймө-жыйма алтын тыйынга толуп чыкты.
Эртеси эртең менен Гонелла жаагын чоң жоолук менен таңып, ак сарайдан чыкты. Ал жүз кадам алыс бара электе эле жибек менен соода кылган бай көпөс алдынан чыкты.
— Сага эмне болгон, Гонелла? — деп сурады ал.
— Оох! Тишим ооруп жатат!.. — деп онтоду Гонелла. — Калемпир салдым, ысытылган темир бастым, кара туз менен чайкадым болбоду…
— Мен сага ишенимдүү дарылоону айтайын, — деди соодагер. — Жаңы жылдын алдындагы түндө, шаардагы төрт көчөнүн кесилишинен кара мышыкты кармап, куйругунан үч тал кыл жулуп алып, аларды күйгүзүп, күлүн жыттасаң тиш оору сен көр, мен көр жоголот!
— Рахмат сизге, мессер Лючано! Ка-ап, бирок жаңы жыл жакында эле өтүп кетпедиби, болбосо мен сиздин дарылоо ыкмаңызды колдонмок экенмин. Эгер менин тишим жаңы жылга чейин айыкпаса мен аны сөзсүз колдоном. Унутуп калбаш үчүн кайталап койсоңуз, мен аны жазып алайын.
Маскарапозго экинчи жолуккан адам Флоренция монастырынын башкаруучусу болду.
— Ах, ыйык атаке, — деп ыйламсырады Гонелла аны көрөрү менен. — Жаман сөздү ачык айтыш күнөө болсо дагы мен сизге арызданып койойун, бул каргыш тийген тиштин айынан мен таң аткыча уктай албай чыктым… Оох…
— Мени жолуктурганың жакшы болду, — деди ыйык ата. — Мен жакшы бир тиш дарылоо ыкмасын билем. Үйгө баргын дагы кызыл шарап болсо аны жылытып, оозуңа чоң ууртап, ичиңден сыйынуу сөздөрүн айтып жутуп жибер. Анан кайра шараптан чоң ууртап кайра сыйынып жутуп жибер. Ушинтип тишиң басылгыча кайталай бер…
— А мен шарапты ал түгөнгүчө жутамбы же мас болгуча жутамбы? Деги канча шарап ичем?
— Канча көп ичсең ошончо жакшы…- Гонелла өзүнүн аты менен ыкмасын жазып алгыча дагы бир топ сөз айтты.
Ошентип Гонелла шаар аралап баскан сайын кеңештер жаай баштады. Окумуштуулар, акындар, музыканттар, белгилүү ишмерлер, кол өнөрчүлөр, дыйкандар жана башкалар ооруп онтогон маскарапозго убакыттары канча тар болсо да өз кеңештерин, тиш дарылоо ыкмаларын айтып берүүдөн качышкан жок. Гонелла тажабастан баарын угуп, эринбестен аларды дептерине жазып жатты. Акыры өзүн өзү буга ишендирип алып, чындап эле тиши ооруп кетти.
Ошентип кечинде чарчаганынан теңселе басып аксарайга кайтып келди. Ак сарайдын тепкичинен ал герцог Лорецонун өзүнө жолугуп калды. Ал кечки тамактын алдында ат минип сейилдегени чыгып баратыптыр.
— Байкуш менин Гонеллам! — деди ал маскарапозду көрүп. — Сенин эмне тишиң ооруп жатабы?
— Айтпаңыз, улуу урматтуум! Мен сизден мессер Амброджо дарыгериңизге көрүнүүгө уруксат алсамбы дегем…
— Сага Амброджонун эмне кереги бар? Мен мындай тиш ооруларды айыктыруу боюнча ага караганда көп дарылоо ыкмаларын билем. Бака жалбырактын кургатылган жалбырактарын ал дагы, ысык сууга демдеп коюп, аз-маз муздаганда оозуңду чайка. Анан дагы кекиренин бир кашык уругун сууга кайнатып тишти чайкаса да миңдин бири. Анан деңиз жээгинен таза кум алып келип дакиге ороп, жылытып туруп жаагыңа бассаң да тиш ооруну басат. Анан дагы…
Герцог ушунчалык көп кеңештерди айтты дейсиң, тепкичте туруп аны уга берип маскарапоздун буту талып кетти.
Кечинде герцог Лоренцо өз дасторконуна кайрадан конокторду чогултту. Дасторкондун башында отурган герцогдун жанына жаагын таңган жоолугун алып койгон Гонелла жапыз орундугун алып келип жайгашты.
— Гонелла, сен өзүң убада кылган дарыгерлердин тизмесин көрсөтөрүңө ишене албай турам. Андыктан сени жеңилди деп эсептеп, ортого койгон акчаларыбызды кайтарып ала берсек,- деп герцог күмүш ваза толо алтын тыйындарга кол сунганда Гонелла ордунан тура калып мындай деди:
— Кам санабаңыз, улуу урматтуум! Сиздин маскарапозуңуз сиздин улуу атыңызга доо кетирбей дарыгерлердин узун тизмесин алып келди! Мына ал!
Бул сөздү айтуу менен ал коюнунан калың дептер сууруп герцогго сунду.
Герцог дептерди ачып окуй баштады:
— Месер Лючано, кесиби соодагер, тиш ооруга кеңеш берет: Жаңы жылдын алдыңкы түнүндө…. Флоренция монастырынын башчысы фра Бенедетто… кеңеш берет: кызыл шарапты жылытып…-деп окуп келип герцог бышкырып жибергенде, анын мейман бөлмөсүнүн бышык кыштан салынган дубалдары каткырыктан жарылып кете жаздады. Бир гана кимдин аты аталса ошол киши гана күлгөн жок. Тизмеге үч жүз тишти өз алдынча дарылоочулардын аттары жана алардын миңден ашык кеңештери жазылыптыр. Качан герцог дептерди окуп бүткөндө коноктордун күлгөнгө шайлары келбей калган эле.
— Ушуну менен бүттү, — деп герцог дептерди жаба бергенде Гонелла[1]:
— Кандайча бүттү? — деп ордунан тура калды. — Сиз кимдир бирөөнү унутуп калдыңыз! — ал дептерди ала калып окуй кетти:
— Тизмеге акыркы болуп түшсө дагы биздин даңктуу шаарыбыздын башкы дарыгери герцог Лоренцо Медичи! Ал жөн жерден Медичи[2] деген атты алып жүрбөйт. Демек, анын тегинде медиктер болгон. Лоренцо өзү дагы тиш ооруну дарыгер Амброджодон жакшы дарыларын бекемдейт. Ал тиш ооруда мындай ыкма менен дарылоону сунуштайт…- дегенде каткырыктан шыпта бийик илинип турган хрустал асма шамдар дагы шыңгырап кетти. Герцог өзү дагы күлкүсүн кармай албай калды.
— Гонелла! Сен уттуң! — деди ал ваза толо алтын тыйынды анын алдына жылдырып.
— Эгер мен адамдарды жакшы билбесем кантип маскарапоз болот элем! Мен деген адамдар бир гана нерсени — кеңешти гана бекер берерин билем да! — деди маскарапоз башкача бир түрүн бузган мостоюусу менен эле конокторду кайрадан кыраан-каткы күлкүгө салып.
[1] Алеми Маскарапоз Гонелла тарыхый инсан. Ал жөнүндө көптөгөн уламыштар менен аңгемелер айтылып жүрөт.
[2] Медичи деген фамилия чынында эле медик деген сөздөн келип чыккан. Медичилердин гербинде дагы медициналык аспаптарга окшош белгилер бар.