АРКАБАЕВ Кубаныч: ПОЛЯК ЖОМОГУ: КИРПИ МЕНЕН КОЁН

Кирпи менен коён бир күнү кимибиз ылдамбыз деп мелдеше кетишет. Алар тоонун этегине чейин жарышмак болушту. Буттарынын ылдамдыгына ишенген коён тез-тезден токтоп эс алып алып атты. Ал тургай жолдо катар кыйшайып жата калып да уктап алганычы. Ал эми өзүнүн кыбыр экенин билген кирпи чарчоо билбей, токтобостон кете берди. Коён күнү бою уктап жатканда, кирпи болсо токтолбостон эртеден кечке жол жүрүп, мелдеште утуп чыкты.

Көрсө, туруктуулук жана өжөрлүк менен көптөгөн ийгиликтерге жетсе болот экен.

Эмне үчүн айдын көйнөгү жок?

Бир күнү ай өзүнө көйнөк тикмек болот. Ал бычмачы-тикмечиге буюртма берип, белгиленген мөөнөтүндө келип алып кетмек экен. Ошол күнү көйнөгүнө келсе, анысы боюна чак келбей, кыска болуп чыкты.

— Кебетеси өзүм жаңылган окшоймун, — деп бычмачы кайрадан ишке киришти. Белгиленген күнү Ай көйнөгүнө келсе, кайра да кичине келип калды.

— Бул жолу да ката кетирген окшоймун,- деген тикмечи кайрадан бычып-тиге баштады.

Ай  үчүнчү жолу келатканда аны көргөн тикмечинин жүрөгү түшүп калды. Көз болжолу боюнча көп эмгек жумшап тиккен көйнөгү  толуп кеткен Айга эзели чак келе турган эмес. Тикмечи айласын таппай, тиккен көйнөгүн алган бойдон качып кетиптир. Аны Ай көпкө чейин издеп, бирок таба албай койду.

Ошентип Ай дале болсо жылаңач жүрөт экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ